Мелис Турганбаев: «Мен катаал, бирок акыйкат адаммын»

07:17, 5 Ноября 2014

Милициянын генерал-майору Мелис Турганбаевдин айланасында көптөгөн имиштер жана сындар айтылып жүрөт. Таң калычтуу эмес, калктын арасында милициянын авторитети  көз карандысыздык жылдарында абдан түшүп кетти.  Ошондуктан, милициянын позитивдүү өзгөрүүлөрүнө  караганда, негативге ишенүү жеңилирээк.

Бирок, жаңы келген ички иштер министринин өзү оптимизмге бай, ал, бул кырдаалды кичине болсо да оңдойм деген ишеничте.  Канткенде? Бул туурасында биздин гезитке берген биринчи интервьюсунда айтып берди.

- Мелис Токтомамбетович, кыргыз милициясы 90 жылдык маракесин кандай маанай менен тоскону турат?

- Маанай мыкты. Мен ишимди өлкөнүн түштүгү боюнча жумушчу сапарым менен баштагам. Албетте, бардык жерде көйгөйлөр бар – социалдык, турмуштук да, айлык акынын аздыгы, адистик көйгөйлөр дагы. Биз аларды кичинеден, ар бир аймакта чечип келебиз. Менде борбордук аппаратта 100 кызматкерим бар болчу.  Биз аларды аймактарга жиберип турабыз. Ош областында 19 аймактык милиция жана  Жашы жетелектердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери которулду. Ал жакта ШМБ ачылды. Келечекте Жалал-Абад областында да эки  жаңы ШМБ ачылат. Баткенде абал  кичине жакшырды. Жер-жерлерде  көйгөйлөрдү чечип жаттык, алардын штатын 25 кызматкерге көбөйттүк.  Аларды транспорт менен камсыз кылдык. Бирок, баарынан көбү, бул чек арага жакын жерде СОБР дун 100 кызматкери ижарага  алынган имаратта жайгашкандыгы мени абдан  капа кылды. Биз бул районду бекемдөөнү чечтик, жана бул жакка туруктуу жайгашуу үчүн СОБР менен спецназдын 200 кызматкерин жөнөттүк.  Мен Баткен областынын губернатору менен сүйлөштүм, ал 50 Га жер бөлүп берди, жакында жаңы казармаларды салып баштайбыз.   

- Ал эми милиңияда түндүк-түштүк болуп бөлүнүшөбү?

- Эки жыл мурун, мен Бишкектин  ИИБ жетектеп турган кезде, бул бөлүнүү абдан курч сезилчү. Бирок, бардыгы жетекчиден көз каранды.  Мен бул маселени дароо катуу койдум, азыркы күнү Бишкектеги милиционерлер бул бөлүнүү туурасында таптакыр унутушкан. Жакында республикада да ушундай болот деп ойлойм. Мен дагы наамдарды ыйгаруу, кызмат орундарын сатуу акчага, жердешчилик жактан болуп жаткандыгына  абдан  каршы чыккам.

- Бул  Жаныш  Бакиевдин мурасы беле?

- Биз бардык эле көйгөйлөрдү Жанышка түртүп сала албайбыз. Милициянын тароо процесси андан  бир топ мурда башталган.  Бардыгы Союздун тарашынан башталды. Кутуевдин тушунда милиция 1999-жылга чейин кармалды, ал кеткенден кийин  жетекчилер тез-тезден алмашып баштады, акырындап милиция бузулуу жолуна түштү. Ага кошумча, бийлик  милицияны митингдерде, каршылык акцияларында  элге каршы курал катары колдоно баштады. Милиция,  бир эмес, эки жолу башка жей баштады деп айтсак да болот. Милиция да, эл да мындан кийин минтип уланбашы керек экенин түшүндү. Президент Атамбаев, мени шайлап жаткан кезинде, түз эле айтты: «Мага менин милициям мени коргогону керек. Элди коргошу  керек. Башкысы, милиция элдик болушу керек».

- Ага карабай, сиз акыркы жолу чыккан жаш активисттердин митингдерин абдан катуу кубаладыңыз. Ал эми чогулуу эркиндиги кайда калат?

- Кубалоону башкача жүргүзүшөт, анда атайын каражаттар, газ,  желим таяктарды колдонушат. Биз болгону, мыйзам сыйлаган бишкектиктерге жолтоо болуп жаткан  жалкоолордун тобун тартипке чакырдык. Өзүңүз деле макул болсоңуз керек, бишкектиктердин  баары тынчтыкты гана каалашат. Мындай чечкиндүү кадамга бараардын алдында мен кырдаалды талдап чыктым, азыр ооз көптүрүп айтып жатышкандай, калктын ар кандай катмарларынын маанайын билүү үчүн  мониторинг жүргүздүм, бизнесмендерди да, пенсионерлерди да, соодагерлерди да, мугалимдердин да, жада калса бомждордун да пикирин сурап чыктым. Бардыгы бир ооздон, бул митингдерден тажагандыгын билдиришти. Кандайдыр бир маалымат чыгаары менен, баары коркуп, күтүп калышат.  Ушул жылы жазында ушундай коркуу болду, балдарын мектепке жиберишпей, Бишкектин борборундагы дүкөндөрдү жаап коюшту, соодагерлер өз товарларын ташып кетишти. Шаардыктардын тобу мага жолугушууга келип, шаардагы тынчтыкты камсыз кылуубузду талап кылышты.  Бир чоң апа чалып, мага минтип айтты:   «Генерал, угуп турчу, сен качан тартипти орнотосуң? Биз качан көчөдө жай баракат басып калабыз? » Ооба, бизде митингдер туурасында мыйзам бар. Бирок, элди коркунучта кармап жашоонун эмне кереги бар? Кырдаалды курчутуп эмне кереги бар? Ала-Тоо аянты бизде митинг борборуна айланды. Силер башка шаарга, башка мамлекетке барсаңар, биринчи кезекте кайсы жерине барасыңар?

- Албетте, борборуна, борбордук аянтка.

- Мен да, башка адамдар  да.  Аянт – шаардын төрү. Күн сайын Бишкекке аймактардан жүздөгөн адамдар балдары менен келишет, алар жакшы жерлерди барып, көргүлөрү келет. Аянтта сүрөткө түшүп, күзөттөгү жоокерлерди көргүсү келет.   Анан эле жоон топ эл турат, бир нерсе деп кыйкырып, талап кылып жатышат. Мен бардык митингдерге барам жана жүз адамдын ичинен отузу гана иштин жагдайын билишээрин мен жакшы билем.  Калгандары акчага жалданышкан же бекерпоздор. Алардын ичинде 30% - сөзсүз талап-тоноочулар, алар төңкөрүш болуп кетсе, башкалардын эсебинен пайда көрүп калууну гана күткөндөр.

- Башкача айтканда, жарандык активисттерди жана митингге чыгууну сүйгөндөрдү, аларды эркелетип отурбайм деп, эскертип кетмекчисизби?

- Мен, кыргызстандыктардын тынч жашоого болгон укугун бузууга эч кимге жол бербейм. Менин  балдарым дароо кармайт да, сотко алып барышат.   Сот чечимди өзү чыгарсын. Бирок негизги көйгөй, эл  жергиликтүү бийлик иштебей жатат деп нааразы болуп чыгып жатканында болуп жатпайбы. Мен премьер министрге маселени кабыргасынан койдум, милиция менен элди кагылыштырбагыла дедим.     Электр кубаты жок, суу жок, сот туура эмес чечим кабыл алдыбы, элдер дароо митингге жөнөшөт.  Болуптур, бизде демократия деп коелу, мейли анда, митингдер жана каршылык акцияларына чыга берсин, бирок, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыгып, бардык нааразылыктарды угуп,  эмне үчүн ушундай болуп жаткандыгын, ким күнөөлүү экенин түшүндүрүп берсин да.  Эгер эл митингге чыгып, милициянын ишине нааразылыгын билдирсе, мен  элге өзүм чыгып, аларды угам да, чараларды кабыл алам.  Мен өзүмдүн иш аймагым үчүн жеке жоопкерчилик тартам. Эгер ар бир жетекчи өз  иши үчүн жоопкерчиликте болсо, бизде митингдер менен кыйын кырдаалдар азыраак болмок. Жакында эле Кеминде жүк ташыган чоң  70  машина кармалды. Транспорт министрлигинен  эч ким келип, аларды эмне үчүн кармап жатышкандыгын түшүндүргөн жок . Милиционерлер ал жакта өздөрүнүн негизги ишин таштап, 5 күн тартипти кармап турушту,  натыйжада баары бир бул машиналарды кое беришти. Анда аларды кармоонун эмне зарылдыгы бар эле?  Элди толкутуунун эмне кереги бар эле?  Кээде биз өзүбүзгө бут тосуп, ыңгайсыздыктарды жаратып алабыз.    Ошондуктан,  биздин аянтка Жалал-Абаддан, Нарындан, Ысык-Көлдөн элдер митингге чыгууга келишкенде, менин түшүнө албаганым, - АЛ ЖАКТА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ЭМНЕ ИШ КЫЛЫП ЖАТАТ? ЭМНЕ ҮЧҮН ЭЛ МЕНЕН ИШТЕШПЕЙТ? Мен Ош областына бардым, ал жактагы ири базарга бардым, жөнөкөй соодагерлер менен сүйлөштүм, милиция кантип иштеп жаткандыгын сурадым. Анан, эл болгонун болгондой айтып беришти, ким мыйзамсыз кармап жатат, ким чөнтөктөрдү кагып жатат. Бирок, жакшы иштегени үчүн, тартипти орноткону үчүн ыраазычылык билдиргендер да болду. Бул менин иштөө ыкмам – көчөдөгү  карапайым эл менен дайыма баарлашып турам.  Мен байкатпай чыгып кетем, менин кайда баратканымды эч ким да билбейт. Анан, иштин  кандай болуп жаткандыгын билүү үчүн, 10-15 адамдан суроо эле жетиштүү. Мен бул ыкмамды министрлик кызматымда да улантам.

- Сиз кыргыз милиционерлеринин жоокердик рухун кандай баалайсыз?

- Рухтар жакшы. Бардык начальниктерге конкреттүү тапшырмаларды бергем .   Эң башынан баштап, катардагы кызматкер кылган ар бир кылмышы үчүн начальник жооп берет деп эскерттим. Анткени, бардык милиция үчүн элдин алдында мен жоопкерчилик алып  жатпаймынбы. Мен бир нерсени жакшы билем, эгер биринчи жактар тиешелүү деңгээлде иштеп башташса, анда кол алдындагылар да  чын дилинен иштеп беришет. 

- Сиз катаал адамсызбы?

- Ооба, катаалмын, бул туурасында бардык кызматкерлер билишет. Бирок, мен катаал эле эмесмин, акыйкаттуу адаммын. Ушунум үчүн мени сыйлашат, жана коркушат.

- Ал эми милицияны болсо, биздин элибиз, ачыгын айтканда  сыйлабайт. Погондорун да жулуп алышы мүмкүн, милиционерлерди таш бараңга деле алып коюшат. Элдин милицияга болгон бул мамилесин кантип өзгөртсө болот? 

- Милицияга болгон мамиленин өзгөрүүсү жетекчиден көз каранды. Мен өзүмдөн мурда иштеп кеткен кесиптештеримди сынагым келбейт,  бирок, жетекчи кандай багыт берсе, бүт курам ошол боюнча өнүгөт. Мен элге чыгып, түшүндүрүү керек деп эсептейм.  Өз элиңден коркуунун кереги жок. Мен кыргызстандыктардын милицияга болгон тескери көз карашын өзгөртө алам.  Мисалы, Саруудагы кырдаалды канча айдан бери чече албай жатышты? Бир нече ай бою бийликтегилерден эч ким ал жакка бара алышкан жок. Эмнеге барышкан жок, аларды бирөө жеп алмак беле же сабайбы? Мен, болбогон бир митингден ушунча көбүртүп жабыртып жибергендерине таң калдым. Эмне үчүн эч нерсе боло электе күч органдарын  алып барышты,  өз элин ушунчалык  коркутуп кереги не?  Ал жакка милициянын  1200 кызматкерин алып барышты. Анан эмне болду? Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетти, канча техниканы талкалашты, автобустарды өрттөштү. Муну үчүн милициянын мурдагы жетекчилигин соттоо керек.

- А кырдаалды кантип оңдойт элеңиз? Ал жакта бандиттер бар болчу да?

- Бандиттер болгону бир нече адам болчу. Бишкектеги  ушул жылдын 10-апрелинде оппозициянын  өткөргөн митингин эле алалы. Биз уюштуруучулар менен келишим түзгөнбүз. Ал жакта, митинг бир гана жерде өткөрүлөт деп көргөзүлгөн.  Алар болсо башка жерлерде чогулуп,  чыңалуу жарата башташты,  ошондуктан, айрымдарын  мыйзам боюнча локалдаштырууга туура келди.  Ал эми Горькийдин эстелигинин жанында кырдаал тынч болду, эл чогулуп, тарап кетти.

- Мага сиздин ишенимдүүлүгүңүз абдан жагып турат. Сизге бул ишенимдүүлүк эмне берет, сиз ИИМдеги кырдаалды кантип өзгөртө аласыз?

- Мен өзүмдүн тууралыгыма ишенем, өз ишимди профессионалдуу аткарууга аракет кылам, анан, менин  абийирим таза.

-  Кыргыз милициясында иш билгилик жок деген ой калыптанып калган. Ушундайбы? 

- Туура эмес. Биздин балдар абдан күчтүү, анын үстүнө жаш, алар жакшы натыйжаларды көргөзүшүп, жакшы иштеп жатышат.  Күчтүү адистер совет мезгилинен бери калышкан. Ооба, бир кезде кызматка телефон чалуу менен, тууганчылык , акча менен келген да кез болгон.   Мен алар менен аеосуз күрөшөм. Көрөсүңөр го, мындай болбойт. Мен бул кызматка, ардактуу орунда отуруу үчүн келген  жокмун. Мен милицияны 80-90-жылдардагыдай кылгым келет. Ал эми бандиттер менен бизде көйгөй жок, алар көзгө көрүнбөй калышты.

- Бирок Камчы Көлбаев Чолпон-Атада ээн эркин басып жүрбөйбү…

- Анын да Конституциялык укуктары бар. Ал ошол жакта төрөлүп, чоңойгон. Азырынча бизге түшкөн маалыматтарга караганда, ал эч кандай кылмыш кылган жок. Балдар иштеп жатышат, кырдаал көзөмөлдө.  

- Көптөгөн кылмыштар ачылбай калууда. Бул иш билгилик эмеспи же жасалган кылмышты жашыруу, жабуу, унчукпай коюуга кызыкдар адамдардын кийлигишүүсүбү? 

- Бардык кылмышты ачса болот. Мында, кылмыштарды жашырган  кезде, буга кызыкдар жактар бар болчу.  Алыска барып кереги жок, мен Медет Садыркуловго жиберилген кесилген манжа боюнча ишти ачкам. Мага Бакиевдер, бул ишти токтотууга ачык эле буйрук беришип, чарба ишмердүүлүгүнө өтүүнү сунуш кылышкан.  Бирок, менин убагымда мындай болбойт. Бардык чуу жараткан кылмыштарды өзүм көзөмөлгө алып турам.

- Бирок, макул болсоңуз, кичине эле кылт эткен жөнөкөй адамдан кылмышкер кыла коюуну каалаган милиционерлер да бар.  Бул –анын жакындарынан жана туугандарынан акча үмүт эткени... 

-  Бүгүн шаарда мындай жок. Эгер болуп калса, жарандар билиши керек – ИИМдин өзүнүн сайты бар, нааразылыктарды  ушул жакка жазса болот. «102» кызматы бар, ал жакта бардык маалыматтар жазылат. Кыргызстандыктар чалып, маалыматын кошо беришсин.   Кызмат акысыз, бардык областтарда иштейт.  Сиздин арызыңыз менин столумда турат. Эгер эч кандай реакция болбосо, эч кандай чара көрүлбөсө, кабылдамага чалгыла. Мен ар бир учурду өзүм  иштешем.

Бизде өздүк коопсуздук кызматы бар. Анан, өзүнүн кызматкерлеринин эч кимисин аяп отурбайм. Айтмакчы, мен дайындалгандан бери 8 милиция-баңгичини бошоттум, экөөнү баңгини сатканы үчүн, бирөнү пара алганы үчүн  жумуштан бошоттук.

- Баңги колдонгон да милициялар бар бекен?   

-Кызматкерлердин сапатсыз жумушу.   Мурда, мени милицияга кабыл алышканда, жарым жыл  кылдаттык менен текшеришкен. Азыр мындай жок, ошондуктан кокусунан келген кишилер көп болуп атат. Азыр мен конкреттүү тапшырмаларды бердим.  Мына көрөсүңөр, жарым жылдын ичинде ИИМдеги кырдаал толугу менен өзгөрөт.  Министрликтердин ичинде коррупциялык чиймелер бар, аларды акырындап чечип жатам. Акырындык менен, эч ким таарынбагандай кылып.  Көпчүлүгү менин артка тартпай турганымды жакшы билишет жана түшүнүшөт. Алар жада калса, сүйлөшүү үчүн мага кирүүгө да аракет кылышпайт. Ошондуктан, көпчүлүгү өздөрүнүн коррупциялык кыймылдарын, акча алгандарын токтотуп жатышат.

- Өзүңүз бул коррупциялык тутумга киргиңиз келген жокпу?

- Жок, мен эч качан мунун жактоочусу эмес болчумун. Мага анын керек бар. Менде баары жетиштүү.

- Анда бул кызматка эмне үчүн келдиңиз?

- Мен кыргыз милициясынын кадыр баркын кайтарып  бергим келет. Аны чындап элдик кылгым келет. Ал коррупцияланган болбошу керек. Жарандардын биздин милицияга болгон сый-урматын кайрып бергим келет.  Бардык эле милициялар сабатсыз жана мээсиз эмес, көпчүлүгү милиция мектебин, жогорку окуу  жайларды мыкты бүтүшкөн. Бирок, көпчүлүгүн жокчулук пара алууга түртүүдө. Эгер милиционерлер кандай шартта жашаганын көрсөңөр! Мен өткөн жылы борбордук милиционердин жатаканасына депутаттык фракциялардын депутаттарын алып бардым, алардын үй-бүлөсү кандай муктаждыкта жашап жатышкандыгын түшүндүм. Ал эми милиционерлер, элдин башына кыйын кырдаал түшкөндө, жардам берүү үчүн кызмат кылат да. Эгер аны эл сыйлабай турса, мамлекет сыйлабаса алар кантип эффективдүү жардам кылат? Жада калса алар да өздөрүн өздөрү сыйлабай калышты. Ошондуктан, милициянын кызматкерлери биринчи өздөрүн сыйлап  башташы керек. Ал эми муну үчүн алардын айлык акысын көбөйтүү керек, турак жай менен камсыз кылуу керек, алар үй бүлөмдү кантип тойгузам деп ойлобой, жарандарды бандиттерден кантип сактап калууну ойлонушу керек.

Маек курган: Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине