Сыргак Абдылдаев: «Кыргызстандыктар! Эч качан Майданга чыкпагыла!»

14:26, 4 Ноября 2014

Белгилүүү кыргызстандык журналист  Сыргак Абдылдаев бакиевдик режимден  аман калуу  максатында,   Кыргызстанды таштап качууга аргасыз болгон.   2009-жылы мартта ага кол салышып, белгисиз адамдар жарым жан кылып  сабап,    29 жылы бычак урушан. Бул, ошол кездеги Бакиевдин үй-бүлөсүнө карата ыңгайсыз макалаларды жазып, сынды токтотуу үчүн жалпы журналисттерди коркутуучу акт болгон. Сыргак Швецияга качып кетип, кийинчерээк качкын макамын алды, андан кийин бул мамлекеттин жарандыгын алды. Жакында эле ал Кыргызстанга келип, меймандап кетти. Аны менен жолугушуп, турмуш туурасында сүйлөштүк.

- Сыргак, сен  Кыргызстанда көп жылдан бери боло элексиң. Мамлекет, Бишкек кандай болуп калыптыр?

-   5 жыл ичинде шаар абдан өзгөрүптүр. Бул таптакыр башка шаар, мен билген шаар эмес. Биринчи эле мени таң калтырганы – бул курулуштагы баш аламандык. Жада калса мен да, адис болбой туруп, курулуш бардык курулуштук-архитектуралык ченемдерди бузуу менен жүрүп жаткандыгын байкадым. Бул, шаарда күчтүү коррупция болуп жаткандыгын айтып турат.  Экиничиси, эч ким эртеңки туурасында ойлонбойт. Эч ким коопсуздук туурасында ойлонбойт. Айрым үйлөр абдан алсыз салынган, 7-8 балл болсо эле, кулап түшөт же жараксыз абалга келет. Мен Бишкекти  карап туруп, бул планда иш начар экенин түшүндүм. Андан ары Таласка, Чүй  өрөөнүнө, айыл кыштактарга барып келдим. Ал жакта кырдаал таптакыр башкача. Айлана чөйрө тыптынч,элдер гана көр турмуш үчүн ар ким өз оокаттары менен алек. Мени таң калтырган нерселер көп болду. Мисалы Нарындыктарда, жумалап эт жебей калгандар бар экен.

 - Ушул беш жылдын ичинде адамдардан өзгөрүүнү байкадыңызбы?

- Биздин элди мен күндө эле пикир алышып жаткан шведдер менен салыштырып көрдүм. Ал жактагы адамдар дайыма жылмайып турушат, мейли ал жылмаюсу адатка айланып калса дагы кандайдыр бир кең пейилдикти тартуулап тургандай болот. Дүкөндөгү сатуучусу  да, поезддеги кондуктору дагы бардык жерде тең учурашып турушат. А бул жактагы адамдардын көзүнөн мен үч гана учурду көрө алдым. Алар ачуулануу, көйгөйлөр жана чарчагандык.

- Демек, биз кандайдыр бир туура эмес багыт менен бараткандайбызбы?

- Ошондой десек болот. Эгер экономикалык көз караш менен алып караганда иш жүзүндө эч нерсе өзгөрбөптүр. Эмнеге  элдин жашоосу кыйындап кетти?Коомдук жана экономикалык пландын көптөгөн көйгөйлөрү бар. Мунун себеби көп. Бирок, азыр мен чет мамлекеттин жарандыгын алып жүргөндүктөн  коментарий айта албайм жана айткым келген жок.

-Менин оюмча сен өтө эле аша чаап кеттиң окшойт. Россияда болобу айтор элдер иштеп үй салышып, машина алып, жакындарына акча жөнөтүп жатышат. Жалпысынан алып караганда элдер кандайдыр бир керемет учурду күтүп бош жатып албастан, жан сактоонун аракетин кылып  алдыга умтулуп жатышат. Анын үстүнө кыргыздар менен шведдерди салыштыруу туура эмес. Биздин менталитетибиз,тарыхыбыз башка да.

- Шведдерден биздин эмнебиз кем? Шведдер  деңиз менен жүргөнү эле болбосо алар  деле бизге окшогон көчмөндөр. Викингддер. Менталитетибиз, ой жүгүртүүбүз боюнча көптөгөн окшош жактарыбыз бар. Бирок жалпысынан алганда биз таптакыр башкача элдербиз.Дүйнөгө болгон көз карашыбыз,маданият таануу боюнча да айырмаланып турабыз. Бирок шведдер  биз бүгүн гана көрүп жаткан нерсени алар элүү жыл мурда басып өтүшкөн. Официалдуу маалыматтарга караганда 30-жылдары  Швециядан чет жакка 1 млн 200 миң адам чыгып кетишкен. Мен биздин темадан бир аз алыстап бир нерсени түшүндүрө кетейин. Швецияда булардын саясий тарыхы боюнча кандайдыр бир маалымат табуу абдан татаал. Анткени алар кээ бир учурларды элдин көзүнчө талкуулабаганга аракет кылып материалдарды жашырууга аракет кылышат.

- Кандайдыр бир өздөрүнүн тарыхындагы уят болчу жерлерин коомчулукка жарыялагылары келбейби?

- Уяттуу жерлерин эмес, ыңгайсыз жагын. Мисалы,бүгүнкү күнгө чейин шведдер өздөрүнүн  бийлиги компрадордук буржуазия менен болгон маселелерин кандай чечкенин билишпейт. (Компрадор — жергиликтүү сатуучу, ишкер, чет мамлекеттик капитал жана өлкөнүн өнүгүүчү  улуттук базарнын ортосундагы ортомчу.- ред.) Мен жарым жыл мурун Швециянын  Социал-демократиялык  иш  партиясына киргем. Андан кийин жаш социал-демократтардын мектебине кирдим, чынында ал жакта ден-соолугума байланыштуу аз эле окуп калдым. Бирок партиянын китепканасына кирүүгө уруксаат алдым. Ал жакта көптөгөн материалдар бар экен. Мындайча айтканда «ич ара колдонууга мүмкүн» болгон материалдарды табууга болот. Сен ал жашыруун материалдарды окуй аласың бирок алар жөнүндө айтууга болбойт. Ал жөнүндө мен дагы айта албайм, бирок бир нерсени айтайын, шведдер шведдик социализмди куруудагы айрым бир маселелерди радикалдуу түрдө чечишкен.

Бизге келип жаткан батыштын демократиясы бул – болбогон сөз. Кыргызстандагы демократиянын бул түрү  батыш өлкөлөрүнүн эч биринде болгон эмес. Ал жакта демократия дайыма мыйзам чегинде болгон. Тагыраак айтканда бул мыйзамдын катуу диктатурасы болгон. Биринчи мыйзам турат андан кийин адам. Жана ал жакта бийликти элитардуу түрдө бөлүүнүн так системасы бар. Бизде элита деп-парламентте, бийликте отургандар эсептелет. Алардын заңгыраган үйлөрү бар, жашоосу жетиштүү эч нерсеге муктаж эмес. Ал эми тигил жакта болсо баары тең тескерисинче. Бир жолу партиянын жыйналышында мен бир партиялаш  киши менен сүйлөшүп калып, андан : «Швецияда элита деп кимдерди эсептейсиңер?» - деп сурасам, ал парламентте жашоодон ордун таба албаган ийгиликсиз адамдар отурат деп жооп берди. Балким ал бир аз ашырып айтып салгандыр бирок чынында эле  ошондой экен. Швециянын чыныгы элиталары бийликте эмес экономикада, бизнесте, абдан чоң саясатта, искусстводо,маданиятта жана илимдин үстүндө жүргөндөр эсептелет. Алар саясатка умтулушпайт жөн гана элдин көзүнө, социалдык абалына жараша  иш кылышат.

- Кандайча?

- Алардын балдар үчүн көптөгөн белгилүү китептерди жазган белгилүү жазуучусу Астрид Линдгрен, мындай учурга туш болгон. Ага салык кызматкерлери келип, салыкты жана түшкөн каражатын эсептей башташкан. Натыйжада,бул улуу жазуучу канчалаган китеп чыгарса да эч кандай киреше түшкөн эмес тескерисинче салык төлөөдө карызы калып калган. Ал парламент менен бийликке кат жөнөткөн, катында өзүнүн канча эмгегин жарыялап аягында ага эч кандай киреше түшпөй калганына таң калуусун билдирген. Ошол жылдары Швецияда интелектуалдык-комерциялык эмгекке 80% салык төлөнчү. Ал эми ири капиталдарга Швецияда салык 70%.  Ошондуктан бул жерде ири капитал жок. Анын жазган катынан кийин элдер көтөрүлүшкө чыкканда премьердин рейтинги төмөн түшүп калган. Партиялар бийликтин отставкага кетишин талап кылышкан. Салык мыйзамына реформалар башталган. Демек,ал жактагы жазуучу менен болгон жаңжал бийликтик кризиске  эшик ачып берген. Мына элитага таасир эткен фактор.

- Үлгү болуучу мисал экен. Сен батышта биздикиндей демократия болгон эмес деп жатпайсыңбы, демек, биз кайсы бир деңгээлде лабаротория экендигибиз чын экен да?

- Ооба, ошондой. Геополитикалык эксперименттердин лабораториясы Сомалиде жана Афганистанда бар. Алар 10 жыл мурда пайда боло баштаган. Геосаясий  күрөш жакшы эле жүрүп жатат. Мен бул жакка келгенимде  менин таң калганым  шаарда европоиддер көбөйүп калыптыр. Мен кетип жатканда алар абдан аз болчу.

- Эми кичинекейлер чоңойду да.

- Алар эле эмес, башка жактан келгендер да көбөйүп калыптыр.Мен муну айтып жатканымдын себеби, Россия  өзүнүн позициясын чыңдап жатыптыр. Америкалыктар дагы. АКШнын куруу имаратынын обьектисинде  бийиктиги 30 метрге жеткен чоң  кран  котлованда туруп калыптыр жана ал жактан анын учу эле көрүнөт экен. Мен ал жакты атайын барып көрүп келдим. Алар ал жакка эмне куруп жатышат?

- Билбейм, көңүл бурбаптырмын

- Саясий кырдаалды моделдештирүү технологиясы  Кыргызстанда экспорттоочу өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде курулат. Америкалыктардын мындай операцияларды жасоо боюнча өздөрүнүн жана башка өлкөлөрдөн алган тажрыйбалары абдан чоң. Коомчулукту моделдештирүү боюнча, коомчулуктун оюн манипуляциялоо ж.б боюнча америкалыктардын тажрыйбасы  абдан чоң. Бизде андайдын бири да жок. Биз эми гана чогултуп баштадык, ал эми биз чогулткуча  убакыт өтүп жатат. Биз көптөгөн күчтүү мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык деген сыяктуу позицияларыбызды жоготуп жатабыз.Мен Швециянын социал-демократиялык  партиянын тарыхын окуп чыкканда, көптөгөн ачкыч сөздөрүн түшүндүм. Алардын легендарлуу элитасы болгон экен. Алар өздөрүнүн партиялык жана мамлекеттик  куруу иштери боюнча көйгөйлөрүн, улуттук коопсуздук маселелерин кантип чечип, кандай күрөшкөнүн билгенден кийин мен унчукпастан гана шапкемди чечип, таазим кылдым.

- Сени, мисалы, эмне таң калтырды?

- Шведдер жок нерседен эле өз мамлекетин куруп алышкан.  Чыныгы  бийликке  «СДПчылар» (социал-демократтар)  экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин келди,  ошол кезде өздүк өкмөттү түзүп жатышкан. Анан, алар кабылган  биринчи кыйынчылыгы – Швецияда экономика, менеджмент, башкарууда өз адистери жок болчу, анткени бир жарым миллион эли өлкөдөн чыгып кеткен. Адистик ачарчылык болду. Улут интеллектуалдык кризиске учурады. Ошондо шведдер адаттагыдай эмес,  радикалдуу  жана дурус кадамга барышты. Интеллектуалдарынын жарымын чет өлкөдөн кайра кайтара алышты жана өз мекенине иштөөгө көндүрүштү. Алар чет өлкөдө чоң капиталды куруп же укмуштуудай карьералык өсүүгө жеткендерди да кайра чакырып алышты.  Компрадордук буржуазияны алкымдап алып, капиталдын жарымын  бюджетке кайра алышты.

- Бул кайсы жылдар эле?

-  40-чы жылдардан  50-жылдарга чейин.  1946 –жылы бир жылдын ичинде Швециянын бардык чек арасы- аба чек арасы да, жер үстүндөгү чек ара да  жабык болчу.  Андан кийин компрадорлорго каршы багытталган жыргалчылыкка, кыймылсыз мүлккө  салык туурасында парламенттик мыйзам чыкты. Бийлик, же уурдаганыңардын баарын кайра кайтарып бересиңер же жаман болот деди. Кандайча жаман болорун мен айтпай эле коеюн, бул жашыруун маалымат. Бирок, бир жуманын ичинде өлкөнүн бюджети 30% толукталды. 

- Бизде мындай болбойт го…

- Бизде мындай жарандык согушка алып келет. Биз шведдер эмеспиз...    

- Айтмакчы, элитанын кайтарылышы туурасында. Сен Кыргызстанга кайтып келишиң үчүн, эмне кылуу керек?

- Мен кайтпайм. Менден көз каранды эмес обьективдүү себептер бар. Биринчиден, ден- соолугумдун 60 пайызын швед медицинасы калыбына келтирди. Мага ал жактан 4 операция жасашты, бакиевдик бандиттердин кол салуусунун натыйжаларын жок кылышты, андан кийин инсульт болдум. Мен, түшүнүксүз саясий эмигрантты дарылап чыгууга канча акча кетээрине кызыктым. Көрсө, жарааттан кийинки шишктерди алып салуучу операцияларга эле 80 миң доллардай кеткен экен. Эмчи айымдардын эмгегин, дарыларды жана башкаларды кошпогондо. Ушунун баары мамлекеттин эсебинен кетти. Андан сырткары, мени эки жылга ооруп жатат деп, эмгекке жармсызыдык  баракча ачып беришти. Анткени, ушул абалым менен эч ким жумушка алмак эмес. Эгер, мен бир нерсе болсом, мени жумушка орноштурган жумушчу биржа, ден-соолугумду жакшы карабаган врач жана мындай жумушчуну алган жумуш  берүүчү  жооп берет. Алардын профсоюз, социалдык жана салык кызматтары менен көйгөйлөрү  башталат. А бул – чоң айыптар. Ошондуктан, мен иштебей, жөлөк пул алып, үйдө отурганым аларга арзаныраак түшмөк.

- Түшүнүктүү. Бакиевдер сага, алар жок кылган саясий ишмерлерге,  2010-жылы 7-апрелде атып, кырчындай өмүрүн кыйган балдарга  карата кандай гана укмуштуудай чоң кылмышка баргандыгын сен экөөбүз түшүнөбүз. Бирок, бүгүнкү күнү Бакиевдердин убагында бул кадимкидей көрүнүш болчу деп эсептегендер да бар. Жана алардын жасаганын унутууга убакыт жетти деп эсептешет.  Чын эле адамдардын эс тутуму ушунчалык кыскабы? Биз ушуларды унутууга укуктуубузбу?

-Бул туурасында ким айтып жатат? Муну ошол режимдин аркасынан бир нерселерин жоготкондор же акча үчүн гана айтып жатышат.  Эл баарын өзү билет жана түшүнөт. Жакшылык кайда, жамандык кайда экенин айтып, эч кимге түшүндүрүүнүн кереги  жок. 

- Менин оюмча, эгер 2010-жылы 7-апрелдеги окуя болбогондо, биз эмне болмок элек, ошону  айтып, кайра эсине салуу керек окшойт.

- Бизди эмне күтүп турган? Биринчиден, Бакиевдер бүт өлкөнү өздөрүнүн үй-бүлөлүк бизнес чарбасына айландырып алышмак.   Биз бардыгыбыз бир кланга иштемекпиз. Экинчиден, аларды убагында алып түшпөгөндө, натыйжада бизде чоң жарандык согуш болмок.  Ошондуктан, чоң оюнда  Бакиевдер болгону куурчактар гана болчу. Кимдин?  Силер баарыңар  Сноуден – АКШ элчисинин  Мамдеп менен болгон кат жазышуусун  окудуңар.  Эми өзүңөр жыйынтык чыгаргыла. Дагы бир учур. Биринчи саясий өлтүрүүлөр башталганда, биздин чабандесибиз  Үсөн  Кудайбергеновду өлтүрүшкөндө, мен ошондо талдап баштадым. Анын үстүнө, өз булактарым аркылуу Жаныш тууралуу, анын ИИБде иштеп баштаган 2005-жылкыдан бери  маалыматтарды алдым.  Ошондо анын психологиялык портретин таап чыктым.  Бир гана нерсени айта алам  – Жаныш психологиялык жактан катуу жабыркаган адам. Менин оюмча, ал маньяктык менен жабыркайт.   Эгер, мыкаачылык өлтүрүүлөр кантип аткарылгандыгынан алып карап, анын ирээттүүлүгүн айтсак, бул адамдын акылга салып иш кылбагандыгын байкаса болот.  Жаныш  «сөөмөй кезеген» ыкма менен иштеген, өлтүрчү да коомчулуктун пикирин байкачу. Андан кийин өзүнүн жазасыз калаарын сезди.  Бирок, Жаныштын да, Максимдин да жаман эмес кеңешчилери бар болчу. Алар  кырдаалды эң сонун талдап турушчу.  Эгер бирөөнү жок кылышса, тынч болуп калаарын билишчү. Мисалы, Баяман менен ошондой болду.  Кимдир бирөөнү тийгенден коркушчу же  үлгүргөн жок.

- Ал эми Үсөн Кудайбергеновду эмне үчүн өлтүрүштү?

- Маркум чабандестин күчтүү командасы жана жергилктүү калктын күчтүү колдоосу бар болчу. Ал, Бакиев өз жердештерине Бишкектен жер алып берем деп убада кылганда, Бакиевдердин оозун жапкан. Экинчи жоромол, анын Бакиевдердин бири, Курманбек менен жеке чыры бар болчу. Анткени,   Кудайбергенов ага каршы ачык сүйлөп чыккан.

-  Ал эми  Руслан  Шаботоевду эмне үчүн өлтүрүштү?

- Азыр тергөө жүрүп жатат. Мен ал туурасында, мага кол салгандагыдай, кечирээк айтып берем. 

- Сенде Кыргызстан туурасында ушундай жаман сезимдер калыптыр. Чын эле өткөөлдүн аягындагы жарык жокпу?

-  Мага, менде патриоттуулук жок деп айтып чыгышты. Мен  «киргизге» айланыптырмын. Ушундай боло берсин. Бирок, мен башка адам болдум. Мен өз мекениме соо  көз менен карайм. Бишкек кымбат джиптер менен арзан пафостун шаарына айланыптыр.  Эл: «Бизде баары жакшы болот, баарысы жакшы!» дешет, бирок, бардыгын мыкты кылып жаткан адамдар айылда да, кыштакта да жок. Мен калктын кескин бөлүнгөнүн көрдүм.  8 % - орто.    2% байлар, алар баарын башкарып жатышат. Мындай математикада, социалдык карама каршылыктардын мындай бөлүнүшүндө, жаңжал болбой коюшу мүмкүн  эмес. Биз муну каалайбызбы, каалабайбызбы.  Андан кийин, бизди компрадордук  буржуазия башкараарын мойнубузга алышыбыз керек. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бизди саткындар башкарып жатат.  Бул адамдар ким экендигин , экономиканы ким башкарып жатканын жакшылап кароо керек . Булар – адамдардын билбестигинен улам акча жасаганды билген адамдар, анын караңгылыгынан пайдаланышып, алар учурду чыныгы алдамчылар менен  аферисттердей колдонуп кетишти. Алар эч нерсе курушкан жок, алар өздөрүнө  чейинки курулгандарды гана пайдаланып жатышат. Алар мына ушундай  акча жасап жатышат. Аларда саясий интеллект да, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйба да жок.  Базаркомдун тажрыйбасынан башка эч нерсе  жок.  Анан, мамлекетти жакшылап куруп берет деп ким айта алат?  Бул – алардын кызыкчылыгына жооп бере албайт. Алардын максаты бирөө гана  - улуттук байлыкты сатуу.

- Ал эми  президентти да базаркомдорго кошосуңбу?

- Атамбаев- бул натыйжалар тууралуу ойлонгон жалгыз адам. «Мен кеткенден кийин эмне болот?» деп суроо салган биринчи президент.    Атамбаевди мен чындап аяйм. Ал абдан оор кырдаалга туш болду. Анын командалык, тутумдуу, сабаттуу иштей ала турган командасы жок. Азыр команда тынбай иштеп, бардыгын бирден чогултуп, кайра ойлонуп таратып чыгуу керек. Аларга да татаал мурас туш болду.  Ооба, Атамбаевге абдан оор болуп жатат, ал көп нерсени жасап жатат, бирок баары эле колунан келбей жатат.

- Анан эч кандай жарык жокпу?

-  20 жыл мурда, Союз тараганда улуттун өзүн- өзү жок кылуусу боюнча татаал жүрүм башталган. Ушул 20 жылдын ичинде таптакыр жаңы муун жана калктын жаңы генерациясы, мамлекеттик кызматчылар өсүп чыкты. Алардын баалуулуктары таптакыр башка.    Америкалык саясий технолог Ален Даллес өзүнүн «СССРди кулатуу үчүн эмне керек?» деген эмгегинде ушулар туурасында жазган.  Ал  минтип жазган: «Жаштардын жан дүйнөсүнө  ишенбестик жаратып,  жашоосунун маңызын ууландыргыла, сексуалдык көйгөйлөргө болгон кызыкчылыгын ойготкула, эркиндик дүйнөсүнүн мыкты, заманбап бийлер, кооз чүпүрөктөр, пластиканын атайын техникасы, ырлар менен кызыктыргыла. Жаштарды улуу муун менен уруштургула». Мынакей, азыркы кыргыз жаштарынын башында – жалпы  маданият, моралдык-нравалык бузуулар турууда. Мына ушунун баары болуп өттү. Жаштар бузулду. Өз кезегинде, 17-18 жашымда мен китепканада отурчумун. Өзүмдү качан эстебейин, колумдан китеп түшчү эмес. Менин курагымдагылар, шаарда болобу, айылдабы, ушундай өстү. Азыр Швецияда ушундай окушат.  Китептер кагаз жүзүндө жана электрондук. Шведдер абдан окурман калк.  Бардык калктуу пункттарында жок дегенде бир китеп дүкөнү бар. А сиз азыр, Бишкектен 100 километр алыстап туруп, бир китеп дүкөнүн таап көргүлөчү.  Таба алаарыңызга ишенбейм. Бул эмне туурасында айтып турат?

- Көп нерсе туурасында. Бул кайра кайтарылгыс процесс деп ойлойсуңбу?

-Билесиңби, шведдер өзүнүн ордуна келчүлөрдү кантип даярдайт? Биздин партияда дайыма жаштарга, азыркы лидерлердин ордун алмаштыра турган орун басаарларга  камкордук көрүшөт  жана алар партия түзүлгөн учурдан баштап келе жаткан партиялык чийинди улашат. Мен бул партиялык мектепте окудум, бизге швед социалдык демократиясынын негиздерин берип калышты.  Анан, бизге дайыма – бүт коомдун негизи – орто класс экенин мээбизге куюшту. Орто класс жок дегенде  55 % болушу керек. Ошондо эч кандай революция болбойт. Мендеги маалыматтар боюнча, Кыргызстанда орто класс болжол менен 10%. Эми өзүңөр жыйынтык чыгаргыла.

- Сен кандай  ойлойсуң, бизде кезектеги революция болобу?

- Азыр мамлекеттин башкы душманы – Равшан Жээнбеков башында турган арзан, өлүмтүк оппозиция эмес.  Чынында, алар – бир боштук. Биздин башкы душманыбыз, бул -экономика. Эгер ал жарылчу болсо, бүт мамлекет кошо жарылат, эл кайра көтөрүлөт.  Эгер эл көтөрүлчү болсо,  анда талаа командирлери, кадимки айылдык балдар чыгат, алардын  мамлекеттик кызыкчылык туурасында эч кандай түшүнүгү да жок.  Сомали сценарийи боюнча башаламандык башталат. Ошондуктан, экономикалык кырдаалды жакшы жагына оодарбасак, анда бир күнү жарылат. Мен айылдыктар менен сүйлөштүм, алар жашоо өзгөргөн деле жок,  начарлап кетти дешет. Мына ушул «начарлап кетти» тенденциясы, туруктуу мүнөзгө ээ болду. Алыс барып эмне кереги бар? Мен силердин бааларды көргөндө эсим ооп калды.  Ал эми айлык акылар менен пенсиялар ошол эле бойдон.

- Биздин окурмандарга эмне айткың келет?

- Мен бир нерсени айткым келет – кыргызстандыктар, жаңжалдан  качкыла! Кудай сактасын, эгер жаңы революция болчу болсо – анда баарынын иши бүтөт. Атамбаев – жакшыбы, жаманбы, бирок  Атамбаев – бул туруктуулук.  Азыр, белди бекем бууп, иштөө гана керек. Эмне болгон күнү да, аянтка чыкпагыла. Майданга чыкпагыла!  Болгону чыдамкай болуп, бардык маселелерди дипломаттык жол менен сүйлөшүп чечүү керек. Мен бир нерсени билем – үчүнчү  революция –  бул  Кыргызстан үчүн өлүм.  Эгер эл көтөрүлсө, анда Кыргызстан дүйнөнүн саясий картасынан жок болот деп эсептей бергиле.

Маектешкен: Лейла Саралаева, фото: Абылай Саралаевдики 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине