Дагы бир жолу мамлекеттик тил тууралуу

13:08, 13 Ноября 2014

«Эки тилди билген адам – эки адамга барабар» – француз макалы.

Нукура кыргыздар өздөрүнүн эне тили – кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттүү деген сөзүмө көбү макул болот болушу керек. Бул көйгөй, негизинен совет мезгилинде шаарда төрөлүп, өсүп калган  шаардык кыргыздарга таандык, жана географиясы жактан көйгөй борбордо жайгашкан. Бул маселе айылда көтөрүлбөйт, ал эми чоңдугу боюнча экинчи шаар – Ошто бул маселе талкууланбайт дагы. 

«Нукура» кыргыздардын көбү далил  катары кыргыздын элдик макалын мисал келтиришет «Эне тилин билбеген – элин сүйүп жарытпайт», түпкү шаардыктарды жактырбай,  киргиз деп аташат, жана бул сөздү жазылган сөз деп эсептешет.  

Бирок,  «киргиз» деген сөз жөн гана жазылма сөз эмес экендигин, ал орус этимологиясындагы биздин элдин аталышы болуп жазылып келгендигин жана мындан ары да жазыла берээрин унутпашыбыз керек. Орус тилиндеги киргиз деген сөздү, кыргыз деп оңдогон адамдарды таптакыр түшүнбөйм. Анан да таарынып коюшат. Орустар аларды орус деп атаганга таарынышкан жок да. Бирок, биздин «киргиздерге» келели. Алар совет мезгилинде төрөлүп,  чоңойуп жана окуп калганына күнөөлүү бекен? Эмне, алардын билими, тажрыйбасы алардын кыргыз тилин билбегендиги үчүн гана кереги жокпу? Эмне, эне тилин билбөө -жарандын кадыр баркын азайтабы? Алар, кыргыз тилин мыкты билгендерге караганда мамлекетке көптү берип жүрүшпөсүн? 

Ошентип, жасалма түрдө «татыксыз» адамдардын чөйрөсү түзүлөт, алар бир сөз менен айтканда, өздүн арасындагы жат болуп калышат. Эң башкысы, элдин Конституциялык укугун басмырлап жатышат. Бул темага тереңдеп кирүү менен, башка улуттардын өкүлдөрүнүн  кыргыз тилин милдеттүү билүүсү сыяктуу маселени да айланып өтүүгө болбойт.  Ооба, бүгүн кыргыздардын  басымдуу көпчүлүгү, адам Кыргызстанда жашагандан кийин, ал кыргыз тилин билүүгө милдеттүү деп эсептейт.

Айрым депутаттар менен чиновниктер каршылаштарына же кесиптештерине милдеттүү түрдө  мамлекеттик тилде чыгып сүйлөсүн деген шартты коюшат жана мунусу менен жарандын конституциялык укугун бузушат. Бирок, логикага таянсак, биздин мамлекеттин жашоочулары мамлекеттик тилди билиши керек жана бул ой менен менин көптөгөн тааныштарым жана досторум – башка улуттун өкүлдөрү  да макул болушат жана эч кандай каршы  пикирде эмес. Эң негизгиси, бизди, кыргыздарды түшүнүшкөнү маанилүү, анткени бул адамдар – биздин өлкөнүн жарандары, алар оруспу, казакпы, өзбекпи, уйгурбу, дунганбы, ж.б. – андан көз каранды эмес, алар биздики. Ооба, Конституцияга таянып, орус  тили –расмий тилдин макамын алып жүрөт  деп талашсак да болот. Ошол эле учурда  «мамлекеттик» жана «расмийдин» ортосундагы айырманы баары эле түшүндүрүп бере албайт.

Бул жагдайдын тамыры кайдан өсүп чыгып жатат деген суроо берип алып, биз мектепке чейинки  мекемелерде жана мектептерде буга тиешелүү деңгээлде маани бербей жаткандыгына келебиз. Бирок, биз так ошол мекемелерден бул дүйнөнү таанып баштайбыз да. Өз досторуңардан, тааныштарыңардан сурагылачы, алардын балдары мамлекеттик тилди үйрөнүүгө кандай карашат экен? Эмне үчүн алар аны үйрөнгүлөрү келбейт? Эмне үчүн элдер балдарын орус тилинде окуткан мектептерге берүүгө аракет кылышат? Бул суроолордун баарына кеңири жооп берип отурбайын, аларды өзүңөр деле табасыңар. Башкысына гана токтолуп өткүм келет – балдарга, биринчи кезекте, бул кызык эмес. Тилди милдеттүү билүүгө түртүү, башкача айтканда чыбыктоо ыкмасы балдардын терс реакциясын жаратууда. Бул эмне дегендик? Бул – окутуу ыкмасы моралдык жактан эскирди дегендик. Мүмкүн, биз бул  маселеге түптүз мамиле кылып жаткандырбыз. Балдар, турмуштук жөнөкөй нерселерди үйрөнө албай жатканда, морфологияны, синтаксисти үйрөтүп башташат. Анан аларга кызык болбой калат. Мүмкүн, көз карашты өзгөртүү керектир, окутуунун  методологиясын өзгөртүү керектир? Тилге болгон кызыгууну арттыруу маанилүү да.

Андан ары сызык менен барып, биз жогорку билимге өтөбүз. Алдыңкы ЖОЖдор орус тилинде окутушат. Анткени бизде окутуу методологиясы ушундай. Мамлекеттик тилдеги материалдардын, окуу куралдарынын жетишсиздиги, эң башкысы, ал тилде сабак бере алган  мугалимдердин жетишсиздиги, маселенин маңызын чагылдырат. Өзгөчө бөлүнүп турган эки үч ЖОЖ бар. Бирок, ал жактарда окутуу башка тилдерде окутулат.

Билингвизмди өнүктүрүү менен, биз бул жагдайды түп тамырынан бери өзгөртө алабыз. Мисалга, эгер биз класстарды калыптандыруу принцибин өзгөртө алсак  - тилдик белги боюнча. Окутууну кыргыз,орус, англис тилдеринде мултитилдүү чөйрөдө сабактарды өтсөк. Муну жөн гана мисал деп коелу:  кыргыз тилин, адабиятты, Кыргызстандын тарыхын, географиясын  кыргыз тилинде окусак, орус тилин, аадбиятты,  дүйнөлүк тарых менен дүйнөлүк географияны – орус тилинде,  так илимдерди – англис тилинде окутсак. Натыйжада биз  мултилингвисттерди алабыз, алар үчүн тил маселеси  -акыркы орунда болуп калат.  Алар, аны өздөрү да түшүнбөй туруп, тилдердин жашоо чөйрөсүнө келип калышат жана жогоруда аталган тилдердин биринде да кыйынчылыкты сезбей калышат. Предметтерди тилдик белги боюнча кантип бөлүштүрүшөт – бул окумуштуулар менен адистердин милдети.

Жогоруда мен мисал катары келтирген нерсе – билим берүүнүн жаңы тутумунун жалпы өзгөчөлүгү болуп саналат. Кимдир бирөө,билим берүүнүн мындай тутуму  азыр бар деп айтаар. Мен жаңы шайтан арабаны ойлоп тапканым жок. Билим берүүнүн  «Себат» тутуму 20 жылдан бери иштеп жатат. Жана бул тутум лингвистикалыкка басым койгон тутум катары  позицияланган жок.  «Себаттын» өкүлдөрү айткандай, алар өздөрүн так илимдерге басым коюучу мектеп катары беришет. Натыйжада алар, мултитилдүү бүтүрүүчүлөрдү чыгат. Алар кыргыз, англис жана түрк тилдеринде эч кандай кыйынчылык тартышпайт. Эгерде орто билим берүүдө ушундай тутум иштелип чыкса, биз жөн гана тилдик маселеден да көп маселени чечип алат элек. Анткени, эки тилди билген адам эки адам да...

Роман Жолдошбаев

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине