Канат Каниметов: “Жеке мен өзүм Кыргызстанда жашап, Кыргызстанда өлгүм келет”

17:24, 2 Апреля 2018

Кыргызстандын медиаталаасы такай өзгөрүп турат, айрым ЖМКлар жок болуп, жаңылары пайда болот. Жакында кыргызстандыктардын назарына “Апрель” деген жаңы телеканал чыгат. Жаңы теледолбоор телекөрүүчүлөргө эмне сунуштай тургандыгын бизге анын атайын кабарчысы Канат Каниметов айтып берди.

- Канат, акыркы 2-3 жыл сизди КТРК менен гана байланыштырып келген элек. Былтыр жылдын аягында күтүлбөгөн жерден өлкөнүн башкы каналынан кетүүнү чечтиңер, караса жаңы долбоорго барайын деп жаткан экенсиңер. Демек, КТРКда жасай албаган айрым нерселерди “Апрелде” жасайын деп жаткан турбайсыңарбы?

- Чынында, досторум жана кесиптештерим үчүн КТРКдан кеткеним күтүлбөгөн окуя болду. Бирок аным ойлонбой туруп жасалган иш эмес эле. Жашоомдо бир нерсени өзгөртүшүм керек болчу. Анткени 8 жыл бир жерде иштөө – бул мен үчүн өтө эле көп.

КТРКда мен өзүмдүн бардык кесиптик амбициямды ишке ашыра алдым. Жүз пайызга. Бара-бара өспөй, катый баштаганымды сезди. А бул мага өлүмгө тете нерсе. Алдыга жылып өспөгөн соң бир күнү артка кетет эмессиңби. Мен аны каалабайт элем. КТРКдан кетүү мага оңой болгон жок. Мен бул каналды жакшы көрөм – ал мага эң жакын адамымдай болуп калды. “Апрель” болсо бул таптакыр жаңы канал, жок жерден түзүлүп жатат. Мага бул ишке катышуу өтө кызыктуу болду. Ойлогон нерсемдин бардыгын ишке ашырганга бардык мүмкүнчүлүктөр болот деп убадалашты.

- Атамбаев президент болуп турганда көп адамдар сизди ал жүргүзгөн саясаттын “ырчысы” деп коюшар эле. Кылган ишиңер үчүн көп сын уктуңарбы?

- Ооба! Көп жолу. Башында катуу кейип жүрдүм. “Фейсбукта” жазылган ар-бир пикирди окуп алып, адамдарга таарынган күндөр болду. Азыр мен каныгып калдым, интернет-кодулоого анчалык деле көңүл бурбайм. Мени кордогон сөздөргө тамаша менен мамиле кылганга үйрөнүп жатам. Үйрөнүп калдым десем болот.

КТРКдан кеткениме үч ай болуп калды, а бирок азыркыга чейин мени жамандагандарын коюшпайт. Жакында бир күлкүлүү окуя болду. ЖЭБдеги авариянын күнөөкөрү сенсиң деп мени күнөөлөштү, элестетсеңер?! Жылуулук борборунун ачылышы тууралуу менин сюжетимди алып чыгышып, мени кайра жамандай башташты. Ал кезде мен башкаларга окшоп эле ЖЭБ эми жакшы иштей баштайт деп чын жүрөктөн ишенген элем. Ошондо да, кийин да эч ким андай эмес деп чыккандары болгон жок. Журналисттерге иликтөө материалдарын жасаганга, ал эми депутаттарга оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу сурап билүүсүнө эч ким жолтоо кылган эмес.

Коомдук тармактар адамдарда алардын пикири маанилүү деген иллюзияны жаратаарын түшүндүм. Ар-бир адам бардык маселе боюнча өз пикирин дүйнө жүзүнө жар салгысы келет. Бирок эки-үч күн өткөндөн кийин, бардыгы унутулуп калат. Ошондо суроо узаткың келет: “Эй, баягы өз ара бөлүштүрүлүп алынган 386 миллиондор эмне болду?” деп. Мен бул ишти аягына чейин чыгарып, ЖЭБдеги күнөөлүү адамдар сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирдемин. Эл болсо бул темага көп кызыкпай калды. Алар эчак эле ырчы Анжеликанын жеке турмушун талкуулаганга өтүп кетишкен.

Урматка татый турган адамдардан орундуу сындарын укканга даярмын. Ал эми аброю шек жараткан, мурда өзү былык иштерге аралашкан адам мени сындап, жамандаса, кантип анын сөзүнө кулак төшөйм. Мен мамлекеттик каналда иштеп, болуп жаткан нерсенин баарын жакшы билчүмүн. Жолдо турган МАИ кызматкерлерин, же ооруканадагы врачтарды жактырбагандай эле телекөрүүчү мамлекеттик ЖМКнын мазмунуна нааразычылыгын айтканга толук укугу бар. Бирок ИИМдин кызматкери менен медик – зор мамлекеттик машинаны бир бөлүктөрү. Жалгыз аны сындоо – майнапсыз болот. Башкача айтканда, бийлик каржылаган ЖМКдан башка нерсени күтсө болобу? Реформаларды жүргүзүү зарыл! Ар-бир ЖМКнын өзүнүн редакциялык саясаты бар. Толугу менен көз карандысыз ЖМКлар болбойт. Бирөө келип акысыз сюжеттерди даярдап, макала жазып бербейт. Бардыгына иши үчүн төлөш керек. Кептин төркүнү, ким аларга төлөп берүүдө жана канча төлөп берүүдө. Редакциялар же бийликке, же жеке бир адамдын капчыгына, же чет өлкөлүк өкмөткө, же парламентке көз каранды. Башка да жол бар – эң туурасы деп койсок болот. Британиянын тажрыйбасын колдонсок болот. Ал жакта жарандар өзүлөрү ВВСни каржылашат. Мынтай тутумда иштегенге бир да журналист каршы болбойт.

- Сиздин келинчегиңиз “Азаттыктын” “Настоящее время” долбоорунда иштейт. Анын багыты бир аз оппозициячыл. Идеологиялык жана саясий маселелер боюнча талашып-татышкан күндөрүңөр болобу? Консенсуска кантип келесиңер?

- Бул суроону мага ушунчалык көп беришкендиктен, кээде күлкүң да келет. Билбейм, эмне үчүн эл ойлойт, бул маселелер боюнча биз сөзсүз талашып-тартышыбыз керек деп? Таңгалам ушуга. Адатынча биз талашып-тартышкан маселе – саясат эмес, үйдө ар кайсы жерде жаткан носкилер. Келинчегим экөөбүз бардыгына туура мамиле кылганды билебиз. Саясатка биз көп деле кызыкпайбыз. Саясатчы досторубуз да жок, саясатчыларга да көп деле ишенбейбиз. Бирок, айрым кесиптештерим тойлоруна саясатчыларды сөзсүз чакырып, алардын колдоосуна жетүүгө аракеттенгендерин көп эле байкакайм. Биз жеке турмушубузду жумушубуз менен аралаштырбаганга аракет кылабыз.

Жибек – мага жубай гана эмес, ал менин эң жакын да досум. Эмне кылбайын ал дайым мага колдоосун көрсөтүп турат. Мени коомдук тармактарда жамандашканда, ал мага караганда катуураак кейип жатты, мен аны соороткон учурлар көп болду. Биз бир-бирибизди айттырбай түшүнөбүз.

- Жаңы телеканалдын “Апрель” деген эле аталышы көп нерсени каңкуулап турат, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылап дароо эсиңе келет. Чынында ал жеңди, бакиевчилердин кеткенине мына 8 жыл болуп калды. Жаңы телеканалдын идеологиялык багыты кандай болот болду экен?

- Ачыгын айтсам, мен идеология деген сөздү көп жактыра бербейм. Бул сөздөн советтик замандын илеби келип тургансыйт... Бирок да бул сурооңорго кантип жооп берээрди билбей турам. Ал өтө эле татаал.

Ооба, чынында эле, ким аны кандай кабыл алаарын билбейм, телеканалдын аталышынын 2010-жылдагы апрель окуялары менен байланышы бар. Мындан 8 жыл мурун 7-апрелде болгон окуялар өлкөбүздүн тарыхындагы өтө маанилүү окуялар. Аны эч ким тана албайт. Жалпысынан алганда жаңы телеканалдын идеясы менен миссиясы Кыргызстандагы бардык дурус жана иштиктүү күчтөрдү колдоо болуп саналат. Биз республикабызды өнүктүрүү боюнча иш алып барабыз.

Жеке мен өзүм Кыргызстанда жашап, Кыргызстанда өлгүм келет. Балдарым мекенинде өсүшүн каалайм. Алардын жашоосу байкубат жана коопсуз болушун эңсейм. Өлкөбүздүн артка чегинишин, катаал замандын кайрылып келишин, сөз үчүн башты алуу кайра башталышын мен эч каалабайм. Мен мына ушул үчүн жашап, иштейм. Кесиптештеримдин да тилектери ушундай экенине ишенем.

- Силерде күчтүү команда топтолуптур – Бешинчи каналдын, НТСтин, “Мир” телеканалынын балдары жүрөт, жана да сиз КТРКдан. Таптакыр башка, кээде идеологиялык жактан каршылашып, атаандашкан каналдарда иштеген адамдарга бир долбоордо чогуу иштешүү оор эмеспи?

- Биздин команда чын эле ар кошкон адамдардан турат. Бардыгыбызды бириктирип турган нерсе –учурдагы абалга мамилебиз. Мисалы мен азыр НТСтен келген кесиптештерим Манас Айжигитов, Аман Бакиров, Айбек Бийбосунов менен иштешип жатам. Эң сонун балдар. Өзүңөр байкагандай, бир нече ай мурда эле биз маалыматтык саясаттары таптакыр башка болгон жерлерде иштеп келгенбиз. Бирок ага карабай бир-бирибизге адамдык мамилелерибиз дайыма жакшы болчу.

Саясатка байланыштуу бир-бири менен таптакыр саламдашпай, сүйлөшпөй калган журналисттер да бар. Аларда жумуш менен жеке жашоонуну ортосундагы чек жуулуп калган. Алардын “Фейсбуктагы” баракчасына кирсең – профилинде “жетекчисинин” портрети илинип турат, ал эми лентасында партиянын башкы багытына туура келген сын посттор. Алар эми журналист эмей эле, саясатчылар болуп калгандай элес калат. Бул жашоого сабырдуулук менен карай албай калышкан. Ал эмес бет-маңдай отуруп, чечилип сүйлөшкөн күндө да. Алар таптакыр эле зомби болуп калышкандай. Кыргызстандын медиаталаасы өтө чакан экендиги, ошого байланыштуу бир-биринен бир нерсени жашыруу мүмкүн эместигин алар качан түшүнөт. Адамдар бардыгын бат эле унутат, аларды алдап коюш жеңил дегендер жаңылышат. Айрым адамдар туруп алып, сөз эркиндиги, демократия, журналистикалык этика жана тилектештик тууралуу сөз кылышканда менин күлкүм келет. Андан көрө алар чанда болсо да эмгек китепчелерин барактап коюшса дурус болмок! 8-9 жыл мурда алар өзүлөрү ушул сөз эркиндигин муунтуп, саясий киши өлтүрүүлөрдү актап, кесиптештерин уруп-сабап, ал эмес өлтүрүп жатышканда унчукпай отурушпады беле.

Менимче, “Апрелде” чынында эле мыкты команда чогулду. Алардын бардыгын Дмитрий Ложников чогултту. Биздин катарыбызда саясаттын фанатиктери жок экенин, телеберүүнүн гана фанатиктери чогулганын ишенимдүү айталам.

- Салттуу телеберүүнүн заманы өтүп бара жатканы жашыруун сыр деле эмес. Адам колундагы гаджетти четке коюп, сыналгынын алдына отуруп алып “Апрель” телеканалынын берүүсүн үңүлүп көрө тургандай эмнеңер болот?

- Салттуу телеберүүнүн, чынында эле, заманы өтүп баратат. Кыргызстандагы жаңылык форматтары, маалыматты берүү ыкмалары – эскирди. “Апрелде” көп нерселер таптакыр башкача болот. Биз элдин баары көнүп калган жаңылыктарды эмес, жаңылык шоусун даярдайбыз. Жазганды гана окуп койгон диктордун ордуна бизде алып баруучу болот. Тексттерди ал өзү жазат. Бардыгына түшүнүктүү инфографикалар көп колдонулмакчы. Репортаждарды да башкача жасайлы деген оюбуз бар. “Жансыз пландар”, кабылдоого оор татаал сүйлөмдөр колдонулбайт, көрүүгө кызыктуу жана түшүнүктүү нерселер гана болот... Паркеттик сюжеттерди башка барүүнү чечтик. Жалпылаганда, пландар өтө көп. Бардыгын айтып бүтө албасмын.

Жаңылыктардан сырткары дагы да толтура башка теледолбоорлор болот. Алардын жетекчиси – өлкөбүздөгү кыйын тележурналисттердин бири Наталья Кролевич. Дагы да көптөгөн кызыктуу нерселер бар...

- Сиздин телекөрүүчүңүздүн жалпылаштырылган портретин – жашын, кесибин, жынысын – айтып бераласызбы? Жаңы телеканалдын иши кайсы телекөрүүчүгө эсептелген?

- «Апрель» өзүнчө ой жүгүртүп, тыянак чыгарган телекөрүүчүгө эсептелген. Ал аймактык же шаардык телеканал эмес, ал жалпы улуттук канал болот. Ал саясий курч темаларды көтөрүп турмакчы. Өзүбүзгө ушундай максатты белгиледик. Ага жетиш үчүн бардык аракеттерибизди көрмөкпүз. Жаңылыктардан сырткары “Апрель” оюн-зоок жана билим арттыруучу программаларды да сунуштайт. Долбоорлор көп. Алардын бардыгын ачыктабай турайын. Жакында бардыгын өзүңөр көрөсүңөр.

- Телекөрүүчүлөр жаңы телеканалды качан жана каяктан көрө алышат?

- “Апрель” деген аталыштагы канал мартта чыга баштаса туура эмес болуп калмак. Ошондуктан бардыгы апрелде болот. Так датасын мен айта албайм. Ал азырынча сыр. Баса, жаңы телеканалдын берүүлөрүн көрүш үчүн антеннаны жөндөөнүн кереги жок. Ал ON1 телканалынын жыштыгында чыгат.

Интервью даярдаган Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине