Талантбек Батыралиев: «COVID-19 – пандемиясы – бул вирустун адамзат менен болгон согушу»

09:32, 19 Мая

Дүйнө жүзү бүтүндөй карантинде отуруп, ак халатчандарды үмүт менен кароодо.  Баардыгы дүйнөлүк медицинанын COVID-19ду жеңүүсүн күтүшүүдө. Бирок коронавирус такай өзгөрүп, кайра-кайра жаңыдан чыгууда. Медицина илимдеринин доктору, профессор, Американын кордиологдор колледжинин мүчөсү Талантбек Батыралиев акыркы дүйнөлүк жаңылыктарына онлайн режими аркылуу көз салууда.  Сиздерге дүйнөлүк деңгээлдеги кордиологдун COVID-19 медиктерге жана дүйнөлүк медицинага болгон мамилени кантип өзгөртүп жаткандыгы тууралуу маегин сунуштайбыз.

-Талантбек Абдуллаевич, чынын айтсаңыз, сиз жеке өзүңүз COVID-19дан коркосузбу?

- Жеке өзүм коркпойм.  Анткени биз буга чейин канаттуулардын тумоосу жана чочко тумоосу тууралуу вирустарды көргөнбүз, вирустар бар жана алар кала берет. Биз алар менен жашайбыз. Ал улам сайын мутацияланып турат, мүмүкүн, вирустун башка түрлөрүнө караганда патогендүүрөөк жана жугуштуураак анан калктын көбүрөөк бөлүгүнө жайылган. Вирустун жугушу күндөн-күнгө өзгөрөт деп ойлойм. Эмнеге? Анткени дүйнөдө ага болгон мамиле жана коммуникациянын өзү өзгөрүүдө.  Албетте, ар бир өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы менен инфраструктурасы ар кандай.  Вирустан коркуунун кереги жок, бирок ошол эле учурда аны такыр көңүлгө албай коюу дагы туура эмес.  Эгерде адамдын өнөкөт дарты болуп анын иммунитети төмөн болсо, анын ооруп калуу тобокелчилиги жогору.  Аны болтурбоо үчүн өзүн-өзү коргоо методдору жана өзүн-өзү изоляциялоо бар.

- COVID-19 тууралуу көптөгөн теориялар пайда болду: айрымдары аны биологиялык курал деп аташса, башкалары ал жок деп айтышууда, ал эми медиктер болсо ал ар дайым болуп келген деп билдиришүүдө. Сиздин көз карашыңызда, ал кайдан келип чыкты жана эмне үчүн дал азыр пандемияга айланып кетти?

- Акыркы 100 жылда бул дүйнө жүзүн толук каптап, ушунча өлүмгө алып келген биринчи пандемия болду. Анын келип чыгуусу тууралуу айта албайм, бирок, көпчүлүктөй эле, анын бар экендигине ишенем жана аны менен күрөшүү керек деп эсептейм.

- Ал ким үчүн кооптуураак?

- Башында COVID-19- бул дем алуу органдарынын инфекциясы менен кошулган вирус экен деген ой болгон. Бирок кийинчерээк бул вируска кошулган бейтаптын өнөкөт оорусу жана иммунитетинин төмөндүүлүгү экендиги аныкталды. Ошондуктан мен вирусту дарылоодо бейтаптын өнөкөт дарттарын да кошо дарылоо керек деген ойго кошулам. Кытай жана башка мамлекеттердин маалыматына караганда, каза болгондордун 50 пайызынан ашуунунда өнөкөт оорулары болгон, көпчүлүк учурда, жүрөк оорулары. Ошондуктан мен «башкаларын коюп, биринчи COVID-19ди дарылап алалы» деген ойго кошулбайм.

- Кыргызстанда болуп жаткан пандемия менен дүйнөдө болуп жаткан пандемиянын эмне өзгөчөлүктөрү бар, экөө тең окшошпу же жаңы бир нерселер барбы?

- Пандемиянын өзү бул жаңы көрүнүш. Кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк бар деп айтуу кыйын, анткени маалыматтар тез-тез жаңыланууда, улам жаңы нерселер билинүүдө. Мисалы мен күнүнө 6-7 сааттан Твиттерде жана башка социалдык тармактарда отурам, анткени маалымат тез алмашууда. Күн сайын оорунун жаңы белгилери чыгууда.  Башында балдарда оору байкалган жери жок деп айтып жатышса, азыр Орусияда ооруп жаткан балдар көбөүйп жаткандыгын белгилешүүдө. Ал жүрөктүн жетишсиздигине жана көз оорусуна дагы алып келе тургандыгы айтылууда. Ошондуктан биз жаңылыктарга сереп жүргүзүп турабыз, ал эми тыянакты оору аяктап, баардык эл аралык анализдер чыкканда чыгарууга болот. Вирустун изилдениши тууралуу айтсам, кээ бир өлкөлөрдө вирусту генетикалык деңгээлде табууну ишке ашыра алышты.  Кытайлыктар айтышты- Кытайдагы, Америкадагы жана Италиядагы вирустар бири-биринен айрымаланат, демек ал мутацияланган. Албетте, андай вирустун кесепеттери ар кандай болот. Балким, жалпы маалыматтары сакталат, бирок кошумча белгилери сөзсүз болот.

- Ал белгилер эмнеден улам көз каранды, география же жашоо образынанбы?

- Географиядан, жашоо образынан, климаттан- андай факторлор толтура. Бирок ал расадан же географиядан улам өзгөрө тургандыгын так айтуу мүмүкүн эмес. Жай келсе вирус жоголот деген маалымат тараган эле. Бирок бул эксперттик ой такыр туура эмес. Азыр мени андай тыянактар кызыктырбайт, анткени алар ошол тыянактарды чыгарган клиникалар жайгашкан мамлекеттерге карап жасалган. Азыр Кыргызстанда миңден ашуун адам ооруп жатат, 12 каза болду, эгерде аларды региондор боюнча бөлсө, аз гана адамдан болот, ошондуктан айтуу кыйын.  Биз аларда вирус бар экендигин гана билебиз. Мисалы, Америкада эгерде вирус менен адам келип түшсө, аны баардык жагынан «баса калышат», терең изилдеп, дары дармектердин натыйжалуулугун карап, вакцинаны чыгаруу үчүн терең анализ жүргүзүшөт. Ошондуктан ар мамлекеттин маалыматтары ар кандай болуп айрымаланат.

- Ал эми Кыргызстанда COVID-19 терең изилденеби?

- Жок. Биз азыр вирус бар же жок экендигин аныктап, анын белгилерин тапканды гана билебиз. Бирок бул бүгүнкү күндүн көйгөйү эмес. Бул пандемия көптөгөн процесстердин, саламаттык сактоонун гана эмес, экономиканын дагы катализатору боло алды. Эки жума мурун Чоң Жыйырманын өкүлдөрү Саудия Арабиясында онлайн режим аркылуу COVID-19 тууралуу талкуу кылып жатып, дүйнө жүзүнүн медицинасы бул вирустун алдында алсыз жана ага такыр даяр эместигин моюндашты. Биз Америка менен Европаны үлгү кылып жатабыз, бирок жада калса ошолордун кыйын деген системасы пандемияга даяр эмес экен.

- Эмне себептен кыргызстандык медиктер бул кырдаалда эң көп жабыркады?

- Башка мамлекеттердей эле, биз дагы пандемияга даяр эмес болчубуз. Даярдык жүрүп жатыптыр, бул тууралуу Коопсуздук Кеңешинин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн маалыматтарында айтылууда, алгачкы анализдер алынып, алар тоңутулуп, индивидуалдык коргонуу каражаттары тууралуу сөз болгондугу тууралуу айтылган. Каталардын көпчүлүгү өкмөттүн деңгээлинде эмес, таза адамдык фактордун айынан, жетекчилердин деңгээлинде болгон деп ойлойм. Кеп COVID-19 жуктурган медицина кызматкерлеринин саны көп же аздыгында эмес, мындан ары эмне кылабыз, мына ошондо. Жалгыз гана медиктерди эмес, жалпы калкты мобилизациялоо керек. Мобилизациялоо- бул оңой иш эмес. Мен байкап жатам, мына дүйшөмбүдөн баштап карантин четинен жеңилдей башталды, ал эми эл болсо эч нерсе болбогондой эле эшикке жайнап чыгууда, эми автобустар менен троллейбустарды жүргүзүп коюу эле калды. Ал эми эл бири-бирине жугузатта, аны менен биздин медиктер менен укук коргоо органдары кантип күрөшөт?

- Карантин эрте жеңилдетилди деп ойлойсузбу?

- Штаб чечим кабыл алып жаткан учурда көптөгөн факторлорду эске алса керек. Ачып – жабуу бул процесстин эң оору эмес. Негизинен эле жабык жерде жашаганда психологиялык басымга учурайбыз, бирок бул жерде ким күнөлүү дже күнөөлүү эместигин издебей, элди мобилизациялап, бул кырдаал канчалык деңгээлде кооптуу экендигин түшндүрүү керек. Менимче ушул маанилүү.

- Сизде кандай кеңештер бар? Кандай тыянактарды чыгара алдыңыз?

- Кытай жабылып, вирус тууралуу алгачкы маалыматтар пайда боло баштаганда, менин досторум менен коллегаларым жана мен дагы бул канаттуулар же чочко тумоосуу сыяктуу эле оору экен жана ал жакында аяктайт деген ой менен жүргөнбүз. Бирок кийинчерээк жалгыз жана топ менен адамдар каза боло баташты.  Анан Кытай буга олуттуу мамиле кылып, 10 күн ичинде чоң оорукананы куруп, илимий-консультациялык комиссия түздү.  Жана дүйнө жүзүндө вирустун жайылышы менен ал саясатка аралашып кетти. Азыр болсо ким күнөөлүү деп издеп жатыштат. Менимче азыр бул туура эмес, биз анын ордуна COVID-19 менен күрөшүүнү бирге жүргүзүшүбүз керек.  Биз вирус менен жашайбыз, ал калат, ал деген тирүү организм. Бул пандемия биз коомдук саламаттык сактоо системасын толук кайра карап чыгуубуз керектигин көрсөттү.  Оору аяктагандан кийин кайсы мамлекет кандай жолдор менен ооруга каршы күрөшкөндүгүн, кандай жолдор менен ыкмаларды колднгондугун көрөбүз, анан ким натыйжалуу күрөш жүргүзгөндүгүн билебиз. Үч жума муурун Түштүк Корея менен Кытайдын жаңылыктарын окудум, алар вирусту жеңгендигин салтанаттуу түрдө майрамдашты эле, эми болсо ал жерде оорулуулар кайрадан чыгууда. Бул мени капа кылат.  Бир эле нерсе түшүнүктүү- COVID-19 оңой менен кетпейт. Биз жашоо образыбызды өзгөртүүбүз керек.

- Кантип?

- Жөнөкөй эле. Билесизби, вируска чейин биздин инфекциялык ооруканаларда адамдар көп болуп, орун жетишпей, мамлекет такыр көңүл бурбайт деген сөздөр көп айтылчу. Ал эми COVID-19 дан улам андай адамдардын саны кескин азайды, анткени эл өздүк гигиенасын сактай баштады.  Башка көйгөй- карантинден чыккандан кийин кантебиз? Бул пандемияны мен вирустун адамзат менен болгон согушу деп эсептейм. Азыркы коммуникация менен вирус үчүн чек жок. Ошондуктан биз коомдук саламаттыкты сактоого болгон мамилени толугу менен карап чыгуубуз керек. Биринчи кезекте, Кыргызстандай мамлекеттерде.

- Келечекте медик азыркы саясатчы сыяктуу алдыңкы орунга чыгат  деп айтууга болобу?

- Андай эч качан болбойт. Анткени медиктер ар дайым саясаттан алыс адамдар болуп келишкен. Негизинен, кесиби боюнча дарыгер болгондор жөн гана иштеп келишкен, балким, алар даттанышат, бирок чечимди саясатчылар кабыл алышат.

- Мамлекет дарыгерлерге 10, 20 миң сомдон кошумча каражат төлөп берүүнү убадалаган, андан соң кайра бербей калып, кийин кайра төлөмөкчү болду. Сиз кандай ойлойсуз, алар төлөнөбү, же медиктер кайра алданып калышабы?

- Азыр согуш майданында жалгыз гана медиктер жүрөт деп айтуу туура эмес.  Ооба, негизинен дарыгерлер иштешүүдө, бирок тыл дагы күчтүү болушу керек. Аскер анын тылы ишенимдүү болгондо гана жакшы күрөшө алат.  Мен мисалы укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн абдан сыйлайм, алардын дарегине көп сын айтылып жатса дагы. Алар эч нерсеси жок жамгырда да, шамаалда да турушат. Алар дагы көп нерсени жасашууда. Ошондуктан, эгерде мамлекет кошумча каражат төлөп берүүнү айтса, ал бул ишке тартылгандардын баардыгына төлөшү керек. Бирок ал төлөмдөр алыбызга жараша болушу керек.

- Пандемиянын башында дарыгерлер коргонуу костюмдарынын жоктугуна, маскалардын аздыгына нааразы болушкан, бирок бул кырдаал тез эле басылып, кийин алар өзүлөрү күнөөлүү деп айтылып, унчукпай калышты. Буга кандай пикир бере аласыз?

- Ар бир уюмдун жетекчиси болот. Кээ бирлери көп убакыттан бери бир орунда отуруп, ал жердин хандары менен бийлери болуп калышат. Дарыгерлер коргонуу каражаттары менен начар камсыз болгондугуна штабды күнөөлөп кереги жок. Жетекчилер складдарда турган коргонуу каражаттарын алышы керек болчу, сурап, талап кылышы керек эле. Мен аз да болсо мамлекеттик аткаминер болуп иштедим. Мамлекеттик системада жетекчи аларга бюджеттин алкагында каралаган нерсени талап кылышы керек деген нерсе бар. Вирус кайдан чыгарын эч ким билген жок. Ал эми ким күрөшөт? Медицина кызматкерлери да.  Дарыгер вирусту жугузуп алышы мүмкүн, ал эми санитарка жугузбайт деген эсеп болду беле? Андай болбойт да. Бирок дал ошондой болду. Бизде өлкө боюнча 12 миңдей дарыгер, 30 миңдей орто жана кичи даражадагы медицина кызматкерлери, ал эми калгандары менен бирге 70 миңдей медицина кызматкерлери бар. Элестетиңиз, коргонуу каражаттарын 2 саат сайын алмаштырып туруу керек. Ал эми ошончо адамга бир сутка ичинде эле канча даана коргонуу каражаты керектелет?

- Бир күнгө 600 миң даана.

- Эми элестетиңиз, Мына эртең карантинден кийин баардыгы ачылат, ооруканаларга адамдардын агымы жөнөйт. Ал эми COVID-19 дун белгилери жок жүрүүчү түрү бар.Ооруканага башка оорусу менен келип, кийин андан коронавирус табылсачы? Антсе кантебиз? Ошондуктан ар бир оорукана коргонуу каражаттары менен толук деңгээлде камсыз болушу зарыл, оорукана кызматкерлердин гана эмес, бейтаптардын коопсуздугун дагы күчөтүүсү керек.

- Демек, вирустун дарыгерлерге жуккандыгы  ар бир медициналык мекеменин жетекчисинин мойнунда деп эсептейсизби?

- Жетекчинин дагы, жалпы даярдыктын дагы мойнунда.

- Учурдагы Саламаттык сактоо министрине кандай кеңеш бересиз?

- Мен дагы анын ордунда болгом, жана кеңештер жардам бербестен, тескеринче кыжырга тийиши мүмкүн, анткени адамдардын баардыгы эле аларды кабыл алууга ачык эмес. Ал кесиби боюнча вирусолог болгондон кийин, ал жагынан толук кандуу уюштура алат деп ойлойм.  Бирок Америка менен Европа медицинанын алсыздыгы тууралуу айтып жаткандан кийин, биз эмне кылабыз? Баардык медициналык-профилактикалык мекемелерди кыска мөөнөттүн ичинде жандандыра албайбыз.  Мен айтат элем, биз пандемиянын шарттарында жашап, бирок жаңы ооруканадарды куруп, жаңы жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Башка шарттарда. Саламаттыкты сактоону пландык тартипте эл аралык деңгээлге чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок жалгыз эле мамлекетти карап отура берген да болбойт. COVID-19ду жеңүү жалгыз гана мамлекеттин эмес, ал ар бир жарандын колунда.

Маекти алып барган Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедко менен Абылай Саралаевдин сүрөттөрү

Бул чыгарылыш  «Сорос-Кыргызстан» фондунун «COVID-19 - Медиа кол кабыш»  долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Жаны жуздор" уюмунун жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос-Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт» 

 

© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине