КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ АЧЫК КАЙРЫЛУУ

10:59, 5 Июля 2022

1. Ноокат районунда жашы жетелек өспүрүм кыз зордукталган …

3. Бишкекте кыз белгисиз эркек тарабынан уурдалган жана зордукталган …

4. Сузак районунда эркек адам өз аялын муунтуп өлтүргөн жана анын сөөгүн короого көмүп койгон…

5. Баткен облусунда эркек адам аялын өлтүрүп койгон…

6. Нарында күйөөсү жубайына бычак сайган …

7. Караколдо аялын ырайымсыз түрдө сабаган…

8. Бишкекте жаш жигит кызды өлтүргөн…

9. Чүй облусунда эркек адам өз аялын биричи уруп сабаган, андан кийин аны тирүүлөй көмүүгө аракет кылган…

Сузак районунда эркек адам  аялын сабаган …

11. Сузакта күйөөсү аялын сабап, оозун скотч менен чаптап жана аны тоокканага камап койгон...

12. Ошто күйөөсү кош бойлуу аялын өлүп калганга чейин сабаган…

13. Күйөөсү аялын балдарынын көзүнчө өлүп калганга чейин сабаган…

14. Мас абалындагы атасы өзүнүн үч жаштагы кызын зордуктаган жана кескилеп салган…

15. Кара-Балтада жарандык никедеги күйөөсү жарандык никедеги аялын ырайымсыз түрдө өлтүргөн жана сөөгүн башы жок абалында дренаждык каналга ыргытып таштаган…

16. Ош шаарында жаш жигит кызды өлтүрүп, сөөгүн короого көмүп койгон…

Урматтуу Садыр Нургожоевич,

Сизди эӊ жогорку саясий деӊгээлде аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктар, аларды өлтүрүүлөр, ырайымсыз мамилелер менен күрөшүүнүн артыкчылыктуулугу жөнүндө, алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана кадыр баркына кол салууга жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжалуулугун, жазалоонун артка кайтпастыгын камсыз кылуунун артыкчылыктуулугу жөнүндө жарыялоого чакырабыз.

Бирок аялдарга жана кыздарга карата зомбулук барган сайын көбүрөөк ырайымсыздык, адамкерчиликсиздик, мыкаачылык менен уланууда. Биз күн сайын аялдарды жана кыздарды өлтүргөнүн, асып койгонун, өрттөп жатканын, тирүүлөй көмүп жатканын, майып кылып койгонун, зордуктаганын, уруп сабаганын, уурдаганын жана никеге турууга мажбурлаганын билип жатабыз.  Муну менен катар зордукталган аялдар көп учурда соттордун босогосун жыртышууда (акыркы окуя 8 жыл), ал эми зомбулук жасаган адамдар жана өлтүргөн адамдар тийиштүү жазаларын албай келишүүдө. Алсак, 2021-жылы зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75%, никеге туруу үчүн уурдоо боюнча иштердин 94%, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын  90% кыскартылган[1]. Бүгүнкү күндө кыскартууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр жок болгон иштер деле кыскартылууда. Аялын өлтүргөн адамга сот шарттуу жазаны караштырып койгон окуялар дагы бар [2].

Мамлекеттин аялдарды басмырлоого кабылтпоо, алардын укуктарын, эркиндиктерин, ар намысын жана кадыр баркын сактоону камсыз кылуу, сот адилеттигинин жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу милдети биздин өлкөнүн Конституциясында бекитилген.

Биз Сиз мамлекет Башчысы катары, Кыргыз Республикасынын Президенти катары өзүӊүздүн ыйгарым укуктарыӊызды, саясий эрктин бардык күчүн  толук кандуу көрсөтөсүз жана бул болуп жаткандарга карата мамлекеттин  көӊүл кош мамиле кылуусуна жол бербейсиз деп үмүттөнөбүз.

Зомбулукка кабылган аялдар жашоодогу өз потенциалдарын  ишке ашыруу жана коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу жндмдлгнн ажырашууда. Мунун зыяны менен азабын бир гана алар эмес, алардын үй-бүлөлөрү, мамлекет жана жалпы коом тартууда: зомбулук жасаган кй, ур-токмокко алынган эне жана коркуп жүрөкзаада  болуп чоӊойгон балдар коомдун туруктуу жана алга умтулуп өнүгүшүнө үмүт берген, коомдун дени сак күчтөрү боло алуусу мүмкүн эмес.

Аялдарга карата зомбулук, үй-бүлөлүк зомбулук коркунучтуу социалдык оору болуп эсептелет, ошондуктан ыкчам, кечиктирилгис чаралар зарыл, себеби  бүгүнкү күндө ага жол берип коюу жашоонун бардык чөйрөсүнө кулачын жайып, биздин коомдун деградациялануусуна алып келет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Мындай кырдаалдын жаралуусу Сиздин жеке кийлигишүүӊүздү талап кылат, мындан ашык созууга жана күтүүгө болбойт. Аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө иштеген жарандык активисттер менен ыкчам жолугушууну суранабыз жана сунуш кылабыз:

- жарандык коомдун катышуусунда КРнын Президентинин  ыкчам жыйынын өткөрүүн; 

укук коргоо жана сот системасындагы аялдардын конституциялык укуктарынын системалуу түрдө бузулуп жаткандыгына көӊүл бурууну;

кечиктирилгис мыйзамдык чаралардын топтомун иштеп чыгууну жана кабыл алууну;

КРнын Президентинин гендердик суроолор боюнча кеӊешчиси институтун  киргизүүнү.

Муну менен катар Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көйгөйүнө кош көӊүл кароого жол бербөөдөгү өзүбүздүн чечкиндүүлүгүбүздү, алардын коопсуздукта жана татыктуу жашоого ээ болуу укуктары үчүн ырааттуу жана кыйшаюусуз түрдө күрөшүүгө даяр экенибизди билдиребиз.

Урматтоо менен,

  1. Кризистик борборлордун ассоциациясы (Бишкек)
  2. «Ак-жүрөк» кризистик борбору (Ош)
  3. «Аруулан» кризистик борбору (Ош)
  4. «Мээрман» кризистик борбору (Каракол)
  5. «Маана» кризистик борбору (Талас)
  6. «Каниет» кризистик борбору (Джалал-абад)
  7. «Аялзат» КБ (Каракол)
  8. «Энсан-Диамонд» кризистик борбору (Ош)
  9. «Тендеш» КБ (Нарын)
  10. «Омур Булагы» КБ - «Жаӊыл-Мырза» кризистик борбору (Баткен)
  11. «Эне-назары» КБ (Ош облусу)
  12. «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» КФ (Бишкек)
  13. «Өнөктөштүк жана өнүгүү» КФ (Бишкек)
  14. “Айкын багыт” КФ
  15. "Демилгелүү ишке аялдар» КФ
  16. айылдык аялдардын КБ
  17. Кыргызстандын медициналык кесиптик бирлиги (Бишкек)
  18. «Социалдык технологиялар агенттиги» КФ (Бишкек)
  19. «Инновациялык чечимдер» КБ (Бишкек)
  20. «Аялдарга жардам берүү борбору» КФ (Бишкек)
  21. Гендердик маалымат Борбору (Бишкек)
  22. «Вентус» КБ (Каракол)
  23. «Репродуктивдүү ден соолук боюнча альянсы» КБ (Бишкек)
  24. «Аялдар демократиялык т» КФ (Бишкек)
  25. Темир Джумакадыров атындагы «Про Лекс» КФ (Бишкек)
  26. «Жаритм» КФ (Ош)
  27. Балдардын  укуктарын коргоо лигасы
  28. IDEA Борбордук азия


[1] Булак: https://prokuror.kg

[2] Булак: https://kaktus.media/doc/381926_vela_sebia_amoralno._myjchina_ybil_jeny_i_polychil_2_goda_yslovno.html

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине