Өкмөттүк Эмес Уюмдар (ӨЭУ) туурасында чындык. Тойлордун, түшүнүктөрдүн жана адам укуктарынын арасында

18:08, 1 Ноября 2014

Кыргызстанда Өкмөттүк эмес уюмдардын тармагыалсыз эмес жана бутактанган тармак, ал «көлөкөдөгү бийликтин» ролуна толугу менен талаптана алат жана коомдук пикирде мезгил-мезгили менен «аба ырайын жасап» турат.  

Мына азыр да «каттоосу жок чет элдик агенттердин жана коомдук  бирикмелердин макамы туурасында»  мыйзамдын айланасында кызуу талаш башталды. ӨЭУлар акцияларды, маалымат конференцияларын уюштурууда. Анткени, бир катар либералдык эмес жаңы мыйзамдардан өздөрүнө болгон коркунучту сезишти (албетте, бул адам укугуна коркунуч катары түшүндүрүлүп жатат). Ал эми коомчулукта бул кырдаал боюнча  так жана ачык түшүнүк  болбогондуктан,  жалпы бир пикир жок.

Бул тексттин «жупуну» жана «тажатпаган» аталышы айрым окурмандардын кыжырын келтириши мүмкүн. «Болгон чындык» – кеңири түшүнүк. Бирок, жалпысынан алганда,  биздин курч жана жагымсыз суроолорго сезимдерге алдырбай  жана  ар кимдин бетин ачпай жооп берүүгө кылган  аракетибиз  көпчүлүгү үчүн кырдаалды түшүндүрүп берет болушу керек. Ишенип коюңуз, бул жооптор бир жактуу болбойт. 

Эмне үчүн ӨЭУ батышчыл уюмдардын акчасына жашайт жана алар Батыштын кызыкчылыгын илгерилетеби?

Жалпысынан – ооба. Так ушул батыш уюмдарынын: АКШ, Британия, Евробиримдигинин  мамлекеттеринин акчаларын алган үчүн дайыма алардын айтканын жасоого туура келет. Себеби абдан жөнөкөй жана айкын. Анткени, башка курамдар (орусиялык, мисалга, же орточо, прогрессивдүү исламдык)  өздөрүнүн жеке таасирин күчөтүүгө багытталган мындай масштабдуу программаларга ээ эмес. Б.а. алар  бир нерселерди каржылап жатышат, бирок анча көп эмес жана табитсиз. 

Бир сөз менен айтканда, биздин ӨЭУ, негизинен, башка эч ким мындай каражат бербегендиги үчүн батыш фонддорунун каражаттарына иштеп  жатышат. Алар башка каражаттарга деле иштемек, ишенип коюңуз, зор ыкласы менен иштемек. Мамлекеттик гранттарды да өздөштүрмөк,  абдан үзүрдүү иштешмек, кошуна мамлекеттер жардам берсе, аны да алышмак. Бирок, башка каражат жок. Ал эми акысыз эч ким иштегиси келбейт жана иштей да албайт, анткени суу түтүгүн акысыз киргизе албайсың, ойлоруң үчүн балдарга дары сатып бере албайсың (мына ушулар менен да азыр көбүнчө ӨЭУ алектенишет). 

Экинчи суроо – ӨЭУ батыш кызыкчылыгын көтөрүп жатышабы?

Түздөн түз – абдан сейрек. кыйыр түрдө – сөзсүз. Баалуулуктар, орнотуулар, артыкчылыктар жагынан. Болбосо, өз кызыкчылыгын жана максаттарынын лоялдуулугун ишке ашырбаса, бир нерсени каржылаган фондду кайдан көрдүңөр эле? Өз максаттарын ишке ашыруу үчүн болбосо, үчүнчү мамлекетке эмне үчүн акчасын чачып отурмак эле? Алар муну кантип ишке ашырышат – бул өзүнчө сүйлөшүүчү тема, бирок механизмдер жөнөкөй, адистер маселесинде жана окутуу ыкмаларынын тегиздигинде жатат.

Кыйшаюулар эмнеге керек?

Эми, бул биз үчүн канчалык пайдалуу. Бир жактуу жооп берүүгө мүмкүн эмес (ӨЭУ жардам берген алсыз катмар деп атагандардардын балдарын өз көзүм менен көрдүм, буга окшогон курамдарды бузуку деп атаганга ооз барбайт). Бир гана «бирок» бар. Башаламандыктын туңгуюгуна кулабай эле, мына ушул аталган фонддордун акчасынан бутуна буруп, өнүгүп кеткен үчүнчү дүйнөнүн кайсы мамлекетин көрдүңөр эле?  Дүйнөлүк карта мына ушундай мисалдар менен кооздолгон жок. Тилекке каршы... 

ӨЭУ лар өздөрү да– робот эмес. Бардык бирикмелердин бардыгын бир жерге үймөлөктөштүрүп, баарын бир тегиздиктен караганга болбойт. Көпчүлүгү жергиликтүү, кыргызстандык көйгөйлөрдү чечүү үчүн уюштурулат (алар бизге өтө көп),  гранттарды издешет, алдына койгон максаты – өз жердештерине жардам берүү. Мына ушул максатта иштешет жана чынында жардам беришет. Ошондуктан, ММКлардын барактарында ойноп жүргөн далилсиз айыптоолор – бул көпчүлүк ата мекендик кызыкчылыктар үчүн пайдасыз процесс.

Бул жерде албетте, «ким күнөөлүү?»- деген суроону берсе болот. Биздин алыскы айыл –кыштактарыбызга суу менен электр жарыгын батыш фонддору тартып барып жатканына ким күнөөлүү? Эгер ичүүчү сууга муктаждык болбогондо, гранттар да болмок эмес. Бизде сот тутумунан башка да, укук коргоочу тутумдун керек болуп жатканына ким күнөөлүү? Эгер сот адилет жана акыйкат, компетенттүү болгонунда, анда баш айланткан коррупция жок болмок – анда укук коргоочулардын армиясынын зарылдыгы да болмок эмес. Мамлекеттик  бийликтин алсыздыгы – даана көрүнүп турат. Белгилей кетейин, МАМЛЕКЕТТИК, бийликтин бардык бутактарын: мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, соттук бийликти камтыйт, президенттик менен алмаштырбагыла. Өлкөдө мамлекеттик бийлик канчалык алсыз болсо, мамлекеттин маалыматтык саясаты түшүнүксүз, жана корруция тереңирээк, кылмыштуулук күчтүү, кландык лидерлер кадыр барктуу жана жарандык сектор активдүү боло баштайт. Ошентип, тойлордун жана адам укугу үчүн митингдердин ортосундагы түшүнүк боюнча жашап жатабыз. 

Эмне үчүн Орусиялык ӨЭУ тарабынан жаңы мыйзамга нааразылык угулбай жатат? 

Угулган жок, бул чындык.Себеби жөнөкөй.  Анткени, орусиялык капиталда иштеген бир да ӨЭУ жок. Курмандык чалууларынын жана каржылоосунун аздыгынан, бир жумада беш журналистти жатаканага жаткырып, москвалык кесипкөйлөр менен иштөө мүмкүнчүлүгүн араң бере алган бир-эки фонд бар, ошондо да ал журналисттеринин тамагы менен турак жайын кабыл алган өлкө төлөп берсе же сайт кое беришет, аны ынтызарлар  бекер толтуруп беришет же башка басылмалардан алган маалыматтар менен толтурушат, анткени авторлорго эч ким калем акы төлөбөйт.

 Роскызматташуу бар, ал өзүнүн маданий иш-чараларынан башка эч нерсени каржылабайт. Өздөрүн орусиялык деп атаган жана аларды каржылайбы деген үмүткө толгон жергиликтүү бирикмелер бар. Бирок, аларды эч ким каржылабайт. Убада да беришпейт. Москванын кайсы  бир мамлекеттик  «Русский мир» долбоору бар,  анын Кыргызстанда акчасы да,  аракети да ың жыңсыз. 

Орусиянын акчасына иштеген ӨЭУ социалдык чөйрөсүндө – жок. Кичи бизнесте – жок. Маданий мейкиндикте – жок. Кино тартышпайт, туруктуу негизде саясий технологдорду жалдашпайт, акцияларды өткөрүшпөйт – бир гана Жеңиш күнүнө карата, ошондо да жергиликтүү ынтызарлардын колдоосу менен. Орусияда чет өлкөдө ӨЭУ тармагы жок- бул факт. Анан ушул тармактагы  кайсы бир күрөш туурасында айтуунун мааниси да жок.

Бүгүн да, прагматикалык, максаттуу умтулган Батыштан айырмаланып, Орусияда мурдагы советтик мейкиндикте өз таасирин күчөтүү туурасындагы ойлонулган долбоорлору жок. Ал эми,таасири, сөзсүз бар. Анткени аймак эки тилдүү, калктын басымдуу бөлүгү орус тилин түшүнөт, ал эми орусиялык телевидение бардык жерден көрсөтүлөт. ӨЭУ эмес, мына ушул эле коомдук пикирди калыптандырат. Ошондуктан, жаратылышында болбогон «орусиядык ӨЭУ» туурасында эч жерден угулбайт. 

Эмне үчүн ӨЭУ Бажы Биримдигине каршы?

Бул суроого, 15-октябрда болгон ири маалымат конференциясында  укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова ток этер жоопту берген.  «Анткени, - деди ал, - ББ боюнча өнөктөштөр – бардыгы тоталитардык мамлекеттер. Ал жакта  бачабаздыкка(гей)-үгүт тыюу салынган». «Кечирип коюңуз, бул биригүү экономикалык да, - деп каршы болушту журналисттер, - биз экономикалык кызматташуусуз жашай албайбыз, бардык жакка багыт ала албайбыз, бир жакты тандашыбыз керек,  болбосо экономикалык өсүү мүмкүн эмес Экономиканын өсүшү менен өкмөт алектенсин, эмне кааласа ошону жасасын» – деп жооп берди укук коргоочу айым, - Ал эми биздин артыкчылык – адам укугу. Бизде душман жок, досторубуз да жок, бир гана принцип бар, жана биз өз эркиндигибизди бербейбиз. Эгер кимдир бирөө жарандык сектор менен кеңешпей туруп, кайсы-бир жакка киргиси келсе (кебетеси, биринчи кезекте Төлөйкан Исмаилованын өзү менен - ред), анда каалаган жагына бара берсин. Орусиягабы, Белорусиягабы, же Түркмөниягабы?».

Укук коргоочулар жаңы революция менен коркутушту, куру жалаа жаап жатат деп арызданышты, журналисттерге сот жана жоопкерчилик туурасында эскертишти (мурда сөз эркиндиги үчүн күрөшчү эле, эми ал туурасында да угулбай калды, журналисттер каршылаштарга айланды, анткени жарандык секторду жапырт мактабай калышты), жаңы мыйзамды кайра жараксыз деп табууну, анын ичинен жанагы талаштуу, бачабаздык (гей)-үгүтүнө  тыюу салуу туурасында мыйзамды алып салууну талап кылышты. «Бул салттуу эмес жарандарга анча эмне болуштуңар?» деген суроого мындай жооп беришти: «Бул – адамдын фундаменталдык укугу». Буга чейин салттуу эмес багыттагы жарандар туурасында буга чейин эч ким кызыккан да эмес, анан алар өздөрүнүн салттуу эмес укуктары үчүн күрөшүп башташты. Дагы, өзүнүн сексуалдык өнөктөшүн тандоодогу ээн баш өспүрүмдөр менен жаштардын укугу кандайдыр бир убакта руханий, экономикалык жана социалдык өнүгүү мүмкүнчүлүгүндө жарандык сектор үчүн бүт мамлекеттин укугунан маанилүү болуп чыга келди.  Коом менен ӨЭУнун бүгүнкү күндөгү жаңжалынын башкы себеби мына ушул. 

Эмне кылуу керек?

Кыргызстанда журналист болуу жакшы, бийликке акысыз кеңеш берсе болот, ошондуктан бир нече сунуш берүү мүмкүндүгүн колдон чыгарбай, пайдалана кетели.

Биринчиден, чет элдик агенттин макамы  туурасындагы мыйзам чындыгында эле өтө чийки. Бардык ӨЭУ ну бир үймөккө чогултуу, аларды бир гана – булар кимдин капиталын колдонуп жатат принциби менен бөлүүгө болбойт. Мында – ӨЭУ ушул жагын туура айтып жатат – өкмөт менен парламентти да ушул статуска кошсо болот, анткени ал жакта да чет элдик капитал аз тартылган  жок да. Бизде ким, кайсы максатта аракет кылып жаткандыгын так түшүнүү керек. Бул бир катар ведомстволордун түйшүктүү эмгегин талап кылат, бирдин ичинен чыккандан көрө, ушул жакшы болмок.

Биздин мамлекетте ким биринчи турса эле,  иш алып бара баштагандыгы, албетте, жакшы эмес, бирок, оорулуу балдардын дарыланууга болгон, айылдыктардын – ичүүчү сууга, ал эми аз камсыз камактагылардын -  жактоочуларга болгон жалгыз үмүтүн тартып алуу аркылуу тартип киргизүү анча акылдуулук болбой калат. Мыйзамды жакшылап иштеп чыгуу керек.

Экинчиден,  бизде, Кыргызстанда өзүбүздүн бийлик коррупцияны тизгиндеп,  бутуна туруп, пайдалуу экономикалык чечимдерди так жана өз маалыматтык саясатын жүргүзө баштаганда гана, тышкы таасир  Кыргызстанда аба ырайын жасагандыгын  токтоткондугун так түшүнүү керек. Өз кызыкчылыгы үчүн. Бирок, ордуна эч нерсе сунуштай албагандан кийин – бир нерсеге тыюу салуу туура эмес. Дайыма ушундай боло берет.

 

Светлана Бегунова  

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине