Камчыбек Ташиев: "Бардык саясатчылар менен кандай адамдык мамилем болсо, Атамбаев менен да ошондой мамилем бар

16:14, 15 Июня 2022

2-бөлүк  

- Ѳзүңүз журналист-иликтѳѳчүлѳргѳ кандай карайсыз?

- Аябай жакшы карайм. Мен дагы кѳптѳгѳн жарандардай эле мамлекеттеги, коомдогу коррупциялык кѳрүнүштѳргѳ бѳгѳт коюлушун, коррупциянын тамыры кыркылуусун каалайм. Ѳзүм коррупцияга каршы күрѳштүн башында туруп атам. Мага чиновниктердин коррупцияга аралашканы боюнча кандай фактылар болсо бергиле, аларды иликтѳѳгѳ алып, ишти аягына чыгарууга, коррупционерлерге чараларды кѳрѳм. Кат менен кайрылсаңар, мен кызматкерлерди жѳнѳтүп, иликтѳѳ иштерин баштайбыз.

- Бизнесиңиздин балдарыңызга ѳтүп, тендерлерге катышып жатканын айттыңыз. Бирок сиздин жээниңиздин жогорку позицияны ээлеп келатканын кандай түшүндүрѳсүз? Иниңиз болсо Жогорку Кеңештин депутаты. Мында каалайбызбы, жокпу кызыкчылыктардын кагылышуусу орун албай койбойт. Иниңиз мандатын тапшырат дедиңиз эле, бирок андай болгон жок.

- Жээним боюнча айтсам, мында эч кандай кызыкчылыктар кагышы жок. Анткени, ал заводдун директору. Ал башкарып жаткан мамлекеттик завод 2020-жылды 40 млн. сом чыгаша менен жыйынтыктаган. Ал заводдун башына келгенден кийин 2021-жылы заводду кирешесин 80 млн. сомго жеткирди. Бул жылы завод 200 млн. сом киреше кѳргѳнү жатат. Бул мамлекеттик акчалар. Мында каерде коррупция бар? Эмне үчүн ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн ийгиликтүү иштеп аткандарды четтетишибиз керек? Ал жогорку билимди Россиядан алган. Билимдүү, ѳз ишин билген жигит, эч ким ал жѳнүндѳ жаман сѳз айта албайт. Чыгаша менен иштеп аткан заводду кирешеге чыгарууга жетишсе, анын эмнеси жаман? Заводдогу буга чейинки коррупциялык кѳрүнүштѳрдүн баары токтогон. Азыр заводдон эч ким акча уурдай да, ѳѳнѳй да албайт. Кирешелерин жаап-жашырбай, ачык-айкын иштешүүдѳ.

Мындан сырткары, Кыргызстанда алгачкы жолу “Кыргызнефтегаз” кайра иштетүүчү заводду мамлекеттен бир тыйын албай ѳз каражатына курганы жатышат. Буга чейин мындай болгон эмес. Бул бизге башка ѳлкѳлѳргѳ болгон кѳз карандылыктан арылууга мүмкүндүк берет. Мурда 100 миң тоннага жетпеген нефти ѳндүрүлгѳн болсо, азыр 250 миң тонна нефти ѳндүрүлүүдѳ. Эки жылдан кийин бул кѳрсѳткүчтү 500 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Мунун  баары мамлекеттики болуп эсептелет. Завод курулуп, иштей баштаса, бүтүндѳй түштүк аймагын күйүүчү майлоочу майлар менен камсыз кыла баштайт, Россияга, Казакстанга кѳз каранды болбой калабыз. Ал менин жээним болсо да, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Эгерде жакшы иштеп, жыйынтык кѳрсѳтүп атса, биз аларды колдоого гана алышыбыз керек.

Иним жѳнүндѳ сурооузга жооп берейин. Мен анын депутат болушун каалаган эмесмин. Бирок эл 20 миңден ашык добушу  менен депутат кылып шайлашты. Мен жакындарымдын эч кимисин мамлекеттик башкаруу саясатына катышканын каалбайм. Бирок ал шайлоочулар тарабынан шайланды. Бул эң башкы аргумент. Мындан башка жакындарымдын эч кимиси мамлекеттик кызматтарды ээлебейт. Эки жылдын ичинде кѳп кызмат орундарына жакындарымды койдурсам да болмок. Бирок эч кимди кызматка алып келбедим. Тескерисинче, кызматтагыларды кетирүүгѳ туура келди. Мурдаткан бери иштеп аткандар иштеп атышат. Мисалы, дагы бир жээним мамлекеттик кызматта иштейт. Ал Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун учурунда да иштечү. 2015-жылдары Салянова аны кызматтан алып койгон, ошондо мен кызматына калыбына келтирүү менен Атамбаевге кайрылгам. Атамбаевдин кѳрсѳтмѳсү менен Башкы прокурор И.Жолдубаева кызматына кайрадан дайындаган. Эмне, мен аны кызматынан кетиришим керекпи? Аны кызматка мен алып келген эмесмин. Иштеп келген, иштеп атат. Анын кесипкѳйлүгүнѳ эч кандай дооматтар жок.

Эгерде криминал ѳкүлдѳрү Атамбаевге кысым кыла турган болушса, мени менен сүйлѳшѳт!

- Атамбаев жѳнүндѳ сѳз кылып калдыңыз. Айтсаңыз, аны менен мамилеңиз кандай?

- Жакшы деп айта албайм, бирок бардык саясатчылар менен кандай адамдык мамилем болсо, Атамбаев менен да ошондой мамилем бар.

- Анын дагы деле камакта калып, оор шартта кармалып атканы, кыйноолорго туш болуп жатканы боюнча эмне айта аласыз?

- Атамбаев кыйноолорго туш болуп жатат деген маалыматтардын баары жалган. Ишенбесеңиз, Алмаз Шаршеновичтин ѳзүнѳн сураңыз, айтып берет. Азыркы бийлик Атамбаевге абактын чегинде мүмкүн болгон бардык шарттарды түзүп берүүдѳ. Биз аны УКМКнын жер тѳлѳсүндѳ кармасак деле болмок, бирок анын мурдагы президент экенин эске алып, №47 абакта болуусуна мүмкүндүк бердик. Ѳзүнүн  бѳлмѳсү бар, ичинде турмуш-тиричиликке керектүү бардык буюм-тайымдар бар, эс алуу үчүн шарттар түзүлгѳн, каалаган тамагын жеп, каалаганын иче алат. Кийинчерээк башка абакка которулду, ал жакта да бардык шарттар түзүлүп берилди. Кондиционери бар, телевизору, компьютери бар, интернетке туташтырылган, телефону бар. Ким кааласа кирип, ага жолугуп, сүйлѳшүп чыга алат, чектѳѳлѳр жок. Сиздин “адам чыдоого мүмкүн болбогон шартта жатат” дегениңиз калп. Ѳзүнѳн сурап алсаңыз болот.

Кыйноолор болуп жатканын айттыңыз. Азыр башка мезгил, андай кѳрүнүштѳр жок. Мурда болсо болгондур. Азыр СИЗОдо да, абактарда да андай кыйноо, уруп-согуу фактылары болбой калган. Балким, криминалдын ѳкүлдѳрү бири бирине кысым, басымдарды кѳрсѳтүп жатышкандыр. Бирок саясатчыларга карата андай кѳрүнүштѳр таптакыр жок. Эгерде криминал ѳкүлдѳрү Атамбаевге кандайдыр кысым кыла турган болушса, анда алар мени менен сүйлѳшѳт.

- Айткандарыңыз ишенимдүү угулууда.

- Ошондой болот. Мени менен сүйлѳшүүгѳ туура келет анда. Мен муну ачык айтып коёюн.

Ар бир чиновник мыйзамдын күчүнѳн коркушу керек!

- Коомчулукта сиздин С.Жапаров менен мамилеңиз боюнча ар кандай кептер жүрүүдѳ. Экѳѳңүздѳрдүн тандемиңиздерге жарака кеткени айтылып, жазылууда. Ошол эле мезгилде сиздердин футбол боюнча улуттук курама команданы колдоп, сүрѳп жатканыңыздарды кѳрүп жатабыз. Айтсаңыз, мамилеңиздер кандай?

- Андай кептердин баары ушак, имиштер. Башкы командачы, президент Садыр Нургожоевич менен мамилем эң жакшы. Мындан ары да ошондой болот. Биздин мамилебиз анын же менин кызыкчылыгым үчүн эмес, эң ириде элдин, ѳлкѳбүздүн  кызыкчылыгына кызмат кылат. Менин президенттин жолун кесип ѳтѳйүн деген эч кандай  ниетим жок. Анын бардык маселе боюнча, анын ичинде мага байланыштуу да каалагандай чечимдерди кабыл алууга эрки бар. Ошондуктан коомдо кандай сѳздѳр айтылып, ушактар таркатылбасын, биздин мамилебиз эң жакшы бойдон кала берет. Бул мамиле саясаттан кеткенден кийин да сакталып кала берерине бѳркүмдѳй ишенем. Аң-сезимдүү, акыл эстүү адам катары саясат эртеби, кечпи бүтѳрүн жакшы түшүнѳбүз. Мен да кетем, президенттик мѳѳнѳтү аяктаганда ал да кетет. Биздин достук мамилебиз андан ары улана берет.

- Эртеби, кечпи бийликте туруунун мѳѳнѳтү бүтѳрүн түшүнѳ тургандыгыңыз кубантпай койбойт. Мен мурдагы саламаттыкты сактоо министри А.Бейшеналиев менен маек кылганымда, анын жоопкерчиликке тартылбай турганына ишенимин байкаган элем. Анын президент менен эң жакшы мамиледе экенине карабай, УКМК чечкиндүүлүгүн кѳрсѳтүп, ага кылмыш ишин козгоп, камакка алынды. Бул боюнча эмне айта аласыз? Анын ишинде чындап эле коррупция болгонбу?

- А.Бейшеналиевге кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан козголгон. Анын иши боюнча материалдардын баары алардын колунда. Бирок бир нерсени белгилеп кетейин, жазасыз калуу андан бетер абалды оорлотот. Ошондуктан биз ѳз жоопкерчилигибизди сезип жатабыз. Мен мыйзамдардан корком. Ошондой эле ар бир чиновник мыйзамдын күчүнѳн коркушу керек. Мыйзам алдында баары бирдей. Мейли, ал президенттин, ѳкмѳт башчынын, же дагы башка бирѳѳнүн адамы болсун, мыйзамдын күчүнѳн эч нерсе куткара албайт. Президентке, же башкага таянып, жоопкерчиликтен кутулуп кетем деп ойлоо туура эмес. Мен дайыма жакындарыма, туугандарыма “мыйзамсыз иштерди кылсаңар, коррупцияга аралашсаңар, жакыным экениңерге карабай камайм”- деп айтып, эскертип турам.

- Сиз буга чейин жарандык кызмат адамы элеңиз. Ага карабай атайын кызматты жетектеп калдыңыз. Кызматка дайындалгандан кийин атайын органдын ашканасын, табиятын үйрѳнүүгѳ кѳп убакыт кеттиби?

- Мен мыкты  жогорку окуу жайын бүтүргѳм, пайдубалым жакшы түптѳлгѳн. Союз кезинде мен окуган окуу жайда кыргызстандыктар аз окушкан. Себеби, ал окуу жайга ѳтүү, анда окуу оор эле. Мен Томск мамлекеттик университетинин химия-технологиялык факультетин аяктагам. Окуп жүргѳн мезгилде бир күн да сабакты калтырбай, экзамендерди убагында тапшырып, ийгиликтүү бүтүргѳм. Андан кийин экинчи жогорку билим алып, юрист адистигине ээ болгом. Ошондуктан кайсы мамлекеттик органды болбосун жетектѳѳгѳ билимим жетет. Анын үстүнѳ атайын кызматтын спецификасы мага жакын. 14 жыл мурда Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигин ийгиликтүү жетектеп, генерал чинин алгам. Ага чейин министрдин жардамчысы, акимдин орун басары болуп иштедим, бир канча жолу депутат болуп шайландым, фракция лидери болдум. Атайын кызматты жетектѳѳгѳ билимим да, тажрыйбам да жетиштүү.

Коопсуздук  кызматтын жетекчиси кызмат оруну атайын, базалык билимди талап кылат. Кызматка келгенде ишти шыр баштап кеттим деп айта албайм. Башында кыйынчылык болбой койгон жок. Терминдерди окуп, үйрѳнүү баарынан кыйын болду. Мыйзамдарга таянуу менен чечимдерди кабыл алуу мен үчүн жеңил болду. Себеби, чечимдерди кабыл алуу боюнча тажрыйбам жетиштүү. Учурда кесиптештерим, атайын кызматтын кызматкерлери менен жакшы түшүнүшүп, иш алып баруудабыз.

- Айтсаңыз, мурдагы постсоветтик ѳлкѳлѳрдүн атайын кызматтары Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен байланышкан. Россиянын атайын кызматындагылар сизди алгач кабыл алышпаганы айтылып келет. Чын эле ошондой болду беле? Башка ѳлкѳлѳрдүн атайын кызматтары менен маимилеңиз кандай? Байланышыңыз  барбы?

- Бул кайрадан эле имиш кептер. Менин бардык кесиптештерим менен мамилем жакшы. Ошол эле ФКК, МКК, ж.б. атайын кызматтары менен кызматташып келебиз. Ѳзүбүздүн ѳлкѳлѳрдүн коопсуздугу үчүн биргелешкен чечимдерди кабыл алган учурларыбыз да болот.

Эл, мамлекет алдында абийирим таза, жүзүм жарык!

- Тажикстан боюнча сурабай коё албайм. Чек ара маселесин УКМК тескеп калбадыбы. Ѳткѳн жылдагы 36 адамдын ѳмүрүн алып, 180 адамды жарадар кылган Тажикстан менен чек аралаш аймакта орун алган конфликттин себебин эмнеден кѳрѳсүз? Тажикстандын пландалган  согуштук агрессиясы болдубу же сиздер тарабынан шалаакылыкка жол берилдиби? Бул курмандыктар үчүн сиздер кандайдыр бир  жоопкерчиликти сезесиңерби?

- Биздин чек арада орун алган ар бир конфликттер үчүн моралдык жоопкерчилигибиз бар. Чоң, кичине экенине карабай, орун алган окуялар үчүн жоопкерчиликти сезебиз. Юридикалык жана саясий жоопкерчилик үчүн окуянын келип чыгуусун иликтеп, кайсы жерден туура эмес иш-аракетке бардык, конфликтти алдын алууга же токтотуу үчүн кандай чечимдерди кабыл алдык, ушул суроолорго жооп беришибиз керек. Аталган конфликт узактан бери бышып, жетилген эле. Андан кийин да маал маалы менен орун алып жатат. Чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо иштерин бүтмөйүнчө конфликттер токтобойт. Аны баарыбыз билип турабыз. Бирок ошого карабай кырдаалды жумшартып, конфликттердин чыгуусун алдын алуу, кесепеттерин минималдаштыруу багытында тынбай иш-аракеттерди жүргүзүп келатабыз. Кокус чек арада жаңжал орун алса, биз биринчи кезекте адам өлүмдөрүн  болтурбоону ойлонушубуз зарыл. Келтирилген материалдык зыяндардын ордун толтурууга болот, бирок адам өмүрлөрүн калыбына келтире албайбыз. Ошондуктан биздин жоопкерчилигибиз чоң. Биздин чечимдердин айынан адам курмандыктары болуп кетсе, жарандар жабыркап калса, мыйзам чегинде жооп беребиз.

- Эгерде сиз жоопкерчилигиңизди сезсеңиз, анда сиз кызматтан өз каалооңуз менен кетишиңиз керек эле да. Чек арада чатактар орун алган учурда коомчулук сиздин кызматтан кетүүңүздү талап кылышты. Бирок сиз  кызматтан кеткен жоксуз. Демек, сиз буга чейинки чек арадагы конфликттер үчүн өзүңүздү жооптуу эсептебейт экенсиз да...

- Чек ара аймактарында орун алган окуялар үчүн өзүмдү күнөөлүү эсептебейм. Менин эл, мамлекет алдында абийирим таза, жүзүм жарык. Көпчүлүк маселенин өзөгүн билишпей эле айыптай беришет. Маселенин коомчулук билбеген белгисиз жактары көп. Мен кызматым боюнча конкреттүү конфликт, чыр үчүн эмес, жалпы өлкөнүн, элдин коопсуздугу үчүн жооптуумун. Мындай жагдайда жоопкерчиликсиздик кылып, баарын таштап, кызматынан кетип кала албайм.

- Өзүңүзгө болгон сындарга кандай карайсыз?

- Абдан жакшы. Каалагандай сындап, жаза бергиле. Болгону ал сындар объективдүү, факты, аргументтерге негизделген болсун. Туура эмес иш кылып атсам, аны да факты менен айткыла, билдиргиле. Бирок курулай айыптоолордон алыс болгула. Азырынча мага коомчулуктун чоң дооматы жок. Анткени, мен мамлекеттен эч нерсе уурдаган жокмун, туура эмес иштерди кылбадым, өзүмдүн кызмат абалымды жеке кызыкчылыктар үчүн пайдалангандан алысмын. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатам.

Журналисттердин сындары, көз салуулары бизди кадимкидей тартипке чакырат, тарбиялайт. Журналисттердин сынына калбайын деп ар бир иш-аракетибизди, кадамдарыбызды этияттык менен кылганга, мыйзамдын талаптарынан чыкпаганга  аракет кылабыз.

- Биз өз ишибиздин кылып аткан экенбиз да…

- Ооба, силер өз ишиңерди кылып келатасыңар. Силер бизди дайыма  көзөмөлдөп турасыңар. Ал бизди кубандырат.

- Мен сизди Бакиевдин жактоочусу катары кабыл алам. Жогорку Кеңештин бир жыйынында депутаттардын баары Бакиевге каршы добуш беришкенде, жалгыз сиз Бакиевди колдогонуңуз эсимде. Азыр аны реабилитациялоо аракети жүрүп жаткандай таасир жаралууда. Анын кайтып келишине шарттар түзүлүп жаткандай… Айтсаңыз, эмнеге антип атасыңар? Же аны менен жакшы мамилеңиздер бар үчүн кандайдыр бир көз карандылыгыңар барбы?

- Сурооңузда айтылгандай - “Жогорку Кеңештин жыйынында Бакиевди колдоого алганыма” токтолоюн. Бакиевдин учурунда ошол эле А.Мадумаров, Д.Үсөнов, М.Султанов ж.б. Бакиев тарапта болушуп, мен жалгыз калгам. Тескерисинче, мен өзүм жалгыз Бакиевдин учурунда Конституцияны кабыл алууга каршылыгымды билдиргем. Акыйкаттык тебеленип жаткан жерде унчукпай тура албайм. Ошондо “элге, өлкөгө каршы Конституцияны кабыл алып жатасыңар”- деп айтып чыккам. Менин айтканым ырасталып, 3-4 айдан кийин Конституциянын долбоору кайрадан кабыл алынган. Эгерде мен ошондо каршы чыкпай, башкалар сыяктуу эле колдоого алганымда, мыйзам бузууларга жол берген Конституция кабыл алынып, анын кесепети жаман болмок. Мен жалгыз каршы болгонум үчүн кайрадан каралып, кабыл алынган. Ошондо мен Бакиевди колдогон эмесмин, тескерисинче, каршы чыккам.

- Конституциянын ал долбоорун кабыл алууга эмнеге каршы чыккансыз?

- Ал Конституция одоно мыйзам бузуулар менен кабыл алынган. Мыйзамдык процедуралар сакталган эмес, аны кабыл алдырууга басымдар болгон. Ошол жагдай мага жаккан эмес. Ар бир мыйзамдар коомчулуктун талкуусунан кийин кандайдыр кысым, басымдарсыз мыйзамдык процедураларды бекем сактоо менен кабыл алынууга тийиш.

Эми Бакиевди реабилитациялоо боюнча сурооңузга жооп берейин. Аларды реабилитация кылалы деген эч ким жок. Аларды эл гана кайсы бир учурда реабилитациялай алат. Бийликтин Акаевди, Бакиевди, Отунбаеваны, Атамбаевди же Жээнбековду реабилитациялоо планы жок. Биз тигил же бул саясий күч, клан үчүн иштебейбиз, элдин кызыкчылыгы биз үчүн баарынан жогору турат. Дагы кайталайм, Бакиевдерди реабилитациялоо боюнча эч кандай ниетибиз да, каалообуз да жок. Ага эч бир бийлик барбайт. Акаевди, Бакиевди кечирип, реабилитациялоо элдин каалооосуна, эркине жараша болот.

- Ош коогалаңы боюнча иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүп жатасыздар. Сиздин оюңузча, бул маселенин азыр көтөрүлүп жатканы туурабы? Бул коомчулукта кандайдыр нааразылыктарды жаратып, саясий кырдаалды курчутуп ийбейби?

- Биз кимдир бирөөлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн убакыт тандабайбыз, жоопко тартылуучу адамдарды да тандабайбыз. Мындай мамиле кылуу туура эмес болот.  Бүгүнкү мезгил, мыйзамдар талап кылууда. Биз өз учурунда мыйзам чегинде тийешелүү чечимдерди көрүшүбүз зарыл. Кимдерди жоопко тартууну тандоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Июнь окуясы боюнча тергөө, иликтөө иштерин Башкы прокуратура жүргүзүүдө. Ишти аягына чыгарса, сот чечимин чыгарат.

- Бизде дагы кезектеги революция болобу? Сизде бул боюнча маалымат барбы?

- Кээ бир саясий күчтөрдүн өлкөдө ызы-чуу уюштуруп, бийликти тартып алууга болгон ниеттери, көксөөлөрү  бар. Алардын аракеттери революцияга алып барабы, жокпу, ал башка маселе. Биз албетте, атайын кызмат катары жөн отурган жокпуз. Мыйзам чегинде алдын алуу, ызы-чууларды болтурбоо, дестабилдүүлүк кылгысы келгендерге чара көрүү иштерин жүргүзүп атабыз.

Эл, коомчулук революция жакшы нерселерге алып келбей турганына ишенип бүттү. Бизге революциялык эмес, эволюциялык өнүгүү, мыйзамдык бийлик алмашуу керек. Эгерде коомдо саясий чыңалуу болсо, бардык саясий күчтөр элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн компромисстерге барышыбыз кажет. Мен революцияны эңсеген бардык саясий күчтөрго кайрылып жатам. Алар келип атышат, сүйлөшкөндөн кийин андай ойлорунан кайтышууда.

- Сиздер андай күчтөрдүн сүйлөшүүлөрүн тыңшайсыздар да ээ?

- Биз көзөмөлдөйбүз. Өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек келтирген күчтөрдүн аракеттерине көз жумуп, алардын колдоруна курал алып, аянтка чыгуусун күтүп отурбайбыз. Алдын ала эскертүүлөрдү берип, мыйзамдык чараларды көрөбүз. Биз өз ишибизди кылып аткан кезде эч кандай революция болбойт. Өлкөдө башаламандык, ызы-чууларды уюштуруп, элдин тынчтыгын буза турган болсо, аларга мыйзам чегинде катуу чараларды көрөбүз. А мыйзамдар бизге андай чараларды көрүүгө укук берет.

Эмнеге буга чейин революциялардын болуп кетүүсүнө жол берилген? Мыйзам чегиндеги чаралар убагында көрүлгөн эмес, кечигип калышкан. Анын кесепетинен анархиялык абал жаралган. Өлкө башчылары эмне кыларды билбей отуруп калышкан, ал эми күч түзүмдөрү команда күтүшүп, конкреттүү чараларды көрө алышкан эмес. Революциялык кырдаалды алдын алуу, саясий күчтөрдү нейтралдаштыруу иш-аракеттери да жетиштүү  болбогон. Натыйжада элдин куралдануусуна чейин жол берилип калган.

- Бардык саясий күчтөр менен иштешүүгө, кызматташууга даяр экениңизди айттыңыз. Азыр саясий күчтөрдүн бир бөлүгү төңкөрүш жасоого аракет кылышкан деп айыпталып, аларга карата сот иштери жүрүп жатат.

- Мисалы, кимдерди айтып жатасыз?

- Курсан Асанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков. 5-октябрда сиздер бийликке келдиңиздер. Эмнеге буларга козголгон кылмыш иштерин жокко чыгарбай жатасыздар?

- Бир аз сабыр кылып, чыдап туруңуз. Сот өз чечимин чыгарат.

- Алардын акталарына убада бере аласызбы?

- Убада бере албайм. Чечимди сот чыгарат.

- Кыргызстандын жараны катары революция болуусун каалабайм. Бирок кимдир бирөөгө карата акыйкатсыздык болуп жатканын көрүп, нааразы болбой коё албайсың…

- Садыр Нургожоевич мамлекет башында турганда, акыйкатсыздык болбойт. Атайын кызматтын жетекчиси катары акыйкатсыздыкка жол бербей тургандыгыбызга ишендирип кетем.

- УКМК кызматынын жетекчилигинен кеткенден кийинки карьераңызды кандай көрөсүз?

- Биринчиден, убакыт көрсөтөт. Экинчиден, албетте, Кыргызстанда жакындарым, элим менен бирге тынч, жай турмуш өткөрүп, эл катары жашагым келет.

- Сыртка качып кетпейсизби?

- Жок. Андай эч качан болбойт. Мен Кыргызстанды ашкере сүйгөн кыргызмын. Мамлекетибизди мекени катары баары сүйүшөт, бирок  мен  өзгөчө сүйөм. Сыртка чыксам да, кайра бат эле сагынып, куса болуп мекениме кайтып келем. УКМКнын төрагасы кызматынан кеткен соң эл ичинде тынч жашоо өткөрө тургандыгыма ишенем. Эмне үчүн ишенем? Себеби, мен азыр кандай чечим кабыл алып атсам, алардын баары мамлекетибиздин кызыкчылыгына багытталган. Ал чечимдер кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Бирок алар элге, өлкөгө пайда алып келе турганын билем.

Маектешкен Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине