Валерий Крайнов: Театр – бул террариум эмес, пикирлештердин биримдиги

14:04, 16 Марта 2015

Актер Валерий  Крайнов менен 18 жыл мурда таанышканбыз.  Ишке тойбогон жаштыкта «Алмаз» радиостанциясында ди-джейлик кесипте ат салышчу элек. Жакшы мезгилдер болчу. Бүгүн Валерий – Ч. Айтматов атындагы  драма театрынын режиссеру, ал эми биздин бүгүнкү маек – театр жаша жашоо туурасында.

- Биздин   «Алмазда» иштеген мезгилибизди көп эстейм. Кебетеси, жаштык жагдайларга карабастан эркиндиктин эталону болуп кала берет окшойт... Бирок, эфирге укмуштуу нерселердин баарын алып чыкчу элек, кээде эстегенден да уялам...
 

- Кеп жаштыкта деле эмес.  Бизде чын эле өзүбүздү эркин билдирүүгө  чыныгы мүмкүнчүлүк бар болчу. Убакыт жана орун ошондой болчу, кээде ошондой да болуп калат. Биз аны толук кандуу колдоно албай калганыбыз башка иш. Мына ушул жаштыктын өзгөчөлүгү. ..

- Сен ошондо эле театрда ойночусуң.

- Ооба, мен  театр менен көптөн бери байланыштамын...

- Бул тандоону кантип жасадың?

- Билесиңби… Кадимкидей, эч кандай  пафосу жок эле... Бир кыз менен жолугуп жүргөм, капысынан эле урушуп кеттик. Анан, күтүүсүз бош убактым өтө көп болуп калды. Аны бир нерсе кылып өткөрүү керек эле. Политехникалык институттун алдындагы театралдык студияга барып, досторум менен тапшырып калдым. Анан жагып калды. Андан кийин актердук чеберчилик студиясы болду, аны бүтүрүп Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окудум. Ошентип өзүнөн өзү кете берди.  Болгону бир окуя себеп болду. Бирок мен фаталистмин,  жазмышка ишенем... 

- Фаталист болуу кандай жакшы. Өзүң отуруп алып, күнгө жылына бересиң, өзүңдүкү эч жакка качып кетпейт... 

- Эмнени айтып жатасың (күлөт). Албетте, өз турмушуңа, өз тагдырыңа  өтө көп нерсени салышың керек. Бирок негизги, бурулуш учурларды тагдыр тартуулайт. Болгону, аны колдон чыгарып жибербеш керек. 

- Колдон чыгарбоо үчүн кантип жашоо керек?

- Көңүл коюп кароо керек.

- Сен үчүн театр эмне, Валерий?

- Бул жашоо. Байкасаң, театрга 8 сааттык жумушчу күндүн кереги жок. Бул 7 күнү бою 24 сааттан иштөө дегендик. Сен режиссерсуңбу, актерсуңбу, сенин башыңда, жан дүйнөңдө тынымсыз жумуш жүрүп турат. Мына, бир окуяны айтып берейин. Бизде  «Кышкы арстан» спектакли жүрүп жаткан. Ал жүрүп эле жаткан, андан кийин оюнду жаап салышты. Бир жылдан кийин бир сценаны кантип ойноо керек экенин түшүнүп, түн уйкумдан чочуп ойгондум.  Мен атып туруп, шашып бушуп жаза баштадым, бул акылды бардык тараптан карап чыктым.  Бир топ убакыт өткөндөн кийин гана бул спектаклди биз ойнобой калганыбызды эстедим. Бул кайдагы бир жомоктогу учур эмес, мындай бизде дайыма боло турган көрүнүш.

- Сага кайсы тагдыр жакыныраак  – актердукпу же  режиссердукпу?

-  Менде 20 жылдык актердук тажрыйба бар. Мен актердук кесиптен ашып кеттим деп айта албайм. Бирок, мага режиссура көбүрөөк кызыгыраак. Мен практикага караганда, теорияга көбүрөөк жакынмын. Анан тактикага караганда, стратегияга тартылып турам.

- Актерлор жана режисстерлор – кандай адамдар?

- Келесоолор. Актерлор эч качан эч жерде жана эч качан «Золотой теленок» эркелери болгон эмес, чоң акча алышкан эмес. Бирок, кандайдыр бир деңгээлде -  алар тандалган адамдар. Мындайча айтканда, кудай сүйгөн адамдар. Анткени бул кесип – чоң курмандык. Бардыгын коюп бересиң. Үй-бүлөнү, жеке жашоону. Актер менен режиссер- кээде бала да болуп кетишет.  Ачыктык, кабыл алуунун  жана реакциянын тумандалбагандыгы – кесипке тиешелүү зарылдыктар. Бала болбой туруп, бир топко барып калган курагыңда козу карынды кантип ойной алат элең, айтчы?  Же тыйын чычканды?   Театр бул...  жандык деп айтпайм, бул энергетикалык организм, ал өтө көп күчтү алат. Албетте, көрүүчү залдан күч топтой алгандар да бар. Бирок, көпчүлүгү өзүн толугу менен беришет, андан кийин өзүндө эч нерсе калбай, бир боштукта калгандай сезишет. Мүмкүн, ошондуктан актерлордун көбү ичимдикти көбүрөөк ичишет.

- Эл менен өз ара мамиледе болуу деген эмне?

- Энергия алмашуу. Бул да өзүнчө эле баңги зат.  Айтор, бул мөөр, бирок акыйкат.

- Элге алына турган спектаклди кантип коюу керек, элдин реакциясы эмнеден көз каранды?

- Кээде мага жылдыздар түшүп келе жаткандай сезилет. Албетте. Материалды тандоо, режиссерду тандоо, актердук курамды тандоо – архивдик маанилүү иштер. Ийгиликтин 70% - актер өз ордунда, өз ролун ойношу. Бирок, колго кармалгыс, көзөмөлгө алынбай турган, кээде кайра айтып бере албаган да нерселер болот... 

- Театралдык жамааттарда, алардын статусунан, масштабынан жана жайгашкан жеринен  көз карандысыз дайыма интрига көп болот деп айтышат го. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жакын?

-  Бул туура да, туура эмес да. туура эмеси, ал интрига деген кайда жок?  Биздин саясий   «сценаны» эле алалы, биз, театралдар, ал жактагылардын чңында эле калабыз. Ал эми чындыгы, актерлор өтө амбициоздуу калк. Башка лардын бул кесипте кыла турган жумушу да жок. Ошондуктан, кагылышууга кыртыш көбүрөөк. Мындай бир кайчы пикир бар : «Театр – бул пикирлештердин  террариуму».  Бардыгы эмнегедир  «террариум» деген сөзгө басым кое беришет. А мен  «пикирлештер» деген сөздү кунт коюп угуп көрмөкмүн. Командалых рух жок спектакль да, труппа да болбойт. Театрда биринчи кезекте өз ара сыйлашуу болушу керек, ал эми сүйлөшүүлөр жогорку тондордо боло берет.

- Айтмакчы, азыр силерде эмне болуп жатат? ЖМКларда өтө көп нерселер чыгып жатат. Териштирүү да кыйын боло баштады

- Акыркы мезгилдерде нааразылыктар өтө көп чогулду, анан анын баарынын ЖМКга чыгып жатканы бекеринен эмес. Бирок, бул жерде театрдын мындан аркы тагдырына  коркунуч келтире турган олуттуу эч нерсе да жок.  Театр  негизи эле тирүү, экөөбүздн да ашып кетет.

- Театрга азыр жаңы жетекчилик керекпи?

- Билбейм.  Бизди Воробьев кеткенден кийин өтө катуу силкинтти. Бирок, жетекчиликке театрды түшүнүп, аны сүйө турган адам керек экенин практика көргөздү.  Театр – тирүү организм. Ал кереги жоктон, ащыктардан, күтүүсүз келгендерден өзү эле кутулат. Элдерден, оюндардан, театрды эмес, өзүн театрда сүйгөндөндөрдөн....   ал аны сүйбөгөн адамдарды өзү эле четтетип, жок  кылат. Ишенбейсиңби? Ушундай. Муну сага театрдын ар бир кызматкери тастыктап берет.

- Бүгүн, башкы режиссердун талапкерлигине татыктуу адам – сен деп жатышат го.

-  Мен эки жыл башкы режиссердун милдетин аткаруучу болуп иштедим.  Кандай болгон күнү да ишти билем.  Муну ушунчалык эле талкуулаганга татыктуу сенсация деп ойлобойм.   

- Башкы режиссердун жумушу эмнеде?

- Режиссердук курамды эч качан басып, сындырбоо керек , тескерииснче бул дүйнөлөрдү, ооба,  дүйнөлөрдү  кайрадан курап, бир концептуалдык блокко чогултуу керек. 

-Режиссерлор кандай болушат? Алар актерлорлун  кыялдары, амбицияларын кантип башкарышат, анткени – мбициясы жана кыялы жок чыгармачыл дүйнөнүн өзү да болушу мүмкүн эмес да?

- О, бул менин сүйүктүү суроом  (жылмаят).  Режиссер –тиран бар,  режиссер-дипломат бар, анан укмуштуудай талантынын күчүнүн артынан актерлор миссияны ээрчигендей ээрчиген  режиссерлор бар.

- Сен кандайсың?

- Дипломатка жакыныраак. Бирок, албетте, бардык эле амбициоздуу адам катары мессия болгум келет  (жылмаят).

- Азыркы театралдык көрүүчүлөр кандай?

- Жаштар өтө көп боло баштады.  Менин оюмча, алар тирүү, чыныгы нерсени көргүсү келгенден улам театрга келип жатышат. Анткени театр – буз азыр жана ушул жерде болуп жаткан нерсе. Ал сценаны калп ойной албайсың, актердун эмоциясы  менен көрүүчүнүн  пикири жараткан  энергияны тасмага да тарта албайсың, санариптик камерага да түшүрө албайсың. Бул, жан дүйнө үчүн. Азыркы заманда жан дүйнө үчүн берилгендер өтө аз...

- Театр өз көрүүчүсүн тарбиялайт,  колдойт,  жалпы эле маданияттын деңгээлин өзгөртөт?

-  Света, ал тирүү. Ал бардыгын тарбиялайт да, колдойт да, жазалайт дагы. Чыгармачылык – көп кубатты талапк ылган жана өтө бир жактуу эмес процесс.  

- Сен үчүн өз жумушуңдагы өтө маанилүү, курч нерсе кайсы?

- Актер жана  режиссер көп учурда өзүн  Демиургом, жаратман сезет. Бир нерсени,  бир укмушту  жаратасың, түзөсүң, ал андан кийин өзүнүн искусстводогу жашоосун улантып кетет, же өтө кичинекей, же өтө чоң жашоосун.  Муну мүмкүнчүлүк дейбизби.... Жана  сыйкырга ишенүү.  Билесиңби, мен Аяз ата болуп иштеп жатканда, балдар менден көп сурашат: «А сиз чыныгысызбы?».  Мен аларга калп айтпайм, мен чыныгы эмес экенимди айтам. Бирок, мен чыныгы Аяз атанын тапшырмасы менен иштеп жатам. Ал бирөө эле, ал эми бөбөктөр өтө көп, бирок ал ар бирине сөзсүз келет. Башкысы – балдардын да, чоңдордун а сыйкырга болгон ишенимин өлтүрбөө керек.

Маектешкен  Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине