Гулмира Шакирова: «Кыргызстандагы дарылык камсыздоо – мина талаасы»

10:08, 12 Июня

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаментинин (ДКМТД) жетекчиси Гүлмира Шакированы кесиптештери өтө принципиалдуу адам деп мүнөздөшөт. Окурмандарыбыз аны Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматындагы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусундагы ишмердүүлүгү боюнча жакшы билиши мүмкүн.

Департаментте иштеген бир жарым жыл арылыгында ал мекемеде катуу тартип орното алган. Ага чейин эч ким буга жете алган эмес. Мындай кызматта болгондон кийин жана ишке ушундай катуу талап коюп жаткандан кийин, сөзсүз, аны жактырбагандар, ал эмес душмандар да чыгат.

Биз департаменттин генералдык директорунун жупуну кабинетинде жолуктук. Гүлмира Абидиновна айрым чоң кызыгууну жараткан маселелер боюнча өз пикирин айтып бергенге макул болду.

- Департаментти кесиби боюнча фармацевт эмес адам жетектеп жатканы ЖМКларда катуу талкууланууда. Сиз финансит болосуз да?

- Ооба, финансистмин, бирок медицина тармагында тажрыйбасы бар финансистмин. Мен бул дооматтарды уккам, окугам. Менимче, мындай нерселер кызматтык милдеттерди жакшы түшүнбөгөндөн келип чыгат. Мен ээлеген кызмат – саясий кызмат болуп эсептелет. Иш жүзүндө мындай кызматтарга, адатынча, менеджерлер дайындалат, алардын максаты – кесипкөй кууш багыттагы адистерден турган командага таянуу менен менеджментти уюштуруу жана уюмдү өнүктүрүү.

Бизде болсо фармацевттер экспертизага жооп беришет. Менин эки орун басарым бар, экөө тең фармацевт, ар-бири фармацевтика тармагында 10 жылдан ашык иштешкен.

Ал эми уюштуруу иши тууралуу айта турган болсок, департаментти каржылык, бухгалтериялык, юридикалык, кадрдык, административдик, саясий, инфраструктуралык маселелерде тажрыйбасы бар менеджер башкара алат, тагыраак айтсак, башкарышы керек. Анткени азыркы учурда аталган багыттын бири да башка багыттарды билбей туруп өнүгө албайт.

Айта тургандарымды мага чейин департаментти жетектеп келгендерга карата сын катары кабылдабагыла, бирок да айтпай койсом болбойт, мен бул кызматка келгенимде мина талаасынын чок ортосунда “калдыктардын арасында” тургандай болгом. Департаменттин кызматкерлери айлыкты конверттер менен алышып, банкттык эсептер коммерциялык банктарда ачылып, уюмдун өзү мамлекеттик казналык тутумда жок экен. Каякка канча каражаттар кетээрин эч ким жакшы билбейт экен. Ал эми экспертизанын башкы бөлүгү, лаборатория, тийиштүү түрдө жабдыланбаптыр, анын өнүгүүсүнө эч бир каражат каралбаптыр. Кадр маселесине көңүл бурулбайт экен. Мисалы, декретке кетип убактылуу иштебеген адамдын ордуна такай негиздеги жумушка башка адам алынган учурлар болгон.

2017-жылдын июнунан тартып биз «1С Бухгалтерия» маалыматтык системасын киргизе баштадык. Бухгалтериянын иш алып баруусу финансылык эсеп-чоттун эл аралык стандарттарына өткөрүлдү. Сатып алуулар системасы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга ылайык тендердик негизге которулду. Жамаат накталай эмес, карточка боюнча эсептешүү түрүндөгү айлык алуу долбооруна которулду. Штаттык санды иреттөө жана оптималдаштыруу боюнча чоң иш жасалды. Бул жерде айта кете турган нерсе, мурда штатта 105 адам катталганы менен айлык 139 адамга берилип келген экен. “Штаттан сырткаркы кызматкер” деген түшүнүк бар болчу. Азыр андай нерсе жок, штатта каралган адамар гана айлык алышат. Бул болгондо да, бизге баңгизаттын мыйзамдуу түрдө жүгүртүлүшүнө көз салуу боюнча кошумча функциялар жүктөлгөндө болуп жатат.

Кызматкерлердин укуктарын коргоп, камсыздоо максатында КР Эмгек кодексине ылайык ар-бир штаттык кызматкер менен мөөнөтсүз эмгек келишим түзүлгөн. Буга чейин мөөнөттүү келишимдер гана түзүлчү экен, бул кызматкерлердин укутарын бузуу болуп эсептелет.

Борбордук лабораторияны жаңылоого жана өнүктүрүүгө каражат табылып, ал быйылкы жылдын бюджетине киргизилди.

Ушунун баары чогулуп келип ишке менеджерлик мамиленин жемиши болуп эсептелет, кууш багыттагы адистер дайыма эле ушуга жете беришпейт.

- Баса, эмне үчүн мындан бир жарым жыл мурда департаментти республикалык бюджеттке которууда маселелер жаралды эле?

- Мага аны бир заматта жасап коюу жеңил болмок. Бирок кызматкерлерибиз класстык чиндери жок, а демек кошумча каражат төлөнүшү каралбаган мамлекеттик кызматкерлер болуп калышмак. Айлыгы 5 миң сом болгон иште кесипкөй адистер калбай калат болчу. Мен жамаатымды жоготуп алмакмын. Эксперт болуш үчүн институтту “фармацевт” кесиптиги боюнча аяктоо аздык кылат. Биздин адистердин чоң иш тажрыйбалары бар, андан сырткары алар жылына бир нече жолу ар түрдүү окутуулардан өтүп турушат. Мен ушунай адистерден кол жууп калып, департаментти өлтүрүп албайын дедим. Сиз айткан маселелердин себеби мына ушунда.

- Дары-дермектерге муктаждыктын канча бөлүгүн өзүбүз жаап жатабыз? Кыргызстан препараттарды көп алып киреби?

- Үч пайыз. Муктаждыктын үч пайызы гана биздин өлкөдө өндүрүлөт. Импорттун көлөмүн элестетип көрсөңөр – 97%.

- А эмне үчүн ДКМТД былтыр жаңы дарыларды каттоого жарым жылга тыюу салды?

- Бул биздин 2017-жылдагы башкы окуябызга байланыштуу. Бул жылы биз көрсөткөн кызматтар Мамлекеттик кызматтар реестрине киргизилген болчу. Ушуну менен биздин ишмердүүлүк укуктук талаага кайтарылган. Акыркы көптөгөн жылдарда биз көрсөткөн кызматтар Мамлекеттик кызматтар реестрине кирбейт болчу, а демек мамлекеттик бюджеттин курамында тийиштүү каражаттар каралбайт эле.

Учурда ДКМТДнын бардык каражаттары казнада атайын эсепте болуп, бюджеттин курамында эсептелет. Башкача айтканда эми ар-бир тыйыныбыз эсепте. Ооба, биз тыюу киргизип жатканыбызда чоң тобокелдикке барганбыз, бирок биз ага барууну туура көрдүк – кийин бул кадамга барганыбыз туура болгонуна ынандык. Эгер бардыгын тартипке келтире турган болсок, биринчи кезекте, өзүбүзддөн башташыбыз керек да.

- Учурдагы дарылык камсыздоого байланыштуу мыйзамчылык бүгүнкү күндүн талаптарына туура келеби?

- 2017-жылы дары-дермектерге жана медициналык буюмдарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын үч мыйзамы кабыл алынган. Бул биздин чоң жеңишибиз болду деп эсептейм. Бирок мыйзамды кабыл алуу аздык кылат, аны иш жүзүндө колдонуу механизмдери керек, болбосо ал өлүк мыйзам болуп калат. Ошондуктан учурда 18ге жакын мыйзамдуу актылар даярдалып жатат, алардын бардыгы жалпы тармактын жаңыланышына жана жакшыртылышына багытталган. Алардын катарында нормалары учурдагы мыйзамчылыкка туура келтирилген Дары-дермектердин жана медициналык буюмдардын департаменти жөнүндө Токтомдун долбоору даярдалып, учурда макулдашууга берүүнүн алдында турат. Бардык мыйзамдуу актылар кызыкдар органдардын, тийиштүү профилдеги адистердин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсперттеринин катышуусунда иштелип чыгууда.

- ЖМКларда сиздин мекеме ушул нормативдик-укуктук актыларды кабыл алууга жолтоо болууда деп айтылып жатат...

- Экспертизаны жүргүзүү системасын өзгөртүү маселеси – өтө маанилүү маселе. Мындайда аягына чейин иштелип чыгарылбаган, чийки документтерди сунуштоого жол берилбеши керек. Бул кийин биздин бюджет үчүн көп миллиондогон тобокелдикке алып келиши мүмкүн. Айтылган нааразычылыктар – бардык экспертизалардын маанилүүлүгүн жакшы түшүнбөгөндүктөн. Мен мурдараак айтканымдай, бардык мыйзамдуу актыларды даярдоого тийиштүү профилдеги адистер, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсперттери тартылган. Башкача айтканда, бардык кызыкдар тараптар тартылган, иштер катуу жүрүүдө.

- Рецепт боюнча бериле турган дарылардын тизмегин катаалдатууну пландаштырып жатасыңарбы?

- Колдонууга уруксат берилген препараттардын, клиникалык протоколдордо колдонууга сунушталган препараттардын башка тизмектери сыяктуу эле, сиз айткан тизмекти эксперттер клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып түзүшөт. Биз эксперттерге бир нерсени таңуулагандан алыспыз. А бирок рецептуралык тизмектеги дары-дермектерди рецептсиз бергендиги үчүн жана да ушуга окшош башка мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти катулатууну, сөзсүз, талап кылмакчыбыз. Анткени бул жарандардын ден соолугун коргоонун элементи болуп эсептелет.

- Биздеги ооруканалардын жана бейтапканалардын балансында турган бардык медициналык жабдыктарды электроднук каттоого алууга жетише алдыңыз деп уктум эле...

- Ооба. Электрондук база даяр, өткөн жылдын мартынан бери иштеп жатат. Каалаган адам pharm.kg деген биздин сайтка кирип, “Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык техника менен жабдылышы” деген бөлүмдөн бул маалыматтарды таба алат. Анда ар-бир жабдыктын жайгашкан жери, анын статусу, учурдагы абалы көрсөтүлгөн. Эми Саламаттык сактоо министрлигинде да жабдыкты сатып алууну натыйжалуу пландаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мурда кандай эле? Кайсы бир алыскы мекемеге заманбап жабдыкты коюп коюшат, мисалы, рентгендик изилдөө үчүн. Ал эми ал жакта бул жабдык менен иштегенге адисти окутушкан эмес, же бир нерсесин эсепке алышпаган, же бир нерсени туура эмес кылып коюшкан – жыйынтыгында, жабдык иштетилбей, чаң басып турат. Бир жыл турат, эки жыл. Анан аны акырын баланстан чыгарышат, карасаң, ал жабдык Бишкектеги кайсы бир жеке менчик клиникада туруп калат. Ал эми акча каякта экени, айтпаса да түшүнүктүү. Эми мындай нерсе болбойт. Жабдыкты эксперттик корутундусуз баланстан чыгара албайсың. Бардыгы көрүнүп турат, аймак боюнча, жабдыктын аталышы боюнча – кандай кааласаң, ошондой түрдө тизмектеп текшерип чыксаң болот. Бейтаптар үчүн да пайдалуу. Мисалы, каалаган адам томографиялык аппарат каякта бар экенин, ал иштейби, же иштебейби билип алат. Адатынча, элдин көбү билбегендиктен бардыгы Бишкекке барышат, оорулуу адамды алып алышып, бүт өлкөнү кесип отурушат, ошол эле кезде керектүү изилдөөнү обасттык борбордон эле өтсө болмок. Бирок райондук врач аны билген эмес, ошону үчүн Бишкекке жиберген. Эми андай нерсе болбошу керек.

- Эми дары-дермектердин электрондук тизмеги ушундай деңгээлде түзүлсө...

- А бул биздин учурдагы башкы долбоорубуз. Абал чындыгында эле эң кайгылуу, Кыргызстанда дары-дермектердин мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн көлөмү 14 млрд сомду түзөт, ал эми мыйзамсыз – Бүткүл дүйнөлүк саламатты сактоо эксперттеринин эсептөөсү боюнча, 30-40 млрд сом. Колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен, сактоо шарттары сакталбай мыйзамсыз алынып келинген дары-дермектер, жана да контрафакттык препараттар колдонуучунун колуна тиет. Адамдын ден-соолугун ойлосок, буга бөгөт коюшубуз керек.

Мындай көрүнүштөр менен кантип күрөшүү керектигин биз билебиз. Түркиядан алган тажрыйбам мени шыктандырып келет. Ал жакта ар-бир препараттын штрих-коду бар, каалаган колдонуучу аны смартфондогу сканер менен тартып алып, маалыматтар базасынан анын сактоо мөөнөтүн, каяктан, кантип алып келингенин текшере алат. Биз буга айрым каражаттарды да таба алдык – Дүйнөлүк банк гранттык негизде техникалык жардам көрсөтүүгө ынтызаарлыгын билдирди. Сөзсүз, мамлекеттик салым да керек болот, каржыдан сырткары бул иш чоң техникалык ресурсту талап кылат. Биз сөзсүз түрдө ушуга окшош долбоорду ишке ашырабыз.

Чыныдыгында бул дары-дермектерди электрондук эсепке алуу боюнча зор долбоордун акыркы, төртүнчу баскычы болуп эсептелет. Мен анын майда-чүйдөсүнө чейин айтып окурмандарды зериктирбейин, бир гана бул чоң жана олуттуу иш экенин ишендиргим келет. Сапар Исаков жетектеген мурдагы өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун иш жүзүнө ашыргандан кийин бул система киришмек болчу. Бирок ал өкмөт таркап кетип, биздин долбоорубуз бир аз убакытка токтоп калды. Бул күндөрү Дары-дермектердин улуттук электрондук базасы боюнча долбоор кайрадан жандана баштады, жаңы министрлер кабинети бул ишти колдоого алды! Жакынкы убакта дарылардын рыногунда өз билемдик токтойт, мен буга ишенем!

- Бирок сиз накта фармакологиялык мафиянын “куйругун басып жатасыз”. Анын лоббиси каякта бар экенин билбейбиз да? Коркпойсузбу?

- Ансыз деле азыр биздин толтура душмандарыбыз бар. Бирок, элде айтылып жүргөндөй: “Көз – коркок, кол – баатыр”. Биз эч нерсеге карабай иш алып барып жатабыз.

- Назик аял мамлекеттик креслодо отурганын, аны ар-кайсы жактан табалап жаткандарын, бирок ал эч нерсеге карабай алардын мизин кайтарып жатканын көрүп, ойлоп кетем: эмне ага дем берет болду экен? – деп. Сиз аны кантип жасап жатасыз?

- Билесиңерби, эмне үчүн, мен бардык жогорку структуралардан жакшы, чынчыл адамдарды кезиктирип жатам. Анан да – бизин кесипкөй адистерге таянам. Департаментте иштегендерге, алардын айрымдары бул тармакта 30 жылдан бери эмгектенип келишет, айрымдары жакында гана келгенине карабай, өзүлөрүн чыныгы кесипкөй адис катары көрсөтө алышты. Чынчыл, кесипкөй кадрлар Кыргызстанда бардык жерде бар. Бул мага үмүт да, дем да берип турат. Ооба, былтыр бизди 14 жолу келип текшерип кетишти. Прокуратура, УКМК, депутаттык комиссиялар, салык кызматы – ким гана бизди текшерген жок. Биздин ар-түрдүү инстанцияларга берген жообубуз 14 миң баракты түздү. Адам-саат боюнча эсептегенде канча болоорун айткан да коркуп турам. Иш күндүн жарымынан көбүн ушул текшерүүлөргө коротобуз. Мына ушундай. Бизде чыныгы кесипкөйлөр, чынчыл адамдар дагы эле бар. Ошону үчүн дагы эле иштеп жатам.

Жаман нерсе менен аяктагым келбей жатат, бирок колу туткак кадрларыбыз да бар экенин моюнга алышыбыз керек. Аларга карата көрүлгөн чаралардан кийин алар бизди жаман көрүп калышат, “душманга” айланышат десем тагыраак болчудай, болгондо да өчөшкөн түрдөгү. Мен ДКМТДга келгенден бери жетекчиликтин 50%ы алмашты. Алардын ордуна ички резервдеги адамдар келишти, башкача айтканда биз кадрлардын кесиптик өсүшүн камсыздаганды аракет кылуудабыз. Жыйынтыгында, бизди жактырбагандар кичине себеп боло калса эле, бизди жамандап жатып калышат. Бул аз келгенсип, ар-кайсы деңгээлде бизге бут тосконго аракеттенишет. Жогоруда мен айткан текшерүүлөр жөн эле жерден чыга койгон жок да. Бирок ДКМТДда кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жараяны улана бере тургандыгын билдиргим келет. Ал эми ишмердүүлүгү коррупциялык тобокелдикке байланыштуу болгондорго карата тийиштүү чараларды көрүп турмакчыбыз.

Маектешкен Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине