Улуттук Энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевдин апасы Кыргызстандын президентине кайрылды

14:27, 4 Апреля 2019

Насикат Батырканова, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жана модернизациялоого карата кылмыш ишинин алкагында камакка алынган Айбек Калиевдин апасы, өлкө башчы, Конституция гаранты Сооронбай Жээнбековго кат жазды.

Катты толугу менен жарыялайбыз: 

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович. Мен Батырканова Насикат Калкашовна, бүгүнкү күндө УКМКнын тергөө абагында, бир жылдан бери айыбы жок олтурган Калиев Айбек Рыспековичтин апасы, Сизге кайрылуумдун себеби төмөнкүдөй.

 Бир жылдан бери акыйкаттык күттүм. Сиз өзүңүз эл астында мага  сайтка кат менен кайрылгыла дейсиз, бирок тилекке каршы сизге жөнөткөн эки катка тең жооп келбегендиктен, сизге бул каттар жеткен жок, же сиз койгон талаптар аткарылбайт экен деген ойдо калдым. Бул үчүнчү жазган кайрылуум, демек сиздин айланаңыз сизди  куру сөз менен сугарып, эл астында абройуңузду кетирип жатат.

Сот реформасы жүрүп жатат, бирок Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда видео камералар иштеген жери жок. Сот, прокурорлор УКМК токуган дооматка баламды такап жатышканы ачык көрүнүп жатат.  Госэкотехинспекциянын кызматкерлери, бизге 20 күн эле убакыт берди, шаштырышты, январьда болгон окуяны сентябрь айында кантип далилдейбиз, ЖЭБдин кызматкерлери берген көрсөтмөлөрүнө жана тергөөнүн материалдарына таяндык.

Адамдын тагдыры чечилип жатса, бул кандай кайдыргелик. Айбек жемкорлук менен аёосуз күрөшүп канча атка минерлердин мыйзамсыз жолун бууп, Электр энергия тармагында бир топ маселелерди чечип, 3,5 млрд пайда алып келип, элдин батасын алды. Өмүрү толбогон Токтогул суу сактагычында Айбек иштеп жаткан мезгилде 19 млрд. м3 суу топтолду. Бүгүнкү Айбектин олтурушуна себепкер болгон, ошол иштен кеткен атка минерлердин колу менен доо, жалаа жабылып олтурганы тиешелүү документтер менен таанышканда маалым болуп, далилденди.

Бүгүн Сиз ишенген УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы жана соттор сизди артка тартып жатат. Мунун баарын көрүп, сот процесстерине катышкандан кийин коррупция так ошол тарапта экен деген тыянакка келдим. Айбекти, эл түшүнүп колдойт. Мен ушундай уулду төрөп, тарбиялаганым үчүн сыймыктанам. Сизден суранам, жетпей калган катымды окуп, аталган маселени Өзүнүз көзөмөлгө алып, өзүнүз акыйкат чечим чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүп бересиз деген терең ишенич менен Сизге дагы АЧЫК кайрылууга мажбур болдум.

Төмөндө сизге жазган үчүнчү катым.

Н.К. Батырканова                                                           

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине