Продюсер Фархад Бекманбетов: «Келечекте кыргыз киносу дүйнөлүк аренага чыгат деген үмүттөмүн..»

14:02, 19 Декабря 2014

«Сапатсыз кинодо тартылуу- түбөлүккө түкүрүү»,- деген экен ХХ кылымдагы орустун улу актрисасы Фаина Раневская. Учурда заманбап кинолор, айрыкча Голливуддан чыккан тасмалар көптөгөн эффекттердин жардамы менен ааламды багындырып турган чакта биздин «Кыргыз бермети» кантти экен? Кино жакшы болушу үчүн Голливуддукундай миллион долларларды жумшоо колдон келбегени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Бирок, ошентсе да жакында мурдагыга салыштырмалуу мамлекеттен ири суммага тартылган «Курманжан Датка» фильми дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, айтылуу «Оскар» сыйлыгын жеңип алууга аттанды. Чоң долбоордун (Кыргызстандын ченеми менен) машакаты, ысык-суугун көтөрүү иши сценарийчи, режиссер, оператор, актерлордон тартып жарык берүүчү костюмерге чейин жүктөлөт. Анан дагы алардын башын бириктирген тасманын продюссери да оор жүктү мойнуна артат. Биз кеп кылчу каарман- кыргыз киносунун кайра жаралышына зор салымын кошуп келе жаткан «Айтыш фильм» киностудиясынын, белгилүү «Курманжан Датка» фильминин продюссери Фархад Бекманбетов кино тартуудагы кыйынчылыктар, жетишкен ийгиликтери менен ой бөлүштү. Эмесе сөз башынан болсун...

-   Алгач тактап алсак. Фархад, айтыңызчы, кино деген эмне сиз үчүн?

- Кино бул миң түрлүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон адамзаттын улуу ачылышы. Ал адамдарга кандайдыр бир маанилүү, улуу ойду жеткирип, жан дүйнөлөрүнө дем берип, маанайын көтөрүп же терең ойго чөмүлтөт, боору эзилгенче күлдүрүп же шолоктото ыйлата ала турган күчкө эгедер... Кино мен үчүн ушундай бир өзүнчө керемет дүйнө.

-   Учурунда Союз мамлекеттеринин арасында «Кыргыз бермети» аталган кыргыз киносу менен бүгүнкү күндөгү биздин тасмалардын айрымасы канчалык? Дегеле азыркы Кыргыз киносун кандай сүрөттөп бере аласыз?

- Биздин сыймыгыбыз болгон Союз учурундагы Кыргыздын керемет фильмдерин билбей коюга болбойт, ал фильмдерди көрбөй, түшүнбөй туруп дүйнөлүк маданиятты да, кыргыздын маданиятын да түшүнө албайсын. Алар биздин тарыхыбыз. Албетте заман тогошкон сайын, техникалык, экономикалык, социалдык өнүгүүгө учурап, адамдардын аң-сезими, жашоого болгон көз караштары өзгөрөт. Өткөн доордун көйгөйлөрү бизге актуалдуу эместей сезилет. Бирок, ал фильмдерде чагылдырылган адам менен табигаттын ортосундагы мамиле, сүйүү, достук, чыккынчылык, инсандык, үй-бүлөлүк баалуулуктар сыяктуу темалар бул фильмдердин түбөлүктүү экендигин далилдейт.

Ал доордон кийин кыргыз киносу аксап барып, эми жаңыдан бутуна туруп, жаңы көз караш менен жаңы жеңиштерге, жаңы бийиктиктерге умтулуп, Кыргыз кереметинин кайра жаралуу доорун куруу аракетин жасап жаткан мезгил. Буюрса, Кыргыз Кереметинин учугун улай турчу арабызда таланттуу жаш режиссерлор, операторлор, актер-актрисалар чыгып жатат. Ал үчүн биз талыкпай аракет кылышыбыз керек.

-   Ушул тапта башкаларга караганда коммерциялык фильмдер басымдуулук кылат дегенге макулсузбу? Эгер макул болсоңуз, анда эмне андай тенденция байкалууда?

- Ооба, акыркы жылдары комерциялык фильмдер басымдуулук кылууда. Бирок бул да жоктон жогору деп эсептейм. Анткени, акыркы 20 жылдан ашуун убакыт бою кыргыз киносу мамлекет тарабынан таптакыр каралбай, каржылык колдоо көрсөтүлбөй, кыргыздын мыкты  кинематографистеринин жарымы коңшу мамлекеттерге иш издеп тарап кетишсе, жарымы кылаарга иш жок отуруп калышкан.

Бул коммерциялык фильмдердин агымын кинонун жаш патриоттору баштап кетт. Албетте, алгач баардыгында кандайдыр бир кемчиликтер, жаңылуулар болот, бирок негизгиси токтоп калбай, аккан арыктан суу агып, улам кийинки тасмаларыбыз жакшырып, тажрыйбабыздын такшалышы маанилүү. Комерциялык фильмдердин өнүгүүсүү Кыргызстан улуттук фильмдердин прокаты боюнча Орто Азия мамлекеттеринин арасынан алдыга озуп чыкканы да эң жакшы жетишкендик. Бул биздин киноиндустриябыздын жандануусу менен элибиздин улуттук кинолорго болгон кызыгуусунун көрсөткүчү эмеспи.

-   Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери  кино тармагында көпкө тыныгуу орун алды. Ошол боштукту айрым дилетанттар толтурууга аракет жасап көрүштү. Бирок, ошентсе да алардын жараткан эмгектерин эл аралык сынактардан, дегеле чет жактардан көрө алган жокбуз. Кыргызстандын булуң-бурчтарында гана көрсөтүлүп, тим болуп жатты. Өздөрү болсо, техникалык жетишпестикке шылташты. Сиз ушуну менен макулсузбу?

- Бул мезгил баардык эле искусство тармагындагы чыгармачыл адамдарга оор болду. Бирок, мен ошол кыргыз киносунун чырагы жанбай турган кыйын кезенде өз аракетин кылып, эптеп акча таап кино тартып элге көргөзүүгө аракет кылган адамдарды сыйлайм, анткени кино тартуу бул өтө оор жумуш. Тарткан фильмин жакшы болсо да, жаман болсо да бирдей эле күч-аракет кетет. Ал эми тартылып жүргөн кинолордун көркөм жагын талкуулай турган болсок, ал режиссердун чыгармачылык деңгээлине байланыштуу. Ошол оор учурдун аралыгында деле кээ бир режиссерлорубуздун жарк этип жанган жылдыздай сонун фильмдери да жаралды.

-   Ушуга улай дагы бир нерсе. Биздин тасмалардын дээрлик бөлүгүн көрүп отуруп, сценарийдеги «чийкиликти» байкап жүрөм. Дегеле, азыр ким жазат сценарийлерди? Сиз канааттанасызбы бүгүнкү күндөгү жазылган сценарийлерге?

- Туура айтасыз, азыркы учурда тартылып жаткан кинолордун  сценарийлеринин деңгээли бир топ такшалууга муктаж. Сценарийди азыр кино тартам деп кызыккандар өзүлөрү жазып, өзүлөрү эле тартып калышты. Өкүндүргөнү, бизде сценарий жазуу боюнча жакшы окуу бөлүмүнүн жоктугу. Кинематографисттерди окуткан ЖОЖдорубузда окуу сааты бардыр, бирок ал жакта канчалык деңгээлде окутаарын билбейт экенмин. Кантсе да, сценарий жазууга кызыккандар үчүн бул кесипке профессионалдуу окутуу үчүн атайы факультет ачылса жакшы болмок деп эсептейм. Азыр кыргыз кинематографиясында бирин-серин эле профессионал сценарист бар. Алардын көрүнүктүүсүү эле Талип Ибраимов агайыбыз.

-   Жакында жеке эле Кыргызстанды эмес, дүйнөнү дүңгүрөткөн «Курманжан-Датка» тасмасы жаралды. Ал фильмде сиздин катышууңуз кандай болду, эмне иштерди аткардыңыз?

- «Курманжан Датка» фильминде мен продюсердик милдетти аткардым. Бул фильмдин каражаттык, уюштуруу, келишимдерди түзүү ж.б.у.с. чарбалык маселелердин баары менин жоопкерчилигимде болду. Баштан аяк көп эмгек жумшалды.

-   Айтмакчы, кино жарыкка чыгар замат, өтүкчүдөн тартып, саясат менен шугулдангандар да сындоого үлгүрдү. Сиз алардын кайсынсы менен макул болдуңуз дагы, кайсынысын орунсуз деп эсептейсиз?

- «Бышкан ашка сынчы көп» болуп, жакшысын да, жаманын да, айтор турдүү ой- пикирлер жамгырдай нөшөрлөп жаады. Эл оозуна алынып, кандай болсо да ар ким өз оюн айтып турганы, бул фильмдин элге керек экендигин, эч ким кайдыгер калбагандыгын далилдейт. Менимче баары тең бир ооздон мактап эле калса да туура болбостур... Албетте, орду менен айтылган сын көз караш да болуш керек деп ойлойм. Бирок, тасмага коротулган финансы каражатына тийиштүү айтылган туура эмес ой-пикирлерге чет өлкөдөгү киночулардын ушундай аз бюджетке тарыхый фильм жаратканыбызга суктанышканы жооп болду деп эсептейм. Чет элдик бир кино сынчы кинобуздун бюджетине: «мындай каражатка Голивудда продюсер кофе ичип сигара тартаканга эле жумшайт» деп айтты...

-   Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясын камтыган кинолор тилекке каршы дайыма каржы жагынан аксайт. Менин угушумча «Курманжан-Даткага» деле «жыртык» бюждеттен эптеп, ыйлап-сыктап жатып акча бөлүп беришти. Ошого короткон акчаны нан, майга, пенсияга жумшаш керек дегендер да чыгышты. Аларга эмне деп жооп берээр элеңиз?

- Маданиятка, искусствого болгон мындай мамиле туура эмес. Негизи ар бир улутту, ар бир мамлекеттин жүзү анын маданиятынан байкалат эмеспи, а бизде жыйырма жылда киного бир берилген акчаны нан-чайга жумшаш керек деп отурсак кантип өнүгөбүз? Элдин аң-сезимин көтөрүш үчүн эң биринчи маданиятты, искусствону көтөрүп, колдош керек. Ансыз деле 20 жыл аралыгында канча миллиондогон доллар акчалар кумга сиңген суудай болуп жок болду. Ал эми бул фильм болсо жүздогон жылдарга кыргыз элине көрсөтүлөрү турган иш. Ошондуктан келечек үчүн кино-биздин жашообуздун бир бөлүгү болуусу керектиги шексиз.

-   Келечекте «Курманжан Даткадай» кино жаралабы?

- Келечектен жакшыны гана үмүт кылып «Курманжан Датка» көч башы болуп, кыргыз киносун жаны деңгээлге көтөрүп берди, эми мындан ары дагы кыргыз киносунун шедеврлери жаралсын деп тилек кылалы. Арабызда таланттуу, татыктуу режиссерлорубуз бар, аларды колдоп, мамлекет көбүрөөк көңүл бөлүп, колдоп турса, дагы да мыкты кинолор жаралат.

-   Кыргыздын тасмаларын тышкы көрүүчүлөргө (чет өлкөлөргө) тартуулоо жагы качан арбыйт деп ойлойсуз жана ал үчүн эмне кылуу керек?

- Буга чейин коммерциялык кинолорду коңшу өлкөлөргө бирин-серин коюп келишкен, азыр «Курманжан Датка» тасмабыз чыккандан бери дүйнөнүн төрт бурчунан суранып жатышат келип көрсөтүп  кеткиле деп. Чет өлкөгө коюу үчүн да бир топ уюштуруу иштерин талап кылат,  азыр четинен баштап көрсөтүп келатабыз. Көрсөтүүлөр негизинен биздин чет жерде жүрүшкон мекендештерибиз үчүн. Менимче, азыркы  кыргыз кинолорун чет өлкөгө чыгаруу үчүн чет элдик кинокомпаниялар, прокатчылар менен мамиле түзүшүбүз керек. Өзүбүздө прокат системасын жолго койуп, атайын иш план, программаларды иштеп чыгаруу керек деп ойлойм

-   Сөз акырында кино ышкыбоздоруна жана кесиптештериңизге Кыргыз киносунун күнүнө карата кандай жеке каалооңуз бар?

- Баардык кино жаатына тийешелүү инсандарды кесиптик майрамы менен куттуктоо менен бирге, ар биринин үй-бүлөлөрүнө ынтымак, ден-соолук, каалап, кыргыз киносу ар дайым көгүлтүр экрандардан түшпөй, көрүүчүлөрүбүз кинонун сыйкыр дүйнөсүнө баш багып, көбүрөөк конокко келип турушсун демекчимин
 

- Фархад мырза, биз менен ой бөлүшкөнүңүз үчүн чоң рахмат, алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерге жетише бериңиз!

- Сиздерге да рахмат!

Суроо берген: Турат Бектенов, Фото: Фахад Бекманбетовдун жеке архивинен.



 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине