translationkyrgyzstan.kg

"Тескей жээк" этнофестивалынын боёктору

09:53, 16 Июля 2018

Ысык-Көлдүн тескейинде, Тоң районунда экинчи ирет “Тескей жээк” этнофестивалы өттү. Кооз, шаңдуу фестивалды өткөрүүнүн максаты – чет элдик туристтерди кыргыз салттары менен тааныштыруу жана да Ала-Тоо берметинин тескей жээгиндеги эс алуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурдуруу.

Бул иш-чараны уюштургандардын бири, “Тоң” дестинациянын мүчөсү Төлөсүн Бектемировдун билдирүүсүндө, бул жылдагы этнофестивалга 17 өлкөдөн 200дөн ашык турист келди. “Көлүбүздүн тескейине эс алганы келген туристтердин саны жыл сайын өсүп баратат, бул бизди кубандырбай койбойт. Бизде да туризм жакшы өнүксө экен деп тилек кылабыз”, - деди ал.

Конокторго кыргыз боз үйүн көрсөтүп, улуттук оюндарды уюштуруп, даамдуу палоо жана эң даамдуу боорсок менен коноктошту. Коноктор ыраазы болушту.

Вячеслав Оселедконун фотобаяны

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине