Эмне үчүн таластыктар гана төмөнкү үстөктөр менен насыя ала алышат?

13:22, 4 Февраля

Бул тамаша эмес. Жалгыз гана Талас облусунун жашоочулары үч жылдан бери 8 пайыздык үстөк менен насыя алып келишет.  Жалгыз гана бул реион айыл мектептерин, бала бакчадларын жана ооруканаларын оңдоп түзөөдө мамлекеттик каржылоодон гана көз каранды эмес.

Жана, жалгыз таластык «шайыр апалар» белекке укмуш концерттик кийимдерди алышат, ал эми мыкты мектеп окуучулары болсо Малайзияда өткөн эл аралык олимпмадага катышып келишти. Мунун баары «Бакубат Талас» бакубаттуулук фондунун аркасы менен жүргүзүлүүдө. «Бул эмне деген регионалдык дискриминация?»- деп сурайт окурман.

Эмне себептен Манастын мекенинин жашоочуларынын жолу болгондугун «Алтын Альянс» ЖЧКсынын мамлекеттик органдар менен байланыш жана коопсуздугу  боюнча жетекчисинин орун басары Көлбай Мусаев айтып берет.

-Көлбай Алишерович, «Бакубат Талас» фонду деген эмне?

-2015-жылдын 28-августунда «Альянс Алтын» ЖЧКсы Жерүй алтын кенин иштетүүгө лицензиялык макулдашуу алган,  анда биз региондун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнүн  алкагында социалдык баштык тартуулап беришибиз керек экендиги так жазылган. Ага ылайык,  алгачкы үч жылда жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө салынуучу инвестициялардын өлчөмү акча эквиваленти менен эсептелгенде 100 миллион сомдон ашпашы керек, ал эми кийинки жылдарда ал көрсөткүч 150 миллион сомдон кем болбошу керек. Бир нече айдын ичинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү  менен биргеликте Талас облусун өнүктүрүүдө көмөк көрсөтүү (соцбаштык) боюнча макулдашууну иштеп чыгып, ар бир пунктун макулдаштык. 2016-жылдын июнь айында макулдашуу бекитилип, «Бакубат Талас» бакубаттуулук фонду негизделген. 2016-жылдын 26-августунда фонддун эсебине алгачкы 100 миллион сом которулган.

-Фонд кантип негизделет?

- Бул жалгыз «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан негизделген коммерциялык уюм. Анын ишмердүүлүгү Байкоочу кеңеш тарабынан жүргүзүлөт, анын ишмердүүлүгү таза. Каржы каражаттарын бөлүштүрүүдө жана көзөмөлдөөдө Байкоочу кеңештин мүчөлөрү катышат.  Алардын талапкерлиги облустун ар бир районунан жана Талас шаарынан көрсөтүлөт. Биз бул процесске кийлигишпейбиз. Байкоочу кеңеш 7 адамдан турат: бирөө негиздөөчүнүн өкүлү, төртөө- ар бир райондон, бири Талас шаарынан жана дагы бири – Жерүй кени жайгашкан Бекмолдо айыл аймагынын өкүлү. Байкоочу кеңеш бир жылга шайланат, муну менен көп адам анын ишмердүүлүгүнө катыша алат.

-Каржылоого, демек реализациялоого маанилүү социалдык  долбоорлор кантип тандалат?

- Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү өзүнүн районундагы өзгөчө курч маселелерди изилдеп, жергиликтүү жашоочулар жана бийлик өкүлдөрү менен кеңешип, чечүүгө муктаж көйгөйлөрдү тандайт. Алар Байкоочу кеңештин отурумунда талкууланат. Долбоорлорду реализациялоодо ар бир районго орточо эсеп менен 5 миллион сомдон бөлүнөт. Жалпы талкуулоо, жактыруу жана беткитилүүдөн кийин гана юридикалык жактан макулдашуу жана  ишке ашыруу башталат. Долбоорлорду ишке ашырууда сарпталган каражаттар  максаттуу колдонулушун камсыздоочу текшерүүнүн бир нече даражасы жана аудиттер каралган.

-Фондго канча каражат которулду жана алар кантип бөлүнөт?

-Бүгүнкү күндө 100 миллион сомдон үч транш которулду. Тагыраак айтканда, жалпы жонунан 300 миллион сом. Биринчи 200 миллион сомду биз колдондук. Акча каражаттарын бөлүштүрүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 70% кичи жана орто бизнеске насыя берүүгө жана 30%  - социалдык долбоорлорго.

70%- бул 70 миллион сом- ал Талас облусу үчүн абдан чоң акча. Бул каражаттардын 50% же 35 миллион сомун биз кичи жана орточо бизнести өнүктүрүү үчүн насыя катары беребиз, ал эми 35 миллион сомду облустун айыл-чарбасын колдоого жумшайбыз.

Жыл сайын акча каражаттарын алганда биз пайдалуу сунуш алуу үчүн банктар арасында ачык сынак өткөрөрөбүз. Биринчи жылы сынакты «АКБ Кыргызстан» банкы утуп алды, келишимге ылайык, биз жылына 10 пайыз үстөк менен насыя бере баштадык. Кийин Банктын жетекчилиги жана Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлдөрү менен биргелешип, үстөктү 8 пайызга түшүрүү боюнча макулдаштык. Башында 10 пайыз менен насы алган жарандар менен биз кайрадан келишим түзүп, үстөктүн баасын төмөндөтүп бердик. Башкача айтканда, 2016-жылдан бери биз 8%  үстөк менен насыя берип келебиз, бул болсо Кыргызстан боюнча эң төмөн үстөк. Бирок биз насыяны Талас облусунун жашоочуларына гана беребиз. Экинчи жылы мыкты шарттарды KICB тартуулап берди, ал эми бул жылы болсо биз Айыл банк менен иштеп баштадык.

Бүгүнкү күндө биз баасы 208 миллион 870 миң сомду түзгөн насыяны  767 адамга бердик. Эң башкысы, кайтарылган каражаттардан башка адамдар дагы насыя ала алышат. Тагыраак айтканда, 140 миллион сомдон тышкары 60 миллион сом кайтарылган каражаттардан бөлүндү. Акча каражаттары иштей баштады. Башкы багыт – кичи жана орто бизнестеги жумуш орундарын пайда кылууга насыя берүү.

-Таластыктарга жумуш орундарын пайда кылуу ишке ашып жатабы?

- Биздин насыяларыбыздын артынан Талас облусунда бизнес жогорку деңгээлде өнүгүп баштады деп азырынча так айта албайбыз. Дыйкандар төө бурчак жана башка айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө, мал чарбасын жана башка чарбачылыктарын өнүктүрүүгө насыя алып жатышат. Жарандар өзүнүнү кичи бизнесин ачып, мисалы мончо же жолдун жээгинде ашкана салып, беш жумуш ордун камсыз кылган кичине көрсөткүчтөр бар. Бирок, биз бизнестин маданиятын кескин жогорулатып,  чоң ишканаларды ачтык деп айта албайбыз. Бирок келечекте адамдар бизнес жүргүзүүнү үйрөнүп, каражаттарды эффективдүү колдоно алышат деп ишенем. Кээде,  башка банктардан 20-30 пайыз үстөк менен алган насыяларын жабыыш үчүн бизден насыя алган адамдар да болот. Буга биз азырынча эч нерсе дебейбиз, анткени бул дагы калк үчүн абдан чоң жардам.

- Социалдык долбоорлор кантип ишке ашырылат?

-Бул жерде мактанчу нерселерибиз бар. Социалдык долбоорлорго жыл сайын 30 миллион сомдон бөлүнөт, демек, алгачкы эки транш менен 60 миллион сом. Эки жарым жылдан бери иштеп жатып, биз 60 миллион 164 миң сомго 174 долбоор жактырдык. Алардын ичинен 164 долбоор ишке ашып, 10 реализациялоонун деңгээлинде турат. Ар бир долбоорду ишке ашыруу үчүн бир айдан жарым жылга чейинки убакыт керектелет. Социалдык долбоорлор Талас облусунун баардык региондорун баардык тармактардан камтыйт. Мунун менен, орто жана мектепке чейинки билим берүүнү тармагын колдоо боюнча биз баасы 12 миллион сомду түзгөн 37 долбоорду ишке ашырдык. Бул бала бакчалардын жана мектептердин имараттарын оңдоп түздөө, мектеп инвентарын, мисалы интерактивдүү доскаларды сатып алуу, бала бакчалардагы аянтчаларды жаббдуулоо. Андан сырткары, биз таланттуу жаштарга эл аралык сынактарда жана олимпиадаларда катышууда колдоо көрсөтөбүз. Былтыркы жылы Талас облусунан алты окуучусу республикалык олимпмададан жеңишке жетишкен жана биз алардын Малайзияга эл аралык олимпмадага  барып келишин каржылап бердик. Окуучулар мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, билим деңгээлин жогорулатып келишти.

Дээрлик ар бир региондо биз мектептерди жана бала бакчаларды оңдоп-түзөөдө колдоо көрсөттүк. Мисалы, Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын бала бакчасынын капиталдык оңдоп-түздөө иштери аяктап жатат, ал жака биз 2 миллион 900 миң сом каражат салганбыз. Ал бала бакча Союз мезгилинде аз эле убакыт иштеп, жабыдып калып, ошол бойдон туруп келген. Жакынкы аралыкта аны эксплуатацияга берип, ишке киргизүү пландалууда.

-Саламаттыкты сактоого көңүл бурасыздарбы?

- Саламаттыкты сактоо системасын колдоо боюнча 14 долбоор ишке ашырдык.  Согуш жана эмгек ардагерлери үчүн Талас облустук ооруканасын, бир катар айыл аймактарындагы  фельдшер-акушердик жана үй-бүлөлүк дарыгердик пунктарды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Талас облустук ооруканасы үчүн биз ай-күнүнө жетпей төрөлгөн балдар үчүн эки инкубатор алып бердик. Алардын мурунку жабдуусу болсо эскирип, катардан чыккан эле. Жаңы жабдуу орнотулгандан кийин дароо ишке кирди. Мынтип, башкы дарыгер бизге жаңы инкубаторго жаткырылган ымыркайды көрсөттү. Дарыгерлердин айтымында, ал келбегенде наристенин тагдыры кандай болот эле, белгизис. Азыр болсо анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

Албетте, ушундай учурларда мындай долбоорлорду аткаруу керек экендигин түшүнөсүн. Бул жылга Талас облустук ооруканасынын лабораториясын куруу боюнча долбоор келди. Эгерде биз аталган лабораторияны заманбап жабуулар менен камсыздап берсек, дарыгерлердин жумушу кыйла жеңилдеп, алар бейтаптарды алыскы борборго жөнөтпөстөн, ордунан сапаттуу жардам көрсөтүп бере алышат. Тагыраак айтканда, саламаттыкты сактоо тармагында биз эң жашоого маанилүү долбоорлорду тандайбыз.

Социалдык коргоо системасында биз ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү багыты боюнча баасы 3,5 миллион сомду түзгөн 12 долбоор ишке ашырдык. Биринчиден, жыл сайын кышында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборлорун көмүр менен камсыздап, көмөк көрсөтөбүз. Бул кичине эле жумуштай көрүнөт, бирок, анын артынан өзгөчө балдар жыл бою аталган борборлорго барып, сабак ала алышат. Ошондой эле биз имараттарды дагы оңдоп-түзөөдө жардам берип, балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп беребиз.

Таласта биз ар кайсы дарттарга чалдыккан балдарга жардам көрсөткөн «Теңир Колдо» реабилитациялык борборунун курулушунун аякташын каржылап бердик. Аталган имараттын курулушу Кыргыз Республикасынын Кызыл Ай коомунун Талас облусундагы филиалы аркылуу Швейцариянын жараны берген 70 миң долларга башталган. Бирок ал акча жеткен эмес. Талас облусундагы Кызыл Ай коомунун жетекчиси менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энеси бизден жардам сурап кайрылышкан. Байкоочу кеңештин чечими менен биз курулуштун жйынтыкталышын каржылап бердик. Бул долбоор башкалардын ишин да колдоп, биргелешип иш жүргүзүү маанилүү экендигин көрсөттү. Бул долбоорду жалгыз ишке ашырууга алардын каражаты жеткен жо, биздин да каражат жетмек эмес, ал эми биргелешкенде биз мыкты жана керектүү иш кылдык.

Бакай-Атадагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн курулган социалдык стационарга чоң жардам көрсөттүк. Анын кардарлары үчүн биз мончо салып берип, өздүк суу менен камсыз кылдык. Эми алардын таза ичүүчү суусу, ысык суусу жана керектүү тиричилик шарттары бар.

-Эң соонун долбоорлор. Ал эми спорт менен маданиятчы?

- Ар бир райондогу маданият үйлөрүнө адамдар иш-чараларын өткөрө алышы үчүн заманбап музыкалык аппаратураларды алып бердик. Ошондой эле ар бир райондо «шайыр апалар» бар, алар «Бурановдук апалар» сыяктуу ырдаган апакелер. Жана биздин апалар сулуу болушу үчүн биз ар бир коллектив үчүн концерттик кийимдерди тиктирип бердик.

Спорт жана дене тарбиянын өнүгүшүнө дагы чоң көңүл бурабыз. Биз баасы 8,5 миллион сомдон ашуун каражатка 43 долбборду ишке ашырдык. Бул спортзалдардын курулушу жана ремонту, спорт сынактарын уюштуруу, спорт командаларына жана өзүнчө спортчуларга каржылык колдоо көрсөтүү. Таластын көк-бөрү боюнча «Бакубат-Талас» курама командасына чоң жардам көрсөтөбүз. Былтыр ал команда Бишкектин 140 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган беттештерде жеңүүчү аталып, абдан кубандырды.

-Сиздин жумушуңузга жергиликтүү жашоочулар кандай мамиле кылышат?

-Баары жакшы деп айта албайм. Бирок жашоочулардын абсолюттук көпчүлүгү биздин илшмердүүлүгүбүздү колдоп, ыраазычылыгын билдирет. Мисалы, инфраструктураны жакшырылышына. Анткени биз жолдорду курууда жана оңдоодо, жарык орнотууда, таза суу мнен камсыздоодо жардам беребиз. Айыл-чарбасын колдоодо биз 3,5 миллион сомго бааланган 9 долбоорду ишке ашырдык. Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары мнен тыгыз кызматташабыз. Биз дээрлик баардык райондордогу ИИБдерин оңдоп-түзөөдө жардам бердик, Талас шаарында милиция кызматкерлери үчүн эки батирлүү үй салып, Талас РИИБне жаңы имарат курдук жана кенге эң эле жакын жайгашкан Чат-Базар ПОМун оңдодук.

Бүгүнкү күндө биздин социалдык долбоорлор дээрлик ар бир айылыга жетти. Биз мындан ары дагы активдүү иштеп, таластыктардын жашоосун жакшыртмакчыбыз.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине