translationkyrgyzstan.kg

Ажылык-2018: Ажылыкка баргандар Арафат тоосунда алгачкы жөрөлгөлөрүн жасашат

23:16, 20 Августа 2018

Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген эки миллиондон ашык мусулмандар, алардын катарында Кыргызстандыктар да бар, ажылыкка байланыштуу негизги жөрөлгөлөрдү Арафат тоосунун айланасында кылышат. Уламыштарга ишенсек, Адам менен Хаве (Ева) Бейиштен куулгандан кийин Мекканын жанындагы так ушул Арафат тоосунда жолугушкан экен. Ошондой эле уламыштар бул тоону Ибрагим жана анын уулу менен да байланыштырышат. Ошондуктан Арафат тоосунда туруу ажылыкка баргандар үчүн сөзсүз кылына турган жөрөлгөлөрдүн бири болуп саналат.

Арафат тоосунун жанындагы жерде ажылыкка баргандар аймак боюнча бөлүнүп турушат. Жол күзөтчүлөрү транспорттун агымын көзөмөлдөшөт. Бардык жерде, каякка барыш керек, ал эмне жер экенин маалымдаган көрсөткүчтөр илинип турат. Бул көрсөткүчтөр араб, малай, англис, ал эмес түрк тилдеринде жазылган. Орус тили көп өлкөлөр үчүн англис же француз тилдериндей эле орток тил болгону менен орус тилиндеги көрсөткүчтөрдү таба албайсың.

Жол боюнда сатуучулар менен кошо ажылыкка келгендерге акысыз кол чатырларды, сууну, таттууларды сунуштаган ыктыярчыларды көрсө болот. Башкы жолдордун кесилишинде ажылык учурунда гана иштеген заманбап медициналык мекемелер жайгашкан. Дээрлик ар бир мүнөт сайын автобустар менен поезддер Арафатка ажылык сапарга чыккандарды ташып келип турат.

Сауд Арабиясынын Маалымат жана маданият министрлиги ажылыкты чагылдырыш үчүн дүйнөнүн булуң бурчунан келген журналисттердин атайын лагерин уюштурган. Лагерди полиция кайтарып турат, ага атайын электрондук документ менен гана кирүүгө болот. Борбордук Азиядан Түркмөнстандан сырткары төрт өлкөнүн журналисттери келишкен.

Алмаз Исманов, Мекке, Арафат тоосу

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине