Дамира Долоталиева: “Дордой” базарында митинг, пикеттен алыс, акылдуу адамдар бизнес жасашат”

15:34, 14 Мая

Жашоодо бардык нерсе ойдогудай боло бербейт. Айрым учурларда кандайдыр бир кырдаалдар жаралып, тагдыр бизди сынап көрөт. 60 миң кыргызстандык иштеген “Дордой” базары да кыйынчылыктарга бет келип турат. Ушул жылдын март айынан тарта биздин ишкерлердин башына дагы бир сыноо түштү. Ал бажы тарифтеринин кымбатташы. Ишкерлер арасында ар кандай маанайдагы чакырыктар өкүм сүрүүдө. Биз Орто Азиядагы ири базардагы туруктуулукту сактап калуу жөнүндө Дамира Долоталиеваны сөзгө тарттык.

- Дамира Темирбековна, эмне үчүн бажы тарифтеринин кымбатташы “Дордой” ишкерлерин нес кылды?

- Чынында, март айынан тарта бажы тарифттик төлөмдөрүн дээрлик 3 эсе кымбаттатып салды. Ишкерлердин нааразычылыгы бул акция жөнүндө алдын ала эч кандай эскертүү берилбегенинен улам тутанды. Бул мындай болду. Январь айында базарда “жансыз мезгил”, февраль айында Кытай жаңы жылы майрамдалгандыктан, чек ара жабык болот. Товардын баарын сатып алып, Кытайдын бардык кампаларын толтуруп коюшкан учурда, күтүүсүздөн ташуучу компаниялардан бирдиктүү бажы тарифи үч эсе кымбаттаганы жөнүндө кабар келет. Албетте, алдын ала кабар берилбегендиги ишкерлердин жана профсоюздун нааразычылыгын жаратты.

- Күнөө кимде?

- Менин оюмча, бул өкмөт жана бажы тарабынан кетирилген чекилик. Ошондой эле Экономика Министрлигинин да катышы бар. Алар экономикалык саясатты аныкташат эмеспи. Эгер бажы же дагы башка органдар мындай кымбаттоо күтүлүп жатканын өткөн жылдын аягында билдиришкенинде, ар бир ишкер өзүнүн бизнесин карап чыкмак, тариф салмакка жараша белгиленгендиктен, джинсы кийимдерди жана бут кийимдерди, оор товарларды сатып алмак эмес. Бизде да баарын эсептеп, чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болмок. Тилекке каршы, белгисиз себептерден улам, өкмөт тарабынан биздин ишкерлерге мындай жеңилдик берилген жок.

- “Дордой” ишкерлери арасында Казакстанда растаможканын баасы арзаныраак экендиги жөнүндө ар кандай кептер айтылууда. Мындай болушу мүмкүнбү?

- Мен да ишкерлер сыяктуу эле Казакстан менен Кыргызстан бизнесмендери арасындагы адилетсиз атаадашууга, тактап айтканда, элдик керектелүүчү товарлардын бажы тарабынан тазаланышына сарсанаа болуп турам. Казакстанда керек болсо мамлекеттик процедура биздегиден 2-3 эсе арзан болууда.

“Дордой” СБКнын ишкерлери казакстандык мобилдик номер аркылуу бир канча жолу Алма-Ата шаарынын транспорттук компанияларына чалып чыгышкан жана буйрутма бергендердин атынан КЭРден ташылып келинген жүктөрдүн баасына кызыгып көрүшкөн. Натыйжада мындай маалыматтарга ээ болушкан: Үрүмчү шаарынан Алма-Ата шаарына чейин анын баасы 1 кг үчүн 1,45 $дан 1,71 $га чейин болуп чыккан. Бул Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла арзан. Биздин негизги аудитория Орто Азия жана Россия Федерациясы экендигин эске алсак, бул жагдай бизди атаандаштыкка ылайыксыз кылууда. Биз дүңүнөн сатып алуучу кардарларыбызды жана бизнесибизди жоготуп алуу коркунучуна кептелип, тобокелге баруудабыз. Бул өлкө казынасына салык түрүндө эч нерсе түшпөйт дегендик.

- Көйгөйдү чечүү үчүн профсоюз кандай кадамга барды?

- Профсоюз дароо ишке киришти. Биз экономика министрлигине кайрылып, министрдин орун басары Дастан Кадыров менен кезиктик. Жолугушуудан соң Министрлик бажы саясатын жүргүзгөн бөлүм башчылардан турган атайын жумушчу топ түздү. Бажынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, элдин нааразычылыгы эмнеде экенин, бул кымбаттоо товар жүргүзүүдө жана салык чогултууда өлкө казынасына кадай таасир тийгизерин түшүндүрдүк.

Бир жолугушу жөнүндө айтып берейин. Ал март айынынын аягында “Ала-Тоо” кинотеатрында болуп өттү. Бажы төрагасы Алмазом Онолбеков менен болгон жолугушууга КЭР менен иштеген 500 ири дүң соода кылуучулар келишти. Биз көйгөйдү пикет, митингсиз, сүйлөшүүлөр менен чечүүгө аракет кылып жатканыбызды түшүндүрдүк.

Бизнесмендер кандай оор абалга кириптер болгондорун айтып, тариф кымбаттаганга чейин сатылып алынган товарларды эски тарфитер менен сатып жиберүүгө мүмкүн болгудай кылып ички резервдерди карап чыгуубузду суранышты. Үнүбүз жетип, жеңилдиктер каралды. Бажы төрагалыгы сүйлөшүүгө баргандыгы жана көйгөйдү угуп, чечүүгө аракеттенгендиги ишкерлерди ыраазы кылды.

- Тарфитин кымбаттоосу эң биринчи кимге таасирин тийгизди?

- Кытайдан өндүрүлгөн элдик керектелүүчү товарлар менен соода кылган баардык ишкерлерге кедергиси тийди. Бажы тарифи үч эсе кымбаттагандыктан, кошижара (субаренда) менен өтө көп көйгөйлөр жаралды. Ишкерлер кошижаранын мурунку баасы боюнча да тынчсыздануусун айтып чыгышты. Ошондуктан көпчүлүгү бул маселеге профсоюздун аралашуусун талап кылышууда. Биз үчүн бул көйгөй жаңылык эмес. Бул сыяктуу суроолорго 2010-жылы рефолюциядан кийин, мен кызматка жаңы келген учурда да бир канча ирет кайрылганбыз. Ал өлкө үчүн да, “Дордой” базары үчүн да өтө оор мезгил эле. Андан кийинки саясий туруксуздук, өлкө түштүгүндөгү улут аралык жаңжал, коңшу мамлекеттин блокадалары – баары Кыргызстандагы бүт базарлардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген. Базарда иш токтоп калган. Ошондо биз кошижара баасын төмөндөтүүгө жетишкенбиз. Биз администрация башчылары менен иштешип, контейнер ээлери менен сүйлөшүп, аларды ынандырып, бааны төмөндөткөнбүз. Ал үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Учурдан пайдаланып, мен бүгүн да контейнер ээлерине кайрылып, кошижаранын баасын түшүрүп берүүсүн өтүнөт элем. Бул биздин ишкерлердин аз чыгаша менен өткөөл мезгилден өтүп кетүүсүнө жол ачат.

 

- А сиз кантип аралаша аласыз?

- “Дордой” базарынын профсоюзунун уставында укук үчүн күрөшүүнүн куралы катары нааразычылык акциялары көрсөтүлгөн. Профсоюз тарыхында дал ушул нааразычылык акциялары аркылуу жетишкен чоң жеңиш бар. Ал Акаевдин доорундагы кассалык аппаратты киргизүүгө каршы жүргүзүлгөн акция болчу. Бул окуя 2003-жылы болуп, биз өлкөнүн бардык базарларын 3 күнгө жапканбыз.

Ошондой эле, 2008-жылдын 30-декабрында КРнын Өкмөтүнүн № 730; № 733 токтому кабыл алынган. Анда ишкердиктин 41 патенттик түрү жокко чыгарылган. Ошентип, анын ичинде биздин тигүүчүлөр да эми патенттик негизде эмес, бухгалтердик эсептин негизинде иштемей болуп калышкан. Калган патенттер 2-3 эсе көбөйтүлгөн. Профсоюз бул токтомдун кабыл алынышына жол бербей, 2010-жылга мараторий киргизип, патенттерди сактап калган. Күн сайын жумуш кызуу жүрүп, профсоюз ишкерлердин кызыкчылыгын коргоп, өтө көп карама-каршылыктуу маселелерди чечүү менен алек экенин түшүнүү керек.

Профсоюз жетекчиси катары 9 жылдан бери эмгектенем. Мен өз стилимди тандагам –чечимге конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу келем, кырдаалды дыкаттык менен талдап, бардык маселени ар тараптуу карап, колдогон да, каршы да тараптын пикирин угам. Ишкерлер үчүн эң натыйжалуу жолду табууга тырышам. Мекенчилдик да мамилемди эске алуу менен, бажы тарифи сыяктуу суроолор митинг, пикет аркылуу чеилбешин так кесе айткым келет. Евразиялык Экономикалык Биримдиктин мүчөсү болгон соң, беш мамлекетке тең кабыл алынган бирдей бажы тарифинин баасына биз да баш ийишибиз керек. Бул маселени кайсы бир мамлекеттин башчысы же бажы төрагасы, Экономика министри же мен, же А.М.Салымбеков чечпейт. Муну эларалык укук комиссиясы карайт. Алар Ереван шаарында 30-апрелде кайрадан кезигишип, катаал сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул маселе бизден көз каранды эмес. Бул ЕАЭБдин талабы. Бажы башкармалыгы ички резервдерди аныктап, ишкерлердин маселеси караларын маалымдады.

- Коомчулук азыр: “Башында эле Бажы Биридигине, андан соң Евразиалык Экономикалык Биримдиктин курамына кирбешибиз керек болчу”, - деп, өлкө жетекчилигин жектеп жатат. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн колдоп чыкканыңызга өкүнбөйсүзбү?

- Эч кандай өкүнбөйм. Ошондо да айткам. Азыр да кайталайм. Эгер бул кадамга барбаганыбызда, өлкөгө товар киргени менен, товарды сыртка чыгаруу такыр мүмкүн болмок эмес.

2011-жылды эске салалычы. Анда менин иштегениме болгону бир жыл болгон. Казакстан Бажы Биримдигине кирди. Чек аралар чала ачык бойдон. Кыргызстандан жүк чыгарууга болгону менен, жеке керектөө үчүн гана 50 кг алуу каралган. 50 кг жүк ишкер үчүн эмне? Бул сатып алуучуларга да таасирин тийгизди. Товар жүргүзүү кескин кыскарды. Товар актуалдуулугун жоготуп, көп нерсе сатылбай калды. Бизнесмендер банкротко учурады. Профсоюз Экономика Министрлиги, салык кызматы менен сүйлөшүүгө барып, жагдайды түшүндүрүп, патент үчүн 20% жеңилдик алган.

Ошондой эле товарды Казакстанга алып чыгуу учурунда да маселелер жаралды. Бажы Биримдигине кирген соң гана чечилди. Биз ал маселени да чечип жаттык: «Алкан-базары», «Кербен», «Дордой-базары», «Джунхай» базарларынын жетекчилеринен 6 миллион сом чогулттук да, “Ак Жол” кыргыз-казак чек арасында атайын коридор курдук. Ошентип товарды чыгарууда кезек пайда болду. Бул ишкерлер үчүн кыйла жеңилдик жаратты.

Кийин экономика министри менен жигердүү иштештик (ал кезде министр Темир Сариев эле). Ал Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө эбегейсиз чоң салым кошкон жана анын аркасы менен бул биримдиктеги биздин кызыкчылыгыбыз карала баштаган. Профсоюз ассоциациясы көптөгөн жумушту топтордо катышып, кыйынчылыктардан болушунча качып, ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатты.

- ЕАЭБдеги Кыргызстан үчүн каралган жеңилдиктердин мөөнөтү аяктады. Демек учурдагы тарифтердин кымбатташы – мыйзамченемдүү процесспи?

- Ооба, ошондой. Бирдиктүү бажы тарифи ишке киргизилген мезгил келип жетти. Юажы жетекчилиги менен Экономика Министрлиги бул жагдайды түшүндүрүп беришти. Бирок аны баары эле кабыл албай жатышат. Тилекке каршы, айрым ишкерлер кырдаалды курчутуп, митинг өткөрүүнү талап кылышууда. Эгер митингдерден кандайдыр бир майнап чыкканында, мен профсоюз башчысы катары элди өзүм биринчи баштап жөнөмөкмүн. Бирок кеп Бишкекте эмес, Евразиалык Экономикалык комиссияда. Алар Москвада орун алган жана анын курамында 5 өлкө бар. Митинг өткөрүүдөгү саясий тобокелчиликти эске алып, биз маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү эп көрдүк.

- Ал кайсы адамдар?

- Алар “Дордой” базарында 2-3 жыл гана иштеп, профсоюздун иши менен жакшы тааныш эмес соодагерлер. Көбүн эсе Алма-Атадан, Нур-Султандан, Карагандадан, Орусиядан иштегени келгендер. Алар бир гана тарифтин кымбатташынан эмес, кошижарадан да запкы тартышты. Маселе жаралган учурда бул ишке мурда деле аралашып, кошижаранын баасын төмөндөтүп турганбыз.

Бирок мен тажрыйбалуу ишкер катары көйгөй бар экенин жана аны чечүү зарыл экендигин эң сонун түшүнөм. Бирок ультиматум тили менен эмес. Себеби, нааразычылык акцияларынын кедергиси “Дордойдогу” соодага тийиши толук ыктымал. “Дордойдогу” ыңгайлуулук, тынчтык жана туруктуулук сакталышы керек. Соодагерлер ынтымактуу болуубуз шарт. Соода өз ара сыйлашуу, түнүшүү бар жерде ийгиликтүү жүрөт. Белгилүү финансисттин мындай бир жакшы сөзү бар: “Бизнес тынчтыкты, а акча жымжырттыкты сүйөт”. Андыктан, көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүү натыйжалуу. Тилекке каршы айрымдарга кыйкырык, сүрөөн, митингилер. Ультиматумдар керек экен.

- Митинг өткөрүүнү талап кылып жаткан соодагерлер профсоюздун мүчөлөрүбү?

- Профсоюз кыймылдабай калды деп ураан салып, нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө чакырык жасап жаткан топту биз анализдеп көрдүк. Натыйжада 50-100 кишинин 1-2өөсү гана профсоюз мүчөсү экендиги аныкталды. Калгандары кайсы бир себептерден улам өздөрүн профсоюз катарына көрүшпөйт экен. Бирок профсоюздун ишмердүүлүгүн сынап атышат. Мен аларга: “Алгач салыштырып көрөлүчү”, - дедим. Макул болушту. “Анда айткылачы, кайсы өлкөдө, кайсы базарда мыкты профсоюз бар? “Дордой” СБКнын профсоюузу бүткүл дүйнөлүк профсоюздар тарабынан  2 жолу (2008; 2014) постсоветтик чөлкөмдөгү эң мыкты деп табылганын билесиңерби?” – дедим. 2012-жылдан бери “Дордой-инфо” гезити чыгарылып, ишкерлерге бекер таратылат. Максат – базар ичиндеги абалды, профсоюздун ишмердүүлүгүн тааныштыруу. Тилекке каршы, гезитти да баары эле окуй беришпейт.

Мени көбү “Дордой” жетекчилигинин кызыкчылыгын коргойт деп көп жактыра беришпейт. Бирок андай эмес. Мен ишкерлердин кызыкчылыгы менен катар, базар администрациясы менен ишкерлердин ортосундагы ымаланы сактоого аракеттенем. Мисалы, оор учурларда базар жетекчилиги жер салыгын 30-40-60% төмөндөттү. Айрымдарын ай бою жер салыгынан да бошоттук. Профсоюз 23 жыдан бери иш алып барып келет. Жетекчилик оор мезгил жаралганда көмөк көрсөтүп келет. Салымбеков А.М. профсоюз мүчөлөрү үчүн 2009-жылдан бери жер салыгы үчүн 10% арзандатуу берүүнү кабыл алган. Эгер муну акчалай эсептей келгенде, оңой эмес сумма. Ал эми профсоюзга мүчө болуу 100 сом. Андыктан ал кишинин колдоосун унута салуу туура эмес. Ага көйгөйлөрдү айтып келгенде, биз базардын кайсы бир аймагында соода солгундап кеткенин билдирип, салыктарды карап чыгуусун суранабыз. Андыктан тариф маселеси пайда болгондо, ал да тынчсызданды. Ал атайын жетекчилер менен жолугуп, абалды талдап, жардам берүүгө кызыкдар экенин билдирди. Биз базар жетекчилигинен турган жумушчу тобун түзүп, бул кризистен чыгып кетүү шарттарын иштеп чыгууну колго алдык.

- Бир гана бажы тарфтеринен эле көйгөй болуудабы?

- Ишкерлер үчүн дагы бир кыйынчылык Кытайга виза ала алуу татаалдашканда жаралды. 2016-жылдын 30+-августунда кытай элчилигинде жардыруу болгондон кийин биздин жарандарга виза берүү оорлогон. Адамдар жарым жылдап, бир жылдап виза ала албай кыйналышкан.

Мен мамлекеттик резиденцияда президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда сөз сүйлөп, ушул көйгөйдү көтөрүп чыккам. Бул окуядан көп өтпөй дароо эле консулдук кызматтын департментинен, Экономика Министрлигинен чалышып, виза алуунун башка алгоритмин иштеп чыгып жатышканын билдиришти. Ушундан кийин гана ишкерлер үчүн топ менен виза алуу жеңилдетилген.

“Дордой” базарынын аймагында 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү иштешерин белгилеп өткүм келет. Маданиятыбызга, майрамдарыбызга сый мамиле жасап, бири-бирибизге, мейманчылап турабыз. Бирок акыркы убакта айрым ишкерлер кытай ишкерлери бааларды төмөндөтүп демпингге жол берип жаткандарын айтып, сындап жатышат. Албетте, алар товарды өндүрүүчүлөрдөн түз алып кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анткени алардын өкмөтү пайызсыз насыя менен камсыздап, ар тараптуу колдоо көрсөтүп турат. Ошого жараша алар бул жакта биз өндүрүүчүлөрдөн сатып алган баага соода кылышууда. Ал эми өтүмдүү товардын үлгүсүн уурдап, сапатсыз кылып чыгара коюп, арзан баага сатып жиберип жаткандар да жок эмес. Айрым кардарлар сапатка жана өндүрүүчүгө маани беришпейт. Баага ыкташат. Бул начар атаандаштык. Мындан улам профсоюздун демилгеси менен администрация менен контейнер ээлери арасындагы ижара келишимине профсоюздун макулдугусуз чет өлкөлүк жаранга кошижара берүүгө тыюу салуу пункту кошулуп, толукталды. Бул профсоюзга келишим бузулган жана демпинг катталган жагдайларды тескөөгө мүмкүнчүлүк берет.

- Сиздин ишкерлер жыл башында болуп өткөн кытайларга каршы митингилерге катышышты беле?

- “Дордойдун” бир да ишкери ал жерде болгон эмес деп так жана ишенимдүү түрдө айта алам. Себеби, биз кытай тараптын өкүлдөрү менен бир арага келип, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасадык. Биз аларга кыргыз ишкери эмнени каалап жатканын түшүндүрдүк. Кытайлардын келип иштешине каршы эмеспиз, бирок баалардын демпингине жана адилетсиз атаандаштыкка жол берилбеши керек экендигин айттык. Кытай ишкерлери бизге колдоо көрсөткөн учурлар көп эле кездешет. Мисалы, биздин соодагерлер виза ала албай калган маалда, товар алып келүүгө жардам колун сунган кытай ишкерлери болгон. Өз ара колдоо бар. Ошол эле учурда көйгөйлөр да жок эмес. Ошондуктан биз тил табышып, бардык маселени ынтымакта чечүүнү көздөйбүз.

- “Дордой” базарында соңку жылдарда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул эмнеге байланыштуу?

- Толук масштабдуу калыбына келтирүү иштери Жумабек Салымбековдун жетекчилиги астында 2013-жылы башталган. Бул администрациянын базарды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана коопсуз кылуу аракетине байланыштуу. Калыбына келтирүү иштери профсоюздун колдоосу менен башталган. Ал ириде ишкерлердин ыңгайы үчүн жасалууда. Ош базарында канча өрт чыкканын эстейличи. Ошондуктан, мындай кырсыктардан оолак болуу үчүн базардагы кафе жана ашканаларды базардын сыртына көчүрүүдө. Ошондой эле өтмөктөр кеңейтилүүдө. Бул жалын тутанган кезде өрт өчүрүүчү унаалардын жүрүүсүнө жана кардарлардын ыңгайлуу кыдыруусуна жол ачат.

Ошондой эле таманташ (брусчатка) төшөлүүдө. Соңку кезде Бишкек шаарында соода түйүндөрү, борборлору ачылууда. Кардарлар ошол жактарга ооп кетишти. Ошондуктан, “Дордой” базарын да заманбап талаптарга ылайык кылып жакшыртуу зарыл. Биз кардарлар үчүн болушунча ыңгайлуу шарт түзүп, атаандаштыкка жөндөмдүү болушубуз керек. Мисалы, кийим өлчөөчү жайларды куруу, товар алмаштырууну киргизүү ж.б. Майда нерсе көрүнгөн менен бул да кардарлардын көңүлүн алат.

- Сиздерди иштебей жатат же начар иш алып барууда деген адамдардын болуп жатканы таң калыштуу. Алар чын эле бул иштерден кабарсызбы же сиздин кызмат ордуңузду мээлеп жатышабы?

- Ишкерлердин укугун коргоо, эч нерсеге карабай алга умтулуу, ар биринин кызыкчылыгын көздөө – ишенсеңиз, өтө оор. Жана албетте, лидердин артыкчылыгы – өз дарегине айтылган сынды да алкоону да уга билүүсү. Мен өзүмдү да сынга алып турам. Бирок тажрыйбалуу ишкер, 4 баланын энеси, 6 неберенин чоң энеси, бирөөнүн жары, эжеси, кызы катары ар бирөөнүн көйгөйүнө сүңгүй алам деп айта алам. Бул орунга – профсоюз жетекчилигине мен көп жылдап жакындадым. Өзүм адискөй дарыгер болуп туруп, мен бизнес жолун тандадым. Убакыттын өтүшү менен бул жаатта да ийгилик жарата алдым. Бул кызматты тогуз жылдан бери аркалап келем. Мени бул орунга мамлекет эмес, профсоюз мүчөлөрү дайындаган. Анан өз дарегиме “жакшы эмес иштеп жатат” деген өңдүү сындарды кабыл алганда, албетте, жаман болом. Бирок ошол эле урурда мени сыналгы аркылуу көрүп, гезиттен окуп, кезиккен жерден жылуу сөзүн айтып, колумду кыскандар да жок эмес. Бул мен үчүн ырахат тартуулайт. Бул кызмат орунду мага эч ким мурастаган эмес, менин менчигим эмес. Мезгили келгенде, тапшырып берем. Ар нерсенин өз убагы бар да. Бирок азыр күч-кубатка толуп турган чагым. Кыргыз ишкерлерин коргоо – менин милдетим экенин даана билем.

- “Дордой” мурдагыдай эле Кыргызстанды багуучу бойдон калуудабы?

- “Дордойчулар”, силер али тирүүсүңөрбү?” же “Кантип? “Дордой” дагы деле ийиле элекпи?” деген сыяктуу суроолорду байма-бай угуп келатам. Мындай суроолорду угуу оор. Өзгөчө депутаттардан же мамлекеттик кызматкерлерден угуу жан кейитет. 60 миңден ашуун ишкер мамлекеттен эч нерсе сурабай, проценти менен насыя алып, митингилерге чыкпай, өз ишин так аткарышууда. Бул мамлекеттин жана анын экономикасынын туруктуулугун кармаган ири фактор да.

- Анда “Дордойдун” “өмүрү узун болушунун” себеби эмнеде?

- Сыры эң эле жөнөкөй – ишкердин өз жумушуна болгон сүйүүсү, берилүүсү. Биз Аскар Салымбековго ыраазыбыз. Ал Союз ыдырап, он миңдеген жумушчулар, мугалимдер, дарыгерлер туруктуу айлык акысыз калган өткөөл мезгилде ушул базарды ачып калды. Ал он миңдеген кыргызстандыктарды жана коңшу мамлекеттин жарандарын жумуш менен, туруктуу акы табуу менен камсыздай алды. “Дордойдун” башында жогорку билимдүү, илимий даражага ээ профессорлор турду. Бүгүнкү күндө бизде күүлүү-күчтүү, акылдуу, прогрессивдүү адамдар иштешет. Кайталап айтам: “Дордойдо” акылдуу адамдар бизнес кылышат. Биздин базардын ийгилиги – ар бир ишкердин өз ишине болгон сүйүүсүндө. Биз пикет, митингилерден, ыплас ызы-чуудан алыс туруп, үй-бүлөбүздү багып атабыз. Биз Кыргызстандын өнүгүүсүн каалайбыз.

- Президентке, өкмөткө, өлкө жетекчилигине кайрылып жатып, эмне дегиңиз келет?

- Мен Өкмөттөн жана Экономика Министрлигинен, Социалдык фондусунан жана бажы кызматынан биз менен байма-бай жолугушуп, көйгөйлөрүбүздү угуп турушун суранат элем. Биз өлкө казынасын толуктап аткан адамдарбыз. Андыктан, үнүбүздүн жетишин каалайбыз.

Маектешкен Аида Тастанова

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине