Кубанычбек Турдубаев: «Кышкысын электр кубатын өчүрүүсүз жана ыңгайсыздыктарсыз чыгабыз!»

13:02, 10 Декабря 2014

Албетте, жаңы  энергетика министри, 42 жаштагы  Кубанычбек Турдубаевдин берген убадасына окурмандар ишенимсиз мамиле кылышы мүмкүн. Бардыгын жашоо көргөзөт. Бирок, жаңы шайланган министрдин ишенимдүүлүгү жана жайдарылыгына караганда, анын айткандары оптимисттик куру сөз эместигине ынанасың. Жөнөкөй электр монтерунан кантип министрликке жеткени, о.э. Кыргызстандын энергетикалык абалы туурасында Турдубаев менен маек курдук.

«Мен электр монтерунун шакирттигинен баштагам»

- Кубанычбек Апышевич, сиз ата жолун жолдогон энергетиксизби?

- Андай деле эмес. Атам архитектор-куруучу болгон, өлкөдө же курулушуна катышкан, же ал курулушту башкарган  обьекттер өтө көп. Тилекке каршы, жашоодон эрте кетип калды. Апам болгону энергетика компаниясында экономист болуп иштечү.  

- Эмне үчүн энергетик болууну чечтиңиз? Менин оюмча, бул анчалык деле кызыктуу жумуш эмес го.

- Жашоо шарт ошондой болуп калды. Атам катуу ооруп калганда, аны мен багып калдым. Ал өтүп кеткенден кийин, апамдын жанында болушум керек эле. Ысык-Көлдөгү электр тармагы ишканасына жумушка орношуп, апамдын жанында иштедим жана кыйынчылыкты бирге жеңүүгө аракет кылдык. Б.а. ишке  башында аргасыз,  турмуштун  агымына жараша келип калсам, кийин акырындык менен тартылып кеттим. Убакыттын өтүшү менен мага бул жумуш жага баштады.

Мен сиздин эмгек баракчаңызды карап чыктым, сиз кадимки электр монтеру болуп баштаптырсыз, анан болгону 18 жылдын ичинде энергетика министрине чейин өсүп жетиптирсиз. Ийгиликтин ачкычы эмнеде? Бардык эле монтер министр боло бербейт да.

- Өз ишмердүүлүгүмдү мен монтерлуктан эмес, монтердун шакирти болуудан баштагам. Ал эми ийгиликтин ачкычы, өз кесибиңди сүйүп жана сыйлай билүү керек. Кытайлардын акылман сөзү бар: «Эгер жан дүйнөгө жаккан жумуш таап, ага бүт дилиңди койсоң, бакыт сага өзү келет». Меники да ушундай болду. Андан сырткары, өз кесиптештериңди сыйлашың керек.

- 2006 –жылы сиз  «Жылдын мыкты энергетиги» наамын алдыңыз. Бул наамди сизге эмне үчүн ыйгарышты?

- Ошол мезгилде мен «Востокэлектро» АК да  келечектүү өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси болчумун, кийинчерээк техникалык директор болдум. Каракол шаарында дебитордук карызды азайтуу үчүн көп иш жасадык, жабдууларды модернизациялап, жаңы ыкмаларды жана жабдууларды киргиздик. Мына ушул учурлар жылдын мыкты энергетигин табууда негизги ролду ойноп кетти окшойт.

«Кымбаттоо болот, бирок өчүрүү болбойт»

-Жалпысынан энергетика тармагынан абалын кандай баалайсыз?

- Техникалык көз караштан алганда, тармактын абалы канааттандыраарлык. Шашылыш чара көрө турган аймактар бар. Ал эми тармакты ушул абалда кармап туруу үчүн саясатты түп тамырынан бери өзгөртүүнүн кереги жок. Бирок, ачыгын айтканда, бул абал бизге анча жаккан жок. Биз, тармактын оң абалда калышына макул болушубуз мүмкүн, бирок, тармак жашап, өнүгүп, киреше алып келишин каалайбыз. Ошондуктан, олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизишибиз керек, тагыраак айтканда экономикалык пландагы маселени чечүү керек.

- Энергетиканын өнүгүүсүнө жардам бере турган конкреттүү канча сумма керек экенин айта аласызбы?

- Азыркы учурда биз бир нече милдетти ишке ашырышыбыз керек. Биринчиси – обьективдүү тарифке чыгуу үчүн, биздин негизги фонддорду туура баалашыбыз керек. Б.а. электр энергиясынын чыныгы баасын билишибиз керек. Бул иш көз карандысыз орган тарабынан жүргүзүлүшү керек.  Мындай иштин маңызы биздин эмгекти адилет баалоодо турат.  Бул биз үчүн принципиалдуу маселе. Бул аракеттердин аркасында, тармактын өнүгүү программасын иштеп чыгалы деп жатабыз. Азыркы учурда каржы-экономикалык тутум өнүгүүгө эмес, тармакты ишке жөндөмдүү абалда кармап туруу үчүн гана иштеп жатат. Ал эми өнүгүү элементтерин биз тышкы салымдардын , тышкы инвестициялардын эсебинен жасайбыз. Биздин милдет – өздүк ресурстарынын эсебинен өнүгө турган жеткиликтүү механизмди түзүп алуу.  

- Электр кубатынын чыныгы баасы туурасында айтканда, эмне айткыңыз келди?

- Мен электр кубатынын 1 киловатт-саатынын баасы тууралуу айтып жатам, ал өзүнө энергетика компанияларынын бюджетин калыбына келтирген бардык чыгымдардын бардык беренелерин камтыйт, анын ичинде айлык акы туурасындагы берене да бар. Бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин баасы боюнча,  1 киловатт-сааттын баасы 1 сом 20 тыйынды түзөт. Бул, өз баасынын, рентабелдүүлүктүн жана инфляциянын негизинде түзүлгөн баа. Бирок, биз бул  эсептерди туура эмес деп ойлойбуз. Анткени, алар калдык баа боюнча негизги фонддордун баасын эске алуу менен саналган. Ал эми калган калдык баа иштин чыныгы абалын чагылдырбайт. Жөнөкөй мисал келтирейин. «Электр станциялары» АК негизги фондунун баасы  14, 9 млрд. сомду түзөт. Бул бардык генерациялоочу гидростанциялар менен жылуулук электр станцияларынын баасы. Мындай учурда бул курамдын ичиндеги  бир гана  «Камбарата ГЭС-2» нин баасы  11 млрд. сомду түзөт. Б.а.  3,9 млрд. биздин башка гидроэлектростанцияларыбыз менен жылуулук станцияларыбыз турат экен. Бул баа адилет эмес. Баарынан да, парадоксу, ушул кичинекей станциянын оңдолушуна жана тейленишине, 70-80-жылдарда ишке киргизилген башка бардык станциялардын капиталдык оңдолушуна жана реконструкциясына караганда, жалпы бюджеттен өтө көп каражат коротулат экен. Ал эми бул жаңы станция да.  Жаңы станция үчүн албетте, азыраак каражат кетет. Моралдык жактан да, физикалык жактан да эскирген мурда салынган станциялар үчүн көбүрөөк каражат сарпталат да. Биякта экономикалык мыйзамдар иштебейт, анткени башынан баштап баасы туура эмес аныкталган. Биздин милдет – бул мүчүлүштүктөрдү түздөп, чыныгы баага келишибиз керек жана бул белгиден алып, өнүгүүдө чыныгы бюджеттик боло турган компаниянын нормалдуу бюджетин эсептеп чыгышыбыз керек. Андан сырткары, биз ачыктыкка жана тунуктукка кадам таштап жатабыз. Биз, бюджеттик компаниялардан электр  кубатын уурдоого байланышкан элементтерди  алып салабыз. Биз, коррупцияга каршы аракет көрүү үчүн туруктуу мүнөзгө ээ тутум түзөбүз.

- Декабрдан баштап электр  кубатынын кымбаттай тургандыгы белгилүү. Жаңы тарифтер туурасында айтып берсеңиз.

- Эки баскычтан  турган жаңы тарифтик үлгүнү кабыл алуу пландаштырылууда. Биринчи баскыч – социалдык багытталган тариф боюнча кепилденген көлөм. Бул  700 киловатт-саат,  бир киловат саат үчүн  70 тыйындан. Анан, экинчи баскыч  - 700 киловатт-сааттан жогору орто таразаланган баада, ал эки түзүүчүдөн турат . Биринчиси, бул өз баасы, рентабелдүүлүгү жана инфляциянын негизинде эсептелген электр кубатынын баасы -  1 сом 20 тыйын. Экинчи түзүүчү – импорттун баасы. Көлөмүнө жараша эки түзүүчүнүн суммасы алынып,  ортодогу аралаш баа сунушталат. Бүгүнкү күнү бул баа -  2 сом 5 тыйын.

- Баанын кымбатташы менен калктын нааразылыгы пайда болот деп ойлойсузбу?

- Биз, бул тарифтик үлгү эл тарабынан түшүнүү менен кабыл алынат деп ишенип жатабыз. Анткени,  мында мурдагыга салыштырмалуу, тандоо укугу бар. Керектөөчү керектөөнүн көлөмүн азайтат да, кепилденген көлөмдүн диапазонуна 70 тыйындан төлөп турат. Аны үчүн эч кандай кымбаттатуу болбойт. Эгер керектөөчү көп колдонуп баштаса, анда ал билип туруп, кымбат тарифке өзү келген болот. Б.а. тандоо элементи пайда болот. Экинчиден,  эсептөөлөр боюнча  700 киловатт-саат кепилденген көлөм өткөн жылдагы күзгү-кышкы мезгилдеги керектөөлөрдү салыштыруу аркылуу кабыл алынды, бул нормалдуу эле. Биздин өлкөнүн аймактары боюнча электр жылытуусун кошпогондо максималдык керектөө  667 киловатт-саатты түзөт. Ошентип, 700 киловатт-саат бардык турмуштук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жетишээрлик көлөм. Ал эми электр жылытуусун алсак, бүгүн биз аны кымбат тариф боюнча гана сунуштай алабыз.

- Тагыраак  түшүндүрүп берсеңиз, эгер мен бир айда  700 эмес, 702 киловатт-саат колдонсом, анда  2 сом 5 тыйындан төлөймүнбү?

- Эгер сиз бир айда   702 киловатт-саат керектесеңиз, анда сиз кепилденген көлөм 700 киловатт-саатты 70 тыйындан, анан болгону  2 киловатт-саатты 2 сом 5 тыйындан төлөйсүз.

- Бул коррупционерлер үчүн кезектеги  амалдай көрүнгөн жокпу сизге? Керектөөнүн так көлөмүн ким көзөмөлдөп турат?

- Бүгүнкү күнү  энергокомпанияларда админстрациялоонун деңгээли өстү. Ал 2004-2005 – жылдардагы абалдан асман менен жердей айырмаланып турат. Ооба, коррупция коркунучу бардык жерде бар. Бирок, биз кыйын кырдаалда турганыбызды түшүнүшүбүз керек. Бул тарифтик үлгү бүгүнкү чындыкты чагылдырып турат. Биз айтып жатабыз: кыргыз электр тутуму турмуштук керектөөлөр үчүн кепилденген 700 киловатт-саатты сунуштай алабыз. Мындан ашып кеткендердин бардыгын биз импорттук жеткирүүлөр менен толтурушубуз керек. Бул чындык, биз бул чындыктан эч жакка кете албайбыз. Бирок, жаңы жылда жана кийинки жылдарга биз көрүп жаткан чаралар өз натыйжасын берет деп ишенип жатабыз.

- Биз электр кубатын импортко кайдан алабыз жана кандай көлөмдө?

- Мамлекеттер аралык кеңеште Казакстан Республикасы менен келишим бар. Ал Казакстан менен Кыргазстандын улуу урматтуу президенттердин колу менен бекитилген. Көлөмү  1 млрд. киловатт-саатка чейин. Азыркы учурда биз тараптан ченемдик-укуктук база иштелип жатат, алдын ала төлөө маселеси чечилүүдө.  

- Түркмения мененчи?

- Түркмөн багыты боюнча Түркменстан тарабынан колдоо көргөзүү туурасында принципиалдык макулдашуу бар. Бирок, Өзбекстан Республикасы  аркылуу алып өтүү маселеси чечиле элек. Бул багытта кеңеш алып жатабыз.  

- Бийлик тараптан кабыл алынып жаткан иш чараларга байланыштуу, кышында электр кубаттуулугунун  өчүрүлөөрү туурасында окурмандарга так жооп бере аласызбы?

- Өлкөбүздүн президенти, улуу урматтуу Алмазбек Шаршенович, бизди өчүрүүлөрдү колдонбой тургандай кылып,  милдетти так белгилеп берди. Биз техникалык көз караштан алып карап, тиешелүү режимдердин бардыгын санап чыктык, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү тактадык жана иштин ушул графиги боюнча баратабыз. Жакынкы күндөрдө электр энергиясынын импортун  толук өлчөмдө баштайбыз. Андан сырткары, биздин жылуулук станцияларыбыз тарабынан электр кубаттуулугун иштеп чыгуу генерациясын көбөйтүү маселелери каралды. Азыркы учурда нагрузканы көбөйттүк. Андан сырткары, кубаттуулукту үнөмдөө режимдерин киргизип жатабыз. Бишкектин ЖЭЦ ке болгон жүктү көбөйтүүгө байланыштуу, кошумча отун алууга байланышкан маселелерди чечип жатабыз. Бул маселелердин топтому жакшы натыйжа бериши керек, ошону үчүн биз кыштан  электр кубатын өчүрүүлөрсүз жана керектөөчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарсыз чыгууга аракет кылабыз.

«Өзбектер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»

- Айтсаңыз, Оштун жашоочуларына газ барабы?

- Бүгүнкү күнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарын газ менен камсыз кылуу маселеси чечиле элек. Электр түйүнүн күчөтүү менен байланышкан бир катар иш чаралар болуп өттү, ошондуктан, жаратылыш газын жеткирүүгө байланышкан тартыштык электр тармагына күч келтирээрин бардыгы түшүнүп турат. Мисалы, Ош шаарында 40 мегавольт-амперлик эки кубаттуу көмөк чордон алмаштырылды.  Дагы Ош областында эки 16 мегавольт-амперлик көмөк чордон. Жалал-Абад областында да ушунча. Азыркы учурда  көмөк чордондорун алмаштыруу жүрүп жатат.  «Газпром» чийини боюнча суюлтулган газ жеткирүү боюнча маселелер чечилип жатат.

- Өзбекстандын газды өчүрүшүндө саясий жүйөө барбы?

- Айрым бир кыйынчылыктар бар. Бирок, дайыма сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Газды биз кайдан жана кандай баа менен импорттоп жатабыз?

- Өлкөбүздүн түндүк аймактарына газ жеткирүү боюнча  Газпром менен келишим бар. Газ пландаштырылган көлөмдө келет жана биз газды, өзүбүздө бар көлөмдөн азыраак тандаган учурлар да кездешип жатат. Түштүк аймактарга жаратылыш газын жеткирүү маселеси чечиле элек. Бирок, бизде жетишээрлик өлчөмдө суюлтулган  газ бар.

«Де-юре мен соттолбогон адаммын»

Сиздин талапкерликти парламентте карап жатканда, Өмүрбек Текебаев сизге өтө катуу сын менен мамиле кылды?

- Өмүрбек Чиркешевич бул маселени туура көтөрдү. Эгер адамдын өмүр жолунда кара тактары бар болсо, бул туурасында ачык жана чынчылдык менен айтуу керек. Азыркы этапта,  мен дагы бул кызматка акактай таза киши келиши керек деп эсептейм. Бирок, кыйын, татаал кырдаалда тандоо менин талапкерлигиме туш келиптир. Өзүм бул кызматка келем деген эмесмин, бул туурасында мурда да айткам.  Мен министр болом деп чуркаган эмесмин. Бирок, өлкө жетекчилиги бул кызматты сунуштаганда, мен өз ичимден, мамлекетибиз үчүн аталган  тармакты  кыйын кезеңден кризиси жана ыңгайсыздыгы жок өтүшү үчүн болгон күчүмдү жумшоого убада бердим. Мен бул бийик ишенимди актоого аракет кылам.

- Сиз өз билдирүүңүздө, сот алдында өз күнөөңүз үчүн турбаганыңызды түшүндүрүпсүз.  Андан да, сот сизден айыптоонун баарын алып салыптыр. Муну окурмандарга түшүндүрүп бере аласызбы?

- Де-юре мен соттолгон адам эмесмин. Жана бийик кызматты ээлөө үчүн юрисдикция боюнча кандайдыр бир чектөөлөр жок. Бирок, ошол кезге кайрыла турган болсок, шарт ошондой болуп калган. Мен бул туурасында ачык мойнума алып, кечирим сурагам. Сот кылдат иликтеп чыгып, адилет өкүм чыгарган.

«Мамлекетте потенциал бар!»

- Президент Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынында, бир жыл мурда, кыргызстандыктар үчүн электр кубаттуулугун өчүрүү жана башкалардан улам, кыйынчылык жаралаарын, бир аз чыдай туруу керектигин айткан эле. Бирок, биз  «Камбаратаны» ишке киргизээрибиз менен,  жагдай жакшы жагына өзгөрдү. Бул чын эле ушундайбы?

- Бүгүнкү күнү маселени майнаптуу чечүү үчүн, бизде ресурстар дагы эле бар, жана бүгүнкү күндүн жагдайы ушундай. Биринчиси, «Камбарата ГЭС-2». Станциялар иш жүзүндө иштеп жатат, бирок азырынча бир гана гидрогенератордун режиминде. Азыр биз экинчи блокту тезинен ишке киргизүү боюнча чечим кабыл алабыз. Бул бизге  жылына 700 миллиондон  2 млрд. га чейинки киловатт – саат электр кубаттуулугун иштетип чыгуу мүмкүндүгүн берет. Бул энергетикага олуттуу салым. Ошондуктан, биз бул багытта чечкиндүү кадам ташташыбыз керек, ошол гана электр кубаттуулугунун тартыштыгы маселесин чечүүгө жардам берет.  

- Өзүбүз электр кубаттуулугун экспорттой алабызбы?

- Тилекке каршы, бул жылы бизде эч кандай экспорттук потенциал калган жок, биз тескерисинче, импорттоого мажбурбуз.  2015 –жылы да абдан татаал болушу мүмкүн, экспорттоо мүмкүндүгү болбойт. Бирок, ишти туура уюштура билсек, биздин жылуулук кубаттуулугубузду туура бөлүштүрүп, өз гидроэнергетикалык потенциалды туура  пайдалансак, бизде да экспорт болот.

- Биздин республика гидроэнергетикалык планда келечеги кең деп айткандары чынбы?

- Эгер өлкөнүн энергосекторун өнүктүрүүгө багытталган туура саясат жүргүзсө,бул сектор дайыма жагымдуу, келечектүү жана кирешелүү болот  

Лейла Саралаева

  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине