Сен күнөөлүү эмессиң!

21:16, 29 Октября 2014

Мен бул теманы көптөн бери ойлонуп келем. Канча жылдан бери бул туурасындагы ой көкүрөгүмдү кысып, тынчтык бербей келет. Билем – биздин өлкө – үй бүлөлүк зомбулук жана зордуктоо практикаланып келген, жана коом тарабынан сындалып келген жалгыз өлкө эмес. Тилекке каршы, бул коркунучтуу кылмыштардын көпчүлүк бөлүгү,  бул зомбулуктардын курмандыктары милицияга кайрылууга күчү жетпей жаткандыгынан улам, ачылбай калып жатканын да билем. Бул туурасында аялдар гана айтышаарын, ал эми эркектер, бул иштин аларга тиешеси жоктой түр көргөзөөрүн же жасалгандар үчүн болгон жоопкерчиликтин бардыгын курмандыктардын өздөрүнө – аялдарга оодара салышаарын да билем.

Болуп өткөн бир нече окуяны мисал келтиргим келет. Мен аларды укканда төбө чачым тик туруп, ишенгим да келген эмес. Баарына белгилүү болсо керек, биздин Орусиядагы мигрант – патриотторубуз (мен бул маселени мурдагы жылдагы  өзүмдүн постторумдун бирине жайгаштыргам), башка улуттун өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөн кыздарыбызды кармап алышып, аларды болушунча сабап, дырдай чечинтип туруп, уюлдук телефондун камерасына чөгөлөтүп, кечирим суроого мажбур кылышкан.  Ошондо бир нече журналист жана бир-эки укук коргоочу гана чоң чуу көтөрүшкөн эле. Ал эми укук коргоо органдары: «Кайсы жерден сабап кетсе, ошол жерге арыз жазышсын. Россия Федерациясынын укук коргоо органдарына кайрылуу керек. Бул жерде туруп, биз эч нерсе жасай албайбыз», -деп  баштарын чайкап гана тим болушкан. Ошондо, ал жигиттер буга окшогон кылыктары жазасыз калышы мүмкүн экендигин жакшы түшүнүшкөн. Андан дагы, укук коргоо органдары  эч чара көрбөгөндүгү  менен аларга жол ачып берип жаткандыгын түшүнүштү. Мен дагы эле түшүнө албайм, эмне үчүн буга окшогон жырткычтыкты унчукпай жаап туруп, эч нерсе болбогондой түр көргөзүп жатышат? Мындай мыкаачылык жосундан кийин ал аялдар кантти? Алар өздөрү да милицияга барган жок, алар кордук көргөн кебетесинен  уялышты окшойт. Коом алардын өздөрүн күнөөлөдү.

Өткөн жылы маалымат агенттиктери, Бишкек шаарында жаш кыздардын жоголуп жаткандыгын жарыялаган эле. Бир студент кыздын жоголгондугу,бир нече күндөн кийин, анын жансыз денеси табылгандыгы дагы эле эсимде. ИИМдин ошол кездеги башчысы Абдылда Суранчиевдин бул туурасында эмне деп айтканы эсиңердеби?   «АЛ БУЛ БАТИРДЕ ЖЕҢИЛ ОЙЛУУЛУК МЕНЕН ЖАШАП КЕЛГЕН». Кечиресиздер, эгер мамлекеттеги мыйзамдын башкы өкүлү кыздын өлүмүнүн «себебин» ушинтип түшүндүрүүгө аракет кылып,  сандырактап турса, ансыз да ар кимди сындоого даяр турган жөнөкөй жарандар туурасында эмнени айтсак болот?  Биринчиден, жашоосунан ажыратып, бул жашоо менен кош айтышкан кыздын кандай жашап жатканында кимибиздин канчалык ишибиз бар? Экинчиден, мыйзамдын өкүлү кылмыштын бетин ачып, кылмышкерди издөөнүн ордуна, кайгылуу окуянын курмандыгы болуп, каза болгон кыздын кандай жашоо менен жашагандыгын ушакчы аялдардан бетер, элдин алдында айтып турууга укугу барбы?  Мына ушул жерден, чын эле балык башынан сасый тургандыгын түшүнөсүң, эгер ушундай кызмат абалында турган кишинин айтып турган сөзү ушул болгондон кийин, мамлекеттен кайдагы акыйкаттыкты күтүп болот? Мени баарынан көп толкундантканы, көпчүлүгү үчүн бул кыздын өлүмүн кабыл алууда мына ушул айтылган сөздүн өзү «жумшартуучу жагдай»  болуп калгандыгында. Эмнеси бар экен, эгер жүрүш турушу начар болсо, мүмкүн, ага так ушул керектир? Кылмышкерди кармоонун деле кереги жок, азамат, баарын туура кылган. Суранчиев мырза мүмкүн ушундай ой менен айткандыр. Андан кийин, кыздын бечара туугандары анын сөздөрүн эл алдында жокко чыгарууга мажбур болушту. А биз эмне? Биз аны унчукпай окудук да, өзүбүздүн түйшүксүз  жашообузду улантып, жашай бердик.

Жыл сайын ӨЭУ мамлекеттеги зордуктоолордун статистикасын жарыялайт. Жылдан жылга бул сан  көбөйгөндүгү менен кайгыга салат -  зордуктоолордун  92% курмандыктардын өнөктөштөрү тарабынан жасалат (азыркы же  мурдагы). Мына ушул жабыркагандардын эч кимиси милицияга кайрылбай тургандыгын айтуунун кажети барбы – өз күйөөң сени мазактагандыгын кантип айтасың? Менин бир таанышым милицияга барып, өз күйөөсүнүн сабагандыгын жана зордуктагандыгын айтып, арыз жазууга аракет кылган. Аны милициядагылар кошо табалап, шылдыңдашкан: «Ал сенин күйөөң, эмне кааласа, ошону кылат. Өзүң  чечип ал, биз силердин үй-бүлөлүк жашооңорго кийлигишпейбиз»,- деп.  Эми, анын милицияга коргоо издеп барганынын өзү эле эмнеге тургандыгын элестетүү да кыйын, ал эми ушундай мамиледен кийин ал кандай абалда калды? Ал эми күйөөсү жазасын алган жок. Бир окуяны билем, аял өз күйөөсүнүн жана анын айдоочусунун зордуктаганы туурасында айтып, арыз жазган. Бирок, ал кайдыгер бийлик өкүлдөрүнө ошол түнү болгон окуяны айтып берип жатканда,  ал канча кордукка туш болду, ал түнү анын жашоосу талкалангандыгы  айтпаса да түшүнүктүү.

Мас ата үйүнө келип, өзүнүн 3 жашар кызын зордуктап салгандыгын бардыгы эле унутпаса керек, ал бечара кыз канча реанимацияга жатып, бир нече операцияны башынан өткөрдү. Элестетсеңер, анын кабыл алуусу жана психикасы эмне болду? Кыз болгону үч жашта. Натыйжада эмне болду? Апасы милициядан арызын алып, өз кызын зордуктаган күйөөсүнө кайра кайтып келди. Ушул учурда өзүмдүн сезимдеримди сүрөттөп берүүгө да сөз таба албайм. Бул аялды, анын тырмактай наристе кызын айбанча  кордогон адамдын жазалоосунан кечип, баш тарттырган эмне күч болду экен? 

 

Бейтааныш адам тарабынан зордукталган кыз туурасында бардык жаңылыктарга жазылган комментарийлерди окуп көрсөңүздөр. «Кыска юбка киийп, аны кызыктыруунун кереги жок болчу!», «Ал өзү эле жеңил  ойлуу болчу, анан ошону көрмөк!», «Түн ичинде көчөгө чыгуунун кереги жок болчу!» Ар бир жолу ушуга окшогондорду окуу жана угуу мен үчүн коркунучтуу. Эмне үчүн аялзатына ушундай мамиле кылышат – дайыма сындашат, коркутууга, урууга, бир бурчка камоого, күнөөлөөгө аракет кылышат, алар эркин болгусу келгендиги үчүн күнөөлүүбү, алар мунусу менен буларга эч бир зыян келтирген жок да!  Анан, дайыма эле буга окшогон зордукчулдардын күнөөсүн жашырып жаап, күнөөсүн жумшартып, кордоп, өлтүрүп жаткандарды- «Бул эркек да» деген аргументтин аркасында актоонун эмне зарылдыгы бар? Адамзаттын акыл-эси улам өскөн сайын, зордуктоо учурлары кыскарган жок, тескерисинче, улам күчөй баштады. Таң калычтуу,бирок, чындык. Аялдар болуп өткөнгө өздөрүн күнөөлүү сезишкендиги, коомдун сексуалдык курмандыктардын өздөрүн «жеңил жүрүм туруму» үчүн күнөөлөп жаткандыгында, жана ушунусу менен коомчулук өзү да кылмышкерлердин жазасыз калуусуна өз салымдарын кошуп жатат.  Мени ушуга окшогон нерселер абдан чочулатат жана кооптонтот, ар бир адам, бирөөнүн кайгысын сындаардан мурда, ушул курмандыктардын ордуна өз карындаштарын, кыздарын, энелерин коюп көрсө, жакшы болмок. Ушундай болгондо, алар курмандыктар ооруканада жатканда, алардын баштарына туруп алып, же «зордукталган»  уятын көтөрө албай, өз жанын кыйган же курман болуп калган курмандыктарды өз колдору менен жерге жашырып жатып, алардын дарегине карата болушунча көркөмдөп, сын пикир айтышаар беле?

 

Кандай аял болбосун, ал ким болбосун, кайда иштебесин, кайда гана жүрбөсүн, кандай абалда болбосун – анын  кол тийгистик адамдык укугу биринчи орунда, аны тартып алууга эч кимдин укугу жок. Ал өгөй атасы болобу, чогуу жашаган адамыбы, күйөөсүбү, же бейтааныш адамбы?   Аял жакындашууга мурда макулдук берген болсо да, кайра баш тартууга укуктуу жана ар бир адам буга  теиешелүү сый-урмат менен мамиле кылышы керек. Бул укукту бардык бузуу – аял кандайдыр бир жүрүш туруштагы экен, ал эми эркек – эркек деген «эч кандай жумшартуучу жагдайларсыз» аеосуз түрдө жазаланышы керек. Эмне, эркектер өздөрүн таптакыр эле көзөмөлдөй албаган мэээси жок жандыктар беле? Буга таптакыр ишене албайсың. Ишенгиң да келбейт. Эгер өздөрүн намысым тебеленди, өмүр бою шерменде болдум деп эсептебегенде, канча аялдын өмүрү сакталып калмак. Эгер аларды убагында колдоп, жакын жердеги милиция аймагына жеткирип коюшканда, канчалаган потенциалдуу зордуктоолордун алдын ала алмакпыз?  Канчалаган тебеленген тагдырларды биз күн сайын көрүп жатабыз жана өзүбүз эле сөзүбүз менен, аларды түпсүз туңгуюкка түртүп, тебелеп, кордоп жатабыз.  

 

Алия СУРАНОВА, колумнист, «Жаңы жүздөр» 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине