Мар Байжиев: “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү тутуму өзгөртүлмөйүнчө кыргыз тилинде айылдыктардан башка эч ким сүйлөбөйт”

11:59, 20 Апреля 2018

Мар Майжиев ким экенин тааныштыруунун кажети жок. Ал, балким, учурдагы Кыргызстандын эң атактуу жана көрүнүктүү маданий ишмери болушу мүмкүн. Публицист, прозаик, драматург, сценарист, котормочу, хрестоматияга айланган орус тилиндеги “Манас” эпосунун текстинин автору (башка дүйнөлүк тилдерге так ушул тексттен которулат), кино жана театрдын режиссеру, адабият таануучу, коомдук ишмер, легендарлуу биринчи парламенттин депутаты, 1993-жылдагы атагы кем эмес болгон Конституциянын авторлорунун бири, элдик жазуучу, КР Улуттук киноакадемиянын академиги, ардактуу профессор, СССР кинематографиясынын отличниги, Манас орденинин ээси.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн башатында турган, аброй жагынан мындан салмактуураак адамды табуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, эмне үчүн учурда билимдүү кыргызстандыктар кыргыз тилинде көп сүйлөшүшпөйт деген суроо менен ага кайрылууну туура көрдүк.

- Эмне үчүн Кыргызстанда кыргыз тили жакшы өнүкпөй жатат? 25 жылдан бери үйрөнүп эле жатабыз, бирок эч үйрөнө албай койдук...

- Анткени башаламан өнүгүү мүмкүн эмес. Мамлекеттик тилде жеткиликтүү билим, өзгөчө техникалык, юридикалык, экономикалык дисципланаларда алалабайсың. Бул объективдүү чындык. 26 жыл аралыгында бардыгын толук камтыган сөздүктөр даярдалбады. Өлкөбүздүн жарымы акча таап чет жерде жүрөт. Мындай шартта эмне өнүгөт, кеп тилби? Маданият өнүкпөй калды. Мамлекеттик тил тармагында башаламандык өкүм сүрөт. Азыр 26 жыл мурдагыга салыштырмалуу начар абалдабыз. Мамлекеттик тил тууралуу мыйзам улуу Совет империясынын урашынын алдында 1989-жылы кабыл алынган болчу. Ал Латвия менен Молдавиядагыдай өлкөнүн өз алдынчылыгын көрсөтүү максатында эмес, кыргыз улутун сактап калуу максатныда кабыл алынган эле, анткени кыргыз тили Кыргызстанда гана колдонулат эмеспи.

- Ал убакта кандай эле?

- Ушундай эле. Мамлекеттик тил боюнча комиссияда кызуу талкуулар болуп жатты. Айрымдары мыйзамды азыртадан аткара башташ керек, бардык иш-чаралар кыргыз тилинде гана жүргүзүлүшү зарыл дешсе, башкалары мамтилди эволюциялык жол менен акырындан киргизиш керек дешти, анткени тил адамдардын баарлашуу куралы болгондуктан ал – саясат эмес, тагырак айтсак – биология, жаңы тирүү жандуу бир нерсени жаратуудагы мичуриндик ыкмага окшош деп жатышты. Ал эми аны үчүн тандап бөлүү, кыйыштыруу, тукум алуу, аны сактап көбөйтүү керек.

Тил комиссиясынын мүчөлөрү профессорлор Рудовго, Салижан Жигитовго жана мага Илимдер академиясынын Тил жана адабияты иниститутунун лингвисттери менен биргеликте өлкөбүздөгү өз эне тилинде сүйлөгөн элдин курамын эске алуу менен мамлекеттик тилдин программасын иштеп чыгууну жана аны аймактарда колдонууга киргизүү мөөнөттөрүн аныктоону тапшырышты. Мектеп жана жож окуу китептерин кайра карап, жаңылап чыгуу, морфологияны жакшыртуу, орус жана башка тилдерден которуп жана калькалап кыргыз тилинин сөз байлыгын толуктоо, терминдер сөздүгүн түзүү, иш алып баруунун, юриспруденциянын, мамлекеттик жана эл аралык иш кагаздарынын, саясий риториканын ж.д.б.у.с. лингвистикалык стилистикасын иштеп чыгуу башталды. Остап Бендер айткандай: “Улуу урматтуу присяжный заседателдер, муз эрип жыла баштады!”

- Башкача айтканда, иш башталган эле?

- Ананчы, башталган болчу. Кыргызстанда мамлекеттик тил болуп кыргыз тили эсептелет, ал эми республиканын калкы колдонуп келген башка тилдерге алардын сакталышына жана башкалар менен тең өнүгүшүнө кепилдик берилет деген 5-бап 1993-жылкы Конституцияга киргизилди. Ооба, элибиздин кеп жана адабий тили – дүйнөдөгү эң бай тилдердин бири болуп саналат, бирок аны коомдук-мамлекеттик деңгээлге жеткириш үчүн кажыбас эмгек, убакыт, катуу көзөмөл жана мамлекеттик колдоо керек. Президенттин алдында мамлекеттик комиссия түзүлдү, мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлерди жана жаш муунду кыргыз тилине үйрөтүш үчүн бюджетте каражат каралды. Президенттин буйругу менен, өкмөттүн макулдугун алып, Маданият министрлигинин буйругу чыгарылып мага “Эне-тил ордосу” деген окутуу борборун ачуу тапшырылды, ал борбор Баялинов атындагы китепканада жайгашмай болду, капиталдык ремонт кылганга, керектүү мулк-шайманды, аппаратураны, көрсөтмө колдонмолорду сатып алганга жана мугалимдердин курамын түзгөнгө 3,5 миллион рубль бөлүнүп берилди. Күнү-түнү тын албай иштедик, кээде китепканада түнөп калган учурлар болду, сүрөтчүлөргө кенже эпостордун мазмунун, манасчылардын манасты айтуу ыкмаларын айтып, түшүндүрүп берип, алардын алдында белгилүү позада туруп берүүгө туура келип жатты. Кыска убакыттын ичинде каралбай калган имаратты, чабалекейлер уялап калган окуу залдарын оңдоп бүтүп, колдонууга бердик, белгилүү манасчылардын, кыргыз мамлекетинин көрүнүктүү ишмерлеринин, кыргыз тил илимин негиздеген окумуштуулардын, атактуу маданий ишмерлердин сүрөттөрүн, «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигине жана «Жаңыл мырза», «Курманбек», «Ак-Мөөр», «Жаныш-Байыш». кенже эпосторуна байланыштуу сүрөттөрдү илдик.

Тарыхчыларга, филологдорго жана искусство таануучуларга лекторийлерди даярдаганга тапшырма берип, эмгектерин төлөп бердик. Предметке кызыгууну жаратыш үчүн алар тил боюнча сабактардын алдында окулат эле. Окутуулар чоң ийгиликтер менен өтүп жатты, аларды биз окууга катышкандардын кесибине жараша, медиктердин, байланыш, транспорт кызматкерлеринин, соода тармагында иштегендердин, орус тилдүү журналисттердин жана да башка кызматкерлердин тилдеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өткөрүп жаттык. Мугалимдер айрым учурларда министрликтерге барып сабак берип жатышты. Кызмат транспортун сатып алууга туура келди. Шаардык “киргиздердин” уяң мүнөзүн эске алып аларга өзүнчө сабактарды өткөрүп жаттык. Алардын арасында кыргыз тил илимин негиздөөчүлөрү Тыныстановдун, Юнусалиевдин, Шүкүровдун жана да дубалда илинип турган башка көрүнүктүү окумуштуулардын балдары жана неберелери да бар болчу.

- Эмнеге бардыгы токтоп калды?

- 1994-жылы биздин легендарлуу парламентибизди таркатып жиберишти, өкмөт алмашты, мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси да алмаштырылды, жаңы эки палатадан турган парламентти шайланды. Китепкананын мурдагы директору, биздин ишибизди тескеген маданият министринин орун басары жана вице-премьер “өз ара сүйлөшүп”, имаратты шаардык театрга ижарага берип коюшту. Бул үч “дос” ЖКнын мурдагы депутаты Мар Байжиев өз мандатын кыянаттык түрдө колдонуп, жеке менчик лавочкасын уюштуруп алды деп жаңы жетекчиге арыз жазышат. Китепкананын имаратын өзүмө ыңгайлаштырып жасап алып, ижараны да төлөбөгөн имишмин, а бирок “Эне-тил ордосу” болсо вице-президенттин жана маданият минисрлигинин буйруктары менен түзүлгөн мамлекеттик окутуу мекемеси да, ал мамлекеттик бюджеттен каржыланат эле, ал эми китепкананын директорунун жана башка кызматкерлеринин айлыктары 25%га көбөйтүлгөн болчу. Көп өтпөй Маданият министрлигин өзүн жоюп салышты. Менин президентке, депутаттарга жана өкмөткө кайрылууларымды эч ким укпады. Китепкананын залында музыка жаңырып, оюн-зоок оюндар коюлуп жатты, аудиториялар костюмдардын цехине жана гримуборныйга айланды, Герцендин укмуш гравюралары илинип турган “Манас” залында эски гезиттер менен журналдар сактала баштады, кенже эпостор боюнча сүрөттөрдү жана живопистик картиналарды китепкананын ар-башка кабаттарына алып кетип илип коюшту, ал эми тилчилердин сүрөттөрүн складга жиберишти. Эмеректерди жана башка жабдыктарды окуу залдарына көчүрүштү.

“Эне-тил ордосу” борборунун мүлкүн каттап, аны китепканага калтырууга туура келди. Биздин фонд сатып алган жеңил автоунааны КР Энциклопедиясынын редакциясына өткөрүп беришти. Ушуну менен элди мамтилге үйрөтүү иши токтоду десек болот! Мамкомиссиянын төрагасынын орду жакпай калган саясий ишмерлерди жана кыргыз тилин коргоп, сакташ керек деп ураан салып кыйкырган депутаттарды ишке орноштуруунун объектисине айланды. Тил комиссиясына тил табиятын билген адистерди эмес, адамдын саясаттагы жана коомдогу салмагына карап киргизе башташты, ал эми тилдин бардык нерсе сыяктуу эле өзүнүн ички “биологиялык” мыйзамдары болот, аны билип, сакташ керек. Андан кийин буга көңүл бурулбай деле калды. Бир президентти алмаштырышты, андан кийин дагы бирин, мурдагыдан да жаманын, андан кийин өлкөнү бутуна тургуза башташты... Дагы деле көтөрүп бүтө элекпиз... Азыр кыргыз лингвистикасында коркунучтуу жаман түштөгүдөй абал, мамлекеттик символдордун аталышын жана гимнди гана алып көрөлүчү.

- Тактай турган болсок, эмне болуп жатат?

- Мисал келтирейин. Биздин мамлекетибиздин аталышы Кыргыз Республикасы. Сөзмө сөз чечмелесек – Кыргыздардын республикасы. Кыргызстанда жашаган башка улуттагы жарандар каякта калды?! Бул жерде Кыргызстан Республикасы десек туурараак болмок. Андан ары. Легендарлуу парламенттин биринчи сессиясында мен ал Жогорку Кеңеш эмес Улук кеңеш деп аталышы керектигин далилдеп берген болчумун... 1993-жылдагы Конституция кабыл алынганча ушундай эле болгон. Бирок башка таасирдүүрөөк адамдар экс-президент Акаевди жаңылыштырган окшойт, ошондуктан ал мааниси бир аз бурмаланганына кол коюп койду.

Гимнде “бактылуу” деген мааниде колдонулган “бейкут” деген сөздүн айланасында көп талаш-тартыштар болду. Чын-чынына келгенде “бей” деген иран тилинен алынган префикс “-сыз” деген мааниде болуп калат: “бейбаш” – башсыз (башы жок), “бейбак” – бактысыз, “бейкут” – бакыты жок, анткени “кут” – бул түндүктөн түшүүчү бакыт жылдызы. Бул майда гана нерселер. А мындай тантык нерселер толтура. Ушуга окшош нерселер жоюлбаса, анан тил кантип өнүгөт? Деги кыргыз тилин өнүктүрүү стратегиясы барбы? Жооп издеп кыйналбай эле койгула, жок андай стратегия. Түшүнүксүз теориялар толтура, ал эми айкын бир нерсе жок. Эмнеге келдик? Тилибиз мамлекеттик тилдин талаптарына жооп бере турган деңгээлге жеттиби? Кыргыз тили Кыргызстандагы элдин баары бир-бири менен сүйлөшкөн тилге айландыбы?! Жаш муундарга зарыл болгон кесипкөй окуу китептерибиз барбы?

- Бар сыяктуу эле го...

- Кейичтүүсү, бул окуу куралдарын педагогикалык жана тилдик стилистиканы, предметтин хрестоматиясын эч сактабай, бул китеп студенттерге же окумуштуулардын кеңешине эмес, жаш балдарга, окуучуларга экенин эске албай каалаган адам каалаган жерде жармап-жасап жатышпайбы. Ар-бир жаш куракка мүнөздүү баарлашуунун стилдик өзгөчөлүктөрү болоот. Мына менин бешинчи класста окуган неберем Айтматовдун “Жамилясын” окуп жатат. Улуу чыгарма. Бирок кайсы бир казак келип, күйөсү майданда жүргөндө анын келинчегин алып кеткендигинде эмне улуулук бара экенин бул бешинчи класстагы балага кантип түшүндүрүп бересиң? Балдар үчүн адабиятты тандап жатышканда кичине болсо да ойлонуп коюшпайбы? Ушундай нерселер болуп жатканда орусча сүйлөгөн аткаминерден кыргызча сүйлөй башташын кантип талап кыласың?

Акыркы жылдары республикадагы тил чөйрөсү татаалдашып, начарлап кетти. Кызматка, негизинен, компьютерди жакшы билген, кыргызча сүйлөй алган, бирок, тилекке каршы, орус тилин жакшы билбеген жаш балдарды алышат. Иш кагаздарынан, кызматтык билдирүүлөрдөн толтура одоно каталарды табасың. Кыргызстан ЕАЭБге кирди, жыл сайын эл аралык саясий, экономикалык байланыштар күчөп жатат. Евразия биримдигине кирген өлкөлөр менен орус тили болбогондо, анан кайсы тилде сүйлөшөбүз?

- Эмне кылышыбыз керек?

Менде айрым ойлор бар. Президенттин алдындагы мамтил боюнча комиссияны, УИАнын тил жана адабият секторун, Билим жана илим министрлиги менен Педагогикалык илимдер академиясынын тийиштүү бөлүмдөрүн Өкмөттүн алдындагы Тил боюнча мамлекеттик комитетке бириктириш керек. “Эне-тил ордосу” окутуу борборун калыбына келтирүү зарыл. Аны Тил бонча мамкомитетке өткөрүп бериш керек. Президенттин 2003-жылкы – кыргыз жана орус тилин жакшы билүү – билингвизм тууралуу жарлыгынын аткарылышын кайра жандандыруу абзел. Конституцияга тийштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Анан лингвистикалык жактан алганда мааниси бирдей болгон “мамлекеттик тил” жана “расмий тил” деген статустар менен бир нерсе кылышыбыз керек. Бизде эмне эки мамлекеттик тил барбы? Анда кандай контекстте жашап жатабыз? Мамлекеттик тилди өнүктүрүү тутуму өзгөртүлмөйүнчө кыргыз тилинде айылдыктардан башка эч ким сүйлөбөйт. Тил да жоголот. Кеч боло электе, кыймылдап аракеттенишибиз зарыл.

Даярдаган Светлана Бегунова

Абылай Саралаевдин фотосүрөтү

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине