Игорь Воронцов: «Маданият – баардык жандануунун чок ортосу, дүйнөдөгү эң башкы баалуулук»

12:39, 28 Января

Биздин өлкөдө Mаданият тууралуу сөз кылуу кызыктуу болуп калды. Келе жаткан күндөн эмнени күтүштү билбейсиң – дүйнөлүк деңгээлдеги артисттердин катышуусундагы Бишкектеги Пуччининин «Тоскасынбы» же аткаминерлердин маданияттан «чабуулунбу», же Опера жана балет театрынын сахнасындагы компьютердик салгылашуулардыбы. Бирок, жаза турчу нерсе бар.

Бүгүн «Жаңы жүздөрдүн» мейманы- Игорь Воронцов,  Кыргыз Республикасындагы Орус кызматташтыгы өкүлчүлүгүнүн маданий долбоорлорунун куратору.  Бүгүн биз музыкалык прогноздорду жана башкаларды дагы талкууламакчыбыз.

-Быйыл маданий программа жаатында кандай кызыктуу саамалыктарды күтсөк болот?

-2019-жылы Бишкекте Орусиянын маданият жана илим борбору тарабынан уюштурула турчу иш-чаралар көп болот. Бул, мисалга, былтыр техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам өтпөй калган Орусия Федерациясынын маданият күндөрү. Бирок ал быйыл сөзсүз өткөрүлөт. Кандай форматта азырынча билбейм, бирок ал болот. Пландарыбызга көптөгөн фестивалдар да кирет. Мисалы, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таба алган «Играй гармонь», Россия менен Казакстандан меймандар келчү «Түндүк Кавказ элдеринин маданияты», республиканын мектеп жана студенттер театрлары арасындагы «Русская премьера» фестивалы,  Биз Кыргызстандын аймактарындагы керемет орус артисттеринин чыгармачылыгы чагылдырылган «Жүрөктө Орусия менен» фестивалы.

Жумушубузда биз ар кандай жаш курактагы, кесипкөй топтордун кызыкчылыктарын эске алууга аракет кылып, жаңы аянтчаларга варианттарды издеп, өзүн көрсөтө алган долбоорлорго жаңы форматтарды табабыз. Мисалы, марттын аягында биз «Орусия гүлдөрү» аталышындагы эл аралык балдар фестивалын өткөрүүнү пландап жатабыз, анын программасына Орусиядагы «Домисолька» аттуу эң мыкты балдар театрынын сахнага чыгуусу,  актердук жана вокалдык чеберчилик боюнча масстер класстар, «Кукольный формат» балдар театрынын спектаклы (аталган спектакль Орусиядагы «Золотая Маска» аттуу жогорку театралдык премиясынын көп жолку лауреаты), балдар искусство мектептеринин орус жана кыргыз педагогдорунун катышуусундагы тегерек столдорду өткөрүүнү көздөөдөбүз. Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм.

-Сиздин эң маанилүү долбооруңуз болуп кыргыз «Романсиадасы» саналат да, туурабы?

-Ооба, ошондой. Кыргызстандагы сынакты Росскызматташтыктын КРдагы өкүлчүлүгү менен «Гармония» орус маданий борбору уюштурууда. Мындай долбоорду ишке ашыруу тууралуу идея көп жыл мурун пайда болгон. Мен «Казак Романсиадасына» көп жолу катышып, анын лауреаты жана дипломанты боло алгам. Жана бир жолу мен өзүмө айттым: «Кыргызстанда да «Романсиада» болушу керек»-деп.

Бүгүнкү күндө бул орус романсынын аткаруучуларынын сынагы бүтүндөй кыймылга айланды. Баштапкы идея Россиянын эмгек сиңирген артисти Галина Преображенскаяга таандык. Эгерде 90-жылдары сынак КМШ өлкөлөрүнүн төрт шаарында гана өткөрүлгөн болсо, бүгүнкү күндө «Романсиаданын» географиясы Орто деңизди, Балтия өлкөлөрүн, Германияны, Казакстанды камтыйт. Жыл сайын бул чыгармачыл ат салышууда ар кайсы өлкөлөрдөн келген 500дөй адам катышат. Ал эми жылдын аягында Москвада эл аралык «Романсиаданын» финалы өткөрүлөт. Ал жерде бүткүл өлкөдөн чыккан 12 мыкты аткаруучу чогулат. «Романсиада» көптөгөн жаш аткаруучуларга жашоого карай жолдомо берет. Мисалы, 1997-жылы сынактын алгачкы лауреаты болуп 19 жаштагы Николай Басков табылган.

-Биздин кыргызстандыктарчы?

-Ар кайсы жылдары  сынактын жеңүүчүлөрү болуп азыр Германияда ийгиликтүү иштеп жаткан Жамиля Раимбекова, Италияны багындырып, Европада эмгектенип жаткан Жеңиш Ысманов, Заира Раимбекова, Марат Ибраев, Бакыт Жакыпов жана Улан Асамудиновдор болушкан, алар азыр өз искусствосун элге тартуулап жатат.

-Демек сиз бул сынакка өзгөчө мамиле кылат экенсизда?

-Чындыгында, «Романсиада» - быйыл күзүндө Бишкекте үчүнчү ирет өтө турчу менин сүйүктүү долбоорум. Ал бишкектиктерде чоң кызыгуу жаратат, бүгүнкү күндө кыргыз жаштары орус романсын жана классикалык музыкасын ырахаттануу менен ырдап жаткандыгына мен абдан кубанычтамын. Бул эмнеге байланыштуу?  Балким, жаштар жетилсе керек. Балким, алар жөн гана ырдагысы келет, ал эми ырдаганга ыр жок. Романста болсо үндү дагы, вокалдын техникасын дагы көрсөтүүгө болот жана кызыгы,  жаш муунга орус романсынын сөздөрү жагат. Ал эми жаш балдар кычыраган смокингтерди, барпыраган көйнөктөрдү кийип алып, сахнадагн сүйүүсүн билдирип жатканын көрсөң кандай гана жагымдуу. Жана эң башкысы – бул сынак жаш кыргызстандыктарга Кремльдын сахнасына карай жол ачат!  2019-жылдын 26-январында Мамлекеттик Кремль сарайынын чоң залында дүйнөнүн мыкты аткаруучуларынын катышуусундагы орус романсынын эл аралык күнүнө арналган концерт өтөт. Кыргызстандын атынан кыргыз «Романсиадасынын» жеңүүчүсү Тимур Кожобеков чыгат.

-Быйыл ал Кремьлде эмнени аткарат?

-Менин билишимче, быйыл ал Самуил Покрассанын «Дни за днями катятся» аттуу чыгармасын Людмила Зыкинанын атындагы «Россия» мамлекеттик академиялык ансамблинин коштоосунда аткарат. Концерттик программада «Романсиаданын» ар кайсы жылдардагы Орусиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Польшанын, Монголиянын, Нидерланддардын,Кытайдын, Болгариянын, Германиянын, Жапониянын, Армениянын, Өзбекстандын, Канаданын, Франциянын, Беларусиянын жана албетте Кыргызстандын жеңүүчүлөрү катышат. Ал эми бул иш-чара бүтөрү менен Тимур менен Жанарбай уулу Миран аттуу дагы бир таланттуу аткаруучу Ямалга жөнөшөт, ал жерден алар  совет аскерлеринин Афганистан Республикасынан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган  «Дорогами поколений» аттуу XIX патриоттук ырлардын жаш аткаруучуларынын сынагына катышат. Көрүп турганыңыздай, мен таланттуу кыргызстандык жаштарга дагы жол салып, алардын досторунун тегерегин кеңейтүүдөмүн, бул соонун!

-Дагы эмне менен кубантасыз?

-Көрүп жатасызбы, менин алдымда майда шрифт менен жазылган бир нече барактан турган план жатат? Көп нерсе менен кубандырабыз, сөз берем.  Азыр мен биздин уюмдун визиттик картасына айланган жыл сайын өткөрүлө турчу иш-чаралар тууралуу, анын ичинде Орусиянын күнүнө жана Элдик биримдик күнүнө арналган концерттер тууралуу толугу менен айта элекмин. Алардын катарына быйыл төртүнчү ирет өткөрүлчү  8-Март Эл аралык айымдар күнүнө арналган «Мырзалар  эмне жөнүндө ырдашат» аттуу  иш-чара да бар.   Бул «Согуш туууралуу эстелик» аттуу Жеңиш күнүнө арналган маданий-тарыхый долбоор,  «Искусство чеберлери: Алтай аймагынын искусство чеберлеринин жасалгаларынын көргөзмөсү»,  А. Н. Пахмутованын 90 жылдыгына арналган концерт. Дагы бир кызыктуу долбоор- бул «Музыкалык конок үйү», биз ал жерде Бишкектеги илим жана маданият борборундагы кечелердин алкагында Бишкек публикасы үчүн таланттуу жаш аткаруучулардын жаңы ысымдарын ачканды улантабыз.

Орус тилинин күнүнө карата иш-чарлар да көп пландалууда. Быйыл Александр Сергеевич Пушкиндин 220-жылдыгы белгиленип жатат, бул дата да көңүлсүз калбайт. Акындарды, сүрөтчүлөрдү, адабиятчыларды жана музыканттарды бириктирген иш-чаралар болот.

-Сзди, (тагыраак айтканда Росскызматташтыкты) «Кыргызстанда купуялуу саясат жүргүзүп келет» деп көп айыпташат...

-Бизди эмне деп гана айыпташкан жок (күлүп). Бирок биз маданий, гуманитардык долбоорлор менен иш алып барабыз, саясатка эч кандай тиешебиз жок. Маданият – баардык жандануунун чок ортосу, дүйнөдөгү эң башкы баалуулук. Саясатчылар келет жана кетет, ал эми маданият калат. Маданиятсыз адилеттүү жана коопсуз дүйнө мүмкүн эмес.

-Сиз өзүңүз опера ырчысысыз туурабы?

-Таамай белгиледиңиз. Ошондуктан бул маданий долбоорлорго баардык жан дүйнөмдү  арнап жатам.

-Сиздин жарандыгыңыз Кыргызстандыкыбы же Орусияныкыбы, суроом үчүн кечирим сурайм?

- Жарандыгым Кыргызстандыкы. Мен туулган аймагымдан кетким келбейт, Орусияга кетпейм. Бул жерде менин үй-бүлөм, ата-энем, балдарым, досторум бар. Бул себеп тууралуу жакында менин аткаруумдагы сөзү досум, Орусиянын эмгек сиңирген артисти Валерий Семинге жана акын Валерий Калинкинге  таандык ырды уга аласыздар, ал жерде «Орусияны энем жеп атайм, Кыргызстан болсо менин туулган үйүм!» деген соонун ыр саптар бар. Жана эң башкысы – мага кылып жаткан нерсем жагат, элге кубаныч тартуулаганым, аларды бираз да болсо бактылуу кылганым жагат.

-Сиздин балдарыңыз жогорку билимди Кыргызстандан алышабы?

-Менин балдарым азырынча кичинекей, улуусу быйыл биринчи класска барат. Андыктан бул маселе мен үчүн азырынча актуалдуу эмес.

-Сиздин жумушуңуздагы кайсы көйгөйлөр баардыгынан көп тынчсыздандырат?

-Азыр, тилекке каршы, жашообуздун материалдык бөлүгүн биринчи орунга чыгаргыбыз келип жаткан убак, андай болбошу керек,  күч акчада эмес, элдин маданияты менен руханий байлыгында болушу керек. Биз баардыгыбыз Орусияга, анын көп кылымдык тарыхына болгон кызыгуу күчөп жаткандыгын көрүп жатабыз. Бул улуу адабият жана искусствонун өлкөсү. Менин максатым- Орусиянын маданиятын Кыргызстанда өнүгүшүнө салым кошуу, жаңы кыргыз-орус маданий салттарын жаратуу.

-Кирип келген 2019-жылы биздин окурмандарга эмне каалайсыз?

-Кымбаттуу окурмандар!  Жаңырган жыл бизге чексиз мүмкүнчүлүктөрдү алып келип,  күн сайын жаңы креативдүү идеяларга дем берип турсун! Ошондой эле мен биздин сүйүктүү Кыргызстаныбызга бакыт, сүйүү, ден-соолук, тынчтык жана өркүндөө каалайм!

Даярдаган Светлана Бегунова    

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине