Фатима Насиза – милициянын накта полковниги: гендердик теңчилик жокко чыгарылган учур тууралуу

10:20, 17 Июня

Милициянын полковниги Фатима Юбуровна Насизанын иш графигинде интервью үчүн жарым саат убакыт табыш кыйынчылыкка турду. ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү Насиза Ф. учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн маанилүү нускамаларды даярдоо боюнча бир нече жумушчу топтордун мүчөсү, Кыргызстандын 48 РИИБинде курал-жарактын сакталышын план боюнча текшерүүдө, ошол эле кезде үй-бүлөнүн мыкты кожейкеси жана 4 баланын мээримдүү энеси.

- Кантип ушунун бардыгына жетишүү менен аялдык назиктигиңизди да сактап калуудасыз? – деген суроо менен маегибизди баштадык.

- КРдеги Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын Программалык Офисинин (БУУ БКБ) аял-милиционерлер менен иштешүү долбоорунун алкагындагы психологиялык тренингдер мага чоң жардам берди. Ооба, мен ага чейин да бардыгына жетишкенге аракет кылат элем, бирок кээде башымдагы жана жашоомдогу башаламандыктан катуу чарчайт элем. Төрт бала, ар биринин жашы да, кыялдары да ар башка эмеспи. Тренингден өткөндөн кийин мен кайра тирилгендей болдум, мен өзүмдү ишенимдүүрөк сезип, жашоомду иретке келтирип, андагы мамилелерди так бөлүштүрүп, тактап алалдым. Бул программаны психолог иштеп чыккан эле, анын ишимде гана эмес, үй-бүлөмдө да пайдасы тийди.

- Эмне үчүн сиз бул кесипти тандап алдыңыз?

- Мен ички иштер органдарында иштеп жатканыма 18 жыл болду. Юрфакты бүткөндөн кийин бул кесипти өзүм тандап алгам. Экинчи таанышуу практикасынан кийин Свердлов районундагы ИИБде тергөөчүнүн ишин тандап алдым. Ооба, жаштык романтиканын да таасири болду, мен “Шерлок Холмс тууралуу жазууларды” окуганды жакшы көрөт элем. Өзүмө жана да туугандарыма милицияда иштей аларымды көрсөткүм келди. Ата-энем жана башка туугандарымдын бардыгы бул тандоомо каршы болушчу. Бирок мен өзүм милиционер болом деген чечим чыгардым, мен бул кесиптеги кыйынчылыктардын бардыгынан өтүп, аларды жеңишим керек эле. Мен өзүмдү сынагым келди.

- Биринчи ачкан ишиңиз эсиңиздеби?

- Ананчы, эсимде, иш жашы жете элек алдамчы тууралуу болчу. Бир жаш жигит өзүнүн аудиоплеерин сатып, акчанын баарын коротуп коет, ал эми ата-энесине болсо акчаны уруша кетишкен бир таанышы уурдап кетти деген. Ата-энеси арыз жазышат, баланын таанышын кылмыш жоопкерчилигине тартышат. Мен бардык күбөлөр менен кайрадан тыкыр сүйлөшүп чыгып, топтогон маалыматтарымды иреттеп, бир-бири менен салыштырып, доогер алдап жатканын аныктадым. Мен азыр ошол ишти кайрадан эстеп, бир да тааныш тергөөчү жалган көрсөтмөлөргө байланыштуу иш алып барбаганын байкадым. Калпычы жаш балага кылмыш иши козголуп, ал жалаа жапкан тааныш баласын бошоттук.

- Сиз ача албай калган, аны үчүн азыркыга чейин кейип жүргөн кылмыш иши барбы?

- Тилекке каршы, андай иштер көп. Мен милицияга жаңыдан келгенде, биздин иш-аракеттерибиз, же эч нерсе кыла албаганыбыз адамдардын тагдырына катуу таасир эте турганын көргөнүмдө, мен түнү уктай албай кыйналып чыккан учурлар көп болду. Ар бир ишимди жүрөгүмө жакын кабыл алат элем. Кылмыштын бети ачылган күндө да, өзгөчө адам өлтүрүүгө байланыштуу, адамды кайрууга болбостугун, тирилтүүгө мүмкүн эместигин түшүнөсүң. А сен болсо айлап жабыр тарткандар менен тыгыз байланышта болуп, алардын жашоосуна сүңгүп кирип, дээрлик алардын эң жакын адамдарына айланып каласың. Кайсы бир убакта өзүмдү токтото албай калдым, жумушумду таштаганга да макул элем. Өзүмдү өзүм казып, изилдөөгө туура келди. Ошондо мен өзүмө мына мындай эреже чыгардым, тынч, бейкапар укташ үчүн колуман келгендин бардыгын жасашым керек. Анан да дайыма чындыкты айтыш керек, эгер бир нерсе менен макул болбосоң, унчукпай коюп тим болбой жетекчиңе да, жамаатка да, баарына ачык айтыш керек, аны айткандан коркпош керек. Мындай кылганымда бардыгы жеңилирээк да, натыйжалуурак болоорун көрдүм.

- Милициядан кетпей, калып калганга эмне себепчи болду?

- Алгачкы беш жыл койгон максатыма жетем деп өжөрлөнүп иштедим, кесиптин бардык майда-чүйдөсүн үйрөндүм. Андан кийин мени ИИМдин Башкы тергөө кызматына чакырышты, ал жакка барганымда каякка дагы өсүп, эмнеге жетсе болоорун түшүндүм. Ал жакта иштеги приниципиалдуулугумдун пайдасы тийди, ошондуктан мени ар түрдү комиссияларга кошо башташты. Борбордук аппараттагы текшерүүнүн биринде өлкөдө материалдык далилдерди сактоо жана эсепке алуу боюнча бир дагы нускама жок экени аныкталды. Болгондо да мындай нускама бир дагы укук коргоо органында жок экен: милицияда да, Финполдо да, УКМКда да. Мени бул документти түзүү боюнча жумушту топтун жетекчиси кылып коюшту. Бул нускаманы түзүш үчүн биз бардык документацияларды карап чыгып, РИИБден баштап Башкы аппаратка чейинки бардык маселелерди иликтеп чыктык, жыйынтыгында, кандай негизги кыйынчылыктар кездешээрин аныктадык. Материалдык далилдер ар кандай болот – бул акча да, баңгизат да, кайсы бир документтер да, алардын ар бири үчүн өзүнчө тартипти иштеп чыктык. Бул нускаманы мен өзүм иштеп чыккандыгыма байланыштуу Каржы-чарба башкармалыгынын инспекторлорун материалдык далилдер менен кантип иштеш керек, аларды кантип катташ керек, аларды кантип жок кылыш керек ж.б.д.у.с. нерселерге өзүм үйрөтүп келем.

- Сиз дагы башка жумушчу топтордун мүчөсү болосуз да?

- Ооба, дагы башкалар бар. Былтыр Аял-соттордун ассоциациясы уюштурган конференцияга катышкам. Соттор жашы жете электерге карата зомбулук боюнча кылмыш иштерди кароо практикасын талкуулап жатышты. Алар балдарга каршы кылмыштарды тергөө иштеринен баштап сотко чейинкисин караштырып жатышты. Ошондо тергөө иштерине көп нааразычылыктар жана сунуштар айтылган.

- Тактасак, эмнелер айтылды?

- Мисалы, биз, тергөөчүлөр кылмыштын жаш курмандыктарынын психологиялык абалын эске албай, алар менен чоң кишилердей сүйлөшөбүз. Шектүү адамдын күнөөсүн далилдеш үчүн иш алып барып жатып, тергөө аракеттери учурунда жаш курмандыктар өзүлөрүн кандай сезээрин эстен чыгарып коёбуз. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, республиканын ИИБдеринде жашы жете электерди суракка алганга тийиштүү шарттары бар атайын бөлмөлөр каралган эмес. Кээде бир бөлмөдө эки, үч тергөөчү отурат. Зомбулуктун жаш курмандыгы башка тергөөчу суракка алып жаткан чоочун адамдардын көзүнчө суракка алынат, мындайда купуялуулуктун шарттары бузулуп жатат. Кээде жабыр тарткан менен тергөө иштери жүрүп жатканда, коридордо кылмышка шектүү адам жана анын туугандары өз кезегин күтүп жаткан болот, бул жабыр тартуучуга чоң психологиялык сыноо болуп эсептелет. Ошондуктан бардык ИИБдерде жаш балдарды суракка алганга өзүнчө бөлмөлөрдү ачуу сунушталды. Дагы бир маанилүү жагдай, ар бир сурак видеого жазылып турушу керек, анткени тергөөчү алмашып калса, баланы кайра-кайра сурай берип, аны кыйнабаш керек. Бул нааразычылыктарды жана сунуштарды угуп бүткөндөн кийин мен сөз алып, мындай маселелерди болтурбаш үчүн эч бир шарт түзүлүп берилбегенин айттым. Мунун баары тергөөчүлөр жаман иштеп жатышат дегенге жарабайт. Бул тууралуу биринчи жолу сөз болуп жатканын белгилеп, иликтөөда айтылган маселелер бар экенин моюнга алып, аларды жоюш үчүн биргеликте аракет кылуу керектигин айттым. Бул конференцияга бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү да катышып жаткан болчу, мисалы, “Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору” коомдук фондусунун жетекчиси Лариса Илибезова. Кийинчирээк ал зомбулуктун кырмандыгы болгон жаш балдарды суракка алуунун тартиби жана ыкмалары тууралуу нускаманы иштеп чыгуу тууралуу сунушун айтты. Учурда мен бул нускаманы иштеп чыгуу боюнча жумушч топтун мүчөсүмүн.

- Тергөө ишинде эмненин өзгөртүү керек?

- Тергөө жүргүзүү тактикасын көп деле өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок, биз жашы жете элек жабыр тарткандарды суракка алууга өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Суракты психологдордун консультациялык жардам көрсөтүүсү менен жүргүзүү зарыл. Мисалы, беш жашка чейинкилерге бир суроолорду берсек, андан улууларга – башка суроолорду берүү абзел. Бизге баладан кылмыш тууралуу маалыматты алышыбыз керек, биз аны балага зыян алып келбей алышыбыз зарыл. Учурда жумушчу топ иштеп жатат, жашы жете электерге каршы, же жашы жете электер өзүлөрү жасаган кылмыштарды караштыруу үчүн атайын бөлмөлөрдү жабдуу үчүн РИИБдин иш алып баруусу менен таанышып жатабыз. Мындай иштердин бардыгын бир эле тергөөчү алып баруусун, анан да ал аял болуусун сунуштап жатабыз.

- Эмне үчүн мындай иштерди сөзсүз аялдар тергөөгө алышы керек? Бул гендердик теңчиликти бузуу эмеспи?

- Бул, аял, биринчи кезекте, эне болушу менен шартталат. Аял-тергөөчүнүн балдары болбогон кезде да, анда аялдык касиет бар. Экинчиден, зомбулук кылгандар адатынча эркектер, ошондуктан кылмыш ишин эркек алып бара турган болсо, бала өзүн ыңгайсыз сезип, корунуп суроолорго жооп бербей коюшу мүмкүн. Балдар аял-тергөөчүлөр менен өзүлөрүн эркинирээк сезе тургандыгы Аял-соттор ассоциациясынын изилдөөсүндө да белгиленет, бул изилдөөнүн авторлорунун бири Л.Илибезова болчу. Соттор жана да соттордун төрагалары мындай иштерди аял-тергөөчү алып баргандан сырткары, аял-соттор дагы карашын сунушташты. Бардык соттор бул сунуштар менен макул болушту.

- Жашы жете электер менен иш алып барууда лексика кандай болушу керек?

- Тергөөчү жашы жете электер менен ишти башкача алып барышы керек, канцеляризмдерден, супсак тилден качышы зарыл. Маселен, “... болгон ишке байланыштуу жагдайларды айтып берчи” – деп балага айткан болбойт. Бала бул суроого түшүнбөшү мүмкүн. Аны үчүн тергөөчүлөрдү атайын даярдаш керек. Мен милицияда жаңыдан иштей баштаган өзүмдү эстеп кетем, мен дагы ушундай суроолорду берчүмүн, аны башкача бериш керектигин ойлонбойт элем. Бизге суракты жүргүзүүгө эски иштер боюнча үйрөтүшчү, куратор-тергөөчү ушундай ишти берип: “Оку, үйрөн” деп коёт эле. Ошондуктан мен дагы ушундай суроолорду берчүмүн.

Дагы да бала үчүн коопсуз шартты түзүп берүү маанилүү. А бизде кандай? РИИБде ызы-чуу, ач-кыйкырык, коридордо зордукчу өзү турат. Баланы сурап жатышат, ал болсо кылмышкерди көргөн, коркконунан калтырап турат, дагы бир стресс, тергөөчү эмес, ата-энеси менен сүйлөшкүсү келбейт. Мындай жагдайлар ондоп саналат, бул жаңсоолор, адам үнү, интонация. Башкы маселе, буга чейин милиция кызматкерлерин ушуга окшош өзгөчө иштерди психологиялык жагдайларды эске алуу менен алып барганга үйрөтпөгөндө болуп жатат.

- Тергөөчүлөр сиздин нускамаңыз боюнча ишти качан алып бара башташат?

- Ал дагы эле даярдалып жатат, сентябрга чейин бүтөбүз го. Биз ар бир РИИБден бирден тергөөчүнү бул нускама менен иштегенди үйрөтүүнү пландаштырып жатабыз. Бул окутуулар учурунда мен бизди БУУ БКБнын тренингдерине үйрөткөндөй насаатчылык да кылам.

- Эркек кесиптештериңер сизге кандай мамиледе, сиздин карьераңызды көрө албагандар болбойбу?

- Чынын айтсам, көрө албастыкты мен такыр кезиктирпедим. Тескерисинче, мага такай колдоо көрсөтүп турушат. Мен ачык кишимин. Эгер мага бир нерсе жакпай турса, мен аны ачык эле айтып салам. Буга карабай, кесиптештерим менен менин мамилем эң сонун.

- Милицияда аялдарга орун барбы?

- Кайсы жамаатта аял бар болсо, андагы эркектер тартиптүүрөк боло түшүшөт. Ал эмес менин кесиптештерим мынтип айтып жатышпайбы: “Сен барда биз чыйрала түшөбүз, анткени биз сен жумушка эрте келе алганыңды, биз менен кошо кечке чейин иштеп калганыңды, ошол эле кезде үйдө жакшы аял жана эне боло алганыңды көрүп турабыз. Сен бизды шыктандырып турасың”.

Интервью алган Лейла Саралаева

Сүрөттөр Вячеслав Оселедконуку

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине