Рафаил Сарлыков: Адистерге кайрылгыла, алар бизде көп

13:09, 24 Февраля 2015

Азыркы учурда  балдардын, өспүрүмдөрдүн жана чоңдордун арасында эстрадалык вокалдан сабак алууну каалагандардын саны көп экендиги – эч кимге жашырын эмес. Бул азыркы факт, аны ушул бойдон кабыл алуу керек.

Ырдоо боюнча мугалим издөөнүн натыйжасында каалоочулар кимге кайрылышат?  Албетте, көзгө көрүнүп калган, б.а. белгилүү, клиптери жана аткарган ырлары бардык эфирдик каналдарды толтурган, аттары бардык жерде жазылып турган  аткаруучуларга баруу керек. Мен аларды жакшы түшүнөм. Бирок, биздин спецификадан алыс адамдар, бардык эле ырдаган адам, мейли ал  «жылдыз» болсун вокалдан бере албай тургандыгын, анын методикалык ыкмаларын билбей тургандыгын биле беришпейт. Мына ушул  «жылдыздар» абдан жөндөмдүү, таланттуу жаштардын ырчылык аппаратын(шаймандарын)  бузуп салган учурлар да аз эмес. Окуп жаткандар, эгер ал искусство тармагындагы башка ишмерлер болсун, бардык эле аткаруучуга, мейли ал жакшы аткаруучу болсун,  мейли анын атайын билими болсун, өтө  татаал  окутуу искусствосу берилбегендигин кайдан билмек эле?

Мына ушул кырдаалга кандайдыр бир таасир этүү, жаңы  баштагандар вокалдан сабак бергендерден эмнени күтүп жатканына, буга кантип баруу керектигинен кичине болсо түшүнүк алса  деген каалоом, биздин эстрадалык вокал окуулары тууралуу чагылдыруума түрткү болду, мен абдан азгырыктуу, сыртынан жылтыраган, бирок чындап киргенде кан менен терден улам жаралуучу, дың жерди бузууга тийиш болгон, эстрада деп аталуучу табышмактуу дүйнөнүн көшөгөсүн ачып көргөзгүм келди. 

Сиз үн күчөтүүчү жабдуулардын жардамы менен ырдашыңыз керек, бирок билип коюңуз, вокалдык маалыматы жана техникасы жок адамдар үчүн сценага жол ача тургандай көрүнүүчү микрофон ырчыны бир гана нерседен бошотот:  «бийик үнгө» ээ болуу зарылдыгынан. Бирок, ордуна көп нерсени талап кылат,баарынан мурда вокалдык техниканы – кылдаттык менен, такшалган техниканы. Анткени микрофон өзүнөн өзү ырдабайт, ага берилген нерсени гана кайра берет. Өзү чоңойтуучу айнектин аналогу болуу менен, микрофон бирдей аракет менен сиздин ийгилигиңизди да, о.э. убакта жаңылыштыгыңызды да баса көргөзүп берет.

Дем алуу- вокалдык техниканын негизги өзөгү. Чебер-вокалисттер, вокал менен алектенүү – өмүр бою дем алуу менен машыгуу экенин айтышат.

Үн чыгып башкаларга угулушу үчүн, баарынан мурда үн байламталарына ишенимдүү, бир калыптагы аба берүүнү камсыз кылуу керек. Муну үчүн дем алууну үйрөнгүлө, ал убакта өпкөнүн ылдыйкы бөлүгүн кеңейтип, диафрагманы кое берүү керек... бирок, муну айтып коюу оңой. Буга кантип жетишүү керек?  Адистерге кайрылгыла, алар бизде көп.

Микрофон менен иштөө бул учурда өзгөчө талаптарды коет,анткени көп учурда чоң эмес, так үн менен ырдоо керек жана ушуну менен катар сиздин үнүңүзгө таандык бардык боекторду сактап калышыңыз керек, жана чыгармадагы ойлонулган бардык нюанстарды аткарышыңыз керек. Үндүн таянычы жок техниканы билбей туруп, бул эч кимдин колунан келбейт. 

Сабактарга жакшы формада, дени чың абалда келүү керек, тамеки чегүүгө болбойт. Жакшы маанай – ырдоодогу маанилүү факторлордун бири.  Жөнөкөй, турмуштук, элдик бир түшүнүк бар – «жан дүйнөң ырдап турат». Бул ырдоонун практикасы менен түздөн түз байланышта. Жашкы психологиялык абал – үндүн ырчылык абалынын шарттарынын бири. Нервдери бузулгандан улам ырчылар үнүн жоготкон учурлар көп болгон. Ал  эми абал шайкеш, ирээттүү болуш үчүн, адистерге кайрылгыла, алар бизде бар.

Бул макалада  мен ырдоону үйрөнүү максатын койбойм, атайылап айтып, суроолорду коюу менен чектелбейм, болгону  элдин көңүлүн ушул көйгөйгө бургум келет, изденишсе дейм. Азыр ырдап жүргөн ырчылардын баары эле өздөрүн мугалим катары эсептеген учурлар өтө көбөйдү,  анан,ал окутууга  таптакыр илимий негизи жок, эмпирикалык жактан келүү менен, окуучуну да, өзүн да туңгуюкка салат, айрым учурларда үнү да жоголушу мүмкүн. Окутуу үчүн атайын окуудан өтүшү керек, сабак берүү ыкмаларын үйрөнүү керек, бир гана музыкалык эмес, такшалган, терең спецификалык, жогорку вокалдык угумга ээ болуш керек.

Аяктап жатып, бир нерсени кошумчалагым келет – окууга үйрөтүү – өтө субьективдүү процесс. Бир адам үчүн чеберчиликке өтө кыска болгон жол башкасын туңгуюкка алып келет, болбосо өзүнүн табигый талантын ачууга болгон мүмкүнчүлүгүн таптакыр жок кылышы да мүмкүн. Ушундай алып караганда, тигил же бул вокалдык  манераны тандоо сиздин табигый мүмкүнчүлүгүңүзгө төп келиши керек. Андан сырткары, дүйнөдө көптөгөн вокалдык ыкмалар бар, окутуучулар көп.  Эгер бир мугалим менен каалаган натыйжага жетишпесеңиз, башкасына кайрылыңыз, бирок биринчи тандооңуз чын эле болбой турганын текшерип алыңыз. Бирок, жеке мен – берилгендикти жактырам. Бирок, ар кандай болушу мүмкүн, бул – жашоо.  

P.S. Окурмандардын арасынан, Сарлыков жарнаманын жашырын формасын колдонуп, өзүнө акы төлөгөн окуучуларды чогултуп жаткан окшойт деп ойлогондор да чекесинен чыгышы мүмкүн. Бул туура эмес.  Мага кайрылбагыла, мен окуучу албайм. Мен – зарыл болгон мугалимдер гана  суроо талапка ээ болсун деп жатам. Алар бизде бар.

КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз улуттук консерваториясынын  «Эстраданын музыкалык  искусствосу» кафедрасынын башчысы,  доцент Рафаил Сарлыков  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине