Азамат Жаманкулов: «Кыргызстан бүгүн дүйнөлүк туризмдин трендинде»

16:47, 3 Февраля

Мындан 20 жыл мурун, Акаевдин убагында эле Кыргызстан дүйнөлүк туризмдин Меккесине айланаары тууралуу сөз боло баштаган. Андан бери эки муун, 5 президент алмашты, ал эмес климат глобалдык жылуулануу жакка өзгөрө баштады, а биз болсо баягы эле кейпибиздебиз, туристтер үчүн бейиш төргө айланалбадык. Себеби анын эмнеде? Балким биз өзүбүз өзүбүздүн кендирибизди кесип жаткандырбыз?

Бул тармактагы Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү жана дүйнөлүк туризмдин өнүгүүсүндөгү заманбап тенденциялар тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов менен маектештик.

- Азамат Капарович, сиз эки жылдан бери Кыргызстандын Туризм департаментин жеткектеп келе жатасыз. Кандай ийгиликтер менен мактана аласыз?

- 2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм жакынкы 10 жылдын аралыгында туризм тармагы катуу өнүгүшү мүмкүн болгон өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды да кошуп, биздин өлкөбүздү туризм үчүн эң ачык, жагымдуу өлкө деп атаган. Аны менен кошо Кыргызстан туристтерге сөзсүз барууга сунушталган 20 өлкөнүн рейтингине кирген. КМШ өлкөлөрүнүн арасынан жалгыз гана Кыргызстан бул тизмекке киргенин белгилей кетиш керек. Муну менен, сөзсүз, сыймыктансак болот. Эгер ийгилигибизди сан менен көрсөтө турган болсок, 2017-жылдын алгачкы 9 айында Кыргызстанга конокко келген чет элдиктердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 560 миң адамга өскөн. Башкача айтканда бизге 3,9 млн турист келип кеткен. Быйыл чет элдик туристтердин саны 4 миллиондон ашат деген үмүттөбүз.

Дагы бир мактана турган нерсебиз, былтыр Туризм тармагынын Кыргызстандын ИДПсындагы үлүшү 5,5%га жетти. Бул Кыргызстандын көз карандысыздыкка жеткенден берки 26 жыл аралыгында биринчи жолу болуп жатат. Мурда бул сандар 4,2-4,3% чегинде болчу. Акчага которсок бул 18 млрд сомдон ашык болот. Мактанууга үчүнчү себеп – туризм тармагына келип жаткан инвестициялар. Бул мейманканалар, отелдер, кафе-барлар, б.а. туристтик кызматты көрсөткөн объектилер. Алардын накталай үлүшү 4 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 20 млрд сомду түздү. Аны менен катар, туристтик кызматтардын экспорту да өсүүдө, алардын жалпы суммасы 173 млн АКШ долларын түздү.

- Кыргызстанга туристтер негизинен кайсы өлкөлөрдөн келүүдө?

- Эгер массалык туризм тууралуу сөз кыла турган болсок, анда алар негизинен КМШ өлкөлөрү: Казакстан, Орусия, Өзбекстан. Коңшу өлкөлөрдөн келген туристтерди Ысык-Көлдө эс алуу кызыктырат. Германия, Франция, Испания сыяктуу европа өлкөлөрүнүн туристтери да Кыргызстанга көбүрөк кызыга башташты, араб өлкөлөрүнөн: Араб Эмиратынан, Сауд Аравиясынан, Катардан, Кувейттен туристтердин чоң агымы байкалууда. Келечекте Кытайга басым кылсакпы дейбиз. Азырынча биз кытай рыногуна жакшы чыгалбай жатабыз, кытай туристтерине жагыш кыйын, алар менен иштешүүнүн өгөчөлүктөрү бар, аларды негизинен архитектуралык жана тарыхый эстеликтер, ошондой эле шопинг-туризм менен оюн-зоок аймактары көбүрөк кызыктырат. Бирок бул тармакта да бизде жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ага кошумча Дели менен авиа каттам ачылгандан бери Индиянын туристтерин да тарта баштадык, учурда учактар 90%га чейин толуп учуп келишүүдө. 

- Чет элдик туристтерди Кыргызстанда эмне кызыктырат?

- Өлкөбүздүн аймагынын 94%ы тоолор, мына ушул нерсе туристтерди биринчи кезекте кызыктырат: трэкингдер, ат менен жана жөө жүрүштөр, вело- жана джип турлар. Ошондой эле биздеги тоо сууларга байланыштуу экстремалдык туризмге да кызыгуу чоң: рафтинг, каякинг. Анан сөзсүз көлгө түшүп эс алуу. Экинчиден – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан кирген Улуу Жибек Жолунун пакети. Ар-бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрү бар. Эгер Өзбекстан Бухаранын, Самарканддын, Хиванын байыркы архитектурасы менен кызыктырса, бизге адам колу тийбеген табигый жаратылышты көрүш үчүн, көчмөндөрдүн маданияты менен таанышыш үчүн келишет – боз үйдө жашоо, жайлоого чыгуу, улуттук ат оюндарын көрүү аларды кызыктырат.

- Кыргызстан өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн канча пайызга колдонууда десек болот?

- Эл аралык адистердин билдирүүсүндө, учурда Кыргызстан өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн 10-15%га гана колдонуп келет. Туризм Кыргызстанда жаңыдан гана өнүгүп келе жатат. Бишкекте, аймактарда туризм тармагында эмгектенген ишкерлерибиздин аракеттерин байкап жатабыз. Акыркы жылдары гастрономиялык туризм жакшы өнүгө баштады. Бишкекти бүгүн Борбор Азиянын гастрономиялык борбору деп койсок болот, анткени анда кайсы гана элдин тамагы жасалбайт. Жакында Бишкек керек болсо Дели шаарын ашып, гастрономиялык туризм боюнча абройлуу рейтингге кирди. Баалардын арзандыгы боюнча да Бишкек КМШ чөлкөмүндөгү эң арзан шаарлардын катарына кирди, ошондуктан баалар боюнча биз жакшы эле атаандаша алабыз.

- Ошентсе да бизге Түркия менен Таиландга чейин дагы көп бар. А бирок ошол эле кезде жаратылышыбыздын кооздугу алардан кем калбайт, айрым жагынан ашып да кетет, мисалы суубуз, абабыз тазараак, тамак-ашыбыз даамдуураак дегендей. Эмне үчүн жогорудагы өлкөлөргө жеталбай жатабыз?

- Ооба, биз көлгө түшүп эс алуу жагынан, тейлөөнүн сапаты жана баалардын деңгээли боюнча алардан арттабыз. Анын себеби төмөнкүдө, биз дайыма туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз кылып келгенибиз менен, бул тармакты өнүктүрүү боюнча системдүү аракетибиз болгон эмес. 2040-жылга чейинки Стратегияда туризм экономиканын артыкчылыкка ээ сектору катары көрсөтүлгөн. Балким, азыр биз ал системаны түзө алаттырбыз. Эң негизгиси жеке менчик тармак мамлекет менен шайкеш иш алып барышы абзел. Түркия менен Таиландда иш кандай коюлган? Туристтик пакет отелдер менен курорттор көрсөткөн кызматтардан гана турбайт. Бул өзүнчө эле бир чынжырлуу тутум: авиакаттамдар, аэропорт, такси, кафе-ресторандар, анан гана курорттор. Биз ушундай бүтүн системаны түзүшүбүз керек болот, бул тутумдун ар-бир бөлүгү башкалар менен шайкеш жана сапаттуу иш алып барышы зарыл. Туристти эмне кызыктырат? Эл аралык деңгээлдеги сапаттуу кызматтар жана ар-түрдүү жеңилдиктер. Мындай шайкеш иш алып барыш үчүн бардыгын көзөмөлдөп, тескеп турган бир координатор керек. Мурда бизде андай координатор болгон эмес. Ар-бир орган ишти өз алдынча алып барып, такай негизде иш жүргүзүлчү эмес эле. Ошондуктан бүгүн биз бул иштердин бардыгын шайкеш келтиргенге аракет кылып жатабыз. Канчалык деңгээлде максатыбызга жетебиз, азырынча айтуу кыйын. Бирок ал ийгиликтүү болот деп үмүт кылабыз. Өлкөбүздөгү туризмдин абалына бир канча убакыт байкоо жүргүзүп, анын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдадык. Жакында эле, жарым жыл болуп калды, биринчи конкреттүү кадамдарды жасай баштадык.

- Менимче, туристтик тармакка гана эмес, дегеле бардыгына залакасын тийгизген негизги кемчилигибиз – кыргызстандыктардын табигатка болгон жапайы мамилеси. Туризм департаменти бул мамилени жакшы жакка өзгөртүү боюнча эмне кыла алат?

- Европа өлкөлөрү өзүнүн байыркы архитектурасы менен элди кызыктырса, биздеги башкы туристтик объект жаратылышы кооз жерлерибиз экенин жакшы билебиз. Бул объектилерди коргоо аракетинде “Кырк кадам” стратегиясына “туруктуу туризм” деген түшүнүктү киргиздик. Дүйнөдө кабыл алынган концепция боюнча, туруктуу туризм – бул жаратылышка зыян алып келбеген туризм. Дүйнөдө массалык туризм табигатка зыян алып келген мисалдар толтура. Бизде азырынча адам колу тийбеген жаратылышыбыз бар. Ооба, айрым булганган жерлерибиз бар дечи, бирок жалпысынан жаратылышыбыз азырынча табигый абалында. Эгер бизде туруктуу туризмдин стандарттары иштебей турган болсо массалык туризм башталганда, ал жаратылышка зыян алып келиши мүмкүн экендигин унутпашыбыз керек. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирге жаратылышка аяр мамиле кылыш керектиги тууралуу роликтерди даярдап жатабыз. Бирок, менин пикиримде, жаратылышты коргоо боюнча өлкөлүк деңгээлдеги бир идея болушу керек. Бул тууралуу өкмөт менен президент концептуалдуу билдирүү кылышы зарыл. Мунун баары программалык документтерге киргизилген. Өлкөбүздүн тазалыгын ойлоп, аны сактап калгыбыз келсе, мекенибиздин жаратылышына аяр мамиле кылышыбыз керек деген идеяны ар-бир кыргызстандыкка чейин жеткире алабыз деген үмүт бар.

- Менимче, жаратылышка аяр мамиле – бул жалпы элдеги маданият маселеси. Анткени эң кооз, уникалдуу жаратылыш паркында жаңы муундагылар жана жергиликтүү калктын балдары өзүлөрүн жаман адепсиз алып жүрүшөт. Же кайсы бир тоскучтарды орното коюп, акча төлөмөйүн туристтерди киргизбейт, же болбосо эң кооз жерлерди булгашат. Эскертүү кылсаң орой жооп беришет. Бул балдарга эч ким эч качан тарбия бербегендей элес калат. Ошол эле кезде так ушул муундагылар эртең туристтерди тосушу керек болот да. Даниядан же Швейцариядан келгендерге алар эмне сунуштай алышат?

- Бул тарбияга байланыштуу жагдай. Туризм департаменти өзүнүн профили боюнча балдардын тарбиясы менен алектене албайт, бул Билим берүү министрлигинин вазийпасы. Мен бир гана жаңы документтерде бул багыттагы иштерге эң сонун негиз боло алган нерселер бар экенин айталам. Башкысы алар сөз бойдон калбастан, иш жүзүнө ашырылышы керек, бардыгы бул ишке катышышы зарыл. Өз жагыбыздан биз балдарды тарбиялоо – бул туризмди гана өнүктүрүш үчүн эмес, жалпысынан маданиятыбызды сактап калыш үчүн керек экендигин тынбастан эскертип, түшүндүрүп турганга даярбыз. Экинчи жагдай да бар. Менде чылым чеккен досторум бар. Алар Бишкекте болгондо бардык коомдук жерлерде, көчөлөрдө эч кимден тартынбай чылым чеге беришет. Жакында досумдун бирөөсү менен Ташкентке барып калдык. Ташкентте чылым чеккен болбойт экен, аны үчүн айып пул төлөйт экенсиң. Ишенсеңер, досум Ташкентте тамекинин дээрлик чеккен жок, чексе да атайын аны үчүн уруксат берилген жерлерде гана чегип жатты. Бул аларда мыйзам сөзсүз аткарылып, эл мыйзамды бузгандан коркот дегенди билдирет. Биз дагы мыйзамдардын аткарылышына ушундай көңүл бурушубуз керек. Балдарыбызды да буга үйрөтүшүбүз зарыл.

- Демек, балдарды тарбиялоо, мыйзамдарды аткаруу маселелери сиздерге тикелей тиешеси жок болсо да, аларды эң жогорку деңгээлде көтөрүшүңөр керек экен да?

- Ооба, сизге толук кошулам, биз бул маселелерди ведомствалар аралык комиссиялардын жыйынында дайым көтөрүп келебиз, премьер-министрге жеткирип турабыз. Бул маселелерди өкмөттүк деңгээлде көтөрүп турганга бизде ар-түрдүү мүмкүнчүлүктөр бар. Ооба дечи, эки жылдын аралыгында мен көп маселени чечкенге жетише албадым, бирок бул багытта мен катуу иштеп жатам.

- Элден туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кайсы бир сунуштарды укканга даярсызбы?

- Ананчы. Туристтик тармак – бул чыгармачыл мамилени талап кылган тармак. Такай жаңы бир нерселерди ойлоп чыгарып, жаңы бир укмуштуу идеяларды ишке ашырып туруу зарыл. Эмне үчүн дегенде, жаңы өлкөгө келген туристтер мурда башка жерде кезиктирбеген, жаңы бир нерсе көргүсү келет. Мындай идеяларды элден гана алса болот, анткени алар ошол жерде жашап, өз жашоосун жакшырткылары келет. Бул өзгөчө жаштарга тиешелүү. Биз ушундай креативдүү аянтчаларды аймактарда түзүп көргөнбүз, жаштарды чогултуп, алар жашаган аймактагы туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарын уктук. Биз мындан да ары жергиликтүү жаштар менен тыгыз иш алып бара бермекчибиз.

- Көптөгөн эл аралык уюмдар, мисалы USAID, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө чоң салым кылып жаткандарын билем. Биз бул уюмдун келечеги кең Жыргааң дестинациясын ачууга жардамдашкандыгы, тоо гиддерин окутуп жаткандыгы тууралуу жазган элек. Бул тармакта башка дагы кайсы өнөгүңөр бар?

- Ооба, USAID Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө 10 жылдан бери жардамдашып келатат. Немецтердин GIZ уюму агротуризм боюнча жардамдашууда. Түрктөрдүн кызматташуу жана өнүктүрүү уюму ТИКА дагы ар-түрдүү долбоорлорду ишке ашырганга көмөктөшүп келет. Азыр SECO менен кызматташа баштадык, бул швейцариялык долбоор кышкы туризмди өнүктүрүүгө жардамдашмакчы. Ага кошумча Дүйнөлүк банк, IFC – эл аралык каржы корпорациясы – маркетингдик иликтөөлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын туристтик тармагындагы жалпы абалды аныктамакчы: ким биздин кардарлар, кайсы өлкөлөрдөн алар, жаштары кандай, бизде орточо канча каражат калтырат ж.б.д.у.с. Бул учурдагы абалыбызды так аныктап, каякка жылышбыз керек экендигин аныктаганга маанилүү.

- Туризм тармагына жаңыдан гана кирейин дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз – азыр эмне менен алектенген кирешелүү? Кайсы жакта атааныдшытык аз, жана кайсы ишкерлик көп киреше алып келиши мүмкүн?

- Азыр 30 миң кыргызстандык туризм тармагында иштеп келет. Бул туристтер менен түзмө-түз иштегендер. Эгер туризмди коштогон тармактарды – транспорт, кафе – ала турган болсок анда алардын саны көбүрөөк болот. Бирок бул баары бир, өзүңөр да баамдап жатсаңар керек, өтө эле аз. Бизде бош жаткан толтура тармак бар. Мисалы, аймактардагы жакшы кызматы жана тамагы бар чакан отелдер, конок үйлөрү. Эгер турист Нарынга бара турган болсо, андагы 4-5 жылдыздуу отелдерден жай мезгилинде бир да бош орун таппайсың. Аймактарда, өзгөчө айыл жерде туристтерди жайгаштырганга жайлар жетишпейт. Эгер турист кайсы бир жаратылыш паркына же тоого барса, ал жакынырак жерде жайгашкысы келет. Бизде аларды жайгаштырганга жакшы жайлар жок болууда. Ошондуктан ошол жерлерде жакшы шарттары жана тамагы бар отелдер болсо алар эч качан бош болбойт эле. Экинчиден, бизде ушундай жерлерде көңүл ачуучу кызматтар дээрлик жок. Кечинде тоого чыгып, токой аралап келгенден кийин турист эмне кыларын билбейт. Үчүнчүдөн, бизде ири транспорттук компаниялар жок. Бизде туристтерди айрым жерге чейин жеткирген компаниялар гана бар, алардын да саны аз, кызматтары да чаржайыт. Эгер туристтерди аэропорттон алып, керектүү жерлерге чейин ыңгайлуу, коопсуз шарттарда жеткире алган, чоң VIP-автобустары бар компаниялар бар болсо аларга суроо-талап чоң бомок. Бизде ал эмес Бишкектен Ала-Арчага же Ысык-Атага жүргөн комфортабелдүү автобустарыбыз жок. Ушул багыттарда, Стамбул менен Анкаранын ортосунда жүргөн, көрсөткөн кызматы учактыкынан кем болбогон автобустарга окшош өзүбүздүн автобустарыбыз болсо деп кыялданабыз.

- Туризм тармагында алектенген ишкерликти мамлекет кантип колдойт? Туристтик долбоорлорго жеңилдетилген насыялар каралганбы?

- Кыргыз-Орус фонду акча-каражаттын бир бөлүгүн туризмди өнүктүргөнгө караштырган. Алар туристтик долбоорлорго насыя бергенге даяр. Мисалы, алардын акчасына бул күнү Бишкекте 5 жылдыздуу төрт отель курулуп жатат. Ошондой эле аталган фонд бир нече тоо-лыжа базаларынын курулушун каржылоодо. Аны менен катар биздин Департамент чакан туристтик долбоорлорду каржылаш үчүн атайын фондду ачуу сунушун өкмөткө жолдоду. Мисалы, пансионатта оңдоо иштерин жүргүзүү керек болсо, же отелде эмеректерди жаңылаш керек болуп калса, алар чакан насыя алып, жай өткөндөн кийин аны кайтарып беришмек. Учурда мындай фондго муктаждык чоң.

- Туризм тармагы такай акча салып туруунун талап кылат. Качан жана кайсы шартта туризм киреше алып келе баштайт?

- Туризм азыр эле киреше алып келе баштады. 100 млн сомдун айланасында салыктар төлөндү, ИДПнын 20 млрд сому туризмден. Кыргызстанга келген ар-бир турист биздин өлкөдө 5 адамды жумуш оруну менен камсыздайт. Ошондуктан туризмдин өлкөбүздүн экономикасына салымы бир топ. Биз пландаган нерселер ишке ашып, туризмдин ар-бир субъектисинен салык түшө баштаганда, а биздин божомол боюнча бул 2023-жылы болот, туризм тармагынын ИДПдагы үлүшү 10%ды түзмөкчү. Бул максатыбызга жетиш үчүн, өкмөт өз ишин туура алып барып, биз программага киргизгендер жетиштүү деңгээлде каржыланып турушу зарыл. Салыштыра кетсек, туризм тармагы өнүккөн өлкөлөрдө бул тармактын ИДПдагы үлүшү 15-20%ды түзөт. Таиландда 30-35%. Бирок биздин 10%га жеткенибиз да биз үчүн чоң жетишкендик болмок.

- 15 жылдай мурун жаштарды туризм тармагы боюнча окутуш үчүн жождор, факультеттер ачыла баштады эле. Ошол убакыттан бери туризм тармагындагы тейлөөнүн сапаты өзгөрдүбү?

- Иш жүзүндө, жогорку сапаттуу адистерди аз сандагы гана окуу жайлар даярдашат. “Манас” Кыргыз-Түрк университети жакшы адистерди даярдайт, Кыргыз экономика универистети да аракеттенип келет. Туризм академиясы боюнча жакшы нерсе айтыш кыйын. Студенттер тажрыйбаны негизинен чет жакта иштеп топтошот. Айрым жождордо мындай практика 4-5курстарда колдонулат. Балдар тейлөөнүн жогорку стандарты эмне экенин өз көздөрү менен көрүшөт, аны кийин өз мекенинде колдонушу ыктымал. Биздеги билим берүүнүн кемчилиги – бул тармактын эл аралык стандарттарга жете электиги. Бизге азыр окутуп да, практикадан да өткөргөн заманбап туризм мектептери өтө керек болууда, өзгөчө аймактарда. Азырынча биздеги адистешкен билим берүү тармагы али да түйүлдүк абалында.

- Баса, сиз каржы жана менеджмент тармактары боюнча эки жогорку окуу жайын аяктап, ар-түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдө иштеген экенсиз. Бирок учурдагы өкмөттө өтө эле жаш жана тажрыйбасы жоктор көп болууда деген сын пикирлер айтылууда. Сиз дагы болгону 30 жаштасыз. Айтсаңыз, ийгиликтүү иштегенге жаш таасир этеби?

- Мен өкмөттө өтө эле жаш жана тажрыйбасы жоктор гана иштеп жатат дегенге макул эмесмин. Ар-биринин ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдө жана эл аралык долбоорлордо иштөө боюнча чоң тажрыйбалары бар. Туризмди ала турган болсок, бул бат өнүгүп жаткан тармак. Ошондуктан бул тармакта жаштар иштегени туура боот. Ар-бир эки жыл сайын туризмдин дүйнөлүк тенденциялары жана тренддери өзгөрүп турат. Бул өзгөчө жаңы технологияларга байланыштуу. Ошондуктан, бул тармакты башкарган адамдар жаңы нерсени бат кабылдаган, бир нече тилде сүйлөй алган, дүйнөдө пайда болуп жаткан инновацияларды билген, аларды колдоно алган адам болушу зарыл. Заманбап мамлекеттик аткаминер жаңы шарттарга өзү да бат ыңгайлашып, өлкөнү да жаңы тренддерге бат ыңгайлаштыра алышы керек.

- Сиз өзүңүз канча тилди билесиз?

- Төрт: кыргыз, орус, англис жан түрк тилдерин.

- Бали! 2018-жылы туризмдин өнүгүүсүндө кайсы дүйнөлүк тренддер басымдуулук кылмакчы?

- Биринчи тренд – мобилдүүлүк. Туристтердин 72%ы маалыматтарды смартфон аркылуу алышат. Ошондуктан кайсы бир өлкө смартфондор үчүн мобилдик тиркемелерге өзү тууралуу маалыматтарды мүмкүн болушунча көп жайгаштыра турган болсо, ал утушта болот. Экинчиси – коомдук тармактар. Туристтердин басымдуу бөлүгү саякаттоого өлкөлөрдү коомдук тармактардагы маалыматтарга таянып тандашат. Ошондуктан, туристтик багыттар тууралуу маалыматтар “Фейсбук”, “Твиттер” жана “Инстаграмм” сыяктуу коомдук тармактарда болгону артыкчылык берет. Үчүнчү тренд – жаңы дестинациялар. Туристтер Париж, Лондон тууралуу билбеген нерсеси калбай калды, ошондуктан алар адам буту көп баса элек жерлерде болгусу келет. Кыргызстан бул жактан алганда артыкчылык абалда.

Саякатчылар көп белгилүү эмес жерлерде биринчилерден болуп, биринчилерден селфи кылып, аны достору менен бөлүшкүсү келет. Биз бул трендди колдошубуз керек. Эмки тренд аялдарга тиешелүү. Саякттоого багыттарды 80% учурда аялдар тандашат, ошондуктан биринчи кезекте аялдарды Кыргызстанга келүүгө кызыктырышыбыз керек. Эми негизги тренд – экотуризм. Туристтер жаратылышы булганган өлкөлөргө баргысы келбейт. Алар адам колу тие элек табигый жаратылышты көргүсү келет. Алар мындай өлкөдө туристтик бизнестин али да жакшы өнүкпөгөнүнө кайыл болушат. Ага кошумча саякатчылар жаңы гана жерди көрбөстөн, ден соолуктарын да чыңдап алгысы келет – таза аба менен дем алып, спорт менен машыгып. Бул жактан алганда, Кыргызстан экотуризм өлкөсү катары бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек.

Бизге келип кеткен туристтер жана эл аралык адистер Кыргызстандын чоң туристтик мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтышат. Бул багытта биз дагы көп иш жасашыбыз керек. Бирок бул бир гана Департаменттин иши эмес. Бүт өлкө бул багытта иш алып барышы зарыл. Мисалы, конок тосконго үйдү үй-бүлөнүн мүчөлөрү бардыгы даярдайт: бирөө ваннаны тазаласа, башкасы тамак жасайт, үчүнчүсү короону шыпырып, иреттейт. Бизде да бүт өлкө туристтерди тосконго салым кылышы керек. Бул ойду ар-бир жараныбызга жеткиришибиз зарыл.

- Сиздин пикириңизде, Кыргызстандын туристтик меккеге айланышына эмне жолтоо болууда?

- Ага бир нече себеп бар. Биринчиден, өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча күчтүү орган болушу керек. Бул күндө Туризм департаментинде 8 гана киши иштейт, аймактарда бир да өкүлүбүз жок. Департаментти аймактарда өкүлчүлүгү боло турган Өкмөт алдындагы агенттик кылуу пландарыбыз бар. Экинчиден, бюджет. Учурда өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө жана дүйнөдө Кыргызстандын брендин жылдырууга бюджеттен 7,8 млн сом каралган. Бул өтө эле аз сумма. Мисалы, Грузия туристтик мүмкүнчүлүгүн дүйнөгө таанытыш үчүн эле 21 млн АКШ долларын коротот. Кимдин иши жемиштүүрөк болот? Бул багытта биз өкмөт менен иштеше баштадык. Эгер ал туризм тармагы келечекте Кыргызстанда көп жумуш орундарын ачканга, салыктык төлөмдөрдү өстүргөнгө жана да ИДПга чоң салым кыла турганына ишене турган болсо, биз пландаган нерселерибизди иш жүзүнө ашырганга, Кыргызстанды туристтик бейиш төргө айлантыш үчүн күн-түн дебей иштегенге даярбыз.

Интервью алган Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине