Алмамбет Шыкмаматов: «Менин милдетим, ар бир кыргызстандык өз укугун билиши керек»

11:00, 4 Февраля 2015

Кыргызстандын Адилет министрлиги – мамлекеттин эң табышмактуу ведомстволорунун бири,бул жерде, бийик бөлмөлөрдүн жымжырттыгында биздин жашоону жөнгө салып турган мыйзам долбоорлору жаралат.

Калктын бул министрликке болгон нааразылыгы көп эмес, анткени карапайым адамдарга алардын иши көп түшүнүктүү эмес. Адилет министрлигинин тегерегиндеги чуу Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кеткендеги ызы чуусунан кийин башталды.  Пара алуу менен айыпталып жаткан анын күйөөсү Адилет министринин орун басары болуп иштегендиги такталгандан кийин.

Бүгүн министрлик эмне иш кылат, кандай жаңылыктарды киргизип жатат, Башкы прокурордун жолдошу пара алууга байланыштуу чырга катыштыгы барбы, булар туурасында Адилет  министри   Алмамбет Шыкмаматов менен болгон интервьюбузда.

Жумуш тууралуу

- Алмамбет Насырканович, бүгүн Адилет министрлиги эмне иш алып барат?

-   Бардык бийликтин багыты – бул  акыйкат мыйзамдары жана сот тутуму менен, коомдун жогорку жыргалчылыгы менен, жарандардын  кепилденген укугун кармоосуна шарт түзгөн күчтүү, демократиялык, укуктук мамлекетти куруу. Бул – биз жашагыбыз келген мамлекеттин идеалы. Коом акыйкат болушу үчүн эмне кылуу керек? Эл аралык стандарттарга туура келген акыйкат мыйзамдар болушу керек. Кайсы бир өлкөнүн жараны бакубаттыкта  жашап, бирок акыйкаттык жок мисалдар да толтура.  Жарандардын укуктарын тебелеген да диктатордук бийликтер бар. Ошондуктан, жарандардын жакшы жашоосу жана укугу таразанын бир табагында турат, алар баа жеткис. Муну камсыз кылуу үчүн, адилет, калыс сот тутуму болушу керек. Ал эми жарандар өз укуктарын тиешелүү мыйзамдар жана сот аркылуу ишке ашыруу ыкмаларын жана коргоо туурасында кабардар болушу керек. Мына ушундай шарттарда гана мамлекет туура түзүлдү жана бул өлкөдө жакшы жашоого мүмкүн боло турган акыйкат тутум түзүлдү деп айтса болот. Мына ушул демократия деп аталат. Ошентип, ишмердүүлүктүн бардык тармактары, кандай болгон күнү да, ченемдик укуктук актыларга келип такалат.  Адилет  министрлиги да, укук тармагындагы саясатты алга жылдыруудагы ыйгарымдуу орган катары, биздин мыйзамда коллизиялар ( кагылышуулар) жана карама-каршылыктар болбошу үчүн колунан келгендин баарын жасайт.

-   Карама каршылыктар да барбы?

- Каалашыңча. Соттордун баары айрымдары үчүн акыйкатсыз болсо да, колдонуудагы мыйзамдардын негизинде өз чечимдерин чыгарышат. Бирок, парадокс – бир эле коомдук мамилелер бир нече мыйзамдар менен жөнгө салынганында. Пайдалуу болгон кезде – алар бир мыйзамды колдонушат, болбой калганда – башкасын. Анан соттор дайыма, мыйзамдуу чечим кабыл алганын айтышат, анткени көптөгөн мыйзамдар күчүн жоготкон. Ошондуктан, Министрликтин  милдети мыйзамдардагы  кагылышууларды четтетүү болуп саналат. Азыр президенттин жетекчилиги алдында сот тутумун реформалоо боюнча жумушчу топ иштеп жатат, алар жаңы жазык-процесстик кодексти, кылмыштар туурасындагы кодекс, аткаруу өндүрүшүнүн кодекси жана жазалоо туурасындагы кодексти иштеп чыгышууда. Азыр бул кодекстердин баарысы толугу менен кайра каралып жатат, анткени кагылышуудар болбошу  керек, соттор  мыйзамдардагы кенемтелерден пайдаланып, адилет эмес чечимдерди чыгарбашы керек. Адилет министрлиги бул процесске активдүү тартылган.

 Кыргызстандагы статистика боюнча 405 базалык мыйзам, өкмөттүн  16 400 токтому,  президенттин  – 8 150 жарлыгы, Жогорку Кенештин – 5 078 токтому бар. Ал эми ченемдик -укуктук актылар бардыгы болуп  – 42 миң.

Айтмакчы, мамлекеттик кызматтагы эң жаш кадрлар – бул Адилет министрлигинин кызматкерлери. Бизде 30-35 жашка чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү иштешет. Бул жерден алар жакшы мектептен өтүшөт. Андан кийин сот корпусуна, өкмөткө ж.б. жактарга  иштөөгө кетишет,б.а. мыйзам чыгаруу процессине активдүү тартылууну улантышат. Адилет министрлигин кандайдыр бир деңгээлде адистердин устаканасы деп койсок болот.

-   Ушул кызматта турган 4 жылдын ичинде өзүңүздүн жеңишиңиз деп эмнени эсептейсиз?

- Адилет министри катары өз  кызматымдын артыкчылыгына биринчи кезекте биздин жарандарды укуктук агартууну койдум, ар бир кыргызстандык адам өз укуктарын  коргоо  ыкмалары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын билиши керек.  Муну үчүн  биз биздин укуктук үгүттөө секторубузду аны башкармалыкка кайра форматтоо менен  бекемдей алдык.  Ар бир маанилүү мыйзамды коомчулукка жеткирип турабыз. Биз эл аралык  донорлор менен иштешебиз жана КТРКда белгилүү  болуп баштаган  «Ой-ордо» көрсөтүүсүн баштадык. Бул программа аркылуу бардык жаңылыктарды жана жарандардын өз укуктарын коргоо ыкмалары туурасында биле алышат. Экинчи учур, Адилет министрлигинин сайтында Кыргызстандын бардык мыйзамдарына карата жарандарга ачык жетки берилген.  Үчүнчүдөн, биз жактоочулар арасында активдүү реформалар башталды. Адилет  мыйзамдар иштеген жана жарандар укуктук негизде жашап, өздөрүн корголгон сезишкен бардык өнүккөн мамлекеттерде жарандык коом өтө күчтүү.  Ал эми жактоочулар – жарандык коомдун өкүлдөрү. Кыргызстанда жактоочуларга болгон ишенимдин аздыгы мени абдан капа  кылып, сактандырып турат.  Жарандар, жактоочулар акчаны алып алышып, бирок алардын кызыкчылыгын коргобой жатканы, тергөөчүлөр менен сүйлөшүп алып, соттор, прокурорлордун ортосунда пара берүүнүн ортомчулары болуп жатышат деген арыздар менен көп кайрылышат. Бир сөз менен айтканда,  жактоочулардын арасында да абийири таза эместер бар. Албетте, баары эле андай эмес. Бирок, ушундай тенденция бар. Биз терең илимий талдоо жүргүзүп көрдүк, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен тааныштык, жана мамлекет жактоочуларды көзөмөлөг алып тургандыгы – биздин проблемабыз экенин тактадык. Биз жаңы мыйзам кабыл алдык, ага ылайык жактоочулар – өзүн өзү жөнгө салган уюм болуп калды. Мамлекет аларды жөнгө салуудан четтеши керек, уруксат кагаздарын берип, жана кайра алууда кийлигишпеши керек. Иштин жүрүшү  көргөзгөндөй, бул  жакшы натыйжа берген жок. Кыргызстандагы жактоочулардын деңгээлин эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүү үчүн, бул институт өзүн өзү жөнгө салышы керек. Анткени, жактоочулар өз кадыр баркы үчүн аракет кылып, өдөрүн тазалай билиши керек.

-   Анан алардын иши кандайча жөнгө салынат?

- Жактоочулар жөнүндө мыйзам менен. Ал эми Адилет министрлиги  биринчи мезгилдерде бул уюмга бутуна турууга жардам берет. Жакында эле жактоочулардын биринчи съезди болуп өттү, анда устав, жактоочулардын ар намыс кодекси кабыл алынды, башкаруу органы, текшерүүчү комиссия, этика боюнча комиссия түзүлдү.  Эми жактоочулукту куруу башталат. Бул реформаларлын максаты – качандыр бир кезде жактоочулар эл аралык стандарттарга ылайык келсе экен деген аракет.

-   Б.а. бул министр катары сиздин жеке демилгеңиз болдубу?

- Ооба. Мен төмөнкүлөргө таянып иш кылдым – эгер жарандардын укугу дайыма корголгон жана коррупция жок өнүккөн мамлекеттерди карасак,  жактоочу – эң  сыйлуу кесиптердин бири. Чынчыл жактоочулар – бул коррупция менен күрөшүүнүн бир ыкмасы. Биздин жарандар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн көп учурда аймактык милициядан баштап айыл өкмөтүнө чейин бардык инстанцияларга пара берүүгө мажбур болушат. Биздин жарандардын ортосунда бир туруктуу ишеним орун алган:  кандайдыр бир көйгөйдү чечүү үчүн кимдир бирөөнө акча берүү керек. Биз бул стереотипти бузушубуз керек.  Акча берүүнүн зарылдыгы жок, өнүккөн өлкөлөргө окшоп жактоочуга кайрылуу жетиштүү.  Ал жакта, көйгөйлөрү жаралып же мамлеккеттик органдар менен түшүнбөстүктөргө туш болгон жарандар эч ким менен талашпайт, пара беришпейт, болгону өз  жактоочуларына  чалышат.  Аларга ишенишет, аларды баалашат. Ошондуктан, өнүккөн өлкөлөрдө жактоочулук кесип  - өтө сыйлуу жана жакшы төлөнөт. Алар үчүн жактоочу болуу- өтө чоң сыймык. Ал эми бизде болсо жактоочу болуп тергөө органдарынан куулгандар, мурдагы соттор, аттестациядан өтпөй калгандар ж.б. барышат. Кандайдыр бир айып батольону сыяктуу. Мындай болууга тийиш эмес. Ошондуктан жактоочулар өз кадыр-баркы үчүн өздөрү күрөшүшү керек. Эртеби-кечпи, бизде да жакточулар урматтуу жана өтө керектүү адамдарга айланышат. Эл  чоң кызматтагыларга чуркап, акча сунуштабай, аларга ишенип калат жана өз көйгөйлөрүн  ишенип тапшырып башташат.

-   Ал эми жактоочулардын өздөрү сиздин демилгени кандай кабыл алышты?

- Жактоочулардын бир бөлүгү биздин сунушка дароо макул  болушкан жок. Бул – бийик кадыр-баркы бар жактоочулар.  Бул аларга жаккан жок. Бирок, коом үчүн пайдалуу жактан алып караганда – бул өзүмчүлдүк позиция. Биз, жактоочулукту реформалоо – жалпы укук коргоо органдарын реформалоого алып келет деп ойлойбуз. Эгер күчтүү жактоочулар болсо,алар мыйзамды бузган, өз ыйгарымынан аша чапкан чиновникти же милицияны өз ордуна коюп коет.  Бул да укук коргоо органдарын реформалоонун бир бөлүгү. Эгер жарандардын укугу бузулуп жаткан болсо, бардык мамлекеттик же жеке мекемеде жакточу мыйзамдуу ыкмалар менен ал жарандын укугун коргой алат, анткени бардык эле жарандар бардык мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды жатка билишпейт.  Ал эми муну үчүн, жарандар жактоочуларга ишениши керек. Бул ишенимди актоо үчүн, жактоочулар өздөрүнүн ишенимдүү өнөктөштөр, ишенимдүү жактоочулар  экенин далилдеши керек. Жана өз макамын жана урматын көтөрүшү керек.

Биометрия туурасында

-   Бүгүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча сын пикирлер көп айтылууда. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу канчалык мыйзамдуу?

- Алдыңкы өлкөөрдүн баары биометрияга өтүштү. Жөн гана мисал: студент ЖОЖго тапшырыш үчүн  ал көптөгөн документтерди чогултушу керек – жашаган жеринен, аскер комитетинен, мектептен,үй комитетинен, паспорт столунан, ИИМден маалымкат алып келет. Бардык жерде адам бюрократияга туш болот, кезекке турмай, майда аткаруучулардын оройлугу. Мындай мамиле адамды чарчатат. Бардыгы биометрикадан өткөндөн кийин маалымкат чогултуу үчүн  бул инстанциялардын баарын кыдырбай калышат. Биз, чет элдик фильмдерден, документти текшерип жатып, адамдын маалыматын бир жабдууга киргизип, ал  туурасында тез жана майнаптуу маалымат алып жатканын көрүп жатабыз.  Биометрия – бул азыркы дүйнөнүн талабы. Ушуга баруу керек. Мында жаман жана мыйзамсыз эч нерсе жок.

-   Көпчүлүгү,биометрикадан өтүүдөн коркуп жатышат,бул алардын өздөрүнө каршы колдонулушу мүмкүн деп эсептешет.

- Мындай болбойт. Бүгүн ар бир жаран тууралуу  маалыматтын баары паспорт столдордо кагаз карточкаларда сакталат. Ал күйүп кетиши мүмкүн, ал бузулуп,же арам ойлуулар көчүрүп алышы мүмкүн. Эгер биометрикалык маалыматтардын базасы бүт компьютерде сакталса, базага ар бир кирүү катталып турат. Маалыматтар базасына кирүү мүмкүндүгү да чектелген кызматкерлерде гана болот. Мыйзамсыз  ар бир кирүү үчүн жаза берилет.

-   Ал эми биометрия таза шайлоого кепилдик береби?

- Ооба, албетте. Анткени,айланган каруселдик бюллетень салгандар токтойт. Бир жаран – бир добуш. Техниканы алдап, же сатып алууга болбойт. Ар бир адам менен сүйлөшүп алса болот, ал эми машина менен сүйлөшө албайсың. Биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоонун мыкты мисалы- Монголияда болгон. Алар заманбап жабдууларды киргизгенден кийин таза шайлоого жетише алышкан. Биометрикалык маалыматтар боюнча шайлоону – басма машинкасын интернет менен жабдылган  компьютер менен салыштыргандай эле. Же кадимки эски телефонду уюлдук телефон менен.  

Эл аралык талаштар тууралуу

-   Бүгүн Кумтөргө байланышкан суроолор көп. Канадалыктар менен чечилбеген кандай маселе турат?

- Бүгүнкү күнү аларды тынчсыздандырып жаткан учурлар бар. Мисалы, Кыргызстандан акчаны алып чыгып кетүү боюнча козголгон жазык иштери боюнча. Аларга кыргыз тарап койгон доо-талаптар тууралуу. Алар Кыргызстан азыраак маселе көтөрсө дейт. Жана бир пикирге келип, ишти улантууну каалашат. Парламенттин макулдугу бар, меморандум бар, бүгүн активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Натыйжалар  туурасында айтуу эрте.

-   Өмүрбек Текебаев биздин гезитке берген интервьюсунда, эгер алар биздин шартка көнсө, Кумтөрдү улутташтыруу болот деп ачык айткан. Бул юридикалык жактан мүмкүнбү?

- Юридикалык жактан мүмкүн, аны үчүн бардык башка мыйзамдуу сүйлөшүү ыкмалары чечилип, биздин улуттук байлыкты акыйкат бөлүштүрүү жүргүзүлүшү керек. Эгер биз макулдашууга жете албасак, анда акыркы чара катары улутташтыруу күтүлөт. 

-   Убактылуу өкмөттүн декреттери менен улутташтырылган 8 ири компания эл аралык сотторго кыргызстанды жалпы суммасы 1,5 млрд.долларга сотко беришти. Биз канча процесстен утулуп да калдык. Эмнеге?

- Бул компаниялардын ар биринин артында Максим Бакиев менен анын жакын достору Елисеев менен Гуревич турганы жашыруун эмес. Алар  оңой-олтоң балдардан эмес. Баарын карап чыгышып, укуктук жактан кийин бизде көйгөй жаралгыдай кылып уюштурушкан.  Мына эми ошондой болуп жатат.  Эл аралык соттордо ишти караганда, алар үчүн Бакиевдин канкор же узурпатор экенинин мааниси жок. Алар мурдагы өкмөт тарабынан бул чечим кабыл алынгандыгын карап жатышат, жана кийинкиси тарабынан анын алынып салынганы аларга баары бир. Алар ушул көз караштан карап жатышат. Бизде улутташтыруунун башка кайсы жолу бар эле? Алар арзыбаган тыйынга сатып алган компанияларды  калтырып коюшубуз керек беле? Алардын кызыкчылыгында андан ары да иштей беришсинби? Бул адилет болбой калмак. Ошондуктан, бул компанияларды улутташтыруу чечими жалгыз туура чечим болчу. Биз бардыгы менен аягына чейин соттошуп, өзүбүздүн тууралыгыбызды далилдейбиз.

-   Биздин юристтер бул деңгээлде иш алып бара алышабы же эл аралык деңгээлдеги юристтерди тартабызбы?

- Бул бүткүл дүйнөлүк практика. Мындай соттордо эл аралык компаниялары катышышы керек, алар буга окшогон эл аралык талаштарда тажрыйба топтоп калышкан.

Талаштуу мыйзам долбоорлору туурасында

-   ӨЭУну чет элдик агент катары караган мыйзамдар азыр кайсы этапта?

- Бул мыйзам долбоору  депутаттар тарабынан демилгеленген. Адилет министрлиги расмий өз корутундусун берди, анда бул мыйзам – ал сунуш кылынган түрдө ылайыксыз деп айтылат. Биз өзүбүз жетишкен демократиялык жеңиштерден кайра артка чегинишибиз мүмкүн. Мисалы, ӨЭУлар  ар кандай. Алардын көпчүлүгү мамлекет менен өнөктөшүп билим берүү, миграция, саламаттыкты сактоо, жарандардын укугун коргоодо чындап пайдалуу, керектүү жумуштарды жасап жатышат.  Албетте, коомдук иш жасап жаткандай түр көргөзгөнү менен, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгына туура келбеген да ӨЭУлар  бар. Бирок алар аз. Ошондуктан, биз алардын баарына бирдей мамиле кыла албайбыз. Мен,депутаттар сунуш кылган мыйзамды чийки деп эсептейм.  Биз ӨЭУ нун бардык ишмердүүлүгү таза болуп, жарандарыбыздын алдында отчеттуу болушун каалайбыз. Жана биз, ӨЭУнун каржылоосунун ачыктыгын камсыз кылууга жетишибиз керек. 

-   Бул мыйзам добоорун ким иштеп жатат?

- Биз иштеп бүтүргөн жокпуз. Биз жаңы концепцияны ойлонуп жатабыз. Бирок, отчеттуулук сөзсүз болот.

-Депутаттар тарабынан демилгеленген дагы бир мыйзам коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Бул гей-үгүттөө туурасындагы мыйзам. Бизге ушундай мыйзам керекпи?

- Бул татаал  суроолордун бири. Биз өзүбүздүн тарыхый жана маданий баалуулуктарыбыздан, өз менталитетибизден алышыбыз керек. Эгер бизде гей-үгүттөөгө уруксат берилсе, коомчулук тарабынан өтө терс кабыл алынат. Ошондуктан, биз батыштын баалуулугун баарын эле туурай бербешибиз керек. Бул исламга да тишелүү, биз баарын эле ал жактан ойлонбостон көчүрүп албашыбыз керек. Биз жакшы жактарын, өзүбүздүн менталитетке туура келгендерин жана биздин салттарга каршы келбегенин алышыбыз керек. Кумсаларды үгүттөө маселеси бизге таптакыр ылайык келбейт.

-   Саясий партиялардын каржыланышынын ачыктыгычы?

- Биз бул долбоорду иштеп чыктык, ал парламентте талкуулоо стадиясында. Менин оюмча бул керектүү мыйзам долбоору. Албетте, бардык жаңы нерседен кандайдыр бир популизмди таап чыккан, терс жагын көргөндөр чыкпай койбойт. Бул көнгөн көрүнүш. Бирок, биз саясий партиялардын каржыланышы ачык болушу керек деп эсептейбиз. Бүгүн улуттук коопсуздукка олуттуу коркунуч туулуп жатат. Мисалы, кандайдыр бир экстремисттик уюм, мисалы ИГИЛ, кыргыз парламентине кирүү үчүн  кайсы бир саясий партияны каржылагысы келди дейли. Азыркы мыйзам менен жөн гана кирип кетсе болот. Андан кийини биздин улуттук коопсуздукка чыныгы коркунуч жаралат. Мына ушул ойлордон улам бул мыйзам долбоорун киргизип жатабыз.

-   Жазык мыйзамындарына гумандуулук киргизилдиби?

- Мен белгилеп өткөндөй, сот реформасынын алкагында жаңы жазык жана жазык-процесстик кодекси иштелип жатат жана андагы маанилүү учурлардын бири – өтө оор эмес кылмыштар тармагында жазык мыйзамдарын гумандаштыруу. Б.а. айрым учурларда, өтө оор эмес кылмыштар жасалган учурда, мамлекет эркинен ажыратууга байланышпаган чечимдерди чыгара алат: мисалга, коомдук жумуштар, айып ж.б.  Белгилүү  болгондой, кылмыш чөйрөсү жашы жетпегендердин колониясынан өсүп чыгып жатат. Бул тутумду токтотууга убакыт жетти. Эгер балдар биринчи жолу мыйзамды бузушса, аларды коомдон бөлүп, дасыккан кылмышкерлер менен бирге отургузууга болбойт. Алар  «жашоонун мындай мектебинен» кийин жакшы болуп кетишпейт. Ошондуктан, ювеналдык саясатта тарбияны башка ыкмалар менен жүргүзүүнү сунушташат.  Жазык кодексине  «экстремизм», «терроризм», «коррупция», «баңгитрафик» сыяктуу жаңы беренелер кирип жатат, о.э. балдарга зомбулук жана зулум  мамиле үчүн да жаза күчөтүлөт. Бүгүн биздин коомдо болуп жаткандарды өзүңөр көрүп жатасыңар, жапайычылык көбөйүп баратат. Муну менен  буга окшогон жазаны күчөтүү жолу менен күрөшүү керек.

-   Бул өзгөрүүлөр качан киргизилет?

- Алар иштелип чыккан, азыр талкуудан өтүп жатат жана пакети менен парламентке сунушталат.

Аида Салянованын жолдошу менен байланыштуу чыр туурасында

-   Сиздин жардамчыңыз, биздин башкы прокурорубуз болгон Аида Салянованын жолдошу  Бакыт Абдыкапаровго байланышкан чыр туурасында сурабай кое албайм. Силерге жумушка кантип кирди эле?

- 5 –ноябрдан баштап менин жардамчым болуп иштейт. Бул жерде Аида Женишбековна таптакыр кийлигишкен жок. Анын тегерегинде ар кандай ушактар башталып жатканынан улам, мени кызматка алуумду суранды. Буга чейин ал МКК иштеген. Ал, жубайына оңтойсуз абал жаратып, ушактардын булагы болбой, чоң эмес кызматта акырын иштегиси келгенин айтты.

-   Сиз аны мурда таанычу белеңиз?

- Ооба, биз 2011 –жылдан бери таанышпыз.

-   Сиз кандай ойлойсуз, анын паракордугу туурасындагы айыптоолор канчалык деңгээлде негизделген болушу мүмкүн?

- Мен юрист катары айтайын. Бул суроо тергөөчүлөргө караштуу. Азыр бир нерсе айтуу кыйын. Бизде Конституцияда мурдагы сталиндик кезден айырмалап турган үч берене бар: биринчиси – соттун өкүмү чыкмайынча эч ким күнөөлүү эмес, экинчиси – мыйзамсыз жолдор менен алынган далилдерге шилтенмелер каралбайт, үчүнчү – бардык олку-солку далилдер айыпталып жаткандардын пайдасына каралат. Бул үч берене репрессиядан кепилдик.  Ошондуктан, аны сот күнөөлүү деп атамайынча, ал күнөөлүү эмес. Жазык-процесстик кодекске ылайык, эгер ага күнөө тагышса жана тергөөчү  мага, тергөө жүрүп жаткан мезгилде аны ээлеп турган кызматынан бошотуу талабын жибергенде гана, анткени ал бул кызматта туруп алып тергөөгө тоскоолдук жаратаарын ал билет, мен аны бошото алам. Ал эми бүгүнкү күнү менин жардамчым күнөөлүү эмес. Азыр өз иш бөлмөсүндө отурат.

-   Бул жазык иши пайда болоору менен кызматтан кеткен Аида Жеңишбековнанын жоругун кандай мүнөздөөр элеңиз. Бул алсыздыкпы, аялдык тутабы же күчтүү жорукпу?

-   Бул күчтүү жорук. Айтышат го: «Цезардын аялы шектенүүлөрдөн тыш болушу керек» деп.  Азыр Салянованын жолдошу мамлекеттин көзүндө караланып жатат, анан калса ал жогорку жооптуу кызматта турганда. Менин оюмча ал абдан туура, жана абдан эр жүрөк иш жасады.

-   Оппозициялык чөйрөдө Салянованын кызматтан кетүүсүн саясатташтыра башташты, муну «Ата-Мекен» партиясынын лидерине бут тоскондук деп жатышат. Анан,  «мародерлук» тууралуу иш башталат деген пикирлер пайда болду. Партиянын мародерлукка күнөөлөгөндөр туурасында эмне айта аласыз?

- Тергөө эки жылга созулду. Коомчулук бул ишти зор кызыгуу менен байкап турду. Эгер мародерлук туурасында бир эле факт чындык болсо, анда процесс башкача болмок. 2010-жылы 7-8- ноябрда мародерлук учурунда 100 миңден 200 миңге чейин адам катышкан. Анан, буга  «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү гана катышкан деп айтуу- нонсенс. Анда ар кандай жарандар болгон. Мындай  көп мамлекеттерде болгон, ал кезде укук коргоо органдары иштебей, расмий бийлик качып кеткен. Мен, бул башаламандыкта биздин мамлекеттин көптөгөн жинденген жарандары катышкан деп эсептейм. Бирок, башаламандыктар бир күндө токтотулду жана бул кырдаалды тез колго алгандарына кудайга шүгүрчүлүк кылышыбыз керек. Украинада эмне болуп жатканын карагылачы.

-   Сиздин партиялык таандыктыгыңыз ишиңизге кандай таасир тийгизет?

- Эч таасир тийгизбейт. Мен өз ишимде Конституция жана өкмөт жөнүндө мыйзамга таянып иштейм. Менин түздөн түз жетекчим – парламент тарабынан тандалып, президент тарабынан дайындалган премьер –министр.

Суроо салган Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине