Аликбек Жекшенкулов: «Менин Президентке айтчу сөзүм бар»

12:28, 24 Февраля 2015

«Акыйкат» партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов  акыркы мезгилде интервьюну аз берип калды, ал эми элдин алдына андан да аз чыгат. Өзүнүн унчукпагандыгын – баскан жолун талдап, келечек тууралуу ойлонуп жатканын, кээде эс алуу да керек деп билдирди. Мурдагы тышкы иштер министри Жекшенкулов өзүнүн айрым корутундулары туурасында  биз менен бөлүшүүгө макул болду. 

Бакиевдин мезгили тууралуу

- Аликбек Жекшенкулович, сиздин акыркы иштеген расмий жумушуңуз – 2005-2007-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматы. Бул кызматтан эмне үчүн кеттиңиз же сизди кетириштиби?

- Мен да эмне үчүн мындай болгонун көп ойлондум, анан, мунун баары менин принциптеримдин айынан деп түшүндүм. Анткени,  мен жеке бир жетекчиге эмес, дайыма мамлекетке кызмат кылууга умтулчумун. Эгер эсиңерде болсо, март революциясынан кийин дароо эле көптөгөн чиновниктер кызмат сурап чуркашкан. Мен чуркаганым жок, болуп өткөн окуялар туурасында ойлондум. Андан бир ай өткөндөн кийин мени Бакиевге чакыртышты. Ал, көп нерсе өзгөргөндүгү туурасында бир топ кооз сөздөрдү айтты, мындан кийин да иш жакшы болуп, көп өзгөрүүлөр болоорун айтты да, тышкы мамилелерди жөнгө салууда жаңы бийликке жардам  берүүнү суранды. Анда элде көп үмүт бар болчу. Мен да жалпы маанайга кошулуп, макул болдум. Бир нече айдан кийин мени тышкы иштер министри кылып дайындашты. Ошол кезде ТИМ тынбай иштеп баштады деп айтса болот.  Ал учурдагы олуттуу, баарына маанилүү аткарылган иштердин бири – Бишкекте 2007-жылы ШКУну өткөргөнүбүз болду. Анда ШКУ өткөрүү укугу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кызуу талаш жүрүп жаткан. 2005-жылы марттагы жана Андижандагы  окуялардан кийин, саясий жана экономикалык колдоо алуу максатында  кайсы өлкөгө дүйнөлүк державалардын башчыларынын келээри абдан маанилүү болчу. Ошондо биздин министрлик жакшылап иштегени көрүндү.

- Анда эмне үчүн Бакиевдер сиздин кетишиңизге жол берди?

- Менин кетишиме үч себеп болду. Биринчиси, 2005-жылы күзүндө америкалык авиабазанын мөөнөтүн узартуу же узартпоо туурасындагы маселе көтөрүлгөндө, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн АКШ ВВС самолетторуна авиа күйүүчү майларын куюу боюнча жеке кызыкчылыктары басым кыла баштады. Мен анда, Максимдин командасын буга жолотпоо керек деп айткам. Мына ушул жерден биздин пикирлер кайчы келип калды. 

Бакиевдерге жакпай калган экинчи учур, мен, ТИМдин министри болуп туруп, Хиппик программасына кирүүгө ачык каршы чыкканым болду. 

- Ооба, эсимде, биздин Хиппик программасына кире турган болсок, бизден тышкы карыздардын баарын кечип салышат дешкен болчу. Кулов премьер- министр болуп турганда бул маселе үстөмдүк кылып жатса керек? 

- Ошол кезде, Бакиев, биздин карыздарды жоюу үчүн негр болууга даяр экенин айткан эле. Биз бул маселени кылдат изилдеп чыктык, бир катар суроолорду эл аралык  каржы борборлоруна жибердик жана Хиппиктин катышуучусу болуп турган 30 мамлекеттин бири да өнүгө албаганын көрдүк. Тескерисинче,  эл аралык корпорациялар алардын табигый ресурстарын басып алышкан экен. Биз, мындай биздин да өлкөдө болушу мүмкүн деген тыянакка келип, мен бул сунушка ачык каршы чыктым. Жана, үчүнчү себеп, мен бир катар элчиликтердеги жана ТИМдеги адистик саясатка карата өз пикиримди айтып чыккам.

- Элчи болуп шайланган журналисттерге каршы чыктыңызбы?

- Аларга каршы дагы. Алар көп адистерди түртүп киргизишти. Президенттик үй-бүлөнү үймөлөктөгөндөр өтө көп болчу, анын көбү дипломаттык кызматка тургусу келди, анан алар үй-бүлө аркылуу өз максаттарына жете башташты. Мен бул процесске каршы чыгуу менен, жараксыз болуп калдым. Бирок, андай болгонуна мен өкүнбөйм. 

- Сиз кеткенден кийин ТИМ ди башкарууга жеңил адамдар жетектеп калышты…

- Өз кесиптештериңди сыноо туура болбой калат го. Кыскача айтканда, ал кезде министрлер саясий фигуралардан техникалыкка айланышчу.

- Бакиевдер АКШнын кол куурчагы болчу деген да пикирлер айтылууда. Ушундайбы?

- Мен мындай деп эсептебейм. Алар өз ач көздүгүнүн курмандыктары болуп калышты жана өлкөнү үй-бүлөлүк саясий бюро башкарып калды. Мына ушундан улам жаман көрүүлөр, бир туруп, Орусияга баш ийип, таазим кылса, бир туруп Кытайга тизе бүгө баштады, аларды кабыл албай койгондо АКШга жөнөштү. Дипломатиялык алакалар түзүлгөн өлкөдө, өкмөттө, президенттин тегерегинде эмне болуп жаткандыгын бир гана үч держава: АКШ, Орусия, Кытай гана карап турбайт, бул бардык мамлекеттерге тиешелүү. Алар мамлекеттеги бардык кырдаалды көзөмөлгө алып турушат. Бул боло турган эл аралык  практика. Ал кезде биздин мамлекетте эмне болуп жатканын өзүңөр эстегилечи. Албетте, ошого жараша дүйнөлүк коомчулуктун реакциясы болгон, аларды көпчүлүк мамлекеттер кабыл алгысы келбей калган.

- 2009-жылы мартта сизди жазык куугунтуктоосуна алышты, анда сиздин сыйлыкка алган куралдан түрк бизнесмени өлтүрүлгөн деген ойдон чыгарылган себепти шылтоо кылышты. Сизди камашып, СИЗОдо отурдуңуз. Ушул мезгил туурасында окурмандарга айтып өтсөңүз.

- Бардыгы 2008 –жылы башталды. Ошол кезде оппозициялык күчтөр Орус драма театрында жана Спорт ордосунда эки курултайды ийгиликтүү өткөрүп алышкан эле. Мен штаб начальниги, бул иш-чаралардын башкы уюштуруучусу  болчумун, анда Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн үй-бүлөлүк-криминалдык режими катуу сынга алынган. Ошондуктан, мени четке чыгарууну чечишти.  Алгач менин бир тууганымды ойдон чыгарылган шылтоо менен кармашты, бирок ал таасир эткен жок. Андан кийин уулума каршы иш козгошту, бул да жардам берген жок. Андан кийин мени алышты. 

- Сизге эскертүү беришти беле?

- 2009-жылы  февралда мага Максим менен Жаныштын чабармандары келишип, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуш кылышты. Мен жолугушуудан баш тарттым. Андан кийин мага мындай деп сөзмө-сөз айтып келишти:  «Жеке эч таарыныч жок, бул болгону  бизнес». 7- март күнү телефон чалып, 8-мартта келишимди талап кылышты. 9-март күнү эртең менен аялыма эч нерсе айтпай, жылуу кийинип, калың күрмөмдү алып алып, ИИМге келдим. Ошол эле күнү мени камап,жарым жылга отургузуп коюшту. 

- Бакиевдер эмнеден коркушту эле? Сиз аларга чыныгы коркунуч жараттыңыз  беле?

- Бул шайлоонун алдындагы учур болчу. Президенттик шайлоо болмок. Бакиевдер олуттуу оппозиициялык фигураларды четтетип жатышкан. Мени шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин гана бошотушту.

- Темир  тордун артында отуруп, оңой кутулдум деп ойлобойсузбу? Ошол мезгилде канчалаган саясатчылардын көзүн тазалап коюшту?!

- Мүмкүн, ошондойдур. Бирок, жеке мен үчүн саясатчы катары, турмуштук чоң сыноо болду.

- 2010-жылы 16-мартта Биринчи май соту сизди түрк бизнесменини өлүмүнө тиешеси жок деп тапса да, сизди 5 жылга шарттуу соттошту. Анан, сиздин ал соттолгонуңуз эмне болду?

- Экинчи инстанциядагы Бишкек соту мени толугу менен актап чыккан.

- Сиз оппозицияда жүрдүңүз, жашооңузду тобокелдикке салдыңыз, куугунтукка алындыңыз. 2010-жылы 7-апрелде эмне үчүн бийликке келген жоксуз?

- Ушул төңкөрүштөрдүн убагында мен көп нерсени ойлонуп, кайра баалап чыктым, мен үчүн адамдардын бийликке кандай жол менен келгени өтө чоң мааниге ээ.

2010-жылы 7- апрелде мен ооруканада жаткам. Анан эле, палатага жардамчым кирип келди, колунун баары кан, көрсө биздин балдар аянтта жүрүшүптүр, алардын бири жарадар болгон экен. Ал жарадар болгон баланы ооруканага алып келиптир.  Ошондо, согуштук куралдар менен элге ок атып жатканын айтты. Мен дароо аянтка бардым, ал канга боелуп калыптыр. Топтолгон эл толкун сыяктуу, бир тосмого келип, бир кайра артка кетип жатты. Мен оппозициянын лидерлерин издедим. Болгону Болот Шер менен Мирослав Ниязовду таптым. Бир нерсе айтып, элге чыгып сөз сүйлөөгө аракет кылганым менен, ызы чуу, ок атылып жатат.  Башка лидерлердин  кайда экенин сурасам, азыркы өкмөт үйүнүн имаратында экенин айтышты. Ал жакка барсам, орун бөлүштүрүп башташыптыр. Ошондо, мен ичимден түшүнбөй калдым. Аянтта, элдин арасында жүрүшү керек болчу да алар. Мен аларды эл менен болгула деп айтууга аракет кылдым, бирок мени уккан киши болгон жок. Ар ким өз иши менен алек болуп жаткан экен, ага кезекке тизилип жатышыптыр. Көп бала курман болду. Мен да барып, курман болгон балдарды көмүүгө катыштым. 

Бир нече убакыт өткөндөн кийин мени Роза Исаковна менен Алмаз Шаршенович чакыртышып, тышкы иштер министрлигин башкарууну сунушташты. Мен баш тарттым. Ошол мезгилде көргөн кайгыдан, энелер менен балдардын көз жашынан улам катуу толкунданып жүргөм, болуп өткөн нерселер ичиме сыйбай жатты. Мүмкүн, менин баш тартуума ушул себеп болгондур. Билем, алар таарынып калышты. 

Бийлик тууралуу

- 2013-жылы августта сизди жаштар курултайынын уюштуруучуларынын бири деп аташты. Андан кийин, ушул курултайдын кайсы бир тобу Нарын дарыясын цианид менен ууландырууга аракет кылган деген маалымат пайда болду. Алар Кумтөрдүн экологиялык зыяны ушул жерге чейин жеткенин элге көргөзүшмөк экен. Бул операцияны «Юпи-гейт» деп аташыптыр. Бул кадамга эмне үчүн бардыңар?

- Бул туура эмес маалымат. Мен уюштуруучу эмес болчумун, мени мейман кылып чакырышкан. Мунун айырмасы чоң. Курултайды жергиликтүү жаштар уюштурушкан.  Мен өзүм Нарын областынанмын, бала кезимде Соң-Көлдө кой кайтарып жүрчүмүн.  Ал жерге көптөн бери бара элек болчумун, ошондуктан Соң-Көлгө чакыруу алганда барып, жаштарды угуп келейин деп чечтим. Мага жаштардын ойлонгону, аларды тынчсыздандырган маселелер, биздин өлкөнүн келечегин кантип элестетээри кызык болду. Ал жакта уюштуруучулардын арасында бир жаш жигит бар болчу, ал кийин өзү мойнуна алды, ал УКМК тапшырыгы менен бардыгын жаматты кылып, Юпи-гейтке байланышкан окуяны ойлоп табышыптыр.

- Б.а. анын дарыяны ууландырууга болгон пландары туурасында, айрым саясатчылардын катышы туурасында айткандарынын баары калп экен да?

- Бул жөн гана калп эмес, болбогон сандырак сөз. Сууну кантип цианид менен ууландыра алмак эле? Билимдүү ар бир адам, цианид сууда эрип, өз касиетин жоготоорун жакшы билет. Мүмкүн, бул провокациянын артында УКМКнын айрым жетекчилери да турса керек, бизди ЖККУ (Жамааттык коопсуздук туурасында келишим уюму) саммитинин алдында жаманатты кылалы дешсе керек. Бизди террорчу кылгылары келишти окшойт. Албетте, биздин атайын кызматтардын айрым  жетекчилеринин деңгээли ушундай экени өтө аянычтуу. Убакыт  бардыгын өз ордуна койду.  Калп менен ушак, кара пиар  таптакыр негизсиз болуп чыкты. Инсинуацияны менин каршылаштарым ыплас саясий интриганын куралы катары пайдаланышты. 

- Сиз азыркыга чейин бийлик тараптасыз. Эмне үчүн өлкөгө өз тажрыйбаңыз, акылыңыз менен пайда келтиргиңиз келбейт?

- Мага чынында ар кандай кызматтарга сунуштар түштү. Менин максатым – бийликте болуу эмес. Башкысы мамлекет менен коомго чыныгы пайда алып келүү.

- А сиз  Президент А. Атамбаев менен жолуктуңузбу?

- Акыркы жылдары биз Алмазбек  Шаршенович менен жолукпай калганбыз, эгер жолуксак, менин ага айтчу сөздөрүм көп.

- Сын пикирби?

- Ар кандай, анын ичинде сын-пикирлер да бар.

- Бүгүн оппозицияны   Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов, Акмат Келдибеков менен байланыштырышат. Сиз кандай ойлойсуз, өздөрү таза болбой туруп, алардын азыркы бийликти сыноого укугу барбы?

- Мен тараптан, аларга кандайдыр бир баа бергеним туура болбой калат. Анткени, алар башынан эле туура эмес абалды ээлеп калышты. Алар бүгүн куугунтукта. Бирок, ушул жигиттердин бардыгы, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде мамлекетке пайда алып келчү жигиттер болчу.

- Албетте, сын сөзсүз керек, бирок конкреттүү фактылар,далилдер керек. Сизде азыркы бийликтегилер туурасында ушундай фактылар барбы?

- Ооба, албетте. Мен аларды санап бере алам. Мисалы, энергетиканы алалы. Эксперттер, 2011-2014-жылдарда суу аз болгон жок  деп жатышат. Эмне үчүн жетекчилик боло турган кыйынчылыкты көрбөй, сууну сатып жиберди? Энергетика ушундай стратегиялык тармак, аны талдоо жана  болжолдоо иштери менен  алдын ала, канчалаган жылдар мурда алектенүү керек. Анын башкы парадоксу, биз Казакстанга электр энергиясы менен сууну арзан сатканбыз. Эми кымбат алып жатабыз. Дагы бир учур, эмне үчүн негизги маанилүү кызматтарга бийликти жаманатты кылчу адамдарды коюшат? Мисалы, КТРКнын башкы директору менен болгон акыркы жаңжал. Эмне үчүн тигил же бул адамдын  өмүр баянын, жөндөмдүүлүгүн, өнөкөтүн,психологиясын изилдешпейт?  Мына ушунун айынан дайыма адистик башаламандык болуп жатат. Андан кийин, мамлекетте криминогендик жагдай начарлап баратат, баңгитрафиги көбөйүп, тоноочулук гүлдөп жатат. Сот реформасы кулады, жердин баарында коррупция, паракорчулук. Экономикалык кризис келатат. Инвесторлордун саны эмне үчүн азайды? Эмне үчүн өнөр жай өнүкпөй жатат?  жада калса курулуш тармагында да көрсөткүчтөр төмөндөп кетти. Эмне үчүн жакырчылык өсүп жатат? Эмне үчүн бизде жумушсуздук көп, мамлекет кошумча жумуш орундарын түзбөй жатат? Эмне үчүн миграциялык процесстер күчөп кетти? Мына, азыркы бийлик  коомдун алдында жооп бере турган суроолордун толук эмес тизмеси ушул.

- Сиз кандай ойлойсуз, бул суроолор чечиле турганбы?

- Албетте, чечилет, негизги маселе адистерде. Баарына белгилүү  «Адистер бардыгын чечет» деген сөз – бүгүн биз үчүн өзгөчө актуалдуу.

- Сиздин оюңуз боюнча, президент өзүнө берилген команда топтоп жатабы?

- Бизде бүгүн көп мамлекет кызматкерлери бар, алар бирөө үчүн ыңгайлуу болбосо да, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн жакшы иштеп беришмек. Аттарын бирден атагым келбейт, бирок андай адамдар бар жана аз эмес. Алар бүгүн унчукпай отурушат,анткени бүгүнкү күнү сын пикир туура эмес кабыл алынат,ал эми конструктивдүү сунуштар бурмаланып жатат. Натыйжада эч кандай майнап жок. 

- Азыркы бийлик келген 5 жылдан бери жакшы эч нерсе жасалган жокпу?

- Бар. Эң чоң эмгеги – салыштырмалуу стабилдүүлүк. Бирок, бүгүнкү күнү баарынан мурда өсүп бара жаткан маселелерди чечүү керек.

Тышкы саясат тууралуу

- Ал эми өлкөнүн тышкы саясий курсу боюнча эмне айта аласыз?

- Биздин мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы чагылдырыла турган башкы стратегиялык документтердин бири – тышкы саясат Концепциясы. Акыркы жолу ал 2007-жылы жазылган. Андан бери эл аралык кырдаал да, биздин мамлекет да өзгөрдү, ага ылайык бул документ да олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болушу керек эле. Бул туурасында мен үч жыл мурда эле айткам, азыркыга чейин оңдоло элек.

Экинчиден, тышкы саясат боюнча негизги учурдардын бири биздин өлкөнүн Бажы жана Евразия экономикалык биримдиктерине кириши болду. Биздин ББ кире турганыбыз туурасында Өкмөт 4 жыл мурда эле айткан, бирок ушул жылдардын ичинде, тилекке каршы, өлкөнүн  буга кириши боюнча эч кандай даярдык болгон жок. 4 жыл мурда, мунайдын 1 баррели үчүн баа 100 АКШ долларынан ашып турганда, Орусия биздин аймактардын, экономика тармактарынын бул биримдикке кириши үчүн миллирддарды бөлүп бермек. Мына ушул мезгилдин ичинде инфраструктураны, өндүрүштү оңдоп, кошумча жумушчу орундарды түзүп  алса болмок. Биздин өкмөт болсо азыр гана, зор кечигүү менен бул маселелердин үстүнөн иштеп баштады. 

- Сиздин оюңуз боюнча, бажы жана Евразия биримдиктерине кирүү туура чечимби.

- Албетте, менин оюмча мына ушул стратегиялык жалгыз туура чечим. Албетте, ББ биринчи жылдар кыйын болот. Бул бир гана экономикалык, саясий долбоор эмес. Ага кирүү боюнча кеңири маалыматтык компания жүргүзүү керек, эмне үчүн кирип жатканыбызды, кандай кыйнычылык болоорун элдерге түшүндүрүү керек, бул келечекте биздин элге эмне берет? Азыр да кеч эмес. Бирок, ББ менен ЕАЭБга кирүү менен, биз бул өнүккөн мамлекеттердин мойнунда түбөлүк отура албай турганыбызды биз да түшүнүшүбүз керек. Алар өздөрү да мүмкүндүк беришпейт.

- Эгер сизге Кыргызстандын тышкы саясатынын Концепциясын түзүүнү сунуш кылышса, бул ишти колго алат белеңиз?

- Ооба, эгер мамлекетке керек болсо.

Геосаясат тууралуу

- Эл аралык мамилелер боюнча профессор катары, Украинада болгондорду кандайча баалайсыз?

- Украина эли бүгүн  Вашингтон баштаган геосаясий оюндун курмандыгы болуп калды. Украинанын Түштүк-чыгышында карапайым жашоочулардын – кары-картаңдар, аялдар, балдардын курман болуп жатканы эле Украинанын азыркы жетекчилигинин жоопкерсиздигин айтып турат.

Минск шаарында мамлекет башчылары тарабынан сунушталган «Норман төртилтигинин» акыркы тынчтык планы украин маселесинин тынчтык чечимге келишинен үмүт берет. Жалгыз тынчтык гана Украинаны талкалануудан сактайт да, тынчтык  гана карапайым элдин өлүмүн токтотот. Менин көз карашымда, Киевдеги төңкөрүш үчүн түз  жоопкерчилик, жаңжалдын мындан аркы күчөшү жана украин элинин кайгысы үчүн жоопкерчилик айрым батыш саясатчыларында.

- Демек, бүт дүйнө бул саясаттын курмандыгы экен да?

-Бүт дүйнөлүк коомчулукка Иракта, Сирияда, Ливияда, Ооганстанда. Эми Украинада болуп жаткандар жакшы белгилүү. Америкалык шускарлардын саясатынын натыйжасы катары, күн сайын карапайым тургундар курман болуп жатышат. Вашингтондун бир полярдуу дүйнөнү  орнотууга, бүт дүйнөгү өз саясатын таңуулоого  болгон аракети бүгүнкү чындыкка жана эл аралык кырдаалга туура келбейт. Менин оюмча, Орусия менен Кытай Вашингтондун бул гегомониялык пландарына каршылык көргөзө алышат болущу керек. 

- Украиналыктар, Европага визасы жок барасыңар деген куру убадаларга, ж.б. Кошумча упайларга алданып калышты деп айтса болобу? 

- Евробиримдикте украиналыктарды эч ким күткөн жок. Аларды НАТОдо да эч ким күткөн жок. Алар Украинада жашаган славян эли менен кагылышып, бир туугандардын ортосундагы согушту башташты. Украинанын саясатчылары муну азыркыга чейин түшүнбөй жаткандары өтө өкүнүчтүү.

- Бул сөздөрүңүздөн кийин, сизди орус пропагандасынын курмандыгы деп аташат деп коркпойсузбу?

- Мен CNN, BBC, «Евроньюсту»  дайыма көрүп турам жана чындыкты калптан ажыратып көрө алам. Мунун баары кимдина ймагында болуп жатат? эгер Украинанын Түштүк-чыгышынын тургундары өлкөнүн батыш тарабына кол салса, анда кырдаал башкача болмок. Бирок, Донецк менен  Луганскты бомбалап жатышпайбы…

- Кыргызстанга АКШнын иштери боюнча убактылуу өкүл Майлз мырза келди. Жергиликтүү ЖМКлар анын өмүр баянын, ал кайда барса,согуштук жаңжал башталаарын жазып чыгышты. Бизде да туруксуздук башталат деген коркунуч барбы? Биз Украинанын тагдырын кайталап калбайбызбы, же мындан качып кутула албайбызбы?

- Мен жогоруда эле айтып кетпедимби, бизди тышкы оюнчулар дайыма байкап турушат, жана алар ички жагдайды өтө кылдат көзөмөлдөшөт. Эгер бийлик коррупцияга малынган, ишке жөндөмсүз, ишеничтен чыккан болсо, анда кайыкты чайпалта алаарын алар да билишет. Эгер, тескерисинче, бийлик күчтүү болсо жана элдин ишенимине ээ болсо, алар ички маселелерге кийлигише алышпайт. Мисалга, Кубаны алалы, ал өтө жакыр мамлекет, ага карата кандай гана чара көрүшкөн жок, Фидель Кастрого 500 дөн ашык кол салуу болду, бирок эч нерсе кыла алышпайт. Же Кытайды алалы, анда күчтүү бийлик менен эл бул бийликти колдоп турат. Ошондуктан, бардыгы биздин ички кырдаалдан көз каранды.

- Мындай учурда эмне кылуу керек?

- Өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо үчүн, коомдо бардык саясий күчтөрдү чогултуп туруп, формалдуу эмес диалог жүргүзүү керек. Президенттен көп нерсе көз каранды. Ал эскисин унутуп, жаңы ишке жарамдуу команда түзө алабы, мамлекетке берилген, профессионалдарды чогултуп, биздин мамлекетти кирип бараткан саясий жана экономикалык туңгуюктан сактап кала алабы? Эгер акыркы маалыматтар боюнча, Борбордук Азияда террордук жана экстремисттик коркунуч күч алып жатканын эске алганда, ал улутту бириктирүү жана эл биримдигин сактап калуу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасашы керек. Ал эми өзүмдү алсам,  биз саясатчылар, өз амбицияларыбызды азайтып, жеке таарынычтарды унутушубуз керек, мамлекет, балдарыбыздын болочогун ойлонушубуз керек. Келе жаткан кризистен чыгуу жолдорун,жаңы идеяларды, ыкмаларды сунуштап, коомдун ишенимин кайтаруу керек.

Шайлоо туурасында

- Келе жаткан шайлоо кандай болот?

- Шайлоо кыйын  болот, алдын ала айта албайсың. Бийликтеги партиялар шайлоого даярдана башташты жана админстративдик ресурсту пайдалануу үчүн,  бардык жерде өз адамдарын коюуга аракет кылып башташты. Бирок, бул иштебейт го. Элдин бийликке болгон мамилеси бир жактуу эмес.

- Кечиресиз, биометрикалык маалыматтар менен шайлоо мындай алдамчылыктардын көп  мүмкүнчүлүгүн жок кылат да.

- Мен буга өтө эле ишенип кеткен жокмун. Компьютер мындай нерселерде өтө алсыздык кылат. Ал бузулуп калышы мүмкүн, хакерлер кириши мүмкүн. И.Сталин айткандай, «Кантип добуш бергени маанилүү эмес, кантип санаганы маанилүү»

- Сиз Атамбаевдин таза жана чынчыл шайлоо өткөрөм деген умтулуусуна ишенбейсизби?

- Азыр айтуу кыйын. Келгиле, шайлоо алдындагы жарышты күтөлү. Азырынча декларациялар укмуш болуп атат, бирок ал кезде өлкөдө кырдаал кандай болот, шайлоо өнөктүгүн ким баштайт, кароо керек.

- Сиз шайлоого катышасызбы?

- Ушинтип ойлоп жатам. Бирок, биздин партия ким менен барат, акыркы чечим кабыл алына элек. Кырдаал өтө тез өзгөрүп жатат. Мен бардык чыгаан саясатчылар менен жакшы мамиледемин, алар менен чогулуп, талкуулап көрөбүз. Бирок, азыр конструкция же биримдик туурасында айтууга эрте.

Лейла Саралаева

Абылай Саралаевдин сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине