Эльвира Сурабалдиева – атасынын кызы

09:46, 22 Ноября 2014

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында, Эльвира Сурабалдиева -  «Кудайберген» базарынын Башкы директору  паракор атминерлерге чакырык таштаганда, аты коомчулукка  белгилүү болду.  Анын  туруктуулугунун аркасында биздин кыргызстандыктар монополияга каршы кызматчылар (ГААР) жергиликтүү базарларды кантип «саап жатканын» биле алышты. Эльвира  бир гана коррупциячыл схеманы таппастан, андан 300 миң  сом талап кылган Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин алдыңкы адиси Нургали Кудаяровдун камакка алынышына, о.э. бул ведомствонун башчысы Бабырбек Жээнбековдун кыматтан кетишине жетише алды.  Эльвира – курч мүнөздүү кыз. Анын атасы, 2005-жылы мартта Жогорку Кеңешке шайланган депутат Жыргалбек Сурабалдиевди  өлтүрүп кетишкенде ал болгону 26 жашта болчу. Ал кезде, ага мамлекеттеги ири автобазарын башкарууга туура келди. Ошондон баштап Эльвиранын жашоосу өзүнүн Кыргызстандагы бул бизнесин жүргүзүүгө болгон укугу үчүн түбөлүк  салгылашка айланды. Ким гана бул автобазарга «чеңгелин матырууга» аракет кылган жок, Эльвира  менен Сурабалдиевдердин бүт үй-бүлө мүчөлөрүн кантип гана коркутушкан жок, «Кудайбергенде» кандай гана провокацияларды уюштурушкан жок. Бул жаш кыз кантип туруштук берип,  үй- бүлөлүк бизнесин кантип жүргүзүп жаткандыгы туурасында биздин маек

- Эльвира, үй-бүлөлүк бизнес кантип башталгандыгын айтып берсеңиз?

-  1994 –жылы атам ишкердик менен алектенип баштады, ал шаардын четиндеги саздуу аймакты көрүп, ошол жерге автотетик саткан базар ачса болот экен деди. Буга чейин ал көп жыл бою спорт, дзюдо жана самбо күрөштөрү менен алектенип, болочок чемпиондорду машыктырып келген. Анын кыялы  көп акча таап, өлкөдө спортту өнүктүрүү болчу. 

- Ал эмне үчүн автобазарды тандап алды?

- Анын ички туюму мыкты болчу, бул абдан кирешелүү жумуш болоорун ал жакшы түшүнгөн.  Бизди машинага салып, Кызыл-Аскердеги бош жерге алып келди да, мына ушул жерге базар кураарын, банкка үй менен Жигули машинабызды коюп, акча алганы жатканын  айтканын эч убакта унутпайм.  Апамдын жүрөгү түшүп калды, атам болсо: “Эч нерсе эмес. Кудай буюрса, тез эле кутулабыз” деп көңүлдүү айтты. Мен анда болгону 14 жашта болчумун, үй-бүлөдө улуусумун, менин дагы эки сиңдим анан иним бар. Ошондо, жумушчу күчүн жалдоого акча каражатынын жоктугунан улам, биз ата-энебиз менен чогуу бул тилкедеги таштарды, таштандыларды чогултканбыз, аларды чоң машинага жүктөгөнбүз. Андан кийин өзү шаар кыдырып, соодагерлерди таап, базарга чакырып жүрдү: «Менин базарыма кел, үч ай, жарым жыл бекер соода кыласың». Мага бул туурасында кийин мурдатан иштеген соодагерлер айтып беришкен.  

- Ал кандай ата эле?

- Эң мыкты, акыйкат адам эле. Үйдө эч качан уруш-талаш болгон эмес. Ал биз менен жакшылап сүйлөшүп, бардыгын жай түшүндүрчү. Бирок, биз аны үн-сөзү жок укчубуз, анын кадыр баркы ушундай болчу. Үйдө тартип темирдей катуу болчу. Ал бизди таңкы алтыда ойготуп, чуркаганга алып чыкчу. Эч кандай шылтоолор жардам берчү эмес. Үй жумушу да ошондой. Үйдө эч ким телевизор көрүп бекер отурчу  эмес. Ар кимдин өз милдети бар болчу, алардын баары тактык менен аткарылган. Эмгекке тарбиялоо менен, ата – энебиз бизди өз алдынча кылып тарбиялашкан. Атамдын жашоодогу максаты материалдык жетишкендик менен чектелип калган эмес. Ооба, ал өзүнүн үй-бүлөсү эч нерсеге муктаж болбошу үчүн, балдары барчылыкта жашашы үчүн  өз жоопкерчилигин жакшы билген.  Бирок, ал өзү менен иштеп, аны курчап турган адамардын да татыктуу айлык акысы болушу үчүн аракет кылчу. Кийин заманбап спорт комплекстерин куруп, мүмкүн болушунча кыргызстандык балдарды көбүрөөк спортко тартып, дени сак өссө деп кыялданчу. Ушул эле учурда өзү иччү да, чекчү да эмес.

- Бизнес кандай жүрүп жатты?

- Биринчи үч жыл биз абдан күйдүк. Алган насыяны жапканга гана араң үлгүрүп жаттык. Андан кийин атам «Азамат» базарын сатып алганга ири зайым алды. Чиновниктер тарабынан өтө көп тоскоолдуктар болду, уруксат алуу үчүн, бир нерселерди кайра толтуруу үчүн, кайсы бир жерде курулуш баштоо үчүн абдан көп нерв кетти. Бир жогорку чиновникке документалдык уруксат алуу үчүн кеминде 40 жолу кирүүгө туура келди. Көп нерсеге чыдоо менен, өз максатына ишенимдүү бара жатты. Жалгыз гана анын чыдай албаганы, алсыз жана коргоочусу жок адамдарга болгон акыйкатсыз мамиле эле. Бул туурасында билип алып, анын кеңсеси ар кандай тартип бузууга даттанганы келген бейтааныш адамдардан үзүлчү эмес.

- Жыргалбек Сурабалдиевди биринчи  президент Акаев менен көп байланыштырышат. Атаңыз аны менен кандайча байланышта эле?

- 2002-жылы атам мамлекеттин ири бизнесмендерин чогултуу максатында ишкерлер ассоциациясын түздү. Андан кийин аны Кыргызстандын ишкерлер Союзу деп атады. Өз канатына өлкөнүн аймактарынан ири бизнесмендердин бардыгын чогулткан. Бул уюмдун мүчөлөрү үчүн кайрымдуулук жана ири социалдык долбоорлорго катышуу  мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды.Түркияны көп мисал келтирчү, Ата-ТҮРК болуп түзүлөөрдүн алдында аны ири ата-мекендик бизнесмендер колдоп турганын айтаар эле. Атамдын пикири боюнча,  ийгиликтүү ишкерлер  бир жең, бир кол болуп биригип, жаш мамлекетке жардам бериши керек болчу. Идеалист эле. Алар Акаевди ушул бизнес ассоциациянын ачылышына чакырышкан, атам Акаевге абдан суктанды, аны кудайындай көрүп калды. Анын бардык демилгелерин колдоп жүрдү. Жада калса мен, Англиядан окуумду аяктап келгенден кийин, өлкөдө болуп жаткандарга сын пикиримди айтсам,  мени менен макул болгон жок. Жеке оюмча, ал бардыгын түшүнүп турган, бирок, Акаевди жаңылыштык кетирди деп мойнуна алуу- аны үчүн чыккынчылык болмок. Ага ишенип жүрүүгө ант берген сыяктуу. Болуп жаткан  окуялардын бардыгы Президентке билдирбей жасалып жатат деп ишенчү. Менин билишимче, атам Акаевди акыркы күнүнө  чейин сыйлап жүрдү.

- Биринчи революциядан кийин сиздин атаңызды «ак шапкечен» деп атап жүрүштү…

- 2005-жылы 24-марттын ар бир минутасы эсимде. Атам күнү бою үйдө болду. Танаев, Жанузаков, Дүйшөбаев, башка иштеп жаткан чиновниктер менен да телефон чалышып, сүйлөштү. Шаардагы кырдаалды талкуулап жатышты. Бардыгы көзөмөл алдында деп айтышты. Акаевге да, акыркы мүнөттөргө чейин баары жакшы деп айтышканын билип эле турам.  Бир убакта эле бардык телефондор өчүп калды. Биз телевизорду күйгүзсөк, Евроньюстан Ак үйдү алып жаткандыгын көргөзүп жатышыптыр. Муну көргөндө, атам селдейип калды. Бир гана сөздү кечке кайталап жатты: «Мындай болушу мүмкүн эмес, бул жаңылыштык».  Ал гипертониялык кризиске туш болду, аны биз дарыгерге алып бардык. Бирок, бул окуяда атамды күнөөлүү кылып коюшту. Бардык ММКларда, интервьюларда окуялардын катышуучулары анын атын атап жатышты. Кийинчерээк биздин үй-бүлө, анын бул окуяларга катышкандыгын далилдеп берүүсүн талап кылып, ИИМ менен УКК на бир нече сурамжылоо жибердик. Бирок, бир да жерде буга документалдык далил табышкан жок.  Атамды ушакташып, анын атын жерге таптап жатышты. Ушул кечте биздин үйгө кол салуу болду. Мен жалгыз болчумун, бет кап кийген бир нече киши кирип келишти. Атамды издешип, мени сабап салышты. Бир нече күндөн кийин арыз жазайын деп,  Биринчи Май райондук ИИМ бөлүмүнө бардым. Милицонерлер, эмне кеч келдиң деп сурашты. Ошондон кийин кайра тынчтык өкүм сүрдү... 

- Бул абдан оор сыноо болуптур.

- Мен жинденип, үй бүлөбүздү чет өлкөгө кетүүгө көндүрө баштадым. Бизге Англиядан саясий башпаанек таап бере турган досторум бар болчу. Бирок, атам мындай деди: «Мен качкыдай, кылмышкер эмесмин. Өз Мекенимден эч жакка кетпейм!»  Андан кийин депутат болуп шайланып, Жогорку Кеңешке кетти, анан минтип айтып калчу: «Менден баары качышат». Анткени бардык депутаттар Бакиев тарапка өтүп кетишкен. Ал болсо Акаевдик болуп кала берди.

Май айында мен Лондондун экономика мектебинин докторантурасында окууга грант алгандыктан,  Лондонго кеттим да, андан ары окуп калууну чечтим. 2005-жылы  8- июнда атама чалганда, ал мага эмнегедир минтип айтты: «Кызым, кел. Мен депутат болгондуктан, экономикалык иштер менен алектене албай жатам. Бизнести сен жүргүз». Анын айткан өтүнүчүнө кызыктай болдум, сүйлөө мүнөзү жана маанайы да негедир жаккан жок. Кийинки күнү кичүү инимдин жатаканасына келип жаттым. Ал да Англияда окуйт. Капысынан эле таңкы алтыда ойгонуп кеттим, эмнегедир колум калтырап, өзүмө келе албай жаттым. Бир саттан кийин СМС келди: «Атамды өлтүрүп кетишти» деген. Мен: «Ата! Ата!», деп ушунча катуу кыйкырып жатыптырмын, жатакананын баары чуркап келишти. Интернетти күйгүзүштү, телевизорду коюшту, анан Би-Би-Сиден анын сөөгүн көргөзүп жатышканын  көрдүм. Кадрда апам, сиңдим, милиционерлер бар экен. Анан иним мени эсиме келтирди,  атамды узатууга баруу керек эле. Мага ошол учурда чет элдик досторум  абдан жардам беришти. Чогулуп келип, эс алдырышып, жакынкы  самолетко орун таап беришти да, иним экөөбүздү Бишкекке жөнөтүп  жиберишти. Биз 12-июнь күнү эртең мененки алтыда учуп келдик, атамды ошол эле күнү ондо чыгарышты. Келээрим менен  өзүмдү колго алып, тиешелүү көрсөтмөлөрдү бере баштадым, эмне кылуу керек, кайсы акчага ж.б. Сырттан караган кишиге мен абдан кайраттуу көрүнсөм керек. Бирок, ичимде бугуп жаткан бардык сезимдерим кийин чыкты. Бакиевдерди үнүмдүн жетишинче  каргап шилеп, боз үйдөн кыйкырып ыйлаганым эсимде.

Максим менен сүйлөшүү

- Биринчи революциядан кийин силердин бизнести тартып алууга ким аракет көрдү?

-  2005 –жылы 10- июнда атамды өлтүрүп кетишти. Ошол замат, базарга каржы текшерүүчүлөрү келишип, бардык коммерциялык ишмердүүлүк боюнча катуу текшерүү башталды. Канча бир убакыт өткөндөн кийин, текшерүүчүлөрдүн бири минтип айтты: «Сиз  9 миллион доллар даярдап коюшуңуз керек». «А эмне үчүн?» деген суроомо минтип жооп берди:  «Азыр бардыгы Бакиевдин алдынан өтүп кетишет. Же төлөңүз, же сизди жок кылышат». Биздин документтердин бардыгы жайында болчу, салыктар төлөнгөн. Бул планда мен жайбаракат болчумун. Бирок, бул келүүлөр, текшерүүлөр токтогон жок. Ошондо мен Президент Бакиевдин атына Кыргызстандын ишкерлер союзунун атынан, болгондор туурасында кат жазып, мени 21-июнда кабыл алууга чакырышты. Жай баракат бардым, анткени мыйзам мен тарапта экенин билчүмүн. Ал жерден анын атынан опузалап акча талап кылгандарын айтып бердим, ошол чиновниктерин аттарын да атадым. Бакиев абдан катуу ачууланды, менин көзүмчө салыкка чалды. Ошол эле күнү кечинде текшерүүчүлөрдүн баары жок болушту.  

Бирок, эки жумадан кийин тааныштарым чалып: «Сени Макс чакырып жатат» дешти. Ошол эле күнү кечинде машинамды МАИ кызматкерлери токтотушуп, кандайдыр бир адамдар УКК документтерин көргөзүштү да, башка машинага отургузушуп, мени  Максим Бакиевдин кеңсесине алып келишти. Максимдин кабылдамасынан кимди көргөнүмдү билесизби?

-Кимди?

- Анын кабыл алуусун күтүп Кыргызстандагы Бүткүл Дүйнөлүк Банктын ошол кездеги өкүлү Майкл Меред отурган экен. Мен анын Соцфонддогу жолугушуусунда өзүм котормочу болгондуктан, аны жакшы таанычумун. Ал жакта да бир аз убакыт иштеп калгам. Айтмакчы, мени Майклдан биринчи кабыл алууга чакырып кетишти.

- Сизди кандай кабыл алды?

 - Бакиевдин инагурациясы жаңы бүткөн, Максим өзүн укмуш сезип турган экен. Ал өзүн ишенимдүү кармады, бирок оройлонгон жок. Тескерисинче, абдан сылык мамиле кылды. Болгону:  «Сен азыр абдан жашсың. Бул бизнестин бардыгын кантип башкарасың? Бул эркектердин бизнеси, эч ким сени тынч иштетпейт…» жана башкаларды айтты. Акырында ал мага болбогон миллион сомго баалап, мындай деди: «Же ушинтип сүйлөшөбүз же эч кандай...».

- Миллион сом?!

- Ошо да, бул мазактагандык эле. Мен ага: «Атам ондогон жылдарда курган бизнести ушул суммага сатат деп жатасызбы?» деп сурадым. Ал мени көпкө көндүрдү. Мен ага минтип жооп бердим: «Менин атам өлөөрүн билген эмес, ошондуктан мурас кагазын таштаган эмес. КР мыйзамына ылайык, мен мураскордун укугун жарым жылдан кийин гана ала алам. Бул туурасында ошондон кийин сүйлөшпөйлүбү». Ушул жагдайдын аркасынан, кырдаалды кандайдыр бир мезгилге артка жылдыра алдык.

- Атаңызды ким өлтүргөнү азыркыга чейин белгисизби.

- Апам менен сүйлөшкөндөн кийин, атам  аны өлтүрөөрүн билген го деген жыйынтык чыгардым. Аны аңдып жүрүшүптүр. Ал өлгөндөн кийин, аны өлтүрүү үчүн киллерлерге берген акчасын суммасын да уктум – 300 миң доллар. Мага, Рысбек Акматбаевдин  иниси Тынчтыкбек минтип айтканын айтып келишти: «Базар биздики, анткени аны үчүн акча төлөнгөн».

Үч жылдан кийин, Ж.Сурабалдиевдин өлүмү боюнча сот процессинде, атамдын ошол кездеги айдоочусу  Эркин Мамбеталиевди көргөздү. Андан кийин Мамбеталиевге өкүм чыгарышат,  2010-жылдагы революциядан кийин аны актап жиберишти. Эң кызыгы бул айдоочуну  кийин таптакыр көргөн жокмун. Анын шаардын сыртында жашаарын билем,  бирок бизден качып жүрөт. Менин билгим келгени, 2008-жылы ал чындыкты айттыбы же  Мамбеталиевге жалган жалаа жабууга мажбур кылыштыбы. Бир күнү болбосо бир күнү чындык сыртка чыгат деп ойлойм. Бул ишти алып барган тергөөчү  Кайрат Жукеев, 2009-жылы Ысык-Көлдө жол кырсыгынан көз жумду. Бирок, мен бирсени даана билем – атамдын өлүмүнө Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн тиешеси бар.

Бизнес тууралуу

- Эльвира, азыркы Кыргызстанда бизнес жүргүзүү кандай?

- Мен Англиядан окуп келгенден кийин бизнести башкара баштадым. Европалык билим алып келип, кыргыз базарынын кайнаган борборуна келдим. Соодагерлер – бул өзгөчө класс. 90-жылдары алар эптеп күн көрүүгө аргасыз болушту, өз үй бүлөсүн багып, бизнесин курушту. Базарда эл ар кандай, бирок базар тутумунун өзү ар кылдуу, базарда абдан интеллегент адамдар да бар,  дайыма эптеп алдай калгандын жолун издегендер да бар. Жумуш мени кайра тарбиялады. Мен жапжаш кезимде, кол алдымдагы ар кайсы курактагы ондогон эркек кишилер менен иштөөгө туура келди. Ал эми обьекттин өзүндө миңдеген соодагерлер иштешет, аялдар таптакыр аз. Чыгышта  башкаруучу-аялдарга болгон ишенбестик сезим бар,  мен болсо атамдын даяр бизнесине келип калдым. Мени кабыл албаган жана түшүнбөгөн учурлар болду. Бирок, атамдын адамдарды тандоодогу билгичтигине абдан ыраазымын, жакшы команданы топтоптур, атам чогулткан адамдардын көбү менен азыр да иштешип жатабыз. Алгачкы мезгилдерде жада калса тынч уктап, эс алганга убактым жок болду. Башкача айтканда мен бардыгын изилдеп, түшүнүп чыгууга аракет кылдым. Контейнерлердин алдына чогулган таштандыдан баштап, биздин чиновниктердин маңызын, алардын жеке бизнеске болгон керектөөсүн түшүнүүгө аракет кылдым. Буга окшогон бизнести башкаруу – жаш кыз үчүн оңой иш эмес. Ушул тогуз жылдын ичинде көптөгөн кырдаалдар жана ар кандай нерселер  менен кагылышууга туура келди. 

- Сиздин европалык билимиңиздин кереги тийдиби?

- Улуттук университетти аятагандан кийин, магистратураны Улуу Британиянын Бристол университетин, эл аралык факультетин бүтүрдүм.  Бирок, он жылдан бери өз кесибим боюнча иштеген жокмун.  (Жылмаят) Чет өлкөдө окуп келген бардык эле адамдар өзгөрөт. Стеоротип талкаланат, ойлонуу өзгөрөт. Мен кеткенде кадимки кыргыз үй-бүлөсүндө чоңойгон, патриархалдык нукта тарбияланган  жөнөкөй кыргыз кыз болчумун. Чет өлкөдө  өнүгө алдым, көз карашым кеңейди, жашоону глобалдуу түшүнө баштадым. Анан, толеранттуу болуп калдым.

- Кыргыздын бизнес –чөйрөсүндө эң жаманы эмне?

- Бул өзүнчө сөз, бирок  бир учурду, кыргыз бизнесмендеринин мамлекет менен болгон мамилесин белгилеп кетким келет. СССР кулагандан  бери 23 жыл өттү, бирок дагы эле көпчүлүк мамлекеттик кызматчылар үчүн бизнесмен бул- алып сатар. Сага ишенбөөчүлүк менен карашат, сен туурасында жаман ойдо болушат. Анан, эмнегедир ишкерлер тарабынан төлөнгөн салыктан айлык алган мамлекеттик кызматкер- өзүн бул абалдын кожоюну катары сезет. Кээде бир чиновникке барып калсаң, өмүр бою ага карыздар болгондой сезим калтырат. Бирок, чын-чынына келгенде мамлекеттик кызматкер – элдин кызматчысы. Ал эми биздин ак сөөк чиновниктерибиз өзүн курчап турган дүйнө тарабынан алардын персонасына кошомат кылуусуна көнгөн. Бул көшөкөрлүк ар кандай тойлордо жана иш чаралардан даана байкалат, бооруң ооруйт. 

Коррупция- бул биздин күнүмдүк жашообуздагы кайгылуу чындык. Биз – мамлекеттик кызматтар материалдык киреше алуунун булагы болгон абалга жеттик. Кээде, айрым мамлекеттик кызматкерлердин, эч качан бизнес менен алектенбесе да, ушунчалык материалдык байлыкты кантип топтогондугу таң калтырат.

- Сенин оюңча, бул акчанын баары кайдан?

- Бир мисал келтирейин. 2006-жылы, Алма-Ата – Чолпон –Ата көчөлөрүнүн курулуш долбоору башталды. Бул долбоорго ири казак бизнесмени инвестиция кылууну чечет. Биз бир иш чарадан жолугушуп калдык, ошондо кыргыз чиновниктери кол коюу үчүн жарым миллион доллар талап кылгандыгын билдим. Ал биздин мамлекеттик кызматкерлердин алкымынын чоңдугуна ушунчалык таң калган. Албетте, баш тартыптыр. Мындай долбоорлор көп да. Мына, мисалга биздин тышкы 3 миллиард карызыбызды эле алалы. Биз бардык гранттардын, насыялардын, көргөзүлгөн кеңеш кызматтарынын таржы макалын билбейбиз да. Аларды ким ишке ашырган, ким өздөштүргөн, бул ири акчалар кайда кеткен? Бул каражат үчүн ким отчет берди? Ал эми бул оор карыз бүт кыргызстандыктардын мойнунда турат. Жада калса биздин каржы текшерүүчүлөр тартипке келтирип, жоопкерчиликке тартууну кааласа да, бул ою ишке ашпайт деп ойлойм. Анткени, биздин белгилүү жана таасирдүү  адамдарыбыздын көбү бири-бири менен байланышкан. Эгер каржы мамиле менен болбосо да, туугандык мамиле менен.

- «Кудайберген» базары жаз бою калчылдап турду. Бул кырдаалдан эмнени түшүндүң?

-  Бул кырдаалда мамлекеттин мени коргой албагандыгы абдан ыза кылды. Биз канча жылдан бери соода орундары үчүн ижара акысын кымбаттатууну чечкенде, кайдан жайдан эки аферист пайда болду- Дробитько Иван жана Данияров Нурлан деген. Алар элди митингге чакырып, жагдайды курчута башташты. Мен кайда гана жазган жокмун, кимге гана жардам сурап кайрылган жокмун. Укук коргоо органдары үч ай жөн гана байкоо салып турушту. Соодагерлердин арасында сабаты аз адамдар да бар, эч нерсени териштирбей туруп, алдамчыларга ишеништи, баш аламандык уюштуруп, митингге чыга баштады. Бизде мамлекетибиз ушундай да – митингге чыгуу ар биринин кубанычы, эптеп эле иштебесе болду. Натыйжада эмне болду? Көпчүлүк соодагерлер кардарларын жоготушту,  көтөрүлгөн суммага теңдеш баалуу эмес кирешелерин жоготушту. Мага, «эгер жакшы колдоочуң» болгондо буга жетмек эмес дешти. Тажрыйбалуу бизнесмендер бизнес-кызыкчылыкты коргоо үчүн, жогорку чиновниктер менен сүйлөшүүгө кеңеш беришти.

- Сен,  колдоочум жок дегени турасыңбы?

- Эгер болгондо, базардагы кырдаал алты айга созулбайт эле. Ал абалды тез эле токтотуп коюшмак, ишенип коюңуз. Өлкөдө жүздөгөн базарлар бар, бардык жерде ижара кымбаттап жатат, бирок эч бир жерде бул мынчалык ызы-чуу менен коштолгон жок. Жогоруда аталган эки алдамчы көп базарга барышыптыр, бирок, бардык жерде өз ордуларына коюп коюшчу экен.  Дробитькону акыркы жылы  эле эки жолу сабап кетишиптир, бул да кокусунан эмес деп ойлойм.  Мындай адамдар ушинтип акча табышат, элдердин ортосунда бүлүк салып, чагымчылык уюштурушат да, анан акча талап кыла баштайт. Эң башкысы, Кыргызстандын базарлар Ассоциациясы менен бирге, биз өкмөт жеке менчик базарлардын ишине Монополияга каршы  кызматынын кийлигишүүсү укугун ажыратуусуна  жетише алдык.  Бул Кыргызстандын бардык базарлары үчүн чоң жеңилдик. Канча жылдан бери Монополияга каршы кызматтын кызматкерлери, базарларды жөнгө салуучу мындай токтом чыккандан кийин, ушундан акча жасап жүрүшкөн. Алар базарларга он миллион сом айып тагып коюшчу, бирок жакшылап сүйлөшүү үчүн бул сумманын жарымын бериш керек болгон, бирок ал акча  бул чиновниктердин чөнтөгүнө түшмөк. 

- Бул кырдаалдан  пайдалуу эмне жыйынтык чыгардыңыз?

- Бизнес боюнча достордун жарымы, кырдаалды акырын көзөмөлдөп,  акча доолагандарга акырын акча берип, тынч ажырашсаң болмок деп эсептешет. Ооба, мен абдан чоң зыян тарттым. Бул жылы базарды оңдойлу деген пландын баары ишке ашпай калды. Бирок, анын баарын кайра карап чыгып, мен эч нерсеге өкүнгөнүм жок. Чындык, канчалык кыйын болсо да, канча жоготууга учураса да, чындык бойдон калат. Бир гана жагымсыз жери, мамлекет ушул убакыт бою алдамчылар жакта туруп алганы. Жада калса алардын бири , Дробитько  азыр да  министрлердин биринин байкоочу  кеңешине барганы жатыптыр. Демек, алдамчылар да жалданма торпеда катары бирөөлөргө керек экен. Анткени, алардын колу менен бизнести астын-үстүн кылса болот да.  

- ГААР кызматкерлеринин акча доолагандыгы туурасындагы иш сотко жеткендеги факт, акыйкаттык жеңип чыккандыгын айтып турат да?

-  300 миң сом талап кылган пара жегич Кудаяров, болгону 30 миң сом айып төлөп, эркиндикке чыккандыгы, тилекке каршы эч кандай акыйкаттын жок экендигинен гана кабар берет.

- Сиздин башыңыздан өткөндөр, сиз көргөн кыйынчылыктар нерви начарлар үчүн сыноолордон эмес... Сиздин ордуңузда башка бирөө болгондо эбак баарын таштамак, сиз болсо соц тармактарда активдүү коомдук позицияңыздан тайбай келесиз. Өзүңүздүкүндө бекем туруп, күрөшүүгө сизге эмне күч берет?

Мени эркин инсан катары тарбиялаган ата-энеме чексиз ыраазычылыгыды айтып бүтпөй келем. Атамды болуп-толуп турган кезинде өлтүрүп кетишти. Ал бизнести негиздеп, өз үй- бүлөсүн жана өлкөбүздүн миңдеген жарандарын  үй-бүлөсүн багууга мүмкүнчүлүк берип кетти. Болгон күчүн, жаштыгын, өз  кубатынын баарын бизнеске жумшаган. Күнүмдүк эмгеги менен баарына өзү жетишкен. Албетте, мен үй-бүлөлүк иш үчүн жоопкерчиликтемин жана ошону үчүн бизнести жүрүзүп жатам. Ушул жылдардын ичинде атама өтө көп жаман сөздөр айтылды. Мени үчүн, эл анын чыныгы жасаган ишин билгени маанилүү. Анын жөнөкөйлүгүнөн, коомчулукка чыгууну, ММКны сүйбөгөнүнө, өз ишин элге жарыя кылбагандыгына өкүнөм. Менин атама окшогон мекенчилдер биздин өлкөдө аз эмес, бирок алардын ар бирин жоготуу-орду толгус. Өз өлкөсүнө, жөнөкөй адамдарга жардам берүү менен ал, өз өлкөсүнүн гүлдөп өсүшүн кыялданган. Атамдын элеси дагы эле мени кыймылдатып турат. Менин каалаганым, өз балдарынын жетишкендиктерин көрүп, атамдын арбагы  ыраазы болсо экен, тынч алса экен дейм.

Патриоттуулук тууралуу

-  «Патриоттуулук»  деген сөз бизде өчүп келатат. Бирок, патриотторго болгон зарылдык эч кайда жоголгон жок. Сиз үчүн патриоттуулук деген эмне?

Мен 35 жаштамын. Мен азыр өзүмдү өзгөрүүлөргө бышып жетилдим деп эсептейм. Мен сырттан отуруп алып, мамлекеттин акырындан талкаланып жатканын кол куушуруп карап отургум келбейт. Мен элдин зомбулукка көз жуумп жатканын көргүм келбейт. Бүгүн мен өзүмдүн өсүп жетилгенимди сездим, өлкөдө баары туура эмес болуп жатканын, муну кантип өзгөртүү керек экенине түшүнүк пайда болду.  Курманжан Датканын мисалы мен үчүн көрсөткүч. Мамлекеттин кызыкчылыгын өзүнүкүнөн, жада калса үй-бүлөсүнүкүнөн жогору кое билген  аял.  Мүмкүн, анын аркасында биз, кыргыздар кырылып калбасак керек.  Бизде коомдук байланыш жок, биз аймактар, уруу, тилди билүү, класс, дин боюнча бөлүнөбүз. Кыргызстандыктардын арасында эч качан биримдүүлүк болбосун деп, мунун баары атайылап жайылтылып жаткандай сезим болот. Бүгүн биримдик маселеси болуп көрбөгөндөй актуалдуу.  Бул мааниде, «Курманжан датка» фильмин түзгөндөргө ыраазычылык билдирем, алар биздин жашообуздун бардык жагын ар тараптуу көргөзүшкөн  - бөлүнүүнүн кандай жаман экенин, чагым менен өлтүрүүлөр эч жакшылыкка алып келбесин көргөзүшүп, элдик курултай аркылуу кыргыздарды бириктирүү маселесин көтөрүшкөн. Биз, кыргызстандыктар, өнүгүү үчүн тутумдуу, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун табышыбыз керек. Бизде туюк алкак – бийлик элден коркот, эл бийликтен коркот. Жөнөкөй диалог жок. Эл негатив менен агрессияга ушунчалык көнүп алган, бийликтегилердин ар бир демилгеси эл жүрөгүнөн түнөк тапканга үлгүрбөй, жок болууга дуушар болот. Биздин мамлекет – бул согуш талаасына окшогон сезим жаратат. Ар бир беш жылда ал согуш кайталанып жатат. Бул практиканы токтотуу керек. Бизде акыл-эси тунук адамдар өтө көп, бирок алардын шалаакылыгы айлана-чөйрөдө болуп жаткандардан көңүлү калгандыгы менен шартталган.

-Сиз болуп жаткандарга жоопкерчилик алып, саясатка барууга даярсызбы?

- Бул суроону менин жашоомдо 5 жолу беришти.  2004-жылы атам Бишкек шаарынын Түндүк аймагы боюнча шаардык кеңешке катышууну сунуштаган. Анда мен жаштыгыма, тажрыйбамдын жоктугуна шылтоолоп, баш тарткам. Азыр, согуш талаасындагы жалгыз киши – жоокер эместигин түшүндүм. Бүгүнкү күнү, тутумдуу кризистен чыгуу үчүн пикирлештердин тобу иштеши керек. Биздин ушул жерде  жашаарыбызды жана жасаганыбыз үчүн да, эч нерсе жасабагандыгы үчүн да жоопкерчилик алаарын түшүнө турган инсандар керек. Качан, жада калса бир тууганың да, мыйзамды бузса,  жасаганы үчүн жазасын алышы керектигин түшүнгөндө гана өнүккөн мамлекетти куруу туурасында кеп кылса болот. Көпчүлүк учурда, коомдук кызыкчылык үчүн  жеке кызыкчылыкты курмандыкка чалуу үчүн, тандоо жасоо кыйын болуп калат.

- Сиз ушундай тандоо жасаганга даярсызбы?

- Эгер болуп жаткандарды адекваттуу баалай алган, өз күчтөрүнө ишенген, эң башкысы, бири-бирин уга билген пикирлештерим болгондо гана.

- Кыргызстан бутуна туруп, өнүгүп кетет деген үмүт барбы.

- Бизде эки качкын президенттин тажрыйбасы бар. Мага алардын тагдыры аео сезимин гана жаратат. Акчасы толтура болсо да, чоочун жерде алар жакшы жашап жатышабы? Акча – психологиялык жана моралдык туруктуулуктун кепилдиги эмес. Эгер адам Кыргызстанда өссө, анан карыганда бул жерде болуп жаткандардан таптакыр четте калса, ишенип коюңуз, өтө оор болот. Анан калса биздин менталитет менен. Ошентип, биздин элибиз акыйкатсыздыкты көтөрө албастыгы жана көздөрүн май басып бара жаткан башкаруучуларды ачык эле кубалап жибере турган фактысы үмүт жаратат. Ошондой эле, парламенттик тутумдун аркасында, асмандап кеткендердин бардык кылгандары коомчулукта ачык талкууланып, ар бир туура эмес иш дароо элге чыгып кеткен фактысы да бар. Б.а. абдан кызыктуу тутум. 

- Эльвира, айтсаңыз, 2015-жылда боло турган парламенттик шайлоого катышасызбы?

- Чынымды айтсам,  орто жолдо турам. Курагым, билимим, дүйнө таануум, жашоо тажрыйбам, ресурстарым – мунун баары шайлоого катышууга мүмкүндүк берет. Өзгөрүү керек экенин түшүнүп турам. Бир аз убакыттан бери саясий партиялардын саясатын, программаларды, элдерди, алар саясий тегиздикте өздөрүн кандай алып жүрөөрүн карап баштаганымды да жашырбайм. Биздин мамлекетте  идеалдуу партия жок, баарынын өзүнүн жакшы  жана жаман жактары бар, бирок бардыгы өзгөрөт, мүмкүн мен да жакында шайлоо маселесинде бир чечимге келем деп ойлойм. 

Мен көп жылдардан бери соцтармактарда коомдук темаларды көп жазып келем. Ал жакта да жеке сезимдер көп, бир караган кишиге дароо көрүнөт. Мунун баары, мен да башкалар сыяктуу эле, болуп жаткандарга тынчсызданып жатканымдын белгиси. Анан, биздин жарандарыбыздын келечекке болгон ишеними жоголбосо экен деп каалайм. Биз өз өлкөбүздү колдоп, ага пайдалуу болууга аракет кылганды үйрөнүшүбүз керек.  Айрым терс көз карашты жараткан инсандарга тырышпаш керек – алардын мезгили да өтөт. Өтө ишенчээк болуп жатамбы? Мен да атама окшоп идеалист болсом керек.

Лейла Саралаева

Фото: Абылай Саралаев

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине