COVID-19: абактардагы абал кандай?

09:04, 1 Июня

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде же башкача сөз менен түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9500 адам бар жана дагы 1800 киши тергөө изоляторлорунда соттук процессти күтүп, тагыраак айтканда айыпталуучунун статусунда отурушат. Эркиндиктен ажыратуу жерлериндеги абал кандай экендиги тууралуу Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалициясынын жетекчиси Индира Саутова менен болгон маегибизден окуңуздар.

-Индира, жакында эле Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги мекемелерде коронавирус жок деп билдирүү таратты. Биз бул маалыматка ишенсек болобу?

-Ооба деп айта алам. Башында биз жабык мекемелерге вирустун кирбөөсү мүмкүн эмес деген маселени көтөрүп чыкканбыз. Жана жабык мекемелерде кандай чараларды кабыл алууга боло тургандыгы тууралуу дагы айтканбыз.  Мисалы, пенитенциардык системага келген күчтүн көлөмүн азайтуу керек, ал эми COVID-19 менен болгон кырдаал бул тууралуу дагы көп ойго салат. Бул кырдаалга тезирээк көңүл буруу керек, анткени абактагылдардын жакындары алардын кармоо шарттары кандай экендигин билип берүү өтүнүчү менен көп кайрылууда.  Бул маселе боюнча биз МЖАК жетекчилиги менен жоолугуп, алар абактагылардын массалык вирус жугузуп алышына жол бербөө максатында жүргүзүп жаткан иш-чаралары менен тааныштык.  Жолугушуу позитивдүү багытта болуп, биз маалымат менен өз ара алмашып, аларга бизге эл кандай окуялары менен келип кайрылып жаткандыгы тууралуу айтып берип, тармактын жалпы даярдыгы кандай экендигинен кабар алдык. МЖАКнын пандемияга даярдыгы тууралуу эмне деп айтууга болот?  Тажрыйба көрсөткөндөй, ага бүтүндөй дүйнө жүзү жана жарандык саламаттык сактоо тармагы такыр даяр болгон эмес. Албетте, биз вирустун киришин токтотуу мүмкүн эмес деп айтабыз жана азыркы мезгилдеги негизги маселе – бул  контингентти азайтуу, ал эми ага биздин мыйзам чыгаруу жол берет.

-Сөз амнистия тууралуу болуп жатабы?

-Ооба, 8-майда президент амнистия жөнүндө мыйзамга кол койгон. Бирок, тилекке каршы, аталган мыйзам амнистияга адамдардын ири көлөмүн алууга жол бербейт.  Биздин эсептер боюнча жана МЖАКнын эсептөөлөрү боюнча амнистияга 144 адам туура келет. Бул алдын ала сандар, анткени мыйзамга ылайык адамдын толугу менен жазадан боштулушу тууралуу чечимди дыкат көзөмөл менен сот кабыл алат. Ошондуктан бул алдына ала гана сандар, бирок бул көрсөткүч дагы өтө аз жана ал пенитенциардык системаны жеңилдете албайт.  Амнистияга 2000-3000 адам түшөт деп массалык маалымат каражаттары бир нече жолу жазган.  Бирок, иш жүзүндө, амнистия ала алган адамдардын саны 144 гана түзүп, калгандарынын мөөнөттөрү кыскартылат.  Тагыраак айтканда, амнистия алдына жаза алгандар гана эмес, келе жаткан алты ай аралыгында соттолуп, сот алдына бара тургандардын кылмышынын курамы дагы түшөт.  Азыр канча иш сотторго даярдалып, алардын канчасы амнистия алдына түшө тургандыгы тууралуу так маалымат жок. Бул жерден суроо туулат, мамлекеттик машинени мындай сандар менен ишке киргизүүнүнү актуалдуулугу эмнеде эле?  Анткени мыйзам чыгаруучулардын максаты  аялдардын көбүрөөк бошотулушунда эле.  Жана биз бул теманы көтөрө баштаганда, бизге абактагылардын жакындарынан түшкөн билдирүүлөр көбөйүп, алар аялдар амнистия алдына түшүп, же шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотула тургандыгын күтүп жаткандыгын үмүт кылгандыгын айтышкан. Маалыматтык убада чоң айтылган, бирок сандар такыр башка.

-23-мартта сиздин уюм МЖАКна контингентти бошотуу же шарттуу мөөнөткө алмаштыруу аркылуу азайтуу тууралуу кайрылуу менен пресс-релиз тараткан эле. Сиздин чакырыкка кулак салыштыбы? Бир нерсе өзгөрдүбү?

-Ооба, чакырык болгон.  Ал жалгыз гана МЖАКнын жетекчилигине эмес, жалпы өлкөнүн жетекчилигине айтылган.  Ал чакырык 23-мартта, пандемия жаңы гана башталып жаткана таратылган. Ошондой эле чакырыктар менен биз өкмөткө кайрылып, бул маселеде мамлекеттик органдардын ишин координациялоо керектигин билдиргенбиз. МЖАК- бул жазаларды аткаруу органы жана ал пенитенциардык системаны жеңилдетүүгө түздөн-түз таасир бере алат.  Сөз ден-соолугунан оор абалдагы жана оорулуу адамдар жөнүндө болуп жатат. Шарттуу мөөнөтүнө чейин бошотуу тууралуу кароого мүмкүнчүлүк берген мыйзам бар.  Баардык документтерди даярдоо МЖАКга түздөн-түз тиешелү, андан соң соттор чечим чыгарат, тагыраак атйканда МЖАК Шартуу мөөнөтүнө чейин бошотууга абактагы жарандарды көргөзөт.  Бирок, тилекке каршы, бийлик тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Ошондуктан Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы кандай саясатты карманып жаткандыгын, алардын позициясы жана көз караштары кандай экедигин билүү максатында биз алар менен жоолуктук.  Мекеменин жетекчилиги биздин көз каршыбызга кашулуп, пенитенциардык системага келип жаткан күчтүн көлөмүн азайтуу керек экендигине макул болушту, бирок бул иш алардын компитенттүүлүгүндө эмес экендигин белгилешти.  Бирок, бул жерде маселе кылмыштык адилеттүүлүктө болуп жатат, анткени ар бир байланыштын өз ролу бар, эгерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери адамды кармап, аны убактылуу кармоо изоляторуна киргизишсе, аны тергөө изоляторуна жаткыруу тууралуу чечимди сот кабыл алат. Бирок пандемиянын шарттарында бул чараларды кайра карап чыгуу керек. Суроо туулат, эгерде адамга залог же башка эркиндигин чектебеген жаза берүү мүмкүндүгү болсо, аны тергөө изоляторуна жаткырып,  вирус жугузуу коркунучуна кабылтуунун эмне кереги бар?  Аны менен мамлекетке экономикалык жактан дагы жардам көрсөтүүгө болот. Тагыраак айтканда, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу колдонуу керек.

- Расмий жооп ала алдыңызбы?

- Жок, реакция болгон жок. Мамлекеттик ресурстарды рационалдуу колдонуу үчүн ревизия жүргүзүү керектиги тууралуу демилгени жалгыз эле биздин эмес, башка уюмдар дагы колдоду. Мамлекеттик органдар 11-майдан тарта толугу менен жумушка киришкендигин көрсөк дагы эч кандай реакция болгон жок. Келгиле, бирге санайлы. Абакта жаткан 9500 адамга күнүнө 100 сомдон каражат бөлүнөт, кээ бир жерде категориясына жараша 92 сомдон, бирок болжол менен 100 сом деп алалы. Жүз сомду 9500 адамга көбөйтөлү, демек, мамлекет күн сайын абактагы адамдарга 950 000 сомдон коротот. Жана бул биздин бийликти ойго сала турчу колоссалдык көрсөткүч. Экономикалык көз караш жактан караганда, азыркы учурда баардыгы коронавирустун шартында каралат. Рационалдуулукту мыйзамга ылайыкташтырып кароо керек.  Азыр тергөө изоляторунда өткөрүлгөн бир күн бир эле күнгө тете болот, ал эми буга чейин ал эки күнгө туура келчү.  Бул пенитенциардык системага күч келтирбөөнүн бир амалы болчу, кантсе дагы бул жерде ресурстар сарпталып жатат, мамлекеттин дагы, салык төлөөчүлөрүнүн дагы. Бүгүнкү күндө бул такыр башка сандар жана амнистия эч кандай жардам бере албаарын биз түшүнүп жатабыз, ошондуктан  мамлекет эмне болгон күндө дагы мыйзамды өзгөртүү же түрмөлөрдү жеңилдетүү тууралуу ойлонуусу керек болот.

-COVID-19 га байланыштуу жактоочулар менен соттордун иши кандай өзгөрдү?

-Өзгөрүүлөр президенттин өлкөдө Өзгөчө абал режими киргендиги тууралуу жарлыгы жарыялангандан тарта башталды. Аталган указда баардык мамлекеттик органдын кандай иш алып барышы керектиги жана так алгоритмдери жазылган. Биздин мамлекет БУУнун комитетин бизде ӨК режими киргизилгендиги тууралуу жана биздин өлкө пакттын төртүнчү беренесине ылайык эки укуктан- кыймыл жана жай жыйындарды өткөрүүдөн артка чегинип жаткандыгын билдирген. Кыргызстан Өзгөчө кырдаал режимине ылайык адам укуктарынан убактылуу баш тартып жаткандыгы тууралуу БУУну маалымдаган жалгыз өлкө болду.  Жана президенттин жарлыгы дагы мыйзамдуу жана иреттүү болду, анда баардыгы жазылган жана адам укуктарыны тарабынан анда эч кандай бузуулар болгон жок. Бирок биз факт жүзүндө эмне болгондугун көрүп жатабыз- Жогорку сот карантинге тарап кеткендигин жарыялады. Биз коңгуроо кагып, бул кадам кандай нормативдик укук менен жөнгө салына тургандыгын түшүндүрүүнү талап кылдык. Негизинен көпчүлүк мамлекеттик органдарынын иш-аракеттери иретсиз болду. Президенттин жарлыгында Жогорку сот карантинге кетиши керектиги айтылган эмес, анда Жогорку соттун Өзгөчө кырдаал киргизилген региондордогу соттордун соттулугун карап чыгуусу керек экендиги тууралуу айтылган. Бул Бишкекте жайгашкан соттор башка жерлерге, мисалы ошол эле Чүй облусуна көчүрүлсө болмок дегенден кабар берет. Бирок андай болгон жок.  Биздин суроого ооба, сот системасы ишин токтото албайт деген жооп берилди, бирок сот бутагы ишин токтоткондугун көрүп турабыз.  Бул тууралуу сот Архарованын сөзүн мисал кылуу болот, ММКлардын бирине берген маегинде аларга ооз эки буйрук келгендиги тууралуу айтып берген. Ошондукан эгерде соттордун иш-аракеттеринин так алгоритми тууралуу документи жок болсо, кайсы иштер биринчи каралып, кайсы жарандык иштердин мөөнөтү жылдырылгандыгы тууралуу биз сурам жасадык, ал эми жооп катары биз карантиндебиз деп айтып жатышты. Чындыгында болсо атайын мыйзам бар ал- Жогорку сот жөнүндө мыйзам жана анда Жогорку сот жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн жөнгө салышы керектиги тууралуу так жазылган.  Бул кырдаалда аталган ченемдин талабы аткарылган жок, биз аны көргөн да, уккан да жокпуз.  Бул маселелер калат жана кийин эмне себептен COVID-19 убагында адилеттүүлүк токтоп калгандыгын мамлекеттин эл аралык коомчулукка түшүндүрүп берүүсү кыйынга турат.  Тергөө соту менен дежурдук соту иштеп жаткандыгына карабастан, ӨК режиминин шарттарында шаардын борборунан чыгуу мүмкүн эмес болуп жатты, жактоочулар бир жерден өткөрүлсө, башка жерден өткөрүлбөй жатышты.  Бул жалгыз гана Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзү үчүн ушундай тарыхый учур болуп жатты. Бирок мен ойлоп жаттым, мисалы ИИМ кызматкерлери бир адамды кармап, тергөө иш алып барып, кийин тергөө соту өз ишин аткарып, ал адамга үй камагы же залог катары жаза чыгарылбастан аны тергөө камагына алып барып киргизип жатышты окшойт. Башка чара калбай калгансып! Система кирүүдө иштеп жатса, чыгууда иштебей жатты. Анткени чыгууда адамды күнөөлүү деп таап, адилеттүүлүктү ишке ашыруу үчүн соттор жок болуп жатты. Бүтүндөй пандемия учурунда соттор жок болуп жатты! Жараяндар калтырылып, кароо мөөнөттөрү жылдырылып, ӨК режиминде адамдардын жаза чарасы автоматтык түрдө узартылып жатты. Биздин иштер боюнча иш алып барган жактоочулар шаар курчоого алынгандыгынан улам өз кардарлары менен көрүшө албай жатышты. Ал эми дежурдук соттор иштерге канчалык катышкандыгын биз түшүнгөн жокпуз, анткени биздин кардарлар сотко алынып келинбей атты. Бул дагы өзүнчө себептер менен түшүндүрүлөт,  бирок азыр мунун баары, кандай иш аракеттер туура, кандайы туура эмес болгондугу бир чоң анализдин себеби болууда. Бирок биринчи эреже- бул адилеттүүлүк эч качан токтобошу керек. Анын иш аракеттеринин так алгоритми болушу керек, ал эми бизде ал жок.

-Абактагыларга жөнөтүүлөр жиберилип жаттыбы жана алардын жакындары менен жолугушуулары пандемия учурунда кандай өтүп жатты?

- 16-мартта МЖАК жакындар менен жоолугушулар токтотулгандыгын билдирди, жөнөтүүлөр дагы берилбей калды. Тагыраак айтканда пандемиянын башталышы менен жада калса дары-дармектер берилбей калды. Негизинен кыймыл чектелди, ошондон улам дагы жакындары жөнөтүүлөрүн бере албай жатышты. Бирок кийин режим бираз жеңилдетилди. Биз МЖАК менен мекеме кабыл алып жаткан укук-ченемдик актыларынын баардыгы расмий сайтка чыгаруу тууралуу сүйлөштүк. Анткени укуктук сектордо кандайдыр бир маалыматтык вакуум сезилип жатты. Мисалы, жарандардын МЖАК имараттарына кантип кирүү керектиги тууралуу инструкцияны кайдан алуусу керектигин, эмне кылууга болот же болбой тургандыгы тууралуу документти кайдан алуу тууралуу. Жана бул учурларда кулоо болгон деп эсептейм. МЖАК маалымат кызматы аркылуу иш жүргүзүп, кабыл алынган укук-ченемдик актылар тууралуу маалымат таратып турууну убадалаган.

-Жактоочулар кардарлары менен жоолуга албай калган учурдар болдубу жана алар өтө турчу COVID-19 тесттери менен эмне түшүнбөстүк болду?

-Түшүнбөстүк чындыгында эле болду жана бул болгон кырдаалды негизинен Юстиция министрлиги жөнгө салышы керек эле. Биз Юстиция министрлигине кайрылганыбызда алар бизде мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам аркылуу иштеген жактоочулар бар экендигин жана аларга комендатурадан уруксат берилгендигин айтышты.

-Ал эми башка жактоочулардан справка талап кылынып жаттыбы?

-Жок, ал кезде справкалар тууралуу талап жок болчу.  Алар режим жеңилдетилгенден кийин, акыркы эки жума ичинде талап кылына баштады. МЖАК мамлекеттик объект экендиги жана жактоочунун справкасы болгондо гана ал өз кардары менен көрүшө ала тургандыгы жөнүндө буйрук чыгарды. Бирок бул механизм канчалык натыйжалуу экендигин биз МЖАК менен талкууладык, мисалы бүгүн адам справка алып, эртең ал башка адам менен байланышта болсо ал вирус жугузуп албоосу канчалык мүмкүн деп. Бул көп убакыт бою талкуулана турган тема. Индивидуалдык коргоо каражаттары менен дагы абал окшош. Түрмөгө кандай костюм менен кириш керек жана ал кандай болушу керектигин аныктаган стандарт барбы? ИКК кандай болушу керектиги тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин стандарты барбы? Бул биз жооп ала албай жаткан чоң суроо.

-Биздин оңдоо системабыз көбүрөөк оңдойбу же жазалайбы? Угуп отуруп, менде биздин абактагы жарандарыбыз COVID-19 кырдаалынан көбүрөөк жапа чеккендей ой туулду. Алардын эркиндиги чектелгени аз келгенсип, алар жакындарын жана жактоочуларын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылышты. Анан дагы вируска чалдыгуу коркунучу жогорулады!

-COVID-19дан улам пайда болгон кырдаал пенитенциардык системаны мурункудан да жабык кылып, абактагылардын дүйнө менен жакындары же жактоочулары аркылуу болгон байланышын үзүү менен терс таасирин тийгизди. Бирок режим алынганда мунун баары жөнгө салынат деп мен ишенем. Бул кырдаал тарыхта калат, эң башкысы, бул иш-аракеттердин системдүүлүгү тууралуу ойлонуу керек, анткени уруксат алуу,  квалификацияланган жардам алуу, адилеттүүлүк маселелери-бул чоң суроолор. Жазалоо системасы тууралуу айта турган болсом, кылмыш адилеттүүлүгү кирүүдө иштеп, чыгууда иштебей жатты. Тагыраак айтканда ал топтоо системасы боюнча иштеп жатты. Биздин мамлекет мындан ары дагы бул система менен иш алып бара албайт, жарылуу болот, анткени толуп кетүү болот. Мамлекет жоопкерчиликтүү болуп, өлкөнүн жетекчилери пенитенциардык системадагы адамдар менен эмне боло тургандыгы жөнүндө ойлонушу керек. Башкача айтканда эгерде мамлекет адамды Кыргыз Респуликасынын атынан соттоп, аны жабык мекемеге жайгаштырса, ал ага татыктуу адамдык мамиле жасашы керек. Бул негиздердин негизи. Көпчүлүк «Силер эмне үчүн пенитенциардык системанын маселелерин козгойсуңар? Эмне үчүн абактагылардын бошотулушу тууралуу айтасыңар? Алар чыгып алып Бишкектин баарын каптайт! Бул криминогендик абалга кандай таасир берет?»,- деп нааразы болушат. Буга эң биринчиден рационалдуу ойлонуп, COVID-19 өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген залакасын эске алып, адам укуктарынын рационалдуулугу тууралуу ойлонуу керек деп жооп берейин.

-Жана акыркы суроо: Кыргызстандын түрмөлөрүндө кыйноолор барбы?

-Түрмөлөрдө ырайымсыз мамиле бар экендиги чын. Кыйноолор бар жана алар кармоонун алгачкы учурларында орун алат, тагыраак айтканда бул системага кирип жатканда , адам жаңы кармалганда болот, алар латенттүү. Жакынкы убакытта алар менен күрөшүү оор болот деп ойлойм, анткени кыйноолорду иликтөө системасы кандай алсыз экендигин биз көрүп жатабыз.

Маекти даярдаган Лейла Саралаева

Бул чыгарылыш  «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт»  

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине