Жоомарт Сапарбаев: «Ооба, мен «Ата-Мекендин» торпедасымын жана аны жашырбайм»

02:18, 24 Сентября 2014

«Ата-Мекен»фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев –азыркы депутаттардын эң жашы. Парламенттеги орунду 25 жашында алган. Азыр ал 39да, Жогорку Кеңеште өз иш бөлмөсү бар, жеке жардамчысы жана кызматтык унаасы бар. Парламентчинин визуалдуу атрибуттарынан башка, анын олуттуу иши катарында Өмүрбек Бабановдун жетекчилиги алдындагы министрлер кабинетин кетиргендигин айтса болот. Анда, жаш депутат премьерге чыгаан күлүктү тартуу кылгандыгы тууралуу маалыматты берген эле.

Коомчулук жаш депутаттан дагы бир кылмыштардын бетин ачууну күтсө болобу, ал парламенттүүлүк, жаш активисттер туурасында эмне ойлойт, кийинки депутаттык шайлоого катышабы? Булар туурасында биздин Жоомарт Сапарбаев менен болгон маегибизде.

Саясатка сапар туурасында

- Жоомарт,сен абдан жаш кезиңде депутат болдуң. Көпчүлүгү бул жашта жаңыдан акыл топтоп келе жаткан кези болот. Өз ордумду таптым деп ойлойсуңбу?

- Эгер менин жеке пикирим кызык болуп жатса, анда, мага саясат менен алектенген жагат деп айткым келет. Мен он жылдан бери саясатта аралашып жүрөм. Мен өз ордумду таптымбы? Буга шайлоочулар баа бериши керек…

-Парламенттин депутаты эмне иш кылат, карапайым адамга түшүндүрүп берчи?

-Депутаттын негизги үч кызматы бар–мыйзам жаратуу, мыйзамдардын кандай иш алып барып жаткандыгын көзөмөлдөө, шайлоочулар менен иштөө. Бул классикалык иштер. Бирок, биздин турмушту эске алганда, депутаттар социалдык маселелер менен да алектенүүгө туура келип жатат, алар арыктар менен шайлоочулардын үй-бүлөлүк мамилелеринен баштап эл аралык мамилелери менен коргонууга чейин.

-Ага карабай, эл силерди жалкоолор деп аташат…

-Биринчиден, бардык эле мамлекеттерде, жада калса парламенти абдан өнүккөн өлкөлөрдө да эл депутаттарды жаман көрөт. Эмне үчүн мындай экенин мен көпкө чейин түшүнө албай жүрдүм. Өзүм туурасында жатып ичээр деген сөздү угуу оор болду. Андан кийин гана түшүндүм. Бул, кыргыз парламентинин мамлекеттик курамдардын ичинен эң ачык органы болгондуктан, ушундай болуп жатат. Бизде баары эле ачылып жатат: автоунааларыбыз да, чыгымдарыбыз да, үй-бүлөлүк мамилелер да дароо коомдук сотко чыгарылат. Анан,албетте, бул кандайдыр бир деңгээлде терс мамилени жаратат. Бул – биринчи учур. Экинчиси - Жогорку Кенештин сапаты. Бул парламенттик тутумдагы биринчи чакырылыш экендигин мойунга алуу керек. Каталар болуп жатат, депутаттардын баары эле мыкты эмес. Бирок, иштегенге аракет кылып жатабыз. Өзүмдү жалкоо деп эсептей албайм. Мен көбүнэсе кагаз жумуштары менен отурам, каттарга жооп берүү керек, көптөгөн көйгөйлөрдү чечип, эл менен жолугуу керек. Ал эми шайлоочулардын каалаганы, депутат колуна күрөк алып, арык казса экен дешет.

Сени азыраак билгендерге өзүңдү тааныштыра кетсең, саясатка кантип келип калдың?

-Менсаясатка силердин кесиптешиңер, журналист Бермет Букашеванын аркылуу келгем. 2005-жылы АКШдан окуумду бүтүт кайтып келдим, ал мени өзүнүн «Лица» газетасына корреспондент кылып алды. «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен тааныштырды. Менин саясий жолумдун башталышына акырындап нук салына баштаганы ошондон баштап. Башында жаштардын иши менен алектенип жүрдүм, акырындап коомдук иштерге тартылдым. Бир эле убакта ар кандай :«Антихиппик», «Жебе», «Мен ишенбейм» кыймылдарын башкарып жүрдүм, көптөгөн акцияларды жүргүздүм. Биздин максатыбыз – жаштарды өлкөнүн коомдук-саясий кыймылына тартуу болгон.

- Америка сенин жаштардын лидери болуп калыптанышыңда кандай роль ойноду?

-Мен АКШда бир жыл жашадым. Англис тилин жакшылап өздөштүрдүм, эл аралык саясаттагы билимимди тереңдеттим. Бирок, көз караштар катуу өзгөрдү. Мен кетип жатканда либерал болчумун. Ал эми социал-демократиялык көз караштагы адам болуп кайтып келдим.

-Мындай метаморфоза эмнеден улам пайда болду деп ойлойсуң?

-Анекдотто мындай бир сөз бар: «Туристтик саякатты мыйзамсыз миграция менен өзгөртүүнүн кереги жок». Либералдык тутумдун ички өзөгүн көрүүгө, анын бардык жакшы, жаман жактарын сезүүгө, анын баарын анализдеп чыгууга мүмкүндүк болду. Бул учурда, Америка менин социал-демократ катары калыптанышымда чоң роль ойноду. Эми мен либералдарга кирбейм.(Жылмаят). Кыргызстан үчүн либерализм чоочун.

-Сен көчөдөгү жарандык активисттен парламенттин депутаттыгына чейинки узак жолду болгону 10 жылда гана басып өттүң. Кандай ойлойсуң, Кыргызстандын ар бир жаш адамы бул жолду өтө алабы?

-Өтө алат. Бардыгы- ал адамдан көз каранды. Биринчиден, бул жолду басып өтүүгө батына алабы? Экинчиден, кайсы жол менен барат? Саясатта ийгиликке жетсе болот, ийгиликтин жолу ар кандай. Таш жолдор бар – бул биздин жол. Биз кыйын кездерде – Бакиевдин убагында ушул жол менен өз активдүүлүгүбүзбү баштаганбыз. Бизди камакка алышып, сабашкан, туугандарыбызды жумуштан бошотушкан. Азыр бир топ жеңил, азыр бизде сын-пикирлер үчүн айдың талаа десең болот. Менин оюмча, 7-апрелдеги эң башкы жетишкендиктердин бири – сөздүн жана кыймыл-аракеттин эркиндиги болду.

Жашактивисттер тууралуу

-Азыр өзүн төшкө каккан жаш активисттер абдан көп. Булар - Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков ж.б. Силер бакиевдик режимдин убагында жүргүзгөн күрөш менен, Атамбаевдин убагындагы акциялар айырмаланабы?

-Ооба, айырма бар. Ал кезде чогуу жүргөн балдар, бизге 2006-2007 –жылдарда келип кошулган ошол эле Адиль Турдукулов деле туура көрүшөт, ал кезде оппозициялык ишмердүүлүк менен алектенүү абдан коркунучтуу эле, жашооңо коркунуч алып келчү. Бизди аңдышып, каршылык акциясынан үйгө келе жатканыбызда кармап алып, сабашчу. Эки-үч күнгө камап коюшчу, туугандарыбызды куугунтукташчу, бизди коркутушуп, аңдытып коюшкан. Ал кезде бизге маалыматка кирүүчү жолубузду да бууп салышкан. Мен сайт ачып, Максим Бакиевге каршы оппозициялык макалаларды жайгаштырууга аракет кылдым, кийинки күнү эле сайтты атайын кызматтар жаап салышты. Ал убакта биздин бардык ресурстарды кыйып турушчу. Эч кандай каржылай колдоо жок болчу. Оппозиция менен иштешкен бизнесмендердин бардыгы кара тизмеге түшүп, куугунтукка алынчу. Азыр мындай жок, азыркы активисттер менен дайыма алакадамын, ошондуктан жакшы билем. Азыр бир топ жеңил. Маалыматка, интернетке, соц тармактарга кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген эмес.

- Адил Турдукулов азыр бардыгын катары менен сындай берет, Куманжан Датка туурасындагы тасмадан баштап, президенттин сөзүнө чейин. Анын сыны канчалык конструктивдүү?

-Мен анын сөздөрүн же ишин баалагым келбейт. Бирок, дагы бир жолу айтайын, ар ким кайсы жол менен бараарын өзү тандайт. Биздин алдыга койгон конкреттүү максатыбыз бар болчу – Бакиевдин режимин кулатуу.Биз эч качан алмашкан эмеспиз, сүйлөшүүгө барган эмеспиз, бизди коркутууга же сатып алууга мүмкүн эмес эле. Ар кайсы органдардын жетекчилери бизди ар кандай кызматка тартууга аракет кылса да, бизде бийликке келүү максаты болгон эмес. Максимдин командасына кирүүгө да сунуштар болду. Биз бул кылмыштуу режимге кыр көргөзгүбүз келди. Азыркы активисттер тууралуу айта турган болсок, алардын максаттары кандай экенин билбейм. Эгер акциялар туурасында айта турган болсок («Шералынын өтүгү» жана башка), албетте, анын креативдүүлүгү кубандырат. Биз да убагында Бүткүл дүйнөлүк банктын кеңсесин, алар бизди Хиппик долбооруна тартууга аракет кылышканда, жумуртка менен чапкылаганбыз, Бирок, азыркы активисттердин бир максатын мен даана көрүп турабыз – алар бийликке келгиси келип жатат. Алардын жолу бир топ жеңил – коомго жарк этип чыга калуу, муну үчүн алар ньюсмейкерлерге айланышат да, андан кийин пайдалуу сунуштарды күтүп калышат. Мен жаңылып жатам деп ишенгим келет, бирок балдардын каалаганы так ушулбу деп ойлойм.

-Сенин оюңча, алар бир кезде өмүрүңөргө тобокел кылып, оппозициялык согушту шоуга айландыруу менен силер алектенген ишмердүүлүктү кайталап жатышкан жокпу?

-Мен азыр, Манас күмбөзүндө мыйзамсыз казуулардын жүргүзүлүп жатканын угуп алып, Таласка барган учурду эстеп кеттим. Мына ошондо бизди чындап эле, өлтүрүп туруп белгисиз бир жерге көөмп салышмак. Сөөгүбүздү да табышмак эмес. Ошондогу төрага Мадумаров, биздин камалышыбызды талап кылып, чачын жулганы эсимде. Биз ошондо чындап тобокелге барганбыз, анын коркунучтуу экендигин да билгенбиз. Ал эми азыркы активисттердин иши болсо – алар кайталап жатабы, же манипуляциялап жатабы, мен аларга баа бергим келбейт. Түшүнүктүү болушу үчүн алардын жана биздин акциялардын мазмунун салыштыруу гана жетиштүү деп ойлойм.

-Силерди сатып алууга аракет кылгандыгы туурасында айтып жатып, азыр ооздон оозго өтүп жүргөн бир окуя туурасында сурагым келет. Бир кезде Адил Турдукуловду өз кезегинде Жаныш Бакиев өз жагына оодарып, ал эми Адилда сени сатып алууга аракет кылгандыгы туурасында. Сен ал акчаны алып туруп, кийин элдин алдында силерди сатып алууга болбостугун айтып, ал акчаны Адилге ыргытыптырсың. Ушундай болду беле?

-Ооба, болгон.Бул 2007-жылдагы апрель митингдеринин алдында болгон.Адил өз достору менен, биздин митингге чыгып беришибизди сурап, акча сунуш кылышкан. Мен ал акчаны алдым. Андан кийин, активисттердин чогулушунда ал акчаны ыргытып, бул эмне акча, кимдин бергендигин айтып бердим. Ал жакта 1000 долларга жакын акча бар болчу. Ошондо, менин университеттеги контракттын баасы 400 доллар болчу. Эгер бул акчаны алганымда эки жарым жылдык окуумду төлөп коймокмун. Бирок, мен алган жокмун, балдарды да сатылбагыла деп айттым.

-Адамдар жыл өткөндө эле өзгөрүп кетишпейт. Адилди мурдагыдай эле Жаныш Бакиев каржылап жаткан жокпу?

-Мен анысын билбейм, ошондуктан буга жооп бере албайм. Бирок, адамдын сүйлөгөн сөзүнө эмес, анынөткөн чагына, анын кылган ишине карап баа бериш керек. Анын аракеттерин баалагым келбейт. жалгыз мага жаккан жери, өзүнүн көз карашын айтуудан коркпогон активдүү жаштарыбыз бар. Бирок, сатып алуу, өздөрүн сатуу ыкмаларын мен кабыл алгым келбейт. Бул окуядан кийин биз байланышкан жокпуз. Анын Японияга элчиликке кеткенин уктум. Бирок, мен өзүм бир чечимге келдим жана анын кандай адам экенин билем.

Өзүңүздүн «торпедалык» ролуңуз туурасында...

-Кел, сага кайтып келебиз. Көпчүлүгү сени Текебаевдин «торпедасы» деп аташат. Буга макулсуңбу?

-Эгер менин сөздөрүмдөн, менин кылган иштеримден коррупция жана кылмыштуулук менен болгон согуш кичине күчөсө, анда мени кааласаңар«ракета» деп атай бергиле. Муну үчүн мен«торпеда» да болууга даярмын. Кеп Текебаевде эмес, партияда.«Ата-Мекенге» келгениме 10 жыл болду. Биз партия менен чогуу көп нерседен өттүк, жакшы да, жаман да, коркунучтуу да, күлкүлүү да башыбыздан өттү. Ошондуктан, биздин пикирибиз, позицияларыбыз көп жагынан окшош.

-Жакында эле Карганбек Самаков «Ата-Мекен» партиясынан чыгып, силердин парламенттеги орундар үчүн сатылып кетип, тынчып калгандыгыңар туурасында жар салды.Анын бул сын пикирине макулсуңбу?

-Бул анын пикири.Эгер ушундай болсо, далилдеп берсин, анда орун үчүн сатылбай, күрөшсүн, саясий согуштун талаасына ачык чыксын.

-Ал силердин кынтыксыз замандашыңар беле же жөн гана “акча толгон намыян” беле?

-Ал кандайдыр бир убакта партиянын активдүү мүчөсү болчу.

-Бизде, журналисттердин чөйрөсүндө, анын абдан бай экендиги, жада калса айрым калыс журналисттерге жер тилкесин белек кылып жаткандыгы туурасында имиштер жүрөт. Бул чынбы?

-Мен ал туурасында укканым жок. Бирок, анын оокаттуу адам, калыптанган саясатчы жана бизнесмен экендигин билем. Анда, каржылоо жагынан маселе жок деп ойлойм.

-Өз максатына жетүү үчүн жаш лидер, саясатчы кандай сапаттарга ээ болушу керек? Анткени, буруп кетүү азгырыктары абдан көп да.

-Чындыкка талаптангым келбейт, бирок менин өз формулам бар. Биринчиден, мен асманга көкөлөбөй, жерде басып жүргүм келет,обьективдүүлүк сезимимди жоготпостон, карапайым адамдарга жакыныраак болгум келет. Мен мындай тенденцияны байкадым: айрымдар, депутат болоору менен, жөө баспай калышат экен. Экинчиден, эгер сен бир командада иштесең, анда бул командада болууга, лидер болууга татыктуу экениңди далилдешиң керек. Биз жаштар менен иштеп жүргөндө, майрамды да, маркумду узатууну да чогуу көтөрчүбүз, биз бир үй-бүлө болчубуз. Бири-бирибизге толук ишенчүбүз. Үчүнчүдөн, өзүңдүн үстүңөн тынбай иштешиң керек. Эгер лидер туурасында айтсак, ал үлгү болууга аракет кылышы керек. Төртүнчүдөн, билимдүүлүк жана тил билүү абдан зарыл. Азыр байкап жүрөм, Кыргызстанда маргиналдуулук мода болуп баратат. Биздин коомдо билимдүү, принципиалдуу эмес, криминал чөйрөсү менен байланышы бар маргиналдуу кишини сыйлашат.

-Бирок, сен бир жолу өз шайлоочуларыңды алдаганың бар, шаардык кеңешке барам деп туруп, шайлоо бүткөндөн кийин барбай койдуң.

-Ооба, барган жокмун. Максат мындай болчу –мэрияда иштегим келди. Партиядан да ушундай сунуш түштү, эгер орун алсак, мэрияга барып иштейли дедик. Бирок, тилекке каршы шайлоонун жыйынтыгы анча болбой калды, бизге Мэрдин эмес акимдин орду да келбей калды, ошондуктан мен парламентте калдым.

-Демек, сенин таза жана чынчыл образыңды пайдаланып кетишкен экен?

-Ооба, мен буга каршы эмес болчумун. Кырдаал абдан оор болчу, мен баарын түшүнүп тургам. Максатыбыз – партияны шайлоодо алга чыгаруу болгон.

УКТ (Уюшкан кылмыштуу топтор) туурасында

-Азыр эл УКТ менен байланышкандарды баалашат деп айттың. Жакында эле силердин партиянын мүчөсү болуп жүргөн, «Джинн» аттуу криминалдык авторитетти өлтүрүп кетишти. Ошол эле убакта силердин партия саясатта жана бийликте УКТнын болушуна жол бербөө туурасында айтып чыктыңар. Муну кантип айкалыштырса болот?

-Эгер конкреттүү Алтынбек Арзымбаев туурасында айтсак, «Джиннди» ушинтип аташкан,анын криминалдык авторитети туурасында студент кезимде эле уккам, бирок анын өзүн эч качан көргөн эмесмин. Анын азыркыга чейин тирүү экенин да билген эмесмин. Көрсө ал Кара-Көлдө жашап, үйлөнүп, эл сыйлаган кадырлуу адамга айланыптыр. Биздин каракөлдүк активисттер партиянын катарына жергиликтүү кадыр барктуу адамды алышат, анткени анын акчасы жана элге таасири бар эле. Бирок, анын «Джинн» экенин укканда аны партиядан чыгаруу туурасында чечим чыгарылган. Мен муну техникалык ката деп атамакмын. Биз көрбөй калдык,текшербей калдык. Жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык жүрүп жаткан, абдан кызуу мезгил болчу. партиялар жергиликтүү лидерлерди талап кетип жатышкан. Бирок, УКП туурасында айта турган болсок, биздин партия парламентке шайлоонун алдында да кылмыштуулукка карата келишпес позицияда экенибизди билдиргенбиз. Биз Жогорку Кенешке келгенде, президент Атамбаев биздин демилгени колдоду, башында күрөштү активдүү баштады. Бирок, азыр, тилекке каршы, бул күрөш токтоп калды жана кайра артка жөнөдү.

-Демек, баары бийликтен болуп жаткан экен да?

-Соттор күнөөлүү, алар өтө эле көз карандысыз деп айтышат. Бирок, президент Трумандын мындай сөзү бар: «Мен –акыркы инстанциямын». Бул аксиоманы президенттин админстрациясы бир нече жолу далилдеген. Алардын кымбаттуу мейманыбыз Батукаевди узатып жатканда, же Көлбаевди бошотуп жатканда таасири болду да.Президент Атамбаев, башкы башкаруучу катары прокуратураны жана МУКК (Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети) көзөмөлдөп тураары эч кимге сыр эмес.

- Башкача айтканда, президент бул боюнча билдирүү жасашы керек беле, же Көлбаевге чыгарылган өкүмдү жокко чыгарышы керек беле?

-Жок дегенде билдирүү жасаса болмок.Бирок, эч кандай билдирүү жасаган жок. Азыр эмне гана болгон жок? Көлбаев эркиндикте, Ысык-Көлдө жыргап жүрөт. Батукаев Россияда, эми эч качан кайтып келбейт. Мен кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжасын көрбөй жатам.

-Бийликтегилер бул ресурс – криминалды, саясий күрөштө кандайдыр бир максатта колдонушу мүмкүн деп айткың келип жатабы?

-Бул бийликтин колдоноор-колдонбосун мен билбейм, бирок мурдагы бийлик криминалды активдүү колдонгон. Мен дагы бир фактыны келтиргим келет, азыр башкы кылмышкерлер эркиндикте, ал эми парламенттик шайлоо убагында алар өзүн кандай алып жүрүшөт, аны убакыт көргөзөт. Бирок, бизде, Бакиевдин убагында атаандаштарын коркутуу үчүн криминалдык авторитеттерди саясий максатта пайдаланган тажрыйбабыз бар да.

Жаңы саясий мезгил туурасында

-Биз, кыргызстандыктар,жаңы саясий мезгилде«Ата-Мекенден»жаңы, сенсациялык нерселерди күтө алабызбы?

-Азырынча катуу, сенсациялык эч нерсе жок. Биз, «Ата-Мекенчилер», өкмөттү алып түшүүнү жакшы көрөбүз деп ойлоо таптакыр туура эмес. Биз, ууруларды жоготууну жакшы көрөбүз. Азыркы өкмөттүн ишмердүүлүгүнө карата көп сын айтылып жатат, мен да айрым учурларга нааразымын. Бирок, коррупциянын кандайдыр бир фактылары ачылып калса, анда Жоомарт Оторбаев биздин партияга тиешеси бар экендигине карабайбыз. Бирок, мындай фактылар жок. Алсыз иш жүрүп жатат, жетишсиз иштер.

- Бүгүн абдан кыйын кырдаал түзүлүп жатат – Ошто свет жок, кубаттуулукту алып жүрүүчүлөр кымбаттап жатат, бардыгы келе жаткан кыштан коркуп жатышат. Бул учурларды оппозиция пайдаланып кетиши мүмкүнбү, сен кандай ойлойсуң?

- Ал муну пайдаланышы керек, анткени ал оппозиция да. Бирок, ал атаандаш варианттарды сунуш кылышы керек. Азырынча мен активдүү аракетти көрө элекмин. Саясий мезгил жаңы башталып келе жатат, биз эми угуп башташыбыз ыктымал. Мен Украинадагы кырдаалды калтырбай, көрүп жатам. Менин ал жакта досторум бар, көп жолу Украинага баргам. Бир мамлекетти ушинтип, кыйратып жаткандыктары жүрөктү оорутат.

-Сен кандай ойлойсуң, бул кырдаалКыргызстанга да чагылдырылбайбы?

-Түшүнүшүбүз керек, эки оюнчу күч сынашып жатат бул жерде. Бул Кыргызстанда да болушу мүмкүн, анткени бизде Россиянын да, АКШнын да таасири бар. Бирок, бул кандай формада өтөт, белгисиз. Бирок, күрөш дагы күчөөрү – айдан ачык.

-Эгер бизде баштала турган болсо,Кыргызстан кайсы тарапка өтүшү керек?

-Бул абдан оор суроо, мен буга дагы эле жооп таппай келем. Мага Монголиянын позициясы абдан дагат, анын чоң державаларменен түзгөн мамилеси жагат. Алардын концепциясы – үчүнчү коңшунун тышкы саясаты.

- Монголияда жез жана башка кендер бар. Бул көпчүлүк оюнчуларды кызыктырышы мүмкүн, жана булардын пикири менен эсептешүүсүнө шарт түзөт

- Мага өз позициясы менен, өз аракеттери менен монголдор жагат. Мен ал жакта эки-үч жолу болгом, президенти менен, депутаттары менен сүйлөшкөм. Алардын баары эки-үч тилде сүйлөшөт, Орусияда жана Батышта билим алышкан. Алардын экономикага, бизнеске көз карашы жаңы, бардыгы маалыматтарды жакшы билишет. Аларды биздин аксакалдар менен салыштырганда, бизде советтик доордун катыштыгы дагы эле күчтүү экендигин, ал биздин өнүгүүбүзгө тоскоол болуп жаткандынын байкайм. Советтер Союзунун бизге калтырган терс сапаттардын бири – бул бакма болуу сезими. Дүйнө таптакыр башка экендигин, эми башка эрежелер менен жашоо керектигин түшүнүүгө убакыт жетти.

-Бирок, советтик калдык сен каршылашы болгон либералдуулуктан коргоп турат го.

-Жапайы либералдуулуктан – ооба. Бирок биз туруктуулукту алмаштырган стагнацияга көнгөнбүз. Туруктуулук – бул стабилдүү өнүгүү. Ал эмистагнация –бул өнүкпөй токтоп калуу. Албетте,Советтер Союзу жок бизде эч нерсебиз жок болмок. Бирок, андан ары да өнүгүшүбүз керек да.

-Сен кийинки шайлоого барасыңбы?

-Бул абдан чоң жана олуттуу суроо. Бүгүн буга эч кимдин жообу жок. Анткени, Кыргызстанда план куруп, жоромол түзүү- кайрымсыз иш. Биздеги шайлоолор дайыма саясий тобокелдик менен коштолот. Эгер админстративдик ресурс колдонулса, тескери реакция болушу мүмкүн. Админстративдик ресурска ишенген көпчүлүк саясатчылар абдан тобокелге салып жатышат.

-Көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн депутат болуу- кол жеткис кыял. Сен эми кайсы багытта өсүүнү пландаштырып жатасың?

-Саясатчы катары өсүүнү – кийинки парламентке барамынбы, барбаймынбы, азырынча чече элекмин, бирок саясатта калгым келет. Ким болуп – азырынча билбейм. Адам катары дагы эки чет тилин – кытай жана француз тилин үйрөнгүм келет.

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине