Кышкы туризм: Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү

11:07, 5 Января

Фотосүрөттү тарткан Вячеслав Оселедко

Өлкөбүздүн туризм департаменти берген маалыматтарга ылайык, туристтердин 20% гана Кыргызстанга кышында келишет. Мындай аз сандын себеби төмөнкүдө - кышкы эс алууга кызыккандарды тартыш үчүн бизде керектүү инфраструктура жакшы өнүгө элек.

Ошону менен катар, кызматтарыбыздын көбү, ошондой эле туристтик аймактардагы мейманканаларыбыз жайкы эс алууга гана ыңгайлаштырылган. Буга далил катары Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарды алып көрөлү, кээ бири гана кышында да эс алуучуларды кабыл албаса, алардын басымдуу көп бөлүгү жайында гана иштейт. Буга карабай, адистердин баамында, кышкы эс алуу тармагында Кыргызстандын зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Баса, жакында эле Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Эл аралык тоо гиддер ассоциациялар федерациясына (IFMGA) мүчө болуп кирди. Кыргызстандын тоо гиддер ассоциациясы “USAIDдин ишкерликти өнүктүрүү демилгеси” долбоорунун алкагында ушуга жетиш үчүн тогуз жыл талыкпай иштеди.

Биздеги жаратылыштын шартында инфраструктураны өнүктүрбөй коюу – чоң чекилик болмок. Бул биздин – артыкчылыгыбыз. Ал эми кемчилигибиз тууралуу сөз болгондо адистер инфраструктурабыздын жоктугунан сырткары бизде заманбап тейлөөнүн жоктугун жана ошондой эле өзүбүздү дүйнөдө начар жарнамалай турганыбызды, өзүбүздүн ордубузду жакшы көрө албай жатканыбызды аташат. Адистердин айтымында, аталган маселелерди чече алсак жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген туристтердин саны эселеп өсмөкчү. Биздеги баалардын деңгээли жана жаратылышыбыздын кооздугу Кыргызстанды КМШ чөлкөмүндөгү бирден бир кышкы эс алууга ыңгайлуу өлкөгө айландырмакчы. “Кабар”дын маалыматтык-аналитикалык борбору кышкы туризм тармагындагы абал жана аны өнүктүрүү жолдору тууралуу суроолорду туризм тармагындагы адистерге узатты.

Бегимай Чыныбай кызы, «Акун Ысык-Көл» мейманканасынын директору:

- Инфраструктураны өнүктүрүш үчүн инвестиция керек. Ал эми ал үчүн – мыйзамдар иштеп, ишкерлик корголушу зарыл. Кандай гана инвестор болбосун ал, биринчиден, өзүнүн жана бизнесинин коопсуздугун ойлойт. Андан кийин бизнестин кирешелүүлүгү тууралуу маселе жаралат. Эгер бул эки багыт тең сакталса, бизнес кышкы туризмди өнүктүрүүгө кызыгышы мүмкүн. Бул жаатта Өкмөттүн мамилеси чоң роль ойнойт. Көп учурда өкмөт өзү демилгечи болуп бизнести кызыктырышы керек. Буга жер участкаларын бөлүп берүүдө, насыяларды берүүдө, текшерүүлөрдү азайтууда жакшы шарттарды түзүү, дүйнөлүк деңгээлде жарнамалоону ийгиликтүү жүргүзүп, кызыктуу долбоорлорду сунуштоо (мисалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну сыяктуу) ж.б.д.у.с. кирет. Ошондой эле туристтердин коопсуздугун камсыздоону колго алыш керек болот. Ар-бир турист өзүнүн талаптары менен келет, биз аларды канааттандырганды үйрөнүшүбүз зарыл. Шүгүр, табигый абалдагы жаратылышты изилдөөдөн, экотуризмден баштап спорттун экстремалдык түрлөрүнө чейинки бир катар туристтик долбоорлорду биздин өлкөдө өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Ошол эле кезде туризмдин бардык багыттары бир өңчөй өнүгүшү керек.

Игорь Борисов, КР лыжалык спорт федерациясынын президенти:

Өткөн жылдарга салыштырмалуу кышкы туризм бизде өнүгө баштады. Бул жактан алганда так ушул лыжа тебүү спорту жана биздин тоо лыжа базаларыбыз алгылыктуу иштерди алып барып жатышат. Кыргызстандыктар дагы лыжа тебүү спортуна көбүрөөк көңүл бура баштады. Бирок спорттун кышкы түрлөрү жана кышкы туризм бизде жакшы өнүгүп жатат деш азырынча эрте. Баарыбызга белгилүү болгондой, кышкы туризмдин өзөгү болуп спорттун кышкы түрлөрү эсептелет. Жалпы тармактын өнүгүүсү так алардын өнүгүшүнө байланыштуу. Бүгүн болсо лыжа спорту боюнча биздин курама командабызга кээде машыгуу өткөрүш үчүн жер табылбай калат. Керектүү талаптарга кайсы бир деңгээлде жооп берген тоо лыжа базаларыбыздын бардыгы жеке менчикте. Алардын ээлери дайым эле бизге лыжа трассаларын берүүгө макул боло бербейт. Ал эми биздеги “ЗИЛ” базасындагы шарттар бир аз жетишсиздик кылат, ал тоо лыжа спортунун бардык түрүнө жарай бербейт. Ушуга байланыштуу өлкөбүздө жакшы лыжа трассаларына муктаждык бар. Эгер өкмөт өзү аны кура албаса, анда аларды курууга башкаларга бардык шартты түзүп бериши зарыл. Талаптарды азайтып, жөнөкөйлөтүү керек. Мисалы, лыжа трассасын жасап жатканда бактарды кыюуга тыюу салынган. Бирок эгер трассанын жолунда бир-эки бакты кыйыш керек болуп калса, уруксат берген туура болмок.

Кышкы туризмди өнүктүрүш үчүн өлкөдө лыжа спорту боюнча эл аралык мелдештерди да уюштуруп туруу зарыл. Мындай мелдештерге ар-кайсы өлкөлөрдөн спортчулар катышат, бул бекер жарнама. Спортчулар Кыргызстан тууралуу башкалар менен пикир бөлүшөт. Бул кышта биз Орловка тоо лыжа базасында эл аралык ачык мелдештерди өткөрөлү деп жатабыз. Бул база эл аралык тастыктоодон өтүп, эми анда мелдештерди өткөрсө болот, Каракол базасы болсо мелдештерди өткөрүүгө азырынча көп ынанбай жатат. Ооба, өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүү бир топ каражаттарды талап кылат, бул узак мөөнөткө эсептелген кымбат баалуу долбоор. Бирок ал кийин өзүн актайт, өлкөнүн аброю өсөт, жаңы жумуш орундары ачылат, өлкөнүн бюджети толот.

Алена Штраус, «Ak-Sai Travel» компаниясынын mice&marketing бөлүмүнүн жетекчиси:

- Туристтердин Кыргызстанга кызыгуусу чоң, жана алардын саны жыл санап өсүүдө. Кышкы туризмди алсак, ага да кызыгуу бар. Жарнама жагынан биз КР маданият министрлигинин туризм департаменти менен тыгыз иш алып барабыз. Бул жакта аталган департамент чоң иш кылып жатканын белгилей кетким келет. Туристтер негизинен Караколдогу тоо лыжа базасына жана Heli ski га кызыгууда. Heli ski – бул тик учактан тоонун бооруна секирип анын таманына чейин лыжа менен түшүү. Бул негизинен чет элдиктер арасында популярдуу, анткени аларга табигый жаратылышта лыжа тебүү өтө кызыктуу. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан туристтер бизге негизинен Орусиядан жана Казакстандан келишет.

Азамат Жаманкулов, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору:

- Жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга 1,9 млн туристтер келди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу көп. Мурдагы жылдардагы маалыматтарды талдап чыгып, туристтер биздин өлкөгө негизинен жай маалында келээрин байкадык. Ушуга байланыштуу өкмөт кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралардын планын иштеп чыккан. Бизге аларды ишке ашыруу боюнча тапшырма берилди. Учурда өлкөдөгү бардык тоо лыжа базалары менен иштеп жатабыз. Аладын даярдыгы боюнча мониторинг иштерин такай жүргүзүп турабыз. Өлкөбүздө бардыгы 23 база бар, алардын 15и иштеп жатат. Андан сырткары, кышкы туризмге кызыгууну өстүрүш үчүн бир катар иш-чараларды, алардын катарында кышкы эл аралык фестивалды өткөрүүнү пландап жатабыз. Жарнама жагынан да көп иштерди жасап жатканыбызды айткым келет. Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм уюштурган бардык форумдарга, бет ачаарларга катышып жатабыз. Биздин адисттер коомдук тармактарда да иш жүргүзүп, биздин бардык өнөктөр менен, туристтик агенттиктер менен тыгыз кызматташып келишет. Жалпылап айтканда, колубуздан келгендин бардыгын жасап жатабыз.

Жогоруда белгиленгендей, бул тармакта Кыргызстандын зор мүмкүнчүлүктөрү бар. Туризм тармагына чоң көңүл буруп, бат өнүгүп жаткан өлкөлөргө окшоп, Кыргызстан дагы бул тармакты өнүктүрүүгө басым кылышы зарыл. Мисалы, Сочиде жайгашкан “Роза-Хутор” тоо лыжа базасы, орус ЖМКларынын маалыматы боюнча, 2016-17-жылкы кышкы туристтик сезондо 800 миңге жакын туристти кабыл алган. Кемеров областындагы “Шерегеш” курортунун көрсөткүчү мындан да таңгалыштуу, ал жылына 1 миллиондон ашык туристти кабал алат. Буга байланыштуу Кыргызстан дагы тоо лыжа мүмкүнчүлүктөрүн толугурак колдонуу тууралуу ойлонушу керек.

«Кабар» маалыматтык-аналитикалык борбордун материалдарынын негизинде 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине