Пандемия убагындагы туризм

01:14, 7 Июля

Кыргызстанда туристтик сезон кайнап турган учуру. Бирок өлкө боюнча пансионаттар, санаторийлер менен эс алуу үйлөрү ээн бойдон калууда. Март айынан тарта мамлекеттик чек аралар жабылгандыгына байланыштуу Кыргызстанга чет элдик туристтердин келүүсү токтогон.  Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда,  2020-жылы туристтик тармакты 80 пайызга чейин төмөндөө күтөт, же,  бюджетке жарым миллион доллар салык түрүндөгү каражат  түшпөй калат.

Бирок башкы маселе – туристтик тармак аман калабы? Бул маселеге ишкерлер менен туристтик операторлор жекеме-жеке кабылган. Азырынча, аталган тармактын ишкерлерине мамлекет эч кандай жардам көрсөтө элек. Бул жылы ата-мекендик ишкерлер негизинен жергиликтүү эс алуучуларга басым кылууда, ага байланыштуу, өз кызматтарына болгон бааларды дээрлик жарымына чейин түшүрүүдө.

Жыргалаң – тынчтык жана бейпилдик

Жыргалаң шахтердук кыштагы тууралуу биздин гезит такай негизде жазып келет. Союз урагандан кийин 20 бою аталган кыштактын жашоочулары жокчулукта жана депрсессияда жашап келишкен.  Алты жыл мурун Эмил Ибаков бул жерде туризмди өнүктүрө баштаган, адегенде кыш мезгилинде гана иштесе, ал эми азыр жыл бою туристтери кабыл алат. Убакыт өткөн сайын, бул демилгеге бир нече жергиликтүү жашоочу дагы кошулуп, бул жерде 11 конок үйүнөн турган Жыргалаң Дестинациясы пайда болгон. Жыл сайын жүздөгөн туристтер бул алыс жерде жайгашкан кыштакка эс алууга келип, кышкысы лыжа жана сноуборд тебип, ал эми жазында, жайында жана күзүндө эң кооз капчыгайларга болгон жөө жүрүштөргө чыгышат.

Жыргалаң Дестинациясынын негиздөөчүсү Эмил Ибаков айтат: «Кыштактын жашоосу жакшы жакка өзгөрдү. Биринчиден, эл кайтып келе баштады, үйлөрүн каттап, Кызыл китептерди ала баштады. Экинчиден, турак-жайга болгон баа көтөрүлдү, бир үй үчүн болгон баа 1-1.5 миллион сомго чейин жетет».

Бир нече жыл мурун, Италиянын бир жараны Жыргалаңдан эски үйдү сатып алып, аны кайрадан жабдуулап, «Беймарал» конок үйүн уюштурган. Ал ушул кышта иштей баштаган. Бирок коронавируска байланыштуу, үйдүн кожоюну азырынча Кыргызстанга келе албай жытыптыр. Алар дагы бир үй сатып алып, ал жерде ресторан ачууну пландап жатышат.

Жыргалаңда кышкы сезон абдан жакшы өттү. Лыжа тебүү үчүн дүйнөнүн бүт жагынан туристтер келип жатышты. Бирок, карантин киргизилгендигине байланыштуу, март айында келе турчу коноктор келбей калышкан. Ал эми, коронаврируска байланыштуу жайкы турлар дагы токтотулгандыгы белгилүү болгон.

«Коронавирус биздин пландарыбызды абдан өзгөрттү. Эмне болсо дагы иши жок калбаштын айласын табуу үчүн, биз жергиликтүү туризмди өнүктүрүүнү туура көрдүк. Буга карата, былтыркы жылдарга салыштырмалуу эс алуу, тамак-аш жана кымыз менен дарыланууга болгон бааларды 50 пайызга чейин төмөндөттүк. Бул кадам менен жергиликтүү жашоочуларды кызыктыра алдык, эми эл саамал ичүүгө келе баштады»,-дейт Эмил Ибаков.

Ал кыргызстандыктарды бул кереметтүү жерге келип кетүүгө чакырат.

-Жыргалаң бийик тоолуу аймакта жайгашкандыктан, биздеги аба-ырайы Чүй же Ош облусуна караганда салкын. Климаттык шарттар боюнча, Чүй облусуна июнь айы келген учур болуп турган кезде бизде май айынын аба-ырайы болот. Анан дагы бизде бир ай пайдалуу саамал ичүү сезону болот. Бизде чөп жаңыдан эле көтөрүлө баштады, ал жайы бою саргарбайт жана катыбайт. Жыргалаңдын башкы өзгөчөлүгү ушунда.  Биздин конок үйлөрүбүз баардык шарттар менен камсыздалган – жарык, жылуулук, ысык суусу жана дааратканасы бар жакшы номерлер, жана мунун баары 2350 метр бийиктикте жайгашкан. Кыргызстанда тоолу аймакта шаардыкындай шарттары бар жерди табуу оңой эмес. Бизде 4G  интернет бар, үйүбүзгө Кыргызтелекомдун оптикасын тартып келгенбиз. Айта кетсем, бизге фрилансерлер көп келет, алар интернет менен колдонуп, бул жерде жашайт. Башкача айтканда, күндүз алар жүрүштөргө чыгып эс алышат, ал эми түнкүсүн иштешет. Жумушу онлайн негизде болгон кыргызстандыктарды чакырат элем, сиздер бул жерде эс алып  дагы, иштей да аласыздар.

Ички туризмди өнүктүрүүдөгү каталар

«Тоолук кластер» ассоциациясынын президенти Михаил Халитов Кыргызстанда ички туризм өнүккөн эмес деп эсептейт.

«Ички туризм биздин жарандардын эс алууга болгон конституциялык укугунун негизинде өнүгүшү керек. Совет доорунда бизде эмгектенген адамдардын ден-соолугун калыбына келтирүүнү атайлап ишке ашырышчу эле. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз ушунда болчу. Ар кандай чарбалык субъектилердин коллективдерине Кыргыз Республикасынын аймагында эс алуусун компенсациялоосу үчүн чегерүүлөргө жол бериш керек. Мындай протекционисттик чаралар Орусия Федерациясында, Казакстанда, Беларуста бар. Эгерде кандайдыр бир уюмдун кызматкери өз өлкөсүндө эс алып жатса, анын үй бүлөсүнүн эс алуусуна дагы кандайдыр бир өлчөмдөгү компенсация чегерилет, алар уюмдун кызматкери болбогон күндө дагы. Ал жерде ички туризм ушундай жол менен стимулдаштырылган. Биздин мамлекетте бул тажрыйба колдонулбайт. Биз бул Орусия, Казактанда колднулуп жаткан чараны жалгыз эле Кыргызстандын ичинде эмес, Евразия экономикалык биримдигинин аймагында киргизсек деле болмок. Элестетиңиз: орусиялыктар бизден эс алып кетип, ал эми өз өлкөсүнө барганда компенсация ала алышат. Же биздикилер Орусия же Казакстанда эс алып келип, ал эми Кыргызстанга кайра келгенде биздин мамлекет, ишкана алардын эс алуусу үчүн чыгымдарды компенсация катары чегерип бермек.  Бирок биз мындай чечимди жада калса өзүбүздүн мамлекетибиздин деңгээлинде кабыл ала албай жатабыз, ал эми Туризм департаменти, маданият министри, жада калса андан жогору турган башкармалык бул тууралуу билет. Биз ар бир иш-чарада бул идеяны сунуштайбыз. Бирок бул келечкте гана карала турчу нерсе”,-дейт Михаил Халитов.

Халитовдун айтымында, туристтик потенциалды сактап калуу үчүн кызмат көрсөтүү стандарттарынын сапаты, санитардык, экономикалык инфраструктура тууралуу дагы ойлонуу керек.

“Бизде акылсыз колдонулуп жаткан өндүрүш кубаттуулуктарын кайра карап чыгу керек, ошондо биз бул оор мезгилди жеңилирээк көтөрө алат элек. Ал эми бизде туризм башаламандык негизде өнүгүп жатат. Кандайдыр-бир туристтик фирмалар иштеп жатат, мейманкана, ресторан бизнеси өсүп жатат, бираз искусство, маданият жана башка. Ал эми туристтер үчүн бааны көтөрүүнү түзүүдөгү чынжырчанын башка жерлери иштеген жери жок. Башкача айтканда, авиация өз алдынча, жол курулушу өз алдынча, энергетика өз алдынча өнүгүүдө. Менин биздеги туризм кандай өнүгүп жаткандыгы тууралуу сүйүктүү мисалым бар: эгерде сиз Караколго жаңы курулган Балкычы-Корумду жолу аркылуу барып көрсөңүз, ал жерде сонун, жаңы жол салынган. Корумду айылы бүтөөрү менен жаңы жол дагы бүтүп калат. Ал эми 300 метрден кийин “Охотный двор”, “Синегория” жана башка пансионаттар тобуна болгон бурулуш бар. Ал 300 метрди долбоорго кошуп койсо болот элего? Мейли, жол 100 чакырым эмес, 100 чакырым 300 метор болот эле. Анын эмнеси оор эле? Эл ыңгайлуу жетип алып турат эле, бул топ Ысык-Көл районундагы акыркы пансионаттар тобу. 300 метр жолду жасап койсо болот эле да! Жасашкан жок. Туризм кантип өнүгүп жаткандыгын көрсөткөн мисал ушул. А биз болсо көрсөтмөлөргө барып, туристтерге “башкаларга барбай, бизге келгиле” деп кыйын болуп коебуз. Эмне кереги бар? Туристтер үчүн күрөшүү керек. Туризм тармагында атаандаштыкка туруктуу болуу керек. А бизчи? Бизде туризм тармагындагы атаандаштык кандай ыкмалар менен жүргүзүлүп жаткандыгын караңыз. Тобо! Бизде атаандаштык куда-сөөк, ага-ини же прокурор тууганым деген деңгээлде өнүккөн. Дени сак атаандаштык жок!  Дагы бир мисал: биздеги туризм тармагындагы өндүрүш кубатуулуктары кандай колонулгандыгын караңыз, Ысык-Көлдөгү пансионаттар жылына 60 күн иштейт деген эмне? Алар жок дегенде 120-150 күн иштөөсү үчүн эмне жасалды? Эч нерсе. А бул жерде баш менен ойлонуу керек. Такыр башка идеялар керек. Бирок бул нерсе биздикилер жөнүндө эмесда. Аларда, чет жакка эс алып, жыргап-чардап же көргөзмөлөргө барууга жана башкага бюджет бар. Туризмди ушинтип өнүктүрүп жатабыз. Ал эми биздин туризм кризистик аблдарга такыр туруштук бере албай турган кырдаалга өзүбүздү өзүбүз алып келдик, андыктан таң калуунун кереги жок”,-деп жыйынтыктай Михаил Халитов.

Мамлекеттин колдоосу керек

Бүгүнкү күндө, туристтик бизнес мурун болуп көрбөгөндөй мамлекеттин колдоосуна муктаж. Бирок туризм тармагындагы бир дагы ишкер мамлекеттин же өкмөттүн жардамын сезген жок.

Бүгүн бизнесмендер биринчи кезекте салыктык жеңилдетүүлөргө муктаж болууда, анткени тармак иштеген жок, тескеринче, кардарлар жоголду. Экинчиден, банктык төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн жылдыруу керек. Анткени тармак иштебей, төлөөгө каражат жок.

Эгерде мамлекет бүгүн жардам бербесе, анда 30 жыл бою курулган туристтик тармагына “бүттү” деген белгини кое берүүгө болот.

Лейла Саралаева

Фото Абылай Саралаев

Бул чыгарылыш  «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт»  

 

© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине