Талантбек Батыралиев: “Эскирип, чирий баштаган саламаттык сактоо системасын бирөө талкалап сындырышы керек да!”

02:08, 30 Декабря 2017

Сырттан караганда, учурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге карата айтылып жаткан сын-пикир, кимди гана болбосун сындырып койчудай сезилет. Бирок айтылып жаткан нааразычылыктын төркүнүн аңдап, ким жана эмне максатта коомду ага каршы койгусу келип жатканын түшүнүүгө аракет кылсаң, баары айдан ачык боло түшөт – күчтүү, эч кимге баш ийгиси келбеген министр көбүнө жага бербейт. Ал кыргыз саламаттык сактоо тармагын эң опурталдуу мезгилде жетектей баштады, эскирип, чирий баштаган системаны сындырам деп танк сымал тоскоолдуктарды жиреп жылып баратат. Эң негизгиси – мамлекеттик саламаттык сактоо системасы кандай болушу керектигин ал даана, так көрүп турат. Бул тууралуу биздин маегибиз.

Жакшы нерселер тууралуу

- Таланбек Абдуллаевич, 2017-жылды кандай маанайда узатып жатасыз?

- 2017-жыл саламаттык сактоо тармагы үчүн да, жеке мен үчүн да эң ийгиликтүү жылдан болду. Көп сындар айтылды, реформаларыбыздын тууралыгына ишенбөөчүлүктөр болду. Бирок жылдын соңунда донорлор жана шериктер менен ишибизди жыйынтыктап жатып, стат маалыматтар жана коомдук көрсөткүчтөр эң сонун экенин байкадык: энелердин жана ымыркай балдардын өлүмү, кургак учук менен ооругандардын саны азайган. Бул биздин туура багытта баратканыбызды айгинелейт. Эми секторлордун ортосундагы кызматташтык жөнүндө ойлонушубуз керек. Башкача айтканда, саламаттык сактоого түздөн-түз тиешеси жок, бирок калктын саламаттыгына кыйырынан таасир эткен мекемелерди жакшыртуу зарыл. Кеп, биринчи кезекте, инфраструктура тууралуу болуп жатат – ооруканалардын, жолдордун сапаты, спортзалдардын жана бассейндердин болушу тууралуу.

- Быйыл бир нече оорукана курула баштады. Алар тууралуу айтып берсеңиз.

- Чынында, Саламаттык сактоо министрлиги быйыл бир катар чоң долбоорлорду ишке ашыра баштады. Жылдын курулушу деп Кыргыз-түрк жаңы технологиялар клиникасынын курулуп бүтүшүн айтат элем. Борбор Азияда ушуга окшош башка клиника жок. Курулуш иштерине жаңы талаптарга жана шарттарга байланыштуу айрым өзгөртүүлөр киргизилгендиктен аны ишке берүү бир аз кечигип жатат. Жакында клиниканы кабыл алыш үчүн Түрк Республикасынан мамлекеттик комиссиясы келмекчи. Ал этап-этапы менен жүргүзүлөт, ар-бир система тыкан текшерилип, көзөмөлдөн өткөрүлөт, анткени бул түрк элинин кыргызстандыктарга белеги. Аны менен бир убакта заманбап жабдыктар алып келинет: эмеректер, медициналык техникалар.

Экинчи маанилүү курулуш – кытай грантына Ошто курулуп жаткан шаардык оорукана. Курулуш иштери 2018-жылдын май айында бүтөт.

Дагы бир алгылыктуу иш-чара: 27-сентябрда перинаталдык борборду кура баштадык, буга чоң оорчулук менен келдик, 25 жылдын ичинде биринчи жолу ушундай борборду кура баштадык. Ал немистердин грантына эң заманбап үлгүлөр боюнча курулуп жатат. Башка ооруканаларга анын деңгээлине жетиш үчүн аракет кылышы керек болот. Борбор эң акыркы, заманбап европалык медициналык техника менен жабдылып, аларда иштей тургандарды немис адистери үйрөтмөкчү.

Немистердин ушул эле грантынын алкагында Жалал-Абадда Тез-ыкчам медицина борборунун курулушу башталды. Ал эми Бишкекте жакында кургак учукка каршы оорукананын курулушу башталмакчы.

- Бизде Бишкекте мындай оорукана бар эмеспи?

- Балким, бүгүнкү ооруканаларды имараттары өткөн кылымдын 50-жылдары заманбап болгондур, бирок азыр короого 2018-жыл кирип келатат. Учурдагы талаптар башка, өзгөчө кургак учукка каршы ооруканалар жана көп сандагы санитардык нормалар боюнча. Негизги шарт – врачтар жана медперсонал, ошондой эле кургак учук менен ооруйт деп шектелгендер текшерүү учурунда ооруну жуктуруп албашы керек. Тилекке каршы, бизде мындай учурлар болуп калууда. Дагы бир жолу кайталай кетейин, жогоруда аталган үч оорукана тең он жарым миллион евро өлчөмүндөгү немистердин грантына курулуп жатат. Алардын шарты боюнча, биз курулуш иштерин ийгиликтүү бүтүрүшүбүз керек, ошондо алар биздин кийинки долбоорлорубузду колдоп беришмекчи. Биз өз убадабызды аткардык, жакынкы күндөрдө премьер-министр Сапар Исаков кезектеги келишимге кол коюшу керек, ага ылайык немис өкмөтү энеликти жана балалыкты коргоо бюджетин бекемдөө үчүн 2018-жылы бизге кошумча дагы 10 млн 950 миң евро берет.

- Эмне үчүн Германия биздин саламаттыкты сактоого ушунча каражатты бөлүп жатат?

- Бул немис өкмөтүнүн бизге баа жеткис, бекер жардамы. Баса, бул долбоорлор 2006-2008-жылдары эле пландаштырылган болчу, бирок мурдагы министрдин бирөөсү да ар-түрдүү себептерден бул долбоорлорду баштаганга даай албаптыр. Балким, текшерүүлөрдөн, жоопкерчиликтен, ызы-чуудан чочулашкандыр. Ушуга окшош дагы миң себепти атаса болчудай. Кой, мен аларды баштайын деп чечим чыгарганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин мүмкүнчүлүгү өтө төмөн экенин байкадым. Министрликтин аппаратын оптималдаштырганда ооруканаларды жана дагы башка адистештирилген инфраструктураларды курууга тиешеси бар көптөгөн штаттык бирдиктер кыскарып кеткен экен. Биз аларды кайрадан калыбына келтирүүгө аргасыз болдук.

- Ал эми онкология борбору кайсы каражатка кайрадан оңдолуп чыкты?

- Улуттук онкология борборун кайрадан оңдоп чыгуунун демилгечиси да, демөөрчүсү да Алмазбек Атамбаев болду. Ал бул иштин жүрүшүн башынан аягына чейин өзү көзөмөлдөп турду. Өткөн жылдын биринчи июнунда Атамбаев балдардын онкология борборун келип көрүп кеткен. Ошондон кийин ал бардыгыбызды чакырып алып, бул кызматты башынан аягына чейин жакшыртуубузду талап кылды. Сапар Исаков анда президент аппаратынын жетекчиси катары бул процесске жигердүү катышып, бизге көп жардам берди. Жыйынтыгында бюджеттен жана президенттик фонддон 220 млн сом бөлүнүп, кыска убакыттын ичинде капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Андан сырткары “Кумтөр” жабдыктарды сатып алууга 7 млн доллар бөлүп берди, учурда дагы 3 млн долларды күтүп жатабыз. Онкология борборуна колдоо көрсөтүү боюнча коомдук фонд түзүлгөн, ошол фонд аркылуу аппаратураларды сатып алмакчыбыз. Эң заманбап, өз тармагында алдыңкы деп эсептелген фирмалар өндүргөн сапаттуу аппараттарды сатып алышуубуз керек.

- Ал эми эмки жылда эмнелерди күтсөк болот?

- Эмки жыл боюнча бизде эң сонун маалымат бар: Ислам өнүктүрүү фонду менен жакында эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүттүк, 3-балдар ооруканасынын аймагында 600 орунга эсептелген, жалпы аянты 10 миң чарчы метрди түзгөн заманбап балдар ооруканасы курулмакчы. Сауд Арабиясынын Королу бул курулушка каражатты бөлүү тууралуу жарлыгына кол койгонго жетишти. Бул мыкты климат-көзөмөлү бар, жаңы жабдыктар менен жабдылган, жаңы техникалык тейлөөсү, эмеректери бар заманбап имарат болмокчу. Бул имаратта пациенттерге гана эмес, алардын туугандарына да жакшы шарттардын түзүлүшү каралган.

Бизде негизинен кандай болот? Туугандары оорулууну операцияга алып келишет да, операция учурунда бардыгы же көчөдө, же машинеде күтүп отурушат. Сыртта суук болсо, машиненин моторун иштетип алышып отурушат. Айла жок. Отуруп күтө турган жер жок. Менимче, пациенттердин жакындары, туугандары тууралуу да ойлонушубуз керек, оорулууга кездешкени келгенде, же операциянын жыйынтыгын күтүп оутурушканда, аларга бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүшу абзел.

Мына ушундай жыйынтыктар менен биз бул жылды узатып жатабыз. Ошону үчүн 2017-жыл Саламаттык сактоо министрлиги үчүн ийгиликтүү жыл болду десек болот.

Кейиткен нерселер тууралуу

- Эми кейиткен нерселер тууралуу сөз кылсак. Батыралиев мыйзам бузууларга барды, кыянатчылык кылды деген ушак-айыңдар эки айдан бери министрликти дүрбөтүп жатат. Алардын айрымдарына токтоло кетсек. Жамааттык катта сизди министрликтеги 120 жетекчини иштен алды деп жазышыптыр. Эми ким жетектейт?

- Ооба, ошондой. Бирок башында тактап алалы, алар иштен алынган жок, мен жөн гана жумуш берүүчү катары алардын контрактын узартпай койдум - Бишкек боюнча. Ал эми аймактык дарылоо мекемелердин жетекчилери азырынча өз кызматтарын аткарып жатышат. Анын себебин түшүндүрсөк, айрым медициналык мекемелердин жетекчилери каржылык мыйзам бузууларга барган деп шектелүүдө, алардын ишмердүүлүгүн учурда укук коргоо органдары текшерип жатышат.

- Ооруканадан эмнени уурдаса болот? Болгондо да оорулуулардан?

- Айрым дарылоочу жайларда чоң суммага фиктивдүү дары сатып алуулар болгону аныкталды. Мисалы, бир гана №4 төрөт үйүндө 17 млн сомго дары-дермектер фиктивдүү түрдө сатып алынган. Башкача айткнда, бюджеттен каражат бөлүнгөн, ал эми дары-дермектин эч бири сатып алынган эмес. Же №18 бейтапкананы алалы, Соцфонд менен кошкондо тогуз жарым миллион сомго уурулук байкалган. Араван, Кара-Суу райондорундагы медициналык мекемелерде да ушуга окшош нерселер ачыкталды. Эмне, мындай жетекчилерге сыйлык беришибиз керекпи? Ушундай маалымат мага жетээри менен, териштиргиле, ким күнөөлү экенин аныктагыла деген буйрук бердим. Баарынан кызыгы, ушундай нерселердин бетин ачып жатсак, жетекчилери өзүлөрүн буга эч кандай тиешеси жоктой көрсөткүсү келет. Менин пикиримде, ушундай мыйзам буузуларга жол берген жетекчилер биздин системада иштебеши керек. Мындан ары да, эгер бюджеттик каражат башка максатта колдонула турган болсо, мен ал мекемелердин жетекчилерин иштен алып турарымды билдиргим келет.

- Башкача айтсак, иштен алынган ар-бир 120 жетекчи боюнча сиз анын себебин айтып бере алат экенсиз да?

- Ананчы. Алардын арасында жашына байланыштуу кызматтан кеткендери да бар, бирок басымдуу бөлүгү ишинде каржылык мыйзам бузууларга жол беришкендер.

- Сизди кары кызматкерлерди жумуштан алганыңыз үчүн эйджист деп да атай кетишти го.

- Бул жердеги негизги себеп адамдын жашында эмес, алардын кетирген мыйзам бузууларында, башкаруудагы каталарында. Өзүңөр элестетип көрсөңөр, адам 30 жылдан бери системадагы жетекчилик кызматта отурат, ал эми системада болсо жакшы жакка өзгөрүүлөр эч байкалбайт, тескерисинче, начарлап, талкаланууда, аны менен катар чоң өлчөмдөгү инсулиндер жоголууда. Ушундай да болобу? Бул болгондо да башкы мекеме! Жетекчилиги кантип ушуга жеткирди, температуралык режимди сактоо менен дарыларды ташуу системасын эмне үчүн түзө албады?! Ошону үчүн мен ушундай “кызматкер” менен контрактты узарткан жокмун. Менимче, башкы врач кандай гана кыйын адис болбосун, ал жетекчилик кызматта эки мөөнөттөн ашык отурбашы керек.

- Эмнеге?

- Адам убакыт өтүп кызмат ордуна байлана баштайт, “кыйынсына” баштайт, ар-түрдүү азгырыктар көбөйөт. Ошону үчүн адам эффективдүү болушу үчүн, кыйындыгын, жаңычылдыгын бир-эки мөөнөттүн ичинде көрсөткөнү жетиши керек, андан ары өзүн мыкты кесипкөй адис катары көрсөтүп, дарылоочу врач катары пайда алып келе берсин. Бирок, дагы бир жолу эскерте кетким келет, мен эч кимди иштен алган эмесмин. Мен жумуш берүүчү катары өз укугумду колдонуп, жөн гана жетекчилик кызматта өзүлөрүнүн кыйындыгын көрсөтө албаган кызматкерлер менен контрактты узартпай койдум. Алар жөн гана аткаруучу кызматтарга которулушту. Ал эми №18 Үй-бүлөлүк медицина борборундагыдай, Кара-Суу, Аравандагыдай каржылык мыйзам бузуу фактылар бар болсо, мен андай кызматкерлер менен кандай гана болбосун эч иштеше албайм.

- Эгер сиз бир гана жумуш берүүчү катар өз укугуңарды колдонуп контрактты узартпай койсоңор, анда эмне үчүн алар алардын менчигине сиз көз арткандай мамиле кылышат? Ооруканалар бул жеке менчик ишкана эмес да!

- Башында Бишкектеги алты үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчисинин баары ушундай кадамга бара алаарыма ишенбей, митингге чыгабыз, иш токтотобуз, министрдин буйругун жокко чыгартабыз деп жатышты. Бирок министрдин буйругу жокко чыгарылбады. Медициналык мекемелердин алты жетекчиси менен тең контрактты буздум, макул эмеспи, сотко беришсин. Калгандары менен сынакка чейин контрактты узарттым.

- Бул эмне сынак жана ал качан болот?

- Биз азыр комиссиянын курамын түзүп жатабыз, адистердин, бейөкмөт уюмдардын, ЖМКлардын катышуусундагы медициналык мекемелердин жетекчилигине ачык, айкын сынак өткөрүүнү ойлонуштуруудабыз.

- Сиздин пикириңизде, башкы врач же дарылоочу мекемененин жетекчиси кандай сапаттарга ээ болушу керек?

- Башкы врач жакшы менеджер болушу керек. Кыйын хирург, кыйын терапевт, кыйын адис болуу жетишсиз. Бирок бизде адам илимдин талапкери же доктору, же белгилүү, күчтүү адис болсо, ал жакшы жетекчи боло алат деген жаңылыш көз караш күчтүү. Андай эмес. Таланттуу врачтар эртеден кечке чейин операция жасап, ооруларды карап, уюштуруу иштери менен такыр алектенбейт. Анда эмне үчүн алар бул кызматта отурушат? Учурдун көйгөйлүү маселелерин ким чечет, арыздарды угуп, шарттарын оңдоп-түзүп, жакшы нерселерди киргизип, килтейген бир мекеменин маселелери менен ким алектенет?

- Ооруканаларды ийгиликтүү жетектеген мисалдар барбы?

- Андай жетекчилер бар. Мисалы, Ысык-Көл областтык, Ноокат жана Ноокен райондук ооруканалардын башкы врачтары. Аларды күн-түн дебей дайыма өз жумуш орундарынан тапса болот. Ноокаттагы оорукана өзүнчө эле гүлдөгөн бир бакзар, гүлдөр жайнап, аңкып, бак-дарактар акталып, жолчолору таптаза, мындай шартта ооругандар бат сакайат эмеспи. Мында башкы врачы Асамедин Мариповдун эмгеги зор. Оңдоо иштери анда дайыма өз убагында бүтөт, эгер маселе жаралса, ал мага тынбай чалып, жардам сурап, талап коюп, тынчымды алат. Адамдын иштеп жатканы көрүнүп турат! Анын подвалдык бөлмөлөрү айрым бишкектик ооруканалардын кабыл алуу бөлүмдөрүнөн да таза, жарашыктуу.

Башкача айтканда, бардыгы жетекчинин менеджерлик сапатына байланыштуу. Ак-Суу районунда аялдардын психоневрологиялык ооруканасы бар, анын башкы врачы Нарынкүл Үсөнбаева. Бул оорукана эмес эле жомок! Алар пациенттери менен чыгармачылыктарын көрсөтүшүп, таштарды боеп, жолчолорду кооздоп, гүлдөрдү өстүрүшөт. Ысык-Көл областтык оорукананын башкы врачы Маанаеваны да атап кетким келет. Биз, Саламаттык сактоо министрлигин башкы офиси, санариптик медицинаны киргизүү тууралуу эми гана ойлонуштуруп жатсак, анын врачтары компьютерлерди эчак эле өздөштүрүп, ишинде колдонуп жатышат. Жакында ал врачтарына планшеттерди алып берүүгө каражат сураптыр. Бул чоң прогресс!

- Башкы врачтардын бардыгы бирдей каржыланышабы?

- Ооба, биз дээрлик бардыгын бирдей каржылайбыз. Ошондо айрым врачтар ошол эле бюджетке ооруканасында мыкты шарттарды түзүп, оңдоолорду жүргүзүп, жаңы жабдыкты сатып алып жатса, башкалары бүт акчаны айлык акыга жумшоодо. Буга кошумча, жаш кадрларды тарткандын ордуна, бош вакансияларды өз ара бөлүштүрүп, айлык акыларын чөнтөктөрүнө салышууда. Же болбосо өзүлөрүнө премия катары алып жатышат.

Түшүнсөңүз, республикадагы ооруканалардын бардыгы бирдей эски. Бирок бирөө эффективдүү иштесе, экинчиси иштей албай жатат. Талас областтык оорукана идеалдуу абалда. Бирок башкы врачы Шаршенбек Жумашалиев электрондук саламаттык сактоонун жаңы талаптарын кыска мөөнөттө өздөштүрө албайм деп өз эрки менен кызматтан кетти. Ошондуктан ал техникалык жактан көбүрөк билген адиске орунун өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

- Демек, уурдабай, мыйзам бузбай эле ийгиликтүү иш алып барып жаткандар бар турбайбы? Кызматтан кеткен 120 жетекчинин дооматтары суу кечпейт экен да?

- Керек болсо мен дагы кошумчалайт элем: мыйзам бузуулар уланып, уурулук фактылар дагы да байкала турган болсо, бул тизмек андан да чоң болот.

- Сизге дагы бир доомат коюлууда – Глобалдык фонддун 23 млн долларынын Кыргызстанга келбей калышына сизди күнөөлүү дешүүдө. Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?

- Бул болбогон кеп. Биз Кыргызстанга келип түшкөн бардык гранттык каражаттарды өзүбүз көзөмөлдөгүбүз келет жана ушуга акыры жетебиз. Кыргызстанга келген гранттык акчалар максаттуу жана натыйжалуу колдонушу зарыл. Тилекке каршы, Глобалдык фонддон ВИЧ-СПИД жана кургак учук менен күрөшүүгө келип түшкөн каражаттардын 48% бейөкмөт уюмдары болгон субалуучулардын эсебине кетүүдө. Алардын ишмердүүлүгүнө каржы аудитти БУУӨП (ПРООН) жүргүзөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын каржы документтерин, каражаттар канчалык деңгээлде натыйжалуу колдонуп жатканын текшере албайт. Бизде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топ бар болчу. Менимче, башынан эле көмүскө бүтүм болгон, бул долбоор ишке ашырылбай калды, каражаттын айрым бөлүгүн субалуучулар БУУӨПкө кайтарып беришти. Ошондуктан, бардык каражаттар мамлекеттин көзөмөлүндө болгондой кылып абалды өзгөрткүбүз келет. Ишмердүүлүгү адамдардын ден соолугуна байланыштуу бардык уюмдар Саламаттык сактоо министрлигинин көз алдында болушу керек.

- Башкача айтканда, сиздин пикириңиз боюнча, мыйзам бузуулар болгонбу?

- Глобалдык фонд каржылаган бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) иши менен таанышуу максатында суроолорду бере баштадым. Ошонда мындан бир нече жыл мурун Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчилеринин бири 120 миң АКШ долларын максатсыз колдонгон деген сыяктуу биринчи сигнал алдым. Аны алынып жаткан гранттардын эсебинен төлөп берели дедик. Бирок биз да алардын ишмердүүлүгүн текшерүүнү талап кылдык. Гранттар боюнча бардык чечимдерди Өлкөлүк комитет чыгарат, ал эми анын курамынын 40% үлүшүнө чейин БӨУ ээлейт. Бирок учурда бул комитетте алардын үлүшү 61% түзүүдө, алардын көбү өзү грант алуучулар! Бул кызыкчылыктардын кагылышы эмеспи?! Кандайча ушундай болуп калды? Ошондуктан мен аталган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү ачык болушун талап кылдым. Мен бир мисал келтирейин: ВИЧ-СПИД менен ооругандарга психологиялык жардам көрсөтүүгө БӨУ 300 миң доллар сарптаган. Анын натыйжалуулугу кандай болду? Мен министр катары анын натыйжалуулугун билгенге укугум барбы?

- Бул өтө чоң каражат!

- Менин сурап жатканым мыйзамсызбы?! Алар ишмердүүлүгү боюнча да, сатып алуулары боюнча да отчет берип туруусун талап кылдым. Алар каалабай жатышат. Ошондуктан, менин кетишимди каалап жаткандардын катарында, кызыкчылыктарына тийип жатканыма байланыштуу, БӨУнүн өкүлдөрүнүн болушу толук ыктымал. Менин пикиримде, Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо тармагында иш алып барган менчик түрүнө карабай бардык уюмдарга көзөмөл жүргүзгөнгө толук укугу бар. Ошондой эле биздин өлкөгө келип жаткан бардык гранттар бул Кыргызстандын каражаттары. Жана алар натыйжалуу жана ачык колдонулушу керек. Мен бул көз карашыман тайбайм.

- Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүндөгү чоң маселени көтөрдүңүз!

- Бирок дагы каршылык кылгандар бар. Контрафакттык дарылар менен алектенген фармкомпаниялар тараптан ды бут тосуулар болуп жатканын билем. Алар андан да күчтүүрөк, менин кетишимди катуу каалашат. Биздин демилге менен Дары-дермектер менен камсыздоо департаментин каржы чалгынын адиси жетектеп, дары-дермектердин сатылышынан түшкөн каражаттар каяктан каякка кетип жатканын иликтеп жатат. Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы дары-дермектер секторунда жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 80-100 млрд сомду түзөт. Ал эми бажы аркылуу болгону 13 млрд сомго дары-дермектер өтөт. Калгандары эч бир каттоосуз өтүүдө.

- Бул дары-дермектердин сапаты боюнча да эч бир маалымат жок да?

- Мен кичинекей эле бир мисал келтирейин. Бир жолу кыргыз аткаминерлери менен Женевага командировкага барып калдык. Үч саат шаарды узунунан, туурасынан кыдырып чыгып, болгону үч дарыкананы кезиктирдик. А бизде Москва көчөсүндө эле ондон ашык дарыкана жайгашкан! Биз жеткиликтүү делген дары-дермектер менен адамдарга зыян келтирип жатабыз. Биз элди эч бир врачтын көрсөтмөсү жана көзөмөлү жок эле дары-дермекти уучтап ичкенге үйрөтүп койдук. Азыр менин дары-дермектерди сатууну чектөө боюнча аракеттеримди эл түшүнбөстүк менен кабыл алууда. Чүчкүрүп калса эле антибиотикти ичкенге көнүп калышкан да. Ошондуктан антибиотикти врачтын көрсөтмөсү жок сатууга тыюу салган чечимибизге эл нааразы болууда. Врачтын көрсөтмөсү болбосо, врач өзү көзөмөлдөбөсө антибиотик адамдын организмине чоң зыян алып келиши мүмкүн.

- Көзөмөлсүз дарылардын сатылышын токтотсо болот деп ойлойсузбу?

- Анда ким аны кылышы керек? Ким мындай мамиле менен күрөшүшү керек? Мени сатып алууга болбойт. Менин министрлик айлыгым – 18 миң сом. Айына мамлекет 500 литр бензин берет. Менин бир гана Нарын областы боюнча иш сапарыма ушунча кетет. Мен өзүмдү кедеймин деп айта албайм, бензинди өз акчама куюп, каалаган аймакка барып келе алам. Менин ордума башка бирөө келсе бензинге акча бер деп фирмаларга, компанияларга кайрылат. Жооп иретинде бир маселелерин чечип бергенге көмөктөшөт. Мына ушитип көз каранды болуп калат. А мени сатып алалышпайт. Менин өз каражатым жетиштүү. Бирөө да айталбайт, кайсы бир көмөгүм үчүн ушунча бердим деп. Же туулган күнүмдө конверт бердим деп. Балким, мен мерезирээк адамдырмын. Менин хоббим жок, эч нерсеге кызыкпайм, мен үчүн жумуш биринчи орунда турат.

- Бирок сиз инвестицияларды тартканды билесиз?

- Мага азыр өтө оор болуп жатат. Жанымда тилектештер аз болууда. Мисалы, балдардын ооруканасын курууга жардам беребиз деген арабдар менен жолугушуудан кийин өзүмдү абдан бактылуу сезип турдум. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин көбүнүн жүзүнөн эч бир кубанууну, шыктанууну байкай албадым. Эртеден кечке чейин наалыганды гана билип, бир нерсени өзгөртүүгө аракыт кылууну унутуп калышкан. Мен болсо мурда эле алдыга оозуп кеткен чет жерде, башка системада 25 жыл жашап, иштедим. Акчасы бар бир дагы биздин врач өзүбүздө, Кыргызстанда дарыланбай турганын билгенимде жаман катуу таңгалган элем. Салыштырып көргүлө, чет мамлекетте өзүн сыйлаган, урматтаган врач өзүнүн медициналык мекемесинде кесиптештеринде дарыланат, анткени аларга ишенет! Анда жөнөкөй адам эмне кылышы керек?! Кандай тыянак чыгарсак болот? Биз эмне гана болбосун бардык талаптарга жооп берген, заманбап технологиялар колдонулган көптөгөн жаңы ооруканаларды курушубуз керек. Биринчиден, ооруканалар пациентке ыңгайлуу болушу зарыл. Ал таза, кенен палатада ыңгайлуу керебетте жатышы абзел. Дааратканасы ыңгайлаштырылган болушу керек. Азыр болсо оорулуулар коридорлордо, эскилиги жеткен темир керебеттерде жатат, ал эми дааратканалар ыйлаарлык абалда.

Экинчиден, ооруканалар оорулууга кездешкени келген, же анын жанында болуп, карашканга жардам берген, же операциянын жыйынтыгын күтүп отурушкан оорулуунун жакындарына, туугандарына да ыңгайлуу болушу керек. Бүгүнкү күндө оорулууну алыскы аймактардан алып келишсе, аны дарылап жатышканда туугандары каякка барышы керек? Азыр мурдагыдай борбордогу туугандарына барганга көп батына алышпайт. Ошондуктан ооруканалардын жанында чакан мейманканалардын курулушун уюштуруудабыз, пациенттердин туугандары ал жакта жайгашып туралышат. Бул жөнөкөй гана ыңгайлуулуктун бир мисалы.

Үчүнчүдөн, бюджеттен бөлүнгөн салык төлөөчүлөрдүн акчалары натыйжалуу жана максаттуу колдонулушу үчүн мамлекет аларды жеңил башкара алышы керек. Көрдүңөрбү, мен өзүмө кандай максаттарды коем. Ушундан кийин ким мени жакшы көрмөк эле?

- Кеминде урматташы керек сизди?

- Мен кылып аткан ишимдин бардыгын пациенттин ордунда менин туугандарым же жакын адамдарым болуп калышы мүмкүн деген ойдо жасайм. Мен өзүм да болуп калышым ыктымал. Бардык чечимдерди өзүмө ченеп кылам. Өзгөчө катуу оорулуулар дарыланганы чет жерге барганда, өзүлөрүн кандай сезээрин элестеткени аракет кылам: чоочун аба, чоочун өлкө, чоочун жашоо. Ошондуктан биздин адамдар бизде дарыланышы керектигин жакшы билем. Мекендин абасы да дары дегендей.

Саламаттык сактоонун эски системасы кыйрап жаткан өткөл мезгилде турабыз. Атамбаев мени бул кызматка коюп жатып менден катуу сураган эле: “Бул системаны бузганга эркиң жетеби” деп. Мен жетет дедим. “Макул анда, бирок кийин ыйлактаба”. Андан бери төрт жыл өттү, арызданбай элем, бул эски системаны бузуп жатам. Мамлекеттин, өкмөттүн жетекчилиги мага ишенип, парламент колдоп турганда, баштаган ишимди уланта берем. Бардык чоң долбоорлор, өзгөчө онкология боюнча, Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен ишке ашты.

Эң негизгиси, долбоорлорду кантип түзүш керектигин, инвестицияларды катип тартуу керектигин, кантип уюштуруп, курулуш иштерин жүргүзүш керектигин жакшы билем. Бүгүн мага каршылашып турган күчтөр болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн коркуп жатышат, жаңы, заманбап, ачык-айкын медицинанын шартында өзүлөрүн көрбөй жатышат. Алардын азыркы каршылыгын жеңе алсам, эмки жыл мындан да жемиштүү болооруна ишенем. Инвестицияларды тартуу боюнча агенттиктин жардамы менен саламаттык сактоо тармагын жаңы тепкичке көтөрүү пландаштырылууда – аталган агенттик менен биргеликте медициналык мекемелерди жаңылоо боюнча бир катар долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Учурдагы маселелердин көбүнүн чечилишин “Таза коом” программасы менен да байланыштырам, ага көп үмүттөрдү артам.

Интервью алган Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине