Кафенин эшигиндеги смайлик – ал эмнени билдирет?

19:12, 26 Марта 2018

Экономика министрлиги коомдук тамактануу жайларындагы текшерүүнүн жыйынтыктарын элге билдирүүнүн жөнөкөй жана көрүнүктүү жолун сунуштоодо.

Акыркы жылдары туулган күнүбүздү же башка үй-бүлөлүк майрамды үйдө эмес кафе-тойканаларда белгилөөгө көбүрөөк ыктап жатабыз. Караса, бул ыңгайлуу экен – кожейкени тамак-аш продуктыларын сатып алуу, тамак жасоо, майрамдан кийин идиш-аякты жууп, тазалоо деген көп машакаттуу нерселерден арылтабыз. Ошондой эле капчыкка чактап чыгымдарды да чектесе болот. Борбор калаада гана эмес, Кыргызстандын башка шаарларында да студенттик ашканалардан, буфеттерден, бистродон жана чакан кафеден баштап “кыйын” тойканаларга чейин ар-түрдүү коомдук тамактануу жайларынын саны өсүп жатат.

Бирок үйдө жасалган тамактын бир артыкчылыгы бар – биз ал кайсы продуктылардан жана кайсы шарттарда жасалганын жакшы билебиз. Ал эми коомдук тамактануу ишканаларына ишенсе болоорун кантип аныктай алабыз? Ал жактын тазалыкка, санитардык абалга байланыштуу коопсуздугу кандай болду экен, аны кантип билебиз?

Өлкөбүз туризм тармагынын өнүгүшүнө чоң маани берет, этникалык, улуттук ашканалардын саны өсүүдө. Демек, тамак-аш коопсуздугуна да талаптар өсүшү керек болот.

Коомдук тамактануу жайларын тийиштүү мамлекеттик кызматтар сөзсүз түрдө текшерип тураарын жакшы билебиз. Бирок алардын текшерүүлөрүнүн жыйынтыктары туурауу биз эч нерсе билбейбиз.

Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу менен бул маселени чечүү жолу сунушталууда.

Бардыгына түшүнүктүү сүрөт

Экономика министрлиги текшерүүнүн жыйынтыктарын элге билдирүүнүн жөнөкөй жана көрүнүктүү жолун сунуштоодо – стикерлер (чаптамалар) коомдук тамактануу жайынын кире беришинде элге көрүнүктүү жерге чапталат.

“Биз Интернеттин символдорунан элге жаккан жана түшүнүктүү дизайнды тандадык. Смайлик текшерүүнүн жыйнтыгы жакшы болгонун көрсөтөт. “Нейтралдуу” символ – айрым жакшыртуулар керек экендигин, ал эми “кайгылуусу” – коопсуздук жагынан дагы да көп иш жасалып, дагы да көп нерсе жакшыртылышы керектигин билдирет. Текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу кененирээк маалыматты мамлекеттик органдардын расмий сайттарынан алса болот”, - деп түшүндүрдү Экономика министрлигинин Ишкерликти жөнгө салуу боюнча башкармалыгынын Текшерип-көзөмөлдөө иштерин жөнгө салуучу бөлүмдүн жетекчиси Кубат Шатманалиев.

Стикерлер текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча берилет. Дароо тактап алышыбыз керек: айтылган нерселер коомдук тамактануу жайларынын кызматтарынын коопсуздугуна гана тиешелүү, продукциянын жана кызмат каөрсөтүүнүн сапатын ал өзүнө камтыбайт, анткени алар боюнча талаптар текшерүү иштери тууралуу мыйзамдарда каралган эмес.

Экономика министрлигинин негизги максаты – колдонуучуларга тамактанганга же тамак сатып алганга жайларды туура тандаганга жардамдашуу.

“Менимче, биз киргизип жаткан нерсе эки тарапка тең – кардарларга да, ишкерлерге да – пайдалуу болушу керек. Кафенин кардарлары ичине кирбей туруп эле бул жерде тамактануу канчалык коопсуз экендигин эшиктеги стикерден биле алат. Смайлик жакшылыктын белгиси болот. Аны алгандар, сөзсүз, стикерди эң көрүнүктүү жерге коюп, ал эмнени билдирээрин кардарларга түшүндүрүп турушат. Ал эми начар баа алган ишкерлерге болсо ал аныкталган кемчиликтерди болушунча тезирээк жойгонго түрткү болот”, - деп эсептейт Бишкектеги тойканалардын биринде менеджер болуп иштеген Мурат Арстанбеков.

Мыктыларга карап түздөнүүгө түрткү

Күлгөн смайлик кардарларды тарта тургандыгы түшүнүктүү, ал эми башка символдорчу? Алардын ээлери кубанбайт болушу керек.

“Ишкер пландан сырткаркы текшерүү же кайра текшерүү тууралуу арыз менен көзөмөлдөөчү уюмга кайрылып, стикерди алмаштыра алат”, - дейт Бишкек Мамсанэпидемкөзөмөлдүн жогорку категориядагы санитардык врачы Үмүт Сатыбалдиева.

Элестетип көрсөңөр: эки кошуна кафенин эшиктеринде эки башка стикерлер чапталган. Кардар рейтинги жогорураагын тандай тургандыгы талашсыз. Ал эми рейтинги төмөнүрөөкдүн ээсине мыкты болууга умтулуудан башка арга жок.

“Эгер ал “бардык талаптарга жооп берет” деген смайликти албай турган болсо, анда кардарларын жоготуп алат, атаандыштыкка чыдабай бул тармактан кетиши керек болот, же ишкерликтин башка түрүн өздөштүрүшү зарыл болот. Атаандаштык азыр курч, ак ниеттүүлөр жана бардык талаптарды аткаргандар гана иштеп кете алышат”, - дейт Үмүт Кадыровна.

Инспекторлор, эмне үчүн “кайгылуу” символду алып калганын түшүндүрүп, абалды кантип оңдосо болоорун айтып беришет. Бирок текшерүү учурунда олуттуу кооптуу нерселер табылса, же мурдагы текшерүү учурунда берилген кеңештер эске алынбаса, анда коомдук тамактануу жайын жапканга чейин кескин чаралар көрүлүшү мүмкүн.

Бул киргизилип жаткан жаңы нерсенин дагы бир артыкчылыгы – текшерүүчү органдардын иш алып баруусу ачыкка чыгат, анткени текшерүүнүн жыйынтыктары элдин назарына коюлууда. Бул текшерүүлөрдү жүргүзгөн кызматтагы адамдардын жоопкерчилигин арттырат, деп эсептешет документти иштеп чыккандар.

Сөзсүз, бул жаңы тутум иштей башташы үчүн алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек болот. Кардарлар рейтингдик маалыматтын маңызын жакшы билип, анын сөзсүз болушуна көнүп, коомдук тамактануу жайы стикерди көрсөтпөй турган болсо тийиштүү тыянак чыгарышы керек.

Эгер кардар кафеде, барда же тойканада стикерди көрбөсө, же рейтингдин тууралыгынан күмөн санаса, керектүү маалыматтарды Мамсанэпидемкөзөмөлдүн сайтынан (www.dgsen.kg) таба алат. Өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жана тапшырылган стикерлер тууралуу маалыматтар ал жакта бардыгына жеткиликтүү болгондой жайгаштырылат. Эгер ишкер кардарларына калп айта турган болсо, бул нерсе коомдук тармактарда дароо эле бардыгына маалым болот.

Ошентип, мындай учурларда административдик ресурска караганда коомдук пикир батыраак да, алгылыктуураак да иштейт.

Этап этабы менен киргизилет

Бардык эксперименттин алдында текшерип көрүү керек. Ошондуктан схеманы этап этабы менен киргизүү каралган.

“Токтом кабыл алынгандан кийин бир жыл аралыгында бул схема Бишкек жана Ысык-Көл областында колдонулат, бул аймакка чет элдиктер көп келишет эмеспи, алар болсо бул система менен жакшы тааныш. Смайликтер көбүрөөк туристтерди тартканга өбөлгө болот деген ойдобуз. Экинчи этабында бул схема бүт республикада колдонула баштайт”, - деди Экономика министрлигинин өкүлү.

Кайсы бир убакыттан кийин талдоо жүргүзүп, жаңы кадамдын натыйжалуулугун аныкташ керек болот.

Белгилей кете турган нерсе, долбоорду ишке ашырганга мамлекеттик бюджеттен каражаттар сарпталбайт. Стикерлерди жасаганга гана бир аз чыгым кетет. Бул ишти Улуубритания жана Швейцария өкмөттөрү каржылаган Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча IFC долбоору колдоого алган.

Эл аралык тажрыйба

Сунушталып жаткан тутум Улуубритания, АКШ, Голландия, Дания, Литва сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келет.

АКШда коомдук тамактануу жайларын текшерүү боюнча адистешкен инспекциялык органдар A дан F га чейинки класстардын тамгалык тутумду колдонушат.

Литвада 0 дөн 5 ке чейин баалар коюлган стикерлер колдонулат. Рейтингди белгилөөдө төмөнкү нерселер эске алынат: тамак-аш продуктылары менен иштөөдө гигиенанын сакталышы, бул нерсе тамак-ашты даярдоону, аны кайра ысытууну жана сактоонуу да өзүнө камтыйт; объектилердин жана имараттардын тазалыгы жана абалы (пландаштырылышына, вентиляциясына, колду жууп тазалоо жана зыянкечтер менен күрөшүү каражаттарына да көңүл бурулат); сатылган же сунушталган тамак-аштын коопсуздугун күбөлөгөн тутумдун болушу.

“Улуубританияда мен стикерлерди кафе менен тойканалардын витриналарында жана эшиктеринде көргөн элем, - дейт Кубат Шатманалиев. – Аякта тамак-аш гигиенасына квалификациялык баа берүү ишине жергиликтүү компаниялар сөзсүз катышат. Улуубританиянын тамак-аш стандарттары боюнча агенттиги (FSA) продуктыларды саткан же коомдук тамактануу жаатында иш алып барган компанияларга 0 дөн 5 ке чейин рейтнг ыйгарышат. Жогорку баа алалбаган көмпанияларга өзгөчө катуу көңүл бурулат”.

Жакында FSA өзүнүн башкы илимий кеңешчиси профессор Гай Поппинин докладын жарыялады, анда тамактануу гигиенасынын баасы (FHRS) тамак-аш продуктыларынын коопсуздугуна кандай таасир эткени каралган.

“Тамактануу гигиенасына баа берүү схемасы бүт өлкө боюнча кардарларга пайда алып келди, адамдар рейтинги жогорураак жайларды тандап алганга мүмкүнчүлүк алышты. Бул, өз кезегинде, тойканаларды жана тамак-аш өнөр жайындагы башка ишканаларды кардарларды тартыш үчүн гигиена стандарттарын жакшыртууга мажбур кылды”, - дейт адис.

Тамак-аш продуктыларынын гигиенасына баа берүү тутуму Улуубританияда 2010-жылы айрым аймактарда колдонуудан башталган, бара-бара жаңы аймактар кошулуп турган. Учурда 430000 баа берилген, алардын 67%ы “5 – эң сонун” деген бааларды алышкан, ал эми 95%ы “3 – жалпысынан канааттандырарлык” жана андан жогорку бааларды алышкан. Баалоо тутумунун колдонулушу ишканалар тараптан тамак-аш продуктыларынын коопсуздугун туруктуу түрдө сакташына алып келди деп айтылат докладда. 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине