Бөкөнбаев айылы: берекелүү жер, шыктуу адамдар жана суу маселеси

15:57, 29 Сентября 2018

Ысык-Көлдүн тескейиндеги бул айылды чет элдик жана жергиликтүү туристтер жакшы билишет. Эң көркөм, шаңдуу этно фестиваль жана салттуу мергенчилик – салбуурун көбүнчө так ушул айылда уюштурулуп турат.

Ага кошумча акыркы кезде Бөкөнбаев айылына Кыргызстандын бардык булуң бурчунан фермер-дыйкандар көп келе турган болду. Жергиликтүү тургун Азамат Касеевдин энтузиазмынын жана эмгекчилидигинин артынан экзотикалык жер-жемиштер, мөмөлөр жана дан өсүмдүктөрү биздеги шарттарга ыңгайлаштырылып келет. Бирок бардыгын өз орду менен айтып берели.

Жүз жылдык айылдын жашоосу

Тагыраак айта турган болсок, азыр айылга 106 жыл болуп калды, 2012-жылы ал жүз жылдык юбилейин белгилеген. Конуштун алгачкы аталышы Кольцовка, ал 1912-жылы 6 конушту бир айылга бириктирген жер алмаштырып көчүп келген улуту орус Кольцовдун ысмында болчу. Кольцовкада орустар гана эмес бир топ жатак кыргыздардын үй-бүлөлөрү да турушчу. Кийин айылдын аталышын Күн-Чыгыш деп өзгөртүштү. Азыркы аталышын айыл 1944-жылы эл жазуучусу Жоомарт Бөкөнбаевдин кырсыктан каза болгонунан кийин алды. Жазуучунун элесин түбөлүккө сактап калуу максатында Министрлер кеңеши айылга анын ысмын берген.

Совет мезгилинде бир катар эмгек баатырлары Бөкөнбаев айылынын атагын чыгарган. Бул айылдын тургундары өзүлөрүнүн кажыбас эмгеги жана таланты менен көп тармактарда көп бийиктерди багындыра алышты. Бул жерде социалисттик эмгектин баатырлары Үмүткөр Рысмамбетова, Имаш Базаров, Сүйүмкан Кожобекова, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баатыры, эл жазуучусу Бексултан Жакиев жашап, эмгектенишкен.

Бул айылдан акаевдин бийлиги учурунда айыл чарба министри болгон Александр Костюк, атактуу журналист-диссидент Азамат Алтай, ырчы жана шоумен Юрий Бобков жана дагы көптөгөн таланттуу жана атактуу кыгызстандыктар чыккан.

Бул күндөрү Бөкөнбаев айылы Тоң районунун жана Күн-Чыгыш айыл аймагынын борбору болуп эсептелет. Бул жерде же 15200 адам жашайт, же болбосо айыл 3120 түтүндөн турат. Айыл тургундары эмне менен алектенээри тууралуу айыл аймагынын башчысы Улан Калмакович Турганбаев айтып берди. Анын бул кызматта иштегенине 9 жыл болуп калды, 2009-жылдан бери ал үч жолу бул кызматка шайланган.

- Биздин эң башкы жетишкендигибиз – мамлекет тараптан бир да тыйын дотация албай жашап жатканыбызга бир нече жыл болуп калды. Биздин жылдык бюджетибиз 27 млн 800 миң сомду түзөт. Салыштыра кетсек, 2010-жылдын 1-январында бюджетибиз 5 млн 700 миң сомду түзөр эле. Башкача айтканда сегиз жыл аралыгында ал 5 эсе өстү. Мунун баары жаңы өндүрүштөрдү ачуунун, жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн өздөштүрүүнүн, жергиликтүү элди жаңы жумуш оорундары менен камсыздоонун, элге кызмат көрсөтүүнүн, эң башкысы, салыктарды тескеп башкаруунун эсебинен болду. Жакынкы 2-3 жылда 30 млн сомдук бюджкетке жетүүгө бизде толук мүмкүнчүлүк бар, – дейт Улан Турганбаев.

Дагы бир жаңы нерсе – жергиликтүү администрация 18 кварталдык жетекчилер менен иштешет, алардын ар бирине ишине жараша жети жарым миң сомго чейин айлык төлөнөт.

- Биз айыл өкмөтү менен тургундардын ортосундагы байланышты бекемдетели дедик. Бул өзүнүн жакшы жемиштерин берип жатат. Учурда 18 кварталдык жетекчи айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү саясатын эл арасында жайылтып келет, ошол эле учурда элде пайда болгон маселелерди тез арада чечкенге аракет кылабыз, - деп түшүндүрдү Улан Калмакович.

Айылдыктар негизинен мал багып, жер иштетишет.

– Биздеги айыл аймактын 2,5 миң гектар айдоо жери бар. Алардын жарымына – көп жылдык тоют чөптөрү айдалган. Төрттөн бир бөлүгүнө буудай айдалган. Калгандарына алма бак отургузулган, дыйкандар көбүрөөк киреше алуу үчүн алма менен абрикосторду өстүрүп келишет. Бирок акыркы эки жылда мекени океандын ары жагында болгон айыл чарба өсүмдүктөрү да өстүрүлө баштады. Бизде Азамат Касеев деген агроном бар, ал өзүнө тийиштүү жерлерде бизде мурда өспөгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө аракет кылып келет, ал бул жакта чоң ийгиликтерге жете алды, - деп Улан Турганбаев биздин кызыгуубузду козгоду. Ал эмес агроном-энтузиаст менен да таанштырды бизди.

Кыргыз Мичурини жана түштүкамерикалык киноа

44 жаштагы Азамат Касеев баралына келип, өзүнүн жашынан жашыраак көрүнгөн киши экен. Ал бизди үйүнө конокко чакырды, үйүндөгү столдун үстүндө киноанын беш түрүнүн үлгүлөрү жаткан экен. Биз аны менен жаңыдан таанышканда ал Таластан келген эки дыйканга кеп-кеңештерин айтып жаткан болчу. Алар бул өсүмдүк тууралуу көбүрөөк билиш үчүн атайын сегиз саат жол артып келишиптир.

Мындан жети жыл мурун Тоң районуда киноа тууралуу эч ким эч нерсе билбейт эле. Бүл күндөрү болсо Бөкөнбаев айылын кыргыз кионасынын мекени деп койсо болот.

Киноа – кургакчылыкка чыдамкай, шордуу топуракта өсө алган, амарант түркүмүнө кирген жалгандандуу өсүмдүк. Киноанын мекени Түштүк Американдагы Анды тоолору. Киноа данынын акшагы жүрөк-кан тамыр системасы начар, анемия, кант диабети, иммунитеттин жетишсиздиги менен ооругандарга эң пайдалуу. Киноа кальцийди сиңирүүгө, жараттардын бат бүтөлүшүнө, балдардын сөөгүнүн жана боюнун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Спортчуларга, боюнда бар аялдарга жана кары кишилерге жеңил сиңимдүү белоктун булагы болуп бере алат. Киноа протеинге бай келет (ал сапаты боюнча эненин сүтүнөн кем калбайт), ал эми энергиянын, кальцийдин, фосфордун, темирдин, В витамининин, клетчатканын жана комплекстүү углеводдордун сапаты боюнча арпадан, күрүчтөн, сулуудан жана буудайдан алда канча жакшы келет. Ошондуктан киноанын белогу – аминокислоталардын толук топтому болуп саналат, башкача айтканда эң сонун тамак-аш. Анын данынын дагы бир баалуу сапаты – ал картаюу процессин жайлатат. Жаңы гана өнгөн киноада фитин кислотасы бар, ал онкологиялык оорулардын пайда болушунун алдын ала алат.

2012-жылы ал чет элдик өнөктөрүнөн “Регалона” жана “Титикака” деген түштүк америкалык сорттордун үрөндөрүн алган болчу.

“Бул өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү бир топ жогору, ар бир гектарына 2,5 кг үрөн сээп, бир тоннадан үч тоннага чейин киноанын түшүмүн алса болот. Бул күндөрү Лондон биржасында бир кг киноанын баасы 2 доллардан 16 долларга чейин барат, башкача айтканда анын кирешелүүлүгү чоң”, - дейт Азамат Касеев.

Бирок бардыгы дароо эле жакшы боло койгон жок. Бул өсүмдүктү биздин шартка ынгайлаштырууга агроном Касеевке жана Кыргызстандын башка областындагы фермерлерге беш жылга жакын убакыт кетти.

Билдирме

Киноаны Кыргызстанда өстүрө баштаганга Шор баскан жерлерде өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча эл аралык борборунун (International Center for Biosaline Agriculture, ICBA) салымы зор. 2015-жылы Өнүгүү ислам банкынын каржылоосу боюнча ICBA уюмунун генофондунан Кыргызстандын окумуштууларына жана фермерлерине кургакчылыкка чыдамкай, шордуу топуракта өсө алган кионанын жакшыртылган беш түрүнүн үрөндөрү берилген болчу.

ICBA уюмунун долбоорунун алкагында киноаны Кыргызстандын бардык областтарында сээп көрүштү. Эксперименттердин жыйынтыгында киноага тоолуу аймактар эң ыңгайлуу экени аныкталды. Бул өсүмдүктү өстүрүп, жакшы түшүмдөрдү алып туруш үчүн күндүзү ысык, түнү суук болгон өзгөчө температуралык режим керек.

Көп жылдык изденүүлөрдөн кийин кыргыз аграрийлери киноаны өстүргөнгө Ысык-Көл областынын Тоң району, Талас обастынын Бакай-Ата району жана Жалал-Абад областынын тоо этектери эң ыңгайлуу экенин аныкташты. Бирок бул дан өсүмдүккө байланыштуу эң татаал нерсе – аны сээп, отоо чөптөн тазалаганга, аны чаап жыйнаганга, данын бөлүп алганга Кыргызстанда да, Түштүк Американын өзүндө да атайын механикалык жабдыктардын жоктугу болду. Булардын бардыгын колго жасаганга туура келет. Дагы бир маселеси – түшүмүн сатуу.

- Мамлекеттик бюрократиянын айынан азыркыга чейин мен өстүргөн киноанын өндүрүлгөн жери тууралуу билдирмеси жана анын сапатынын сертификаты жок, ошондуктан мен аларды аз-аздан Украинага, Кыргызстандагы фермерлерге, жана ошондой эле экологиялык таза органикалык азыктарга адистешкен дүкөндөргө жана тойканаларга сатып жатам, - дейт Азамат. Тамакка колдонулган киноанын килограммы 700 сом турат. Үрөнүн ал фермерлерге килограммын 2 миң сомдон сатат.

- Башында эл аралык эксперттер өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү жана кирешелүүлүгү тууралуу сөз кылышканда, мен ага анчалык деле этибар кылган эмес элем. Кийин өсүмдүк бизге жакшы ыңгайлашып кетти, аны багып өстүрүү буудайдыкындай эле экен. Кыргызстандын тоо этектеринде жана кайрак жерлеринде сугаруунун деле кажети жок. Топурагы семиз кайрак жерде, жазгы үшүктөрдөн кийин дароо эле себилген учурда ал жакшы түшүм берет. Анын сабагы менен жалбырагы малга жакшы жем болот. Башкача айтканда бул өсүмдүк бардык жагынан пайдалуу, - дейт агроном.

Агроном Касеевдин жигердүүлүгүнүн жана ICBA уюму менен Кыргызстандын илимдер академиясынын окумуштууларынын агартуучу эмгегинин жыйынтыгында Кыргызстанда ондогон фермерлер бул дан өсүмдүгүн өстүрө башташты. Ысык-Көлдө фермерлер киноаны 14 гектар тоолуу аймактарда өстүрүшөт. Талас областынын фермерлери 56 гектардай жерди, ал эми Жалал-Абал областында 80 гектар жерди иштетишет.

Билдирме

БУУнун Тамак-аш жана айыл чарба уюму (FAO), Шор баскан жерлерде өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча эл аралык борбор (ICBA), Германиянын Эл аралык кызматташуу боюнча коому (GIZ), Жапондордун Эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (JICA) сыяктуу эл аралык уюмдардын жардамы менен Кыргызстандын фермерлери түшүмдүүлүгү начар болгон ондогон гектар жерлерде жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөндү үйрөнүп жатышат.

2016-жылдын июнунда ICBA уюмунун эксперттери Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын колдоосу менен Бөкөнбаев айылында Азамат Касеевдин киноа өстүргөн талаасында аймактык тренинг уюштурушкан болчу, бул тренингге коңшу өлкөлөрдүн киноа өстүрүү боюнча адистери катышты. Талаа шартында тажрыйба алмашуу болуп, зыянкечтер менен күрөшүүнүн заманбап жолдору көрсөтүлгөн. ICBAнын окумуштуулары бул өсүмдүктү селекция кылуу, анын үрөндөрү менен иштөө боюнча, эң башкысы бул өсүмдүктүн жергиликтүү түрлөрүн чыгарууда аны мамлекеттик комиссиянын реестринде каттоо үчүн эмне кылуу керекти тууралуу окутуу өткөрүшкөн. Азамат Касеевдин талаасында киноанын үрөндөрүн себүүдө жана ал тамырлаганда аны отоодо колдонула турган мини-техникалар көрсөтүлгөн.

ICBAнын Борбордук Азия жана Закавказье боюнча аймактык координатору доктор Кристина Тодерич жергиликтүү фермерлерге колдоо көрсөтүп, киноанын аянттарын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кеңейтүүгө дем берип келет. “Так ушул агроэкологиялык аймак жакынкы келечекте сапаттуу үрөн материалдарын экспорт үчүн өндүрүүгө жакшы полигон болооруна терең ишенем”, - дейт Тодерич.

Азамат Касеев өзүнүн бакча-огороду боюнча бизге чын көңүлүнөн экскурсия уюштуруп берди. Ал жактан бийиктиги бир метрден ашпаган, бирок мөмө байлай баштаган кодоо алмаларды, чоңдугу жарым алакандай болгон кулпунайды жана дагы көптөгөн өсүмдүктөрдү көрсө болот эле.

- Эл аралык кызматташуу болгондуктан кыргыз аграрийлеринде чет жерге окутууларга барып келгенге мүмкүнчүлүктөр бар, бизге консультанттар келип, сынап байкаганга үрөндөрдү өзүлөрү менен алып келип жатышат. Ушунун аркасында бизде, аграрийлерде, көптөн бери бир орунда туруп калган кыргыз илимин жылдырганга, өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жер жана климат өзгөрүп жатат, ошондуктан элге көп каражатты, эмгекти талап кылбаган, эң башкысы – экологиялык таза тамак-аштын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү керек. Ошондуктан мен да дайыма аракеттемин. Менин огородума көңүл бурсаңар, бул жерде дайыма улам жаңы айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүп турат. Мисалы, мен учурда испан шалфейин – чианы, перу макусун жана амарантты өстүрүп көрөйүн дедим. Булардын бардыгы медицинада колдонулган табигый энергетиктер болуп эсептелет. Эгер аларга биздин шарттар жага турган болсо, аларды өндүрүп Европа менен Кытайга сатып турсак болот. Ошентип кыргыз фермерлеринде дайыма иш болуп, алар үйлөрүн таштап, эмгек миграциясына кетүүгө зарылчылык болбой калат, - дейт Азамат Касеев.

Суу тууралуу

Ысык-Көлдүн тескейине келген туристтердин саны жыл сайын өсүп барат. Бир карасаң бул жерде бардыгы жакшыраак көрүнөт: суусу жана абасы тазараак, жаратылышы жакшы сакталган, эли да меймандос. Бирок бул жердин да глобалдуу маселелери бар экен.

Күн-Чыгыш айыл аймагынын башчысы бизге буларды айтып берди:

- Бөкөнбаев айылынын эли үчүн эң орчундуу маселе – суунун тартыштыгы. Суу менен камсыздаган тутум 1956-жылы курулган болчу. Ал бир да жолу оңдоло элек. Албетте, мынча жыл аралыгында ал эскирип, бузула баштайт, тутумдун 60%ында суу жок, болгондо да так туристтер келе баштаган жай айларында биз бардыгын суу менен камсыздай албай калабыз. Ошондуктан бул тутумду биз оңдоп чыгышыбыз керек. Ал үчүн 240 миллион сомго чейин каражат керек. Бөкөнбаев айылын суу менен камсыздаган булак 18 км алыстыкта тоодо жайгашкан. Суунун көлөмү эң сонун, 30 миң адамды таза суу менен камсыздаса болот. Бирок бардыгы жаңы тутумду курууга барып такалууда. Өзүбүздөгү каражаттар жетишпейт, ошондуктан өкмөттөн жардам күтүп жатабыз. Биздин маселебиз оң чечилээрине үмүт бар, бирок да бюрократияны жеңүү өтө оор.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги эң ири райондук борбор Бөкөнбаев айылы мына ушундай жашап жатат. Аймактарды өнүктүрүү жылында бул айылдын 15 200 тургунунун эң чоң маселеси чечилип калаарына биз да үмүт кылып туралы.

Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине