Салтанат Иманбаева: «Кесиптештер өз былыктарын жашыруу максатында мага каршы чыгышууда»

16:24, 8 Июня

Эл арасында өз жумушун мыкты билген кесипкөй адистер өтө көп. Бирок, бизде алдыга озгондорду, иштин майын чыгаргандарды буттан чалмай илдет бар. Дегеним, азыр Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө жогорудагыдай кесел орун алып, талаш-тартыш жүрүүдө. Айтсак, тар чөйрөдө уюшкан адамдар С.Иманбаеванын үстүнөн эки ирет арыз жазып, «налобный микроскопту» өз кызыкчылыгы үчүн жеке клиникасына алып кеткен деп айыпташкан. Комиссия тарабынан арыз текшерүүгө алынып, 2 ирет тең фактылар далилденген эмес. Кызыгы, алар кайра активдешип, үчүнчү ирет чабуул жасаганга аракеттенип жатышат. Арыздын негизинде 4 айдан бери текшерүү жүрүүдө. Анда окуянын чоо-жайын баш офтальмолог Салтанат айымдын өз оозунан угалык.

- Салтанат Сулаймановна, сиздин ишмердүүлүгүңүзгө каршы кесиптештериңиз катуу аракетте экен, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы айтылды…

- Азыр мага карата кесиптештерим тарабынан атайын каралоо иштери активдүү жүрүп жатат. Алар болгон күч аракети менен менин кайра жумуш ордума баруума каршы турушууда. Буюртма материалдар менен ар кайсы ММКлар аркылуу мени коомчулукка жаман көрсөтүү аракетинде. ММКлардан тышкары айрым депутаттардын каалгаларын кагып жүрүшөт. Алар алып кетти деген жабдуу деле өз ордунан кыймылдабай эле турат. Жапкан жалаасы далилденбей келүүдө.

- Алардын сизге карата каршы чыгып жаткандыгынын себеби эмнеде?

- Мага карата айыптоолоруна караганда мен катуу кол, адамгерчиликсиз жетекчи экенмин. Дагы бир шылтоосу жаңы жабдууларда иштегенге тыюу салат деп жалган жалааны жаап жатышканына эмне деп жооп бериш керектигин билбей турам. Окугула, өскүлө дегеним катуу тийип, даяр жабдууларда иштешпей жаман көрүшүп, эми кайра мага каршы сүйлөшөт. Жабдууда иштегенди билбегендиктен бир адис бат эле бүтө турган операцияны созуп жасап, жыйынтыгында аппараттын лампалары күйүп кетти. «Налобный офтальмоскоп» чаң басып жатат, текшерүүчү бөлмөдө жабдуулар турат, басып барып үйрөнөйүн деген киши жок. Өткөн жылы мен «больничныйда» болгон убакта бир бейтапка Л.Бушуева деген кызматкер тарабынан операция жасалган. Пенсия курагындагы аялга жасалган операция эч кандай жыйынтык берген эмес. Бир жарым жылдан соң бейтап кайра кайрылат. Бейтап 74 жашта, диабет, атеросклероз оорусу менен ооруйт экен. Буга чейинки операциясын Бушуева профессионал катары эч кандай жыйынтык бербейт экендигин билип туруп жасаган. Мындай бейтаптарга чет жакта гана операция жасалышы керек. Анын жаш курагы дагы жол бербейт болчу. Экинчи операция өтө көп убакытка созулган, бүткөндөн кийин бейтаптын табы көтөрүлгөн. Бул жерде операция учурунда инфекция киргени жөнөкөй кишиге деле түшүнүктүү да. Ушул жерден Бушуевага бейтаптын абалы тууралуу кабарлашса дагы ал өзүнүн милдетин аткарган эмес, кабар алган эмес. 3 күндөн кийин бейтап комага түшүп, андан кийин реанимацияга которулат, ал жактан көз жумат. Комиссия түзүлүп, кызматкердин күнөөсү ачылып, тиешелүү жыйынтык чыкты. Жыйынтыгында баш врач Сагинбаева Динара Зарлыковна Бушуева Л.Ини. статья менен жумуштан кетириши керек эле. Бирок Сагинбаева ага карата сөгүш гана жарыялап тим болгон. Бул жерде анын шалаакылыган адам өлүп жатат. Бирок Сагибаева мени күнөөлөп, «больничныйда» экендигим эске албай, согуштун багытын мага бурду. Сагибаева менин кесиптештеримди чогултуп мага карата жашыруун жыйын кылып жатканда үстүнөн чыккам.

- Сиз «больничныйда» болгондо жоопкерчиликти ким алчу эле?

- 18 жылдан берки тажрыйбамда менин ордума А.Кадыралиева дайыма жоопкерчиликти алып келген. Кызмат графигим тыгыз болгондуктан мындай учур көп эле кайталанган, б.а. ал чогулуш өткөрүп, чукул абалда бейтаптарга операция керек болсо акыркы сөздү менин ордума ал айтып турган. Ал эми Бушуеванын ишинен кийин Кадыралиева жоопкерчиликтен качуу максатында мага официалдуу буйрук чыгарган эмес деп түшүнүк кат жазыптыр. Буйрукту ошол Динара Зарлыковна чыгарат. Ал менин маселем эмес.

- Ошондо сиздин кызмат ордуңуз кимисин кызыктырып жатат?

- Мага каршы арыз жазгандар Б.Ш. Шаршеева, А.С.Найманбаева, Ж.Т. Бекбоева, А.А.Кадыралиева жана Д.А.Кенджаева буга чейин 1995-жылы дагы көз хирургиясынын башчысын арыз жазышып, ар кандай ушак кептер менен жумушунан алдырышкан. Ал кез башка болчу. Азыр башка убак, өз укугуңду коргосоң болот. Мына жакында эле белгиленген операцияларды жасагандын ордуна жумуш убактысында Жогорку Кеңешке барып, ар бир депутаттын каалгасын кагып зерикпестен мени каралап жүрүштү. Мындан бейтаптар жабыр тартышты. Эгер мен чын эле адамгерчиликсиз, кол астымдагыларды ойлобогон жетекчи болсом анда мен кам көрүп келген адистер тууралуу, мен түзүп берген жумуштагы шарттар тууралуу кандай түшүндүрмө беришет? Кенджаева менен Кадыралиева менин ордума келем дегенде көздөрү төрт. Анан да мен келсем алар кетирген кемчиликтер дагы калкып чыгуусунан коркушат. Себеби адистердин тажрыйбасынан бейтаптардын алды көрүүдөн ажыраса, арты өлүмгө дуушар болушкан. Мындан тышкары бөлүмдө адистер тарабынан дайыма линзалар уурдалат, аны мен толуктап келгем. Жакында 8 жашар кыздын ден соолугун сактап калдым. Мен кийлигишпесем Кадыралиеванын күнөөсү менен жыйынтыгы өтө начар болмок.

- Аларга карата чара көрөсүзбү?

- Ишке кайтуу боюнча азыр соттошуп жатам. Алар мени интернет сайттар, каналдар аркылуу буюртма материалдар менен жамандап жатышат. Мен өз ордума келсем кызматымды кыла берем. Аларга өчөшпөйм. Мага арызданууларынан кийин депутаттар тарабынан комиссия түзүлүп, текшерүү жүргөн. Медперсоналдан түшүнүк кат алабыз дегенде алар жазууга каршы болушат. Себебин Динара Зарлыковна менсиз бир кадам жасабагыла деген деп айтышкан. Ушул жерден Сагинбаеванын үстөмдүк кылып жаткандыгы көрүнүп жатпайбы. Бул иш да тиркелген. Мени жумуштан четтетишкенде Сагинбаева баш болуп кабинетте бекитип алышып, коньяк, шампандар ичилип, болушунча майрамдап, бошогон бөтөлкөсүн санитарларга жыйнаткан. Санитарлардын бул тууралуу берген көрсөтмөсү комиссиянын иш кагаздарына тиркелген. Профкомдун чечими менен мага териштирүү иштери бүткөнчө убактылуу иштеп турсун деген буйрук чыккан. Бирок баш врач Динара Зарлыковна бул чечимди тоготуп да койгон жок.

P.S. Гезитибиздин кийинки санында Улуттук госпиталды 2014-жылдан бери жетектеп келе жаткан, кезинде Батукаевге «жакында өлөт» деген диагноз менен «эркиндикке жолдомо» алып берген азыркы жетекчи Динара Сагинбаева тууралуу кеңири сөз кылабыз. Анын кысымы астында далай кесипкөй адистер жумушунан алынган. Мындан сырткары, Сагинбаеванын «ишмердүүлүгүнө» карата былтыр кылмыш иши козголгон. Азыр тынчып калды. Комиссиянын иликтөөсүнөн кийин 9 барактан турган Сагинбаеванын «иштери» 4 инстанцияга: УКМКнын алдындагы АКСке, Эсеп палатасына, Прокуратурага жана Каржы полициясына жиберилген. Мунун жыйынтыгы акыйкат болсо кылмыш иши козголушу керек.

Назгүл Исакова

Салтанат Иманбаеванын баскан жолу

Билими

- Жогорку, КГМИ 1977-1983-ж.ж артыкчылык диплому менен аяктаган;

- 1983-1986-жылдары Клиникалык ординатура;

- 1987-1990-ж.ж Көз оорулар кафедрасынын Аспирантурасы;

- 1991-жылы Гельмгольц атындагы Москва Көз оорулар Институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган.

Адистиги

- 1997-жыл, 3 ай Нью-Йорк, «Экономика жана саламаттыкты сактоо организациясы»;

- 1998-жыл, 2 ай АКШ, Нью-Йорк, «Глаукома» боюнча;

- 2003-жылы, Нидерланд, Роттердам, «Офтальмологиянын актуалдуу көйгөйлөрү»;

- 1991-1999-жылдары КГМИ Көз оруулар кафедрасынын Ассистенти;

- 1999-жылдан тарта Улуттук Госпиталдын микрохирургия бөлүмүнүн башчысы;

- 2009-жылы көздүн сетчаткасынын оорусу боюнча Австралиянын Вена шаарында билимин жогорулаткан.

- 2014-жылы Швейцариянын Базель шаарында катарактаны хирургиялык дарылоо боюнча клиникалык университтете билимин жогорулаткан.

Наам, даража, сыйлыктары

- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, КР Саламаттыкты сактоонун отличниги, Саламаттыкты сактоо Департаментинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

- 2009-жылы Саламаттыктык сактоо министрлигинин башкы штаттан сырткаркы глаукоматологу;

- 2010-жылдан тарта КМШ, Грузия жана Балтика өлкөлөрүнүн улуттар аралык глаукома боюнча эксперттер кеңешинин мүчөсү. (Кеңеш 2017-жылдан тартып Бүткүл Дүйнөлүк глаукома кеңешинин курамына кирген).

- 2014-жылдан тарта КР ВАК диссертацияны жактоо боюнча илимпоздор кеңешинин мүчөсү;

- 2017-жылдан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы баш офтальмологу;

- Офтальмология боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин аттестациялык комиссиянын төрагасы.


Салтанат Иманбаева 75 жылдан бери токтоп турган иштерди алдыга жылдырып, жасаган саамалыктары

Улуттук госпитал сырттан караган адамга дайыма кезек күткөн бейтаптарга толо кадимки оорукана. Врачтардан үмүтүн үзбөгөн бейтаптар... Коомчулукта акыркы күндөрү Улуттук госпиталдын ишмердүүлүгү боюнча түрдүү сын-пикирлер айтылып келет. Жетекчилик кызматтагы Сагинбаева Динара айымдын кадрдык маселе боюнча өз билемдиги коомчулукта нааразычылыкты жаратып келет. Бул эми өзүнчө тема. Эми ошол Сагинбаева душман болуп жаткан Салтанат Иманбаеванын иш жөндөмдүүлүгүнө кызыгып көрдүк. Көздүн микрохирургия бөлүмүндө 15 жыл аралыгында оорулууларды дарылоо боюнча, жасалган хирургиялык операциялар боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетип, айып санкциялары боюнча эң минималдуу көрсөткүчтөр менен иш алып барган бөлүм экен. Улуттук госпиталдын башка бөлүмдөрүндө айына орто эсеп менен отуз бейтап дарыланса, көздүн микрохирургия бөлүмүндө үч жүз киши сакайып чыккан. Ушул көрсөткүчтөн эле бөлүмдө кандай интенсивдүү жумуш жасалганын байкоого болот. Улуттук госпитал боюнча аталган бөлүмдө бейтаптарга арналган дарылоочу орундардын саны эң көп. Улуттук госпиталда буга чейин 75 жыл мурун капиталдык ремонт болгон экен. Салтанат Иманбаеванын арты менен 2013-жылы бөлүмдө толугу капиталдык ремонт иштери жасалган. Офтальмологиянын тарыхында оорулууларды көрүүчү бир гана жай болгон болсо, ремонттон кийин бейтаптардын ыңгайы үчүн дагы үч жай толук шарты менен даярдалган. Мындан тышкары дарыгерлерге арналган эс алуучу бөлмө түзүлгөн.

Ошол эле жылдары баш дарыгер Салтанат Иманбаева иш билгилиги менен атайын бизнес-проект даярдап аны Швейцариялык Кызыл Крестке жөнөткөн. Жообун көп убакыт күткөнгө туура келген. Швейцариядан илимдин доктору, профессор келип бөлүмдүн жумушу менен жакындан таанышкан. Дарыгерлер менен чогуу операцияларга катышып, бөлүмдүн шарттына күбө болгон. Жыйынтыгында ал шарттардын начардыгына карабай мыкты жыйынтыктарга жетип жаткан адистерге таң калып, суктанган. Себеби алар эң алдыңкы технологиялар менен биздегидей жыйынтыктарга жетишет экен. Кийин өлкөдөн ынанымдуу таасирленген профессор Швейцариялык Кызыл Крестке жазып, долбоорго беш жүз миңге жакын АКШ долларын бөлдүртүп берген. Аны менен кошо жаңы жабдуулар, эң акыркы моделдеги көз үчүн 2 микроскоп, диагноз коюучу жабдуулар келген. Швейцариядан атайын адис келип бул жабдуулар кандай иштээрин көрсөтүп, мастер класс өтүп кеткен. Кызыгы, бөлүмдүн дарыгерлери жаңы, заманбап жабдуулар менен иштегенге көп кызыгыша беришкен эмес. Арадан 4 жыл убакыт өтсө дагы жөндүү колдонууну үйрөнө алышкан эмес. Иштейм деген адам эмгиче жабдууларда эркин иштеп калуусу керек эле.  Салтанат Иманбаева жеке өзү кол астындагы дарыгерлеринин келечегин ойлоп 6 кишиге билимин, тажрыйбасын тереңдетсин деп Москва шаарындагы Гельмгольц институтунан акысыз окууга шарт түзүп берген. Кийинки жылы Уфадагы институтта тажрыйбаларын жогорулатсын деген сүйлөшүүлөр болгон. Кайра эле ошол Швейцариялык Кызыл Крестке кайрылып, алар каражат бөлгөн. Мунун баарын тастыктаган иш кагаздары бар.

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине