Алиясбек Алымкулов: «2010-жылы 7-апрелдеги курмандыктар текке кеткен жок!»

12:20, 13 Апреля 2015

Алиясбек Алымкулов – уламыш адам, 2010-жылы 7-апрелде «Ала-Тоо» аянтынан алган катуу жаракаттан аман калды. Анын жашоосунун өзү  таң калтырат: ошол учурда ийгиликтүү бизнесмен карапайым калк менен бирге  Бакиевге каршы митингге чыккан эле.  «Форумдун»  жанындагы коогалаң учурда элдин толкунун башкарууну өз колуна алат. 

Кызууланган жаштарды милиция кызматкерлерине кол көтөрбөөгө көндүрүп, күч органдары менен сүйлөшүү жүргүзөт. Өкмөт үйүнө ак желек көтөрүп алып, сүйлөшүү үчүн бара жаткан кезде көзгө атар жанкечтинин огу башка тиет. Жансыз денесин ооруканага алып келген кезде, дарыгерлер аны өлүп калган экен деп ойлошкон. Бирок, бактысы бар экен, эмчи айым тамырын кармай калып, тамырынын согуп жатканын сезип, аны моргдун ордуна операция столуна жиберишет. Жигит аман калып, айыгып кетти. 

Алиясбек бир нече жыл Жаштар министрлигин башкарып турду. 7-апрель анын эсинде кандай калганы жана бүгүнкү Кыргызстан тууралуу эмне ойлой турганы туурасында билүү максатында аны менен маек курдук. 

- Сиз бизнесменсиз, колуңузда бар, муктаж эмессиз, саясатка аралашпайсыз. Анан эмне үчүн 2010-жылы 7-апрелде митингге бардыңыз?

- Ошол күнү мен бизнесмен катары эмес, ушул өлкөнүн жараны катары бардым. Биз болочок Кыргызстандын кандай болоорун көрө албай калганбыз, же жылчык көрүнбөйт, өлкө кайда баратканы белгисиз. Өлкөнүн кожоюндары болуп Бакиевдердин кууш кланы майкандашып, кыргызстандыктардын бардыгы 2-сорттогу адамдарга айланышты. Демек, сен өлкөдө жашап жатасың, аны үчүн иштеп, келечегине салым кошкуң келет, бирок сен эч ким эмессиң дагы, өлкөнүн кайсы жолдо өнүгүүсү сенден көз каранды эмес болуп чыгат. Мына ушул сезим абдан капа кылып жүрдү. Келечекке ишенимде болгуң келет да. 

- Сиз анан митинг даярдадыңыз?

- Биз тынчтык митингине даярданып жатканбыз. Бардыгы ушундай болуп кетет деп, эч ким күткөн эмес. Бийликти басып алуу туурасында кеп да болгон эмес. Биз өз талаптарыбызды айталы дегенбиз, бийлик биздин сөзүбүздү уксун дегенбиз. Белгилүү саясатчылар менен чыгаан ишкерлердин өлүмү элдин кыжырын кайнатып жаткан, өлкөнү экиге бөлүшүп, бизнесмендерден салык чогултушуп, деги эле Бакиевдер менен алдардын жакындары өздөрүн өлкөнү башкарууну ишенип тапшырышкан мамлекеттик кызматкер эмес,  пир, хан тутуп калышкан. Көптөгөн жаш бизнесмендер, алардын бизнестерин тартып алгандыктан иштей албай калышкан.

- Бакиевдерге өз нааразылыгыңарды айтуу керек деген түшүнүк качан келди?

- Нааразылык топтоло берди. Сындоого мүмкүн эмес эле, биз унчукпай президенттин үй-бүлөсүнүн ыксыз аракеттерин байкап турдук. Акырындап оппозицияга жардам бере баштадык, мисалы, Исмаил Исаковго. Буга чейин мен аны билчү эмесмин, бирок ал акыйкаттык үчүн күрөшчү. Биз башка да оппозиция лидерлерине жардам бере баштадык. Бакиевдердин эл менен эсептешишин кааладык, ал элдин жардамы менен бийликке келгенин эске салалы дедик. Ошол кезде бийлик сокур жана дүлөй болуп калган, бизди айбандарды айдагандай айдапк алышкан, ошондуктан чоң митинг өткөрүүнү чечтик.

- Сиздерде аракеттердин конкреттүү пландар бар беле?

- Жок. Бардыгы  заматтын ортосунда болуп кетти. Анткени, биз күч органдары тарабынан мындай агрессияны күткөн эмеспиз. «Форумдун»  жанында эле митинг уюштуралы деп жатканбыз. Аянтка баруу планы жок болчу. Эртең менен митингде болгону Токтайым Үмөталиева менен Ирина Карамушкина чыгып сүйлөгөнгө гана үлгүрдү. Ошондон кийин милиция элдерди кубалап баштады, аларды камап, кой салгансып автобустарга сүйрөп алып барып, сала башташты. Алар эч ким өз оюн айтпасын дешти окшойт. Бул өтө орой жана агрессивдүү болду. Ошондуктан, чечкиндүү аракет керек болду, болбосо кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетмек. 

- Митингге чыккандар милицияга качан чабуул кое башташты?

- Элди көздүн жашын агызуучу газ жана жарык-чуу гранаталары менен ата баштаганда. Дем алуу оордой баштады, көздүн жашы акканын сурабаңыз. Мына ушул митингге чыккандардын жинин келтирди. Бул жооп катары көрүлгөн чара болду.  Милиция «Форумдун» имаратын толугу менен курчап алды. Бул курчоонун сыртында да митингчилер өтө көп болчу, бирок алар курчоону  карбастан, 10-15 адамдан чоң эмес топ болуп чабуулга өтүштү. Акырындап  эл келе берди, милиция муну ойлонбой калса керек. Бул милиция үчүн күтүүсүз болду, митингчилердин саны ашып кеткенде, милициянын аракетин токтото алдык.

- Бул окуя бүткөндөн кийин элге психотроптук зат кошулган арак берген деп айтып жатышты. Ушундай болдубу?

-Бул болбогон сөз. Эч ким эч кимге арак берген жок.

- УКМКнын атайын кызматынын куралчан машинасы келгенде, аларды куралсыздандыруу идеясы кимден чыкты?

- Бул машиналар ошол эле жерде турушкан, аларга эч ким көңүл бурган эмес. Андан кийин агрессия бүткөндөн кийин гана бул машиналарды көрүштү. Биз, бул кырдаалды башкарууга  аракет кылып, жоопкерчилик алып жаткан активисттер, күч органдарынан эч кимдин жабыркабашын көзөмөлдөп жаттык, анткени алар да бирөөнүн баласы, атасы, күйөөсү. Биз кызууланган балдарды эч кимди сабабашын суранып жаттык. Ал жакта митингчилер атайын кызматтагыларга кол салышып, кайра качып жатышты, ал эми жоокерлер аларды кубалаганда, алардын катары бузулган учурлар болуп калып жатты. Ошентип, алардын курчоосун буза алдык.

-Митингчилердин колуна келип түшкөн куралдар – алардын колдонулбашын көзөмөлдөй алдыңарбы?

- Курал салынган машиналарды ошол жерге атайылап калтырып койгондой сезим калды. Бирок, анын ичинде эч кандай курал жок болчу, эч ким курал тараткан эмес. Кебетеси, жоокерлерди куралсыздандырып жаткан кезде балдардын колуна мылтык тийсе керек. Ал да көп эмес болчу. Бизге машиналар – элди артыбыздан ээрчитип, көпчүлүктү башкаруу үчүн керек болчу. Көпүрөдө абдан көп эл турганын айта кетүү керек, алардын бардыгы дароо бизге кошулушту, алардын бардыгы биздин милиция менен кагылышыбыз эмне менен бүтөөрүн карап турушкан. Биз жеңгенден кийин алардын бардыгы бизди ээрчишти.  Эл  эки эсе көбөйдүк, ошондо ушундай белгини ойлоп таптык – туу бир орундан жылбай турабы, демек колонна да жылбай турушу керек, туу алга жылдыбы – анда алга жылуу керек. Эгер туу оңго бурулса, колонна да оңго бурулат, ж.б.  Андан кийин биз колонна болуп Алматы көчөсү менен жыла баштадык. Мадинанын жанына, базарга эч ким тийбесин деп, 72 адамды койдук. Биз митингчилерди бир да базар, дүкөнгө тийбешин чакырдык, биз каракчылар эмеспиз. Андан кийин Чүй проспектисине жеттик. Ал жерден токтоп, колоннадагы тартипти жөнгө салууга аракет кылдык. Ошол эле убакта, болуп жаткан башаламандык үчүн шаардыктардан кечирим сурап жаттык. Биз  Ала-Тоо аянтына жеткен кезде, драмтеатр жактан көп сандаган жоокерлер чыгып, бизге чабуул коюшту. Күтүүсүздүктөн колонна экиге бөлүнүп калды, бир бөлүгү ак үйгө жакын, экинчиси туунун артында калышты.  Ошол кезде  үч милициянын полковниги сүйлөшүү үчүн чыгышты. Алар куралчан жана бет капчан, митингчилерден мен чыктым. Алар биздин эмне каалап жатканыбызды сурашты.  Мен аларга мындай дедим:  «Силер эмне кылып жатасыңар? Биз митингге чыгып жатабыз, Бакиевге анын башкаруусуна нааразы экенибизди айталы деп келдик. Биздин арабызда силердин да жакындарыңар, урук-тууган, куда-сөөгүңөр бардыр. Аларды кантип атасыңар? Биз бирдиктүү элбиз. Кеткиле, элди атпагыла! Кан төгүүнүн кереги жок!» Алар артка бурулушту да, милицияга чегинүүгө буйрук берди. Бул биздин биринчи жеңишибиз болду.  

- Ал жакта ИИМ академиясынын да отряды болуптур. Аларга гранатомет менен ким атты?

- Бул учурду мен көргөн жокмун. Мен жарадар болгондон кийин болуптур. Ошол күнү биринчи мен жарадар болдум. Эсиңерде болсо, эл митингге лидерлери жок чыгышты. Андан мурдагы күнү бүт оппозицяны камакка алышкан. Мен лидер болоюн деген эмесмин, башкалар сыяктуу эле чыккам. Бирок кырдаал ошондой түзүлүп клады, аксакалдар ак желекти алып, кан төгүлбөсүн деп, сүйлөшүүгө мени бар дешти.  Биздин максатыбыз – бийлик  элдин үнүн уксун деп жатканбыз. Биз согуш болбойт, сүйлөшүп макулдашабыз деп ойлогонбуз. Бирок, ак желек көтөрүп бара жатканымда мени атышты. 

- Сизди ким атканын ошол бойдон эле билбей калдыңыз да?

- Жок. Биринчи бир ок, анан экинчиси. Андан кийин кулап калдым. Менин оюмча, булар – чет элдик жанкечтилер. Буга чейин бул маалыматты эч ким тастыктабаса да, эч ким четке да каккан жок.  Биз буга чейинки маалыматтарды, Таластагы толкундоолорду карап жатканбыз. Күч органдары да, жалданма жанкечтилердин келээрин эскертишкен. Бирок, кимдир бирөөнүн болгондугун эч ким далилдеген жок.

- Эмне үчүн алган оор жаракаттарыңызга карабай, аман калдыңыз?

- Бардыгы Алланын эркинен. Мен өзүм да бул суроого  жооп таба алган жокмун. Менин ишимди изилдеп жатышкан медицинанын академиктери да, башына эки жолу ок жеген адамдын дем алып, аман калышы, жашап кетиши чындыкка жатпайт дешти. Бирок, ага карабай мен жашап жатам. Мүмкүн, бул дүйнөгө дагы керегим бар окшойт.

- Сиз кандай ойлойсуз, беш жылдын ичинде революция өз максатына жеттиби?

- Кандайдыр бир баа берүүгө али эрте. Бирок беш жыл – бул тарых. Беш жылдын ичинде Кыргызстан абдан өзгөрдү. Убада берилгендердин көбү ишке ашырылды. Мисалы, биз парламенттик өлкө болдук, үй-бүлөлүк башкаруудан кутулдук. Саясий реформалар активдүү жүрүп жатат. чынчыл жана тунук шайлоону убада кылышты эле, өткөн шайлоонун натыйжасында оппозициялык  «Ата-Журт» партиясы утуп чыкты. Үчүнчүдөн, президенттердин алмашуусу легитимдүү болду. Отунбаева убагында кетти. Атамбаев шайлоонун артында келди. Бийликтин мындай тынчтык жолу менен берилиши Борбордук Азия өлкөлөрүндө биринчи жолу болду. Бул баарына үлгү. Ооба, дагы көбү жасала элек. Өзгөчө, кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу планында. Бирок, экономиканын өнүгүшү өлкөдөгү тынчтык менен стабилдүүлүксүз болбой тургандыгын эстен чыгарбоо керек. Башкысы, биз мыйзамдын диктатурасын орното баштадык. Демократия ар ким башына келгенди жасабай,  мыйзамдаштырылган эркиндикти белгилейт. Дагы бир өзгөрүүнү баса белгилегим келет – бизде чыныгы сөз эркиндиги, ой эркиндиги бар.

- Айтмакчы, сөз эркиндиги туурасында. Сиз жаштар министрлигинде иштеп жүргөн кезде абдан катуу сындашты. Өзүңүздүн ал кызматта турганыңызды кандайча баалайсыз?

- Сынды жакшы кабыл алам, анткени ал каталарды оңдоого жардам берет. Эгер сын негиздүү болсо, рахмат айтуу керек. Качан жаштардын иши боюнча министрлик түзүшкөндө, мен ооруканада жаткам. Министрликти  Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүштү,  ал жаштардын үнүн элге угузууну каалаган, алардын да мамлекетти башкаруу мүмкүндүгү болсун деген. Биз нөлдөн баштадык, бүт жумуштун баарын уюштуруп чыктык. Биздин бюджет 7 млн.сом болчу. Мен кетип жаткан кезде, бул иштеп жаткан министрлик  болуп калды. Биз  2 млрд. 800 млн. сом грант тарта алдык. Биз мамлекеттен эч нерсе сураган жокпуз, өзүбүз аракет кылдык. Жаштар бүт өлкө боюнча бардык ыңгайлуулугу менен 45 үй ачышты. 4 жаштардын борборун, бир нече спорт залдарын ачышты. Мындайлар буга чейин болгон эмес. Биз ар кайсы аймактардын жаштарын достоштуруу үчүн бир канча акцияларды, иш чараларды уюштурдук, бизде таластыктарга, оштуктарга, жалал абаддык жана башкаларга бөлүнбөсүн дедик. Стратегияны 2015-жылга чейин жазганбыз, Батышка эмес, Чыгышка эмес, өзүбүздүн салттуу баалуулуктарыбызга таянганбыз. Кыргыз салтынын жакшы  жактарын  алууга аракет кылдык. Көп нерсени жасадык.  Чындыгында, сындаган оңой экенин мен да жакшы түшүнөм. Бир нерсени жасоо, нөлдөн баштап куруу бир кыйла оор. Бул багытта алдыбызга койгон милдетти аткара алдым.

- Сиз элдин эсинде жалпы үйлөнүү тойлор менен  калдыңыз. Бул иш чараны кандай максатта өткөрдүңүз?

- Биз аз камсыз  жаштар үчүн жалпы той өткөрүүнү уюштуруп бердик.  Биз байларга, акчанын баарын тигил дүйнөгө алып кете албайсың, өз мекендештериңе, жаштарга да жардам берүү керек экенин, алар да бирөөнүн жардамына муктаж экенин айтууга аракет кылдык. Биздин урааныбыз мындай: «Күчтүү үй-бүлө, күчтүү өлкө».  Биз үй-бүлө институтун бекемдөөгө аракет кылдык. Биз  168 жупту үйлөндүрдүк.

- Сиз мурдагыдай эле Кыргызстандын келечегине ишенесизби?

- Мындай мисал келтирейин. 2010-жылы Кыргызстандын бардык аймагындагы жаштардын арасында социологиялык сурамжылоо өткөрдүк. Натыйжалары биздин европалык донорлорду абдан таң калтырды. Көрсө, статистика боюнча, эгер өлкөнүн келечегине жаштардын 8-10% ишенсе, бул абдан жакшы көрсөткүч болуп эсептелет экен. А бизде апрель, июнь окуяларынан кийин жаштардын 18,5 % Кыргызстандын келечегине ишенээрин айтышты. Мен да  ошолордун катарындамын. Өз кезегинде мен Орусияда иштеп жүргөн кезимде, мага дарандыкты өзгөртүүнү сунушташкан. Мен адан баш  тарткам, анткени өз мекенимди сүйөм, ошондо да, азыр да келечекке ишенем.

- Сиздин Кыргызстандагы демократия үчүн кошкон зор салымыңыз үчүн, ден соолугуңузду коротконуңузга өкүнбөйсүзбү? Бул бекер курмандык болгон жокпу?

- Жок! 2010-жылы чыныгы трагедия болду. Бүгүнкү күнү бакиевдердин огунан 120 адам курман болду. Бирок, курмандыктар бекер болгон жок. Алар биздин өлкөдөгү кырдаалдын өзгөрүшүнө алып келди, өлкө башка жол менен баратат. Биз, элибиз кандай кыйынчылыктан өткөнүн унутпашыбыз керек. Өткөнү жок келечек болбойт.

Эгер бул курмандыктардын бекер  болбошун кааласак, биз татыктуу өлкөнү курушубуз керек.

- Бүгүнкү Кыргызстандын башкы душмандары кимдер?

- Өзүнүн жеке максаты үчүн өлкөдөгү абалды туруксуздаштыргысы келгендер да бар. А биз болсо, мамлекеттин пайдасы үчүн жалпы максатты көздөшүбүз керек. Өзүңөр деле карап көрсөңөр, беш жылдын ичинде дүйнөнүн картасынан  Ливия, Сирия, Иракка окшогон гүлдөп турган өлкөлөр жок болуп кетти. Мына силерге жандуу мисал. Ошондуктан биз баарыбыз, ар бирибиз өзүбүзчө Кыргызстандын келечеги туурасында ойлонушубуз керек.

- Азыр эмне иш кылып жатасыз?

- Азыр илимге кирип кеткем. Менин диссертациямдын темасы « Кыргыз жаштарынын социализациясы жана социалдык институттар». Азырынча өзүмдү илимден көрүп жатам.

- Сиз кайрымдуулук иштерин да кыласыз. Кеңири айтып берсеңиз.

- Бул туурасында айтканды жактырбайм, бирок 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөсүнө дайыма жардам берип турам. Жакында эле курман болгондордун  жана жараат алгандардын балдарына кийим тараттык. Элдерге пайдалуу болуу-  чоң ырахат. 

- Жаш кыргызстандыктарга эмне айткыңыз келет?

- Мен, бул эркиндиктин бизге кымбат баа менен келгенин унутпашын каалайм. Курман болгон баатырлар жашашы керек болчу. Аларды ата-энеси чоңойтуп, коргоп, карыганда жөлөк болот деп багышкан. Натыйжада, энелер баласыз, жубайлары – күйөөсүз,  балдары-атасыз калышты. Бул жараат жыл өткөндө да айыкпайт.  Биз аларга ыраазы болуп өтүшүбүз керек. Ошол окуялардан туура жыйынтык чыгаруу менен, өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алаарыбызды унутпашыбыз керек. Келгиле,жер-жер болуп бөлүнбөй, бирдиктүү Кыргызстан болобуз. Мен жаштарга туура, керектүү кесипти тандашын каалайт ж элем, алар өз өлкөсүнүн, үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгы үчүн иштеши керек, улууларды урматтап, өз тарыхын билиши керек, өз тилин жана мекенин сүйүшү керек.

Интервьюну даярдаган  Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине