Аскар Салымбеков: китептер, акча, ич күйдүлүк туурасында.

18:19, 1 Ноября 2014

«Дордой» брендинин түзүүчүсү, футбол клубунун ээси, Нарындагы сүрөт галереясын ачкан меценат жана Кыргызстандын жаш окумуштууларын колдоочу, «Эмгек» партиясынын лидери ... Аскар Салымбеков туурасында айта берсе сөз көп, бирок аны менен сүйлөшүү андан да кызык. Өзүнүн абалына жана зор мүмкүнүчүлүктөрүнө карабай, бул адам көпкөн жок, бой көтөрүп кеткен жок, дүйнө таануусун жана айлана- чөйрөсүндөгүлөрдөн үйрөнүүнү улантууда. Биздин окурмандарга Аскар Салымбеков менен болгон интервьюбузду сунуш кылабыз.

Таң калычтуу нерселер туурасында

- Аскар Мааткабылович, сиз материалдык жактан жетишкен, калыптанган адамсыз. Сизди азыркыга чейин таң калтырган нерселер барбы?

- Дүйнөдө таң калычтуу нерселер өтө көп. Күн сайын саясий да, экономикалык жактан да таң калтырган иштер болуп турат. Өзгөчө мени  IT-технологиянын тез өнүгүп жаткандыгы таң калтырат. Биздин эле телефонду алалы, бүт дүйнө алаканыбызга батып кетти деп айтса болот, ушул эле жерде: китепкана да, дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы жаңылыктар да, сүйүктүү фильмдериң да, сүрөттөр да бар. Ал эми Кыргызстанда болуп жаткандарды карай турган болсок – чын эле тынбай таң каласың. Мисалы, кыргыздардын уруу-урууга кайрадан бөлүнө баштаганы таң калтырууда. Башка эл бир нече кылым мурда басып өткөн өнүгүү мезгилине биздин эл XXI кылымда башталды. 

- Сиз бул  процессти колдойсузбу?

- Мен, тарыхчы катары, муну артка кетүү деп эсептейм. Андан сырткары, биз, кыргыздар ансыз да партиялар боюнча, аймактар боюнча, дин боюнча да бөлүнүп келгенбиз.  Андан сырткары, биз, ансыз да бир ууч эл бир муштумга биригип, өнүгүүгө баруунун ордуна, кайрадан уруулук мамилелерибизди эстеп отурабыз. Биринин артынан бири уруу-уруулардын курултайлары болуп жатат. Мына ушул чындап таң калтырууда. Диссонанс болуп жатат, дүйнө алгалаган  сайын, биз ордубуздан жыла албай жатабыз. 

- Анын себеби эмнеде? Бардыгы эле сабаттуу адамдар, мына, Кыргызстандын Илимдер Академиясынын президенти  Абдыганы Эркебаевди алалы, ал да өз уруусунун курултайына катышыптыр, анда аны жол башчы кылып дайындашыптыр дешет го.

-Сөзсүз, менталитеттик деңгээлде кыргыз өз уруусун билип жүрүшү керек, бирок, муну даңаза кылуунун кереги жок. Биз биригүү иштерин башташыбыз керек, улут катары калыптанышыбыз керек. Сасяий партияларда да ушундай, азыр бизде алар 190 го жетти. Алар да биригип, саясатка таасир эте ала турган, ири саясий кыймылдарга айланышы керек. Дагы бир жолу тарыхчы катары баса белгилеп кетейин, бизде көчмөндүк жашоо образыбыз дагы эле калган. Ошолордун таасири эми басым көргөзө баштады окшойт. Бирок, биз көчмөндөрдүн мыкты жактарын сактап калуу менен, алга кетишибиз керек, кимдин уруусу мыкты жана жогору деп өз ара жарышпашыбыз керек. Болбосо, бул талкалоочу кубат биригүүгө мүмкүндүк бербейт. Ойлонууга убакыт жетти. Кыргызстандын элитасы авангардда прогресске, күчтүү, бекем мамлекет түзүүгө баруучу мезгил келди.

Калыптануу туурасында

- Көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн, сиз өзүн өзү жасап алган адамсыз. Өзүңүздү сиз кандай мүнөздөөр элеңиз?

- Өзүң тууралуу айтуу кыйын. Менде субъективдүү пикир болушу мүмкүн. Бирок, аракет кылайын... Жылдыз белгим боюнча – Суу перисимин. Бул белгинин мүнөздүү белгилери менде да бар: баарын билгим келет, жаңылыкка умтулам, эч качан жеткен нерсе менен токтоп калбайм, дайыма жаңыланып турам.

- Сиздин оюңузча, сиздин адам катары, инсан катары калыптанышыңызга эмне түрткү болду? 

- Албетте, менин үй-бүлөм, өзүнүн жашоодогу өрнөгү менен ата-энем. О.э. бала кезден китеп окууга болгон сүйүүм. Мында азыр 93 жашка келген апамдын жана биринчи мугалимим Полина Григорьевна Кожухованын, тарыхтан берген мугалимим А. Карыбековдун эмгеги чоң, алар мени билим алууга умтулууга үйрөтүшкөн. Китеп – менин жашоомдогу эң биринчи досум. Ар бир кызыктуу китеп – мен үчүн байлык, мен аны сөзсүз түрдө сатып алам. Китептерге келгенде абдан сараңмын, эгер бирөө жарым сурап калса, араң берем, анткени кайра бербей коебу деп корком.  (Жылмаят). Бирок, баары бир берүүгө туура келет. Кимдир бирөөсү берет, башкалары бербейт... Кайтарылбаган китептер менен үчүн чоң жоготуу. Көп китептерди бир нече жолудан окуп чыгам. Бирок, пенсияга чыкканда окуйм деп, калтырып койгон китептерим да көп. 

- Ал эми азыркы жаштар таптакыр китеп окубайт…

- Мен балдарга жана жаштарга мүмкүн болушунча көп китеп окугула деп кеңеш берем.Эгер жаныңда китеп болсо, адам эч качан жалгыздыкты сезбейт. Жашоонун акылмандыгын, философияны алуучу  жер бар.

- Ийгиликтүү болуш үчүн өзүңө жана башкаларга талапты катуу кое билүү керек дешет. Сиз  «Дордой» сыяктуу зор империяны кантип курдуңуз? Кандай сапаттар, мотив эмне болду?

- Негизги мотив – менин көз карандысыздыкка, өз аракетимде эркиндикке жетүүгө болгон умтулуум болду. Мен 90-жылдарда баштадым, ал эми ошол мезгилде мүмкүнчүлүк көп болчу. Мен чет өлкөгө барып, элдин кандай жашап жаткандыгын, өз бизнесин кантип куруп, өркүндөтүп жаткандыгын, иштеп тапкан акчасын өзү каалаган нерсеге эркин корото билээрин көрүп келдим. Мен, акча  кыймыл аракеттин, кандайдыр бир көз карандысыздыкты берээрин түшүндүм. Ошондо менде өзгөрүү болду. 90-жылдарда легендарлуу парламентке талапкерлигимди койдум.  Ал кезде жаш болчумун.  Албетте, көшөгө артындагы шайлоо оюндарын мыкты билген олуттуу саясатчылардан жеңилип калдым. Утулуп калганым жакшы болуптур. Мен саясаттын чынчыл эместигин түшүндүм,  андан көрө өз бизнесимди ачайын деп,  «Дордой» базарын түзүп баштадым. Андан ары өзү улана баштады. Айтышат го,  керектүү учурда керектүү жерде болуп калдым.

- Азыр жаштардын өз бизнесин ачууга мүмкүнчүлүгү барбы?

- Азыр,  IT- технологиялардын кылымында мындай мүмкүнчүлүктөр миңдеп саналат. Тейлөө тармагында, соода тармагында, башка тармактарда бизнес ачса болот. Кыргызстанда али толтурула элек бош жерлер көп.   

Ошондуктан, бүгүн мен жаштарга өз ишин,өз бизнесин ачууга сунуш берээр элем. Эгер бирөөнө иштесең, айлык акың да чектелүү болот. Жакында эле интернетте өз ишин жаш кезинде, нөлдөн баштаган 12 миллиардердин тизмеси жарыяланды.

- Өз тажрыйбаңыздык бийиктигинен, жаңы баштаган бизнесмендерге кандай кеңеш берээр элеңиз?

- Биринчиден, бизнес ачаардан мурда, бул жээксиз сууга чумкуурдан мурда, бардыгын жакшылап эсептеп чыгуу керек. Эч качан шашпоо керек. Мен  кытайлыктардан чыдамкайлыкка жана кылдаттыкка үйрөнгөм, азыркыга чейин үйрөнүп келем. Бизнес баштаардан мурда алар бардыгын ийне жибине чейин эсептеп чыгышат. Бир гана продукцияны кантип өндүрүү эмес, бул продукцияны кантип сатаарына чейин. Экинчиден, бизнесмендерге, эгер кандайдыр бир жаңылыштык кетирип алган күнү да, өз ишин таштабоого кеңеш берем. Эгер мурдагы тажрыйбаң ийгиликсиз болуп калса да, кайра башынан баштоо керек, бирок,жаңылыштыктардын бардыгын эске алуу менен.  Үчүнчүдөн, жакшы адамдар менен жакшы байланыштарды табуу керек. Мамиле кура билгенди үйрөнүп, акылдуу, жолдуу адамдарга жакындай билүү керек. Жана алардан үйрөнүү керек. Төртүнчүдөн, убакытты үнөмдөө керек. Убакыт-акча. Ал эми, бешинчиден, жаштарга чет тилин үйрөнүүгө кеңеш берем. Бизде Кыргызстанда бул тилдерди билүү керек: кыргыз,орус, англис, кытай жана түрк. Бул тилдерди билген адамдарга дайыма суроо-талап да көп болот.  Улам бир тилди билүү – ал адамдын мүмкүнчүлүгүн дагы бир эсеге жогорулатат. Мен, университеттен англис тилин жакшылап үйрөнүп албаганыма дагы эле өкүнөм. Чет өлкөгө чыккан кезде, бул жетишсиздикти абдан курч сезем.

- Сиз өз бизнесиңизди негизинен Кыргызстанда жүргүзөөрүңүз жалпыга маалым. Эмнеге? Бизде абал азыр туруксуз болуп жатат. Көпчүлүк бизнесмендер азыр өз капиталын чет мамлекеттерге алып кетип жатышат.

- Ооба, менин негизги бизнесим Кыргызстанда. Бардык эле мамлекеттер инвестиция күтүп турушат. Бир да мамлекет, жада калса экономикасы өнүккөн,  Кытай, Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөр да инвестициясыз жашай алышпайт. Биз, кыргызстандыктар, ушуну эстен чыгарбашыбыз керек. Бизде абалдын туруксуз болуп жатышы – кендерди жаап жатышат, заводдор иштеген жок, түгөнбөгөн митингдерди өткөрүп жатышат, ошону үчүн инвесторлор коркуп келбей жатат. Анткени капитал-тынчтыкты сүйөт. Өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасын туруктуу эмес өлкөгө салгыдай азыр келесоо жок. Кыргызстан – ички да, тышкы да инвесторлорго муктаж өлкө. Анан биз, жергиликтүү бизнесмендер, ушул жерден тапканыбызды сыртка ташый баштасак, анда бул жок дегенде патриоттук болбой калат. Анан, биз ушул жерде төрөлгөнбүз. Анан кайда барабыз? Кайда кетебиз? Мен өз элим менен болушум керек, өз өлкөмдү көтөрүшүм керек. Мына ушул ойлордон улам,  чет өлкөдө заводдор менен мейманканаларды курбай, ушул жерде иштейли деп айтып келем. Бирок, кызыктуу сунуштар ондоп түшүп жатат.

Коррупция туурасында

- Кыргызстандагы коррупция маселеси –эң актуалдуулардын бири. Сиз бул көрүнүшкө кандай көз караштасыз. Мамлекеттин ага каршы күрөшкө канчалык аракет көргөнүнө карабай, эмне мынча гүлдөп жатат?

- Коррпуция менен күч колдонуп: камоо, соттоо,түрмөгө отургузуу жолу менен күрөшүү – бул бир деңгээл. Кайсы бир мезгилде ал таасирге ээ болушу мүмкүн. Бирок, дайыма эле эмес. Турмушта коррупция абдан көп. Майда жана орто коррупцияны экономикалык тутка менен токтотсо болот. Болгону экономиканы көтөрүү керек, бюджетти толуктап, фискалдык органдардын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүп дегендей. Эгер элдин татыктуу айлыгы болуп, ушул жумушту жоготуп алуу коркунучу болсо, анда 80% майда, турмуштук коррупция өзүнөн өзү жоголот. Ошондо ммалекеттик казынадан уурдаган ири коррупционерлер калат. Мына ушулар менен аеосуз күрөшүү керек.

- Азыр коррупция бир гана зыян эмес, пайдалуу жагы да бар деген пикир пайда болду, ал көп процесстерди ылдамдатып жиберет дешет. Аны менен күрөшүүнүн зарылдыгы барбы?

- Коррупциялык чиймелер мыйзамдан сырткары колдонулат. Ал эми адамдар мыйзам менен эсептешпей калганда, бийлик институту жана мамлекеттие өзү алсыз болуп баштайт, буга ылайык мамлекет башка мамлекеттердин катарында алсыздана берет. Демек, биз өнүгүүдөн өтө артта калабыз. Биздин коопсуздугубуз да алсыз болот. Коррупция менен күрөшүүдөгү башкы артыкчылык – бул экономиканын өнүгүшү, мамлекеттин казынасынын толушу. 23 жылдан бери биздин өлкөбүздүн бюджети 23 млрд доллар турат, бул Американын бир эле университетинин, же алдыңкы бир футболдук клубдун бюджети.

Элиталардын алмашуусу тууралуу

- Бүгүнкү күнү  биздин өлкөдө дагы эмне тынчыңызды алат? 

- Убакыттын бизге каршы жүрүп жаткандыгы тынчсыздандырат. Биз 23 жылдын ичинде убакытты туура бөлүштүрбөгөнүбүздөн улам  өнүгүүдө өтө көптү жоготтук, убактыбызды саясий талашта өткөрдүк, ал убакта башка мамлекеттер,өзгөчө коңшу өлкөлөр негизги сектор – экономикага бардык көңүлүн коюп, өнүгүү жолунда болушту. Алар абдан алга суурулушту. Бизде, мамлекетте социалдык-экономикалык кырдаалды жеңип чыгуу үчүн абдан аз убакыт калды. Эгер биз дагы эле азыркыдай кыймылдай турган болсок, анда жакынкы 5-10 жылдык абалды болжолдоодон да корком.  

- Кандай аракет көрүшүбүз керек?

-Эгер баарын бирден санай турган болсок, анда алар өтө көп. «Кайда барба – мамайдын көрү» дегендей. Жыл өткөн сайын көйгөй азайуунун ордуна, өсүп баратат. Бирок, башкы багытыбыз, эгер кыскасын айта турган болсом – мен бизнесмен катары прагматикмин, биздин негизги секторубуз – экономиканы өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн, мамлекеттик түзүлүштөгү тутумдуу өзгөрүүлөр, социалдык чөйрөдө жана экономика тармагындагы өзгөрүүлөр үчүн, стабилдүүлүк жана инвестициялар үчүн.

Мамлекеттик башкарууда, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы өзүнүкүнөн бийик турган профессионалдар келиши керек.

Биз анан жаңы «Эмгек» - «Труд» партиясын түздүк, ага ишмерлерди, бизнесмендерди, биздин экономика кармалып тургандарды, биздин Кыргызстандын келечегине кайдыгер эмес адамдарды топтодук.

- Биз элиталардын алмашуусу туурасында айтканда, мына ушундан көп нерсе деле өзгөрбөйт го деген сезим пайда болот. Биз, кыргыздар, өзүбүз саясатыбызды өз алдыбызча чече албайбыз, биз үчүн башка чоң мамлекеттер чечип коет. Кыргыз элитасына өз алдынча чечимдерди кабыл алган, көз карандысыз саясатчылардын келүүсү мүмкүнбү? 

- Эгер мурдагы Союздун кичинекей өлкөлөрү – Түркмения, Тажикстан, Арменияларды карай турган болсок, алардын баары кадимкидей өнүгүп жатышат. Ал эми биздин көйгөйүбүз – мурдагы президенттер өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын мамлекеттикинен бийик койгондугунда, улуттук кызыкчылыктардын ордуна өздөрүнө башка жыргалчылыктарды сатып алгандыгында болду. Эгер алар эң башынан баштап, өзүн жана биздин мамлекетти көз карандысыз алып жүргөндө, мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алуу менен  Россия, Кытай, АКШ менен, жакынкы Казакстан, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билгенде, азыр таптакыр башка көрүнүш болмок. «Ооба, биз кичинекей өлкөбүз, бирок биз намыстуубуз. Биз өз көз карандысыздыгыбыз үчүн тоо  болуп туруп беребиз. Биз тоолук жана намыскөй элбиз, биз менен эсептешүү керек!»  - сүйлөшүүлөрдү так ушул өңүттө жүргүзүү керек болчу, ошондо бизге таптакыр башка мамиле болмок.  Азыр болсо, чет элдиктер менен жолукканда, жалгыз биздин мактай турган жерибиз – Ысык-Көл. Бирок, ал кудайдын жаратканы. Ал эми бизде, адамдын колу менен эмне жаралды? Мүмкүн,  «Дордойду» айтсакпы (жылмаят). Бир сөз менен айтканда, мурдагы президенттерибиз көргөзүп кеткен алсыздык бүгүн бизге өз кесепетин тийгизип жатат. Бизде дагы убакыт бар, 5-10 жылдын ичинде биз кырдаалды дагы өзгөртө алабыз, ошондо,  мүмкүн кошуналарыбыздын бизге болгон мамилесин да өзгөртөөрбүз. Бирок, эгер биз жалпы улуттук консенсуска келип, алга жыла баштабасак, биз акыркы мүмкүнчүлүктү  колдон чыгарабыз жана тышкы башкарууга түшүүбүз мүмкүн. 

- Бул көрүнүшкө биз, журналисттер да убагында, өзүбүздү өзүбүз камчылап, эч нерсе жасай албайбыз, жалкоолугубуз башыбыздан ашат деп, өз өлкөбүздү жамандап, өз салымыбызды кошуп жибердик окшойт,  сиз да макул болоорсуз. Эгер биз башында эле саясатчылар менен бандиттер туурасында жазбай, өз эмгеги менен ийгиликке жетишип жаткан жаратман адамдар туурасында жазганыбызда, көрүнүш башка болот беле? 

- Макулмун. Силердин журналисттик туугандар да өз салымыңарды коштуңар. Айрым журналисттер саясий күчтөрдүн куралына айланды. Буюрутма менен жазышып, бардыгына жалаа жаап жатышты. Бүгүнкү күнү жалаага калбаган инсандар аз. Жада калса Чынгыз Айтматовго да асылышты. Мындай болбойт. Бардык өнүккөн өлкөнү, ошол эле казактарды карагыла. Алар өз тарыхына, маданиятына,  салттарына, адабиятына кандай аялуу мамиле жасашат. Ал эми бизде кумир да калган жок. Улуу адамдарды жамандоо менен, айрымдар көтөрүлгүлөрү келишет. Бул эмнеге алып келди?  Биздин теңеле турганыбыз калган жок. Ыйык эч нерсебиз да калган жок. Эгер биз өзүбүз, кыргыздардын кыргыздан башка эч кимге кереги жок экенибизди түшүнгөндө гана, Кыргызстан өзүнүн адамдык потенциалынан жогорулайт, эгер ойлонбосок – улут жоголуп кетиши мүмкүн. ту жоголуу күтүп турат.

- Көп учурда көрө албастыктан жамандоолор башталат. Сиз да адамдык ич күйдүүүлүк менен көп  эле жолуксаңыз керек. Бул сезим туурасында эмне айта аласыз?

- Мен бир дин кызматкеринен укканым бар, ич күйдүлүк – бул жуулбай турган күнөө. Мен да көп көрө албастыкты көрдүм,жана бул көрүнүштүн келип чыгуу себебин түшүнө алган жокмун. Убакыт өткөндөн кийин, мен, көрө албастар – бактысыз адамдар экенин, алар өздөрүнө жаман кылып жатышканын түшүндүм. Мен, көрө албагандын ордуна – ийгиликке кубанып, же өзүң бир нерсе кылышың керек деп ойлойм. Эгер бирөөнүн бир иши жакшы болуп кетсе, ага өзүм жасагандай сүйүнөм. Ал эми көрө албастарга, көрө албастык – ичиңерден курчутат дегим келет. 

- Кимдердин ийгилиги кубандырат?

- Мен Кыргызстанды даңктаган искусстводогу, спорттогу белгилүү, чыгаан жердештерибиздин ийгиликтерине кубанам. Экономикада мени  «Аю» компаниясынын ийгилиги кубандырат, ал заводдорду куруп, өнүгүп жатат. Өз досум Табылды Эгембердиевдин ийгилигине кубанам, ал уникалдуу «Супара» этно-комплексин кура алды, эми тоодо туристтик борбор куруп жатат. Бул, бирөөдөн жардам күтпөй, башкалардын акчасын санабай, экономиканы кантип өнүктүрүү керек экендигине ачык мисалдар. Бизнесмен-кесиптештеримдин өндүрүштүк ийгиликтери абдан кубандырат. Бирок, ири мамлекеттик долбоорлор токтоп калганга ичим ачышат. Анан, биздин өндүрүшчүлөргө качан иштөөгө мүмкүндүк беребиз? Чиновниктерибиз майда пайда табууну көздөп, улуттук кен чыгуучу жерлерибизди сатып жибергендерине абдан капаланам

Спорт туурасында

- Бул жылы үч маанилүү спорттук иш чара өттү: Сочидеги кышкы  Олимпиадалык оюндар, Бразилиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаттыгы, жана биздин Көчмөндөр оюндарыбыз. Сиз булардын бардыгында болдуңуз. таасирлериңиз кандай? 

- Сочи-2014 –бул ушунчалык зор кубаттуу долбоор болду, анда Орусия өзүнүн болгон кубаттуулугун көргөздү, каражатын да, күчүн да, чыгармачылыгын да аягын жок. Дээрлик бир спорттук империяны курушту. Бул кол менен жасалган, амбициоздуу долбоор, тропикте жасалма кышты жасашып, жада калса жылдын төрт мезгилин айкалыштырышты. Буга дээрлик 50 млрд доллар сарпталды. Сочидеги ачылуу, жабылуу салтанаттары укмуштуудай көркөм болду.

Бразилиядагы дүйнө чемпионаты да мыкты уюштурулуп, өткөрүлдү. Бразилия 200 млн калкы бар, дүйнөдө тез өнүгүп келе жаткан 7-мамлекет. Башында зор чыгымдардын аркасында дүйнө чемпионатын өткөрүүгө катуу каршы болушса да, кайра бразилиялыктар бул ойго өздөрү сүңгүп кирип,  футбол майрамы, бразиялыктардын чемпион болбой калганына карабай, абдан жакшы өттү.

Биздин Көчмөндөр оюнубуз биздин ички көрөрмандарга күчтүү таасир калтырды. Бирок, биз аларды бүт дүйнөлүк деп атап жаткандан кийин, ага абдан олуттуу даярдануу керек болчу. Мындай масштабдуу иш-чараларга үч ай эмес, жылдап даярданышат. Биз эч качан мындай оюндарды өткөргөн эмеспиз, албетте, биздин көрөрмандарга абдан жакты. Бирок, көптү көрүп, каныккан көрүүчүгө бул эч кандай таасир калтырган жок.  Принцибинде,биз 2 млн доллар бюджеттен турган ишти жасадык. Ал биздин бюджетке жана уюштуруу үчүн берилген убакытка шайкеш келет. Бирок, чоң кемчилик кетти, бардык дүйнөлүк каналдар боюнча жарнама уюштуруу керек болчу, ал эми аны көрсөтүүнү сатуу керек эле. Мисалы, ФИФА өзүнүн дүйнөлүк чемпионат боюнча көрсөтүүсүн телеканалдарга 5 млрд доллардан сатат. Бул коммерциялык прагматизм бизге жетишпей калды.  Ооба, биз өзүбүз, кыргызстандыктар көрдүк, кубандык, ошону менен бүттү. Бирок, бул оюндарды бүт дүйнөдөн болушунча көп адам көрүшү керек болчу, ошондо көчмөндөрдүн кандай гана экзотиклык оюндары болоорун көрүшүп,кийинки ондарга сөзсүз катышууга аракет кылышмак. Кийинки оюндарда көрүүчүлөрдүн жарымы чет элдиктер болмок, алар ушул оюндар үчүн биздин мамлекетке келип,биздин жарды казынабызды жакшылап толтуруп кетишмек. 

- Биз аларды жылда өтүүчү деп атагандан кийин, анда кийинки жылдагы Көчмөндөр оюнуна азыр даярданып баштоо керек да? 

- Ооба, жана бизди көргөзө турган дүйнөлүк телеканалдар менен келишим түзө баштоо керек. Муну үчүн алар бизге төлөшү керек. Б.а. биз өзүбүздү жакшы жагыбыздан көрсөтүүнү үйрөнүшүбүз керек. Биз той өткөргөнсүп, болгон акчабызды жок кылдык да, кубанып кала бердик. Бирок, бул акчаларды кайрып алышыбыз керек, анын үстүнө адгы акча табуу керек да. Мына, жөнөкөй математика мына ушунда! 

- Сиз дени сак жашоонун жана спорттун фанатысыз. Спорт сиз үчүн эмне? 

- Спорт- бул менин экинчи жашоом. Көп нерсеге жетишкен нерселериме мен спорттун аркасында жетиштим. Мен спорттун бардык түрлөрүн жакшы көрөм. Спортто мелдеш бар, кумар бар, экстрим бар. Эгер менин сүйүктүү командам ойноп жатса, мен ошол оюндан кубат алам,  кыйкырам, күйүп бышам,  сезимдерим толуп-ташат. Менин спортко болгон сүйүүм- бала чагымдан, мен лыжа да тепчүмүн, футбол, волейбол, баскетбол ойночумун. Күнү бою спорт аянтчасында жүрчүмүн. Биринчи класстан баштап  «Советский спортту» окуп баштагам. Мен спорттун аркасында өнүгүп өстүм деп айткым келет, анткени жумуш боюнча дүйнөлүк чемпиоанттарга көп бардым, Азия жана Олимпиада оюндарына катыштым, өзүмдүн ой чабытымды толтурдум.

Ал эми физикалык планда алганда, спорт мени чымыр жүрүүмө жардам берет. Таза абада ойноо, жаратылышка чыгуу, эртең мененки көнүгүү ден-соолугумду сактап, жакшы маанайда жүрүүгө жардам берет. Бардыгына ушуну сунуш кылам – жаш курагыңарга карабай дене тарбия жана спорт менен машыккыла. Басып, чуркап, сүзүү керек. Кыймыл – бул жашоо. 

- Көпчүлүк жаштар, дүйнөдөгү башкы нерсе – акча деп эсептешет. Сиз бай адамсыз. Сиз үчүн баалуулуктардын шкаласында акча биринчи орундабы?

-Балдар, ишенип койгула, акча бул бардыгы эмес. Бирок, акча адамдын өзүн-өзү ачуусуна шарт түзөт, кыймыл аракетиндеги эркиндикти берет, өзүңө жетиштүү болууга мүмкүндүк берет. Бирок, муну үчүн билим да болушу керек, жана материалдык жыргалчылыкка жетүү үчүн ошол билимди  турмушка ашыруу керек.  Кошумча акча, инсандыкты өнүктүрүү үчүн кубаттуу түрткү. Акчаны коротуунун ар кадай мотивдери бар. Кимдир бирөө акчаны казинолорго, көңүл ачууларга гана колдонот. Бирок, акчаны өзүңдү өркүндөтүүгө, музей курууга, спорт обьектилерин ачууга, элдин керектөөсүнө жумшасаң, мына ошондо канааттанууну  көбүрөөк аласың, мына ошондо ал көбүрөөк пайда алып келет. Мен бул акчаларды, элге кызмат кылсын деп жумшайм. Анан, албетте, өзүмө. Балдарымдын жакшы билим алышын, жакындарым эч нерседен кем болбошун каалайм. Бирок, мен акчага сыйынбайм.

- Сиз үчүн акчадан баалуу эмне барг?

- Руханий тынчтык, сүйүү, достук.

- Кыргызстандыктарга эмне каалайт элеңиз?

- Убакытты үнөмдөгүлө, көбүрөөк  прагматик болгула. Убактыңарды кайрымдуу иштерге жумшагыла. Анан, жаратып баштагыла!

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине