Асилбек Эгембердиев: "Билимдүү, тажрыйбалуу кыргызстандыктарга муктаждык бар"

18:49, 31 Января

Учурдагы Кыргызстан үчүн эмгек миграциясы кадыресе көрүнүш болуп калды. Акыркы жылдары чет жерде ийгиликке жеткен жердештерибиз тууралуу окуялар көп айтыла баштады. Эмгек мигранттары тууралуу түрмөгүбүздү Москва областындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Асилбек Эгемебердиевдин интервьюсу менен баштамакчыбыз.

- Асилбек Калмаматович, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, каякта тулуп-өстүңүз эле, Москвага качан кеткенсиз?

- Москвага мен ССРС заманында эле келгенмин, 1987-жылы, анда мен айыл чарба жогорку окуу жайына тапшыргам, окуу жайын 1994-жылы “Зооинженер” адистиги боюнча бүтүрдүм. Эки жыл армияда кызмат кылдым. Рязан областындагы бир совхоздо үч жыл башкы адис болуп иштедим. Бул ССРСтин өзүндөй эле колхоздор менен совхоздор да ыдырап, жоюлуп жаткан убакыт болчу. Бийликке келген реформаторлор, бул өндүрүштүн пайдасы аз деп, даяр товарларды чет өлкөдөн сатып алууну туура көрүштү. Талаалар иштетилбей, мал кароосуз калды, эл башка жакка кете баштады, өзгөчө Борбордук азияда жашагандар, алар үй-бүлөлөрү менен Орусияга көчүп кетип жатышты. Болгону бир нече жылдын аралыгында бардыгы талкаланып, жок болду. Темир парда алынып, Европадан жана Америкадан совет эли билбеген жаңы, укмуш тамак-аштар жана буюмдар келе баштады. Америкадан көп санда ташылып келе баштаган “Буштун буту” деген лакап атка конгон тооктордун сан эттерин унутуу мүмкүн эмес. Бир сөз менен айтканда, оор жана татаал мезгил болчу.

Мен иштеген совхоздо 400 саан уй жана да 200 музоо-торпоктор бар болчу. Эсимде, бир күнү алардын бардыгын этке жиберишти, аларга бергенге жем жок калган эле. Болгону 5-6 жылдын ичинде система кыйрап жок болду. Жүздөгөн гектар айыл чарба жерлери: талаалар, алма бактар, жер-жемиш өстүрүлгөн аянттар – бардыгын санап бүтө албайсын, бардыгы талкаланды.

Москвага мен ММУнун журналистика факультетине тапшырганы келдим. Жыйынтыгында, менде ага чейин эле жогорку билимим бар болгондуктан, радио- жана ишкердик журналистика бөлүмүндө эки жыл окудум. Окуу үчүн төлөш керек болчу, ошондуктан окуу менен кошо иштеп да жүрдүм. “Эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо” аталышындагы дипломдук ишимди мен 1996-жылы жактадым. Ал кезде миграция маселеси анчалык деле актуалдуу эмес болчу. Бирок бул тема мага жакын эле, азыркыга чейин мигранттардын маселелери боюнча көптөгөн макалаларды, илимий иштерди жазып келем, чакырылган эксперт катары көптөгөн жолугушууларга, дискуссияларга катышып, коомдук ишмер жана диаспоранын жетекчиси катары ар-түрдүү саясий маселелер боюнча пикиримди айтып, билдирип турам.

- Учурда эмне менен алектенесиз?

- Негизинен бул коомдук жана чыгармачыл иштер. Москва өкмөтүнүн курамында ЖМК боюнча комиссия бар, жакында биргелешип 30дан ашык ар-түрдүү улуттук интернет-басылмалардын башын бириктирген Улуттук-маданий ЖМКлардын ассоциациясын түздүк.

2008-жылы эле мен “Кыргызстандыктар Орусияда” деген маалыматык-аналитикалык портал ачкан болчумун, ал Орусия Федерациясындагы мекендештерибизди бириктирген биринчи интернет-аянтча болду. Тилекке каршы, учурда Кыргызстандын жана Орусиянын ЖМКлары бири-бири менен кызматташпайт. Келечекте Москвада көз карандысыз маалыматтык агенттик ачсамбы дейм. Көптөгөн долбоорлордо алектенүү менен бирге Орусия президентинин алдындагы РАНХиГСтин (Элдик чарба жана мамлекеттик кызмат боюнча орусиялык академия) аспирантурасында “Саясат таануу” адистиги боюнча окуп жатам. 2018-жылдын соңунда талапкерлигимди жактам калам го деген ойдомун. Темасы: “Саясий аспектилер: 1995-жылдан 2017-жылга чейинки Кыргызстандан Орусияга карай глобалдык миграция”.

- Бардыгын таштап үйгө кетип калгыңыз келген учурлар болдубу?

- Көп жыл мурун ушундай учурлар болгон эле. Кыргызстанга, андагы жакындарыма, досторума кусалык болуп турат. Бирок азыр мен Москвада өзүмдү үйдө жүргөндөй сезем.

- Москванын жана москвалыктардын эмнеси сизге бардыгынан көп жагат?

- Москва мага көп жылдардан бери өз үйүм болуп калды. Бул жерде көп мекендештерим менен тааныштым, көп досторду күттүм, алардын арасында журналисттер да, саясатчылар да, эксперттер да, жөнөкөй да адамдар бар. Москвалыктар негизинен баарын бетке айткан, көп сүйлөбөгөн түнт адам келишет. Балким бул мегаполистте көп адамдын жашагандыгына байланыштуудур, адамдар менен мамилелерди чектеп, жаңы тааныштар менен көп баарлашпаганга аракет кылып, энергияларын достору жана жакындары үчүн сакташат. Баса, москвалыктар туура жүргөндүгү жана тактыгы менен мени жаман таңгалтырды, алардан биз үйрөнө турган көп жакшы жактары бар дегендей.

- Сиз кыргыз диаспорасынын Москва областындагы жетекчиси болосуз. Сиздин ишиңиз эмнеде? Мекендештериңизге кантип колдоо көрсөтүп, жардам бересиз?

- 2013-жылы мен Москва областынын өкмөтүнүн алдындагы Консультативдик кеңештин мүчөсү болгом. Кеңеш маал-маалы менен улуттук маселелерди талкуулоо үчүн чогулуп, ар-түрдүү маданияттык жана спорттук иш-чараларды уюштуруп турат. Москва областында 8 миллиондон ашык адам жашайт, алар дээрлик 90 улуттун өкүлдөрү. Мекендештериме колдоону мен Кеңеш жана Москва областынын өкмөту аркылуу көрсөтөм, ошондой эле мага көп адам жардам сурап, юридикалык же башка маселе боюнча кеңеш сурап чалышат. Тилекке каршы, Кыргызстандын жетекчилиги менен тыгыз кызматташтык жок болууда. Кыргыз өкмөтү бизди кырсык болгондо гана эстейт.

- Москвада жана Москва областында канча кыргыз бар?

- Акыркы 4-5 жылда кыргыздар Мытищага, Балашихага, Химкиге, Красногорскко келе башташты. Бардыгы болуп Москванын жанындагы шаарларда 10 миң мигрант бар. Москва областында кыргыздар негизинен айыл чарбада, соода тармагында, өндүрүштө жана курулушта иштешет. Москвада жашап, иштеп жүргөн кыргыздардын так санын айтыш кыйын, ал бат өзгөрүп турат. Орусиядагы кыргызстандыктардын жарымына жакыны Москвада жашайт, бул болжолдуу 200 миң киши, алардын көбү Орусиянын жарандыгын алышкан.

- Акыркы жылдары эмгек мигранттары кандай өзгөрдү?

- Эгер 5-7 жыл мурун эмгек мигранттарынын орточо жашы 20-30 жаш болсо, азыр Кыргызстандан карып калган адамдар да балдары менен көчүп келишүүдө. Мекенинде иш жок деп айтышат. Кыргызстан башка өлкөлөргө окшоп өз жарандарын кармап кала албай жатат. Акыркы 10-15 жыл аралыгында Кыргыз Республикасы өз экономикасын бутуна тургуза албагандыгы катуу кейитет.

Ошол эле кезде Орусия жарандарынын көбү пенсия курагына жетип калды, алардын ордуна ким келет? Орусияга жыл сайын 100 миңдеген квалификациялуу жумушчулар керек, 5-7 жылдан кийин квалификациялуу мигранттарга гана эмес, орусча сүйлөй алган мигранттарга да таңсыздык пайда болот. Ошондуктан Орусиянын бийлиги мигранттарды уюшкандык түрдө тарткысы келет, б.а. аларды ар-түрдүү кесиптерге жана орус тилине үйрөтүп дегендей.

- Биздин мекендештер негизинен кайсы маселелерге тушугушат?

- КР жарандары Орусияда айрым артыкчылыктарга ээ, ошондуктан аларга иш табуу кыйынчылык туудурбайт. Статистикага ишенсек, акыркы 5-7 жылда мекендештерибиздин 50%ы квалификацияны талап кылган жумуштарда иштешет. Бир гана кыжаалат кылган нерсе, айрым мигранттардын өзүлөрү тууралуу ойлобогондугу, керектүү документтерди тийиштүү түрдө толтуруп, өз убагында отчет берип турганга кош көңүл мамиле кылгандыгы.

- Эмне үчүн биздин мекендештер бир-бирин алдаганга көп барышат?

- Ооба, чынында эле акыркы жылдары мыйзам бузган учурлар көбөйүп кетти, өзгөчө борбордо. Уурдоо жана тоноочулук кылуу, опузалап бирөөнүн буюмун тартып алуу, зордуктоолор биздин жарандарды жаман көрсөтүп жатат. Кыргызстан ЖМКлары окурмандардын көңүлүн тартып, рейтингин өстүрүш үчүн атайын терс маалыматтарды таап, жарыялап жатышат. Өкүндүргөнү, бул жаатта керектүү иш жүргүзүш үчүн Орусиядагы кыргыз элчилиги, диаспоралардын өкүлдөрү менен журналисттердин ортосунда кызматташып иш алып баруу жөнгө коюлган эмес. Мигранттар менен такай негизде профилактикалык иштерди жүргүзүп, Орусиянын мыйзамдарын бузуу кандай кесепеттерге алып келээрин түшүндүрүп туруу зарыл.

- Криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө байланыштуу жагдай кандай? Ал чоң маселе эмеспи?

- Андай маселе бар. Аны тез арада чечиш үчүн Кыргыз өкмөтүнүн колдоосу керек. Укук коргоо органдарынын бир-эки өкүлү абалды оңдой албайт. Кыргыз ЖМКлары, коомдук кеңештер, эки өлкөнүн ИИМдери катышкан масштабдуу иш жүргүзүлүшү зарыл.

- Сиздин пикириңзизде кыргыз эмгек мигранттарынын канчасы Кыргызстанга кайтып келет? Алар кандай өзгөрүштү?

- Бул суроону Кыргыз өкмөтүнө багыттаган туура го. Ал эми Кыргызстандан келген эмгек мигранттары тууралуу сөз кыла турган болсок, алар учурда чет жердеги эң эсте калаарлык жылдарды баштарынан өткөрүп жатышат, тез өсүп-өнүгүп, балдарын алып келгилери келип, үй-жай сатып алышууда. Мигранттар келечекте мекенине кайтып барыш мүмкүн, бирок азыр эмес, эртең да эмес, Кыргызстанда эмгек акысы көтөрүлүп, жакшы шарттар түзүлгөндө. Балким, 10 жылдан кийин мигранттардын көбү Орусияда 1-2 баласын калтырып, карыганда мекендерине кайтышаттыр.

- Жарандарыбыздын укуктары көп бузулабы жана ким ага күнөөлү?

- Жаңы жылдын алдында мен укук коргоочуларга кошулуп Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгын жетекчиси Ольга Кирилова менен жолукканбыз. Миграцияга, полициянын мыйзам бузууларына тийиштүү көптөгөн маселелерди талкууладык. Алардын катарында чет элдиктерди мыйзамсыз кармап, аларды депортация кылуу тууралуу сөз болду. Миграция тууралуу мыйзамда толтура кемчиликтер бар, ага байланыштуу айрым актыларды күч органдары ар-башка түшүнүшөт, ал эми мигранттар юридиалык коргоого муктаж болушат. Бирок мигранттарды тийиштүү деңгээлде маалымдоо иши дээрлик жүргүзүлбөйт. Менин оюмча, бул ишти КР элчилиги менен диаспора өкүлдөру жүргүзүшү керек.

- Биздин мигранттар каякта дарыланышат?

- Эгер мигрант Орусия аймагындагы медициналык камсыздандырууну албаган болсо, ооруп калганда дарыланыш үчүн мекенине кетет. Сөзсүз, зарыл болгон учурда медициналык тез жардам көрсөтүлөт, мисалы, сокур ичекке операция бекер жасалат.

- Биздин кыздар, “кой, ай” деп турган адамдар жок болгондуктан, бат эле бузулуп кетишет деген кептер канчалык чындыкка жакын? Бул чоң маселеби, же андай окуялар сейрек кездешеби?

- Биздин кыздар мекенинде калган балдарын, ата-энелерин, ал эмес күйөөлөрүн багыш үчүн баш көтөрбөй эмгектенишет. Бирок, эртеби, кечпи физиологиялык муктаждыктар өзүн билдире баштайт, кыздар турмушка чыгышат, балалуу болушат. Айрымдары гана бир убакта ишин да улантып, үй-бүлөлүк турмушун да куруп кете алат.

Аты Бегимай деген мекендешибиздин мисалында айтып берейин, ал 30 жашта, үч баласы күйөөсү менен Кыргызстанда калган. Москвада ал аспирантурада окуп жаткан, аны менен катар үч жерде иштейт эле. Өткөн жылы филология илимдеринин талапкерлигин жактады. Бирок үй-бүлөсүн багыш үчүн Москвада калганга аргасыз болду, дагы да үч жерде иштеп жүрөт.

Экинчи мекендешибиз Ызаткан, эки баланын энеси. Кыргызстандагы жожду бүтүргөн, кесиби боюнча экономист. Москвага 2007-жылы келген, башында борбордогу банктардын биринде жөнөкөй эле кассир болуп иштей баштаган. Кийин аны улук кассир кылышты, 2013-жылы ал экономист болду, ал эми 2015-жылдан бери Москвадагы эң ири банктардын биринде башкы экономист болуп эмгектенип келет. Бул кыздарыбызыдын эрдиги эмей, анан эмне! Мындай мисалдар жүздөп саналат, биздин кыздар Москвада бардык тармактарда татыктуу эмгектенип жатышат.

- Биздин мигранттар акча табыш үчүн ушунчалык чоң санда Орусияга кетип жатканы – бул ийгиликпи, же кейиткен нерсеби?

- Бул кейитет. Жакында анын кесепетин бардыгы сезе баштайт. Азыртадан эле замандын глобалдуу миграциясы Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө залакасын тийгизе баштады. Демографиялык маселелер, генофонддун өзгөрүшү, өлүм-житимдин өсүшү, жетим балдардын, ажырашуулардын санынын өсүшү жана дагы башка көптөгөн маселелер жаралды, алардын бардыгын жөнгө салыш үчүн ондогон жылдар керек. Учурда кыргыз өкмөтү эмгек миграциясында жүргөн жарандарынын маселелерине көңүл бурбай келет, бул кадыресе көрүнүш болуп калды.

- Жигиттерибиз менен кыздарыбыз Кыргызстандан кетпеши үчүн өлкөбүздүн жетекчилиги эмне кылышы керек? Же бул процессти токтотуу болбой калдыбы?

- Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй: Кыргызстандын экономикасын инвестициялар гана сактап кала алат. Жарандардын акча табыш үчүн чет жакка кетүүсү бул убактылуу гана көрүнүш болушу абзел. Алыскы келечекте да ага басым кылуу – бул эң одоно ката болот. Өлкөнүн бийлиги алысты көрө билиши зарыл. Тилекке каршы, Кыргызстанда жаштардын өсүшү үчүн шарттар жок. Кыргыздын жаштары өз мекенинде бутуна туруп, кесиптик жактан өсүшүнө шарттар түзүлүшү керек эле. Эмгек мигранттарынын пикиринде, КР Тышкы иштер министрлигинин алдында дипломаттык иммунитети бар Мекендештер менен иш алып баруу боюнча Мамлекеттк Катчылык түзүлүшү зарыл. Биринчи кезекте, мекендештердин укуктарын чет жерде коргоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек, аны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко министрликтердин, ведомстволордун, анын катарында диаспоралардын жетекчилери да киргизилиши керек. Орусия Федерациясынын тийиштүү органдары, күч түзүмдөрү, кыргыз элчилиги, консулдуктар, диаспоралар менен кызматташтыкты жөнгө салып, мекендештердин кызыкчылыктарын юридикалык коргоого алуу зарыл.

Эмки кадамда диаспоранын түзүмдөрү менен түзмө-түз иш алып баруу болушу керек. Келечекте “Мекендештердин тарыхый мекенине инвестициясы” деген бизнес-программаны иштеп чыкса болот. Жыйынтыгында, “Мекендештерди мекенине кайтаруу тууралуу Мамлекеттик программа” иштелип чыгышы зарыл болот. Эгер бул чаралар көрүлө турган болсо, кыргыз элчилигинин Орусияда иш алып баруусу жеңилдей түшөт, эч кандай ыйгарым укуткары жок миграция боюнча өкүлчүлүктүн Орусияда болушунун зарылчылыгы болбой калат.

Суроо узаткан Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине