Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: белгилүү болуп калган брендди, кантип берип койдук?

14:44, 15 Сентября 2018

Мына көптөн бери күткөн Көчмөндөр оюндары да аяктады. Ар бир чоң окуядан кийинкидей эле бул оюндарды, андагы окуяларды, көрүнүштөрдү дагы көпкө чейин эстейбиз. Чоң нерсе алыстан байкалат дегендей, этно оюндардын чыныгы маанисин кийинчирээк гана жакшыраак түшүнөт болушубуз керек.

Бирок да, Түркия сыяктуу ардактуу жана көрүнүктүү өлкө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары деген брендибизди алганына, эмне үчүн, кубангыбыз келбейт. Эл аралык деңгээлдеги оюндарды өткөрүүгө ансыз да тартыш бюджеттен акчаларды эми караштырбайбыз, Кырчынды миңдеген буттар тепселеп, эми такыр кылбайт деген ойлор да, негедир, сооротпойт. Этно оюндарды уюштуруу тууралуу кыргыздардын идеясы өсүп-өнүгүп жатканына, балким ал келечекте Олимпияда сыяктуу абройлуу кыймылга айланаарына да сыймыктансак болот эле го?..

А себеби... Дүйнөдө башка мындай нерсе жок, өзүбүз түптөп, дүйнөгө тааныткан, өлкөбүздүн элин бириктирген күч болгон, балким да бардык көчмөндөрдү, а бул болсо Еразиянын жарымы, бириктире ала турган өлкөбүздүн брендин башкага берүү – бул чоң катачылык болду, бул алысты көрө албаганыбыз.

Мындай чечимди аталарыбыздан бери уланып келе жаткан улуттук дөөлөттөрдүн негизинде элди бириктирүү идеясын түшүнбөгөн адамдар кабыл алды. Көз карандысыздыкка жеткенибизге 27 жыл болду, а биз алигиче: Биз кимбиз? деген маанилүү суроого жооп таба албай келебиз. Көчмөндөр оюндарын өткөрүү бул суроого жооп бербесе да, биз кимдигибизди, бул дүйнөдөгү ордубузду сезгенге жакшы мүмкүнчүлүк берди. Бирок бул рухий өзөктү түзгөн нерсе бардыгын эле кызыктыра бербейт окшойт.

Бул маселенин материалдык, практикалык жагы да бар. Бул зор нерсе акыры кыймылга келип, дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурдуруш үчүн Кыргызстанга, кыргыз элине үч жолу чымырканга туура келди. 2014-жылдан бери, болгону 4 жылдын аралыгында өлкөбүзгө, маданиятыбызга, тарыхыбызга дүйнөлүк элдин аздан болсо да көңүлүн бурдуруп, кызыгуусун жарата алдык. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна тогуз миң турист келип катышты, же башкача айтканда, төрт күндүн ичинде өлкөнүн бюджетине кеминде 4 миллион доллар киреше келип түштү. Ал эми дагы канча адам Кыргызстан тууралуу биринчи жолу угуп, өлкөбүзгө келгиси болду экен? Ооба, мамбюджеттен чыгымдар болду. Бирок акылкөйлүк менен иш кыла турган болсок, бул акчалар эмки оюндарда киреше алып келе алат эле.

Бул кайгылуу окуяга бардыгыбыз күбө болдук, ал кыргызстандыктар үчүн жакшы сабак болушу керек. Көчмөндөр оюндарында саясатка орун болбойт, ал таза жана адилет өтөт деген ойдо элек. Бирок бүгүн оюндардын өзү саясатчылардын оюнчугуна айланып, бизге сырттан өз ойлорун таңуулай башташты...

Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине