Өкмөтбек Алмакүчүков: «Жашоо мени саясатка кайтууга аргасыз кылууда»

13:02, 17 Февраля 2015

Шайлоо алдындагы жарыш жакындаган сайын, окуялар ошончо кызыктуу, пикирлер палитрасы ар түрдүү, о.э. өздөрүн саясий марафондун катышуучусу катары атай тургандардын аттары да кызык боло баштады. Биздин бүгүнкү маектешибиз – туризм жана спорт боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы, азыркы бизнесмен Өкмөтбек Алмакүчүков.

Геосаясат тууралуу

-Өкмөтбек Мукашевич, сиз  «Ысык-Көл демилгелери» курултайынын уюштуруучусу болдуңуз.  Бул долбоор туурасында кеңири айтып берсеңиз.

- Курултайдын уюштуруучусу «Ысык-Көл иштиктүү клубу» болду, ал эки  жылдан бери иштеп келет. Клуб  мамлекеттик кызматтарда иштеген, бизнес менен алектенген, алардын кичи мекенинин келечегине кайдыгер карабаган Ысык-Көлдүн чыккан ийгиликтүү  кулундарын бириктирген. Биздин клубга ысык-көлдүк жаштар кайрылышып, бул курултайды өткөрүү демилгелерин  билдиришти. Жаштар дүйнөдө болуп жаткан окуяларга тынчсызданганын билдирип, бул кырдаалды талкуулоону чечишиптир.

- Аларды эмне тынчсыздандырып жатыптыр?

- Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры, өлкөнүн бир бүтүндүгү, көз карандысыздыгы.  Алар бирөөнүн геосаясий оюнунда оюнчук болгулары келишпейт. Кыргызстан  Украина, Сирия, Ливия сыяктуу болуп калбасын дешет.

- Кичинекей Кыргызстан мындай тагдырдан кантип кача алат жана чоң геосаясатка канткенде тартылбай четтеп калат?

- Биринчи кезекте биз артыбызга кылчайып карап, өз тарыхыбызга көз салышыбыз керек. Айрымдар, көз карандысыздык бизге асмандан түшкөнсүп, тагдырдын белеги деп жаңылыш эсептеп жатышат. Мен муну менен макул эмесмин. Үч кылым мурда эле Кокон кандыгынын курамында жүргөн кезинде эле, ата-бабаларыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга аракет кылышкан. Биздин ата-бабаларыбыздын акылмандыгы, азыркы тилде сүйлөө менен, улутту сактап калуу  жана мамлекеттин көз карандысыздыгын жана мамлекеттүүлүк алуу максатында өздөрүнө стратегиялык өнөктөштү тандоо чечимин кабыл алгандыгында турат. Биринчи аракет 1842-жылы болгон, анда Ысык-Көлдүн жээгинде түндүк кыргыздарынын көзүрлөрү чогулуп, күн тартибине улуттун келечеги жана кыргыздардын этнос катары сакталып калуу маселелери коюлган.

- Андан бери кырдаал өзгөрдүбү?

- Белгилей кетүү керек, биздин ата-бабаларыбыз геосаясатты жакшы түшүнүшкөн. Алар улуу урматтуу Император айым  Елизавета II ге Орусиянын курамына кирүү ниетин билдирген кабар жиберишкен, анткени түштүктөн Улуу Британиянын колонияалаштыруу толкуну каптап келе жаткан. Эгер биздин ата-бабаларыбыз  мындай кадамга барышпаганда, биз анда англис тилдүү калк болуп калмакпыз. Эми, кылым өткөрүп бардыгы өз жерлерине кайтып жатышат. Майдан баштап Кыргызстан Бажы биримдиги менен Евразия экономикалык мейкиндигинин толук кандуу мүчөсү болот. Бул, убакыт өтсө да байланыштын бузулбагандыгын айтып турат. Тарых, ата-бабаларыбыздын стратгеиялык өнөктөштү тандоодо жаңылбагандыгын көргөздү. Биз андан баш тартып, жаңы жолдорду издебегенибиз жөн. Моюнга алуу керек, Орусия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн билим берүү тармагында, дүйнө коомчулугунун маалымат айдыңына кирүүдө,  биздин дүйнө таануубуздун түзүлүшүндө болуп көрбөгөндөй майнаптуулук берди. Биздин ата-бабаларыбыз тарабынан совет мезгилинде абдан жакшы иш жасалган. 

- Сиз, Бажы биримдигине кирүү пайда алып келет деп ойлойсузбу?

- Кандай болгон күнү да, Бажы биримдиги бизге таңууланган либералдык-буржуазиялык демократиялык принциптерден оңоюраак чыгууга жардам берет, бүгүнкү күнү анархияга жана  баарына жол берилген башаламандыкка айланган либералдык экономиканы тутумдаштырууга жардам берет. Бажы Биримдиги өлкөлөрүнүн стандарттары боюнча ченемдик-укуктук базаны өзгөртүү аркылуу биз Евразия мейкиндигинин ичинде бизнесибизди ийгиликтүү өркүндөтө алабыз.  Эң башкысы, кыргызстандыктар түшүнө билиши керек, бизнес – бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн негизги түзүүчүлөрдүн  бири. Биздин элибиз дагы эле өткөн кылымда жашайт жана чиновниктер аларга акча алып келип берет деп эсептешет. Бирок, жаштар бул керектөө психологиясынан оолактай баштады, убакыттын өтүшү менен алар мамлекетке өнүгүүгө жардам берет. Албетте, ББ кирүү көп кыйынчылыктарды алып келет. Бирок, биз бул интеграциялык процесске жеңил кире турган элитаны даярдап алышыбыз керек. 

Жаштар туурасында

- Сиз басымды жаштарга коесузбу?

- Ооба, анткени жаштар жакынкы келечекте биздин өлкөнүн саясатын аныктап башташат. Жаштар – бардык саясий процесстерге активдүү катышкан калктын бир бөлүгү, алар шайлоолор жана митингдерден баштап, жолдорду жабууга чейин катышып жүрүшөт.

- Кыргызстанда  жаштарды таттыктуу деп ойлойсузбу? Биздин жаштарда моралдык негиз, мамлекеттин баалуулугун түшүнүү, мекенчилдик барбы? Же алар үчүн маанилүү нерсе – материалдык жыргалчылык менен акчабы?

- Кыргызстандагы жаштар ар кандай. Биздин иштиктүү клуб устаттарга муктаж болгон, тажрыйба алууга умтулган жаштарды топтой алдык. Алар билим менен чөнтөктөгү диплом – ийгиликтин ачкычы жалгыз ушулар эмес экенин жакшы түшүнүшөт.  Көз карандысыздык жылдарында биз партиялык, саясий элитаны өстүрүп келген устаттардын институтун түгөтүп бүтүрдүк. Бул институт кесиптик багыт алуу, элдерди башкаруу билгичтиги, лидерлик сапаттарды тарбиядоо бөлүгүндө негизги орунду ойноду. Менин оюмча, биздин өлкөдө устаттык институт жетишпей жатат.

- Айтмакчы, ысык-көлдүк жаштар туурасында айтып жатып, өткөн жылы саруулуктардын митинги туурасында эстебей коюуга мүмкүн эмес. Бул эмнеге болуп өттү?

- Бул маанилүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү калкты четтетип койгондуктарынан келип чыкты. Мисалга, ошол  эле Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдө. Мындай сүйлөшүүлөргө жарандык коом тартылышы керек алар тигил же бул аймактын кызыкчылыгын чагылдырып турушмак.  

- Б.а. саруулуктардын талабы менен макул экенсиз да?

- Макулмун. Бул аргасыз чара болгон. Ошол күндөрү , алар курчоодо турганда мен Сарууда болдум. Алар менен сүйлөштүм, кеңеш сурашты. Ошондо биз, иштиктүү клубдун активдүү тобу, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге кирип, аны коменданттык саатты киргизбөөгө көндүрдүк.  Эгер бийлик комендаттык саатты киргизе турган болсо, анда окуялардын өнүгүүсү көзөмөлдөн чыгып кетмек. 

- Бирок, Кумтөр жетекчилигине саруулук жаштар тарабынан болгон опуза талабы, бул туура эмес да?!

- Бул иштелип чыккан нерсе. Ким тарабынан иштелип чыккандыгын айтуунун мааниси жок, бирок максат – ушул балдардын ач көздүгүн көргөзүү болгон. Алар ушул тузакка илинип калышты.

- А чынында кандай болду эле?

- Акча тууралуу кеп болгон, бирок ал максаттуу акча, айылдын өнүгүшү туурасында болгон. Сүйлөшүү процессинде бул балдардын жеке кызыкчылыктары ойгонуп кеткен.

Саясат тууралуу

- Келиңиз,сиз туурасында сүйлөшөбүз. 2005-жылдагы март төңкөрүшүнөн кийин сиз мамлекеттик башкармалыкта иштеген жоксуз. Эмне иш кылдыңыз?

- Мамлекеттик кызматка мен бизнестен келгем. Ошондуктан, 2005-жылы кайрадан өз бизнесиме кеттим. Ошондон бери сүйүктүү ишимди кылып келем – тейлөө тармагында жумушчу орун түзүү, туристтик тармакта Кыргызстанды алга жылдыруу. Мамлекеттик кызматтан кетүү мен үчүн өтө кайгы болгон жок.

- Бизде саясатчыларды, негизинен кайсы президенттин тушунда иштегенине карата бөлүшөт. Сизди акаевдик адис деп эсептесе болобу?

- Мен жеке Акаев тарабынан ишке чакырылгам. Ушундан алып караганда, мен анын кишисимин деп айтсам болот. Бирок, башка жагынан алып караганда, мен ага жакын  жана өлкөнүн ичиндеги саясатты аныктап турган топтун мүчөсү эмес болчумун. Ал жакта эмне болуп жатканы мага белгисиз болчу. Башка жагынан алып караганда, мен 4 жылдан ашык мамлекеттик кызматта иштедим. Тажрыйба топтодум. Мен көптөгөн иш жүрүмдөрүн түшүндүм, бул тажрыйба мага бизнесте, эл менен, жарандык коом менен алакада  жардам берип жатат. 

- Ал эми Акаев менен жеке мамиле сакталып калдыбы?

- Жок, аны менен байланышкан жокмун…

- Бир убакта сиз  «Москва үйү» долбоорун башкаргансыз. Бүгүн ал долбоорго эмне болду?

- Мен бир нерсени түшүндүм, мамлекет катышкан жерде, бул учурда Москва өкмөтү, ишмердүүлүгүң келечексиз болот экен.  «Москва үйү» менен болгон жагдайда баарына белгилүү Борис Силаевдин ролу чоң болду, ал саясатты өз кызыкчылыгында жүргүзгөн жана бул долбоорлордун артынан көп акча табууну да көздөгөн. Бүгүн жер маселелери, башка курамдык маселелер боюнча сот иликтөөлөрү жүрүп жатат. Адилеттик жеңип чыгат деп ойлойм...

- Сизди саясатка кайра кайтып келди деп эсептей берелиби?

- Мен эч жакка эч качан атайылап барбайм. Бирок,  мени турмуш өзү түртмөлөп, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга алып келет. Бүгүн ошол эле бизнестин келечеги саясаттан көз каранды. 

- Б.а. сиз мамлекетти башкарууга катышууну каалайсызбы?

- Экономикалык блокту майнаптуу башкарууга.

- Сиздин  өлкөнүн саясий элитасынан көңүлүңүз кала элекпи? Чейрек кылым – ошол эле адамдар, ошол эле чагымчылдык, көйгөйлөр? 

- Саясий элита жагына келсек, мен үчүн 90-жылдарда эле убакыт токтоп калган. Анткени, 70-80-жылдардагы элита азыр жок. Бизде коньюктуралык маселелерди тутумдуу чечүү, тармактарды сабаттуу башкаруу жок, кайсы аймакта кандай тармактан келечектүү экенин, эмнеге багыт алуу керектигин тастыктоочу кластер жок. Мына ушул маселелер чечилген эмес,  ошого ылайык биз мамлекеттик деңгээлде ойлоно алган саясий элита бар деп айта албайбыз. Элитага таандык болуу – төшүңдө депутаттык белгинин болушу же министрдин портфелинин болушу менен аныкталбайт. Адамдын элитасына жарандык коомдун эмгеги сиңген жана акталган сыйлуу мамилеси киргизет.

- Сиз  «Туран»саясий партиясынын мүчөсү болчусуз. Азыр бул партия барбы?

- Бул партиянын түзүүчүлөрү – Сарпашевдер. Мен алардын чакыруусу менен 2007-жылдагы парламенттик шайлоого катышкам.

- А бул шайлоого ким менен барууну пландаштырып жатасыз?

- Сунуштар көп, анын үстүнө кеп жалгыз мен туурасында болгон жок, кеп Ысык-көлдүк чыгаан жаштардан жана ишкерлерден турган иштиктуу клуб туурасында да болуп жатат. Бүгүнкү күнү персондоштуруунун негизинде жекече мамиле депутаттын же министрдин болочок ишмердүүлүгүндө эч кандай натыйжа бербейт. Мүмкүн,  бизди трайбалисттик мамиледе күнөөлөшөөр. Бирок, биз Ысык-Көлдүн кызыкчылыгы үчүн иш алып бармакчыбыз, аймакка туруктуу өнүгүүнү камсыз кылып жана ушул формат аркылуу биз бул маселелер боюнча кызматташа турган саясий күчтү  аныктай алабыз. 

- Акыркы убактарда трайбалисттикте эч жаман нерсе жок дегенге коомдук ишмерлер да, тарыхчылар да  көнүп келатышат. Эгер конкреттүү аймактын тургуну келип, парламентте так ушул аймактын кызыкчылыгын коргосо, мында жаман нерсе жок, пайда гана келет. Бул ой сизге жакынбы?

- Ооба. Биз бүгүн өзүнчө алган аймактын өнүгүүсү туурасында айтышыбыз керек.  Өнүккөн аймак – бул өнүккөн мамлекеттин бир курамы. Биз бүгүнкү күнү борбордук бийлик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун майнаптуу ишин камсыздай алды деп айта албайбыз. Проблеманын буура ушунда. Б.а. бардык ыйгарымдарды жергиликтүү  чиновниктерге берүү менен, биз алардын бул маселе менен тааныш эместигин көрдүк, алар бул ишти кантип аткарууну билбейт, өздөрүнө жоопкерчилик ала албайт. Ошондуктан, биз жаңы элитаны даярдоонун үстүнөн иштешибиз керек, алар Бажы биримдигине кирүү алдындагы азыркы шарттарда тез багыт алып, тигил же бул аймакты өнүктүрүү үчүн кайсы нерсеге көңүл буруу керек экенин таба билүүгө жөндөмдүү болушу керек. Бул белгини биз Ысык-Көлдөн жиберебиз: «Кыргызстандыктар, келгиле, баарыбыз туулуп өскөн аймактарыбызга көңүл бурабыз!». Ар бир райондо, айылда ай сайын тойлор , отуруштар, шеринелер өтүп жатат.  Аларга канчалаган акчалар -  350-400 миң сом коротулуп жатат.  Менин  сунушум, бул акчаларды жегендин ордуна, аларды чогултуп туруп, конкреттүү айылда кандайдыр бир негизги маселени чечүү керек – мектепти оңдоо, маданият үйүн оңдоо, ичүүчү таза суу киргизүү, спорт аянтчасын куруу. Мындай ишмердүүлүктүн майнаптуулугу эки эсе болмок, ал конкреттүү бир айылга пайда алып келмек, ага кошумча жергиликтүү тургундар  алардын балдарынын өсүшүнө мүмкүндүк түзүп берип жаткан өз жердештеринин  камкордугун сезишмек. 

Ысык-Көл туурасында

- Ысык-Көл аймагы туурасында айтып жатканда, сиз анын өнүгүшүн кайсы тармактан көрөсүз?

- Мен бир ишке ашпай калган долбоорго абдан өкүнүп калдым. Туризм боюнча мамкомитеттин төрагасы болуп иштеп жатканда, мен төрт жыл бою Ысык-Көлдүн туруктуу өнүгүшү боюнча чоң долбоор иштеп жаткам. Бул  долбоор болушунча амбициоздуу жана келечектүү болчу, ал Улуу урматтуу  канзаада Ага хан жана анын командасынын көзөмөлү алдында аткарылышы керек болчу. Кеп, биздин көлдүн жээгинде Сан Тропе же Коста – Брава сыяктуу элиталык эс алуу аймагын түзүү туурасында болчу, ал жакка дүйнөдөгү эң бай адамдар келип, эс алуу үчүн көптөгөн акчаларды төлөшмөк.  Бирок, биз тейлөөнү да тиешелүү даражада уюштурмакпыз. Долбоорду иштеп чыгуу аяктап калган, биз аны 2005-жылы майда Бостондо ачууну пландаштырып жатканбыз. Ири мамлекеттердин туризм министрликтеринин деңгээлинде макулдашуулар бар болчу, алар, туризм үчүн  элиталык  эс алуу аймагы катары Ысык-Көлдүн туруктуу өнүгүүсү боюнча башкаруучу консорциум түзүүгө катышууга даяр болушкан. Бирок, белгилүү себептер боюнча, бет ачар болбой калды. Тилекке каршы,  10 жылдын ичинде  бул долбоорго эч ким көңүл бурган жок. Ал эми Улуу урматтуу канзада биринчи адамдар менен гана иштешет. Бирок,бүгүн да жарандык коомдун атынан, аймактын элинин атынан демилге көтөрүп, бул долбоорду ишке ашырууга кеч эмес.

- Көзөмөлдөнбөгөн  жээктеги курулуш  бул долбоорду таптакыр жок кылат деп ойлобойсузбу? Мисалга, канализация тутуму жарылып, бардык ыплас нерсенин баары көлгө кетиши  мүмкүнбү?

- Ооба, бул маселе абдан тынчсыздандырган маселе. Совет мезгилинде чоң жолдун ылдый жагында жеке курулушка тыюу салышчу. Курорттук-ден соолугун калыбына келтирүүчү аймакты өнүктүрүү эс алуу базаларынын негизинде  жүргүзүлгөн жана бардык пансионаттар ии ишканалардын алдында гана курулчу. Буга ылайык, аларга болгон  талаптар да  социалдык мүнөздө болчу жана кынтыксыз аткарылчу. Ал эми бүгүн баары тең туристтердин санына жанталаша башташты. Эмнегедир бул жакка 2 миллион турист алып келүүгө аракеттер күчөдү. Бирок, эч ким өзүнө мындай суроо берген жок – Көл мындай агымга туруштук бере алабы?  Азыр Кумтөрдүн экологияга келтирген зыяны  арткы планга чыкты, бүгүн кеп элден болуп жаткан экологиялык зыяндар туурасында болуп жатат. Санына кызыгуунун кереги жок.  Ысык-Көлдө таптакыр башка да ресурстар бар, мисалга: тоо-лыжалык туризм, жогорку класстык тейлөөсү менен элиталык эс алуу аймагы.  Мындай учурду да эске алуу керек, бүгүн Ысык-Көлгө жергиликтүү калк, айыл тургундары тарабынан басым болуп жатат.  Муну менен эч ким алектенген жок. Пансионаттар менен катар көптөгөн жеке үйлөр курулду, алардын казып алган чуңкурларына эч ким нааразы эмес, ал эми эс алуу базаларына талап жогору. Менин оюмча, туруктуу чөйрөнү камсыз кылуу максатында талап  бардыгына бирдей болушу керек.

- Сиз үчүн, ушул жердин кулуну катары, Ысык-Көл эмне?

- Ыйык көл. Мен Ысык-Көлдө  космонавт Алексей Архипович Леоновду кабыл алгам, ал бизде эки жолу эс алып кеткен. Гагариндин айкели коюлган Барскоон капчыгайына  барган, бул жерде аны кадырлуу суучулдар кабыл алышкан. Леонов сүрөт тартууга кызыгат экен. Ысык-Көл – жердин көз көзү эпитети ага таандык. Ал Ысык-Көлдүн космостон алынган сүрөтүн тарткан, ал жактан биздин көл көз сыяктуу көрүнүп, ал эми Тянь-Шань карагайлары анын кирпигиндей көрүнөт экен. 2004-жылы ал бул сүрөтүн Кыргызстанга белек кылган, буга чейин ал өз эмгегин эч кимге тартуулап көргөн эмес. Жеке Акаевге тапшырган. Бирок, тилекке каршы, ал сүрөттү бир да музейден көрө алганым жок. Мүмкүн, журналисттер бул сүрөттү силер издеп табаарсыңар?

- Аракет кылабыз.  Менин байкашымча, көптөгөн космонавттар Ысык-Көлгө келгенди жактырышат. Бул жерде космос менен байланыш барбы?

- Кептин баары, орто тоолуу аймактын шарттары жаңы келген космонавттын, же  мелдештерде көп машыккан спортчунун ден соолугун калыбына келтирүү үчүн абдан ыңгайлуулугунда.

- Сиз кандай ойлойсуз, башка өлкөлөрдөн келген туристтерге да көлгө болгон ушундай кылдат мамиле керек экенин  жеткире алабызбы?

- Мен өз байкоолорумдан мындай жыйынтыкка келдим, чет өлкөдөн келген туристтер ички туристтерге,жада калса жергиликтүү элге караганда, көлгө  аяр мамиле кылышат.  Жергиликтүү калк өздөрүн кожоюн сезип, өздөрүнө бардык нерсеге жол берип койгон учурлар да бар. Бул маданияттын төмөндүгүнөн. Ошол эле казактар же орустар жергиликтүү калктын Ысык-Көлгө болгон мамилесине нааразы. Алар көл жээгине дасторкон дайышпайт, казандарды коюшуп, дарбуздун кабыгын ыргытышпайт. Бул жерде карама каршы пикир көп. Жергиликтүү эл, элиталык пансионаттардын кум жээктеринин аларга ачык болушун талапк ылышууда. Бирок, ошол учурда алар эс алып жаткандардын копсуздугу үчүн жоопкерчилик алышы керек. Пансионаттар кум жээктерин ачаары менен уурулук башталат, эс алгандарды коркутуп башташат. Бул аша чапкандык.  Менин пансионатымда ушундай учур болгондо, жаштарды чогулттум да, алар менен сүйлөшүп баштадым. Алар мындай дешет: «Бул биздин жер! Сиз бизди жумушка алышыңыз керек!» Мен аларга мындай дедим: «Маселе жок. Мен бул долбоорго  4 млн. доллар сарптадым. Болуптур анда,  2 млн. бергиле, анан кирешенин жарымы силердики болот, иштей бергиле». Алар мени бул пасионаттан кет деген маселени коюшту. Бирок, 2010-жылдагы тажрыйба,  улутташтырылып, жергиликтүү коомчулукка берилген пансионаттардын  эмне болгонун көргөзбөдүбү. Эл башкарууга өтө жоопкерчиликсиз мамиле кылышты, анткени алар аны ачууга бир да тыйын салышкан эмес, анын айынан  «Витязь» жана «Солнышко» пансионаттары начарлай башташты. Алар өз убагында гүлдөп турган эс алуу жайлары болгон.

- Анан бул жагдайдан чыгуунун жолу  кандай? Аң сезимди кантип өзгөртүү керек?

-  Жол бирөө гана  - жаштар менен иштөө, тарбиялык иштерди жүргүзүү. Биздин Иштиктүү клуб ушул максатта Ысык-Көл областынын мыкты окуучуларын Бишкекке алып келүүнү уюштурду. Өкмөт үйүнө, министрликтерге экскурсия уюштуруп, министрлер, депутаттар менен жолугушууларды өткөрүп, аларга музейлерди көргөзүштү.  Алар келечекте өлкөнүн өнүгүшү үчүн жоопкерчиликти алышы керек экенин, муну үчүн жакшы окуп, көп эмгектенип, өзүнө жана айлана чөйрөсүнө аяр мамиле кылуусу керек экенин түшүндүрүштү. Тарбиялоо процессинин элементи ушунда. Балдар үйлөрүнө кайтып келишип, бул баргандары туурасында көп нерселерли айтып беришти, эми ата-энелери ушундай экскурсияга баргылары келип жатат. биз аларды да алып келүүгө убада бердик, бирок алар өз айлын өнүктүрүү артыкчылыктарын так аныкташы керек, б.а. алардын жашоосу оңолушу үчүн биринчи кезекте кайсы маселелер чечилиши керек, каржылоо булактарын табуу.  Б.а. бул жерде муундардын өз ара байланышы бар. Анан, алардын балдары аркылуу ата-энелердин аң сезимин азыркы коомго жараша  өзгөрткүбүз келет. Бардыгы үй-бүлөдөн башталат, биз коомдун өнүгүшүнө  ушундай жол менен таасир этишибиз керек.

Лейла Саралаева

Абылай Саралаевдин сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине