Салтанат Саматова: «Жараткан балдарым менен дагы узагыраак бирге болууга мүмкүндүк берет деп ишенем»

16:22, 21 Августа 2014

 Салтанат Саматова: «Жараткан балдарым менендагы узагыраакбирге болууга мүмкүндүк берет деп ишенем»

Салтанат Саматованын жагымдуу, коңур үнү өзүнө тартат, андан чагылган жан дүйнөсүнүн жылуулугуна чулганасың, кайра-кайра уккуң келет. Миңдеген кыргызстандыктар “Европа плюс” радиосундагы мукамдуу үнү менен миңдеген кыргызстандыктар чоңойду, сүйүштү ал үндү. Миңдеген кыргызстандыктар аны өз тойлоруна тамада катарында чакыргылары келишет, анткени, ал тойдун шаңын чыгарат. Ошондой эле Салтанат концерт да, теле-шоуну да алпарат. Анын ийгилигинин сыры эмнеде? Эң ири шоу жана иш-чаралардын эң популярдуу алып баруучусунун кыялдары эмне? Ушундай жаш жана сулуу айым жаман дарттын диагнозу менен кантип өмүр сүрүүдө? Булардын баары Салтанат менен болгон маегибизде.

Кыргыз тойлору туурасында

-Белгилүү бир журналист кыргыз тойлорун сарпталган чыгымдар, жайнаган дасторкон, тост, ыр-бий жана ашыкча нерселер менен коштолгон “маанисиз жана ырайымсыз” деп атаган эле. Тамада иш-чараны баштан аяк башкаруусу кажет. Кыргыз той өңдүү эпикалык иш-чараны көзөмөлдөө мүмкүнбү?

- Баары меймандардын билими жана интеллигенттүүлүгүнүн деңгээлинен көз каранды. Кээде 400 адам бир адамдай, баары сени угат, ар бир сөзүңдү илип алып, тамашаларыңды дароо алкыштайт. Ал эми кай бир тойлордо менменсинген 50 мейманды башкаруу оор. Бирок, амалдуу алпаруучу иш-чараны кандай нукка салып, меймандардын көңүлүн тойдун негизги себебине буруп кете алат. Тарбия көргөн адам той ээлерине, алпаруучунун кебине кулак салып, өнөрпоздордун ырын тыңдайт.

- Өзүң кыргыз тойлорун жактырасыңбы?

-Аябай жактырам. Ар кандай улуттагылардын иш-чараларын алпарып жүрөм. Ар бир элге таандык салт-санаасы бар, бирок, кыргыз тойлору өзгөчө жагат. Бизде тамак тартуунун да тартиби бар – биринчи, экинчи, беш бармак жана соңунда сөзсүз түрдө бата берилет. Той берип аткан уруунун эң улуу жана сыйлуулары каалоо-тилектерин билдирет. Адамдар ошол батаны күтүп, дегеле, элден бата алуу үчүн той өткөрөт.

- Тойлордо кыжыр кайнаткан жагдайлар барбы?

-Андай учурлар ар бир тойдо – жанында олтургандарга, артисттерге, алпаруучуга тийишкен тартипсиздер кездешет. Мындай нерселер көп учурда ичкиликтин айынан. Бирок, андайларга жылмаюу, тамаша менен мамиле кылууга аракет кылам.

- Кыргыз тойлору жөнүндө, адамдар неге мынча каражат сарптап, мындай шаан-шөкөт менен той өткөрөт: өзүн көрсөтүш үчүнбү же бактылуу сезиш үчүнбү?

- Ар ким үчүн ар башка – кимдир бирөө өзүн көрсөткүсү, кай бири өз даражасын аныктагысы, кээси эмнеге жетишкенин элге тааныткысы келет. Үйбүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө ар кимдин өз түшүнүгү бар. Мен үчүн бул – эң жакын, мен үчүн чындап күйгөн, мени колдоп, кубанычымы тең бөлүшкөн, чын дилден мамиле кылган адамдарым менен бирге өткөрчү өз ара, жеке майрам.

- Көпчүлүк мындай ири иш-чараларды мыйзам аркылуу тыюу салууну сунуштап келишет. Буга макулсуңбу?

-Жок, мындай тойлор бүлүндүрөт дегендерине каршымын. Ар бир адам карызга батабы же жокпу, өзү чечет. Кенен-кесир той бергиси келсе, ал баары бир өткөрөт. Жаштар кредит алып өткөргөн бир тойду алпаргам. Бирок, алар баарын пландап, акыл менен заманга бап уюштурушуптур. Кредит алып, аны жеп түгөтүп, анан банктын алдына жатып алып, өзүн өрттөгөндөй эмес. Ар бир адамда акыл, бюджет, аракеттеринин тизмеги бар.

Ошол себептен, кимде ким чоң той өткөргүсү келсе, эмнеге болбосун? Өткөрсүн! Мен тойлорду колдойм. Аларды сындап зарылчылыгы жок. Эмнеге билесизби? Алар көп адамдардын каражат табышына мүмкүндүк берет – стилисттер, жасалгалоочулар, гүл жасоочулар, суусундук ташыгандар, кулинар, тамада, артист, бийчилер – бир сөз менен өз чеберчилиги менен каражат таап, үй-бүлөсүн баккандар.

- Мындай тойлордо сиз – тамада өзүңүздү чоочун сезбейсизби?

-Болгон күчүм менен той ээлеринин бир тууганындай болууга аракет кылам. Ата-энелерине ата-апа, балдарына ага-ини, эже-сиңди деп кайрылам. Айрымдар ошол бүлөнүн мүчөсү окшойт деп ойлошот. Даярдык маалында той ээлери менен жуурулушуп кетем да, өзүмдү алардын тууганы сезип калам. Ал бүлөлөр менен мамиле түзүлүп калат да, мени тумар катары неберелеринин жентек, тушоо тойлоруна жана өздөрүнүн маарекелерин алпарууга чакырышат. Туугандык-достук мамилелер куралганда кубанасың, ишке ушундай карайм.

- Эл алдына чыгуу чоң күч-кубатты талап кылат. Кантип кайра калыптанасың?

- Үйгө кайтканда душка түшөм, чарчоом тарайт. Баары босогодон нары калат. Бирок, көп учурда мен иш-чаралардан кубат алам. Ар бир көз карашыңды, ар бир кол жаңсоомду кармай алган аябай позитивдүү жамааттар болот. Алардан кубат алам, баарлашуудан канаат алам. Иш-чара үчүн ыраазычылыгын билдирип, аксакалдар бата беришкени абдан жагымдуу. Бул турмуштук көйгөйлөрдү жеңүүгө, жашоого күч берген абдан позитивдүү энергетика. Мындай учурларды абдан баалайм.

Жаныш Бакиевдин мааракеси жөнүндө

- Апрель революциясынан кийин ММКда Жаныш Бакиевдин 50 жылдык мааракесинен видеотасмалар жарыяланды. Анда сен тамада экенсиң. Бул үчүн сени сындап чыгышты. Андай сындарга жообуң кандай?

- Бийликтегилер өз иш-чараларына мыкты алпаруучуларды чакырышат. Акаев маалында да президенттин, анын жакындарынын иш-чараларын алпаргам. Бакиев тушунда да иш-чараларды алпардым. Мамлекеттин биринчи адамдары жөн эле чакыра бербейт. Эгер мени чакырышса, демек, бул професиссионалдуулугумдун белгисидир.

- Анда сен Жаныш Бакиев өлкөдөгү эң коркунучтуу адам экендигин ойлодуң беле?

-Таптакыр билчү эмесмин, ойго да келген эмес. Азыр деле кандайдыр иш-чараларды алпарууда той ээси кайда иштейт, кайсы облустан, кайсы райондон экендигин сурабайм. Мага бул маанилүү эмес. Салтанаттарга иш катары мамиле кылам. Маараке, үлпөт, бешик той – бул той ээлеринин сыйбелгилери эч мааниге ээ эмес жер. Мен той ээлерине дайым айтам, алар тойдо аткаминер, депутат экендигин унутушун өтүнөм. Алар тойдо бактылуу ата-эне, туугандар, катардагы адамдар.

- Жаныштын тоюнда баары коркуп, чочулап же чыңалууну байкаган жок белең?

-Эч кандай чыңалууну байкай албадым. Баары жакшы олтурушкан. Балким, мен элес алган жокмун. Тойго өзүм да позитивдүү келгендиктен, меймандар да ошондой маанайда келет деп түшүнөм.

-Сени менен белгилүү россиялыкЕвгений Меньшов да бирге алпарган. Ал Жаныш Бакиевдин тоюна кандай карады?

-Ал тойдун ээси ким экендигине да кызыккан жок. Ишбилги катары чакырышты. Тойдо Олег Газманов, дагы бир казак эстрадасынын жылдызы ырдаган.

-Кайсы бирvip-персонанын тоюн алпарууда жашыруун, сыр тутуу боюнча түшүнүк кат жаздырышабы?

-Жок, албетте. Кимге кереги бар анын? Эч ким иш-чарадан сөз этүүгө тыюу салбайт. Тескерисинче, көп адамдар тойдо ким ырдаганын жар салгысы келет. Акыркы кезде кыргызстандыктар «Лондон бит», Сосо Павлиашвилли, «Маранди», «Аттаван» жана башка белгилүү ырчы, топторду чакырууга мүмкүнчүлүктөрү жаралды.

Балалык кыялдар

-ЫсымыңСалтанат,өзүң да салтанаттардын жылдызысын. Були ты сама звезда торжеств.Бул тегин жерденби?

-Балким, тагдырдан. Мурда эч байкалчу эмес, мектепте аябай тартынчаак болчумун. Алгач ирет мектептеги коштошуу аземде элдин алдына чыккам. Орусча да, кыргызча да бирдей сүйлөгөнүмө, дегеле, сүйлөй алаарыма баары таң калышкан (күлүп). Айланам дайым кыймылда болушун жактырам. Достор арасында аябай бакылдаган адаммын. Дайым мага сүйлөштү токтотушка ишарат кылышат, бирок, мен ашып кетсе, 2 мүнөт унчукпай тура алам. Кийин ичимде бир нерсе жарылат да, баарына өз пикирибизди айта баштайм.

- Интеллектуалдык планда ар башка адамдардын башын кантип бириктирип, ошол эле убакта шыктандырып, кызыктуу бойдон кала аласың?

- Буга китептер, баарлашуу психологиясы, өткөн өмүрүм себеп. Бирок, бардык компанияда мыкты же лидер болууга аракет кылам. Унчукпай, эч нерсе билбегендей түр көрсөтө алам. Бирок, кайсы бир олтурушта ачылгым келсе, мени эч ким токтото албайт.

- Балалыкта, өспүрүм курактагы кыялдарың эсиңдеби?

- Жакшы жашагым, узун бойлуу саргыл чач болгум келчү. Ал эми шоу-бизнестеги карьерам тууралуу ойлонгон да эмесмин. Советтик балалыкта андай түшүнүк жашаган эмес...

Балдар туурасында

- Салтанат, билимиң боюнча музыкантсың. Балдарыңа да музыкалык билим бергиң келеби?

- М.Абдраев атындагы мектепти аяктагам. Скрипкадан баштап, кийинпианист болдум. Эстетикалык планда музыка баланын ички дүйнөсүн байытат. Музыка менен алек бала жаман иштерге барбайт. Жандүйнөсү таза. Музыка менен алектенгендер таптакыр башка. Бирок, алар таяк алып балдарды музыкага бергенге болбойт. Каалашса, көңүлү болсо, сөзсүз окутам.

- Бирок, европалык апалардын балдарын кантип музыкага кызыктыруу ыкмалары бар эмеспи. Жакшы жыйынтыгы бар!

-Андай бар, бирок, өзүмдөн улам билем. Алгач мага музыка жакчу, андан кийин ызы-чуу салып чыккам. Анткени, сүйүктүү иш менен алектенүү үчүн сабыр жана тырышчаактык талап кылынат. Азыр түшүндүм, менде шык бар эле, эгер ошондо тырышсам, менден мыкты музыкант чыкмак. Бирок, мени жалкоолук жеңип кетти. Ошентсе да, музыкалык билимим мага жашоодо көп жардам берди, классикалык музыканы иргей алам, аспаптарда ойной алам. Бул абдан жакшы өзөк.

- Балдарды тарбиялоодо эмне маанилүү?

-Алардын жакшы, боорукер адам болуп калыптанышы. Жолдошум менен балдарга адамдардын баары бир тууган экенин, бири-бирин сыйлоо керектигин, башкаларга жаман айтпаш керектигин үйрөткөнгө аракет кылып келебиз. Дайым китеп окуп, жакшы музыка угуп, дайым адам өнүгүп турушун айтабыз.

-Балдарга кандай келечек тиленесиң?

- Алар тынчтыкта өмүр сүрүшүн каалайм. Эмгектин, искусствонун адамдарын сыйлаган өлкөдө жашашса дейм. Таза шаарда турушса дейм. Кээде Бишкектин көчөлөрүнөн – түкүрүккө толгон, кирди көрүп ыйлагым келет. Мен балалыгымдагы тынч, жагымдуу, боорукер Фрунзедегидей шаарда жашашса деп кыялданам. Менин балалыгымдагы шаарда адамдар бири бирин сыйлачу, жолду белгиленген жерде кесип өтчү, ал эми кечинде көчөдө коопсуз болчу.

Жаман дарт

-Диагнозуңду билгенде кандай ой келди сага?

-Азыркыга чейин рак экениме ишенбейм. Салкын кандуу карайм. Бирок, адамдар негедир коркунуч менен карашат, аталышын оозуна алгандан да чочулашат. А мен позитивдүү карайм, себеби, бул дартты жеңе алам. Баары жакшы болот,бул адамдын маанайына жараша. Андан тышкары, адамдын дарылоону канчалык эрте баштаганынан көз каранды. Мен кокусунан билдим. Айланамда баары ыйлап атышты, мен эч нерсени сезген жокмун. Бул менин эмес, башкаларды сырттан карап аткандай болгом. Андан бери бир эле жолу ыйладым, негедир аябай ыза болдум. Капа болбодум, тагдырга таарынган жокмун, мурас жазбадым.

-Белгилерин сезген жок белең?

-Жок. Чарчоо басты мени, томографиядан өтүүнү сунушташты. Андаметастаз байкалды. Рак туурасында атайын окубадым, изилдебедим. Кээ бири көз тийди дейт, айрымдары бир нерсеге болгон таарынычыңдан дешет. А бирок мен бул Кудайдын сыноосу деп эсептейм. Кыйынчылыктар болгону бизди күчтөндүрөт. Демек, мен муну жеңип, жашап кетүүгө тийишмин.

-Ишиңдеги стресстер ооруну күчөткөн жокпу?

-Билбейм. Мага дароо ракты жеңген адамдардын чыгармаларын, Интернеттен шилтемелерин беришти. Андай басылмаларды караган жокмун. Менимче, ар кимдин өз тагдыры, жолу бар.

-Турмуштук күчтү эмнеден аласың?

-Өз мүнөзүмдөн. Эч качан кайгырбайм, дайым жылмайып жүрөм. Балдарым жаш, аларды тагдырдын агымына таштап, алакан жаюуга акым жок. Жакындарымдын сүйүүсү, алардын ишеними мага баары жакшы болооруна ишеним берет. Ошондуктан, Жараткан балдарым менен дагы узагыраак бирге болууга мүмкүндүк берет ишенем.

Мекен жөнүндө

- Башка бир өнүккөн, алга кеткен өлкөгө көчүп кеткиң келбейби?

- Жок. Кыргызстан мыкты өлкө деп эсептейм. Туура, адамдар акча табыш үчүн бири биринин башынан аттаган кыйын кезди баштан кечирип атабыз. Адам сүйүү деген жакшынакай салттарыбызды унутуп баратабыз. Адамдар ачуулуу. Бирок, мындай көрүнүштөр, сабыр кылчу убактылуу убакыт. Балдар чоңойгондо алар өлкөгө башкача, позитив менен карашат. Бул убакты жеңе билишибиз керек.

- Өлкөбүзгө биздин сүйүү жетпей аткандай сезилбейби?

-Бир нерсе жасаштын ордуна, сындоо жеңил. Сындагандардын баары акыры бийликке келип калып атышты. Эмне экен? Ким эмнени өзгөртө алды? Кыргызстандагы бардык нааразыларга апамдын сөзү менен жооп бергим келет: “Сага бир нерсе жакпайбы, тур, өзүң жаса!” Алгач өзүң жасап көрүп, айланаңа позитив менен карооң керек.

- Бир нерсени өзгөртүү үчүн саясатка киргиң келеби?

-Жок, саясат мага жат. Ал эми кайрымдуулук жасоодон канаат алам. Дартка кабылгандан бери бул турмактагы, онкологиядагы көйгөйлөрдөн кабардармын. Бизде аппаратура жок, дары-дармек жок. Дарылоодон өткөндөн кийин рак менен ооруган балдарга жардам берүү менен алектенем. Шаар боюнча заңгыраган ресторан, эс алуу борборлору, элиталык үйлөр курулуп атат, а бирок, эч ким оорукана курууга ашыкпайт. Олигарх мырзалар, жок дегенде бир балдар ооруканасын кургулачы! Балдарга жатаарга жер жок! Балдар ооруп калганда баарыбыз №3 бейтапканага жөнөйбүз, ал жакта эл толо, койкалар коридорлорго да жайгашкан. Ооруканаларда лифт, даараткана иштебей калган, бир да майып коляскасы жок... Ушундай социалдык маселелер менен алектенгим келем менин.

-Мындай ишмердик менен алектене баштасаң, биз баарыбыз сени колдойбуз. Бирок, азыр адамдар өзүнөн өзү уюшуп, операцияларга акча топтоп жардам берип атышат. Мындай акцияларга катышасыңбы?

-Сөзсүз түрдө катышам. Бирөөнүн көйгөйүн чечүүгө жалпылап жардамдашуу – жакшы иш. Иш алгылыктуу да, тез да чечилет. Мындай акцияларды колдойм.

-Кыргызстандырга кандай каалоо айтат элең?

-Баары аман-эсен болушун тилейм. Бул башкысы. Калганын сатып алабыз, эч болбосо, уурдап алабыз. Баарына позитив менен карап, жакындарыбыз үчүн да, чоочундар үчүн да кубана билүү керек. Биз мына ошондо бизди өстүрүп чыгарган ынтымактуу, куттуу, жанга жагымдуу өлкөгө кайра айланабыз.

МаектешкенЛейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун фотосу

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине