Жылдызкан Жолдошова: «Саясат өтө ыпластанып кетти!»

13:24, 2 Марта 2015

«Ата-Журт» фракциясынын лидери  Жылдызкан Жолдошева азыркы чакырылыштагы депутаттардын ичинен көрүнүктүү депутаттардын бири. Ал сүйлөп жатканда, башкалар унчукпай отурганды жактырышат. Ага каршы сүйлөөгө да айрымдары гана батына алат. Өз мүнөзү туурасында,  «Ата-Журт» партиясынын тагдыры туурасында жана  тосмодон ашып түшкөн партиялаштарын эмне үчүн коргоп чыкандыгы туурасында бул депутат-айымдын өз оозунан угалы.

«Ата-Журттагы» жаңжал тууралуу

- Жылдызкан Айтибаевна, «Ата-Журт» менен «Республика» партиясынын биригишин кандай карайсыз?

- Мен буга макул эмес болчумун. Анткени «Ата-Журт» партиясында да өзүнүн кубаттуу, стабилдүү электораты бар болчу. Анан, биздин партиянын кожоюну, Ташиев да, Жапаров да, Келдибеков да эмес, таптакыр башка адам экенин билчүмүн. Биздин партиянын  «Республика» менен биригиши тууралуу маалымат чыкканда, мен бул түзүүчүнү табууга аракет кылдым, анын пикирин билейин дедим,бирок  таба алганым жок. Азыр болсо, биздин партиянны түзүүчүсү бул үч жаш жигитке кат жазып, өз партиясын кайрып берүүсүн талап кылганын билип отурам.

- «Ата-Журт» партиясын түзгөн адам ким экен?

- Базарбай Темишев. Мен аны менен бул үч лидердин ортосунда олуттуу макулдашууларга кол коюлганын билген эмесмин. Макулдашууга ылайык  «Ата-Журт» партиясы 2015-жылга чейин  Акматбек Келдибековго берилген экен. Андан кийин кайрып бериши керек болчу экен. Башкача айтканда ал партияны ижарага алган экен да.

- Сиз, лидер катары, түзүүчү менен Келдибековдун ортосундагы макулдашуу тууралуу эмнеге билген жоксуз?

- Партия менен фракция таптакыр башка кызматтарды аткарат. Түзүүчү мага, бул партияны убактылуу бергенин айткан. Бирок, кайсы убакка чейин  экенин билген эмесмин.

- Буга байланыштуу, партияга мүчө болуу чоң акча турат деп айтса болот да?

- Мен өзүм тууралуу айтсам – эч кандай акча төлөгөн эмесмин. Башкалар боюнча да эч нерсе айта албайм, анктени мындай нерселер өтө жашыруун чечилет, аны партия лидерлери менен талапкерлер гана билет. Менде акча жок, бирок, электорат бар

- Демек,  «Ата-Журт» партиясына бир пикирлештер чогулду деп айта албайт экенбиз да?

- Бир да партияда, дайыма бир пикирлештер чогулат деген болбойт, болгон да эмес.

-  «Ата-Журттун» рейтинги, силер утуп чыгып, жаңыдан шайлоо бүткөндөгү жана азыркы, бардык жаңжалдардан, партиялаштарыңардын үстүнөн болгон  жазык иштеринен  кийин канчалык өзгөрдү?

- Өтө деле өзгөрүп кеткен жок. Эгер бул партияга таандыктык боюнча  шайлоо кампаниясы эмес, чыныгы коррупция менен күрөшүү болгондо, анда башка иш болмок. Биздин шайлоочуларыбыз бизди сатып кетишкен жок жана бул жагдайдын баарын  бийликке атаандаш  партияга кысым катары кабыл алды.  Эгер  «Ата-журт» партиясы шайлоого  «Республика» менен чогуу бара турган болсо, партиянын рейтинги ошондо түшөт. Биздин шайлоочулар муну чыккынчылык катары кабыл алышты. Бул маселени Камчыбек Ташиев жалгыз чечип койгону гана өкүнүчтүү болду.

- А эмне үчүн бул биригүүнү чыккынчылык катары кабыл алып жатышат? Аларга Бабанов жакпай жатабы?

- Кеп мында эмес. «Ата-Журт» партиясы 2010-жылдагы шайлоодо биринчи орунду алган. Бул элдин зор ишеними жана зор ийгилик. Партияга кыйын болуп жаткан кезде, бизге кысым көргөзүлүп жатканда,  «Ата-Журт» фракциясынын депутаттарына катары менен жазык иштери ачылып баштаганда, бизди шайлоочуларыбыз таштап кеткен жок. Ошондуктан, биз моралдык жактан алар менен биригишибиз керек болчу. Анан, ушундай партия 2015-жылдагы шайлоого өз алдынча барышы керек болчу.

- Эми партиянын азыркы түзүүчүсү менен болгон жаңжал партиянын тагдырында кайдай мааниге ээ?

- Жагдайды билип болбойт- бул мен үчүн да күтүүсүз. Бул өтө кыйын суроо, бул бир гана «Ата-Журт» партиясына эмес, «Республикага»  да таандык.

Көңүл калуулар тууралуу

- Ал эми партиянын түзүүчүсүнүн Бакиевдерге тиешеси барбы?  Анткени, азыркыга чейин  «Ата-Журт» партиясы Бакиевдин жактоочулары деген пикир бар.

- Жок, андай эмес.  Базарбай Темишев  мурдагы бийликке эч кандай тиешеси жок. Бул пикир, биздин партиялаштарыбыз  – Келдибеков, Ташиев жана Жапаров өз убагында алар менен чогуу иштешкенинен улам келип чыккан. Ошондуктан, ушундай жардык тагышкан.

- Өзүңүздөрдүн бул үчөөнөн көңүлүңөр калдыбы?

- Алардын айрымдарына болгон терең көңүл калуу бар. Мисалга, Ташиевге карата. Ал өткөн жылы августта мага каршы кол топтоого аракет кылганын элдин баары билет, ал мени «Ата-Журт» партиясынын лидерлигинен  отставкага кетиргиси келген. Ал, айрым саясий күчтөрдүн өкүлдөрү бул туурасында сурангандыгын айткан, ага мени бир гана лидерликтен четтетпестен, партиядан чыгаруу керек дешиптир, ал үчүн аны партиянын алдында актоого убада кылышыптыр, мен ошондо эгер партиянын үчтөн экиси, бул 28 депутаттын 19у, мага каршы добуш беришсе, кетем деп жооп бердим. Бирок, 7 ай өттү, бирок анын дагы эле добуш чогултуп жүргөнүн уктум. Эми болсо, «Ата-Журттун»  түзүүчүсү өзүнүн партияга болгон укугун талап кылгандан кийин, окуялардын мындан ары кандай болоорун дагы көрө жатабыз.

- Алардын Ташиев менен минтип биргелешип кеткенинче, сиз дагы кимге жакпай калдыңыз экен?

- Мен түз сүйлөгөн адаммын, дайыма чындык жана акыйкат тараптамын. Парламентте иштеген 4 жарым жылдын ичинде, өзгөчө 2010-жылы Оштогу июнь окуяларынын себебин изилдөө боюнча комиссиянын төрагасынын орун басарлыгынан кийин, мени жактырбаган адамдардын саны көбөйдү. Парламенттин отурумунда мен көргөздүргөн ош окуялары туурасындагы фильм эсиңердеби? Чынында, бул кимдир бирөө тарабынан ирээтке келтирилген видеоотчет экен, ким тарабынан жасалганын да билбейм, бирок эч ким жоопкерчилик алып, муну депутаттарга көргөзүүнү каалаган эмес. Мен ошондо, жигиттердин бири да буга жоопкерчилик алгысы келбесе, анда жоопкерчиликти мен алайын деп айткам.  Ошондой болду. Ошондуктан, бул жактырбагандардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн да болсо керек деп ойлойм, мүмкүн башка атаандаштар да бардыр. Мен бул эмне күчтөр экенин Ташиевден сурагам, бирок ал мойнуна алган жок. Ал көрсө жигиттик сөз берген имиш.

- А Келдибековго болгон мамилечи?

- Мен ага дайыма кесиптешиме жасагандай мамиле кылчумун. Ушул мамиле ошол бойдон калды. Бул балдарды, чынымды айтсам, буга чейин жакшы билип, мамиле кылып көрбөптүрмүн. Мен өзүмдү бир топ улуу муунга киргизем. Депутаттыкка чейинки акыркы жылдары  мен болгону «Курманжан Датка» фондунун президенти болчумун. Ал эми  «Ата-Журт» партиясына мени  Акматбек Келдибеков чакырган.

- Сиз бул жигиттерди мурда билбепсиз, алар менен мамиле курбаптырсыз, ал эми сотто аларга аска-зоо болуп туруп бердиңиз. Ошондо, бүт партия жалгыз сизде кармалып тургандай таасир болду. Эмне үчүн мындай жоопкерчилик жүгүн өзүңүз аркаладыңыз?

- Биринчиден, мен совет доорунун адамымын. Бизди үй-бүлөбүз, мамлекетибиз үчүн, өзүбүз чогуу иштешкен адамдар үчүн өз жоопкерчилигибизди сезе билүүгө тарбиялашкан. Биринчи жолу Келдибеков июнь окуяларына чейин эле партияга чакырган. Мен баш тарттым, анткени менде акча жок болчу. Мен аны менен 2005-жылы чогуу талапкерликке койгом, мен өтпөй, ал өтүп кеткен. Ошондо,шайлоого канча акча керек экенин көрүп, таң калгам. Андан кийин июнь окуялары болуп кетти. Мен  өзүм да окуянын чок ортосунда болдум, согуш биздин айылда болуп жаткан. Ошондон кийин, парламентке баруу керек  экенин түшүндүм. Эгер ош окуялары болбогондо, мен шайлоого катышмак эмесмин. 

 Келдибеков тууралуу

- Башкача айтканда сиз Келдибековдун алдында моралдык жоопкерчиликти сездиңизби?

- Жок. Менин аларга кошулганымдын себеби, менин оюмча, мыйзамдын бузулгандыгы болду. Ооба, Ташиев тосмодон секирип кетти, бирок анысы тентектик болчу. Бирок ага 295-беренени,  «Бийликти басып алуу» беренесин колдонушту. Ал эми  мыйзамдын айтылышы мындай, айрым адамдар бийликти басып алуу максатында кандайдыр бир бирикмелерди түзүшөт. Бийликти басып алып, аны үч күнгө чейин кармап турса гана, ушул берене колдонулат. Ал оор кылмыштарга колдонулат. Бирок алар болгону тосмону аттап өтүштү, президент жактан да эмес, парламент жагынан. Ошондуктан, бул берене боюнча кылмыш курамын көргөн жокмун. 

- Б.а. сиздин кыжырыңызды  акыйкатсыздык кайнаттыбы?

- Ошол болуп атпайбы. Ал эми Садыр Жапаров тосмодон өткөн да эмес. Бизде буга чейин канча митинг болду, Ак үйгө ким гана кирген жок. Бирок, эч кимге ушул берене колдонулган эмес. Мына ушул акыйкатсыздык, биздин демократиялык көз караштардан канчалык четтегенибизди айтып турат. Бизди диктатурага Башкы прокуратура аркылуу алып барышты. Мына ушуга дени сак ойлонгон депутаттар нааразы болду. Ал эми Акматбек Келдибековго карата тагылган айыпты да жокко чыгара алам. Аны Москвада өкүлчүлүк ачканына айыпташууда, бирок бул Жогорку Кеңештин жалпы чечими болчу. Ал спикер катары аткаруучу гана. Соцфонд боюнча да жалаң негизсиз күнөөлөр. Анан, иш каралып жаткан мезгилде тергөө иши жашырын өтүшү керек, сот аны күнөөлүү деп тапмайынча бул туурасында эч ким эч нерсе билбеши керек, муну баары билишет. Бизде болсо шоу болду, бардык ЖМКларда баарын көргөзүп чыгышты, соттон бери көргөзүштү. Мисалга, анын ушунча кыймылсыз  мүлкү бар-жок экенин эч ким билбейт. Анын жубайынан, аларга мынча машинанын эмне кереги бар деп сурадым. Ал жаңы машина алып, өзүнө каттаткандыгын, бирок сатканда ишеним кат менен гана сатып жүргөнүн түшүндүрүп берди, көрсө МАИде ал машиналардын бардыгы аларда катталуу экен. Ошондуктан, аларда ушунча машинасы бар болуп чыгыптыр. Ал эми козголуп жаткан иштин мыйзамдуулугун Башкы прокуратура көзөмөлгө алышы керек. Бирок, көзөмөлдөгөн жок.  Ошондуктан, Салянова үчүн жашоо жагдайы бумеранг сыяктуу тегеренип келди. Көрсөткүчтөргө ылайык, жазык ишин ачууга болбойт. Ал эми азыр, көрсөтмөлөргө ылайык  анын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго карата жазык иши козголуп жатат. Бул сага кайра кайрылып келүүчү бумеранг. Ар бир мамлекеттик кызматкер ушуну түшүнүшү керек.

- Азыр сиз коррупцияга күнөөлөнгөн адамды коргоп жатасыз. Бардыгы Келдибековдун кандай бай адам экенни билишет, ал да, анын аяла да бир да күн бизнес менен алектенген эмес. А сиз болсо, совет доорунда бизди чынчылдыкка окутушкан дейсиз. Келдибековго карата  «коррупция»  беренеси боюнча кылмыш ишинин козголгону, эртеби, кечпи  бардык жасаган кылмышы үчүн жаза берилээрин көргөзгүчү болду. 

- Сизге, аларды мен коргоп жаткандай сезилип жатабы? Чынында, мыйзамдуулук менен акыйкаттуулуктун кароолунда турам. Мисалга, Келдибеков, Жапаров, Ташиев, Түлеев бардыгы өтө бай адамдар. Алар өздөрүн коргой алышат, менин коргоомдун аларга зарылдыгы да жок, анткени алардын өтө жогорку акча алып жактап жаткан жактоочулары бар. Менин айтайын дегеним, эгер биз мыйзамдуулук жолу менен баргыбыз келсе, анда жазык иши бардык коррупцияга малынган чиновниктерге карата козголушу керек, бирок, андай болбой жатпайбы. Бизде, өздөрүн оппозициянын катарына киргизгендерге же мурдагы бийлик менен иштешкендерге  каршы гана жазык ишин козгоп жатышат. Эгер биз мыйзамдын улуктугун калыптандыргыбыз келсе, жалгыз гана фактыларга таянсак дегим келет. Адамдын күнөөсүн аныктамайынча, ЖМКлар мындай чуулган түзбөшү керек. Бардык адамдын туугандары, достору, жакындары бар. Бул абдан чоңк ысым жана баары эле ага чыдай албайт. Мен Акмат Келдибековдин бутун көрдүм, анын буту кычышмадан улаарып, ириңдеп баштаптыр. Эгер сөөккө  өтүп кетсе, анда бутун кесүүгө туура келмек. Ошондуктан, мен сот органдарына, аны Германияга дарыланууга чыгаруу керектигин, ал айыгып  келгенден кийин сот алдына туруп берээрин жеткирүүгө аракет кылдым. Мен, фракциянын лидери катары, кесиптеши катары анын бутунун кесилишине жол бере алган жокмун, анда мунун баары биздин намысыбызда болмок. Анан, анын экс-спикер экендигин унутууга болбойт, ал Кыргызстандын көрүнүктүү саясатчыларынын бири. Анын  өзүнүн ири электораты бар, алар аны абдан жакшы көрүшөт жана урматташат, булар менен да эсептешүү керек.

- Ошентсе да бул үч саясатчы, өзгөчө  Келдибеков, дестабилдештирүүчү фактор болуп калышты. Алар бүт калкты митинг өткөрөбүз деп шантаж кылышты. Ал эми кыргызстандыктар митингдер менен туруксуздуктан абдан чарчашты. Мына ушул пландан жарандардын көпчүлүгү бул окуяны көбүрүүтүп-жабыртып жибергенине да, тентектикти олуттуу кылмышка  бөлүп койгонуна да көз жумушту окшойт.

-Туруктуулукту сактоо туурасында эл эмес, бийлик ойлонушу керек. Мен да бийлик катарындамын, ошону үчүн стабилдүүлүк үчүн жоопкерчилигимди сезем. Биз салык төлөгөндөрдүн эсебинен жашап жатабыз, иштеп,жакшы айлык алып жатабыз. Анын шайлоочулары бир гана нерсени суранышты – ага чет өлкөгө  барып, дарыланып келүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү.  Алгач бардык органдарга кат жүзүндө кайрылышты, бирок эч кандай реакция болгон жок. Андан кийин алар мени  «муунта» башташты, биз унчукпай койдук да. Мен, 5 фракциянын лидери Алайга барып, кырдаалды түшүндүрүп келели деп сунуш киргиздим. Эч ким барбай койду, жалгыз мен бардым. Ал эми мындай учурда аткаруучу бийлик барышы керек. Мунун ордуна алар 200 милиция жиберүүнү пландаштырып башташты. Эгер алар куралданган болсочу? Ал эми алайлыктардын көбүндө курал бар, алар мергенчилер. Анан,эмне менен бүтөт эле? Мен жалгыз барып, элди уктум, эл буусун басып алышты. Мына ушундан кийин гана Башкы прокуратура тарабынан дайындалган көз карандысыз медициналык комиссия, анын чет өлкөдө дарыланышы керек деген чечим чыгарды. Эл анын ден соолугуна карата туура талап коюшту, мен фракциянын лидери катары болгонун болгондой айттым, кимдир бирөө мени аны коргоп чыкты деп ойлоп калды. Бирок,ал учурдун да жакшы жактары бар, биринчиден,  жагдай чечилди, экинчиден, ал өз бутун сактап калды, үчүнчүдөн, кайтып келди. Мен анын келээрине ишенгем. Ал өз сөзүнө турду. 

Улуттук рух туурасында

- Орус тилдүү кесиптештериңиз сизди чыныгы улутчул деп эсептешет. Эмнеге? 

- Мен да бул туурасында угуп калам жана бул пикир кайдан чыкканын билбейм.  Мен Москвада, Прибалтикада көп убакыт жашадым, өзүмдү чыныгы интернационал катары сезем. Бардык адамдарга, улутуна, диний ишенимине жана социалдык статусуна  карабай, бирдей мамиле кылам. Кебетеси, менин дайыма кыргыз тилинде сүйлөгөнүм үчүн ушундай пикир жаралса керек, муну парламенттин регламенти талап кылат. Анан, менин сөзүмдө «кыргыз эли» деген сөз көп учурайт, бирок мен муну кыргызстандыктар катары айтып, аны дайыма  «кыргыздар» деп гана которушат. Ошондуктан, мени улутчул дегендер абдан жаңылышат.

-Сиз ош окуялардын чок ортосунда болдуңуз. 5 жылдан кийин, өрт өчүрүлдү десе болобу?

- Жок. Чогу дагы эле бар. Эгер аны дагы бирөө тутандыргысы келсе, тез эле күйүп чыгат. Ооба, тынчтыкты орнотуу үчүн 5 жыл аракет көрүлдү, бирок баары эле  тиешелүү деңгээлде эмес. Кан төгүлдү, элдин ал кайгысы көпкө унутулбайт. Мен, бул маселенин үстүнөн күн сайын иштешибиз керек жана улут аралык маселелер чыкпашы керек деп эсептейм. Муну үчүн, биринчи кезекте, айыл жергесиндеги  кыргыздар менен өзбектердин жаштары жакшы билим алышы керек. 9 жылдык билим алгандан кийин бел жердеги даштар андан ары окушпайт,алар манты, самсы сатып иштеп башташат, эрте үйлөнүшөт. Эл сабатсыз болуп калат, ошондуктан аларды ар кандай секталарга тартып, Сирияга жиберип ийүү оңой. Билимдүү адам буга барбайт. Алардын билими менен эч ким алекткенбегени өкүнүчтүү. Дагы бир маселе, башка улуттардын өкүлдөрү мамлекеттик бийликтин бардык тармактарында болушу керек. Бардык улуттардын креативдүү жаштары карьералык планда бардык тараптан өсүшү керек. Ошондо, улут аралык жаңжалдардан качса болот. Бул абдан кылдат жана терең маселе. Ага бардык тараптан келүү керек. Бардык улуттардын патриоттору бул маселени чечүүгө аракет кылыш керек. Өз кезегинде биз, кыргыздар да, башка улуттун өкүлдөрү тигил же бул кызматка келип калганда, ага кастык же ич күйдүлүк менен мамиле кылбашыбыз керек. Биз баарына толеранттуу болушубуз керек. Анан, жаштарды тарбиялоо жана билим берүүнүн үстүндө иштешибиз керек.

- Сиз «Курманжан датка» фильминин үстүнөн көп иштедиңиз. Бул кинотасманын ийгилиги кокустукпу же мыйзамдуулукпу?

- Биздин коомдук кайрымдуулук «Курманжан датка» фондубуз  1995 –жылы түзүлгөн. Бул идея акын Майрамкан Абылкасымовага таандык. Фонд Медет Садыркуловдун колдоосу менен түзүлдү, ал кезде Биринчи май районун акими болчу. Мен анын орун басары болчумун. Фонд эки багыт боюнча иштейт –кайрымдуулук жана Курманжан датканын элесин түбөлүктүү кылуу. Кайрымдуулук алкагында биз  400 миңден ашык үй-бүлөгө жардам бердик, укуктук, материалдык жактан, дарылануу жагынан. Ал эми атын түбөлүккө калтыруу боюнча биз 7 багытта иштеп жатабыз.  Анын сүрөтү менен почта маркаларын чыгардык, Курманжан датка туурасында  Владимир Плоскихтин китебин чыгардык, Эркиндик гүлбагына эстелик орноттук, биздин театрларда балет-спектаклдерди койдук,  автору Замир Эралиев саналган документалдык фильм койдук, анан көркөм тасма тарттык, режиссеру – Садык Шернияз. Алтынчы багыт – Ысык-Көлдүн жээгиндеги Курманжан датка комплексинин үстүнөн иштеп жатабыз. Анан, жетинчиси Бишкекте Курманжан датканын үй-музейин ачуу. 6 долбоорду бүтүп калдык. «Курманжан датка» фильминин үсүтүнөн 20 жыл иштедик. Бул фильмди тартууга көбү суранышты. Бирок,эч кимге ишене алган жокмун. Ал эми биз сунуштаган адамдар-аны тартуудан коркушту. Садык Шернияз бул тасманы тартууну абдан каалады. Ал ошол кезде ВГИКти бүтүп жаткан. Анын талапкерлигин кароо боюнча атайын комиссия түзүлдү. Анын колунан келээрине мен ишенип турдум, бирок ал туурасындагы бардык материалдарды изилдеп чыгууну сурандым. Буга туура бир жыл кетти. Кино тартууга 70 миллион таба алаарыма эч ким ишенген жок. Бирок, ал кездеги премьер-министр  Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен бизге ал акча бөлүнүп берилди. Ал бизге ишенди. Фильм – бул жамааттык эмгек. Тасманын үстүнөн тарыхчылар да, жазуучулар да иштешти. Аткаруучу режиссер катары Садык Шернияз  абдан жакшы кино тартты. Муну үчүн бардык чыгармачыл топко ыраазымын.

- Интернетте фильмдин пираттык көчүрмөсү чыгып кеткенде абдан ачууландыңыз. Эмнеге? Фильмди көбүрөөк адамдын көргөнүнүн эмнеси жаман?

- Мен муну жасаган адамдарды жазалоону талап кылам.  Муну Мекен деңгээлиндеги чыккынчылык катары көрөм. Биринчиден, фильм мамлекеттин акчасына тартылды. Ага 70 миллион сом сарпталды. Эгер бул акчаны кайра кайтарып алсак, анда Шабдан баатыр туурасында жана башка мамлекеттик деңгээлдеги  фильм тартабыз деп жатканбыз. Экинчиден, көптөгөн кинофестивалдар бул фильмди чакырганы жаткан, эгер көчүрмөсү болсо,эч ким чакырбайт. Бул кара ниеттерди табышат деп ойлойм. Бул фильм кеңири экран үчүн тартылган. Анын сапатын жана терең маңызын түшүнүү үчүн аны кинотеатрдан көрүү керек. Ошондо ал башкача кабыл алынат.

-Эмне үчүн бул фильм жан дүйнөңдөн алат? Казактардын 40 млн.доллар коротуп, голливуд жылдызы  Марк Дакаскасты чакырышкан «Көчмөндөрүнө» салыштырмалуу биз текейден арзан тарттык. Бирок, таасир таптакыр башка.

- Сыр Курманжан Датканын өзүндө. Анын жашоосунун өзү драма болгон. Ал ошол кезде да, азыр да кыргыздарды бириктирип келет, фильмдин артынан бүт улуттун биригүүсү байкалууда. Мына ушул фильм аркылуу кыргыздар туурасында бүт дүйнө биле алат.

Мүнөзү тууралуу

- А сиз Курманжан датка менен туугандык мамилеңер барбы?

-Жок, мен Кара-Суу районунан, Жапалак айлынан болом. Бирок, мен да, Курманжан датка сыяктуу эле мага кысым көргөзгөндө, күч менен бир нерсе кылдыргысы келгенде чыдай албайм. Мени менен бардык маселени сүйлөшүп гана чечсе болот.

- Менин көп кесиптештерим сизден коркуп турушат. Сиз катаал адамсызбы?

- Жок. (Жылмаят). Мен түшүнүктүү адаммын, өзүмдү башканын ордуна коюп көрө алам. Эч качан бир да журналистти сотко берген эмесмин, а мен тууралу эмнелерди гана жазышкан жок, кандай гана мазактоо карикатураларын тартышпады. Жада калса менин кылый көздүүлүгүмдү жагымсыз түрдө көргөзүп чыгышты. Бирок мен эч кимге таарынган  жокмун, баарын тамашага айландырып койдум. Анткени,бир да саясатчы күчтүү журналисти жок күчтүү, белгилүү саясатчы боло албасын билем. Ошондуктан, журналисттерди абдан сыйлайм, бардык суроолорго комментарий берем. Ооба, мүнөзүм бал каймак эмес, кеп Кыргызстандын принциби же кызыкчылыгы туурасында болгондо, катаал да болуп коем, бирок компромисске бара алам. Биздин кыргыз элине азыр кандай кыйын экенин түшүнөм, анткени биз өзүбүздүн бара турган жолубузду али таба элекпиз. Бирок, апрель жана июнь окуяларынан кийин да биздин каталарыбызды кечирип келе жаткан элибизге рахмат. Биз көп убада бердик, бирок жашоону жакшырта элекпиз. Биздин элдин толеранттуулугу  жана чыдамкайлыгы коркунучтуу.алар көпкө чыдап жүрө беришет, бирок бир күнү баарын көңтөрүп ташташат. Биз элдин чыдамкайлыгын сынабашыбыз керек. Өкмөт, парламент жана президент биргелешип иштеши керек.

- Сиз шайлоого барасызбы?

- Азырынча чече элекмин. Менин көптөгөн жактоочуларым менин барышымды суранып жатышат. Бирок, акыркы мезгилде саясат ыпластанып кетти. Эгер дагы ушундай боло берсе, саясатчылардын өздөрүнө эле жаман болот. Эгер парламент ушундай иштей берсе, биз өлкөнү артка гана тартып калабыз. Парламент өтө таасирдүү орган, аны менен баары эсептешиши керек. Парламент сабаттуу,акыйкат, ачык болушу керек. Ал эми азыркы чакырылыш жемиштүү иштей алган жок. Бизде интрига, мамилелерди чечишүү, чыр көп болуп кетти. Убакытты өткөрүп жибердик. Жетишкендиктер да болду, бирок элдин жыргалчылыгы үчүн иштебей турган мыйзамдар да кабыл алынып кетти. Ошондуктан, эл 2015-жылдагы шайлоого жоопкер мамиле кылышы керек. Парламент бекер отуруп, акча ала бербеши керек. Акыркы мезгилде депутаттар муну түшүнүп, бири бирине толеранттуу мамиле кыла башташты, урушпай, бирин бири жек көрбөй калышты. Парламентти тиешелүү деңгээлде сактай албаганыбызга депутаттар өзүбүз күнөөлүүбүз. .

- Эгер сиз шайлоого барсаңыз,  кайсы партия менен барасыз?

- Бул да олуттуу суроо. «Ата-Журт» партиясынын түзүүчүсүн кайрылуусу да көпчүлүгүнүн пландарына өзгөртүү киргизет. Азыр бир нерсе айтуу кыйын. Убакыт көргөзөт. Көпчүлүгү бириккилери келип жатат, тизмелер түзүлүүдө. Бирок бул дагы миллион жолу өзгөрөт. Августка жакын кимге ким кошулаары, партиянын тизмесине ким кирээринин  бардыгы белгилүү болот,анткени күн сайын, саат сайын, секунда сайын биздин саясатта өзгөрүү болуп жатат. Айрым бир партиялардын сунушу бар, мен аны жашырбайм. Бирок мен ойлонуп жатам.

Лейла Саралаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине