«Башкы идеолог» жана «Революциялардын бульдозери» (Осмонакун Ибраимов жана Азимбек Бекназаров)

20:31, 22 Марта 2018

Биз коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарындагы саясатчылар жана саясий жашоосу тууралуу эскерүүлөрүн жарыялаганды улантмакчыбыз.

Советтер союзу урагандан кийинки Кыргызстандын тарыхында 2 адам өзгөчөлөнүп турат. Алар ички дүйнөсү жана сырткы көрүнүшү менен да, дүйнөгө көз карашы жана маданияты жагынан да, жалпылаганда – иштеген иштери, жашоо образы боюнча да бир-бирине такыр окшош эмес адамдар. Алар антиподдор. Осмонакун Ибраимов – адабият таануучу, сынчы, назик эстет-элитарист, узун бойлуу жана келишимдүү адам, Акаевдин башкаруусунун акыркы жылдары ал Кыргыз Республикасынын Башкы катчы кызматын ээлегендиктен аны “өлкөнүн башкы идеологу” деп коюшар эле. Жана да юрист – “революциялардын бульдозери” (айрым журналисттер жана пикирлештери аны ушинтип аташат), дене түзүлүшү чымыр келген, чачын кыска алдырып жүргөн киши, Азимбек Бекназаров.

Алардын китептериндегилерге ишене турган болсок, аларга берилген каймана аттар менен алар өзүлөрү да сыймыктанышкандай. А китептерди болсо алар мыкты жазышат, бирок ар-бири ар башка тилде, жанрда жана стилде жазышат. Ибраимов – кыргызча да орусча да бирдей деңгээлде жазат, теориялык жалпылоону эркин ой-жүгүртүү менен (эссеизм) менен чебер айкалыштырат, Бекназаров болсо юристке окшоп фактыларга, документтерге, хроникага басым кылат, ошол эле кезде кыргыз кеп тилин кеңири колдонот.

Ибраимовду мен көптөн бери жакындан тааныйм, анткени бизде көп окшоштуктар бар. Экөөбүз дээрлик бир эле убакта туулганбыз, Ош областынын алыскы тоолуу айылдарындагы кыргыз мектептерде окуп, тарбия алганбыз (мен Алайда, ал Кара-Кулжа районундагы Алайкууда). 1970-жылдардын башында экөөбүз тең Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетине тапшырганбыз (мен – дароо эле кыргыз филология бөлүмүнө, ал болсо – бир жылдык даярдоо курсунан кийин орус тил филология бөлүмүнө). Студенттик жылдардан бери эле экөөбүз адабий сын менен шугулдана баштадык, китеп чыгардык, доктордук диссертацияларыбызды жактадык, Улуттук Илимдер Академиясына мүчө болдук. Экөөбүз доспуз, саясий көз караштарыбыз да окшош (либералдык-демократиялык), кээде гана адабий жана саясий маселелер боюнча талаша кетебиз – демократиялык мүнөздө. Жашырып не, 1992-жылы республиканын вице-премьер-министри болуп турганымда Осмонакун Ибраимовду мамлекеттик кызматта колдонууга Акаевге сунуштагандардын катарында болчумун, мен анын эрудициясынын күчтүүлүгүн жана мыкты уюштуруучулук сапаттарын (менеджерлигин) жакшы билет элем.

Ошентип ал президенттин пресс-катчысы жана биринчи жардамчысы, вице-премьер-министр, Кыргыз Республикасынын Индиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, мамлекеттик катчы (2000-2005-жылдар) болду. 2005-жылдагы марттагы окуялардан кийин, бул окуяны ал “мамлекеттик төңкөрүш” деп баалайт, ал илимий-педагогикалык иштер жана публицистика менен алектене баштады. Бирок Курманбек Бакиев учурунда бир катар ЖМКларда аны Улуу Британияга элчи кылып жиберишет экен деген сөздөр болгон эле.

2005-жылдагы март окуяларынан кийин Осмонакун Ибраимовдун ишмердүүлүгү мурдагыдай эле үзүрлүү болуп жатканына кубанычтамын. Биздин тарыхыбызга, маданиятыбызга арналган, учурдагы саясий абалды талдаган, кыргыздын азамат уул-кыздарынын бейнесин ачкан формасы жагынан ачык, мазмуну бай, тили ширин, эркин стилдеги очерктери жана эсселери буга жакшы күбө болуп бере алат. Ар кайсы жылдары ар түрдүү сайттарда, гезиттерде жарыяланган бул материалдар анын “Тарых менен сыноо” (Москва, 2008), “Кыргыз одиссеясы: империяга чейин жана андан кийин” (Бишкек, 2011) жана “Кыргыз мамлекетинин тарыхы (постсоветтик заман)” (Бишкек, 2015) деген китептеринде топтолгон. Бул тарыхый-саясий китептеринин аралыгында ал “ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы” деген аталыштагы эки томдукту, орус тилиндеги биринчи фундаменталдуу окуу куралын басып чыгарганга жетишти, бул китеп бир жылдан кийин толукталып дагы бир жолу басылып чыкты.

Акыркы эмгеги тууралуу өзүнчө, илимий-филологиялык өңүттөн сөз кылыш керек болот. Айрым бюрократиялык эрежелердин жана интригалардын айынан бул китеп Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин тизмегине кирбей калганына өтө өкүнөм, бул сыйлыкка татыктуу эмгек болчу. Бүгүн болбосо да, кийин бул кемчилик оңдолот деген үмүттөмүн. Азыр болсо Осмонакун Ибраимовдун тарыхый-саясий китептерине кайрылалы.

Аларда өзөктүү төрт тема бар: совет заманына чейинки кыргыздардын тарыхы, советтер союзунун доору, постсоветтик убакыт жана Кыргызстандын келечеги. Автордун өзү тууралуу көп маалыматтарды камтыган “Маңдайга жазылган тарых” деген аталыштагы биринчи китебинин алгачкы бапы жогоруда аталган темаларды жакшы чечмелеп берет, бул бапты аларга баш сөз катары караштырса болот. Ал баптан Ибраимов “мүнөздүү эмес советтик үй-бүлөдө” туулуп өскөнү маалым болот: токсон жашка чейин жашаган атасы динге катуу берилген молдо болгон, өмүрүнүн аягына чейин “совет бийлигин кабыл алган эмес”, ал эми улуу агасы Абыт Ибраимов – атактуу окумуштуу-биолог (генетик), парламенттин эки жолку депутаты, совет доорунда диссидент болуп эсептелчү, ал эми Акаевдин башкаруусу учурунда – оппозиционер. Ооба, Акаевдин кезинде эки бир тууган Ибраимовдор саясий баррикаданын эки карама-каршы тарабында болуп калышты.

Совет заманына чейинки тарыхка жана маданиятка арналган Осмонакун Ибраимовдун эмгектеринен көз карашынын тереңдиги жана жаңычылдыгы менен “Манас баяны кыргыздардын эпикалык трагедиясы катары”, “Император Бабур жана тарыхый кыргыздар”, “Белгисиз геноцид. Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшүнүн тарыхынын кыскача очерки” деген эмгектери өзгөчөлөнүп турат. “Манас” жана 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу ким гана жазбады, бирок Ибраимов бул салттуу темаларды да башка өнүттөн, башка жагынан ачып бере алды. Ал эми Индияда Моголдордун улуу империясын негиздеген Бабур тууралуу очерк – бул бардык жагынан жаңычыл эмгек, анда атактуу жазуучу-императордун ысмы да, жашоосу да кыргыз тарыхы жана маданияты менен байланыштырылды.

Мен Осмонакун Ибраимовдун совет заманындагы кыргыз тарыхы жана маданияты, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Асанхан Жумахматов, Калый Молдобасанов, Мирсаид Миррахимов сыяктуу улуу инсандардын ишмердүүлүгү тууралуу ой-пикирлери менен толук макулмун. Ал, кесибине байланыштуу Айтматов менен Сыдыкбековдун жашоо таржымалын, чыгармачылыгын жакшы билгендиктен, адабият айдыңында алардын жакын үзөңгүлөшү болгондуктан, алар менен көп жолу чогуу болуп, пикир алмашкандыктан бул улуу инсандар тууралуу ал өзгөчө шыктануу жана жылуу сезим менен жазган. Анын “Кыргыз одиссеясы: империяга чейин жана андан кийин” деген китебиндеги “Дуулдаган жол. Акыркы кыргыз ханынын жашоосу жана өлүмү” деген очерки мен үчүн күтүлбөгөн, жакшы маанай тартуулаган бап болду. Бул очерк памир кыргыздарынын башчысы Рахманкул-хандын жаркын элесине, СССРде (Мургабда) башталып, Афганистан менен Пакистанда уланып, Түркияда аяктаган анын эч кимдикине окшош эмес бир чети кайгылуу, бир чети чоң баатырлыкты талап кылган тагдырына арналган.

Бирок Осмонакун Ибраимов китептеринде өзү да биринчи президенттин жакын адамдарынан болгондуктан Аскар Акаев башкарган заманга, анын адамдык сапаттарына жана ишмердүүлүгүнө, 2005- жана 2010-жылдардагы эки ыңкылапка, Кыргызстандын келечегине басым кылат. Анын үч китеби тең, өзгөчө “Постсоветтик мезгил” (2005) деген кошумча баш сөзу бар “Кыргыз мамлекетинин тарыхы” деген китеби ушул темаларды ачууга арналган.

Фактылар жана деталдар жыш колодонулган Азимбек Бекназаровдун кыргыз тилинде басылып чыккан «Аксы ыйы – улут кайгысы» (2010-жыл, 518 бет), «Мен – кыргызмын» (2016-жыл, I том, 596 бет; 2 том, 620 бет) аттуу көлөмдүү китептеринде да ушул эле маселелер чагылдырылган. Жалпысынан алганда бул үчилтиктин көлөмү 1730 бетти түзөт. Андан сырткары, Бекназаров жакында: “Көз карандысыздык жылдардагы (1991-2012-жж.) жемкорлук схемалар жана алардын катышуучулары, кесепеттери тууралуу” деген кошумча баш сөзү бар “Унчукпай коюуга укугум жок!” деген китепти кыргыз жана орус тилинде (Бишкек, 2012-ж., 160 бет) жана «Бизге кандай реформа керек?» (2016-ж., 325 бет) деген китебин басып чыгарганы жетишти. Азыркы Кыргызстанда ага окшоп эч ким ушунчалык көп жазбаса керек!

Азимбек Бекназаровдун аталган китептеринин пайда болушуна жана жаралышына эмне себепкер болду экен? Ал 2000-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруучу палатасынын депутаты болду (мен бул жылы альтернативдик негизде ушул палатанын төрагасы болуп шайлангам), ага чейин мен аны башка кыргызстандыктардай эле тааныбайт элем. “Мен - кыргыз” деген үчүнчү китебиндеги “Соңку сөздүн ордуна. Өзүм тууралуу. Мен киммин?” деген өзүнчө бөлүмдө өзү жазгандай, Бекназаров 1956-жылы 5-ноябрда Аксы районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал чабандын үй-бүлөсүндө таңгалычтуу, жомокко окшош шартта төрөлгөн: ал эрте таңда төрөлгөндө, энесинин сөзү боюнча, “иттер үрүп, койлор маарап, уйлар мөөрөп, үйүнүн дарбазасынын маңдайында кызыл жолборс турган” экен. Улуу эпосубузда баяндалгандай, атактуу Манас баатырдын төрөлгөнүн элестет. Ошондуктан Азимбек, жомоктогу баатырларга окшоп, “мектепте жакшы окуп, кичинесинен иштерман болгон, Алыскы Чыгышта Амур дарыясынын боюнда Советтик армиянын чек арачылар аскеринде үч жыл мыкты кызмат өтөгөн, Ташкент юридикалык техникумун жана Кыргыз мамлекеттик университеттин юридикалык факультетин кызыл диплом менен аяктаган, тергөөчү жана Октябрь райондук соту болуп иштеген”. Мунун баары жогоруда аталган “Мен – кыргыз” китебиндеги соңку сөзүнөн алынды.

Ошентип, 44 жашка чыкканда Бекназаров Мыйзам чыгаруучу палатанын депутаты болду. Кыргыз-мекенчили катары ал биринчи кезекте Үзөңгү-Кууш чек ара маселесин камтыган чек ара боюнча кыргыз-кытай келишимин кайра карап чыгып, аны жокко чыгарууну өзүнө милдет кылат. Ошондой эле ушул келишим үчүн президент Акаевге импичмент жарыялоону сунуштады. Бийлик жообун берди: 2002-жылы январда айткан пикири үчүн Жогорку Кеңештин депутаты жоопкерчиликке тартылбайт деп айтылган Конституцияны одоно бузуу менен, Токтогул райондук ички-иштер бөлүмүндө иштеп турган кезинде кетирген майда-барат кемчилиги үчүн Бекназаровго каршы кылмыш иши козголуп, аны Жалал-Абадда камакка алышты. Ошентип анын атагы бүт Кыргызстанга тарады, Аксы окуясынын, ошого байланыштуу Акаевдин башкаруусунун аякталышынын башаты мына так ушунда жатат. Бул окуялар тууралуу өз кезинде басма сөз беттеринде кенен-кесири жазылгандыктан, Мыйзам чыгаруучу палатада, өкмөттө, республиканын Коопсуздук кеңешинде да бир нече жолу талкуулангандыктан мен аларга токтолбой эле коёюн. Бир гана белгилей кете турган нерсе, бул окуялар Ибраимовдун жана Бекназаровдун китептеринде ар-башка өңүттөн, карама-каршы позициядан чагылдырылат. Ал аз келгенсип, авторлор бир-биринин былыктарын чукуп, Аксы трагедиясында бир-бирин күнөөлөшөт.

Тагыраак айтканда, Ибраимов Акаевдин башкаруу мезгилин толугу менен, анын өзүн, ишмердүүлүгүн оң маанайда гана мүнөздөп, биринчи президентти идеалдаштырып, аны “либерал” жана “кыргыз демократиясынын жана мамлекетинин атасы” деп сыпаттайт. “Кыргыз мамлекетинин тарыхы” (постсоветтик мезгил)” деген акыркы китебинде гана ал Аскар Акаевдин айрым каталарын жана кемчиликтерин айтып, президент тууралуу көз карашын бир аз гана өзгөртөт. Ал 2005 жана 2010-жылдагы элдик ыңкылаптарды да кабыл албады, ыңкылапты жетектеп кийин бийликке келген адамдарды жактырбаганын жашырбайт. Ибраимовдун пикиринде, эки окуя – айрым популисттер менен жемкорлор башында турган топтордун ишке ашырган “мародерлор ыңкылабы”. Ошол эле кезде, ал эч бир жерде: эмне үчүн ушундай болду? деген жөпжөнөкөй суроону койбойт. Бул “топторду” ушундай опурталдуу кадамга эмне түрттү болду экен, эске алсак, 2005-жылы айрым курмандыктар болуп, 2010-жылы 87 каза болболдубу? Айрым гана популисттер менен демагогдордун чакыруусу болгону үчүн элеби? Же дагы башка, андан да олуттуу социалдык, экономикалык жана саясий себептер болдубу? Биздин жалпы жоопкерчилигибиз каякта, өзгөчө бийликте, же бийликке жакын болгондордун жоопкерчилиги? Бирок да, бул суроолорго ал кийинки “Коңгуроо кимдин жаназасына кагылууда, деп сураба. Ал алар үчүн да кагат...” деген эссе-реквиеминде мыкты жооп берет. Ал 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорго арналып, “Кыргыз одиссеясы: империяга чейин жана андан кийин” (2011) деген китебине кирген.

Андан айырмаланып, Бекназаров бардык жамандыктарда, анын ичинде Аксы окуясында да Акаевди жана анын жанындагыларды, алардын катарындагы Ибраимовду да күнөөлөйт, аларды жаман көрсөтүш үчүн бардык күч аракетин жумшайт. Ал келтирген жүйөлөрдүн ичинен 2005-жылдын 24-мартында А.Акаевге, О.Ибраимовго, Б.Жанузаковго, Б.Акаевага түздөн-түз тиешеси бар, алардын иш кабинеттеринде табылган документтер менен айрым жүйөөлөр көңүлдү өзүнө өзгөчө бурдурат. Аларды биринчи жолу Бекназаров ошондо эле, республиканын башкы прокурорунун милдетин аткарып турган кезинде эле жарыялаган болчу. Анын айрым бөлүктөрү “Дело №” гезитинде басылган (30.04.2005). Эми алардын көчүрмөсүн толугу менен өзүнүн “Мен - кыргыз” деген китебинде (323-343-беттер) басып чыгарды. Анда кайсы бир “тизмектер” тууралуу сөз болот, бул тизмектерге ылайык ал кездеги дээрлик бардык жогорку кызматта тургандарга доллар менен бөлүштүрүлгөн же бөлүштүрүлө турган суммалар көрсөтүлгөн. Бул тизмекте көптөгөндөрдүн ысымдары жүрөт, премьер-министр Танаевдин, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Бөрүбаевдин, Жогорку соттун жетекчиси Осмоновдун ысымдарынан баштап, республикабыздын чет мамлекеттердеги элчилеринин, жож ректорлорунун жана да айрым ишкерлердин ысымдарына чейин. 102 кишинин ысымдары аталган тизмекти Аскар Акаев өз колу менен жазган, бул тизмектин басып чыгарылган да, кол менен жазылган да башка түрлөрү да бар. Алардын биринде менин да ысмым, ал кезде Конституциялык соттун төрагасы болгон Ч.Баекованын да ысмы, Борборшайлоокомдун жетекчиси С.Иманбаевдин ысмы да жүрөт, бирок биздин фамилияларыбыздын тушунда жөн гана сызыкча же суроо белгилери коюлган экен. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовду ала турган болсок, анын ысмы конкреттүү сандар бир катар тизмектерде кездешет. Ошол эле кезде Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фондусуна салым кылышкан мамлекеттик ишканалардын, бюджеттик уюмдардын жана ишкерлердин тизмектери да жарыяланганын эске алсак, Акаев жана анын үй-бүлөсү бүт Кыргызстанды өзүлөрүнүн жемкорлук тармагына айлантып алганын көрөбүз. Мен бул тизмектерди, өзгөчө Аскар Акаев жеке өз колу менен түзгөн тизмекти Кыргыз тарыхындагы эң шермендечилик көрүнүш деп эсептейм, бул иш анда да, кийин да жалпы коомдун назарына чыгарылбай калганына, ал тууралуу юридикалык териштирүүлөр болбой калганына өтө өкүнөм. Мында Башкы прокуратураны эки жолу (2005 жана 2010-жылдары) жана да башка соттук-укук коргоочу органдарды жетектеген Бекназаровдун өзүнүн да күнөөсү да бар. Бирок ал өз кезегинде 2005-жылы Башкы прокуратураны болгону 6 ай, ал эми 2010-жылы 9 гана ай жетектегендиктен, убакыт жетишпей калды деп актанып келет.

Кийин белгилүү бологондой, бул тизмектерде келтирилген суммалар 2005-жылдагы парламенттик шайлоонун жана да, балким, Аскар Акаевдин президенттик ыйгарым укуктарын 2010-жылдын аягына чейин узартуу боюнча референдумдун керектүү жыйынтыктарын камсыздаш үчүн түзүлгөн атайын фондго салынышы керек болчу. Ооба, ооба. Муну Ибраимовдун кабинетинде табылган “Быйыл жасалып калышы мүмкүн иш-аракеттердин сценарийи” далилдейт, анда ачык-айкы жазылып турат: “300 миң шайлоочулардын колдорун топтоо боюнча демилгечил топторду түзүү (2004-жылдын декабры – 2005-жылдын январы), аны ишке ашыруу механизми – бүткүл элдик референдум. Постсоветтик өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, учурдагы президенттин ыйгарым укуктарын референдум жолу менен узартса болот. Мисалы, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан” (“Мен – кыргыз”. 1-том, 16-бет). Бекназаров өз китебинде бул демилгени колдогон адамдардын колдору топтолгон кутулардын сүрөттөрүн да келтирет. Мен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруучу палатасынын спикери болуп туруп, келечектеги шайлоолор үчүн каражаттар топтоло турган фонд жөнүндө да, Акаевдин президенттик ыйгарым укуктарын 2010-жылдын аягына чейин узартуу демилгеси тууралуу да эч нерсе билген эмесмин. Көрүнүп тургандай, бул иштердин бардыгы “Ак үйдө” жашыруун жасалып жаткан, а мага болсо алар ишенбейт эле.

Ага тийиштүү себептер бар болчу. Бекназаров менен Акаевдин тирешүүсү болуп жатканда жана да Аксы трагедиясы учурунда мен эч жакка тартпай туруп алган элем. Биринчиден, менин пикиримде кыргыз-кытай чек арасы боюнча Бекназаровдун көз карашы туура эмес болчу, ал популисттик жана демагогдук нукта бул маселени өтө эле жөнөкөйлөштүрүп, үстүртөн гана караштырат эле! Мени таңгалтырганы – өзү Совет армиясынын катарында Амурда чек арада кызмат кылганы менен чек ара маселелеринин тарыхын жана анын татаалдыгын билбегендиги. Жок дегенде ошол эле жерде, Даманский аралында 1969-жылы советтик жана кытайлык чек арасылардын ортосунда ок атышуу болуп, жыйынтыгында ал арал кытайга өткөнүн эске алса болот эле да. Ошондуктан Мыйзам чыгаруучу палатанын төрагасы катары Бекназаровду чек ара маселеси боюнча Акаев менен чатакташпашына чакырган элем, ал тууралуу Бекназаров өзү да мага таарынуу менен “Аксы ыйы – улут кайгысы” деген китебинде эскерет.

Мен азыр да Азимбек Бекназаровго жана да биздин элге эскертким келет – кылымдап чечилбей келген Орус империясынын, кийин ССРСтин Кытай менен аймактык-чек-ара талаштары Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан көз карандысыз мамлекеттер болгондо гана чечилди. Кытай талаштуу жерлердин 70%н Кыргызстанга гана өткөрүп берүүгө макул болгон, жогоруда аталган башка мамлекеттер менен талаштуу жерлер 50х50 үлүшүндө, башкача айтканда теңме-тең бөлүштүрүлгөн. Андан сырткары, Путиндин мезгилинде күч-кубатын өстүрө алган Орусия бир нече жыл мурун Амурдагы айрым жер бөлүгүн кайрадан Кытайга өткөрүп берген, а Тажикстан болсо Тоолуу Бадахшандагы чакан аймагын Кытайга ижарага берген. Ушундан соң, талаштуу аймактарга же чек ара тилкелерине байланыштуу маселелер – жарма патриоттор карай турган маселе эмес экенин айткым келет, ал тең салмактуу, стратегиялык чечимдерди талап кылат.

Башка жагынан мен Бекназаровду депутат болгондугу үчүн коргоп, ал үчүн канын төгүп, адилетсиздикке каршы чыккан аксылыктар тарапта элем. Мен мурдараак айтканымдай, бийлик Конституцияны бузуп Бекназаровду куугунтуктай баштаган, аксылыктар менен маселени тынч жолу менен чечкенге жарабаган. Ошондуктан кесиптештерим депутаттар менен аны бошотуу керектиги тууралуу ачык билдирүү кылдым, ал кармалып турган СИЗОго Жалал-Абад областынын губернатору С.Урманаев менен барып, Бекназаров менен жолуктум, анын кармалышына байланыштуу фактыны иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссиянын түзүлүшүн колдоп чыктым. Аксы трагедиясынын 40 күндүгүн белгилөө тууралуу парламенттик токтом чыгарылган, Коопсуздук кеңеште Курманбек Бакиевдин өкмөтүнүн таркатылышын талап кылгам. Ал эми 2002-жылдын июлунда Боспиекте Аксы окуясынын курмандыктарына арналган эстеликтин ачылышына катыштым. Кийинчирээк Бекназаров менен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруучу палатасынын башка депутаттарындай эле бир калыптагы, кер мур айтышпаган адамдык мамиледе болдум. Бул жагынан алганда мен президенттик жана өкмөттүк мыйзам долбоорлорго ченеми менен колдоо көргөзүп, ошол эле кезде оппозициялык маанайдагы депутаттарга көңүл буруп, аларга өз пикирин айтып түшүндүргөнгө бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып турдум. Менимче, бардык жетекчи, өзгөчө парламенттин спикери, ал деле башка кесиптештери сыяктуу элдин өкүлү эмеспи, ишти так ушундай алып барышы керек.

Осмонакун Ибраимовго кайрылсак, аянттагы митингчилерге каршы күч колдонулушу мүмкүндүгүнө байланыштуу ал 2005-жылдын 24 мартында эртең менен Аскар Акаевге аны кызматтан бошотуусу өтүнүчү менен кайрылганы эң туура кадам болгон. Бирок Бекназаровду ал кечирбеди, аны көптөгөн бузуку иштерде, жемкорлукта күнөөлөдү, өзгөчө Ш.Жайсанбаев, Р.Акматбеков ж.б. сыктуу арты чуулуу адамдарга карата 2005-жылы кылмыш иштеринин жабылганын баса белгиледи. Бул Бекназаров башкы прокурор болуп турганда болуп жатат! Деги эле, жалпысынан Ибраимов оппозицияга жана ыңкылыпчыларга сын көз карашта, аларды жактыра бербейт, бул анын бардык үч китебинде жакшы байкалат. Ибраимов Бекназаровго гана карата ушундай мамиледе болбостон, Акаевден кийин мамлекетибизди жетектегендердин бардыгына Курманбек Бакиевге, Роза Отунбаевага жана Алмазбек Атамбаевге да сын көз карашта, бирок акыркы экөөнү Бакиев менен Бекназаровго караганда анчалык катуу сындабайт.

Чектен чыккан, карама-каршы нерселер баары бир кайсы бир жерден кесилишээри, же жолугушаары бардыгыбызга маалым. Бул Ибраимов менен Бекназаровго дагы тийиштүү. 2005 жана 2010-жылдардагы “революциялардын бульдозери” деп аталган Бекназаров, Ибраимовго окшоп: Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариев, Мадумаров сыяктуу мурдагы тилектештерин жана үзөңгүлөштөрүн, жана алардын катарында мени да катуу сынга алат, кээде өзүн дагы сындайт, мунусу мага өтө жакты. Бирок ал ошол эле кезде, бул жагынан да Ибраимовго окшоп, адамдардагы жакшы нерселерди баалаганды билет, бул тууралуу ал “Мен – кыргыз” деген китебиндеги “Мен урматтаган тарыхый инсандар жана саясаттагы менин тилектештерим” деген атайын бөлүмдө жазат. Бирок, Бекназаров мактап жазган көп адамдардын арасында Нузуп-бий, Жеңижок, Т.Үмөталиев жана Т.Касымбеков сыяктуу анын атактуу жердештеринин, деги эле билим берүү, илим жана маданият жаатындагы бир дагы адамдын жоктугу бир аз таңгалтырат. Балким, саясатка катуу берилген Бекназаровдун кызыкчылыктары таптакыр башкадыр, адамдарды башкача баалайттыр.

Эки антипод-оппоненттерди бириктирип турган дагы башка бир нерсе – алардын 1916-жылдагы окуяларга бирдей мамилеси: Бекназаров 2015-жылы бул окуянын жүз жылдыгына байланыштуу атайын коомдук комиссиянын түзүлүшүнө себепкер болду, кайгылуу окуяларга арналган бир нече маанилүү иш-чараларды уюштуруп, 2010-жылы “1916-жылдагы геноцид” деген көлөмдуү китепти кыргыз тилинде басып чыгарган. Ибраимовдун да, Бекназаровдун да китептерина таандык дагы бир жакшы жактары – Кыргызстандын келечеги тууралуу ой-жүгүртүүлөрү. Эгер бул темага интеллектуал – Акаев мезгилинин “башкы идеологу” “Келечектин хартиясы, же ХХI кылымдагы Кыргызстандын идеологиялык программасы”, “Кыргызстан ХХI кылымда: келечекке үңүлүү” сыяктуу накта теориялык трактаттарын арнаса, революционер-практик Бекназаров “Бизге кандай реформа керек?” (2016) деген өзүнчө бир китепти кыргыз тилинде жазган, бул китепке анын интервьюлары менен макалалары топтолгон. Аталган эмгектерде орундуу, жакшы ойлор жана сунуштар менен биргеликте, талаштуу пикирлер да, айрым учурда такыр эле туура эмес жерлер да кездешет. Мен алардын китептерине рецензия жазып жатпаганыма байланыштуу, аларга кеңири токтолбой эле коёюн. Мени кызыктырган нерсе – алардын оюнун багыты.

Бул өңүттөн алганда, Ибраимовдун Кыргызстандын келечеги тууралуу ой-жүгүртүүсүн либералдык-демократиялык деп койсок болот, ал эми Бекназаровдуку эклектикалык (чогултма) маанайда, анда эски консервативдик-социалисттик идеялар улутчулдук идеялар менен чырмалышкан. Бул, биринчиден. Экинчиден, идеологияга өтө эле чоң көңүл бурулуп, анын маанилүүлүгүнө басым кылынышы ашыкча сезилет, учурдагы маселелерди чечүүдөн алаксытып жаткандай. Тарыхта калган ССРСтин жана да башка социалисттик өлкөлөрдүн тагдыры буга жакшы мисал боло алат. Ошону үчүн Орусия Федерациясынын Конституциясына мамлекеттик идеологияга тыюу салган норма киргизилген. Биз үчүн идеология – бул Конституция, ага ылайык жашоо.

Макаланын соңунда эмне десем?

Алгач, эки антипод-авторлордун таптакыр башка көз караштардан, өңүттөрдөн жазылган, бир топ мезгилди өзүнө камтыган китептеринин пайдалуулугун айтышыбыз керек. Алардын кемчиликтери да айырмаланып турат. Мисалы, Осмонакун Ибраимов эч качан саясий шайлоолорго катышкан эмес, кызуу атаандашуунун отунан өткөн эмес, критикалык абалдарда көп сандагы эл менен бетме-бет кездешкен эмес, ар-түрдүү мамлекеттик кызматтарда жөн-жай гана иштеп келген. Башкача айтканда өзүнүн мыкты билимине (кыргыз жана орус тилинен сырткары, ал англис тилинде жакшы сүйлөйт, музыканы жакшы көрөт, комузда чертет) жана уюштуруучулук мыкты сапаттарына жараша, “Манастын” 1000 жылдыгын, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыгын жана Бишкекте өткөн эл аралык Тоо саммитин уюштурганга жигердүү катышкан, ал классикалык маанидеги аткаминер болгон.

Бекназаров болсо, тескерисинче, карапайым калктын арасынан суурулуп чыккан. Ошондуктан ал дайыма элге кайрылып, элдин атынан сүйлөп, көп учурда популисттик позицияны карманат, кээде ага кадыресе интеллигенттик жүрүм-турум, саясий маданият, сабырдуулук жана токтоолук жетишпейт. Акаев менен Бакиев мезгилиндеги дагы бир оппозиционер Ж.Жекшеевдин: “Саясатта качан сүйлөп, качан унчукпай калуу – экөө тең маанилүү”, - деп жазганын ал жакшы аңдай бербейт. “Унчукпоо алтынга тете” деп бекеринен айтылбаса керек. Болбосо “түбөлүк оппозиционерге” жана “түбөлүк революционерге” айланасың. Бир эле адамдын көп жылдык бийлик кылганынан тажагандай, эл мындан да бат эле чарчап, тажайт. Мына ушул себептен Бекназаров акыркы парламенттик жана президенттик шайлоодо катуу утулуп калды. Ал аз келгенсип, дагы бир жолу сызга отурду, ага каршы кылмыш иши козголду. Кап!

Бирок, ушуга карабай, макаламды оң маанайда бүтүргүм келет. Бир-бирине эч бир окшош эместигине, бардык кемчиликтерине карабай, алар – сейрек кездешкен инсандар, өз элинин, өз мекенинин чыныгы патриоттору. Буга Ибраимовдун “Кыргыз одиссеясы: империяга чейин жана андан кийин” деген китебиндеги “Кыргызстанды жамандагандарга” аттуу макаласы, эки автордун бардык китептери (Бекназаровдун эки томдугу жөн жеринен “Мен – кыргыз” деп аталбаса керек) жакшы күбө. Жөн гана биз бир-бирибизди сыйлап, урматтап, бир-бирибиздин мүнөзүбүзгө, көз карашыбызга түшүнүү менен карап, накта демократиялуу жана мыйзам урматтаган өлкөлөрдөгүдөй өзүбүздө сабырдуулук маданиятын калыптандырышыбыз керек. Бул дагы, жаш мамлекетибиз алган маанилүү сабактардын бири болушу мүмкүн.

Абдыганы Эркебаев, КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине