САНЖАРБЕК ДАНИЯРОВДУН ФОНДУНУН «БИРИНЧИ МУГАЛИМ» СЫНАГЫ ЖӨНҮНДӨ

21:12, 8 Октября

Биринчи мугалим – бул башталгыч класстардын мугалими, бул Ч.Айтматовдун повестинин башкы каарманы, бул – демек, биринчи дегендик. Санжарбек Данияровдун фондун түзүп, жыл сайын Кыргызстандын айыл мектептериндеги башталгыч класстардын мугалимдери үчүн уюштуруп келаткан сынак «Биринчи мугалим» деп аталат. 2019-жылы сынак сегизинчи жолу болду.

«БИРИНЧИ МУГАЛИМ» сынагы эмне үчүн керек? 

Менимче, «Өлкөмдүн келечеги мени кызыктырбайт» деген адамды жер жүзүндө табууга мүмкүн эмес болуш керек. Биздин келечегибиз кимдин колунда, алар кимдер? Балким алар саясий бийлик бутагындагы адамдарбы? Президент, депутат же Өкмөтпү?

Менин жообум: андай адамдарды таптакыр башка жерден – башталгыч мектептен издөө керек! Так ошол жерде азыр алты жаштан тогуз жашка чейинкилердин - жыйырма жылдан кийин биздин коомдун ишмердүүлүгүн жүргүзө тургандардын личностуулугу калыптанат. Так ошол жерде алар ой жүгүртүү жөндөмдөрүн көнүктүрүшөт. Аларга башталгыч класстын мугалими жардам берет.

Мектептен балдар адилеттик деген эмне жана адилетсиздик деген эмне экендигин билишет. Ошол жерден балдар баарлашуу тажрыйбаларына ээ болушуп, боорукер болуу керектигин, же тескерисинче, алсыздарга үстөмдүк көрсөтүүгө болоору жөнүндө окуп үйрөнүшөт. Эгерде балдарга үнүн катуу чыгарып, кыйкырса, алар да башкаларга үнүн катуу чыгарууга болот деп эсептешет. Же тескерисинче, эң маанилүү принципти – бардык адамдар сый-урматка татыктуу экендигин билишет. 

Ошол насаатчыларынын жардамы менен балдар кандай сонун өлкөдө жашап жаткандыгыбызды көрө алышат!

Башталгыч класстарда билим алуу учурунда балдар окуунун жана эне тилинин баалуулугун түшүнө башташат. Эгерде аларга муну жеткире албасак, анда биздин тил – экинчи сорт, биз өзүбүз да – экинчи сорттогу адамдарбыз, ушундай экинчи сорттогу өлкөдөн биротоло кетип калуунун өзү чоң бакыт деген ойго кабылаары шексиз. Ошол эле учурда тескерисинче, ушундай сонун мекенибизге пайда алып келе турган иштерди жасасак, адамдардын жакшы жашоосуна өз салымыбызды кошсок деген ойлорду ойлой башташат.

Башталгыч класстардын мугалими – мына ушундай зор кубаттуу адамдар!

Эгерде биз Кыргызстандын калкынын үчтөн эки бөлүгү айылдарда жашарын эске салсак, анда өлкөнүн келечеги ошол айылдардагы башталгыч класстарда калыптанары белгилүү болот!

Мен фонддун негиздөөчүсү, директору жана долбоорлордун аткаруучусу катары, ушул сынак жана сыйлыктар аркылуу төмөндөгүдөй айткым келет: «Урматтуу мугалимдер! Мектептен кетпеңиздер, сиздер бизге керексиздер! Биз сиздерди жакшы көрөбүз жана аябай сыйлайбыз, эң негизгиси, биз сиздерге дүйнөдөгү эң баалуу – балдарыбызды ишенип тапшырабыз! Өз кесибиңиздерди таштабаңыздар, дайыма өз ишиңиздердин кесипкөй адиси болуп, алдыда жүрө бериңиздер!»

Байге сыйлыктар – маданий-маалымат арттыруучу саякат

Биздин сынактын жеңүүчүлөрүнө эки сыйлыгыбыз бар, экөө тең маданий-маалымат арттыруучу мүнөзгө ээ. Биздин сынак адегенде эле ошондой максатта уюштурулган. Сыйлыктарыбызды айырмалоо үчүн, мен экөөнү эки башка атадым – Фонддун Премиясы жана Фонддун атайын сыйлыгы.

Санжарбек Данияровдун Фондунун Премиясы – бул биринчи орунду ээлеген жеңүүчүнүн мени менен кошо Москвага он күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякаты. Москва – бул дүйнөлүк деңгээлдеги музыкалык, театрдык, көркөмдүк борборлордун бири, бирок менин оюмча, москвалыктардын баары эле биздин жеңүүчү мугалимдер 10 күндө көргөндөрдү көрө беришпейт! Анын программасы экскурсияларга өтө жыш толган, мен төмөндө негизгилерине гана токтолоюн.

Театрлар. Биз сөзсүз түрдө дүйнөдөгү эң алдыңкы театрлардын бирине - Чоң театрга же К.С.Станиславскийдин жана В.И.Немирович-Данченконун музыкалык театрына, Жаңы Операга, Геликон-операсына балет спектакль көргөнү барабыз. Анан албетте, ушул театрлардын биринде опера угабыз, мүмкүнчүлүккө жараша, балет көргөнү театрга эмес, башкасына барганга аракеттенебиз. Москва драмалык театрларынан сөзсүз түрдө бир, көбүнчө эки, кээде үч спектакль көрөбүз, биздин меймандар орус тилин жакшы билишкендиктен, спектаклдерди орус тилинде көрүү анча деле кыйынчылыктарды жаратпайт. 

Көркөм галереялар. Биз Пушкин атындагы көркөм сүрөт музейиндеги Батыш Европа искусствосу менен таанышабыз, адатта эки жолу, биринде – Башкы имаратына жана өзүнчө импрессионисттер жана постимпрессионисттердин галереясына барабыз. Орус искусствосу менен биз Лаврушинский чолок көчөсүндөгү Третьяков галереясынан таанышабыз, каалообузга жараша кээде башка галереяларды – Жаңы Третьяковка, Сүрөтчүлөрдүн Борбордук Үйүн, Гараж галереясын ж.б. кыдырабыз.

Цирк. Адатта, биз Түстүү бульвардагы Никулиндин циркине барып, ал жердеги артисттердин чеберчилигине суктанабыз. Мен бул цирк таасир калтырбаган бир да көрүүчүнү көрө элекмин!

Концерттер. Албетте, баары биздин саякатыбыз ошол учурдагы афишалардан көз каранды болот, биз эң байыркы короо жайынын бириндеги классикалык музыканын концертине, клубдагы джаз концертине жана кээде Игорь Моисеевдин белгилүү бий ансамблинин Чайковский атындагы концерттик залдагы же Консерваториядагы башка концерттерине барабыз. Кээде мюзикл көрөбүз.

Тарыхый жайлар. Албетте, Кремли жок Москва – Москва эмес. Биз Кремлдин, Собор аянтын кыдырып, анын ичин жана Оружейная палата музейин көрөбүз. Кремлдин айлана-тегерегинде сейилдеп, сөзсүз түрдө Василий Блаженный собору менен Кызыл аянтка барабыз, ГУМга киребиз, андан соң Кремлдин жанындагы Зарядье жаңы паркына, Болотная аянтына барабыз, Кремлге Каменная жана Москворецкий көпүрөсүнөн карап, суктанабыз. Биз шаардын борборундагы байыркы көчөлөрдү бойлоп көп сейилдейбиз жана архитектуралык стилдерди талкуулайбыз. Биздин конокторго метрого түшкөн да аябай жагат, аларга станциялардын функционалдуулугу эле эмес, кенендиги, тазалыгы жана кооздугу абдан жагат, ошондуктан болсо керек, атайын экскурсияга келишип, Москванын метролорунда жүргөн туристтик топторду тез-тез көрүүгө болот. Биз да эгерде өзгөчө кызыктуу станциядан өткөндө сөзсүз түшүп калып, жакындан барып көрөбүз, анан албетте, сүрөткө түшөбүз.

Сейилдөө. Москванын жана Подмосковьенин бир-эки паркында, жана ошондой эле Коломенское, Царицыно, Кусково, Измайлово, Архангельское сыяктуу эски дворяндык кооз жайларда сейилдейбиз, Воробьев тоолоруна, асма жолдорго, ММУнун көргөзмө аянтына барабыз. Сөзсүз түрдө Новодевичий монастырды жана анын айланасындагы керемет көрүнүштөрдү жана Христос Куткаруучунун храмын көрүп чыгабыз. Айрыкча түнкү Москвада жөө жана машинада сейилдөөнүн кызыгын айтыңыз! Кылдаттык менен жыш жайгаштырылган кооз жарыктар көздү уялтат. Анын үстүнө эки-үч жыл мурда шаардагы бардык зымдарды жерге көмүп салышкандыктан, шаардын архитектуралык көркүнө эч нерсе тоскоол болбой калгансыды.

Музейлер. Биз лауреаттар менен көбүнчө Космосту Багындыруучуларга арналган чоң эстеликтин жанындагы Космонавттар музейине, “Москвариум” океанариумга барып, атактуу “Элдердин достугу” жана “Таш гүл” фонтандарды, ВДНХ көрүп чыгабыз.

Яхтада сейилдөө. Биздин программада Москва-суусунда сейилдөө сөзсүз орун алат. Адатта мен бул сейилди менин лауреатым шаарга, анын жашоо ыргагына бир аз көнүгүшүп калганда уюштурамын, анткени баарын суунун үстүнөн көргөндө, таптакыр башкача болот.

Албетте, биздин жеңүүчүлөрүбүз Москвадагы метронун эң кооз станцияларынын бири - ЦСКА станциясында “Гранд-Парк” турак-жай комплексинин парктар менен курчалып, кооз райондо жайгашкан менин эң ыңгайлуу квартирамда жашашат. Менин лауреат-конокторум Москвага барышканда, мен аларды негизинен өзүм даярдаган тамак-аштар менен сыйлайм, ал эми экскурсия учурунда Москвадагы кафелерде тамактанабыз.

Биздин көп кабаттуу үйүбүздүн чатырында подъезддин тургундары пикник уюштуруусу үчүн терраса салынган, аба ырайы жылуу болгон учурларда биз ошол террасада эртең мененки тамагыбызды ичип, айланага – “Ходынское поле” паркына, Москва-Ситинин ар кандай түзүлүштө салынган бийик-бийик үйлөрүнө көз чаптырабыз, заманбап архитектура менен кадимки типтүү курулуштун ортосундагы айырмачылыктар дароо көзгө чалдыгат.

Биз саякат учурунда мугалим менен ар түрдүү темаларда аңгемелешебиз, анан албетте, көргөндөрүбүз, уккандарыбыз жөнүндө пикир бөлүшүп, талкууларды жүргүзөбүз. Сынактын жеңүүчүлөрү – менин меймандарым, буга дейре эч жактарга чыгып көрүшө электигин, метрого түшмөк турсун, жада калса самолет, поездге түшө электерин, театр же музейлерге бара электигин, башка өлкөлөргө, чоң-чоң шаарларга чыгып көрүшө электигин айтышат. Саякатчыбыздын Москвадан көргөндөрү дайыма жагымдуу сезимдерди жаратып, мындан да көптү, мындан да жаңы нерселерди көрүүгө,  үйлөрүнө барганда көргөндөрү менен бөлүшүүгө умтултат. 

Фонддун атайын сыйлыгы – бул 1,2 жана 3-орундарды ээлеген үч мугалим-жеңүүчүгө арналган сыйлык. Бул үч мугалимдин баары класстарындагы окуучулары жана ар бир класстын ата-энелер комитетинин үч же төрт өкүлү менен бирге эс алуу күндөрү Бишкекке маданий-маалымат арттыруучу саякатка келишет. Балдар жума күнү келишип, кайра үйлөрүнө жекшемби күнү кайтышат. 

Биз Бишкекте балдар менен төмөнкү эс алуу жайларын кыдырабыз:

Сөзсүз түрдө театрга спектаклге барабыз, адатта бул Муса Жангазиев атындагы куурчак театры болот, бирок башка – Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры, Ж.Сейдакматова жетектеген “Тунгуч” театры, Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек драма театры, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрлар да болушу мүмкүн. Экскурсиябызды А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына экскурсия менен аяктайбыз, балдар ал жерден сцена, рампа, оркестр чуңкуру, партер жана амфитеатр, фойе деген эмне экендигин билишет, театрдын архитектурасын, шыптагы жазууларды жана театрдын ички жасалгаларын көрүшөт. Андан соң биз шаардын көчөлөрүндө сейилдейбиз, албетте сейилдөөбүз Ала-Тоо аянтынан кайчы кетпейт. Балдарга айрыкча мамлекеттик Желекти кайтарышкан Улуттук Гвардиянын аскерлеринин кароол алмашуу салтанаты укмуш таасир калтырат. Сөзсүз түрдө Нөлдүк километрдин жанында кимдин облусу кайсы тарабында экендигин кызуу талкуулайбыз. Анан албетте, музейлерди кыдырабыз, гид менен Тарых музейин (ал иштеген кезде), Фрунзе музейин, ачык асман алдындагы скульптура музейи жана шаардагы эстеликтер менен таанышабыз. Балдарга БИК - ДНК (Балдардын илимий комплекси) музейи аябай жагат, ал жерден балдар физика мыйзамдарынын таасирлери, атайын даярдалган фокустар шоусунда – химия мыйзамдары жөнүндө оюн түрүндө түшүнүк алышат.

Жаш саякатчылар жана алардын мугалимдери адатта Кант шаарындагы жатак-мектепте (“Билимкана” КФна ал үчүн чексиз ыраазычылык!) жатышып, шаарды комфортабелдүү автобус менен кыдырышат.

Балдарга бул саякат аябай сонун таасир калтырганын өздөрү айтышат. Анткени балдардын баары эле борбор калаага келе алышпайт, келишсе да мектеп формасын сатып алууга “Дордой” базарына барышы мүмкүн. Тилекке каршы, балдардын көбүнүн ата-энелери үйүндө театр, драма же комедия деген эмне, опера же балет деген эмне, деги эле искусствонун кандай жанрлары бар экендигин айтып беришпейт. Балдар эмес, алар менен бирге келген чоңдор өздөрү жана мугалимдер да көп нерселерди жаңы көрүп жатышканын жашырышпайт. Мурда алар борбор калаага келишкенде чынында, театрга баруу жөнүндө ойлоруна да келбей, керек болсо ал кайсы жерде экендигин да билбегендер бар...

Кыскасы, бул экскурсия баарына аябай жагып, кээ бир мугалимдер алардын классы үчүн ушундай экскурсия уюштуруп берүүмдү суранышууда.

Эми мугалими окуучулары үчүн мына ушундай экскурсияга баруу сыйлыгын утуп алгандыгы тууралуу жаңылык айылдаштарына кандай таасир эткенин элестетип көрүңүздөрчү? Бул сыйлык мугалимдин аброюн көтөрүүгө көмөктөшүп жатканы биз үчүн да жагымдуу.

Сынактын өзү жөнүндө

Сынактын эң алгачкы идеясы – сыйлыкка татыктуу жеңүүчү мугалимди аныктоо эле. Тилекке каршы, менин башталгыч класстардын бардык мугалимдерин сыйлоого мүмкүнчүлүгүм жок... Бирок кийин маалым болгондой, сынактын өзү мугалимдер үчүн керектүү жана кызыктуу болду. Эң оболу, биздин мугалимдер сынак аркылуу өздөрүнө көңүл бурулуп жатканын көрүшүүдө. Алар өздөрүнүн ийгиликтерин, жаңы идеяларын кесиптештерине бөлүшкүлөрү, тигил же бул маселе боюнча башка мугалимдер кандай ой жүгүртүшөрүн уккулары келишет. Бул сынак аларга ошондой баарлашуу, ошондой мүмкүнчүлүк тартуулап отурат. Көптөгөн мугалимдер сынакка катышууга аларга бул сынактын таза, коррупциясы жок өтөөрү түрткү болгондугун айтышат, ошону өзү алардын адилеттүүлүк бар деген ишенимин бекемдеген. Анан албетте, сынак деп аты айтып тургандай эле, сынакка катышуунун өзү эле кызыктуу эмеспи.

Мен жыл сайын фонддун сайтында Сынактын Жобосун, катышуунун бардык шарттарын жана жаңы, кезектеги дилбаяндын аталышын жарыялайм. Андан тышкары, мен бардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин өзүнө жеке кат жөнөтөм. Мугалимдер дилбаяндарын, өздөрү жөнүндө маалыматтар жазылган соболдомону жана окуучулардын табелдерин жөнөтүшөт. Табелдерди сураган себебим, ал - катышуучу ырас эле башталгыч класстын мугалими экендигин тастыктаган документ. Мен ар бир дилбаяндын сынактын жарыяланган критерийине шайкештигин, плагиат орун албагандыгын текшерип, мугалимге жооп кат жазам. Эгерде зарыл болсо дилбаянды талаптарга шайкеш кайра оңдоп салып жиберүүсүн өтүнөм, мисалы, дилбаяндын көлөмү азыраак же көбүрөөк болуп калышы ыктымал.  Эгерде плагиатка орун берилсе, анда автор текстти өзү кайра жазып, салып жиберүүсүн өтүнөм. Кайра салып жибергендер да болот. Сынактын биринчи туру болжол менен жарым жылга созулат.

Дилбаяндарды кабыл алуу мөөнөтү аяктаганда, мен бардык дилбаяндарды бирдей формага келтирип, код коюп, аты-жөндөрүн алып салган соң, баалоо кагаздары менен бирге калыстар тобунун мүчөлөрүнө жөнөтөм. Ар бир дилбаянга 7ден калыстар тобунун мүчөсү туш келет (ар бир жылда ар башка болот), калыстар тобунун мүчөлөрү – 10 киши, алар мага номурлар коюлган дилбаяндардын жыйынтыгын салып жиберишет. Баллдардын суммасын кошуп эсептеп чыккандан кийин, мен авторлордун аттарын ачканда, ким канча балл алгандыгы билинет. Жыйынтыктары кандай болгондугун мен ар бирине жөнөткөн катта жазам, ал эми биринчи турдун алты жеңүүчүсү жөнүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилерине жазып жиберем.

Алты финалист сентябрь айында өтүүчү сынактын экинчи турунда “бетме-бет” күч сынашат. Биринчи турдун катышуучуларынын баары күйөрман жана конок катары чакырылат.

Бул иш-чараны – экинчи турду жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатын кызыктуу өткөрүүгө аракеттенем. Биз салтанатка дайыма ардактуу конок чакырабыз, адатта ал биринчи турдун темасына байланыштуу болот. Мурунку жылдарда биздин ардактуу конокторубуз кинорежиссер, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев, Роза Төрөкуловна Айтматова, Токтогулдан келген жазуучу, 36 тил билген, үч тилде жазган, эл аралык адабий сыйлыктардын лауреаты Турусбек Мадылбай, “Билимкана” мектептердин тармагын түзүүчү Төлөндү Тойчубаевдер болушкан. Ал эми 2019-жылы бизге конокко жер шарын бир моторлуу самолет менен кыдырган Союзбек Салиев келди. Ал - өзүнүн романтикалык кыялын ишке ашыруу үчүн дүйнө жүзүн өзүнүн Ата Мекенинин желеги менен кыдырып чыккан адам, анын кызыктуу аңгемеси залда отургандардын маанайын аябай көтөрдү. Үч кесиптин ээси – мугалим, экономист жана учкуч ага кошумча, аудитория менен мыкты байланыш түзө алган кыйын аңгемечи да экен.

Кандай кызыктуу окуялар болсо да, залда отургандар акыл таймашынын жүрүшүнөн алыстабай, алты катышуучунун кимиси байгелүү үч орунду алаар болду экен деген ойдо отурушканы байкалбай койбойт.

Албетте, сынак жөнүндө, жыйынтыктары жөнүндө сайтка жарыялап турам. Ар бир райондук билим берүү жетекчилерине райондон катышкан мугалимдердин тизмесин жөнөтөм. Кээде администрация катышуучу мугалимдерибизди активдүүлүгү үчүн ыраазычылык кат менен сыйлаган учурлар болот. Мен бул жерден белгилей кетким келген жагдай, Сынактын жобосун жарыялаардан мурда, мен аны фонд жана сынактын тарыхы жөнүндө маалыматтар менен бирге Билим берүү жана илим министрлигине жактырууга жөнөтөмүн. Менден муну эч ким деле талап кылбайт, бирок мен министрликтин жактыруусу болбой туруп, эч ким мектепке өзүнүн жеке демилгелери менен барбашы керек деп терең ишенем. Каалоочулардын баары, аларды шарттуу түрдө “сектанттар” деп койсок да болот, мектепке тоскоолдуксуз барып,  өзүнүн идеяларын пропагандалоого тийиш эмес. Демек, министрликтин жактыруусун алуу – бул принцип. Министрликке жолдогон катымда мен эч качан мамлекеттен акча же уюштуруу иштерине жардам сурабасымды, тескерисинче, мен мамлекетке билим берүү ишине жардам көрсөтүүгө аракеттенеримди жазам. Тилекке каршы, менин катыма өз убагында жооп берүүсүнө жетишүү оңойго турбайт...

Мага жардам бергендер жөнүндө

Бул долбоордо мага “Кут Билим” гезитинин журналисти Айнагүл Кашыбаева жардам берет. Анын жардамы менен мен бардык документтерди, материалдарды жана каттарды тез жана сабаттуу түрдө кыргыз тилине котортом. Тилекке каршы, мен азырынча кыргыз тилин талаптагыдай билүүгө жетише элекмин, себеби мен да шаарда өскөн өзүмдүн курбуларым сыяктуу эле кыргыз тилине орун жетишпей калган орус мектебинде окугам. Айнагүл ошондой эле сынактын катышуучулары менен телефон аркылуу байланышып турат.

Мени ар дайым фондго жардам берген ыктыярчылар кубандырат. Бул жеке эле мага уюштуруу жана каржылоо иштеринде жеңилдик бергендиги үчүн эмес, долбоорго катышып жаткан адамдардын саны көбөйүп, алар да өз салымдарын кошуп, билим берүү системасы жөнүндө көбүрөөк билип жаткандыгы үчүн да жагымдуу пикир калтырат.

Ыктыярчыларга мен сынактын эң мыкты калыстар тобун да кошоор элем. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү – өз иштеринин мыктылары, алардын баары билим берүү тармагында зор эмгек өтөп келаткандар. Мен үчүн аябай жагымдуусу - алардын өздөрүнүн иштери өтө көп болсо да, алтындай болгон убактыларын аябай, биз менен бөлүшүп, өз ыктыярлары менен катышып, дилбаяндарды текшерүүнүн жыйынтыктарын өз мөөнөтүнөн мурда (!) жиберишкени. Анан биздин өлкөдө адамдар жоопкерчиликсиз, кечигип жүрүшөт дегендерге кантип кошулууга болот?! Бул стереотипти биздин калыстар тобунун мүчөлөрү толугу менен жокко чыгарып отурушат.

«Билимкана» фонду үч жылдан бери долбоорго чоң жардам берип келатат – сыйлыктын алкагында маданий-маалымат арттыруучу саякаттын жүрүшүндө Бишкек шаарына келишкен үч класстын окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер комитетинин өкүлдөрү эки түнгө “Билимкана” жатак-мектебине жайгашып, ошол жерде кечки жана эртең мененки тамак ичишет.

БИК музейи 2019-жылы балдар үчүн бекер болуп, аларга акысыз шоу уюштуруп беришти.

2017-жылы Э.Асаналиев жетектеген президенттик камералык оркестр мугалимдерге бекер концерт коюп берди. Буга дейре камералык оркестрди жанынан көрбөгөн, Моцарт жана Пьяцоолы музыкасын укпаган адамдарга кандай таасир эткенин элестете бериңиздер эми... Ал эми 2018-жылы корей скрипачкасы Су Чи Хе келип скрипка ойноп берди!

Арабаев атындагы КМУ ректоратынын жардамы менен бир топ жылдан бери биздин сынактын экинчи турун жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатын алардын жыйын залында өткөрүп келатабыз.

Ыктыярчылар – студенттер жана кечээки бүтүрүүчүлөр – балдарды экскурсияга алып чыгууда жардам беришет.

Катышуучулар жана жеңүүчүлөр жөнүндө

Бул сынак мага көп нерсени үйрөттү, мен билим беүү системасы жөнүндө, өлкөдө эмне болуп жатканы жөнүндө, адамдар кандай жашап, кандай иштеп жатышкандыгы жөнүндө көптү билдим. Ал сезимдерим жөнүндө фонддун сайтынын барактарынан бөлүшүүгө аракеттенем.

Бул жерден болсо айтаарым: мен биздин өлкөдө “алма быш, оозума түш” деп даяр оокатка ык албай, өзүнүн ишин өтө берилип сүйгөн, балдар үчүн камкордук көргөн адамдар дагы эле көп экен, алар балдардын тагдыры үчүн жоопкерчиликти сезишип, мектеп турмушуна чыгармачылык менен мамиле жасашат, балдар менен бирге спектаклдерди, ар түрдүү иш-чараларды даярдашып, экскурсияларга чыгышып, өз эл-жерин сүйүүгө үйрөтүп келатышат. Мугалимдер коом тараптан колдоого муктаж. Сынактын алкагында мен WhatsApp катышуучуларынын тобун түзгөндө, биздин мугалимдер аябай кубанышты. Алар бири-бири менен тажрыйбалары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкандыгына, бири-биринен билбегенин билип алууга кызыкдар экендигин көрдүм. 

Менин байкоом боюнча, биздин айылдардагы мектеп окуучулары аябай тартиптүү, чоңдор белгилеген эрежелерди так сактоого аракеттенишет. Мисалы – столго отурган балдардын жүрүм-туруму. Бирок таң калычтуусу – чоңдордун айткандарын каяшасыз аткарууга даяр балдар, ошол эле учурда аябай ачык, активдүү, демилгечил, жандуу боло алышканы. Бишкекке келишкен балдар мен ал жөнүндө суранбасам да, дайыма бизге концерт коюп беришет. Мисалы, былтыр Нарындан келишкен төртүнчү класстын окуучулары 50 мүнөттүк мюзикл коюп беришти! Эч кимиси тартынбай бийлеп, ырдап, ыр окуп беришти. Алар өздөрүнүн ролдорун зор чеберчилик менен аткарышып, башка класстын балдарынын номерлерин да кызыгуу менен көрүштү. Салыштыруу үчүн айтсам, шаардык балдар конокко барганда, майрамдарда даярдалган номурларын аткаруудан баш тартышып, чыргоолошуп жашынып калышат же болбосо тартынып айтпай коюшат. Албетте, баары эмес, кээ бирөөлөрү дегеним.

Мурдагы жылдары кыргызстандыктардын аң-сезиминде стереотип бар эле: өлкөдөн сырткары чыккандар өзүнө жасаган туура эмес мамиледен, “бой көтөрүүдөн” корунушуп, кээ бирде “скинхеддерден” коркуп да жүрүшкөндөр болгон. Менин конокторум болсо интеллигенттүү, меймандос адамдар менен баарлашып, өзүн бардык өлкөдө эркин жана ишенимдүү алып жүрүүгө болорун көрүштү. Өздөрүн татыктуу жана жайдары алып жүрө билген менин конокторумду көрүшкөн москвалыктарга да жагымдуу болду болуш керек. Менин мейманымды көргөн москвалык досторумдун бирөө: “Кандай гармониялуу адам!” деп айтканы мага аябай жакты.

Биздин Фонд – коомдук, бул демек, ал мамлекет тарабынан каржыланбайт, жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды албайт, эл аралык гранттарды колдонбойт дегендик. Мага – фонддун негиздөөчүсү, директору жана долбоорлордун аткаруучусуна - айылдык мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдерине 8 жылдан бери бул сынакты өткөрүүнүн кандай зарылдыгы бар? Жана эмне үчүн мен бул ишти мындан ары да улантам?

Менимче, бул суроого жооп түшүнүктүү болду болуш керек.

Асель Даниярова 25.09.2019

 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине