Жыргал Өмүракунова: «Артка жол жок! Туризм бизде мындан да жакшы өнүгөт!”

12:20, 8 Июля

Нарын областында, Ак-Сай өрөөнүндө, Корумду суусунун башында, 3500 метр бийиктикте туристтерди өзүнө магниттей тарткан көз жоосун алган Көл-Суу көлү жайгашкан. Көл эки жардын ортосунда катуу жер титирөөнүн натыйжасында пайда болгон. Ага жетиш бир топ машакаттуу: таштак жана саздак жерлерден өтүп, бир канча тоолорду ашып, көп сууларды кечиш керек. Бирок акыркы жылдары бул жерге Германия, Франция, Израиль жана башка өлкөлөрдүн туристтери көп келе башташты.

Цивилиациянын жетишкендиктеринен алыс бийик тоолуу шарттарда Жыргал Өмүракунова мына алты жылдан бери туристтик бизнесин өнүктүрүп келет. Ал туристтер очоктун жанында жылынып, тамактанып, түнөй алган боз үйлөр лагерин кармайт. Ишмердүүлүгү тууралуу бизге бул нерселерди айтып берди.

Баары кантип башталды эле

- Жергиликтүү калк бул көлдү Көл-Тетири деп коюшат, анткени ал бир капталы менен аска зоолорго барып такалып турат. Бул жер абдан кооз болгондуктан биз үй-бүлөбүз менен жылына жок дегенде бир жолу келип, эс алып кетет элек. 2012-жылы бир танышым мага чалып: “Силерде Көл-Суу деген көл бар, силерге Франциядан 5 турист баратат, алардын бирөөсү блогер, сен аларды ошол көлгө алып барып келчи”, - деди. Биз күйөбүз экөөбүз башында бул эмне деген көл болду экен деп катуу таңгалдык, караса, биздин көлдүн расмий аталышы ушундай экен. Биз туристтерди тосуп алып, аларды үч күн коштоп жүрдүк. Блогер көптөгөн кооз сүрөттөрдү тартып алды, таанышым аларды Көл-Суу тууралуу атайын сайтка жайгаштырып койду. Биринчи жылы менде бир гана боз үй болду, бирок туристтер болбоду. Экинчи жана үчүнчү жылдары мен эки боз үй тиктим, ар бир сезондо 6-8 туристтен гана болду. Бирок төртүнчү сезон дегенде джип-тур боюнча келе башташты, бул негизинен Бишкектеги турфмирмалардын өкүлдөрү эле. Караса, көл тууралуу бир топ кооз сүрөттөр Интернетте пайда болуптур, аны көргөн туристтер көлгө кызыга башташыптыр.

Турфирмалардын өкүлдөрү боз үйлөрүбүздү карап чыгышып, анда керебеттер, столдор, отургучтар, жакшынакай идиш-аяк, генератор өндүргөн электр энергиясы бар экенин көрүшүп ыраазы болушту. Кызматташып иштешели деп бардыгы визиткаларын таштап кетип жатышты. Жыйынтыгында мен төрт фирма менен келишим түздүм, алар бир келгенде 20-30 кишиден турган туристтердин топторун джип-тур боюнча алып келе башташты. Бул туристтер да өз кезегинде көлүбүздү, лагерибизди сүрөткө тартып, өзүлөрүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында биз тууралуу бөлүшө башташты. Ошондуктан бешинчи жылы биз эми 7 боз үй тиктик. Быйыл мен 10 боз үй менен иштесем, былтыр анын санын 15ке чыгардым.

Боз үй лагери

- Боз үй лагерибиз көлдөн 7 км алыстыкта турат. Ар бир боз үйдө 2ден 5 ке чейин турист жайгашат. Ар биринде меш бар, анткени бизде жайында да түнү абанын температурасы -1 С болушу мүмкүн. Күндүз +16 С болот. Бирок каалаган убакта жаан же кар жаап коюшу ыктымал.

Боз үй лагеринде үй бүлөбүз толугу менен иштейт – мен күйөм менен, үч кызым жана жээним, кошумча дагы аттарды тейлеген 2 адамды жана ашпозчуну жалдайбыз. Бардыгыбыз таңкы 5тен караңгыга чейин иштейбиз. Кичүү кыздарым сууга барышат, тамак-аш даярдаганга жардамдашышат. Улуу кызым англис тилин жакшы билет, которуп турат. Күйөм – кайык айдайт, туристтерди коштоп жүрөт, ат карайт. Бул бизнестеги эң татаал нерсе – электр энергиясынын жетишсиздиги. Генератор өндүргөн ток лагерди жарыктандырганга жана туристтердин телефондору менен фотоаппараттарын гана азыктандырганга араң жетет. Тамак-ашты от жагып даярдайбыз.

Туристтер үчүн эң көп ыңгайсыздыкты жараткан нерсе – унитазы бар даараткананын жана ысык суусу бар душтун жоктугу. Бул жылы мен канализациясы бар даараткананы орнотуп жатам, ал эми душ маселесин чечүү азырынча мүмкүн эмес, анткени бизде электр энергиясы жетишсиз да.

Бул ишимде мага эң жакканы – туристтер менен баарлашуу, анткени алардын ар бири – эч кимге окшобогон, кызыктуу инсан. Бизге ар кайсы өлкөлөрдөн туристтер келишет, бирок алардын басымдуу бөлүгү Израилден келген коноктор, алардын үчтөн бир бөлүгү орусча жакшы сүйлөшөт. Германиядан, Нидерланддан, Франциядан, АКШдан, Түркиядан дагы көп келишет.

Меню тууралуу

- Вегетариан туристтер эң чыргоо келишет. Бизге биринчи жолу ушундай туристтер келип, биз эт жебейбиз, сүт ичпейбиз дегенде чалкабыздан кеткенбиз. Аларга кандай тамак берээримди билбей дендирөө болгом. Бара-бара жашылчалардан, акшактардан этсиз тамакты даярдаганды үйрөндүм. Сүт ичкендерге күнүнө эртең менен сүт боткосун даярдайбыз. Бирок европалыктардын бардыгына эле ботко жага бербейт. Бир жолу бир француз бизден уй эч нерсе менен оорубагандыгы тууралуу медициналык маалымдаманы талап кыла баштады. Мен ага биринчи жолу ушундай маалымдама тууралуу угуп жатканымды айтсам, ал анда боткону жебейм деп чыкты. Мындай чыргоо туристтер үчүн биз таңкы тамакка жумуртка кууруп беребиз. Туристтер адатынча көл жээгинде кургак тамак жеп түштөнүшөт. Ал эми кечки тамакка лагерге келишет. Баса, Израилден келген туристтер биздин этти тамшанып жешет. Алар үчүн мен эт тамак жасайм. Улуттук ашканадан кесмени, маставаны жана палоону жактырышат. Былтыр кызым экөөбүз атайын семинарга катышып, төө буурчактан, ашкабактан жана башка жашылчалардан жаңы даамдарды даярдаганды үйрөнүп алдык. Ошондуктан бул жылы биздин меню байыраак болот.

Күлкүлүү окуялар

- Чет элдиктердин жүрүм-турумуна көз салганды жакшы көрөм: алар үчүн кадыресе болгон нерселер биз үчүн шумдук көрүнөт, же тескерисинче болот. Бир жолу ат минип саякаттоо туру боюнча бизге 20 француз аялдары келди, алар көлгө жетээри менен бардыгы дырдай жылаңач чечинип, сууга чүмкүй башташты. Биздин эркектер эс учтарын жоготуп коё жаздашты, анткени алар мынчалык сандагы жылаңач аялдарды, болгондо да француз аялдарын эч качан көрүшкөн эмес. Көбү сүйлөй албай, ооздорун ачып туруп калышты!

Кээде меш эмне экенин, же аны кантип жагыш керек экенин билбеген адамдар да келет. Бир жолу бир чет элдик турист саякаттан шөмтүрөп суу болуп келип, бут кийимин чечип, аны мештин үстүнө коюп, шымын морго ороп койбойбу. Ал мешти жылыткыч сыяктуу көрсө керек. Мен тамак даярдап жаткам, бир маалда эле “Файер!” деген ачуу кыйкырыкты угуп калдым. Карасам боз үйдөн кара түтүн чыгып жатат. Кирип барсам – шымы күйүп, бут кийими эрип калыптыр. Түтүн тим эле укмуш коюу. Мен ага: “Чыккыла, желдетиш керек дедим”. Түндүктү ачтым, шымы менен бут кийимин мештен кырып алганга туура келди. Ошондон кийин кызым туристтерге бут кийимди мешке койбош керектигин айтып калды.

Бирок жагымдуу учурлар, окуялар көбүрөөк болот. Ай толгон кездеги бир учурду эч унута албайм. Ай жаркырап, айлана күндүздөгүдөй жапжарык болуп, айдын суудагы чагылышы күмүш сыяктуу жалтырап турду. Бир улгайып калган еврей-турист ошондо: “Мен жерде бейиш бар экенине ишенбейт элем. Эми түшүндүм, бул жер – бейиштин өзү турбайбы!”, – деп калды.

Атаандаштар тууралуу

- Бул жерге туристтер көп келе баштаганда, башка жергиликтүү тургундар дагы боз үйлөрүн тиге башташты. Мени бул нерсе кубандырбай койбойт. Анткени туристтердин агымы жыл сайын өсүп гана жатат. Быйыл бир жаш чабан 5 боз үй тиккен болчу, эми дагы экөө ойлонуп жатат. Мен аларга биргелешип иштешели, жамаат түзөлү деп сунуштадым. Эгер чоочун адам келе турган болсо, бул биздин бизнес экенин, ушуну менен жашоого акча таап жатканыбызды айта алат элек. Бул ажайып кооз жерге чоң акча салганга даяр кишилер бар, бирок анда жергиликтүү тургундар кур жалак калабыз да. Ооба дечи, жергиликтүү калк акчасы көптөр менен атаандашып, теңтайлаша албайт, ошондуктан биз өзүбүз туристтердин жашоо шарттарын жакшыртышыбыз керек, а буга жетиш үчүн биз жамаатташып, чогуу иштешибиз керек болот.

Биригип, чогуу иштешкен күндө гана чечиле турган дагы бир маселе бар – бул таштандылар маселеси. Быйыл туристтердин агым чоң болду, күнүнө көлгө 50гө жакын адам келип жатты, турфирмалар аркылуу гана эмес, өзүлөрү да келгендер болду. Алар кеткенден кийин көлгө барганымда, жаман кейип жаттым: болгону бир нече күндүн аралыгында ал жакта толтура таштандылар топтолуп калат, ар кайсы жерде даарат кагаздары жатат, көрүнгөн таштын далдаасына даарат ушата беришет. Мен барган сайын баарын өзүм жыйнап, тазалап жаттым, анан Бишкекке бардым да, баннер жасатып, ага: “Урматтуу туристтер! Табиятты урматтагыла! Көлүбүздү таза сактап калалы, таштандыларды өзүңөр менен алып кеткиле!”, - деп жаздырып койдум.

Бул жылы мени менен чогу иштеше турган жергиликтүү элди чогултуп, дежурлуктун графигин түзсөмбү дейм. Туристтерди кабыл алгандар кезеги менен көлгө барып, ал жерди тазалап турушсун. Ар бирибиз табиятыбыздын булганбай, таза сакталышына жоопкерчиликтүү бололу.

Жергиликтүү туристтер тууралуу

- Акыркы эки жылда дагы бир тренд пайда болду – жергиликтүү туристтер. Булар АКШнын же Европанын жождорунда окуп келген жаш кыргызстандыктар. Дем алыш күндөрү жолго акча төлөп, рюкзакка тамак-ашты салып алып, Кыргызстандын каалаган бурчуна саякаттап келсе болот деген жаңы нерсени алар ошол жактан өзүлөрү менен ала келишти. Аларды жергиликтүү бир турфирма алып келет. Турдун узактыгы эки күн (бир жолку түнөө менен). Таң эрте чыгып кетишет, түшкө чейин келип калышат, көлгө барышат, кечинде лагерде тамактанып, түнөшөт, эртең менен кайра көлгө жөнөшөт, андан кийин артка кетишет. Келгендердин бардыгы тажрыйбалуу туристтер экени байкалып турат – буттарында атайын бут кийимдер, рюкзактар, термостор. Бир жолу бир жаш кыргыз жигит келип, мага мындай деди: “Жыргал эже, биздикилер эс алганды билишпейт. Дем алыш күндөрү кабактарга барып, сыра ичип, акча чачып отурушат. Азыр болсо ушунчалык көп мүмкүнчүлүктөр бар дейсиз, Кыргызстандын каалаган бурчуна саякаттап барып келсе болот: Кегетиге, Ала-Арчага. Мен Көл-Сууга качан тур болот деп күтүп тургам. Ал тууралуу угаарым менен дароо төлөп койдум, болбосо орун аз болгондуктан жетишпей калмакмын. Турдун баасы 7500 сом. Бул акчага мен эч нерсе менен салыштыргыс керемет нерселерге күбө болдум – ажайып кооз көлдү көрдүм, кечинде от алдында отурдум, жаңы досторду таптым. Мен бүгүн өзүмдү жаман бактылуу сезип турам!”

Өткөн жылы биз кайык сатып алдык, туристтерди ташыйлы дедик, анткени көлдүн эң кооз жери асканын ары жагында, ага жетиш үчүн асканы айланып, көл менен арыраак барыш керек. Бир жолу бизге жергиликтүү орустар келди, эки аял бир эркек, боз үйдө турушту, тамак-аштарын өзүлөрү жасап жатышты. Кайык тепсекпи дегендеринен, мен аларга өз адамдарыбыз эмеспи деп баасын бир топ түшүрүп бердим. Көлдүн аркы жээгине жетип жетпей бет маңдайында ачылган ажайып кооз көрүнүштөн селдейип катып калышат, 5 метр арыраакта аска боору менен тоо текелер сууга түшүп келиптир. Тоо текелер адамдарга тигилип карап коюшат, кайыктагы аялдар болсо ушул ажайып көрүнүштөн толкунданып ыйлап жиберишиптир.

Фотомергенчилик тууралуу

- Сентябрдан октябрга чейин бул аскалар боюнча Марко Поло аркар-кулжалары кыштай турган жерлерине өтүшөт. Быйыл Испаниядан фотосүйүүчүлөр келип, фотомергенчилик кылышты. Ыраазы болуп кетишти. Өткөн жылы бир фирма 10 америкалык турист үчүн кышкы экспедиция уюштурган эле. Туристтердин бири конькисин ала келиптир, видеокамерасын орнотуп коюп, муз тебе баштады. Укмуш тебет экен!

Эң башкысы, бизде болгон туристтердин 10% эмки жылы да бизге кайрадан келишет. Өзгөчө фотосүрөтчүлөр көп кайтып келишет. Быйыл бизде АКШдан 8 турист болгон эле. Алар дүйнө жүзүн кыдырып, кооз жерлерди тартышат. Бул жылы да келмей болушту. Алар капчыгайбызды аркы жагынан тартабыз деп жатышат.

Кошуна кыз болсо өзүнчө эле бир фотомодель болуп калды. Ал такай саат беште туруп, топозду саайт. Бизге келген ар бир фотосүрөтчү анын топоз саап жатканын сөсүз тартып алат. Мурда кийимине көп көңүл бурбай турган болсо, азыр эртең менен эле сулууланып, кооз кийинип калды, анткени ал бүгүн жок дегенде бир чет элдик фотосүрөтчү ана тарта баштаарын билет.

Туристтик бизнес тууралуу

- Туристтик бизнес менен алектенгениме 7 жыл болуп калды, так ушунча жылдан бери Көл-Сууда иштеп келем. Биринчи үч жыл биз ишибизге акча салып жаттык, пайда көргөн жокпуз, чыгымдарыбызды жаба алсак сүйүнүп калат элек. Төртүнчү жыл дегенде гана киреше көрө баштадык.

Биринчи жылдар эсимен кетпейт, такай банкрот болуп, бул ишти таштап салгым келчи. Бир жолу Бишкектеги турфирмалардын бир кызматкери келип калды, боз үйлөрүмдү көрүп, мендеги шарттар менен таанышты. Мен андан: “Кандай дейсиң, туристтер болобу?”, - деп сурадым. Ал: “Бул жер Кыргызстандагы эң кооз жерлердин бири. Сен үмүт үзбөй күтө бер. Туризм – бул ушундай бизнес, аны бутуна тургузуш үчүн көп убакыт жана чыдамкайлык керек, бирок бутуна тургузуп алсаң, иштин көптүгүнөн жетишпей калышың мүмкүн”, - деди.

Өткөн жылы туристтер көп болуп, бардыгы так ал айткандай болду. Бирок анын терс кесепети да чыкты – таштандылар маселеси пайда болду. Дагы бир жагдай: мурда көлдүн айланасында суурлар көп болоор эле. А бул жылы джиптердин чуусу көп болуп, бир дагы суурду көрө албадым, туристтер алардын тынч дүйнөсүн, жашоо чөйрөсүн бузду. Бул кейичтүү дечи, бирок да башка айла жок. Туристтердин агымы эми азайбайт.

Туризмибизди өнүктүрүүгө USAID чоң жардам берди. “Ишкерликти өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси” долбоорунун алкагында акыркы эки жыл гана кызматташканы жетиштик. Бирок алардын окутуулары бизге эң пайдалуу болду. Ал эми долбоордун алкагында “Жыргалаң дестинациясына” барганыбыздан кийин менде толтура жаңы ойлор пайда болуп, аларды ишке ашыргым келип турат.

Кыялдары тууралуу

- Мен Ат-Башыда кышкы туризмди өнүктүргүм келет. Ат-Башы районунда бир дагы лыжа базасы жок. Башкы артыкчылыгыбыз – эң кооз табиятыбыз. Алгачкы жылдары Көл-Сууга Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер бизден сурашаар эле: “Бул жерге келген биринчи туристтербизби?” - деп. Алар үчүн биринчилерден болушу, барган жеринде элдин көп болбошу, адам буту баспаган жерлердин болушу эң маанилүү экен. Мына ушул үчүн алар чоң акчаларды төлөгөнгө даяр.

Мен түшүнөм, кыялымды ишке ашырып, лыжа базасын негиздеп, аны бутуна тургузуш үчүн көп каражат керек. Кышкы туризм тейлөө жогорку деңгээлде болушун, ысык суусу бар душ, баня, жылуулатылган ажааткананын болушун талап кылат. А булар өтө кымбат нерселер. Турист күндүзү тоодон лыжа тээп чарчагандан кийин, жуунуп, тазаланып, жылынгысы келет. Мен Жыргалаңда көргөн нерсени бизде да кылсак болот. Ата-Башыда ошондой эле тоолор, ошончолук эле кар бар. Мен иштегенден коркпойм. Тескерисинче, тобокелдикке барганды жактырам.

Колдоо тууралуу

- Туризм тармагында алектенип жүргөн кыргызстандыктарга мамлекеттен колдоонун эки гана түрү керек. Биринчиси, өлкөдө бейпилдик болсун, эч кандай ыңкылаптар, саясий төңкөрүштөр болбосун. Дагы бир ыңкылап жана мародерлук боло турган болсо, кыргыз туризмин өлдү дей берсек болот. Туристтер бейпилдик, тынчтык өкүм сүргөн жерлерге гана барат. Аларга биздин саясатыбыздын кереги жок, алар эс алганы келишет. Алар келгенде кафелер, тойканалар иштей башташат, анткени аларга тамактануу керек. Алар машина жалдап, аймактарга барышат, ал жакта боз үйдө же пансионаттарда эс алганы үчүн акча төлөшөт. Бул өзүнчө бир индустрия. Дүйнөлүк телеканалдар аркылуу бир гана жаман жаңылык кете турган болсо – болду, эч кандай туристтер бизге келбей калышат. Ошондуктан бизге бейпилдик керек. Ошондо туристтердин саны өсүп, жергиликтүү калк киреше көрө баштайт. А калкы бай болсо өлкө да бай болот!

Эми экинчи, эң маанилүү жагдай. Мамлекет жерди ижарага берүү маселесин чечиши керек. Мен Көл-Суунун айланасындагы жерди беш жылга ижарага алганмын. Эки жылы өтүп кетти. Мен жогоруда белгилегенимдей, туризмди бутуна тургузуп өнүктүрүш үчүн көп убакыт керек. Мисалы, мен көп жылдан бери өзүмдү аябай, мээнет кылып, бул жерди элге кеңири таанытууга аракеттендим. Ошол эле кезде эртең бир бай келип алып, менин ишимди тартып алууга аракет кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Балким беш жылдан кийин айыл өкмөтү бул жерди сынакка чыгаргысы келеттир, анан башка бирөө утуп алып, даяр нерсеге келип калаттыр? Ошондуктан, туризм тармагында алектенгендер мамлекет жерди 5 жылга эмес, 25 жылга ижарага берсе жакшы болот эле деп жатабыз. Ошондо биз эч нерседен коркпой туризмди өнүктүрүүгө салым кыла баштайт элек. Мисалы, мен өзүмдүн боз үйлөр лагеримде жеңил имаратты – этно ашкананы кургум келүүдө, туристтер жылуу жерде, ыңгайлуу шартта тамактанышса дейм. Бирок ижаранын мөөнөтү аяктаганда мени менен ижара келишимин улантаарына ким кепилдик бере алат? А мен бул нерсеге өзүмдүн аз эмес каражатымды салгым келет. Ошондуктан, эгер мамлекет туризмди өнүктүргүсү келсе, туризмди өнүктүрүүгө жергиликтүү ишкерлер өз каражаттарын салышын кааласа, анда ал биздин муктаждыктарга кулак төшөсө жакшы болмок. А биз, өз кезегинде, өзүбүздүн бардык каражатыбызды, күчүбүздү, билимибизди туризмди өнүктүрүүгө салганга даярбыз, ошондо бардык өлкөлөрдүн туристтери Кыргызстанга келгенге умтулуп калышат.

Жазып алган Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөтү

Көл-Суунун сүрөттөрү Интернеттен алынды

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине