Лондон из зэ капитал оф Грейт Бритайн… же өлкө үчүн жиреп чыгуу

12:19, 29 Марта

1-бөлүк. Англис тили - азыркы доордогу ийгиликке болгон ачкыч

 «Бир тил сизди жашоонун босогосуна алып келет. Эки тил ал жолдогу бардык эшиктерди ачат.» (Фрэнк Смит)

 Ар бир жаӊы тил менен Сиз жаӊы жашоону жашап өтөсүз. Эгер Сиз бир эле тил билсеӊиз, анда  бир эле жолу жашаган болосуз. (чех макалы)

2020-жылга карата дүйнө жүзүндө 252 өлкө жана 7 174 тил бар экендиги белгилүү, болжол менен алсак, Жер шарыныны калкынын 2/3си кенен жайылган 40таш ашык тилде сүйлөшөт. Англис тили – тилдердин жайгашуусу боюнча рейтингиде лидер болуп саналат. Бул тилде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны – 1,5 миллиарддан ашык адам (жер шарынынын калкынын 20%ы). англис тили, ошондой эле, эӊ белгилүү болгон экинчи тил катары да үстөмдүк кылат, англис тилинде сүйлөөчүлөрдүн 66%ы аны экинчи тил катары жатташкан.

Азыркы учурда англис тили ар түрдүү чөйрөдө үстөмдүк кылат. Билимдин деӊгээли жана англис тилин колдонуу эмнеге таасир этет?

Англис тили, өлкөнүн жана коомдун өнүгүшү

Англис тили жана илим. Алдыӊкы илимий багыттардын көпчүлүгү англис тилин колдонмоюн такыр жашай албайт. Акыркы жылдары дүйнөнүн илимпоздорунун физикада, химияда, биологияда, психологияда жетишкен ийгиликтери улам өсүп бара жатат. Мында англис тили да зор роль ойноду,себеби илимдин өсүшү дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар ортосунда дайыма коммуникацияда жана кызматташууда болуп турууну  талап кылат. Эл аралык илимий конференциялар англис тилинде өтөт. Бүткүл алдыӊкы илим дал ушул тил менен тыгыз байланышкан. Көпчүлүк ушул тилде сүйлөшөт, жазышат, ойлоп табышат, ишке ашырышат, тажрыйбаларды жүргүзүшөт. Илимий жана техникалык басылмалардын жана макалалардын жарымынан көбү дал ушул англис тилинде жарык көрөт. Дүйнөгө кеӊири белгилүү болгон университеттер жана институттар лекцияларды англис тилинде окушат. Булар - Кембридж, Оксфорд, Гарвард, Массачусети, Йельск университеттери ж.б.

Дүйнөнүн алдыӊкы университеттеринен 600гө жакын онлайн-курстар англис тилинде бекер жеткиликтүү.

Англис тили жана IT. Англис тили – маалымат кылымынын тили. 2021-жылдын башына карата, актуалдуу маалыматтар боюнча, англис тили бардык Интернет-сайтынын 60,5%ында колдонулат. Интернеттеги дээрлик ири компаниялардын бардыгы англис тилдүүдөр болуп саналат. Мында англис тилиндеги интернет колдонуучулардын саны 25%дан ашпайт. 

Компьютерлер бири бири менен англис тилинде сүйлөшүшөт. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү 150 млн. компьютердеги бүткүл маалыматтын 90%ынан ашыгы англис тилинде сакталып турат. Компьютердик программаларга нускамалар жана программалардын өздөрү англис гана тилинде жазылышкан.

Англис тилин билбегендер IT чөйрөсүндө ийгиликке жетиши өтө татаал болот.

Англис тили жана туризм. Англис тили бизнес, билим берүү жана соода-сатык, илим жана техника чөйрөсүндө гана эмес, туризм чөйрөсүндө да эл аралык тил болуп саналат.  Тигил же бул өлкөдө кайсы тилде сүйлөгөнүнө карабай, англис тилинин ролу маанилүү болуп кала берет, анын маанилүүлүгү менен бирге анын маданияты да өткөрүлүп кете берет.  

Англис тили – эл аралык аба каттамдарында саякаттардын жана байланыштардын тили болуп саналат. Бардык эл аралык аэропорттордо англис тилинде сүйлөшөт. Туризм чөйрөсүндөгү иш англис тили менен түздөн-түз байланышкан: гиддер, мейманканалардын кызматкерлери, котормочулар, аниматорлор, стюардессалар, журналисттер, брокерлер бардыгы англис тилин жеткиликтүү деӊгээлде билиши керек. Өлкөнүн алга жылышы да англис тилинде жүрүүдө. Калктын англис тилин жок дегенде минималдык деӊгээлде билиши чет өлкөлүк туристтердин келишин жогорулатуу үчүн маанилүү шарт болуп саналат.

Баарлашуу тили. Телефон боюнча сүйлөшүүлөрдүн 85%ы, ошондой эле дүйнөлүк почтанын, телекстердин жана телепрограммалардын төрттөн үчү англис тилинде жүрөт.  Дээрлик бардык эл аралык уюмдар баарлашууда англис тилин пайдаланышат. Ар түрдүү конференциялар тууралуу да ушуну эле айтсак болот: эреже катары, алардын бардык катышуучулары бир тилде сүйлөшөт, жана анын 85%ында бул англис тили болуп саналат.

Дүйнөдөгү ар бир үчүнчү китеп англис тилинде басылып чыгат.

BC, NBC, CBC, ABC жана CBS сыяктуу эӊ ири телерадиокомпаниялар көрсөтүүлөрүн, уктурууларын англис тилинде жүргүзүшөт.  Жер шарындагы миллиондогон адамдар алардын туруктуу көрүүчүлөрү, угуучулары болуп саналат. Көптөгөн улуттук каналдар дагы англис тилинде көрсөтүшөт жана уктурушат.

Дүйнө жүзүндөгү эӊ белгилүү социалдык тарам Facebookтун аккаунттарынын ичинен англис тилиндегилери 52% ды түзөт.

Англис тили жана экономика. Көп сандагы изилдөөлөр калктын англис тилин билүү деӊгээлинин жана өлкөнүн экономикалык көрсөткүчүнүн ортосундагы түздөн-түз корреляцияны көрсөтүп турат. Бул болсо англис тилин билүү деӊгээлинин жана улуттук дүӊ кирешенин өсүшүнүн (УДК) жана ички дүӊ өнүмдүн (ИДӨ) ортосундагы байланыш менен тастыкталып турат.

Өлкөлөр боюнча англис тилине ээ болуу деӊгээлинин ири рейтинги EF English Proficiency Index (EF EPI) тин маалыматтарын пайдаланып, талдоо жүргүзсөк, биз изилдеген 60 өлкөнүн жана аймактардын ар биринде англис тилин билүү деӊгээлин жогорулатуу калктын жан башына кирешенин өсүшү менен байланышкандыгын байкадык.

 

Англис тилин билген деӊгээлдин жана калктын жан башына улуттук дүӊ кирешесинин ортосундагы өз ара аракеттер анда англис тилинин билгичтиктерин жакшыртуу эмгек акыны жогорулатууга алып келүүчү циклди туюндурат, ал болсо өз кезегинде өкмөттөргө жана өзүнчө компанияларга тилдик даярдыкка инвестирлөө үчүн көбүрөөк акчаны берет.

Бул болсо Түндүк Еврпопанын өлкөлөрү EF EPI де дайыма алдыда тургандыгынын, ал эми Швеция акыркы эки жыл ичинде биринчи орунду ээлеп келе жаткандыгынын себебин билдирет. Бул өлкөлөрдүн көлөмүнүн чоӊ эместигин жана экпортко багытталган экономикасын эске алып, бул өлкөлөрдүн лидерлери анлис тилин жакшы билүү  алардын экономикалык туруктуу ийгилиги үчүн өтө маанилүү компонент экендигин жакшы түшүнүшөт.

Англис тилине кайсы өлкөлөр инвестиция саларын билүү -  өлкө ири рынокко кантип аралашып жатканы жана бул өлкө соода-сатык жана инвестициялоо үчүн канчалык деӊгээлде туура келерлиги жөнүндөгү баалуу маалыматты берет.

Англис тили жана соода-сатык. Соода-сатык байыркы замандан бери эле тилдерди үйрөнүүнүн экономикалык негизги стимулу болуп келген. Азыркы учурда эки өлкөнүн тили канчалык жакын болсо, алардагы бири бири менен болгон соода жүгүрүтүүсү ошончолук жогору болот да, жалпы тили (эне тили же расмий тили) соода агымын орточо алганда дээрлик бир жарым эсеге көбөйтөт.

Кезегинде сооданын интенсификациясы өлкөнүн – соода-сатыктагы өнөктөшүнүн тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны өсөөрүнө алып келет: орточо алганда соода жүгүртүүнү эки эсе көбөйтүү тилди үйрөнүүнү 13% га жогорулатат. 20 параметр боюнча баа 2050-жылы англис тили дүйнөдөгү үстөмдүк кылган тил болуп калдардлыгын көрсөтөт.

Англис тили жана инвестиции. Компаниялар өз отчетторун берген тил инвесторлордун чечимине таасир этерин Калифорния университетинин жана Хельсинк экономика мектебинин экономисттеринин изилдөөсү көрсөттү. Инвесторлор каражаттарын алар менен бир тилде сүйлөшкөн уюмдарга салууну туура көрүшөт.

Англис тили жана адамдын өнүгүүсү. Англис тилин өркүндөтүүдө киреше гана өспөстөн, жашоонун сапаты да өсөт. Биз англис тилин билүү деӊгээлинин жана билимдүүлүктүн, сабаттуулуктун, жашоонун узактыгынын жана деӊгээлинин көрсөткүчүн өзүнө камтып турган Адамдык өнүгүү индексинин (АӨИ) ортосунда корреляцияны таптык.

Төмөндөгү диаграммадан көрүнүп тургандай, бул корреляция үчүн кесүү белгиси бар. Тилди билүүнүн төмөн жана өтө төмөн деӊгээлиндеги өлкөлөр өнүгүүнүн түрдүү деӊгээлин көрсөтүп турат. Бирок тилди билүү деӊгээли орточо же өтө жогору болгон бир да өлкө АӨИ боюнча «Адамдык өнүгүүнүн өтө жогорку деӊгээлинен» төмөн түшпөй келет.

 

Тилди билүү адам капиталын түзөт: чет тилин билгендер эне тилинде сүйлөгөндөргө караганда көбүрөөк акча табышат. Рекрутерлер жана перосналдар боюнча менеджерлер бүткүл дүйнө жүзү боюнча англис тилин мыкты билген изденүүчүлөр өлкөдө эмгек акынын орточо деӊгээлинен 30-50%га жогору айлык акы иштеп табышат деп белгилешет.

Жеке кирешеде «тилдик сый акы» масштабы  өлкөдөн, тилдин өзүнөн (ал канчалык деӊгээлде жайылтылган же талап кылынган), аны билүү деӊгээлинен, кесибинен көз каранды. Мисалы, Вьетнамда бул сый акы 40-60%ды түзөт, ал эми дүйнөдө бул тил үстөмдүк кылган АКШда чет тилин билгендер орточо алганда болгону 2%га гана көбүрөөк табышат. Калкынын дээрлик жарымы бул тилде сүйлөгөн Австрияда англис тили үчүн «сый акы» 11%ды түзөт, ал эми англис тили анча жайылтылбаган Испанияда – 39%.

Чет тилин билүүнүн жакшы көндүмдөрү кирешени гана жогорулатпастан, жумушсуздук тобокелдигин да кыскартат. Келген өлкөсүнүн тилин билген мигранттар үчүн киреше 5-35%га чейин өсөт (өнүккөн жети өлкө боюнча изилдөөдөн).

Чет тилинде ой жүгүртүү экономикалык чечимдерди кабыл алууда жардам берет. Көйгөйлөр тууралуу эне тилинде эмес ойлонуу менен, адамдар рационалдуураак чечимдерди кабыл алышат, себеби чет тили түздөн-түз интуитивдик ой жүгүртүүдөн рационалдуу ой жүгүртүү режимине которо турган механизмди камсыз кылат.

 2-бөлүк. Кыргызстанда англис тилине окутуудагы реформа – келечекке жырып кирүү

Азыркы доордо англис тилин билүү зарыл экендиги талашсыз. Эмне себептен англис тилин көптөгөн мектептерде, ал гана эмес бала бакчадан баштап окутканына карабай, Кыргызстан англис тилин билүү деӊгээли боюнча 100дөн 96-орунду ээлеп турат [1] ?

Өлкөбүздүн тургундары тарабынан англис тилин билүү деӊгээли мурдагыдай эле өтө төмөн бааланат, тактап айтканда, орточо кыргызстандык өзү тууралуу бир нече гана сөз (атын, жаш курагын, өлкөсүн) айтып, жана чет өлкөлүк туристке жөнөкөй көрсөтмөлөрдү гана бере алат. Өлкөлөрдүн ичинен рейтингде акыркы орунду ээлеген Тажикстандын аймактарында гана англис тили боюнча кырдаал өтө начар. Салыштырып көрсөк, Казахстан 92-орунда, Өзбекстан 88-орунда турат.

Буга эски ыкма менен окутуу күнөөлүү. Азыр тилди окутуунун парадигмасын өзгөртө турган жана максаттардан көз каранды болгон усулдардын, ошондой эле окутууга жекече өзгөчөлүктөрдүн саны өтө көп. Дүйнө жүзүндө инновациялык өтө көп усулдар иштелип турат. Тилекке каршы, жөнөкөй мектептерде алар колдонулбайт.

Кыргызстандын мектептеринде колдонулган усулдар көптөн бери колдонулуп келе жатат, жана ал грамматикага, окуу/жазуу көндүмдөрүнө басым жасаган, ал эми системанын өзү болсо студенттерге ылайык эмес болгон советтик мезгилден бери эле системдик түрдө өзгөрбөй келет. Азыркы учурда, өзгөчө коммуникативдик көндүмдөр өтө баалуу болуп саналат.

Кыргызстандын мектептеринде эскирген окуу куралдары жана натыйжасыз усулдар боюнча чет тилдерге окутуу улантылып жатканына карабай, кошумча билим берүү чөйрөсүндө улам барган сайын көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Кыргызстанда англис тилине окутуунун наркы жогорку суроо-талапка ээ. Бишкек шаарында англис тил курстарынын саны 200дөн ашат, Ош шаарында болсо 60дан ашык. Тилдик курстардын санынын мындай көптүгү эки негизги учур жөнүндө далилдеп турат: а) англис тилин окууга зарылдык зор экендигин, б) мектептен алган билим жетишсиздигин.

Жеке репетитор менен бир эле жолку сабак өтүү окутуучунун тажрыйбасына карай 500 сомдон 2000 сомго чейин жетет. Тилдик метктептердеги сунуштар бир топ пайдалуураак, себеби көптөгөн сабак өтүүлөр топтук болуп саналат да – окуу китептеринин наркын (800-1500 сом) кошпогондо ал 1500дөн 3000 сомго чейин турат. Англис тилин окуш үчүн финансылык ири ресурстар которулат, бирок дайыма эле керектүү натыйжа алууга жана ал окуулардын натыйжалуулугун баалоого боло бербейт. Курстарда окуучунун англис тилин билүү деӊгээли көпчүлүк учурларда түзгөн тесттер тарабынан аныкталат. Айрым курстарда белгилүү бир деӊгээлди аяктагандан кийин сертификаттар берилет, алар жөн эле символикалык болушат да, чет өлкөлүк университеттер же иш берүүчүлөр тарабынан кабыл алынбайт.

Англис тилине окутуунун натыйжалуулугун кантип жогорулатууга болот?  Азыркы учурда эмне бар жана эмнени жасоого болот? Варианттарын карап чыгалы.  

1.   Көп сандагы окуучулар билим алып жаткан класстарды тилди интерактивдүү форматта окутуу үчүн тайпаларга бөлүү керек. Мектептерде окуучулардын саны ашык жана өлкөдө мугалимдердин жетишсиздигинен улам, муну ишке ашыруу өтө татаал.

Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылында 77 миӊ 860 мугалим жана 1 млн. 268 миӊ окуучу катталган. Республикадагы мектептердин саны 2 265, алардын ичинен шаардык мектептер – 474, айылдык мектептер – 1 791.

Мектептердин долбоордук кубаттуулуктарынын деӊгээли бир нече эсеге ашыкча, ал эми мектептерде мугалимдердин жыштыгы абдан жогору. Жалпы билим берүүчү уюмдарда бир мугалимге орточо алганда 17 окуучу туура келет.

Окуу жайлардан жыл сайын жетиштүү сандагы мугалим, алсак 2019/2020-окуу жылында республиканын бардык билим берүү уюмдары тарабынан келечектеги 4 миӊден ашык педагогикалык кызматкер чыгарылса (жогорку кесиптик окуу жайлардагы ар бир жетинчи студент педагогдук кесипти тандап алган) дагы, мугалимдердин 2,4 миӊге жакын вакансиясы бош турат.

 Мугалимдердин жетишсиздиги жана мектептерде окуучулардын жыштыгы окутууда көйгөйлөрдү жаратат, бирок жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөр класстын көлөмүнө караганда  мугалимдин квалификациясы зор роль ойноорун көрсөтүп койду.

2.   Мугалимдердин квалификациясы. Квалификацияны жогорулатуу жана  педагогикалык кызматчыларды кайра даярдоо республикалык институтуна (КЖжПККРИ), жыл сайын бардык предметтер боюнча 7 миӊге жакын окуучуларды окутуп жаткан Кыргыз билим берүү академиясына (КАО) топтолгон. Кыргызстанда бардыгы болуп 75 миӊ мугалим бар, алардын ар бирин жок дегенде беш жылда бир кайра окутуп туруу керек: статистикалык жактан ар бир мугалим 10 жылда бир жолу квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп турат. Мугалимдер кайдан, эмнени окуурун тандай алышпайт. Лицензиясы бар бардык билим берүү борбор мугалимдер үчүн түрдүү курстарды иштеп чыгып, сунуштай алат. Бирок КБА институтунун курсутарынан башкасы квалификацияны жогорулаткан катары таанылбайт. Мында англис тилинин мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатуу программасы 72 саатты камтып турат, тактап айтканда 9 жумушчу күндү камтыйт. Ага тете, бул вариантты да натыйжалуу деп эсептегенге болбойт. Бирок, эӊ негизгиси, бардык мугалимдердин агнглис тил деӊгээлин CEFR системасы боюнча аныкташ керек, бул тууралуу билим берүү министрлигинин документтеринде белгиленген, жана бул деӊгээлди жана квалификацияны эмгек акыга тиркеш керек.

3.   «Көп тилдүү жана полимаданий билим берүүнү» киргизүү. Кыргызстанда 2012-жылдан бери карай мамлекеттик билим берүү мекемелеринде «Көп тилдүү жана полимаданий билим берүүн» программасын киргизүү процесси жүрүп жатат. Көп тилдүү билим берүү программасынын негизги маӊызы – эне тилинде билим алуу жана ошол эле маалда мамлекеттик, расмий жана дагы бир чет тилине ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

2015-жылы педагогдорду даярдоо жана консультация берүү үчүн тренерлердин жумушчу топтору түзүлгөн, ошондой эле пилоттук жождор түзүлгөн жана пилоттук мектептерде аппробациялана турган окуу усулдук материалдар иштелип чыккан. 2015-жылдан 2017-жылга чейинки мөөнөттө көп тилдүү билим берүүнүн пилоттук мектептеринин саны эки эсе көбөйгөн. Бирок, «Көп тилдүү жана полимаданий билим берүү» программасын ишке киргизүүнүн оӊ натыйжасына карабай, эӊ башкы нерсе - педагогикалык адистиктеги кадрлардын жетишсиздиги жана алардын өз предметин эки же андан ашык тилдерде окутууга тилдик даярдыгы эске алынган эмес. Бул варианттын көйгөйү – мугалимдерди, негизинен, англис тилинде да окута ала турган предметчи-мугалимдерди сапаттуу даярдоонун жоктугу.  

4.   Жалпы европа компетенцияларынын тутумун колдонуу.  Чет тилин билүүнүн жалпы европалык компетенциялары: Үйрөнүү, сабак берүү, баалоо» ("Common European Framework of Reference: Learning, Teaching, Assessment") — бул чет тилин окутууга жана мугалимдердин жана окуучулардын тилди билүү деӊгээлинин бааларын стандартташтырууга мамилелерди тутумдаштыруучу, Кыргызстанда 2014-жылы кабыл алынган документ. Жалпы европалык компетенциялардын тутуму үч баскычка бөлүнгөн: алар өз алдынча эки баскычка бөлүнгөн A, B, C баскчытары. Ошентип, лингвистикалык-коммуникативдик компетенцияларды баалоонун европалык тутумуна ылайык, тилди билүүнүн 6 деӊгээли болот: A1, A2, B1, B2, C1, C2. Ар бир деӊгээл үчүн окуучу текстти окууда, угууда кабыл алууда, оозеки жана жазуу кебинде ээ боло турган билимдер жана билгичтиктер сүрөттөлөт. Бул документ тилдерге, анын ичинде чет тилдерине ээ болуу жаатындагы бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин түзүлүшүнө, тилдик жана маданий көп түрдүүлүктүн сакталышына, окуучунун окуу процессинде ролунун күчөшүнө, анын мотивациясын, автономдуулугун жогорулатууга, өзүн баалай билишин өнүктүрүүгө, чет тилди үйрөнүү/окуу процессинде рефлексивдик билгичтиктерди түзүүгө көмөк көрсөтөт. Европалык бирликтин өлкөлөрү үчүн Европа Кеӊеши тарабынан иштелип чыгып, компетенцияларды аныктоонун бул тутуму дүйнө жүзүндөгү бир нече өлкөлөрдө да колдонулат. Жалпы европалык компетенциянын тутумун колдонуунун башкы артыкчылыгы - окуучулардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Глобалдаштыруу шартында Кыргызстандын эл аралык билим берүү процессинин мүчөсү болуу аракети байкалат. Чет тилин билүүнүн жалпы европалык компетенцияларын пайдалануу Кыргызстанга эл аралык билим берүү мейкиндигинин толук укуктуу катышуучусу болуп эсептелишине мүмкүндүк берет. Чет тили боюнча предметтик стандартка ылайык мектеп окуучулары англис тилин төмөнкү деӊгээлде билиши керек:

А1 тириликте калуу деӊгээли

Класс 3 – Баштооч деӊгээл

А1 тириликте калуу деӊгээли

Класс 4 – Баштооч деӊгээл

А1+ тириликте калуу деӊгээли

Класс 5 – Элементардык деӊгээл

А2 босогодогу деӊгээл

Класс 6 – Элементардык  деӊгээл

А2+ босогого чейинки деӊгээл

Класс 7 – Баштооч орто деӊгээл  

А2+ босогого чейинки деӊгээл

Класс 8 – Баштооч орто деӊгээл

В1 босогодогу деӊгээл

Класс 9 – Орто деӊгээл

Бирок мектеп окуучуларынын билиминин бул деӊгээлдерге шайкештик баасы кандайча жүргүзүлөрү, окуучулар мектепти бүткөндөн кийин  жалпы европалык компетенциялардын стандарттарына ылайык алардын билиминин реалдуу деӊгээли чагылдырылган сертификатка ээ болорлугу түшүнүксүз. Көйгөй – эл аралык стандарттарга ылайык баалоонун реалдуу тутумунун, аны менен бирге CEFR ди  мамлекеттик документтерде кабыл алуу гана эмес, аларды реалдуу пайдалануунун жоктугу. Албетте, баалоо өсүү чекитин аныктоого жана реалдуу маалыматтардын, конкреттүү мөөнөттө жогорку натыйжага жетүүнүн негизинде квалификацияны жогорулатууну пландоого жардам берет.

5.   Донорлорду тартуу. Билим берүү секторуна донордук уюмдар жалпысынан олуттуу жардам беришет, мисалы, АӨБ билим берүүгө негизги инвестор катары чыгат, анын өлкөнүн эгемендик жылдары берген жардамынын суммалык көлөмү $72.4 млн ду түзгөн. Долбоордун иштешинин натыйжасында окуучулардын жалпы билим берүү мектебине кириши 2%га өскөн.  500, 000 ден ашык окуу китептери берилип, 17,000 мугалим даярдалган. Реабилитацияланган 90 мектепке жана мугалимдерди даярдоонун жети борборуна компьютердик жана лабораториялык жабдуулар жеткирилген. Европалык Бирликтин «Кыргыз Республикасында билим берүү секторун колдоо»  долбоору, Бүткүл дүйнөлүк Банктын «Келечек үчүн билим берүү» долбоору жана башка көптөгөн долбоорлор Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүгө баалуу салым кошуп келе жатышат. Бирок билим берүүнүн бүткүл тутумун реформалоо үчүн бул жетишсиз. Балким, донордук уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн варианттарынын бири болуп азыркы коомдун талаптарына – англис тилине жана IT-технологияларына окутууну өркүндөтүүгө шайкеш келүүчү конкреттүү артыкчылыктарды аныктоо болмок. Бул дисциплиналарды үйрөнүүдөгү алга кетүү башка предметтер боюнча да кырдаалдын жакшырышына алып келмек, ошондой эле түрдүү долбоорлор менен пландалган нерселерди иш жүзүнө ашырууга, мурунку ийгиликтүү башталыштарды (көп тилдүүлдүк, CEFR,  инновациялык 100 мектеп ж.б.)баалоого мүмкүндүк бермек.

6.   Мектептерде англис тилинен сааттардын санын көбөйтүү.  2018-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги англис тилин үйрөтүү сапатын жогорулатуу үчүн Базистик окуу планын өзгөрткөн. КР Конституциясына ылайык, өлкөнүн билим берүү тутуму ар бир баланы – бала бакчадан баштап жалпы билим берүүнү аяктаганга чейин мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдердинбирине окутуунун конституциялык кепилдигин аткарууга багытталган, Кыргызщстан үчүн 90% учурунда бул  - англис тили болуп саналат. Билим берүү министрлиги тилдик дисциплиналарды окутуу маанилүү артыкчылыктардын бири экендигин белгилейт, мында негизги басым грамматикалык мамилеге эмес, коммуникативдик мамилеге коюлушу керек. Чет тилин сапаттуу үйрөнүшүн камсыз кылуу үчүн Министрлик Базистик окуу планын өзгөрткөнгө жана англис тилин окутууга сааттын санын – 5-класста беш саатка чейин, 6- класста 4 саатка чейин, 7-класста 3 саатка чейин көбөйтүүгө барды.

 

Жогорудагы графиктен көрүнүп тургандай, чет тилинин сааттарын мындай жогорулатуу акыркы он жыл менен салыштырганда (сааттар кыскарган убакытта) гана олуттуу мааниге ээ болот, ал жылдары бул сааттар стандарттуу болгон. Казахстанда, Кыргызстанда жана Россия Федерациясында 5-9-класстарда англис тили боюнча жумасына сааттардын саны дээрлик бирдей, бирок EF English Proficiency Index тин рейтингинде бул өлкөлөр 92, 96 жана 41-орунду ээлеп турушат. Демек, мугалимдердин квалификациясы жана окутуу усулдары өзгөрбөсө, сааттардын санын көбөйтүү олуттуу натыйжа бере албайт деген тыянак чыгарууга болот. 

Эгер билим берүү циклинин тутумунун өзү өзгөрбөсө:

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу  + мугалимдерди усулдук колдоо + коммуникативдик жөндөмдөргө максатталган окуу процесси  + инновациялык (санариптик) окуу куралдары  + процессти системалык түрдө баалоо (CEFR),

анда озуп чыккан натыйжалар жөнүндө айтууга да болбойт.

Кыргызстанда балдар англис тилин жумасына 3-5 сааттан 9 жыл окуп, төрт көндүмдү: окууну, жазууну, кепти (сүйлөөнү), жана угуп түшүнүүнү колдоно алышпайт. Окутууга өтө көп убакыт сарпталат, бирок натыйжа жок, ал эми азыркы учурда ылдамдык окутуудагы эӊ маанилүү параметр болуп саналат.  

Азыркы учурда төмөнкү натыйжаларды камсыз кыла турган жаӊычыл усулдар керек:

1) Окутууга убакытты жок дегенде 2-4 эсеге кыскартуу;

2) Эки жигердүү көндүмгө: түшүнүүгө жана сүйлөөгө басым жасоо менен, бир усулда төрт көндүмдү теӊ айкаштыруу, 600дөн ашык түрдүү онлайн-курстарды пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн академиялык тилдин жакшы деӊгээлин камсыз кылуу;

3) Эл аралык стандарттарга шайкеш келүү;

4) Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, эл аралык сертификаттардын эсебинен мугалимдик кесиптин беделин жогорулатуу;

5) Көп тилдүүлүккө талапкер болгон мектептер үчүн англис тилинде сабак берүү үчүн предметчи-мугалимдерди тилге окутуу;

6)  Балдар жана жаштар адилеттикти жана объективдүүлүктү камсыз кылган баалоонун эл аралык стандарттарына ылайык өзүлөрүнүн англис тили боюнча деӊгээлин билип туруп, университеттерге тапшырууда жана ишке орношууда атандаштыкка жөндөмдүү болушат;

7)  Узак мөөнөттүү келечекте: туризм чөйрөсүндө алга озуу. Азыркы учурда Кыргызстандын туризм жана horeca чөйрөсүндөгү негизги көйгөлөрдүн бири – гиддердин, туроператорлордун, ресторандардын, мейманканалардын персоналдарынын англис тилин начар билиши ж.б.

8) IT-технологиялар жаатында алга озуу. Бул чөйрө экономиканын драйверлеринин бири, келечектин тармагы болуп саналат, анын өнүгүүсү жалпы эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнө кызмат кылат.

 

Бардыгы утушат:

 

Ошентип, өлкөдө алга жылуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар. Андыктан мамлекеттик да, жеке да окуу жайлардын бардыгында усулдардын бардыгына инвентаризация жүргүзүү, жана дал ушундай тутумдук өзгөрүүлөргө түрткү бере турган усулдарга көӊүлдү топтош керек. 

Биз болсо жакшы жашоону, балдарыбыз мыкты билим алуусун жана дүйнөнүн бардык университеттеринде эркин билим алышын, биздин өлкө дүйнөдөгү илимде, маданиятта өз ордун табышын жана экономикабыз инвестициялар үчүн жагымдуу болушун каалайбыз!

Ийгиликке болгон ачкыч –  окутуудагы реформа жана өлкөдө англис тилин кенен колдонуу. Бул биздин өнүгүүбүзгө жана келечекти курушубузга болгон ири мүмкүнчүлүк.

Айнура Сагынбаева с.и.к.

Жеке ишкер;

Кыргызстандагы DynEd дин расмий өнөктөшү - Steppe Learning KG ЖЧКсынын директору



[1] EF English Proficiency Index (EPI) 2020 

© Новые лица, 2014–2021
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине