Кубанычбек Кулматов: «Биздин чакырык – коопсуздук, ыңгайлуулук, ийгилик!»

13:22, 3 Марта 2015

Бишкектин борбору  бүгүнкү күнү татаал сезимдерди жаратат. Бир жагынан, курулуштун катуу өсүшү, башка жагынан жол тыгындары, таштандылар  жана талкаланган жолдор. Бардык проблемаларда биз борбордун мэриясын күнөөлөп көнүп алганбыз, биринчи кезекте анын баары мэр Кубанычбек Кулматовго барып такалат. Ал өз милдеттерин кандай аткарып  жатат, кайсы маселелерди чечти жана Бишкектин келечегин кандай көрөт? Шаар башчысы менен биздин маек ушул туурасында. 

Кызмат тууралуу

- Бишкектин мэрлиги кызматында турган бир жылдык ишиңизди өзүңүз кандай баалайсыз?
 

- Бул өтө татаал жыл болду. Ар бир адам үчүн жаңы жумушуна көнүп, андагы кырдаалдарды, көп жылдан бери иштеп келе жаткан  кызматкерлерди  түшүнүү  үчүн  убакыт керек. Мени үчүн бул бул тармак жаңы.  Ошондуктан, бул жыл өтө кыйын, бирок абдан кызыктуу  болду.  Мага өзүмдү сыноо үчүн ушундай мүмкүнчүлүк туш келгени үчүн тагдырыма ыраазымын. Башынан баштап кырдаал оңой болгон жок, азыр да уланууда.  Мэрия – биздин мамлекеттин борборунун бардык кызкчылыктарынын түйүнү.

- Көп сындар айтылып жатат, аларга кандай карайсыз?

- Кадимкидей. Күн сайын мен күнүмдү интернетти кароодон баштайм, өзгөчө «репортер» рубрикасын, ал жакта мэриянын жана борбордук кызматтарынын иши туурасындагы сын маалыматтар көп жарыяланат. Андан сырткары, бизде Бишкек шаарынын ИИШБ менен өз ара аракеттешүү схемасы түзүлгөн. Аларда аймактык милициялар тарабынан шаарда болуп өткөн окуялар туурасында тез маалымат чогултуу мүмкүндүгү бар.

- Сиздин көз карашыңызда, Бишкетин эң чоң проблемасы кайсы?

- Жолдор, жарыктандыруу, таштанды жана коомдук транспорт. Мына ушул проблемалардын баарын акырындап чечип жатабыз. Мисалга, таштандыга байланыштуу кырдаалды чече алдык, таштанды алып чыгуучу 38 машинаны кайра оңдотуп чыктык. 

Таштанды туурасында

- Менин угушумча, «Тазалыктын» кызматкерлери бир убактарда сиздин ишке саботаж кылууну чечишти. Маселе эмнеде эле?

- Обьективдүү жана субьективдүү себептер болду. Эң башында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери абалды чаңдатып башташты. «Тазалыкта» уурдоо жана коррупция иштери боюнча 19 кылмыш иши козголду. Мен мэрдин кызматына келгенде,дароо айттым: «балдар, оюн эрежелери өзгөрөт. Бюджетке, шаарга иштейбиз. Ким иштегиси келсе, иштесин. Ким иштегиси келбесе, дароо кетсин, болбосо жазык иштери менен кетесиңер».

-  «Тазалыкта» иштөө менен эмнени  уурдаса болот? Алар болгону таштанды чыгарышат да?

- Билесизби,  «Тазалыктын» бир эле машинасы шаардын бир топ капчыгын жукартат, ал эми анын 60% уурдап алышат. Бензинден, машинаны оңдоодон уурдашат. Ушуга байланыштуу биз төлөөнүн жаңы вариантын сунуштадык. Ушул мезгил ичинде бир нече варианттарды караштырдык, бирок анын баары  жарабай калды, анткени биз биринчи себебин таба албай жаттык. Андан кийин, алардын ишин майнаптуу кылуу үчүн, бизнес-процессти өзгөртүү  керек экенин түшүндүк.  Акыры, аны да таптык – таштандыны  жоготуш керек болгон таштанды эмес, товар катары карай баштадык. Биз тажрыйба жүргүзүп көрдүк, бир нече машинаны алдык да, аларды сорттоп баштадык. Көрсө, бул таштандылардын  65%  экинчи жолу иштетүүгө жарактуу материал экен да. Жана мунун баары Бишкекте суроо талапка ээ. Реструктуризация жүргүздүк, анын алкагында таштанды төгүлгөн жерди «Тазалыктын» курамынан чыгардык, тунуктукка жетишүү үчүн, Бишкектик санитардык полигон түздүк. Кийинки этапта катуу тиричилик таштандыларын бөлөбүз да санитардык тазалоо жүргүзөбүз. Андан кийин, «Тазалыктын» абоненттик базасы болгону 530 абоненттен түзүлгөн, ал эми тарифтер –советтик мезгилден берки эсептелген боюнча. Ал кезде орточо советтик үй-бүлө болгону 9 (!)куб таштанды ыргытат деп эсептелген. Бирок, Бишкекте көп адам жашайт, өндүрүшөт,жана албетте, болгону 15 сом төлөшөт! Бардыгы үчүн – алып чыгуу, көмүү үчүн. Анан, ушул акчага кынтыксыз таза шаарды талап кылып жатабыз.

- А акчалар кимге келип түшөт?

- Таштанды эми чыныгы товар болот, ал экинчи рынокто иштетилип чыгат. Муниципалдык ишканалар – бул чарба жүргүзүүчү субьекттер. Алар бизнести өз алдынча жүргүзүшөт. Ошондо, шаар бюджетинен дотация талап кылбай калат, биз андан көрө бул каражатты өнүгүүгө жумшайбыз. Ал эми алар дотацияда отурган кезде,аларда эч кандай жоопкерчилик жок, бензинди кайдан алуу керектигине да баштары оорубайт. Ошондуктан, алар кол учунан иштешет, анан да, бензинден уурдашат.  Ошентип, «Тазалыктагы» башаламандык менен күрөшүү көп убакытты алды. Ага кошумча, ишканада салыктар  боюнча жана Соцфондго төлөнбөй келген  карыздары 50 млн. сомдон ашып кетиптир. 

-Бул  Иса Өмүркуловдон кийин ушундай карыз болуп кеттиби?

- Бул Иса Шейшенкуловичке чейин, анын тушунда,андан кийинки карыздар. Биз да бул карыздарды төлөй албайбыз. Биз РСКга топтоочу эсеп ачтык. Чарба ишмердүүлүгүнөн түшкөн бардык каражаттар ошол жакка түшөт. Бул каражаттардын 45% ишканын ишине калтырылат, калган пайызы карызды жоюуга жана бензин сатып алууга кетет.

Курулуш туурасында

-Өзүңүзгө, жаран катары, Бишкек шаары жагабы?

- Ооба, Бишкек – көркөм, кооз шаар. Албетте, кышында, дарактардын баары жылаңачтанып, бозоргон үйлөр гана көрүнүп калганда, бир аз көңүлсүз көрүнүп калат. Ал эми шаар жашыл болуп турган калган 9 ай, сонун мезгил. Шаардан толук ырахат алса болот. 

- Бирок, эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөгөн укмуштуу курулуштар Бишкектин көрүнүшүн бузуп жатышат. Шаар мындай жүктү көтөрө албайт деген коркунуч да бар да.

- Курулуштарды Бишкек шаарынын мэриясы карабайт. 2009-жылдан бери биздин курулуштарга эч тиешебиз жок. Мамлекеттик курулуш,  Бишкекбашкы архитектурасы, экотехинспекциялар, көзөмөлдөөчү жана курулушка уруксат берүүчү башка курамдар бар.

- Сиз муну туура деп ойлойсузбу?

- Жок, туура эмес. Биз өкмөткө алты ай мурда сунуш киргизгенбиз,  борбордун макамына ылайык мэрияга курулуштарды берүүнү суранганбыз. Азыр кызыкчылыктардын күрөшү жүрүп жатат.

- А кимдин кызыкчылыктары да бар?

- Кызыкчылыктан да,бул жерде бул тармакта башка кызматтар көзөмөлдүк кылган  адат көбүрөөк роль ойноп кетип жатат. Бул тармактагы чечимдерди кабыл алуудан мэрияты атайылап жасалма түрдө бөлүп коюшкан. Анда, мэрия менен шаардыктар шаарда болуп жаткан нерселерди сырттан карап турушу керек экен. Биздин дайыма болуп жаткан курулуштар менен күрөшүүбүз кырдаалды көзөмөлөө суранычы менен Мамлекеттик курулушка, экотехинспекцияга кат жүзүндө  сунуш менен гана чектелүүдө. 

- Сиздин оюңузча, борбордо шаардын кебетесин бузу турган көп имараттар курулуп жатабы? 

- Алыс барып кереги жок. Терезени кароо гана жетиштүү. Бирок, курулушка бирөө уруксат берди да. Анан калса, ушуну да эске алып койгула, Бишкектин аймагында мыйзамсыз курулуш жок. Бардыгында уруксат кагазы бар. Бир да фирма уруксат кагазы жок ири каражатты салгысы келбейт. Бул документтер кандай алынган? Бул суроо укук коргоо жана аны берген органдарга тиешелүү. Ошондон бери, бизде жерди 49 жылга ижарага берүү тутуму жөнөкөйлөтүлгөндөн бери, жердин баары сатылып баштады. 

- Алар башка турак үйлөрдүн жанында үйлөрдү куруп жатышат, өздөрүнүн коммуникациясын аларга кошуп жатат. Эгер жылуулук же суу берүүдө жаңылыштык кетип, бузулчу болсо, анын баары мэриянын башына түшөт да. 

- Курулуп жаткан ар бир үй шаардык кеңештен өтөт,ага АПУ жана ИТУ берилет. Дагы бир жолу кайталап коеюн, Бишкекте курулуп жаткан үйлөрдүн баарында тиешелүү документтердин баары бар. Кайсы бир жерде мыйзамсыз курулуш жүргүзүлүп жатат деп айта албайбыз. Ал, документтерди берген жерде мыйзамсыз болушу мүмкүн. Ошондуктан, Башкы прокуратура менен башка органдар муну көзөмөлдөшү керек. Бирок, бул жерде көп суур ийин казбайт, казса да терең казбайт дегендей эле иш болуп жатат. бир кожоюн жок, чечимдерди кабыл алуучу бир борбор жок. Биз жарым жылдан бери бул кызматты мэрияга бергиле деп, сурап келебиз. 10 күн мурда биз Экономика министрлигинен комиссиядан өттүк, ал жактан Бишкек башкы архитектурасынын кызматын курамы менен бирге мэрияга берүү керек деген ырастоо алдык, ошондо мэрия визуалдуу көрүнүшүнө,шаар курулушуна жооп берет. 

- Бул кызмат силерге өткөндө өз ишиңерди кантип курганы жатасыңар? Жок дегенде тарыхый борбордогу курулушка тыюу саласыңарбы?

- Курулушка документтер берилип калган жерлерди укук коргоо органдары карап чыгышы керек. Ал эми мага келсек, ушул кызматка келген учурумдан баштап бир да чарчы метр жер сатылган жок. Бюджеттеги жыртык-тешикти бүтөйүн деген азгырык болбой койбойт. Бирок,бул жол  менен барчу болсоң,анда өз активдериңди,өз келечегиңди сатуу дегендик. Ачыгын айтсам, бүгүн Бишкекте дээрлик жер жок калды. Башында мэриянын артында турган, башынан эле мэрияны кеңейтүүгөарналган жер да сатылып кеткен. Жакында эле узакка созулган соттук тирешүүлөрдөн кийин, 2054-жылга чейин Бишкек шаарындагы бардык түркүктөр менен бактарды айына 1000 сомго алган компанияны утуп чыкты. Элестеткиле, ал түркүктөр менен бактар мэрияга карайт, бирок алар ижарага берилген.

- Ушундай да мүмкүнбү?

- Себеп – үрөй учуруучу борборлоштурууда. Бул келишим мэрияда катталган да эмес. Болгону мэрдин колу турат. Бирок, бир алкак болуш керек, орун басарлар бул маселени изилдеп чыгышы керек, ал эми мэр акыркы  «ооба» же «жок» деген гана сөздү айтат. Анан, мындай чечим үчүн мэр жоопкерчилик тартышы керек.

Жолдор тууралуу

-Жолдор менен болгон абал кандай?

- Биз Кытайдан 32 млн. доллар өлчөмүндө грант алдык. 10-марттан баштап бизде сынак башталат, 5 кытай компаниясынан бирөөнү тандап алышат. Сынактын шарттары болушунча катуу,биринчиден, компания Кыргызстанда локалдашкан болушу керек. Экинчиден, мобилизациялануучу мезгил өтө кыска. Б.а. 24-мартта компания ишке киришип калышы керек. Иштин биринчи этабы – бул үч чоң көчө: Жукеев-Пудовкин, Ауэзов жана Махатма  Ганди көчөлөрү. Экинчи этап –чоң эмес 55 көчөнү оңдоо. Бардыгы болуп, 105 км жолду оңдоону пландаштырып жатабыз. Бул иштер мурдагы мэр Иса Өмүркуловдун эмгегинин аркасында жылып жатат. ага ыраазычылык гана айтуу керек. Биз анын концепцияларын улантып жатабыз, биз бир гана оңдоо иштерин жасабастан, көптөгөн өтмө жолдорду курабыз.

Жаңы конуштар тууралуу

- Жаңы конуштарбул да чоң тема. Аларды шаарга айландырууну пландаштырып жатасыңарбы?

- Биз эки жумадан жери күн сайын, 17.00 дон 21.00.гө чейин бардык жаңы конуштарды кыдырып, тургундары менен жолугушуп жатабыз. Бул Бишкек ИИШБ менен биргелешкен жумуш, калктын алдында отчет берип, кийинки жылга милдеттерди коюп жатабыз. Бул активдүү баарлашуу, кээде жагымсыз да болуп кетет. Жаңы конуштун тургундары бардык нерселерди өз атынан аташат, жасалмалаганды билишпейт. Алар эч нерседен уялышпайт жана бардыгын бетке айтышат.  Чынында проблема өтө көп. Жаңы конуштар пайда болгондон бери алардын инфраструктурасын жакшыртууга  4 млрд. сом сарпталган. Бул -  коммуникацияларды, жолдорду, сууну, канализация киргизүү.  Бюджеттен бөлүнгөн акчалар дарегине жетпей калган көп фактылар боюнча жазык иштери козголгон. Бирок,бул иштердин бардыгы иликтенип, аягына чыкпай келет. Мисалы, мэрия тарабынан 18 трансформатордук көмөкчордонду орнотуу каржыланган, ал эми компания кутуларын гана коюп койду, өзөгү коюла элек. Кылмыш иши козголду. Мындай фактылар өтө көп.

- Б.а. акча бөлүнөт, бирок аларды уурдашат экен да?

- Негизи, көзөмөл жок десек туура. Бизде 52 жаңы конуш бар, мамлекет аларга көңүл бурбайт деп айтуу туура эмес. Мисалга,биз жакында эле «Ак-Өргөдө» болдук. Жашоочулар,алар үчүн эч жумуш жасалбайт деп даттанып жатышат. Бирок, жолугушуу жаңы салынган укмуштуудай мектепте өттү. Бишкекте да мындай мектеп жок. Мыкты асфальтталган,жарыктандырылган жолдо бардык.  Мамлекет эч нерсе кылбай жатат деп айтуу туура эмес. Болгону,бул каражаттарды майнаптуу колдонуу керек. Бардык 52 жаңы конуштун бардыгына дароо баарын жасай албасыбызды эл да түшүнүшү керек. Алар үчүн жасалган  иштерди  жоопкерчиликтүү кабыл алышса жакшы болмок. 

- Бирок, мойнубузга алышыбыз керек, Бишкек мигранттардын баарын батыра албай калды, шаар барган сайын айылга айланып баратат. Сиз мындай ырастоого  макулсузбу?

- Муну айтуу кыйын. Азыр урбанизация бүт дүйнөдө өтүп жатат. Шаардагы калкка  көңүл буруу күчөдү. Бишкектеги калктын көбү соода сатык жана тейлөө кызматынын эсебинен жашагандыктан, калктын көп бөлүгү бул тармактарда өздөрүн сынап жатышат. Эртең менен базарга барып, бир нерсе сатышат, бир нерсе алышат да,үйүнө келет. Болгон ишмердүүлүгү ушу. Жумушчу орун түзүү үчүн, биз өндүрүштөрдү өнүктүрүшүбүз керек, ошондо калк иш менен камсыз болот. Ошондуктан, бул пландан алып караганда, Бажы Биримдигине кирүү бизде ишканаларды локалдаштырууга мүмкүндүк бермек.  Буга байланыштуу, биз Бишкек шаарынын генпланы боюнча  өтө жакшы программаны иштеп чыктык, анда бишкек агломерацияны өнүктүрүүгө базаланат (ири шаар кыштактарынын  биригиши). Менин көз карашым боюнча, Бишкекти кеңейтүүнүн кереги жок, эгер шаарды чоң аянтка жайып жиберсек,ал өзүн өзү жеп салат. Шаар бир жарым миллионго чейин гана  болушу керек. Калганын биз шаарга жакын калктуу пункттарды өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек -  Кант, Сокулук, Фрунзе совхозу ж.б. Булар бишкектик агломерациясы болушу керек, жана бул жерде негизги өндүрүштүк аянттар  болушу керек. Бул шаар калкынын бир бөлүгүн тартат. Бул аймактар да шаар болот, бирок о.э. убакта өз алдынча бирдик болот, бул алардын өнүгүшүнө көбүрөөк салым кошууга мүмкүндүк берет. Ал эми шаар – шаар бойдон калуу керек.

- Ал эми алыскы аймактардан келип жаткан калкты маданиятташтыруу маселеси актуалдуубу?

- Мен шаардыктар менен алыскы айылдардан келгендержин ортосунан чоң айырма көрө алганым жок. Көп учурда, алыстан келгендер шаарга көбүрөөк сый мамиле кылышат. Көп учурда шаардык балдар өздөрүн өтө начар алып жүрүшөт. Ал эми айылдыктар суктануу менен сейил бактарында жана аянттарда сейилдеп жүрүшөт. Бул кыргызстандыктардын жалпы маданият маселеси,анын баары үй-бүлөдөн, тарбиядан, бала бакчадан  башталат. Баарыбыз ушул планда иштешибиз керек.

- Б.а. шаар калкы менен жаңы конуштарынын жашоочуларынын ортосунда эч айырма жок дегиңиз келип турабы?

- Айырма чоң. Бишкектин жашоочуларын чогулушка чогултуу кыйын,алар өтө пассивдүү жана инерттүү, баарынын үйлөрү, машиналары, жумуштары бар. Аларга стабилдүүлүк гана керек. Ал эми жаңы конуштардын жашоочулары дайыма күн көрүү режиминде жашашат,алар өтө активдүү, өзгөрүүнү каалашат. Мына ушул адамдардын кубаты менен активдүүлүгүн максималдуу колдонуу керек. Бишкек шаарынын чакырыгы – коопсуздук, ыңгайлуулук, ийгиликтүүлүк. Ийгиликтүүлүк дегеним, биз элге активдүү болууга, бизнес менен алектенүүгө, өнүгүп,байууга  шарт түзүп беришибиз керек. Эгер алар өздөрү өнүгүп баштаса, анда шаар да өнүгөт. Биз бизнес менен алектенүүгө шарт түзүшүбүз керек.биз мэриянын алдында кеңеш берүүчү кеңеш түздүк, ал бизнести  жүргүзүү үчүн шарт түзүү менен алектенмекчи. 

Келечек тууралуу

- Мэрияда иштеген бир жыл ичинде шаардыктардан ушунча сын угуу менен, иштегиңиз келбей калган жокпу?

- Жок. Шаарды бир күндө, жада калса бир жылда да  өзгөртүүгө болбой турганын жакшы түшүнөм. Анын үстүнө, биздеги тартыш бюджетти эске алганда. Биз 7 ай бою саламаттыкты сактоо жана  билим берүү тармагын шаардык бюджеттен республикалыкка өткөрүү боюнча иш жүргүздүк. Натыйжада – Бишкек шаарын өнүктүрүү үчүн 2015-жылга – 580 миллион сом калат экен. Салыштырмалуулук үчүн айтып коеюн – бир мектеп 100-110 млн.сом турат.

- Ооба, көп эмес. Ушундай кырдаалда да келечекке ишенимдүү карап жатасыз?

- Ооба. Жазында биз  жолдорду оңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырып баштайбыз. Жарыктандырууну модернизациялайбыз. Биз деке инвесторлорду тартууга аракет кылдык, бирок аларды стабилдүүлүктүн жоктугу кармап турат. Бул стабилсиздик жалгыз гана саясий жактан эмес. Мисалга, бардыгын азыр иштеп жаткан команда,анын канчалык узакка иштээри  кызыктырат. Бардыгынын бере турган суроосу:  «А сиз көпкө штейсизби?».  Мына ушул жерден жооп берүү кыйын. Менде Бишкектик шааркеңеши менен бирге 2016-жылга чейинки убактым бар,андан кийин жаңы шайлоо болот,шаар кеңеши да,мэр да шайланат. Ошондуктан, биз азыр ишке ашырып аткан долбоорлордун баары узак мөөнөттүү, алар көп инвестицияны талап кылат.

-Бул долбоорлорду ишке ашырууга ким жардам берип жатат?

- Мисалга, Бүткүл дүйнөлүк банк менен өнөктөштүктө суу мененк амсыз кылуу боюнча долбоорду ишке ашыруу стадиясында турабыз, кытай долбоору боюнча жолдорду оңдоп жатабыз, башка өнөктөшүбүз – кайра оңдоо жана өнүктүрүүнүн Европа банкы. Бизде 22 млн. Долларлык долбоорубуз бар. Буга таштандылар менен иштөө – жаңы полигон куруу, эскини рекультивация кылуу, техника сатып алуу, башкаруунун жаңы концепциясын иштеп чыгуу кирет. 

- Ал эми таштанды иштетүүчү завод курууну пландаштырып жатасыңарбы?

- Ооба, ушул эле долбоордун алкагында. Иса  Өмүркулов  мага жакшы мурас калтырып кеткен. Ал көп иш жасады, мисалга, таштанды иштетүүчү заводду куруу боюнча бардык бюрократиялык иш чаралар аяктаган. Биз, 2017-жылга бул заводду курабыз деп пландаштырганбыз. 

- Кыргызстандын болочок президенти – сиз деген имиштер жүрүүдө. Сиз кандай комментарий бересиз?

- Бул суроону комментарийсиз калтырсам болобу? Бул мен үчүн эң актуалдуу суроо эмес. Бүгүнкү актуалдуу маселе – шаарды өнүктүрүп, гүлдөтүү. 

Маектешкен  Лейла Саралаева

Абылай  Саралаевдин сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине