Токон Мамытов: «Кумтөрдүн бардык сырлары ачыла элек»

13:40, 19 Декабря 2014

Кыргызстан – алтындын запастары боюнча бай өлкө. Бирок, аны жер  алдынан казып алып, акыл менен иштетүү колубуздан келбей жатат. Анын негизги себеби – Өлкөнүн колу таза эмес жетекчилери, алар алтын казууну коррупциянын жолуна салып коюшкан. Элдин кызыкчылыгын ойлонбой, биринчи президенттин тушунда да,экинчи президенттин тушунда да байып жатышкандыктары баарыбызга маалым. 

Бүгүн  «Кыргызалтындын» башында кесипкөй чекист Токон Мамытов отурат. Тармакта ишти кандай алып барууну көздөп жаткандыгы туурасында биздин интервью.

Тармак туурасында

- Токон Болотбекович, сиз күч органдарында, мамлекеттик коопсуздук кызматтарында 30 жыл иштегенсиз, чек аралар боюнча эксперт болуп калдыңыз. Анан кандайча  «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы болуп калдыңыз?

-  Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү отставкага кеткенден бир нече убакыттан кийин мага бир нече сунуш келип түштү. Акыркысы өкмөт тарабынан  «Кыргызалтынды» башкаруу сунушу экен. Бул сунушту, аталган тармак коррупциялашып кеткендигин, мыйзамды бузуу, аны кыянаттык менен пайдалануу көбөйүп жаткандыгы менен аргументтештиришиптир. Бир сөз менен айтканда, тартип орнотуу керек. Бул башкы милдет болчу. Менин негизги милдетим,  «Кыргызалтында» алтын уурдоону токтотуу, кыянаттык менен пайдаланууну, өзгөчө тендер жүргүзүү бөлүгүн жөнгө салышым керек эле. О.э. «Кыргызалтын»  тыгыз кызматташып  жаткан фирмалардын жетекчилери менен иштиктүү алакаларды түзүү. Мисалы, «Кыргызалтын»  «Центерранын»  ири акционери болуп саналат– 33%. Андан сырткары, «Кыргызалтын»   «Алтынкендин»,40% акциясы ээлейт, бул Сол Жээктеги  Талдыбулак кени, биз аны декабрь-январда колдонууга киргизип, алтын каза башташыбыз керек. 1 тонна казуудан баштап, жылына 3 тоннага жеткирүүнү пландаштырып жатабыз.

- Кантип тез эле ишке сүңгүп кирип, алтын казуунун өзгөчөлүктөрүн  изилдөөгө  жетише алдыңыз?

- Албетте, чек ара маселеси менен алтын казуу -  өтө алыс тармактар. Бирок аларды коопсуздук маселеси бириктирип турат. Эгер биринчи учурда бир чек ара коопсуздугу туурасында айтып жатсак, бул жерде өлкөнүн экономикалык коопсуздугу туурасында кеп болуп жатат. Эки маселе тең окшош чечимдерди, чараларды кабыл алууну талап кылат. Ал эми геологиялык чалгын, өндүрүш, каржы, казуу, алтындын тоннажы  маселесине жана башка техникалык учурларга келсек,  биздин адистерибиз мага тереңдеп сүңгүп, түшүнүүгө жардам берип жатышат.

- Ушул жылы жайында сизден мурдагы жетекчи  Дилгер Жапаровду, 200 млн. долларды уурдаган деген айып тагып, камакка алышты. Бул иш азыр кайсы стадияда жана чын эле уурдоо болгонбу?

- Кеп,  Кыргызстандан башка чет элдик эсептерге бир нече этап менен  200 млн. доллардын чыгарылып кеткендиги туурасында болуп жатат. Бул чечимди менден мурдагы жетекчи кабыл алган, ал ошол учурда бир гана «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы эмес,  «КумторГолд Компани» директорлор кеңешинин да төрагасы болгон. Ушул фактылар боюнча Башкы прокуратура жазык ишин козголгон жана иликтөө иштери аягына чыгып, сотко өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда сот далилдерди карап жатат. Мен өзүнчө бир комментарийлерди айтуудан азыр алысмын. Биринчиден этикалык жагдайдан улам,экинчиден, менин айткандарым сотто тескерисинче талкууланып кетпеши үчүн. Бирок, менин белгилеп кетейин дегеним, менден мурдагы жетекчиге жамааттын берген баасы абдан жакшы, өзгөчө  анын кесиптик билгичтигин  жогору баалашат. Ал  «Кыргызалтында» 18-20 жыл иштептир, каржы блокту башкарган, орун басар, андан кийин төрага болгон.

- Анда кайра сизге кайтып келели.  «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы катары сиздин милдеттерге эмне кирет?

- Жалпы жетекчилик менен катар, биринчи кезекте,  бардык өндүрүштүк, экономикалык,каржы жана материалдык-техникалык меселелерди чечүү. Алтындын сакталуусун камсыз кылууну чечүү. Ишкана майнаптуу жана кирешелүү иштеши үчүн чараларды кабыл алуу. Бирок ачык айтып коюшум керек, баары эле боло калган жок.  Эгер мен өзүмдүн орун басарларым, курамдык бөлүктөрдүн  жана филиалдардын жетекчилери менен бирге  эмгек дисциплинасын бекемдеп, башкаруу ишмердүүлүгүнүн кызматын калыбына келтирип, өндүрүштүк, каржы, экономикалык маселелер, о.э. жабдуу маселелери боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алуу боюнча схеманы жөнгө салып албасак, анда биздин геологиялык чалгын иштеринде, шахта өткөөлдөрүндө чоң көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.  Геологиялык  чалгын менен дайыма алектенишибиз керек.  «Кыргызалтын»  2015, 2016, 2017–жылдары жакшы иштеши үчүн, 2012-2013-жылдарда ушул иштерди жасашы керек болчу.  

Тоо кен казуучу тармак айыл чарбасынан жана башка тармактардан, анын майнаптуулугу 3-4 жылдан кийин гана көрүнгөндүгү менен айырмаланып турат. Мисалы, бүгүнкү кыйынчылыктардын,  «Кыргызалтын»  2012-2013 –жылдарда  (өзгөчө быйлкы,2014-жыл өтө кыйын болду) башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктар, 2007-жылдан баштап өндүрүштү өнүктүрүү,  геологиялык чалгындоо, өткөөл иштери үчүн каражаттын бөлүнбөй келгендигинен улап келип чыгып жатат. Ошондуктан,  Кыргызстанда алтын казуучу тармак чыгашалуу болуп жатат. Аны кирешелүү кылыш үчүн, алгач ага миллиондорду салыш керек, андан кийин гана ал он эсе көп киреше алып келет.  Бизде ушул жылдардын баарында тең геологиялык чалгын үчүн тиешелүү сумманын  10 дон 20 пайызга чейини гана салынып келген. Бул болбогон акча.

- Кыргыз алтынынын куймалары кайда кетет?

- Кыргызстанда алтынды  Кумтөрдө,  Макмалда жана башка жерлерде казышат. Казылган алтынды биз Кара-Балта  аффинаж заводуна жеткиребиз, андан  «999-үлгүдөгү» куймалар чыгарылат. Бул алтынды «Кыргызалтын» сатып алып, Орусиялык  «Открытие» банкына кайра сатышат  (мурдагы  «НомосБанк»), биз алар менен 8 жылдан бери иштешип келебиз. Белгилей кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы биздин алтынды алуу үчүн биринчи кезектеги укугу бар. Акыркы үч жылдан бери «Кыргызалтын» ААК казылып алынып жаткан дээрлик бардык алтындарды  («Макмалалтын» жана «Солтон-Сары» кени)  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сатып алып жатат. Алынган каражатка салыктар, айлык акылар төлөнөт, пенсиялык фондго которобуз.

- Башкача айтканда, силер ортомчусуңарбы?

- Мындай жооп так болбой калат, анткени аффинаж  заводу «Кыргызалтын» ААК караштуу, биз да кандайдыр бир  деңгээлде чыгым тартабыз.

Сүйлөшүүлөр туурасында

- Канадалыктар менен сүйлөшүү кайсы этапта?

- Парламент Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн Биргелешкен ишкана түзүү жана кирешени  «50/50» кылып бөлүп алуу туурасында токтомун  чыгаргандан кийин, ушул жылдын январында, сүйлөшүүлөрдү улантуу пландаштырылып жаткан. Бирок март-апрелде Кыргызстандан чыккан 200 млн.доллар туурасында жазык иши козголду. Кумтөрдүн канадалык жетекчилери чет өлкөгө чыгып кетишти. Ошондон бери бул жакка келише элек. Алардын келбей жаткандыгынын себеби,  эгер алар кайра Кыргызстанга келсе, биздин укук коргоочулар тарабынан камакка алынуу коркунучу бар деп,  «Центерра» директорлор Кеңеши жибербей жатат. 

Ага ылайык, сүйлөшүүлөр да жаздан июлга чейин токтотулуп калган. Июлда биз сүйлөшүү процессин жандандырдык, ошондо да ал сырттан сүйлөшүү болуп жатат, б.а. кат алмашуу, документтердин тексттерин алмашуу деңгээлинде. Тездетүү үчүн биз он-лайн-сүйлөшүү жолуна түштүк. Августтун аягында алардын келүүсүнүн зарылдыгын айттык. Айрым маселелерди чече алдык десек болот. Бишкектеги жолугушуудан кийин кийинки жолугушууну юристтердин деңгээлинде сентябрда иштеп чыктык.Андан кийинки жолугушуу эл аралык мекемелердин, делегаттардын, юристтердин катышуусунда октябрда өттү. Биз Москвага бардык, ал эми канадалыктар Торонтодон Нью-Йоркко келишти, анан он-лайн конференциясы режиминде телекөпүрө уюштурдук.  

- Бул кыйынчылыктардын эмне кереги бар?

- Анткени,  Кыргызстанга келүүдөн коркуп жатышат. Аларга дагы эле уруксат берише элек. Мына азыр, декабрда гана аларды Бишкекте күтүп жатабыз, эгер бардыгы жакшы болсо, сүйлөшүүлөр уланат.

- Ал эми Сатыбалдиевдин өкмөтү иштеп чыккан меморандум варианты Кыргызстан үчүн пайдалуубу?

- Эгер азыркы кезге чейин биз кирешенин 33% алып келсек, анда кийинки түзүлгөн БМ аркылуу биз 50% алабыз. Бул көз караштан алып караганда,  албетте, бизге пайдалуу. Эгер, андан да терең алып карап көрсөк жана эсперттердин, саясатчылардын жана калктын талабынын айткандарын алсак, анда өтө эле диаметралдык варианттар айтылууда. Бардыгын ушундай  бойдон калтырып, 33% киреше менен калуу, же жаңы долбоор боюнча өзгөртүп, кирешени 50% жеткирүү же биздин үлүштүн 67% жетип, Кумтөрдү толук улутташтыруу. Талаптардын ар тараптуулугун көрдүңүзбү. Бул жагынан мен мындай деп айтмакмын – 2009-жылдагы Макулдашууну эске алуу керек,  анда, жакшы учурлар менен бирге, Кыргызстан үчүн терс көрүнүштөр да көп болчу. Азыр, биз 2009-жылдагы Макулдашууну тааныбайбыз деп айта албайбыз, көп пункттар боюнча туура келбейт. Анткени, бул Макулдашуу пакети өкмөттүн токтому менен жактырылган, Минюсттан корутунду берилген, документ Жогорку Кеңеште каралып, ратификацияланган. Анан, аягында бул маселе Конституциялык сот тарабынан кароого алынып, ошондо бул документтер пакети- кыргыз мыйзамына каршы келбейт, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгында иш алып барат деп чечим чыккан жана Конституциялык соттун бул чечими акыркы жана даттанууга жатпайт деп жазылган. 

- Жантөрө Сатыбалдиев биздин гезитке берген интервьюсунда, Кумтөр менен болгон маселе өкмөттүн, тагыраак айтканда Жоомарт Оторбаевдин чечкинсиздигинен улам бир нече айдан бери чечилбей келе жатат деп эсептээрин айтты. Жана дагы, ал премьер болуп турган мезгилде, макулдашуу туурасындагы бул маселе өтө курч коюлганына басым жасады. Депутаттар да, саясатчылар да аны чечим кабыл алууга шаштырышкан экен. Эми болсо тынчып калды. Муну кандай деп ойлойсуз?

- Мен өкмөт башчыларына баа бере албайм, анткени менде андай ыйгарым жок жана мен өкмөт мүчөсү эмесмин. Мурдагы министрлер кабинетинин курамынын ишин айтсак, мен төмөнкүлөрдү белгилеп кетет элем. Бардык сүйлөшүү процесстеринде, эксперттерден  «Центерра Голд Компанинин» жогорку жетекчилигине чейин, бардыгына мурдагы премьер-министр Сатыбалдиев өзү катышкан. Б.а. ал дайым иштин башында турган. Өзү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,дароо жооп берип, ошол эле жерден чечим кабыл алып, дароо көрсөтмө берип, тактикага тууралоо киргизип, сүйлөшүүлөрдүн стратегиясын оңдоп турган. Менин оюмча,  Жантөрө Жолдошевич сүйлөшүүлөр процессинде башкы адам  болгон. Азыркы кырдаалга келсек, алар жогоруда аталган себептерден улам келип чыкты – жазык иши козголду жана  Центерранын биринчи жетекчилери сүйлөшүү процессинде түздөн-түз катышпай жатат. Сүйлөшүү технологиясы жеке жолугушуулардан онлайн конференция тегиздигине, электрондук алмашуу, скайп боюнча сүйлөшүүлөргө өттү. Канадалык компаниянын жетекчилиги бул иштин алкагында камалбай тургандыгына кепилдик талап кылып жатышат. Бирок, КР Өкмөтүнүн алдында Кеңеш түзүлдү, ага көптөгөн министрлер жана ведомство жетекчилери киришет, ал Канада тарап менен иштөөнү ишке ашырат.

- А сиз кепилдик бере албайсызбы?

- Биздин укук коргоо органы аларды суракка да ала алышпайт, анткени алар  Кыргызстанда жок. Жазык иши бар, аны изилдөө керек да. Алардын позициясы болсо – бизге тийишпегиле дегендей. Бирок андай болбойт да. Мыйзам бар, сот адилеттиги бар.

Кумтөрдүн сырлары тууралуу

- Азыр кырдаал, менин түшүнүгүмдө, өтө курч экен. Мына ушул мезгилде  «Ата-Мекендин» Кумтөрдү улутташтыруу туурасындагы демилгеси чыкты. Азыр бул маселени көтөрүп чыгуу туура деп ойлойсузбу?

-  «Ата-Мекен»  фракциясы эмне үчүн бул маселени азыр көтөрүп жатканын мен да билбейм. Бир караганда идея жакшы, ниеттер түз. Бирок депутаттар да, партиянын лидери да, азыр мына ушул мезгилде бул процесс Кыргызстандын экономикасы  үчүн өтө кооптуу экенин менден жакшы билишет. Эгер алар коопсуз, улутташтыруунун жакшы ыңгайлуу вариантын табышса, эл алдына алып чыгышы керек. Сөздөр менен ураандардан башка, мен андай программаны көргөн жокмун.

- Ал «Ата-Мекен» фракциясынын ал отурумунда эмне каралды эле?

- Бет ачар болгон, анда жалпы маалыматтар, 1993-жылдан берки талдоо каралган. Тагдыр чечүүчү бардык иштер каралган, 1993-94-жылдардагы, 2003-жылдагы жана  2009-жылга чейинки Макулдашуулар каралды. Ооба,  «Ата-Мекен»  фракциясында айтылгандардын көбү менен мен да макулмун жана аларды колдойм. Бирок, биз элдин алдында аягына чейин чынчыл болушубуз керек.  2009 –жылдагы Макулдашууда  биз өз ара нааразычылыктардан, дооматтан, чыр-чатактан, талаштан жана калса соттук иммунитеттен  баш тартабыз деп айтылган, б.а. биз эла арлык сотторго да арызданып барбайбыз, о.э. Кыргызстандын моюнуна түшө турган улутташтыруу учурундагы шарттардын кесепеттери айтылган.

- Мунун баары Максимдин пайдасына жасалган да?

- Ооба, бул Максим жана анын командасы тарабынан жасалган. Өнүгүү Фондуна тиешеси барлардын баары – Гуревич, Елисеев жана Максимди тегеректеп жүргөндөрдүн баары ушунчалык акыл менен уюштуруп, жыйынтыкташып,  Конституциялык соттун кароосуна коюшкан. Алар бул ишти жаап коюшкан.

- А Максим муну үчүн акча алганбы?

- Менде далил жок, бирок алган окшойт.

- Бирок, ал өзүнүн Кумтөр үчүн түзгөн келишиминен алынган биринчи миллиардын Москвада майлап жатат деген маалымат болбоду беле?

- Маалымат көп болду, бирок менде документтер жок. Бул туурасында республиканын жарымы билет, бирок ушундай олуттуу иштер жасалганда, негизи из калтырбай жасашат. Бул жерде коррупциялык байланыштарсыз жана чиймелерсиз болду деп так айта албайм... Бирок «Ата-Мекен» фракциясынын отурумуна кайтып келели. Анда кичине бир жагымсыз окуя болду, алар мени жана менин орун басарымды 1993-1994-жылдарда «Камеко»  компаниясы менен түзүлгөн документтерди түзүүгө, даярдоого дана кол коюуда биздин да тиешебиз бар деп күнөөлөп чыгышты. Биздин ошол мезгилде кайсы жерде иштеп жатканыбызды тактап коюшса деле болмок. Мен Еарын областынын МКК райондук бөлүмүнүн жетекчиси болчумун. Ал эми менин орун басарым мектепте окучу. Андан кийин 2003-2009-жылдардагы Макулдашууларда бизди айыптап башташты. 2003-жылы мен УКМК башчысынын орун басары болчумун жана бул маселелер менен иш алып барчу эмесмин. Бизге Кумтөр боюнча  тапшырмаларды беришчү эмес. Кумтөр маселесин ал кезде сүйлөшкөнгө да болчу эмес. Бирок, биз ошол кездеги президентке көтөрүлүп жаткандыгын, сатып алуулар туура эмес болуп жаткандыгы туурасында маалымат бергенбиз. Ал эми  2009-жылга келсек, мен ал кезде чек ара кызматын жетектеп тургам. Апрель окуясына 7 ай калганда мени жумуштан бошотушту. Мен жумушсуз калдым. Анан эле фракциянын лидери  Текебаев элдин алдында бизди бул Макулдашууларга тиешеси бар деп күнөөлөй баштады. Демек, алар бул маселеге кызыгып, аны изилдеп да көрүшкөн эмес. Ал эми документтерде ким кол койгон, ким чечим кабыл алган, бул маселелер ким менен кантип талкуулангандыгы ачык көрүнүп турат.  

- А максаты кандай?

- Бардык саясатчыларда мындай мүнөз бар: кандай факт, кандай көрүнүш болбосун, жакшыбы, жаманбы, андан саясий дивиденд чыгаруу үчүн колдонуп калыш керек. Саясатчылардын баары ушуну менен алектенишет.

- Эмне үчүн  Кумтөр маселеси Акаевдин  жана легандарлуу парламенттин «алтын комиссиясынан»  бүгүнкү күнгө чейин саясий тема болуп келе жатат?

- Эгер бул маселе дагы ич ара, кууш алканын ичинде, элдин жана өкмөттүн  артынан, эксперттерди, адистерди тартпай туруп  чечиле турган болсо, мындан кийин да саясий болот. Мурда биз тараптан  8-10 киши, алар тараптан  5 киши отуруп туруп, баарын чечип коюшчу. Ал эми акыркы чечимди өлкө башчысы кабыл алчу: Акаев, андан кийин  Бакиев.

- Өз үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгынабы?

- Албетте. Андан сырткары, эң башынан баштап эле Кумтөр долбоору ири коррупциялык схема катары курулуп калды. Мына, эки себеп. Анан, мунун баары биринчи да, экинчи да президент тарабынан элге билдирбей жасалган. Кумтөр маселеси дагы эле чечиле элек. Анткени, азыр да 2009-жылдагы макулдашуу иштеп жатат да. Ал жакта баары эле Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн эмес жана баары эле Конституцияга, кыргыз мыйзамдарына туура келе бербейт.

- Башкача айтканда Акаевдин чоң күнөөсү, Кумтөр маселесин өлкө үчүн олку-солку, пайдалуу эмес абалында калтырганыбы?

- Албетте. Менин оюмча, Кумтөрдүн бардык сырлары дагы ачыла элек, мен 90-жылдардаргы, 2009-жылдагы келишимдердеги  «кара тактарды» айтып жатам. Азыркы парламент менен өкмөт коррупциялык схемага тиешеси жок экенин эске алган күнү да, 2009-жылы болгон окуялар көпкө чейин кесепетин тийгизип турат.

- Азыр кумтөр иштеп жатабы?

- Ооба, үзгүлтүксүз.  2014 –жыл үчүн биз  90-100 млн. доллар алууну пландаштырып жатабыз, эгер  «50 / 50» макулдашуусуна кол коюп алсак, анда дагы болжол менен  50 млн. кошумча кирешени күтсөк болот.

Чек аралар тууралуу

- Келиңиз, биздин чек аралардын абалы туурасында сүйлөшөбүз.  Сиз кырдаалды байкап турсаңыз керек?

- Чек арадагы кырдаал өтө кыйын. Кыргыз-тажик, кыргы-өзбек талаш  аймактары делимитация, демаркация болмоюнча, жерди пайдалануу, сууну колдонуу боюнча маселелер чыга берет. Алар бирде курчуп, бирде басаңдап турат. Жазгы-жайкы мезгилдин келиши менен, бизде чек арадагы кырдаалдар күчөп баштайт.

- Бул кырдаалды кайсы бир күчтөр, экстремисттер колдонуп жатышкан жокпу?

- Фергана өрөөнүндө тынчтыктын болушун каалабаган күчтөр ушул кырдаалдан пайдаланып кетиши мүмкүн. Бул аймактык да, глобалдуу да күчтөр. Анткени көптөгөн аймактык, глобалдуу деңгээлдеги маселелер Фергана өрөөнүнө келип, кесилишет да. Жада калса Кыргызстан да, Тажикстан да, Өзбекстан да биздин аркабыздан чырдуу провокация түзүп жатканын билбей калышы мүмкүн. Мына ушунун аркасында кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал кескин курчуп кетиши мүмкүн.

- Бул пландан алып караганда, ИГИЛдин күч алып келе жаткан мекемелери кандайдыр бир негизги ролду ойношу мүмкүнбү?

- Көңүл бурсаңыздар, ИГИЛ  Африканын түндүк аймактарында– Алжирде, Мароккодо, Египетте, Сирияда түзүлгөн кырдаалдардан улам пайда болгон уюм. мындайча айтканда арабдардын жазы. Алардын максаты  Дамаскда,  Тегеранда болгон, андан кийин Борбордук Азияга чыгуу менен Афганистанга жана Фергана өрөөнүнөн батыш кытайга жана андан ары кетмек. Бул атайын түзүлгөн сценарий болчу. Бирок, айрым мамлекеттер, саясатчылар жана эл аралык уюмдардын жардамы менен  аны кандайдыр бир деңгээлде токтото алышты. Бирок, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетти.  Батышта ойлонуп табылган, «башкарылчу башаламан» термини башкарылбаган башаламандыкка айланды. Бардыгы  Түркия менен чек арага,  Иракка, күрддөр жашаган аймакка жана Сириядан Ирак жакка өтүп, андан кийин Афганистанга чыкты. Натыйжада ИГИЛ кыймылы түрүндөгү коркунучка ээ болдук (Ирактагы жана Левантедеги ислам мамлекети) жана алардын катарында мурдагы Союздан жана Орто Азиядан чыккан көп жарандар бар. Андыктан, бул кырдаалдын баары бир залакасы тийбей койбойт. Ошондуктан, ШКУ жана ОДКБ мүчө мамлекеттеринин милдети – биздин мамлекеттердин аймагында бул кыймылдын жайылышына жол бербөө. 

- Сиз бир ирет,  ИГИЛ менен Украинадагы «Оң сектор»  – бир чынжырдын катары деп айткансыз. Муну кандай түшүнсө болот?

- Мен бул уюмдардын түзүлүшүндөгү жасалма мүнөздү айткам, булар башкарылуучу башаламандыкты түзүү үчүн уюшуп жатышат. Натыйжада, бул фондо мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөр пайда болду – булар  ИГИЛ же Украинадагы  «Оң сектор»  сыяктуу жаңы типтеги армиялар. Алар эч кимге багынышпайт, алардын максаты жана милдети жалгыз гана өздөрүнө түшүнүктүү, катарында кубаттуу күчтөр – профессионал киши өлтүрүүчүлөр, бандиттер, аскерлер бар. Алар согушканды билет жана муну өтө таасирдүү жана профессионалдуу жасашат.

- Алардын түзүлүшүнүн артында ким турат?

- Глобалдуу дүйнөнүн негизги оюнчулары, алар режиссер катары –  «көпчүлүктү» чогултушат, алдыңкы  «артисттерди» тандашат, алдыңкы аймактык оюнчулар менен макулдашат. Бул жерде дүйнөнүн глобалдуу оюнчуларынын ортосундагы каршылашуу, кагылышуу бар. Бизде глобалдуу оюнчулар кимдер? АКШ,  Евросоюз, Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, араб өлкөөлөрү. Башка мамлекеттерди да четке чыгарууга болбойт. Бирок, тарых убакыттын өтүшү менен өз жообун берет -  ким бул «башкарылган башаламанды» уюштурганы ачыкка чыгат.

- Кыргызстан мындай учурда эмне кылышы керек?

- Кыргызстан күтпөшү керек. Кыргызстанда биздин ОДКБ, ШКУ, жана КМШнын башка мамлекеттери дана Батыштагы союздаштарыбыз менен бир катар аскердик-саясий кеңештерди демилгелөөгө уникалдуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Биз Фергана өрөөнү, Борбордук Азия мамлекеттеринин деңгээлинде аскердик-саясий,экономикалык кеңештерди демилгелеп чыгышыбыз керек. Биз  Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен тыгыз кызматашуубуз керек. Биз ушул жерде жашап жатканыбыз үчүн, биринчи кезекте биз өз ара макулдашып алышыбыз керек. Биз төмөнкү суроолорго жооп беришибиз керек: «Биз өнүгүүнүн кайсы чекитинде турабыз?», «Биз кайда бара жатабыз?», «Биз эмнени каалайбыз: агым менен кете берүүнүбү, токтоонубу же артка бурулуунубу?» Эгер биз ушул суроолорго биргелешкен жоопторду таап албасак, биз үчүн чоң оюнчулар жооп берип коюшат. Мүмкүн, алар биздин кызыкчылыкта болбой калышы да мүмкүн.

 

Лейла Саралаева

Фото Абылай Саралаев 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине