“Ээрде” болуу өнөрү

18:02, 16 Апреля

Байыркы замандан бери атка ээр токуу көчмөндүк жашоодогу кадыресе көрүнүш болгон. Ат жабдыктарын жана эрди жасоо өнөрүнүн көчмөн маданиятындагы орду өзгөчө. Бүгүн да мындан миң жыл мурдагыдай эле ээрди колго жасашат.

Ээр – бул атта отурган адамдын ыңгайлуулугу үчүн гана эмес, ал көчмөндүн канаты болуп эсептелген аттын жонун жоорутпаш үчүн да керек. “Азыркы ээрлер жаныбардын жонун жоорутпагандай, аны ар-түрдүү уруу-соккулардан коргогондой кылып эсептелип жасалат. Анын түзүлүшү арка-белге ылайыкташкан (атайын ички жаздыкчалар бар). Ат туура токулган болсо аны эч качан ат минип көрбөгөн адам минген күндө да аттын жону жоорубайт. Ээр токумдун азыркы түрлөрү жаныбардын арка-белин, жонун жабыркатбагандан сырткары, ага ыңгайлуу болгондой кылып аны минген адамдын отурушун да тууралап турат”, - дешет адистер.

Кыргызстанда ээр токумду жасоо өнөрүн улантып келаткандар бар. Алардын бири жана да башкалардан өзгөчөлөнүп турганы Александ Михайлов. Бүгүн “Жаңы жүздөр” аны менен маек курат.

Булгаары менен иштөөгө уста өмүрүнүн 20 жылын арнады. Учурда Сашанын толтура тапшырыктары бар, анын колунан жаралган ээрлерди күткөндөрдүн арасында – дүйнө жүзүнүн ар-башка булуң бурчунда жашаган саяпкерлер, ат чабыштын күйөрмандары, асыл тукумдарды кармангандар, мергенчилер, миллионерлер. Баарынан кызыгы биздин чегарачылар Михайловдун эмгектерин дароо таанышат – анын кооз ээр токумдары алыскы өлкөлөргө көп жиберилет эмеспи. Александр журналисттер менен баарлашканды көп жактыра бербейт, анткени алар анын устакананасына өтө эле көп кызыгышат. Биз айрым ушак-айыңдардын калп-чынын тактап, учурда сейрек кездешкен өнөр тууралуу кененирээк маалымат алууну туура көрдүк.

- Александр, силерди “мурдагаы жашооңордо” чачтарач-стилист болгон дешет, бул чынбы?

- Ооба. Элдин айтымында жакшы эле адис болгон экенмин. Бирок үйлөнгөнүмдө мынчалык көп аял-кардарлардын болушу үй-бүлөлүк жашоомо залакасын тийгизиши мүмкүн деп ойлодум. Ошондуктан бул жумуштан кеткен элем.

- Бул сейрек кездешкен – ээр токумду жасоо өнөрүнө кандайча кызыгып калдыңар?

- Бул албуттуу 90-жылдары болгон эле. Бир кезде эбегейсиз чоң, бирок бөлүнүп, бытырап кеткен өлкөнүн бардык тургундары сыяктуу эле биз да нан табуунун жолдорун издей баштадык. Мен мурда булгаары менен бир аз алпурушуп калаар элем – ит жетелеген жиптерди жасачумун. Анан да цыган кошунабыз бар болчу. Ат минчү. Бир жолу ал сынып калган ээр токумун жасап берчи деп кайрылып калды. Оңдоп бергеним ага жагып калды, ошондо атам экөөбүз ээр жасап, аны сатып көрөлү деген чечимге келдик.

- Бул татаал өнөргө кайдан үйрөндүңүз?

- Эч жактан. Чынын айтсам, ээр жасаган атактуу усталардын бирине да кайрылып, алардан сабак алган жокмун. Бардыгына өзүм аракеттенип, ойлонуп, эксперименттерди жүргүзүп, тийиштүү адабиятты окуп жетиштим. Азыркыга чейин окуп үйрөнгөндү токтото элекмин.

- Сиз жасаган ээр токумду негизинен ким сатып алат?

- Менимче, эң көп сатып алгандар – мергенчилер. Өзгөчө илгеркидей эле ат менен жөө адам гана баса алган бийик тоолуу аймактарда мергенчилик кылгандар. Ат менен саякаттоого адисткешкен турфирмалар дагы кайрылышат. Казактар (орус казактары, кот. кыс.) сатып алышат. Тапшырык кылгандардын дагы бир категориясы – чегарачылар жана ат колдонулган аскер бөлүктөрү. Дагы ким? Ат чабыштын күйөрмандары, каскадерлер, циркте иштегендер.

- Эгер бул сыр болбосо, канча турат сиз жасаган ээр?

- Орточо алганда 10 миңден 40 миң сомго чейин. Бардыгы материалына жана жасалашынын машкаттуулугуна жараша.

- Ээрден башка дагы бир нерсе жасайсыңарбы?

- Бокс грушаларын, ит жетелеген жиптерди жана шлейкаларды жасап калам – бирок аларды мен кээде гана эрмек үчүн жасайм. Кээде кардар айрым бир кызыктуу нерселерди жасап берүүмдү суранып калат. Мисалы, өзгөчө чехолду же булгаарыдан жасалган мотоциклдин кофрларын.

- Александр Михайлов жасаган ээрлерди канча убакыт колдонсо болот?

- Мен жасагандарды, адатынча, 5-10 жыл колдонушат. Аларды кайра оңдоп жасоону зарылчылыгы жок, алар бышык болуп, сынбайт.

- Ушундай бышык болушуна кантип жете алдыңыз? Адистешкен сайттарда ээр ашып кетсе бир гана жылга чыдайт деп жазылган...

- Мен өз ишимди жакшы жасаганга аракет кылам. Келинчегим Татьяна тамашалап калат, мен ушунчалык перфекционист болбосом биз үч эсе көбүрөк тапмакпыз деп. Бирок мен башкача иштей албайм. Кээде мага башкалар жасаган ээрлерди алып келип калышат. Сырты жалтырак, ичи калтырак дегендей. Менин ээримди башка бир уста алып мени ишим тууралуу жаман айтышын каалабайм. Буга кошумча материалдарга катуу көңүл бурам. Булгаарыны өзүм толугу менен текшерип чыгам, ар бир сантиметрин, Интернет аркылуу дүңүнөн сатып албайм, сапаттуу, бышык фурнитураны гана алам. Бул менин кадыр-баркым да.

- Чет элдик кардарларды кантип таптыңыз?

- Бул жерде “сарафандык радио” иштеди. Жасаган буюмдарымдын сапаты өзүлөрүн өзүлөрү жарнамалады десек болот, анан да келинчегим кол кабыш кылды, ал интернетке мен жасаган буюмдар тууралуу маалыматты жайгаштырып турат. Казакстандан көп келишет, Орусиядан да келгендер бар. Жакында Испанияга жибериле турган ээрди бүтүрдүм. Бул испандык мен жасаган ээрлерди интернеттен көрүп, жактырып калыптыр. Бир жолу малазиялык миллиардерден тапшырык түштү. Мен ошондо катуу ойлондум. Бул кишиде каалаганынын бардыгы бар эмеспи, аны сырткы кооздугу менен таңгалдыра албайсың, таптакыр башка деңгээлдеги стилдик өзгөчөлүк жана сапат керек деген ойго келдим. Жыйынтыгында мен жөнөкөй булгаарыны алып, аны ашыкча кооздогон жокмун, жөн гана кармагычын такасы жана мыктары бар көңтөрүлгөн туяк сымал кылып жасадым. Жасаганым ага жакты. Бул эсимде катуу сакталып калган тапшырыктардан болду.

- Ар кайсы өлкөрдөн түшкөн тапшырыктар айырмаланып турабы?

- Бир аз айырмаланат. Мисалы, орусиялыктар колдонуудагы ыңгайлуулугуна басым кылышат, сырткы көрүнүшү аларды анчалык деле кызыктырбайт. Түндүк Кавказдын тургундары ээрдин көп жылга чыдап бере тургандыгын талап кылышат. Кыргызстандыктар сырткы көрүнүшүнө көңүл бурушат, аларга өзгөчөлөнүп тургандар жагат.

- Баса, ээрдин дизайнын кантип ойлоп чыгарасыз?

- Алардын айрымдары – бул “Стандарт” сериясындагылар, көп жылдан бери жасалып келе жаткандары. Айрымдарын кардарлар өзүлөрү сунушташат. Кээ биринин сырткы көрүнүшү мээмде капыстан жаралса, айрымдары көп изденүүдөн кийин гана жаралат. Ал эми айрымдарын, жашырып не кылам, Интернеттен алам.

- Кардарлардын арасында каскадерлор менен цирк артисттери бар дедиңиз. Кайсы тасмалардан сиз жасаган буюмдарды кезиктирсек болот?

- Бир ээрим 50дөн кем эмес тасмаларда “ойноду”, анда трюктарды аткарып, ат үстүндөгү оюндарды көрсөтүштү. “Курманжан Датка” тасмасында бир ээрим колдонулду. Ээрди цирктин артисттерине же каскадерлорго берээрдин алында аларды өзүм сынап көрөм. Атка токуп ээрге өзүм отурам, кардарларга керектүү нерсени жакшы билиш үчүн ал эмес ат үстүндөгү оюндун бир-эки ыкмасына үйрөнүп алгам. Кээда артисттин өмүрү ээрдин кармагычы (ээрдин кашы) туура жайгашканына байланыштуу болот.

- Сиздин үч балаңыз бар экен, туурабы?

- Ооба. Менин эки уулум жана ымыркай кызым бар.

- Уулуңар өнөрүңөрдү улантабы?

- Уулдарым мага жакшы жардам беришет. Ээрди жасаганга катышышат. Дитин коюп, көңүлдөнүп иштешет деп айта албайм. Ооба, бүгүн колго жасоо – модага туура келбейт. Бирок мода келет, кетет дегендей, ал эми чеберчилик калат да.

Маектешкен Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине