Кыргызстандын инвестициялык климаты: аба ырайын Кумтөр жасайт

08:58, 28 Декабря 2018

Статистика – ээ-жаа бербеген нерсе. Биринчи жарым жылдыкта чет элдик инвесторлордун Кыргызстандын ар кандай тармактарына салган капиталдык салымдарынын көлөмү 247 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу журналисттик иликтөөлөргө кызыктуу маалыматтык фактылардын сандыгы болгон Улуттук статистикалык комитети кабарлады.

Аталган сумма, тилекке каршы былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу тикелей чет элдик инвестициялар 33,2%га төмөндөгөнүн көрсөтүп турат. Былтыр бул көрсөткүч 369,5 миллион долларды түзгөн эле. Пайыздык салыштырууда келип түшкөн каражаттардын басымдуу бөлүгү пайдалуу жер байлыктарын (27,8%) жана геологиялык чалгындоо жүргүзүү (19,6%) багыттарындагы ишканаларга жумшалган.

Биз өлкөбүздөгү экономикалык көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берген чет элдик инвестициялар жөнүндө канчалык кыялдансак дагы, базар базар бойдон кала берет, жана акча пайда түшө турган жерге гана барат. Ал эми биз жактан – пайда түшпөйт. Чет элдик ишкерлер бул жерге келип иш ачууга шашкан жери жок. Анын күнөөкөрү, көпчүлүктүн айтымында, туруксуз саясий абал экен. Бирок чет элдик бизнесмендер корккон башка жагдайлар дагы бар, ал – бийлик менен бизнестин ортосундагы өз ара мамилелердин туруксуздугу. Кандай кызык угулса да, баягы чуулгандуу 90-жылдар өттү, бирок башкалардын бизнесин тартып алууну каалаган бийлиги бар адамдар дагы деле бар.

Бул кубулуш жада калса эң жогорку деңгээлде дагы моюндалууда. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ишкерлер менен жоолугушууда бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков дагы айткан.

-Тилекке каршы, кээ бир мамлекеттик органдар бизнес үчүн жагымдуу шарт түзүп, аны колдоонун ордуна, өзүнүн текшерүүлөрү менен анын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратып жатышашт. Бизнеске бул абдан чоң залакасын тийгизип жатат. Мага кээ бир ишкерлер текшерүүлөрдөн тажап, бизнесин токтотуп өлкөдөн кетип жатышат деген маалыматтар жетүүдө, - деп белгиледи өлкө башчы.

Президент негизги көйгөйлөр соттук териштирүүдөрдүн адилетсиздиги менен инвесторлордун жеке мүлкүнүн кол тийбестигин камсыз кылбагандыкта экенин моюндады. Андан сырткары, бизнесмендерди мыйзам чыгаруунун туруксуздугу, социалдык төлөмдөрдүн администрацияланышы жана чынчыл атаандаштыктын маселелери тынчсыздандырып жатат. Жана, албетте, алар биздин экономикабыздын мейкиндигине кирген бизнес эмне болуп жаткандыгына көз салышууда.

Кыргызстандын эң чоң инвестициялык долбоору – «Кумтөргө» көз чаптырууга болот.

«Кумтөр» алтын кени жыл сайын бюджетке 6-7 миллиард сом киреше алып келет. Бул экологиялык, социалдык жана инфраструктуралык салымдарды кошпогондо.

Бир кездерде, болжол менен эки жыл мурун Дүйнөлүк банкта Кыргызстандын валютасы башка жерлерге караганда, өлкөдө алтын табылгандыгына байланыштуу туруктуу экендигин билдиришкен. Ошондой эле банкта алтындын экспорту Кыргызстанды экономикалык кризистен аман алып тургандыгын белгилешкен. Ал убакыттан бери көп нерсе деле өзгөргөн жок, болгону «Кумтөрдөн» бюджетке түшкөн каражаттары көбөйдү.

Экономист Азамат Шаршекеевдин айтымында, кыргыз экономикасында «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ролу абдан чоң. Ал эми анын өлкөдөгү инвестициялык климатка тийгизген таасири канчалык экенин айтып деле кереги жок.

«Кыргызстандын бюджетинин негизги бөлүгүн «Кумтөр», Кант цемент заводу жана 2-3 мобилдик байланыш ишканалары түзөт. Биз аталган ишканалардын стратегиялык жактан маанилүүлүгүн түшүнүшүбүз керек, ал эми өкмөт алардын туруктуу иштешин камсыздоосу абзел. «Кумтөрдүн» мааниси өзгөчө чоң. Аталган ишкана менен байланыштуу ар бир кемчилик, катачылык жана жагымсыз абал учурдагы бюджетке зыян гана тийгизбестен, инвестициялык потенциалды дагы солгундатат, ал эми бул нерсе биз үчүн абдан жаман кесепеттерди алып келет», - дейт ал.

«Кумтөр» ишканасы жыл сайын өндүрүштү өнүктүрүүгө миллиондогон доллар каражат инвестициялайт. «Күмтөрдүн» тегерегиндеги оюндар өлкө үчүн жалпы жонуна абдан кымбат туруп келет. Аны улутташтыруу тууралуу талаптар буга чейин өлкөнүн «Центеррадагы» үлүшүн кескин төмөндөшүнө алып келген, аны менен өкмөт экономикага кошумча ресурстарды тарткысы келген. Жыйынтыгында – башка долбоорлор боюнча чоң ишканалардан баш тартуулар келген.

Бул оюндарга эч ким түшүнүү менен мамиле кылган эмес. «Учурдагы контрактты ал жакпай калгандыгы үчүн жокко чыгаруубу? Мындай түшүндүрмөнү Кыргызстандын аймагынын сыртындагы бир дагы сот кабыл алабйт!» - деген CromwellRiskConsultingLtd, ишканасынын кожоюну, Улуу Британиядагы Глазго университетинин укук доктору Виктор Абрамкиндин сөзүн баардык эл аралык эксперттер кайталаган. Чанда кездешүүчү, бирок мыйзам ченемдүү биримдик. Биздин кыйынчылыктар менен менталитетибиз менен эч кимдин иши жок. Биз менен жөн гана көпкө иштешүүдөн баш тартышат.

Бул нерсе болсо бизге баардык тараптан эч пайдасы жок. Эгерде «Кумтөр» ишмердүүлүгүн бүтүрүп, же токтотуп койсо, биздин бюджет жыл сайын салык жана милдеттүү төлөм катары түшүп турган 6 миллиард кирешеден кол жууйт. Демек, бүгүнкү күндө өз убагында берилип жаткан пенсия, пособие жана айлык маянаны мамлекет өз маалында төлөп бере албай калат. Анын үстүнө, кенде иштеп, бүтүндөй айылдарын тойгузуп  жаткан биздин мекендештерибиз жумушсуз калышат. Бул кырдаал коомдун маанайына таасир бериши толук ыктымал. «Күмтөр» камсыздап жаткан бир катар ишканалар токтойт. Жана Кыргызстан чоң бизнес менен кызматташууга ылайык эмес өлкөрөрдүн катарына биротоло түшөт. Бирок бизге алдамчылар агып келет, анткени туруксуздук – алардын чөйрөсү.

Баарынан жаманы имидждин жоголуусу болот. Анткени өлкөдөгү эң чоң инвестор «Центеррага» болгон бийликтин мамилеси аркылуу чет элдиктер өлкөдөгү инвестициялык климатка баа беришет. Ал болсо төмөнкүдөй – акыркы 6 жыл ичинде эле ага өлкөнүн ар кайсы көзөмөлдөөчү органдарынан 465 миллион долларга бааланган доо арыздарды түштү. Кыргыз тарап нааразычылыктарын тараптар былтыр бекиткен жаңы келишимдердин ордуна кайтарып алууга сөз берген, бирок бул нерсе алигиче жасала элек.

Бул нерсенин айынан башка өлкөлөр Кыргызстанды иштей турган аянтча катары карабай калгандыгына алып келди, ЕАЭБдин арты менен жетилчү пайдага карабастан.

Бийликке келген ар бир президент Кыргызстанда бизнес үчүн шарттар түзүлүп, Кыргызстан «инвестициялык бейишке айланат» деген убадаларды берип келет. Бул убадалар азыр деле айтылып жатат, бирок иш жүзүндө өлкөдө ишкерчилик менен алектенгендердин тегерегиндеги ызы-чуулар тынчыбай келет. «Кумтөрдүн» айланасындагы чыр-чатак – өлкөгө инвесторлордун келбей жаткандыгынын түздөн-түз себеби. Бул фактты түшүнүүгө убакыт келди. Кыргыз саясатчыларынын амбициялары үчүн бул дүйнөдө эч ким бизнесин тобокелге салбайт. Тандоо биздин колубузда – биз дүйнө жүзүнө цивилдүү иш алып бара аларыбызды көрсөтө алабызбы?

Даярдаган: Апас Зарипов

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине