Кикучи Казухико: «Кыргыздар жапондорго жардам берип баштаган күн алыс эмес деп ишенем»

20:39, 17 Марта

Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) кыргызстандыктардын жашоосунда олуттуу орун алды. Аталган уюм жапон элинин жана жапон өкмөтүнүн атынан Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалды жана адам ресурстарын өнүктүрүүгө жардам берип келе жаткандыгына 25 жылдын жүзү болду. JICAнын программасы менен жыл сайын жүздөгөн кыргызстандыктар Жапонияга окууга жана тажрыйба топтоо үчүн барышат. JICAнын гранттык көмөгүнүн жардамы менен өлкөдө айыл-чарба тармагындагы долбоорлор иштеп, жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп, көпүрөлөр салынып жатат.

Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы 25 жылдык кызматташуу кандай өткөндүгү тууралуу JICAнын башчысы Кикучи Казухико менен маекте.

-Кыргызстан менен JICAнын кызматташтыгына 25 жыл толду. Сиз бул уюмдун жетекчиси катары кызматташтыктын деңгээлине ыраазысызбы?

-25 жыл ичинде JICAнын программасы боюнча биз Жапониядан Кыргызстанга 550 эксперт жөнөттүк. Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын саны 2260 адамдан ашат, ошондой эле JICAнын окуу программаларынын алкагында 2100 стажер Жапонияга барып келди. Биз Кыргызстандын ар бир регионундагы медициналык мекемелерге жабдууларды, жолдорду оңдоп түзөөдө тейлөө көрсөтүүчү техника тартуулап бердик, адамды өнүктүрүү борборунун «Бир айыл-бир продукт» долбоору ийгиликтүү ишке ашып келет. Айыл-чарба тармагында биз жашылчалардын экспорттоого багытталган үрөндөрүн чыгаруу боюнча долбоорун иштетип жатабыз. Биздин ыктыярчыларыбыз Кыргызстандын баардык региондорундагы мектептерде, ооруканаларда жана башка уюмдарда иштеп келишет.

Бул жылдар бою биз кыргыз эли менен өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүшүнүн атына чогуу, тыгыз иштешип келебиз. Мага кыргыздар талыкпай, активдүү иштегендиги жагат, бул жагынан бул мени абдан кубандырат деп айта алам.

Бирок менин сөз байлыгымда «толук кандуу ыраазы болуу» деген сөз жок, анткени качан гана кыргыздар биз киргизген технологияларды колдонуп, өз күчү менен байып, өнүккөндө мен канааттандым деп айта алам. Бул жаатта мен азырынча канааттандым деп айта албайм. Эгерде мисал келтирсек, «Бир айыл-бир продукт» долбоорун айталы, жыл сайын бул долбоор ассоциациянын өкүлдөрүн чогултуп, жыл сайын өтө турчу жыйынды өткөрөт жана бул долбоордун баардык катышуучулары өз жетишкендиктери менен бөлүшөт. Мен мындай жыйындарда катышууга абдан кубанычтамын жана мындай учурлар мага ырахат тартуулайт. Мен ушундай кездерде канааттанам деп айта алам. Бирок, мен ишенем, кыргыздар бизге, жапондорго жардам берип баштаган күн да алыс эмес. Жана качан кыргыз эли бизге жардам берүүгө даяр экендигин айтканда мен ырахат алам. Бүгүн биз ишке ашырууга умтулуп, жасай турган иштер абдан көп. Ошондуктан менин ишмердүүлүгүм мени канааттандырат деп азырынча айта албайм. Мен жасайын деген иштер али көп. Жана мен Кыргызстанга келген жапондор жана Жапонияга барган кыргыздар көп болсо дейм.

-Бүгүн кызматташтыктын приоритеттери- айыл-чарба, бизнести өнүктүрүү жана транспорттук инфраструктура. Эмне үчүн дал ушул тармактар тандалды?

- Биринчиден, анткени бул тармактарда Жапонияда өнүккөн жана күчтүү. Тарыхка көз чаптыра турган болсок, биздин өлкө өнөр жайын өз күчү менен өнүктүргөн.Экинчиден- Кыргызстан агрардык өлкө. Сиздерде табийгый таза айыл-чарба азык- түлүктөрү көп. Ошондуктан бул потенциалды колдонгонду үйрөнүү керек. Кыргыстандын калкы болгону алты миллион адамды түзөт.  Бул өтө аз, ошондуктан бул потенциалды сиздин азык-түлүктөрдү ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоого жумшоо керек. Бул маселеде биз экспортту жакшыртууда көмөк көрсөтөбүз. Айыл-чарбаны өнүктүрүүдө биз өз салымыбызды кошобуз. Анын үстүнө, экспортту жакшыртуу үчүн ал өлкөнүн инфраструктурасын жайгаруу керек. Бул сиздин продукцияны чет жерге чыгаруу жана логистиканы жакшыртууда чоң мааниге ээ. Башкача айтканда, бизнести бул эки нерсесиз- айыл чарба жана жакшы жолдорсуз өнүктүрүү мүмкүн эмес, ошондуктан биз ушул багыттарды приоритеттүү кылып тандадык.

-Акыркы жылдары Кыргызстандын айыл-чарбасы начар абалда. Аны менен сиздин уюм экологиялык жактан таза, адамдын ден-соолугуна жана ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген продукция чыгарууга абдан чоң көңүл бурат. Жада калса кайсы бир деңгээлде өз философиясы менен бөлүшөт. Эмне үчүн сиздер мындай багытты тандадыңыз?

- Мен сиздин өлкөнүн күчтүү жактарын жана өзгөчөлүктөрүн колдонуп, максималдуу пайда алыш керек деп ойлойм. Эгерде сиздин мамлекетти башкалар менен салыштырсак, Кыргызстандын чоң артыкчылыгы бар- сизде  экологиялык жактан таза айыл-чарба продукциялары бар. Ал эми органикалык жашылчалар дүйнө жүзүндө, анын ичинде Жапонияда дагы чоң популярдуулукка ээ. Өзгөчө эгерде бул азык-түлүктөр ден-соолукка пайдалуу болсо, алар чоң суроо-талапка ээ болуп, ийгиликтүү өтөт. Азыркы учурда, биздин «Бир айыл-бир продукт» долбоорунун продукциясы жапондор арасында чоң суроо-талапка ээ.

Айыл-чарба продукциясы ден-соолукка пайдалуу- дал ушул нерсе Кыргызстандын жана жеке бул сектордун күчтүү жагы. Ошондуктан  сөзсүз эле бүткүл дүйнөдө колдонулуп жаткан модель менен иштөөнүн кереги жок, биз өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү көрсөтүп, анын жардамы менен дүйнө экономикасынын өнүгүшүнө салымыбызды кошуубуз керек.

-Кыргызстан Жапонияга эмнени экспорттой алат эле?

-Кийиз продукциялары: куржундар, бут кийимдер жана сувенирлер популярдуулукка ээ. Албетте, бал. Ошондой эле чычырканак бет майлары жана майлары. Чычырканактан жасалган азык-түлүктөр чоң суроо-талапка ээ болгондуктан, биз аны тергенге жеңил болчудай тикенеги жок түрүн чыгарууну ойлоп жатабыз. Ошондой эле, биз жергиликтүү калкты дагы чычырканак бактарын туура өстүрүүнү үйрөтүү кажет деп ойлойбуз.

-Биздин дыйкандар Жапонияда алган билимин көңүдөнүү менен колдонуп жатышабы?

- Мен кыргызстандык дыйкандарга абдан ыраазымын, анткени алар Жапонияда алган билимин жакшы кабыл алып, биз менен тыгыз кызматташып, аларды  көңүджөнүү менен ишке ашырып жатышат. Беш жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан экспортко багытталган үрөндөрдү чыгаруу кооперативин мисалга келтиргим келет. Долбоордун алкагында биз дыйкандарды дал ошол жашылчалардын үрөндөрүн өстүрүүгө үйрөткөнбүз, ал болсо абдан узак жана оор процесс. Ошондуктан буга дыйкандардын баардыгы эле макул болушкан эмес. Кыйынчылыктар болду. Бирок беш жыл өткөндөн соң катышуучулардын көпчүлүгү көп нерсени үйрөнүштү жана долбоордун алкагындагы биздин максат элдерди бул үрөндөрдү жалгыз эле Жапонияга эмес, бүткүл дүйнөгө экспорттоого үйрөтүү эле. Эң татаал маселелердин бири- дыйкандар үрөндөрдү өздөрү реализациялаш үчүн сатып-өткөрүүнү жайгаштырууда эле. Кыйын болду, анткени адегенде үрөндүн көлөмү аз болчу жана дыйкандар бул кичине товарды өткөрүү үчүн өздөрү сатып алуучуларды издешти. Биздин эксперттер дыйкандарды чет элдик сатып алуучулар менен сүйлөшүү алып барууну үйрөтүштү. Натыйжасында, долбоордун алкагында биз үрөндү өстүрүүдөн сатууга чейин камтыган бүтүндөй системаны пайда кыла алдык. Албетте, бизде дагы деле кыйынчылыктар бар, бирок дыйкандар аларды сесе алышат, анткени алар чындап эле кылып жатышат.

-Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүүдөгү JICAнын эң ийгиликтүү долбоорлору тууралуу айта кетсеңиз.

-Бизде бир нече ийгиликтүү долбоорлор бар. «Бир айыл-бир продукт» долбоору тууралуу айтып берейин. Бул долбоордун тарыхы башатын Жапониян алган. Бул моделди биз Кыргызстанда ишке киргизели деп чечтик. Жана 2007-жылы Ысык-Көл облусунун айылдарында жалаң жергиликтүү ресурстардан жана сырьеден кийиз продукциясын, кыяп, бал жасаган жамааттар уюштурулду. Долбоордун фонду бул продукциясын маркетингин жана сатыгын алып барат. Жана азыркы учурда бул продукцияны дүйнө өлкөлөрүнө, анын ичине

Жапонияга экспорттоп келет. Бул долбоордун башкы өзгөчөлүгү- ага сырттан эч кандай сырье киргизилбейт, ал эми жамааттын мүчөлөрү- жалаң жергиликтүү жашоочулар. Бирок бул айылдын жана анын жашоочуларынын жашоосу эч кардиналдуу өзгөрбөйт.  Алар күнүмдүк жашоосу менен эле жашап, аталган продукцияны жасап, анын сапатына чоң көңүл бурушат. Эгерде бул кийизден жасалган улактардын сувенирлери юолсо, аларга карата стандарттар коюлган жана баардык нерселер, жада калса кийиз улактын туяктарынын жана куйругунуну узундугу бирдей болушу көзөмөлдөнөт. Бул стандарттардын аткарылышын продукциянын сатыкка чыгарган жергиликтүү жашоочулар өздөрү көзөмөлдөшөт. Жана эгерде алар ченемдерге кичине болсо да туура келбей калса, алар кабыл алынбайт. Айыл тургундары кардарлар аларга болгон ишеними канчалык маанилүү экендигин түшүнүшөт, ошондуктан мынчалык дыкат көзөмөл жүргүзүлөт. Бул долбоордо Ысык-Көлдүн жээгиндеги 250 жамаат катышып, 2500дөн ашуун адам эмгектенет. Албетте, долбоордун катышуучулары эмнени кандай кылууну үйрөнүш үчүн окуу семинарларына катышат.

-Жакында эле сизде «Бир айыл-бир продукт» продукциясынын сынагы болуп өттү. Анда ким утту?

- Биринчи орунду Баткендеги как өндүрүүчүсү алды. Баардык катышуучулар байгелер, грамоталар жана медалдарга татышты. Баардык региондордон келген ишкерлер катышты. Бир продуктту тандоо оңойго турган жок, анткени ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана өз продукттары бар. Бирок баардык параметрлерге ылайык, жеңищти баткендик какка берүү тууралуу чечим кабыл алынды. Мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүүдө, ошондуктан анын көлөмү анча чоң эмес. Сынактын максты- жергиликтүү өндүрүүчүлөр көп идеяларды реализациялап, активдүү иштеп, сынакка көбүрөөк катышуусуна дем берүү болуп саналат.

-Транспорт инфраструктурасын колдоо тармагында эмнелер жасалды, айтып берсеңиз.

- Дагы 25 жыл мурун, «Манас» аба майданынын инфраструктурасын өнүктүрүүнү колдоо максатында иендик карыз боюнча долбоор реализацияланган. Андан бери бул тармакта биз жолдорду оңдоп-түзөө жана көпүрөлөрдү куруу боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Техникалык долбоордун алкагында биз Кыргызстандын дээрлик баардык облустарын жолдорду тейлөө боюнча жабдуулар менен камсыздадык. Максаты- жолдордогу коопсуздукту жогорулатуу үчүн тейлөөнүн сапатын жакшыртуу. Андан сырткары, үч жылдан бери ушул жылдын март айына чейин биз жолдордогу өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча бир нече долбоорду ишке ашырдык. Ал долбоорлордун алкагында биз адам ресурстарын өнүктүрүүгө жана жолдордогу  кар көчкү, жер көчкү жана селдер сыяктуу өзгөчө кырдаалдарды жоюуга көңүл бурдук. Жергиликтүү адистерге өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо аларга ыкчам чараларды көрүп, кесепеттерин жоюуга окуу өткөрдүк. Жакынкы арада дагы эки чоң долбоор башталат, алардын бири- Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу, экинчиси болсо кар тыгындарынан коргоонууну  куруу. Транспорт инфраструкткрасы тармагындагы долбоорлордун башкы максаты- логистиканы жайгаруу жана жүргүнчүлөр менен товарлардын жолдордо коопсуздукта жүрүшүн камсыздоо. Андан сырткары, биз Чүй облусунда үч жана Жалал-Абад облусунун Кугарт дарыясында бир көпүрө курдук. Бул көпүрөлөрдү тейлөө үчүн атайын адистерди даярдадык. Жакында Талас облусундагы Урмарал дарыясындагы көпүрөнүн курулушу башталат. Дагы бир гранттык долбоордун алкагында «Манас» аба майданынын коопсуздугун жакшыртуу максатында биз аэропортко техникалык жабдыктарды: кар тазалоочу унааларды, өрт өчүрүүчү жана жүк жүктөөчү унааларды, ошондой эле учактарга начар аба-ырайы маалында конууга жардам берген аэронавигациялык аппаратаура алып бердик. Биз долбоорду тартуулап гана бербестен, аэропорттун кызматкерлери аталган жабдыктарды туура жана пайдалуу колдоно алышы үчүн аларды окуудан өткөрдүк.

Дагы бир жолу белгилеп кетейин, JICA гранттык долбоордун негизинде Кыргызстандын ар бир облусуна жолдорду тейлөө боюнча техника тартуулап берди. Грант окуу жана оңдоп-түзөөнү камтыйт.

-Сиздин жардамды реализациялоодо кандай көйгөйлөргө туш болосуз?

-Биз көйгөйлөргө туш болуп жатабыз деп ойлобойм. Албетте, бюджеттик каражаттарды бөлүп берүү менен байланышкан чектөөлөр болуп калат, мисалы, биздин шериктеш уюмдарыбыз өз кызматкерлерине  командировкалык чыгашаларды бөлүп бербей калганда. Бирок бул көйгөй жалгыз эле Кыргызстанда эмес, баардык өлкөлөрдө бар. Жана, аны билип туруп, биз ага даяр болуп турабыз. Андыктан, бул жерде өнөр-жайды өнүктүрүү кажет. Кирешенин көбөйүүсү менен салыктар да жогорулайт анан албетте, өлкөнүн бюджетине түшкөн каражаттар да көбөйөт.

Ошондуктан биз Мамлекеттик салык кызматкерлеринин адамдык потенциалын жогорулатууга багытталган долбоорду иштеп чыктык. Ал долбоордун алкагында биз электрондук окутуу системасын киргизип жатабыз, анын жардамы менен жада калса алыскы региондогулар дагы билим алып үйрөнө алышат.

Дагы бир учурду белгилей кетсем. Аны көйгөй деп деле атабайм, бирок  бир долбоордун ишке ашуусу үчүн көп убакыт керектелет. Мисалы, «Бир айыл- бир продукт» долбоору өлкөдө 12 жылдан бери иштеп келет, бирок анын алгачкы жыйынтыктарын биз быйыл гана чыгара алдык. Бул жаатта биз акырындан, кадамдан улам кадам жасап жылуудабыз. Биз бир эле долбоор үчүн көп убакытты керектейбиз.

-Жергиликтүү шериктештер чыдамсыздыгын көрсөтүп, өз милдеттерин аткарбай, долбоорду таштап салган учурлар болобу?

-Ооба, мындай учурлар болот. Ошондой эле биз долбоордун шарттарын сүйлөшүп жатканда эле ал тез арада ишке кириши керек деген сөздөрдү көп угабыз. Бирок биздин көпчүлүк шериктештерибиз биздин мамилебизди түшүнүү менен кабыл алышып, даярдык стадиясы өтө көп убакытты талап кыларын билишет.  Долбоор ийгиликтүү болушу үчүн даярдоо стадиясы өтө маанилүү. Бизге түшүнүү менен мамиле кылган шериктештерибизге мен абдан ыраазымын. Биз жөн гана жабдууларды менен камсыздап бербестен, анын негизин даярдап, окуудан өткөрөбүз. Биздин башкы максатыбыз- кыргызстандыктарга балыкты жөн эле берип койбостон, аны кармаганды үйрөтүү.

-Сиз коррупция фактылары менен кездештиңиз беле?

-Биз андай көйгөйлөр менен кездешкен жокпуз, ага албетте, абдан кубанычтамын. Коррупция менен күрөшүү тууралуу айта кетсем- ал баардык өлкөлөрдө жүрүп жатат, адамдын дээри ошондой. Башкы маселе- аны менен кандай методдор менен күрөшүү.

-JICA Кыргызстан жана бүткүл регион боюнча аналитикалык иштерди жүргүзүп турат.  Биздин региондун калкы жакыр жашаганынын себеби эмнеде жана адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн сиз өкмөткө эмне деп кеңеш берет элеңиз?

-Бай жашоо деген сөздүн ар кандай маанилери бар. Байлыкты кантип өлчөсө болот? Менимче, кыргыздар руханий жактан бай. Албетте, статистикалык маалыматтар тескеринче айтып турушат. Ага дагы көңүл буруу керек. Өлкөнүн географиялык жайгашуусуна карасак, ал коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиледе болушу абзел. Бул жактан болсо экспортту көбөйтүү керек, ал үчүн болсо стандартдаштыруунун деңгээлин жогорулатуу керек. Жада калса кандайдыр бир келишим түзүүдө ички эмес, эл аралык стандарттарды колдонуу керек. Ар бир иште эл аралык стандарттарга умтулуу керек. Бул жаатта бизде апрель айында лабораториялардын потенциалын жогорулатууга багытталган долбоор башталат. Бул долбоордун алкагында биз жергиликтүү ишканаларга жана уюмдарга эл аралык стандарттарды киргизүүгө көмөк көрсөтөбүз. Жана, менимче, качан жергиликтүү уюмдар эл аралык стандарттарын кармана баштаганда гана Made in KG продукциясына болгон суроо-талап көбөйөт.

-Сиздин уюм Кыргызстанга 252 миллион доллар өлчөмүндөгү гранттык жардам көрсөттү. Андан сырткары 162 миллион долларды техникалык жардам жана 354 миллион долларды карыз түрүндө тартуулап берди. Бул каражаттар эмнеге сарпталды? Алар максаттуу колдонулушун сиз кантип көзөмөлдөйсүз?

- Бизде мындай: баардык насыялардын жана гранттардын суммасын толугу менен жапон тарап көзөмөлдөйт. Кыргыз тарапка биз акча түрүндө бир да тыйын бербейбиз. Баардык жардам техника, окутуу же окутуучу сапарлар түрүндө берилет. Каржы түрүндө жардам көрсөтүлүп жаткан учурда ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Ошондуктан биз башкача мамиле кылабыз.

-Кыргызстан менен кызматташуу боюнча жакынкы убактарга кандай пландар бар?

-Кыргызстан менен кызматташууда бизде бир нече жылда жаңыланып турчу стратегия бар. Поиоритеттүү багыттар тууралуу айтсам, алар транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана айыл-чарбаны өнүктүрүү аркылуу бизнеске жардам берүү. Бул жерге биз дагы эки багытты кошууну көздөп жатабыз- саламаттыкты сактоо тармагына көмөк көрсөтүүнү жандандыруу жана адам ресурстарын өнүктүрүү. Саламаттыкты сактоо боюнча айта кетсем, мурун биз ар кандай медициналык мекемелерге техника жана жабдуулар түрүндө жардам көрсөтүп келгенбиз. Бул жаатта болсо Жапонияда дүйнөдөгү алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондуктан биз бул багыттагы жардам көрсөтүүнү жандандырууну чечтик.

Адам ресурстарын өнүктүрүү тууралуу айтсам, бул багыт биздин баардык долбоорлорубуздун маанилүү компоненти болуп саналат. Былтыр биз кеңсебиздин ураанын иштеп чыктык: «Гүлдөп жаткан Кыргызстан үчүн адам ресурстарын өнүктүрүү: жүрөктөн жүрөккө». Бул багытта биз жардам берүүнү жана иштөөнү күчөтөбүз, анткени адамдар өздөрү өз өлкөсүн пайда кылып, өнүктүрүшөт. Биз жергиликтүү калк, жергиликтүү шериктештик уюмдар менен тыгыз иш алып барып, кыргызстандык эксперттерди Жапонияга жана жапон эксперттерин Кыргызстанга жөнөтөбүз.  Бир биргелешип, активдүү иш алып барабыз.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине